Сымбат Максутова: Атам салган үй
Атам салган айылдагы чоң үйдө,
Байманабыз ашып, жанып күйүүчү.
Баарыбызды бөлөп турчу бакытка,
Апам менен атакемдин сүйүүсү.
Кеч киргенде экөө план жазчу эле,
Тегеректеп биз да сабак жазчубуз.
Колубуздан кагаз, калем түшчү эмес,
Атам үйдүн кадырманы, башчыбыз.
Ар кимибиз аткарчубуз кубанып,
Жан дил менен кандай жумуш берилсе.
Апакемдин чайы кайнап самоордо,
Тегеректеп отурчубуз кеч кирсе.
Биздин короо бака-шака түшчү эле:
Бака чардап, чабалакей үй салып.
Ат кишенеп, уйлар мөөрөп, кой маарап,
Үпүп, үкү, жарганаттар түн жарып.
Алма, өрүк, карагаттар бакчада,
Алча, жаңгак, малиналар ийилчү.
Мал кайтарып, үйдү жыйнап, аш жасап,
Жүргөн бизге кийимдер да тигилчү.
Короо толо буруксуган гүл өсчү,
Атам турчу апакеме кагылып.
Каткырчубуз, мээрим толуп жүрөккө,
Бүт дүйнөнүн шаңы турчу жаңырып.
Азыр шаң жок, атам салган үй бопбош,
Короо толо өлүү жымжырт орногон.
Баягыдай ит да абалап чуркабайт,
Башкалардан бизди айланып коргогон.
Куштар дагы уя салбайт чатырга,
Торпок, кулун, козу, тоок да калбаган.
Атам кетип, аалам урап калыптыр,
Көңүл кейийт эски буюм салдардан.
Ээси жоктой там томсоруп жетимдей,
Чөп чабылбай короону бүт басыптыр.
Таяк таяп араң баскан апамча,
Бечара ай, үй да эңкейип калыптыр.
Атам тиккен алма, өрүк, теректер,
Шамал жүрсө кармоочудай шуулдашат.
Балалыкка чакырышат кол жаңсап,
Дүркүрөшөт, дүйнө капар дуулдашат.
Каткырыктар эми толо жаңырбайт,
Бала кездей шаң-шарапат жок калды.
Баары кетти эсил кайран атамдай,
Эски-ускулар жүрөгүмө чок салды.