Марат Токоев: Ырлары
* * *
Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң
Менден, байкуш, бир нерсени сурайсың.
А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.
Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.
Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Сен караба, менин адам кейпиме.
Чыгаралбай эч ким укпас бугумду
Сендей гана жалдыраган итмин мен.
Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Орусча айтсам: “Будет вместе веселей”.
Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,
Сен да мага ишенбейсиң кенедей.
* * *
Жер өлүктөй кепинделген ак карга.
Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.
Дарак суроо белгисиндей, а карга
Бутагында үтүр болуп үргүлөйт.
Бирок дүйнө издегенин акыры
Кубанычсыз бул суздуктан тапкансып
Мемиреп тынч. Айлананын ак ыры
Уйку менен дүйнө бетин жапкансыйт.
ЖАЛГЫЗДЫК
Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан-дүйнөмдүн багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.
Жымжырттык. Кээде гана угулат
Шамалдын үшкүргөнү кайгылуу,
Оодарып жалбырактар барагын
Ачкандай жок экенин кайрылуу.
Кайрылуу эсил кайран күндөргө
Аянбай жүрөк жанган жалбырттап.
А бүгүн кайырчыдай жүрөгүм
Башканын жалынына жалдырайт.
Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан дүйнөмдун багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.
* * *
Жүрөгүм – паровоз.
Жылдардын канчасын
Вагондордой чиркештирип
Сүйрөй алат болду экен
Станцияга чейин акыркы
“Өлүм” деген?
Кандай болот күүсү
Дөңгөлөктөрүнүн?
Шаңдуубу?
Же кайгылуубу – күңгүрөгөн?
Билбейм.
Жөн гана жашап келем
Аткарып болушунча
Жараткандын буйругун
“Жаша, – деген, –
Ырлар менен
Узартып өмүрүңдү”.
АПТАП
“Я чувствовал только, как бьют
у меня во лбу цимбалы солнца…”
А. Камю (“Посторонний”)
Ойно, Күн, ур. Башым сонун добулбас.
Меникиндей үнү катуу табылбас.
Добуштары асман-жерди жаңыртат.
Мээде кызык элестерди жаратат:
Көпөлөктөй качып менден көлөкө,
Күн нуру жаайт нөшөр жаандай көнөктөп,
Адамдыгың жуулат жаман боёктой.
Жарым жаның тирүү туруп тозокто.
Шоргологон чөлдөй ысык беттен тер –
Толкундарда жол издешкен кербендер.
Кадамдары мыктай мээге кадалат,
Окугандай узун ырды кайталап
“Ап-тап, ап-тап, ап-тап, ап-…”
БИЛЕСИҢБИ
Билесиңби, мен көнүпмүн
Баш көтөрбөй жашаганга.
Жаз келгенин билдим бүгүн
Нөшөрлөгөн жаан жааганда –
Тамчылары алма-өрүктүн
Бариктерин күбүп бүтүн
Бут алдыма таштаганда.
* * *
Көздөрүң сенин – Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
Тескери согуп тагдыр-шамал,
Отуз жыл сага жолотподу.
Адаштым башка аралдарда,
Чачылдым, сындым, кейпим кетти.
Жүрөктө жалын аз калганда
Тагдырым сага айдап келди.
Тескери соксун тагдыр-шамал –
Кайрууга болбойт жоголгонду.
Кыялда калсын Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
* * *
Мен өлгөндө жер болом,
Азык болом эң сонун
Курт-кумурска, чөптөргө…
Аз болсо да бул нерсе,
Азайтаттыр күнөөмдү –
Курт-кумурска чөптөрдүн
Жандары үчүн мен кыйган
Билип-билбей тирүүмдө.
КҮН МЕНЕН КУБАЛАШМАК
Казактын уч-кыйырсыз талаасында,
Кубалап келатамын кызыл Күндү.
Түлкүдөй улам жаӊы белес, кырда
Куйругун бултактатып шылдыӊдайт ал…
Күн менен кубалашмак ойногондон
Чарчабайм өмүр бою. Жетпегеним,
Жаӊы дем берет мага жашаганга.
Казактын уч-кыйырсыз талаасында
Кубалап келатамын өжөрлөнүп…
Бир күнү бул Күн өзү жетпей мага
Алыстан карап алып кейип калар.
* * *
Биринчи жолу өмүрүмдө
Кыш келбесе экен деп тиледим –
Даяр эмесмин мен ага.
Көөдөнүмдө
Боштук… Жетишпедим
Сиӊирип алганга
Жаздын жаш демин,
Жайдын илебин
Жана да
Күздүн көркүн
Өзүмө.
Тоодон түшкөн таштай
Каякка шашат өмүрүм?
Бир аз, жайласаӊ боло!
Өзүмдү алайын колго.
Болбойт, чамгарактайт.
Дөӊгөлөккө жабышкан баткактай
Үмүттөрүм чачырайт.
Тажаганбы ал менден?
Же мен өзүм чарчаган белем өзүмөн?
Толгонбу чарчоо жүрөгүмө?
Биринчи жолу өмүрүмдө
Кыш келбесе экен деп тиледим…