Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунда Айжан Мамасадыкованын автордук кечеси өтөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун имаратында акын, жазуучу, котормочу, бир катар адабий сыйлыктардын ээси Айжан Мамасадыкованын автордук кечеси өтөт.

Айжан Мамасадыкова — Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жана Москва облустук Россия жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал Кыргыз Республикасынын Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги төш белгилеринин ээси. Ошондой эле «Аруу Дүйнө» адабий клубун жетектейт.

Адабиятка жана маданиятка өз салымын кошуп келе жаткан калемгер Анна Ахматова атындагы адабий сыйлыктарга татыган. Мындан тышкары, Москва шаарында сот жана тергөө иштеринде котормочу катары эмгектенет.

Автордук кеченин жүрүшүндө калемгердин чыгармачылык жолу, адабияттагы орду жана окурмандар менен болгон руханий байланышы тууралуу сөз болуп, адабият сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу жолугушуу уюштурулат.

Өтүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун имараты.

Башталышы: саат 12:30.

Күнү: 12-октябрь

Адабият күйөрмандарын, акын-жазуучуларды, маданият өкүлдөрүн жана чыгармачылыкка кызыккан жалпы коомчулукту Айжан Мамасадыкованын автордук кечине чакырабыз!