Садык Гавайдын «ДҮЙНӨ» аттуу ырлар жыйнагы окурмандарга сунушталууда
Калемгер Садык Гавайдын «ДҮЙНӨ (Ойлордун калейдоскобу)» деп аталган жаңы ырлар жыйнагы Бишкек шаарынан басылып чыкты.
Китепте автордун турмуш, өмүр жана өлүм сырлары, адамгерчилик нарк-насил жана азыркы коомдун көйгөйлөрү тууралуу терең философтук ой толгоолору, ыр саптары топтолгон.
«Дууласын дүйнөпараз биздин кылым, Нааданга керек болбойт менин ырым… Дүйнөдөн, достор, акча издедиңер, Издедим а мен өмүр-өлүм сырын…» — деп автор өзүнүн поэтикалык көз карашын жана китептин негизги өзөгүн сүрөттөйт.
Жыйнак поэзия сүйүүчүлөрүнө, философиялык ой толгоолорго кызыккан бардык окурмандарга арналат.