Наззара Раззакованын «101 тамсил» китеби жарык көрдү
Кыргыз адабиятынын китеп казынасы дагы бир жаңы эмгек менен толукталды. Жазуучу Наззара Раззакованын «101 тамсил» аттуу китеби жарык көрдү.
Тамсил — турмуштук чындыкты көркөм образдар аркылуу чагылдырган, окурманды жакшылыкка, адептүүлүккө жана акылмандыкка үндөгөн адабий жанр. Анда адамдык сапаттар, коомдогу көрүнүштөр жана жашоодогу ар кыл жагдайлар таамай баяндалат.