Абдымомун Калбаев: КАРТАҢ МЕНЕН КАТЫП КАЛ

    (аңгеме)
Кеңсенин эшигин бирөө ачалбай жаткандай болду, адатта катуу жабылып калса, катуу тартмайынча ачылбай калчу. Ордумдан туруп барып эшикти ачсам бир балпайган байбиче турат, колунда таягы бар.

-Келиң эне, кимди издеп жүрөсүз?- дедим.
-Келдим айланайын,тилвизорго тарта турган кабарчыны издеп жүрөм,- деди энтигип, кыйла жерден жөө басып келгени билинип турду.

  • Кириңиз эне, ошол издеген адамыңыз менмин.
    —Рас болбодубу, барбы, жокпу, кабыл албайбы, же иши көппү?- деп сарсанаа болуп атып келдим эле, айланайын деди,- байбиче ичкерип кирип жатып, эшик алдында бутундагы кепичин чече баштады эле,
    -Эне кепичинизди чечпей эле коюңуз, кире бериң- деп киргизип, ынгайлуу орундукка олтургузуп, алдына бир пиала чай койдум, да өзүм жеп олтургвн нанды алдына жылдырдым.
    -Чайыңды ичейин да, мына бул нанга тишим деле өтпөт деп нанды бир аз бери жылдырды.
    -Ала бериңиз эне, тигил чайга бир аз салсаңыз эле жумшак болуп калат. Чай ичип бир демиңизди басып алыңыз анан сүйлөшөлү,-дедим. Жылуу мамлеге эреркеп кеттиби.
    -Рахмат айланайын, рахмат. Картасы менен катып калсың,- деп кимдир бирөөгө нааразычылыгын да айтып алды..
    Эмнеге антип сүйлөнүп койгонун алгач түшүнбөй да калдым. Бир аз олтургандан кийин…
    -Келиниз эне кандай жумуш менен мени издеп келдиңиз?-деп суроо узаттым.
    -Жанагы картасы менен катып калгырды, бир тилвизоруна тартып коркутуп же бир акыл кеңешинди айтып койбосоң болбойт, балам,- деди кемпир?
    -Ал эмне деген карта, балаңыз кумарпозбу?,- дедим суроолуу карап.
    -Ой кайдагы кумар дейсиң айланайын, төрт тенгесинин эсебин таппай жүрсө, кумар ойногонун деги эле укпаганмын,-деди энтиге.
    -Анан эмне деген картаны айтайын деп жатасыз?-дедим.
    -Тигил, атың өчкүр, айлык бере турган картасы бар ошону айтып жатам, айланайын, ошонун айынан балам менен келиним ажырашып жатпайбы? Бир жакшына эле жашап жатышкан, тапканын ортого коюп, тигини алалы, муна алалы деп, артканын мага берип сактатып коюшчу. Ошол картасы чыкканы балээ басты. Ар кимиси өзүнчө болуп кимиси канча таап жатканынын дайыны жок, үч баласына кийим алып бергенге, бакчасына төлөгөнгө акча табылбай эле калды. Сен төлө, сен төлө болушуп эки жаат болуп, же кимиси канча айылык алып жатканынын дайыны жок. Тигил мен пенсия алган жерге эле айтып койгула да , ошол жерден алып тургула нак акча берет десем же ага көнбөйт. Ошентип ыкка келбей менин пенсиямды аңдып калышты. Айлыктарын не кылып жоготот билбейм, айланайын. Келин айлыгын алып, “чорный касса” дейби аны айтып катындар менен олтурушуна кетет, балам бирге иштегенимди туулган куну эле, классташтарым аш кылышыптыр демиш болуп ал кетет, ошентип эле акчасынын дайынын таппай калып жатышат. Биртке топтогон акчасы бар эле анысын да жок кылышты. Бирине бири айлыгын көрсөтпөйт экен, ошонун айынан күндө уруш болуп жатып ажырашканга жетишти. Жараш тырып ымалага келтирип койсомбу деп айыл аксакалдарын чакырып да айттырдым болбойт, айланайын. Ортодо небирелериме эле убал болмой болду. Бакчасынын акчасын да төлөй албай кечээ пенсиядан алып барып берип кутулуп келдим, айланайын деги бир жардам бербесең болбойт. Же жанагы иштеген жерине айтып, айлыгын нак эле колго бере турган кылып койчу айланайын. Картасынын номуру болот имиш, аны бири бирине айтпаса, такыр эле бөлөк бирөөгө бербейт имиш.
    Сөздүн төркүнүнө эми түшүндум. Кемир болсо жоолугунун учу менен көз жашын суртүп олтурду.
    -Эне эми заманга жараша жашап үйрөнбөсөк болбойт, заман өзгөрүп баары ошол ыкмага өтүп баратат. Жакында сиздин пенсияңызды да ошол картага салып берет. Ошону менен алып каласыз.,_дедим.
    -Байбиче саамга тунжурай түштү да, ошол картасы менен катып калсың, эми экөөсү жарашпай ажырашып кетсе небеберелеримдин тагдыры кандай болот. Ансыз да бир айдан бери аларды көрбөй сагынып кеттим.
    Байбиченин алдына дагы бир пиала чайды куюп жылдырым койдум. Чайды колуна алды да…
    -Ушундай балам, дагы сага арманымды айтып бир арызданып алайынчы, жүгүм түшүп жеңилдеп калнайын, айланайын, убактыңды алсам да угуп тур. Сенин конторуна келиш да кыйын экен, тиги эле шаардын бир четинде турбайсыңбы, айланайын, сураштырып жүрүп араң таптым. Барбы, жокпу деп да сар санаа тартып келдим, айланайын, угуп тур,-деди.
