Жолдубек Качкынбаев: Муса Мураталиевдин аңгемелерине адабий талдоо

Аннотация: Макалада жазуучу Муса Мураталиевдин алгачкы аңгемелерине адабий анализ жасалат. Максаты – жазуучунун чыгармачылыгындагы негизги тематикалык багыттарды, образдар системасын жана көркөм-психологиялык сүрөттөө өзгөчөлүктөрүн аныктоо. Эмгекте “Карылар”, “Көктөм”, “Капсалаң”, “Бир баштык талкан” жана башка аңгемелер талданат. Ошону менен катар автордун баяндоо стили жана каармандардын ички дүйнөсүн ачуудагы сүрөткерчик чеберчилиги изилденип, жыйынтык чыгарылат.

Ачкыч сөздөр: аңгеме, реализм, образ, композиция, чеберчилик

Алгы сөз
Кыргыз профессионал адабиятынын тарыхы кучагына бир кылымды камтыйт. Бирок бул мезгил аралыгында кыргыз акын-жазуучулардын чыгармалары, чыгармачылык чеберчиликтери бүгүнкү күндө да жетиштүү деңгээлде изилдене элек. Алардын катарында жазуучу Муса Мураталиев да бар. Жазуучунун алгачкы чыгармалары 1970-жылдардан тарта жарык көрө баштаган. Ал окурмандарга аңгеме, повесть, романдары менен белгилүү. Ошондой болсо да, жазуучунун чыгармачылыгы алигиче өзүнчө илимий изилдөөнүн предмети болбой кетет. Бирок сынчы, адабиятчылар Т. Касымбеков, А. Эркебаев, К. Асаналиев, Б. Алымкулов, М. Жумаев, Ү. Касыбеков, Э. Сергеева жана башкалар ар кыл жылдарда жазуучунун чыгармачылыгына кайрылышып, сын-пикирлерин билдиришкен.

Негизги бөлүк

Муса Мураталиевдин окурманды түйшөлткөн аңгемелеринин бири – “Бир баштык талкан”. Анда акыл-эсинен ажыраган Кантоонун аянычтуу тагдыры сүрөттөлөт. Окуя айылга конок болуп келген жигиттин айтуусунда баяндалат. Бул жерде автор туура кадам жасаган. Анткени бөлөк адамдын көз карашы менен каармандын эмоциясы, дүйнө таанымы, кулк-мүнөзү, образы жакшы ачылган. Мындай баяндоо ыкмасы адабиятта “сырттан байкоочу” катары белгилүү болуп, ал окурманга окуяны бейтарап, ошол эле учурда психологиялык жактан таасирдүү кабыл алууга шарт түзөт.
Реалдуу турмушта Кантоонун прототиптери ар бир айылда кездешсе керек. Аңгемеден аларга коомчулук тарабынан жасалган мамилени (шылдың, дискриминация) көрө алабыз. Бул көрүнүш чыгарманын социалдык проблематикасынан кабар берип, автор коомдогу моралдык жоопкерчилик маселесин көтөрөт. Анын каарманды сүрөттөп баштаганы да бир кызык. Чоочун жигит курсташы жана балдар менен балык уулап жүргөн маалда “Кантоо жинди келетат” деген үн чыгат. Ошондо жазуучу жигиттин аны алгач көргөндөгүсүн “Кантоонун чычаладай канталаган шумдук көздөрү жүрөгүмдү түшүрүп салды. Андан да теше тиктеп, менден көзүн албайт. Мен дароо эле жер карап, көзүмдү ала качканым менен анын дагы эле менин желкемден тиктеп, матап алганын сезип жаттым” [38,2], – деп сүрөттөгөн. Курсташы аны чочутуп албоо үчүн эмне себептен мындай абалга туш болгонуна чейин айтып берет. Чоочун жигит менен Кантоо айылдан бир нече ирет жолугат. Автор ар жолкусунда Кантоонун бир үзүм окуясын баяндоо менен образын ачууга умтулган. Каармандын образы баскыч-баскыч менен ачылып, окурмандын да кызыгуусун арттырат. Бир ирет Кантоо “Токойдон отун алып жүрсөм экөө тегирменден келаткан бир кемпирдин бир баштык талканын тартып алганы жатыптыр… Мен барып кемпирге болуша кеттим… Анан үзөңгүнүн кыры келип, ушул жериме тийгенде… көзүмөн от чагыла түшүп эсим оогон экен… Тигилер мени өлдү деп, кемпирди өлтүрүп кете беришиптир… Көзүмдү ачсам – үйдө жатамын. Башым таңылуу” [41-42,2] – деп өз окуясын өзү айтып берет. Эң өкүнүчтүүсү – тестиер балага жасалган зулумдук Багыш аттуу аталаш бир тууганы тарабынан болгону эл арасында айтылып келет. Кантоонун бул кылмыш тууралуу айткандарына “жин даарып кеткен” дешип ишенишпейт. Автор бул эпизод аркылуу коомдогу адилетсиздикти, чындыкты четке кагуу жана алсыз адамды басмырлоону курч сынга алган. Согуш мезгилинде адам-адамды аябай тургудай ачарчылык болгондугу маалым. Чыгармада жокчулук – адамды түрдүү кылмышка түртөт деген ойду бекемдейт.
