Самидин Стамбеков «Жалал-Абад облусунун ардактуу атуулу» наамына татыды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир нече китептин автору, белгилүү журналист жана акын Самидин Стамбековго «Жалал-Абад облусунун ардактуу атуулу» деген жогорку ардак наам ыйгарылды.

Бул сыйлык — Самидин Стамбековдун журналистика, адабият жана коомдук-маданий чөйрөдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгегине берилген татыктуу баа.

Самидин Станбеков — чыгармачылыктагы өзүнүн эмгеги, кесипкөйлүгү жана жаш калемгерлерге көрсөткөн устаттык колдоосу менен кесиптештеринин жана окурмандардын терең урмат-сыйына ээ болгон инсан.

Андыктан бул наамы менен Самидин Станбековду куттуктайбыз.