Абдилаат Дооров: Ырлары

    МАКМАЛ

Көөкөрдөн кымыз куюлду,

Көлкүтүп ичти ууңду.

– Көрүнө көмдүк, — дешти эле,

Көкө Меренден дүбүрт угулду.

Талпынып учса Миң-Куштан

Таш тийди таамай ыргыткан.

Өлтүрүп тындык, — дешти эле,

Өндү кыргыз кыртыштан.

Тайгылды кыргыз тайгылды,

Тараза жылдыз чыкканда.

Жайладык эми, – дешти эле,

Жалт этип чыкты суудан да.

Кынынан кылыч суурулду,

Кырылды кыргыз кырылды.

Кылкылдап күн чыкканда,

Кызгалдак болуп туулду.

Азаптан кайра кайралып,

Аргымак жалга байланып.

Жүзүнөн жанып алоо от,

Жылдызга калды айланып.

*  *  *   *

Биз окууну бүтөр жылкы  жайында

Асфальт  жолдо окуудан соң кечке маал

Аяр басып келгенибиз айылга

-Эсиңдеби, аяйым?…

Ажарданып кызыл нур жүзүң

Айтаарыңдай кызык сыр

Акырын ийилдиң  да дедиң сен:

“Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр ”.

Андан  бери ….

Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,

Канча аяздын  каарына карыктым.

Жүрүп – жүрүп …

Жолугуштук  жолдо шо

Жүгөрүдөй бала кармап  алыпсың.

         ЖАЗ

Ак капрон көйнөк кийип ,

Эшикти тырс-тырс уруп,

Мен: — Сени келдиби – деп,

Энтеңдеп атып туруп!

Карасам…

Бүт денеси шөмтүрөп ,

Бүтүгүй көз бүчүр,гүл.

Карек толо жамгыр жаш,

Кулак толо гүрү – гүү,

Келиптир ЖАЗ!

  *   *   *

        ДҮНҮЙА

(Барпы апыздын 140 жылдыгында чагатай

тил вариантында окулган ыр)

Оо, көөнө дүнүйа, мөл дүнүйа,

Көкүрөгү көл дүнүйа,

Көз мончогу көй дүнүйа.

Оо, сүйкүмгө көөнү сугалак дүнүйа,

Сүрөлүп көйнөк чубалар дүнүйа,

Сыр аяк сунулуп, күү агар дүнүйа.

Оо, осмо каш Дилбар, Мөлмөлү дүнүйа,

Арзыкан, Бурак, Гөзөлү дүнүйа,

Алоолоп күйөр өзөгү дүнүйа.

Оо, тал-талдап чачы таранар дүнүйа,

Танаңа ышк от таралар дүнүйа,

Тамшанып ага каранар дүнүйа,

Оо, козу-улак гөшү багландуу дүнүйа,

Кошокчу ыры шалгамдуу дүнүйа,

Койнуңдун ысыгы армандуу дүнүйа.

Оо, колдошуп ынак жүрүлөр дүнүйа,

Кор тутпай өмүр сүйүлөр дүнүйа,

Коко баш түйшүк үйүлөр дүнүйа.

Оо, шоктугу бир күн азары дүнүйа,

Шоңшоюп жалгыз басары дүнүйа,

Шорунан шорпо жасары дүнүйа.

ЖҮРӨГҮМДӨ ЖҮРӨСҮЗ

(Обону Бабаравшан Тургунбаевдики)

Бариктүү шактан үзүлбөй,

Бал тамган кишмиш жүзүмдөй.

Баамымда менин жүрөсүз.

Ак бантик болуп байлануу,

Ак жака болуп саймалуу,

Жадымда менин жүрөсүз.

Каш карек өңдөй туптунук,

Карегер жалдай кулпуруп,

Канымда менин жүрөсүз

.

Ак жарык менен таң жарык,

Айкалышкан учурдай,

Жүрөгүмдө жүрөсүз.

Үнүңүз шыңгыр жылаажын,

Укпаска жоктур ылаажым,

Ышкыма конгон ылаачын.

Кызыл-көк, пушту гүлдөнүп,

Кызыгым артып үрдөнүп,

Кыйнаган мени бирөөсүз.

Маржан сөз тизим кат барак,

Маңдайдан майин чач тарап,

Сүйгөндүгүм Сиз да билесиз.

Кызгалдактуу кыр төштөй,

Курандан түшкөн кут сөздөй,

Жүрөгүмдө жүрөсүз.

Көөдөнгө сыйган асманым,

Көңүлгө даба таппадым,

Көз күйгүзгөн акжалын.

Көрүнбөс сыйкыр кыл аркан,

Көгүчкөң моюн бурак жан,

Көп сабылтып армансыз.

Эпкини жумшак деңиздей,

Элестеп жыргал бейиштей,

Эс-дартым ээлеп алгансыз.

Башкача өң-түс сүртүмдөй,

Бала жыт эмчек үрпүндөй,

Жүрөгүмдө жүрөсүз.

     ⃰              ⃰            ⃰

Айылың күтүүсүз талап-тоноого алып,

кара таандай каптап басып кирген

баскынчы жоонун  жоон  тобунун адебин берген

 адис мерген  Каражан баатырды айлакердик менен

 колго түшүргөң  кастары жан азапка салгандагы ыр

 Карс-карс манжаларын кайрышса да,

Кызытып шиш кош бөйрөк сайышса да.