Аңгемеде артык баш окуялар кездешпейт. Жадагалса Кантоонун ата-энесинин бар-жогу тууралуу да айтылбайт. Автор окуя болгон аймакты сүрөттөп, каармандардын баарына ат коюп отурган эмес. Анткени булар негизги ойго эч кандай таасир тийгизбейт. Тескерисинче, мындай жалпылоо чыгарманы универсалдуу мүнөзгө ээ кылып, аны ар кандай коомго тиешелүү көрүнүш катары кабылдоого мүмкүнчүлүк берет.
Жыйынтыгында, аңгемеде адам тагдырынын трагедиясы, согуштун кесепети жана коомдун алсыз адамдарга жасаган мамилеси чагылдырылган. Автор Кантоонун образы аркылуу сыртынан “жинди” деп бааланган адамдын ички дүйнөсүн ачып берген. Чыгарманын негизги идеясы – коом көп учурда чындыкты көргүсү келбей, алсыздарды четке кагып, адилетсиздикке көз жумат деген ойго барып такалат. Кантоо – бир адамдын гана образы эмес, ал коом тарабынан четке сүрүлгөн адамдардын символу. Анын трагедиясы адилеттүүлүк үчүн күрөшүүдөн башталып, түшүнбөстүк жана жалгыздык менен аяктайт. Ал эми чоочун жигит акырындык менен чындыкка жакындайт. Сюжеттин эпизоддор аркылуу өнүгүшү каармандын образын тереңдетет. Автор диалогду чебер колдонуу менен чыгарманы жандуу жана ишенимдүү сүрөттөй алган.
“Кечмеликте” – турмушка чыгар маалы келип, өз өргөсүнө батпай калган Шарипа тууралуу баяндалат. Окуя кыз үй-бүлөсү менен журт которуп келгенден кийин башталат. Автор “дагы эки теңтушу өйдөкү айылда, дагы бирөө шаарда. Төртөө жашташ эле, бирге ойноп, бирге чоңоюп, бирге окушкан болчу. Тигилердин кээсинин экиден, кээсинин бирден балдары бар. Шарипа кызыл жип аттап көрө элек, жалганда жалгыз жаралгансып, ээнсирейт” [69,2] – деген салыштыруулар аркылуу кыздын абалын сүрөттөйт. Бул каармандын ички жалгыздыгын жана социалдык басымды чагылдырган психологиялык деталь автор тарабынан ийгиликтүү колдонулган. Мураталиев кыздын түйшөлгөнүн, уйку көрбөй кыйналганын жазган. Бирок автор кыздын жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгуну үчүнчү жак аркылуу баяндагандыктан, окурман Шарипанын ички үнүн, башкача айтканда монологун толук кандуу уга албайт. Адабият таанууда ички монолог каармандын психологиясын ачууда эң натыйжалуу ыкмалардын бири. Анын жетишсиздиги образдын терең ачылбай калышына алып келет.
Шарипа мектепти бүтүргөнүнө эки жылдан ашты. Атасы аны окутуп-чокутуунун ордуна күйөөгө узатууну каалаган. Бирок ага куда-сөөк болчу адамдар чыккан эмес. Автор коомдогу гендердик ролду жана аял тагдырынын социалдык чектөөлөрүн кыйыр түрдө көрсөтөт. Бул үчүн авторду айыптоого негиз жок. Бул жашоонун жана замандын талабы. Аны менен катар чыгармада түшүнүксүз жагдайлар жок эмес. Мисалы, Шарипанын портрети дээрлик берилбейт. Негизи эле Муса Мураталиев чыгармаларында каармандардын келбетине басым жасай бербейт. Бул кайсы бир деңгээлде туура болгону менен, портреттик деталдардын жоктугу каармандын индивидуалдуулугун төмөндөтүп, окурмандын элестетүүсүнө кыйынчылык жаратат.
