БЕРГЕНАЛЫ БАЗАРБАЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АРНАЛГАН КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ
Кыргыз адабиятынын жана журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү, акын, сатирик, журналист, республикалык сатиралык «Чалкан» журналынын акыркы редактору Бергеналы Базарбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган китептин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жетекчилиги, калемгерлер, журналисттер, замандаштары, кесиптештери, туугандары жана адабият күйөрмандары катышты.
Китептин бет ачарын Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев ачып, Бергеналы Базарбаевдин кыргыз адабиятына, журналистикасына жана сатира жанрына кошкон салымы тууралуу сөз сүйлөдү.
Бергеналы Базарбаев чыгармачылык менен журналистиканы айкалыштырып, республиканын бир катар гезит-журналдарында эмгектенген. Ал өз мезгилинин белгилүү калемгерлери Акбар Рыскулов, Тынчтыкбек Нурманбетов жана башка журналисттер менен бирге иштеп, кыргыз басма сөзүнүн өнүгүшүнө салым кошкон.
Өзгөчө анын республикалык сатиралык «Чалкан» журналынын акыркы редактору катары аткарган эмгеги белгиленди. Бергеналы Базарбаев сатира аркылуу коомдогу көрүнүштөрдү курч чагылдыруу менен өзүнүн өзгөчө чыгармачылык жүзүн калыптандырган.
Иш-чарада калемдештери жана замандаштары Бергеналы Базарбаев тууралуу жылуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Жума Мамбетов, Тынчтыкбек Нурманбетов жана Акбар Рыскулов менен бирге иштеген жылдардагы кызыктуу окуялар, чыгармачылык чөйрөдөгү мамилелер жана замандаштарынын бейнеси тууралуу кептер айтылды.
Автордун чыгармачылык жана үй-бүлөлүк жашоосунда өзгөчө орунду анын өмүрлүк жары, журналист жана чыгармачыл инсан Нурбүбү Ашымбаева ээлеген. Экөө журналистика тармагында да, чыгармачылыкта да үзөңгүлөш болуп, өмүр жолун бирге улантышкан.
Нурбүбү Ашымбаева менен бирге эмгектенген кесиптештери — Калбүбү Сариева, Азимкан Молдокулова, Меңди Мамазаирова жана башка замандаштары үй-бүлөнүн чыгармачылык чөйрөдөгү орду, Бергеналы Базарбаев менен Нурбүбү Ашымбаеванын кесиптик жана адамдык сапаттары тууралуу эскеришти.
Айрыкча жазуучунун үй-бүлөсү менен жакын мамиледе болгон Меңди Мамазаирова Бергеналы Базарбаев жана анын өмүрлүк жары Нурбүбү Ашымбаева тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып, алардын чыгармачылыктагы жана үй-бүлөлүк жашоодогу адамдык касиеттерине токтолду.
Китептин бет ачарына Бергеналы Базарбаевдин жакындары, бир туугандары да катышты. Нурбүбү Ашымбаеванын сиңдилери келип, үй-бүлөлүк эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.
Бергеналы Базарбаев менен Нурбүбү Ашымбаева үч уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Бүгүнкү күндө уулдары өз алдынча эмгектенип, үй-бүлө күтүп, ата-энесинин жолун улантып келишет. Улуу уулу Улан Базарбаев учурда Германияда эмгектенет. Үй-бүлөдө бир нече неберелери бар.
Иш-чаранын жүрүшүндө китептин мазмуну, автордун өмүр жолун чагылдырган материалдар жана архивдик сүрөттөр тууралуу да сөз болду. Бет ачарга келгендер китеп менен таанышып, Бергенаалы Базарбаевдин чыгармачылык жолун эскерген сүрөттөргө күбө болушту.
Иш-чарада айтылган эскерүүлөр, кызыктуу окуялар жана жылуу пикирлер Бергеналы Базарбаевдин замандаштарынын жүрөгүндө өчпөс из калтырганын дагы бир ирет далилдеди.
Бул китеп — Бергеналы Базарбаевдин чыгармачылык мурасын, журналисттик ишмердигин жана адамдык дүйнөсүн кийинки муундарга жеткирген баалуу эмгектердин бири. Анын өмүр жолу кыргыз адабияты менен журналистикасынын тарыхындагы бир бүтүн доордун өкүлдөрүнүн чыгармачылык тагдырын да камтыйт. Китепти түзгөн КР Эл акыны Бактыгүл Чотурова.





