Мелис Маматжанов: КАРА ЧАЙНЕК
Түндөр чочуп дөбөттөрдүн тишинде,
Таң сүрүлсө, айыл кирет күчүнө…
Коломтого от тутантса апакем,
Турмуш кайнайт кара чайнек ичинде.
Айыл, адыр, бозоргон там, таш коргон…
Түтүн булап турар эле таш жолдон.
Жоолугундай жаңы келген келиндин,
Кара чайнек бир мезгилде ак болгон.
Мезгил кагып, талытса да канатын,
Калтырган жок күндө ышкырган адатын.
Кучакташып уктайт эле эгиздей,
Кара чайнек, кара күчүк, кара түн.
Биз чоңойдук чаң ызгыган көчөдө,
Мезгил тартты жүзүбүзгө көшөгө.
Түн агарды, дүйнө агарды, а бирок,
Кара чайнек агарбады эч эле.
Оттуу күндөр оп жутулуп муңайды,
Отко төшүн тосуп чайнек улгайды.
Кара чайнек ичиндеги суу – өмүр,
Кайнап, кайнап соолуп калат турбайбы…
Кайнап бир күн соолуп калат турбайбы…