Гүлзада Станалиева:

***

Бир боорум, казагым ай!
Оозуман сөзүм түшүп,
Азаңа көңүл үшүп,
Кайгыдан муунум бошоп,
Бозоруп айтып кошок
Азаңда катарыңда
Карайлап ыйлап турам…

О тагдыр кандай апаат,
Кандай күн салдың башка?!
Ажалга барбы айла?
Өлүмгө барбы арга?

Намыстуу уулдарым ай, шаштыңар алда кайда?!
Жаштык ай, жамандыктан кабары жок,
Курчтук ай, оттон-суудан жалтанбаган,
Силерди эми энеңер кайдан табат?
Силерди эми атаңар кайдан издейт?
Силерди сүйгөн кыздар кайдан көрөт?

Эр жүрөк жоокерлерим, кайрандарым!
Кырчындай кезиңерде жайрап баарың,
Азага чөмүлттүңөр Казак эмес,
Уккандын баарын, баарын!
Жигиттер эсил кайран,
Көрөйүн эми кайдан,
Эми кайдан?!