    Макул деп угуп олтуруп чын эле кандай жардам берем деген ой эми мени санаамды уйгу туйгу кылып жатты.
    -Азыр жашап жаткан үй да байымдан калган үй айлананайын, аны да оңдош керек эле, эскилиги жетип көчкөнү турат. Бир элге окшоп чет элге барып иштеп келгиле дейин десем, жаш чөжүрөгөн балдарынан айлам куруйт. Өздөрү жок болсо мен аларды кантип бакмак элем. Ошентип турмуштун көйгөйү кыйнап жатат уулум. Балам менен келинимди ымалага келтирип бербесең болбойт айланайын деп кемпир колундагы чайды урттай албай көзүнүн жашын сүртүп олтуруп калды.
    -Эне сизди мен машинам менен аялдамага чейин жеткирип коеюн. Мына дарегиңизди, балдардын аты жөнүн жазып алайын, чакыртып туруп, сүйлөшүп аракет кылып көрөйүн. Бир ымалага келип калар, келбесе анан дагы башка жолун ойлонуп көрөбүз, сизге колдон келген жардамды кылам эне,-деп маалыматтарды сурап жазып алдым. Айтып бергенче байбиче байкуш тердеп тепчип да кетти. Көз жашып улам сүртүп коюп “картасы менен да катып калсың” деп олтурду.
    Кемпирди шаарга алып барып, чайканадан курсагын тойгузуп, анан алып келип айылына барчу таксиге салып жол акысын төлөп жөнөттүм. Кичинекей жүз аарчыга түйгөн акчасын мага берет, ал акчага неберелеринизге бир нерсе ала кетиниз десем, батасын берип, айтарга алкоосун таппай айланайын деген сөздү кайталап жатып жөнөп кетти.
    Байбичени жөнөтүп коюп эми ойго бата баштадым кандай кылып алар менен кездешип сүйлөшүүгө болот. Акыры айла да табылды. Айылдын участкалык милициясына телефон чалып, “экөөсүн таап мага алып келиңиз” деп сураныч кылдым. Ал жигит да ошол экөөсүнөн тажап бүткөнбу, эртеси эле ээрчитип келди.
    -Салия менен Самар экөөсү мага бет маңдай олтурушту. Алгач алардын өң келбеттерине көз жүгүртүп эле Салиянын геп көтөрө албас, майда чүйдөгө чыркылдап кеттчү жагы бар экендигин урушчаак короздой келбетинен эле байкадым. Ошондон уламбы аны мактоодон баштадым.
    -Мына карындашым, жакшынакай келбетин, жайдары мүнөзүн бар, ачык айрым жакшы келин экенсиң, мына угушума караганда чүрөктөй үч баланын апасы экенсиң, күйөөң деле жаман жигит көрүнбөйт. Мен силердин бул жерге урушайын, же жемелейин деп чакырган жерим жок. Агалык сөзүмдү акылымды айтып ымалага келтирип коеюн деп чакырдым. Анткени карыган апаңар, куйгөнүнөн үч баланын тагдырын ойлоп, ыйлап келиптир. Бир кеңеш айтам уксаңар. Сен күйөөндү суйуп, сүйлөшүп жүрүп турмушка чыккансыңбы?
    -Ооба,- деди келин кепке ынангандай болуп.
    -Сенчи Самаш жакшы көрүп үйлөнгөнсүнбү?-дедим суроолуу карап.
    -Ооба,- деди баш ийкеп.
    -Анда силер мен ойлойм, балдардан мурда да бири биринди кыя албайсыңар. Андан сырткары да мына үч баланын ата-энеси экенсинер. Мен силердин көйгөйүңөрдүн чечилишине бир гана жол бар экенин айтамын. Эгер менин сөзүмду агабыздын сөзү деп кабыл алсаңар, анда бүгүндөн баштап мындай кыласынар. Айлык алганда сен энем айткан картаны күйөөңө берсин, ал картасын сага берет. Пинкодду бири биринерге айтасынар. Анан картага, едицина салганга, светтин, суунун акчасын төлөгөнгө экөөң тен калтырып, калган айлыкты алып келип апаңарга санап берип, тиричиликке, балдардын кийимине, бакчага төлөй турганыңарды ортодон чыгарып, калганын энеңердин сактоосуна калтырып, дептерге жазып колуна бересинер. Анан бир аздан акча топтоло баштайт, эненер да пенсиядан кошо баштайт. Анан тиричиликти кыла бересиңер. Андан сырткары сырттан келген, табылган каражаттар да чыпчыргасы коробой ошол энеңердеги кассага келип түшсүн, ал сеники же аныкы эмес, силердики болот. Анан ар бир сомду акылдашып, бир пикирге келип, жумшайсынар. Эң башкысы балдар бактылуу, ата энеси менен, ата энеси бактылуу ортодогу ынтымак менен. Шек саноо, ишенбөөчүлүк, бири биринди жек көрө баштоо ошону менен кетет. Макулсунарбы?
    -Макулбуз,-деди экөосү тең бир ооздон.
    -Кол алышкыла,- дедим. Экөөсү тең ордунан тура калышып кол алышты. Эми пин ходунарды экөөң тең мына бул эки кагазга жазгыла, да карточкаңарды алмашкыла. Менин көз алдымда алмашышты. Мына эми бири бири-биринерден шек саноо жок болот.
    -Батаны берип, ким ушул келишимди бузса, майеке болсун,- деп күлдүрүп сыртка узатып чыктым да. Кайра кирип а “карта болбой катып кал” ээ,-дедим. Кемпирдин сөзүн кайталап. Терезеден сыртты карасам экөөсү колтукташып, сүйлөшүп бара жатыптыр.