Каламдап эт-терисин союшса да,

Каректерин кандатып оюшса да,

Казыктай катып бек туруп-Кыңк,-дебеди

Камыштар ийилип дир-р, дүр-р этти,

Караламан эл чыр-р, чур-р этти:

-Каражан баатыр бөрү экен, бөрү экен,

                                          бөрү экен!

             ⃰             ⃰             ⃰

 Эки бирдей бир туугандарымдан

ажырагандан соңку ыр

Канатыма ок тийип калдым олтуруп:

Кар тоонун шамалы айтты:

-Кайрат кыл, пендечилик.

             ⃰             ⃰             ⃰

92 жаш курактагы чоң атамды акырет

жолуна узатып жаткандагы көрүнүш:

Додолонгон көп ичинен байкасам,

Добуш чыгарып, өксүп турду кары адам:

-Доор өттү… Эми мен, ким менен дартташам?!

        ⃰             ⃰             ⃰

Өз үйүмдү өзүм бузуп жаткандагы ыр

Көп капа болбо жаным:

Бул дүйнөнү ташканак,

Курмак да бар, бузмак.

    ⃰             ⃰             ⃰

 Орустар Исхак “Полот ханды”

 даргага асаар учурдан

-Бас, деди желдет, кундак менен далыга нукуп.

Каадасын бузбай Полот хан кайрылды күлүп;

-Мени го… күтөт өлүм. Сен кайда шашасың жигит?

Жигит сырттаны, улакчылык легандасы

 бабам Салимбек амин уулу Камчы

 чабандестин көк күлүгү жөнүндөгү баян

Октой сызып, он жыл сүрүп

                                     той улак,

Ооматы жүрүп орто

                           охолоп-дуулдап

…Айымды сүйүп…

Аттаган никеликти.

…А балким, эрегиш эски кекпи?…

Жетип түбүнө кыянат Камчыны өлтүрүштү.

Жем жебей, суу да ичпей сөл куруп,

Акырет кетти буруйлап жашы көк күлүк.

Кокон хандыгынын жетинчиси аалым

 Нарбото уулу Умаридиндин керээзи:

 -…Калыссыздык… Капасына камалган дүйнөм.

Казам жетсе, кабыр астанасына сөөгүм койгула,

Кадамдар басканда күбүлсүн күнөм…

Султан Сулайман  он жетиге жетпеген али

жоолук салыналек кызына арналып

тургузулган  айкелдин алдында айтканы:

-Тайкы тагдыр буйруптур да саа  жан  кызым,

Таштан жоолук салынды боз бой башыңа.

Таш оюлсун момун дил мончок жашыңа.

Учур турпаты тууралу ыр

                       I

Дарактай дүркүрөп өсүп дарыканалар

Дардайышат кулкуну ач кумар каналар

Аалам- түркүксүз асманга таянар.

                       II

Деңизди эликтей эмип булуттарым,

Денеге суу, Аралдан артынып туз.

Дөө  тоолор чөгүп, кырланды сай, түз.

                     ⃰           ⃰           ⃰

(Аялынан, уулунан айрылып, бүлөсү

бүлүнүп, какшактык, аракпаздык айынан

тентимиш өлүмгө чалынган сөөгү качан,

кайда көмүлгөнү белгисиз, гений 12- кылымдын

улуу сүрөтчүсү Рембрандт Харменс ван Рейн тууралуу)

Бүдүрү жок ниетиңе түкүрүп,

Бурду жүзүн бетпак дүйнө тетири.

Буйруп саа, түбү тешик тепшини.

Тамырыңда, туйлап алоо шык-демиң,

Талаптанып, өжөрлөнүп иштедиң,

Талыкпай түк, кыл калемчен ийкемиң.

Сөл-сөөгүңдү таппай калган учур шо

Сөзү түшүп, турган  менен жайып кол.

Сүртүмдөрдөн келдиң кирип не гөзөл.

                ⃰           ⃰           ⃰

Мөмөсү көөлөнүп илдет

чалган жаңгак дарагы тууралуу

ыр

Калтардай таптаза элең аппагым аа.

Калтырып булганычын асманыңа

Кара куш кайдан конду шактарыңа?

                    *    *      *

Бодурлуу тоонун боорунан

Боз чымчык учту, кай көчтү.

Боорума кыскым келди эле

Бото көз сулуу ак төштү.

Кыялуу тоонун койнунан

Кыргыек учту,  кай кетти.

Кызыгым артты өзүңө

Кымызек  жыттуу жаш селки.

Аскардуу тоонун  үстүнөн

Айланып учту ак шумкар.

Айламды менин кетирди

Араны  тоскон таш дубал.

Жылгандуу тоонун астынан

Жылдыз курт күйөт таңгаче.

Жүзүңдү чайкап жүр аман

Жүрөктөн сундум ай кесе.

Жыпар жыт тоонун танабы

Жыргатат көңүл сергитип.

Жыл өтсө мейли бир өмүр

Жүрөйүн сени мен күтүп.