«Чолук баатыр» китеби жарык көрдү

Кыргыз адабиятынын жана тарыхый мурастарыбыздын катарын дагы бир жаңы эмгек толуктады. Кушубек Качыбеков менен Гаарба Орозматовдун калемине таандык «Чолук баатыр» китеби жарык көрдү.

Тарыхый инсандардын өмүр жолун, эрдиктерин жана элдик мурастарды таанып-билүүдө мындай эмгектердин мааниси чоң. Баатырлар тууралуу баяндар аркылуу окурмандар ата-бабалардын тарыхына, улуттук баалуулуктарга жана элдин басып өткөн жолуна тереңирээк үңүлө алышат.

«Чолук баатыр» китебинин жарык көрүшү тарыхый темаларга кызыккан окурмандар үчүн маанилүү жаңылык болуп саналат. Китеп окурмандардын кызыгуусун жаратып, тарыхый мурастарыбызды таанып-билүүгө салым кошот деген ишеничтебиз.

Жаңы китептин авторлорун куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!