Бишкекте жазуучу Афина Абдылдаеванын «Сары-Өзөн энциклопедиясы» китебинин бет ачары өтөт
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында белгилүү жазуучу Афина Абдылдаеванын «Сары-Өзөн энциклопедиясы» аттуу жаңы эмгегинин салтанаттуу бет ачар иш-чарасы болуп өтөт.
Иш-чара 8-октябрь күнү саат 11:00дө башталат.
Китептин ачылыш аземине маданият өкүлдөрү, жазуучулар, илимпоздор, ага катар эле китеп сүйүүчүлөр жана каалоочулар чакырылат.
- Өткөрүлүүчү жери: Бишкек шаары, Абдырахманов көчөсү, 208 (А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана).
- Убактысы: 8-октябрь, саат 11:00.
Бардык каалоочуларды маданий иш-чарага жигердүү катышууга чакырабыз!