Сабина Сайгун «Алтын калем» наамы менен сыйланды

елгилүү жазуучу, коомдук ишмер Сабина Ахундова (Сабина Сайгун) «Данакер Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин чечими менен «Алтын калем» наамына татыды.

Сыйлык 2026-жылдын 26-августунда тапшырылып, Сабина Сайгунга «Алтын калем» наамын ыйгаруу тууралуу тиешелүү күбөлүк берилди.

Сабина Сайгун — адабиятта өзүнүн чыгармачылык багыты, философиялык жана психологиялык темаларды камтыган чыгармалары менен таанылган калемгер. Анын чыгармачылыгында адамдын ички дүйнөсү, руханий баалуулуктар, үй-бүлөлүк мамилелер, жашоонун маңызы сыяктуу темалар кеңири чагылдырылат.

Сабина Сайгундун чыгармачылык ишмердиги Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы адабий-маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган демилгелер менен да айкалышып келет.

«Алтын калем» наамы — калемгердин чыгармачылык эмгегине берилген баалардын бири. Бул сыйлык Сабина Сайгундун адабияттагы эмгегин жана чыгармачылык жолун дагы бир ирет белгилеп турат.