Атантай Акбаров: Ырлары

ЖЫЛДЫЗДАР

Таң каласың, асман толо жылдыздар

кенен батып, жарык чачып турушат.

А Жердечи?Эки “жылдыз” жанашса,

Батыша албай ичи тарып, урушат.

Чыкпай туруп көралбастык сазынан,

Алар бекер бийикке кол созушат.

Бир-биринен жалган даңкты корушат,

“Жылдыз” деген оору менен оорушат.

Жалгыз жылдыз болсом деген ой менен,

Бирин-бири ушактап, бут тосушат.

Айкөлдүк не? Асылдык не? Кол шилтеп,

Калп жылдыздар наамдарды тоорушат.

Бир тепкич да көтөрө албай адамды,

Чыгармасы чыйрыктырат санааңды.

Жарым карыш дагы жарык чача албайт,

Калп жылдыздар көкүрөгү караңгы.

А асмандын жылдыздары башка го!..

Алар такыр жалган даңктын кулу эмес.

Караңгыны жарык кылып кашкайып,

Башкаларга төгүп келет нур элеп.

Өзүмчүлдүк сапаттары жок үчүн

Нак жылдыздар жүзү жарык, татына.

Түбөлүктүн мыйзамдарын карманган

үчүн алар жооп берет атына.

ТЕСКЕРИ ӨМҮР

Мен алсызмын, алым жетпейт ажалга,

Музоосу өлгөн бодо болуп өкүрөм.

Кимдир бирөө каза тапса, ошону

Мен өлтүрүп алган өңдүү өкүнөм.

Кызык сезим болот кээде ар кимде,

Андай ойду Сиз да ойлоорсуз кай бирде.

Адам чиркин алгач өлүп көрсө да,

Кайгы, түйшүк тык токтосо ал күндө.

Тирилүүнүн кайра аргасы табылып,

Андан кийин болуп көрсө карылык.

Адам чиркин карылыкка бой бербей,

Жашарууга турса күндө кам уруп.

Кайран жаштык келип анан буралып,

Ак сүйүүгө турсак жанды сугарып.

“Өлдү!”-дешип өкүрүшпөй эч кимге,

“Жашарды!” – деп турса баары кубанып.

Кайкып сүзүп бак-таалайдын көлүндө,

Калсак бүт ээ тирүүлүктө-өмүрдө…

Менин антип ойлогонум себеби,

Адамзатты кыйбайм такыр өлүмгө!

ПОЭЗИЯ ЖАНА АКЫНДАР

Поэзиянын эмне экенин сураба,

жанын ырга алмаштырып жазгандан.

Ал маселен, өз бактыңды талашып,

Тартып алсаң шайтандан,

Сени каргап, жектеп турса Азезил,

Кудай өзү чыга калып капталдан:

“Жок болсо эгер канатың,

Жүрөк күүлөп учкун!” – деп,

ыргыткандай асмандан…

Жүрөгүңө канат бүтөт ошондо,

Же өлөсүң,

Калбайт андан башка аргаң.

Поэзия – бул күндүр-түндүр

сени менен алышкан,

Чаалыкпаган, чаалыксаң,

Аёо билбес арыстан.

Акындык – бул тамчы ырыңдын салмагын

мухиттен да ашыруу.

Акындык – бул Чындык болуп ийилип,

Куштай көккө атылуу,

Романга батпай турган маанини

төрт сап ырга батыруу.

Акын дили доорлорду тазарткан,

периштедей канатчан,

Акындарды Жараткан

Сүйүүнү ырдап,

сүйүш үчүн жараткан.

Акындардын ырынан

Адам руху чыңалган.

Акындардын курч сабынан

Империялар кулаган.

Акын – деген азаттык да, эркиндик,

Акын эркин, башка түгүл Кудайдан.

Акын – деген адилеттик!

Элге карай түкүргөндүн

күлүн көккө сапырган.

Таажыга да, тактыга да

эмес акын баш урган.

Камалса да караңгы гөр ичине

Ыры – жарык чачылган.

Акын деген – сүйүү толгон жүрөк ал,

Ай ааламды толтосуна батырган.

Поэзия – андай, акын – деген мындай деп,

Миң айтсам да сага ача албайм жаңылык.

Самурайлар намыс үчүн жарынып,

Өлгөн сымал кылычына сайынып,

Чыныгы акын өлбөс ыр деп жабыгып,

Өлөт өзү бир күнү,

Курч оюнун курч сабына сайылып…

АЖАЛ

Ажал–мышык, биз–чычкан,

Аңдыйт ар бир кычыктан.

Тынч койбос бул жоо менен

тытышканың тытышкан.

Ажал мерез, ажал куу,

Ар кыл салат чалмасын.

Арман менен курутат,

Адамзаттын айласын.

Чычкан деле кай бирде

чыга качат мышыктан,

Чындап ажал алганда,

“Чы-р-р!..” – дей түшөт ысык жан.

Антпегенде канаке,

Атакеңдин атасы,

Апакеңдин апасы?

Ажал жандын апааты…

… Ажал тооруп, сулуулар

жылдыз жүзү жалп өчтү.

Чымын болуп бир жаны,

чыгаан хандар канча өттү.

Кайран арстан баатырлар

Калды сөөгү таш болуп.

Тарых түптөп акындар,

Тамды көздөн жаш болуп.

Карып өлсөң арман жок,

Жаштар өлбөй койбойбу!..

Жазмыштын бул катасын,

Оңдоого же болбойбу?..

А дүйнөгө керегин

алат, ырас, Жараткан.

Кайран адам антсе да,

Кача берет Жаннаттан.

Ажал өлсө ээ, адамдай,

Анда дүйнө таңданат.

Жалган дүйнөң, о-ов, анда,

Чын дүйнөгө айланат…

Ажал барда капа бар?

Арман жутат канчалар?

Ажал менен жоолашкан,

Акын деген Анти – ажал!..

АКЫНДАР – БУЛБУЛДАРДЫН ТҮПНУСКАСЫ

Теңдик дешип, карманып Теңир сөзүн,

Теңдик үчүн жол чалып, кыйнап өзүн,

Башкалардын жүрөгүн сакайтам деп,

Жаралашат акындар жүрөктөрүн.

Чындык калып, чындык деп акын өлсө,

Акын каалайт калкынын ойгонгонун.

Эл укугун талашып заалимдерден,

Акындардын көп көрдүм шорлогонун.

Ыйман калып, ыйман деп акын өлөт,

Ыймандуу бий калкына жакын келет.

Акын деген сатылбайт базарларда,

Сатылгандар болсо, алар акын эмес!..

Аялдарды урунуп буюм сымак,

Гарем куруп, шах, султан турса куунап,

Аялзатын акындар даңазалап,

Алып чыгат бийикке дастан курап.

“Ханды берген калк улук ханыңдан!” – деп,

Калыстыктан түк тайбайт акын көзү.

Акын жарчы Сүйүүгө, Жакшылыкка,

Акын – деген ак үн бул, элдин сөзү.

Ата-Журт да акынын сакташ керек!..

Акын – деген Мекендин визиткасы.

Бүт дүйнөгө таанытып жүргөн калкын,

Акын – деген булбулдун түпнускасы,

Акын – деген булбулдун түпнускасы!..