Бишкекте «Кыргыз — казак адабият алакасы — достуктун, боордоштуктун көпүрөсү» аталган иш-чара өтөт

Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кыргыз — казак адабият алакасы — достуктун, боордоштуктун көпүрөсү» деген аталыштагы адабий иш-чара болуп өтөт.

Иш-чаранын алкагында кыргыз акыны Махаббат Молдалиева жана казак акыны Даулет Байтурсун уулу которгон «Айгерим» жана «Өртекес» аттуу жаңы китептердин бет ачары презентацияланат.

  • Өтө турган күнү: 14-октябрь
  • Убактысы: Саат 11:00де башталат
  • Өтө турган жери: Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана

Иш-чарага адабият сүйүүчүлөрү, калемгерлер жана каалоочулар чакырылат.