“ Улут тиреги – тил” аттуу иш-чара өтөт

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына карата «Улут тиреги – тил» аттуу иш-чара өтөт.

Иш-чара 2026-жылдын 22-сентябрында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин чоң жыйындар залында (1-кабат) өткөрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин өнүгүшү, анын коомдогу орду жана тил илиминин актуалдуу маселелери талкууланат. Ошондой эле кыргыз тил илиминин көрүнүктүү өкүлдөрүнө арналган «Кыргыз тилчилери: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу түркүт экспозициясынын ачылыш аземи болот.

Мындан тышкары, тилчи-окумуштуу К. Тыныстановдун «Мен баскан жол» аттуу чыгармалар жыйнагынын таанытымы өткөрүлөт.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, тилчилер, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, маданият жана адабият өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн этнофуршет уюштурулат.

Өткөрүлүүчү дарек: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 203, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи.