Кожогелди Култегин: Ырлары

МОСКВАДАН АЛАЙКУГА ЖАЗГАН КАТ

Кандай, Таалай? Кандай эл-журт? Аманбы?
Кат алганда канттай шимийм кабарды.
Кабелтеңдик, кабылуулук жарашкан
кандай деги канат-түптөй Алайку?..

Арыбасын даарат алган ак таңдар,

арыбасын ат сугарып жаткандар.

Сабиз кейпте самсаалаган муздарды

сабиз сымал жеп жүргөндүр жаш балдар?

Маторго отту тосуп шопур сөгүнүп,

маңдайкы үйдө кыздар чачын өрүнүп…

Кечке таяп – чөп артынган атчандар

келүүдөдүр «Ф» тамгадай көрүнүп?

Алыста маа баары көзгө тартылат –

аркы тоодон Ан-2 (два) үнү каркырап…

Апасынын болжураган уулундай

ар бир үйдү жандап жапыз там турат.

Кеңсе алдында бир аз адам – жыйылган,

гезиттер жүр керзовойго тыгылган.

Маңдайда тээ машинаны шарт таанып,

маектерин кайра улантат: « – Быйыл мал…»

Өтсө бирөө кеңсе карай энтигип –

өрмө камчы кар чийип да, жер чийип…

Каатчылыктан тургансыйт эл көңүлү

там башында моло чөптөй кемтийип…

Ушундай-ээ? Айтчы, досум, чындыгын?

Угам суунун муз алдында шылдырын.

Кампа жакта кап өңөргөн аркы ким –

алперейин жерге түшкөн чылбырын…

Эшик аңдып күрөндүлөр тур жылбай,

эки көздүү дандыр – кудум куржундай.

Жалтыроодо чана тепкен эңиш жер

жаш баланын агып калган мурдундай.

Кашааларга качып чымчык, каргалар –

майда класс чыкса көчө шаңданаар,

өпөңдөтүп зоот аттарын топ солдат

өтпаратса – «орус!» дешип таңданаар…

Чынбы, Таалай? Биздин айыл ушул да?

Жол-дарактын жогорку бир учунда.

Ат үстүндө колгап чечпей кол коюп,

ал жерде сен актипсиң бул учурда.

А мен жүрөм… Окуу көңүл жубатып…

Айтпа суукту! Бирок бүгүн күн ачык.

Кайра-кайра Москвада саат тиктейм

канча болду Бишкекте деп убакыт…

Ортосунда кагаз менен каректин

оо, күн-саатым – кырсылдаган данектир.

Ата-Журттан Адабият-Журтуна

арык алып өтүш үчүн алекмин.

Ааламдын бүт аң-сезимин тепчиген

Останкино – ишпиристей деп жүрөм.

Аны тиктеп тереземден күзгүдөй –

Останкино боло калам, эх, бу мен…

Аскар үйлөр айкалышып – жаркырап,

алыстыкты жатат көздөн кайчылап…

А бирок да алы-ыс, алыс ойлогон

адамдарга а Москва бай турат.

Шаани менен шагдам жүрүп, тез жүрүп,

шашып кошо таң атып да, кеч кирип…

Зор калаанын таасири бир зор экен

кипкичине – байкуштугуң сездирип.

Көп нерсенин аты алмашып тетиктей,

көчөлөрдө митинг… талаш… чекишмей…

Аларды тынч басыш үчүн тургансыйт

алайкулук аксакалдар жетишпей…

Ыштаны жок гезит жайнап, кокуй күн,

ыштаны бар жандар сатып олтур миң.

Кайда болсун катар-катар кезектер

таштарындай сенин эсеп-чотуңдун.

Азыркы салт – арты ким деп таанышмай,

арзуусун да алды-артынан табышмай.

Кымбатчылык көгөнүнө – кезекке

кыналыша баш байлап эл жабыкты-ай…

Кызыл-тумшук салаасына кыстарып,

кызыл-тумшук чылымчан жүр кыздары.

Кыялданып басчу Кызыл-Аянттан

кызарат жүз… кычап кыштын ызгаары.

Кээде өзүмдү, – келди эми деп кезегим, –

келечекки чет элдиктей сеземин.

Дүңгүрөгөн шаар шыбырайт ар кимге:

«Дүйнөдөгү эң улуу эл – өз элиң!!!».

Каатчылыкта кат жайылып астыга,

барчылыктын байлыгындай ташсын-аа?!
Кошкун эми, көрүшкөнчө жакшы тур.
Кожогелди.
Бештин айы.
Москва.

                                                                  1991-жыл.

БУРСА ЧЫНАРЫ

Көп чынарды көрүш маа буюруптур,
көрүп муну – ойлорум бурулуп тур.
Чынардын бул алдыңда – мурдагылар
Чынара аттуу кыздардай туюлуп тур.

Алптыгын айт – көргөндү абдыраткан!
Алды жактар быкбырдай, алды жактар –
үстөл, ийдиш, тамагы менен эл-журт
үстү жактан жаап түшкөн жалбырактар!

Алты жүз жаш – жаңыруу, табынуу экен!
Алдыны аңсап, артты өксөп сагынуу экен!
Кылымды аттап баратып кылчайса артка –
“кырс!” дей түшкөн үч бутак таңылуу экен.

Чынары бул, Бурсанын Чынары бул –
чырагы бул, калкынын чырагы бул!
Чыркыраган чынды айтсак – тулкунда чылк
чыдамы тур, түрктөрдүн чыдамы тур!!!

Шамал-бороон каптаса, о-ой, бир боздоп –
салычудай Чынарың тоону копшоп!
Туш тарапта бутактар сапарда жүр
туугандарга сунулган колдор окшоп.

Караганда – кайрадан-кайра көзмүн!
Канып тур да, жанып тур айда-аа көкшүн!
Бутагынын үстүнөн буруусу көп
букаларды келүүдө айдап өткүм!
                                                           Анкара. 2018-жыл.

ЧӨНДӨЛӨЙЛӨР

Чөндөлөйлөр, чөндөлөйлөр, чөндөлөй,
чөгөлөдүм – жол улантпай, өрдөбөй.
Аларды ойной түшсүн дедим кана-а бир,
алган тура бүт-баарысын жөндөп-эй!

Ыйманы ысык – кубаласа, качса да,
ыйманы ысык – жыгып бирин жатса да.
Суй жыгыла көрсөтүүдө өнөрдү
Суур-Энеси жасап койгон сахнада.

Ийин оозу – аппак секи кашкайган,
көрүнөт ал сахна болуп капкайдан.
Эки-үчөөлөп асылууда бирөөнө,
эмне, анысы – ак палбанбы, ак палбан!

Ошол жактын ачылып бүт сырлары,
орошондоп сезилүүдө  жыргалы –
ар кыймылда Бетховендин кайрык тур,
ар кыймылда Бетховендин ыргагы!

Дирт-дирт эттим – чындыкты угуп алганга,
дирижердой колду шилтеп андан да.
Бет алдымда ойноктошуп, ойт берип,
Бетховендин сонаталар сайранда!

Безенүүдө диртилдешип ана алар!
Бетховенди ким бар укпай аянаар?
Бузса бирөө спектакль, концертти –
бул дүйнөнү бузган менен барабар.

Тикесинен чөндөлөйлөр тур неге?
Тимеле укмуш желбиреген туу беле?
Бахтын кайрык-ыргагындай базыйып,
басып келет наркы жактан Суур-Эне.
                                                     Анкара. 2017-жыл.

ТААЖЫВИРУС ЗАМАНЫНДА МЕКЕНДИ САГЫНУУ

Сыртта деле журт менен бир экенбиз,
сыздап ийсек кыргыз деп – пир экенбиз!
Уялганда өлкөбүз – эки эринден
учун сыртка чыгарган тили экенбиз…

Бел кыламын дем-күчүн, эш кыламын,
безеленет беш көзүм, беш кулагым –
өлжүрөгөн бирөөсү чүчкүрсө да
өлкөм жакты караба деп турамын!

Кыргызстан деп утур тыбырчылап,
кысылганда ансайын дилим – чырак.
Тартып жаткан азабы – алыстан да
так көрүнөт тырмактын кири сымак.

Таажывирус! Ак чачам бакшы сымал:
та-арт өлкөмдөн, кайткының, кайтчы, “жылан”?!
Колун элдин жууп жатам бата менен
кол жууп калбас үчүн бүт бактысынан.

Беттен кабын дарыгер алса экен дейм,
пешенеси таң болуп жанса экен дейм.
Куйругу иттин шайдоот-шат булгаланса –
кубанычы кыргызга барса экен дейм.

Таажывирус! Таң калам тизмегиңе,
тап жообун де, изде де,  издегиле –
канча завод, ишкана токтогондо
кайрымдуулук заводу иштеди не?

Асман-айды кезчү эле ойдолоп бир,
адам мындай болору ойдо жоктур –
бир кемеге жер жүзү шыкалгансып
бир самынга адамзат корголоп тур…

Бир кемеге жер жүзү шыкалгансып
кир самынга адамзат корголоп тур…
                                                        Анкара. 2020-жыл.

ТЫРМАКТАР

Ооба, азыр сулуулардын дээрлик көбү тырмак өстүрүп, тырмак бойойт. Баарысын күнөөлөп – башыма таш тийиптирби. Тек гана алардын тырмактарын жарышка түшкөн күлүктөргө салыштырдым…

Тырмактарын салган белем жарышка,
тырмактарын айдаганбы алыска –
баратышат сулуулардан суурулуп,
баратышат жарачудай намыска!

Баратышат башын чулгуп үмүттүү,
баратышат башкача бир дүбүрттүү –
ар бир айыл, ар бир шаарда сандаган
ар саяпкер кошуп ондон күлүктү!

Сулуулар бүт саяпкердей башынан –
суу, жем, чѳбүн күлүктѳргѳ ташыган,
үртүгүн жаап, жал-куйругун тарап жай,
үстү-башын үйлѳгѳн да, кашыган.

Ар нерсенин таба турган аргасын
асылкечтер кѳңүлүнѳ албасын:
күлүктѳрү – тырмактары кулпуруп,
күйѳѳлѳрү жүдѳп-какап калбасын.

Кыргыздын бүт жигиттери ѳрт эле!
Кылыч кармап – кылымдардын кѳркү эле!
Азыр болсо арманы жок алардын
асылкечи тырмагынча кѳрсѳ эле…
                                                                    Бишкек. 2014-жыл.

КОРКУУ

              Я не могу долго жить с людьми.
                Мне требуется хоть немного
                одиночества, частица вечности.

                              Альбер Камю

Жададым!

Жададым мен баарыңардан,

жалп кулап жатам шамал-жаалыңардан.

А күлүп турсаңар да – көңүлүмдү

араадай тишиңер шарт таарып алган.

Чакчайган көзүңөр бүт капкан сымал,

ирмелсе – капкан чакып жаткан сымал.

Шайтандын шапалагы кейиптенген

шалкы тил менен бетке чапкансыңар.

Сөзүмдүн колу-бутун жулдуңар да,

сөөмөйдү тапанчадай сундуңар маа.

Уялып жерди тиктеп, баш көтөрсөм

урунуп алчу болдум мурдуңарга.

Абасыз кучагыңар думуктурат,

акыл-сөз кулагымды куруштурат.

Баалуураак кийимимди – кыялыңар

базарда «алгыла!» деп сунуп турат.

Өсүүдө мени мээлеп тырмагыңар,

өзөктө ур-токмоктун ыргагы бар.

Буурсундай коңторууда жолумду бүт

бут шилтеп ар бир кадам кылганыңар.

Жададым!

Жапан тоодо – ээндикте кең

жашоомду кечиргим бар дербишче мен.

Адамдан коркуу – кандай кордук болсо,

а коркуу табигаттан – эрдик белем!

Кетемин силерди бүт жеңиш үчүн,

кетемин өзүмдү бүт жериш үчүн –

алактап ары качып, бери качып,

акыры адам издеп келиш үчүн!!!

Корком-ай коркпой койсом не болот деп…

                                                           Москва. 1993-жыл.

БИЗДИН КАР

Качантадан катып-куруп жазылбай,
кашкая эми эргип алган акындай –
айлананы баш көтөртпөй ансайын
Анкарада кар жаап жатат басылбай.

Дагы-дагы калды эмнени жашырбай?
Дарактар тур тажагансып баш ыргай.
Алайкуну элестеткин деген го –
Анкарада кар жаап жатат басылбай.

Эң башкысы, заман тынч да, калк эсен,
эс оой сыртты карап турсам майкечен –
сук арттырчу дарак мага суктанып,
сунуп жатат колу-ун… колун: “Байке, сен…”

Табигатың кубулганда – башка анык:
так айнектен кирүүчүдөй как жарып –
чоң бутактар кабат-кабат кар баскан
чочутууда крокодил баштанып.

Тилекматым чуркайт үйдү сапырып…
тимеле бир кыйкырбаспы чакырып:
-Кар! Ка-ар! Мына! Биздин ка-ар бул! Биздики-и! –
Карап турат балкон ичин ашыгып.

Барсак, көрсөк – сезимтал жан аптыгаар,
бажыракай, бапес, мөлмөл – жатты кар.
Көзү – күлүң… өзү – күлүң…  бурчта тур…
көгүчкөндөй апапакай, акжубар…
                                                         Анкара. 2019-жыл.

ӨЛКӨНүН СУЛУУЛАРЫ

Сулуулары көп өлкө

суу сатса да – байысын!

Гүлбурайт Жер бөтөнчө

Күн үчүн да, Ай үчүн.

Көңүлү эгер перинин

көкөлөсө ырыс жаайт.

Көйнөгүн кой, керилип,

көчөлөр да бырышпайт.

Гербдей, Туудай барк алаар

келин-кыздын кийими.

Тыкылдаса такалар –

тынч өлкөнүн гимни!

Карек оту кубулуп,

кандай гана көркөм-ээ!

Кабырылды сулуулук

кап көтөрүп өлкөгө.

Тынар мүнөз кыздары-ай

тырмак бойоп – нур баксын,

үйрүлүшүп мырзалар,

үйлөп аны кургатсын.

Күнөөсүнөн тазарат

гүл көтөрүп күткөндөр.

Мекени бай аялзат

менменсишип бүт мөлмөл!

Этегиндей көрк берди

эски суроо, жаңы жооп.

Сулуулары жок жердин

султандары дагы жок…

Ал эми

Сулуулары көп жердин

султандары дагы көп! 

                                      Ош. 2000-жыл.

ТҮШКӨ КИРДИҢ

Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп,
күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп –
кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө
кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп?

Карап көрсөм ортобузду ой чулгап:
канча деңиз толкуп-таарып олтур, кап.
Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш,
таянычы – жер, көк кошо солкулдап!

Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай
кармап алып саясатын араадай.
Токой болуп сансыз күндөр ортодо
тосуп турат кол кармашып тарабай.

Оттук сымал сезим жанып дүрт эле,
оо, ал кездин атаманы күлкү эле.
Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн –
канчаларга калка болуп турчу эле!

Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум!
Айыпсыздан мезгилге аны уурдаттым…
Уурдатсам да акмактыктан сактады ал –
узун-туура бул өмүрдө нур бактым!

Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум!
Асыл нурду бакканымда тур бактым –
чыгарбастан чеңгелимден чымчыкты,
чындап кантип бир нерсени урмакмын?..

Кыянатты кимибизге-кимибиз
кылмак элек башталаарда бийибиз?
Уйкашындай элек жазаар ырымдын –
уя болуп бирибизге-бирибиз.

Кырк жылдан соң уланды бий түшүмдө…
                                                                    Анкара. 2018-жыл.

КЕЧКЕ ТАЯП СУУГА СЕН БАРГАНЫҢДА

Кечке таяп сууга сен барганың айт!
Керемети жашоонун жанганын айт!
Атайылап – өзүңдү тиктесин деп,
атам үйдү кашатка салганын айт.

Алайкунун тоготпой кара суугун,
алоолонуп алганга жарачумун.
Отун жарып атып да, отун жарып,
ортосунда шилтемдин – карачумун! 

Адамды да, малды да илелеген,
ары жогол тоспой деп кинелегем.
Даана, таза көргөнгө дал өзүңдү
там үстүндө чөп кыркып кирээр элем.

Өйдөлүшкө жеткенде – демим санап,
өзүңө же баралбай...  эрин жалап...
катып тиктеп турчумун – каңтарылган
Карагердин жалына ээгим таяп.

Түздөгү да, сайдагы, өрдөгүсүн       
түгөл сактап көздөрүм – өргөө бүтүн!
Күпайкемди толтура кудуңдайм-ов
курган жаным өзүңдү көргөн үчүн!
                                                            Анкара. 2020-жыл.