Аман Саспаевдин аңгемелери түрк тилинде жарык көрдү

Кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу жана котормочу Аман Саспаевдин чыгармалары түрк окурмандарына сунушталды.

Аман Саспаевдин чыгармачылыгын түрк тилине таанытуу багытында маанилүү эмгек жасалып, жазуучунун 26 аңгемеси түрк тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрдү. Басылманы Түркиядагы «UMAY» басма үйү басып чыгарды.

Китептин котормочусу жана адабий изилдөөчүсү — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология бөлүмүнүн башчысы, окутуучу, белгилүү түрколог Халит Ашлар. Ал Аман Саспаевдин аңгемелерин түрк тилине которуу менен гана чектелбестен, чыгармаларга кеңири адабий анализ жүргүзгөн.

Аман Саспаевдин адабий мурасында жалпысынан 41 аңгеме бар. Учурда алардын 26сы түрк тилине которулуп, китеп болуп окурмандарга сунушталды. Ал эми жазуучунун калган 15 аңгемесин да түрк тилине которуу иштери улантылмакчы.

Бул эмгек — кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрүн түрк дүйнөсүнө таанытуудагы маанилүү кадам. Аман Саспаевдин чыгармаларынын түрк тилинде жарык көрүшү кыргыз адабияты менен түрк адабиятынын ортосундагы чыгармачылык байланыштарды дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Айрыкча, жазуучунун чыгармаларын түп нускадагы көркөмдүгүн жана мазмундук тереңдигин сактоо менен которуп, ага адабий талдоо жүргүзгөн Халит Ашлардын эмгеги өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

Бул китеп мындан ары да Аман Саспаевдин чыгармачылыгын кеңири түрк окурмандарына жеткирген баалуу эмгектердин бири болоруна ишенебиз.