Шарипанын турмушка чыгышынын создугушу жеке багына байланыштуу болушу мүмкүн. Автор кыздын жолу таптакыр буулбаганын: “Жүрүп-жүрүп бир кезде кызын үйүнөн карыш жылдырбаган атасы, кийин май-чайга деп кыштакка Шарипаны жалгыз жиберчү болду… Жигиттерди деле жолуктурат. Бирок биринен да баш кошуу туурасында кеп уга элек” [70,2] – деп түшүндүрөт. Акыры Шарипа бактысын суу жээгинен табат. Ал барып жүргөн кечмеликтен атчан жигитти жолуктурат. Жигиттин көзү кызга түшүп, кыз да жигитти түшүндө көрүп, экөөнүн ортосундагы сезим эч кандай диалогсуз тутанат. Жазуучу романтикалык ыкманы колдонууга аракеттенген, бирок каармандардын ортосундагы мамиленин өнүгүшү логикалык жана психологиялык жактан жетиштүү иштелген эмес. Тилекке каршы, кыз жигиттин бүкүр экендигин да байкайт. Бирок анын жападан жалгыз максаты – турмушка чыгуу болгондуктан, жигитти кемчиликтери менен кабыл алгандыгын чыгарманын соңунда байкоого болот. Бул чечим каармандын ички тандоосунун натыйжасы катары эмес, социалдык басымдын таасири катары көрүнөт.
Аңгеме автор тарабынан толук иштелбегени байкалат. Окурманга түшүнүксүз болгон жагдайлар бар. Адабиятчы А. Эркебаев “Чыгармачылыктын көктөмү” аттуу рецензиясында “натыйжада каарман да, аңгеменин жалпы мазмуну да окурмандын кызыгуусун туудурбайт, көңүл ышкысын козгобойт, ага психологиялык жактан ишенимдүү көрүнбөйт” [Ленинчил жаш, 1978, 5-сентябрь], – деген тыянак чыгарган. Бул пикир чыгарманын көркөм деңгээлин баалоодогу негиздүү сындардын бири.
Жыйынтыктасак, аңгемеде аял тагдыры, социалдык басым жана жалгыздык темалары камтылган. Автор Шарипанын образы аркылуу коомдо турмушка чыгуу маселеси кыз үчүн канчалык маанилүү жана ошол эле учурда психологиялык оор жүк экенин көрсөтүүгө аракеттенген. Чыгарманын негизги идеясы – коомдук стереотиптер адамдын жеке тандоосуна таасир этет деген ойго барып такалат. Шарипа – ички дүйнөсү татаал, бирок толук ачылбай калган каарман. Анын абалы сырттан сүрөттөлгөнү менен, ички монологдун жетишсиздиги образдын тереңдигин чектейт. Автор көркөм каражаттарды колдонууда айрым ийгиликтерге жетишкени менен, композициялык бүтүндүк жана психологиялык ишенимдүүлүк жетишсиз бойдон калган.
“Табылга” – Муса Мураталиевдин алгачкы аңгемелеринин бири. Бирок чыгарманы жаш калемгердин эмгеги катары көркөмдүк деңгээли төмөн деп баалоо кыйын, анткени анда аңгеме жанрынын негизги талаптары – композициялык тактык, образдуулук жана идеялык бүтүндүк сакталган. Бул жаш жазуучунун чыгармачылык потенциалы эрте калыптанганын көрсөтүп, анын көркөм ой жүгүртүүсүнүн деңгээлин айгинелейт. Аңгемеде окуя Танак аттуу беш жашар баланын тегерегинде өнүгөт. Анда совет доору калыптанып жаткан мезгил чагылдырылып, жаңы коомдук көрүнүштөр баланын дүйнө таанымы аркылуу берилет. Баланын көз карашы аркылуу доорду сүрөттөө – реализм багытына мүнөздүү болуп, ал коомдук өзгөрүүлөрдү жөнөкөй, бирок таасирдүү формада жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Автор чыгармада жаңы замандын белгилери катары – радиоприёмник, бүктөмө керебет, шым кийген кызды сүрөттөгөн. Бул баланын аң-сезиминде таң калуу менен кызыгууну жаратат. Ошондой эле, предметтик деталдар символикалык мааниге ээ болуп, эски менен жаңынын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтөт. Танак үчүн булар мурда белгисиз болгондуктан, дүйнө таанымы акырындык менен кеңейе баштайт. Шымчан кыз баланын жашоосуна бир жаңылык алып келет. Автор баланын кызга чейинки жана андан кийинки абалын “Танак “жигит” болуп, “кылыч” чаап ойногонду жакшы көрчү…” [52,1] – деп салыштырган. Бул жерде автор контраст ыкмасын колдонуп, каармандын ички трансформациясын ишенимдүү чагылдырган. Бирок баланы кызга байлаган жалгыз эле радиоприёмник эмес. Ал кызды эже катары кабыл алып, ага эмоционалдык жактан жакын болуп калат. Демек, чыгармада баланын аң-сезиминдеги өзгөрүү менен катар анын эмоционалдык дүйнөсүнүн калыптанышы да чагылдырылган. Ал шымчан кыз менен бирге суу жээгине барган учурда радиоприёмникти сурайт. Кыз аны берүүгө даяр болгону менен, бала андан баш тартат. Автор баланын материалдык нерсеге болгон кызыгуусу аркылуу руханий байланышты сактап калуу каалоосун ачып берген. Ал тургай кыздын радиостанция аркылуу сүйлөшүүсүн “шпион менен сүйлөшүү” деп кабыл алышы баланын дүйнөнү өз түшүнүгү менен интерпретациялаганын көрсөтөт. Бул балалык аң-сезимдин өзгөчөлүгүн реалисттик негизде чагылдырган ийгиликтүү көркөм табылга болуп эсептелет.
