Айгүл Элебесова: Ырлары

* * *

Жашоом — дайра!

Ала-Тоонун мөңгүсүнөн башталып,

Ысык-Көлгө толкуп-ташып агылган.

Жашоом — дүйнө!

Көл боюнда бапестелип, бапталып,

Кең ааламды көкүрөккө батырган.

Мына ошол Өмүр-дүйнөм үзүмү —

Ырларымда сезим отум жагылган!

ЫСЫК-КӨЛҮМ!

Көлдө туулуп көл жээгинде чоңойдум,

Көл суусунда балык болуп ойнодум.

Көл түсүндөй көгүш, агыш, көк көйнөк

Кийип жүрүп бойго жеттим, торолдум.

Сагынганда Көл көшүлүп жатканын,

Барам жетип, кереги жок башканын.

Ошол кези окшоп кетет негедир —

Апакеме күмүш чалган саамайын.

Жаткан кезин көбүк бүркө шарпылдап,

Көңүл дегдеп эңсегенде ар убак,

Барганымда окшоп кетет негедир —

Атакеме тосуп алган жаркылдап.

Көз тайгылтар ажайып кооз керемет,

Көл башынан агарып таң атканы.

Көл бетинен көрүп көңүл элирет,

Алоолонуп күн кызарып батканын.

Күн батаарда көргөн болсоң Көлүмдү

Күлгүн жакут ай жамалы албырат.

Жээк бойлоп жүрө берем кыйлага,

Ак дилимден арзуум айтып шыбырап.

Улан согуп, Сан-Таш шамал башталса,

Күрпүлдөтүп толкун бүркөт асманга.

Ошондо да көркөмдүктүн үлгүсү

Окшоп турат сезимиңди тазарта.

Көлдө туулуп, көл жээгинде чоңойдум,

Көл суусунда ак куу болуп ойнодум.

Көкүрөктө Көл жатпаса чайпалып,

Көлүм, анда, кайсы сендик болгонум!