Афина Бакирова: …Жүрөктөргө баскан мөөрүн Кудайдын

…Жүрөктөргө баскан мөөрүн Кудайдын,

жүрөгүндө мөөрү барлар таба алды.

Не айтканы келдиң мага күн-айлуу,

кырк бир канат периштелүү адамым?..

Теңир үнүн периштелер, пенделер

эртели-кеч угузушат деп билем.

Кезиккендин баары сүйүү апкелбейт,

күйбөй туруп, күйдүм деген эр түмөн.

Чабарманы экениңди Кудайдын,

сен туйбайсың, кайберениң мен туям.

Сүйүүлөрдүн болбойт баары кумарлуу,

аял сүйсө дешер аны: «Шуркуя…»

Сулуулардын чыкпайт баары текебер,

бири айыкса, бир жарааты жаңырат…

Кадырлашты таппай жүрүп бир өмүр,

күмүш ээрчен аты жолдо чалынат.

Узун этек ургаачынын ар бири,

айла-амалдуу боло бербейт, билгеним.

Чынымды айтып киндиктешим ырларга,

чындыгымды чачып ийдим желге мен…

Үйлөнөрсүң аяндууга, сырдууга,

жүрөгүндө мөөрү болор бизге окшоп.

Күн чырайлуу көңүлүн эч муз кылба,

аял тоңсо айлап-жылдап тоңот дейт.

Жаш көздөрүң мага ибадаткана,

сени сүйүп Жаратканга сыйындым.

Багы тоодой адамдар да муңканат,

шүгүргө ач, сүйүүгө ач бул кылым.

Ким жолукса жарык сенин берериң —

колдоруңа Күн отуруп, Ай бүткөн.

Кудайлык жол–чоочулатып, карегим,

өң-түшүмдө аян берип, жай күткөн…

Жарык дүйнө тозбосун да сынбасын,

аял сүйсө ээрчийт жолун эркектин.

Касиеттүү кайберендей бир башым —

сенин кырк бир канаттууңа тең келсин!.