Кыска убакыт ичинде Танак кызга көнүп, аны жоготуп алуудан коркот. Бирок кыз күтүүсүздөн кетип калат. Ал балага радиоприёмникти белек катары калтырып кетет. Бирок Танак бул белекке сүйүнбөйт, тескерисинче катуу ыйлайт. Финалдык эпизод чыгарманын идеялык өзөгүн түзүп, материалдык баалуулук менен адамдык мамиленин ортосундагы айырманы ачып берет.
Жыйынтыктаганда, “Табылга” – баланын дүйнө таанымы аркылуу коомдук өзгөрүүлөрдү чагылдырган чыгарма. Автор жаңы доордун белгилерин – техника, жаңы турмуш образы жана маданий өзгөрүүлөрдү кичинекей каармандын кабыл алуусу аркылуу ачкан. Чыгарманын негизги темасы – балалык аң-сезимдин калыптанышы жана жаңы дүйнө менен таанышуу процесси. Аңгеменин идеясы – материалдык жаңылыктарга караганда адамдык мамиле жана эмоционалдык байланыш жогору турарын көрсөтүүгө багытталган. Автор Танактын образы аркылуу баланын таза, жасалмасыз сезимдерин, дүйнөнү өзүнчө кабыл алуусун жана руханий баалуулуктарга болгон жакындыгын чагылдырган. Сюжет жөнөкөй болгону менен ички мазмуну терең. Каармандардын аздыгы жана окуянын бир нукта өнүгүшү композициялык бүтүндүктү камсыздайт. Автор контраст, символ, психологиялык сүрөттөөнү чебер колдонуу менен чыгарманын таасирдүүлүгүн арттырган.
Муса Мураталиевдин чыгармаларынан карапайым элдин жашоосун, дүйнөсүн жана мүдөөсүн көрөбүз. Анын “Карылар” аттуу аңгемесинде да турмуштун сыноолоруна карабастан, өз алдынча жашоого умтулган Токтобүбүнүн тагдыры баяндалат. Каармандын жалгыз уулу согушта курман болуп, жолдошу мындан жети жыл мурун каза болгон. Автор бир уюн карап жашаган эненин күнүмдүк түйшүгүн “Токтобүбү эне уюнун курсагы тойгондо сугарып, анан көлөкөгө байлайт…” [57,1] – деп сүрөттөйт. Автор анын турмуштук абалын эмес, эмгекчилдигин жана жашоого болгон мамилесин баяндаган. Карылыкка моюн сунуп бараткан кемпир уюн Дардаш аттуу тегирменчиге сатууну чечет. Бирок бул чечим анын ички дүйнөсүндө чоң психологиялык каршылыкты жаратат. Күрөң уй чейрек кылым бою жашоосуна тирек болуп келгенин эстегенде, эненин жүрөгү сыздайт. Бул жерде малдын образы жөн гана чарбалык объект эмес, каармандын турмушунун бир бөлүгү, өткөн жашоосунун символу катары берилген.
Автор Токтобүбүнү эрктүү, кайраттуу каарман катары көрсөткөн. Аны багып алууга даяр туугандары болгону менен, ал өз алдынчалыгын жоготкусу келбейт. Бул сапат каармандын ички өзөгүн түзүп, анын нравалык бийиктигин жана инсандык бекемдигин көрсөтөт. Коңшулардын “карыганда тынч жашоо керек” деген кеп-кеңештерине карабастан, эне оюндагысын бербейт. Дардаш уйду сатып алууга келгенде, Токтобүбүнү сарайдан табышат. Ал ую тууганын айтып, малын сатпай калганын билдирет. Бул кульминациялык учур каармандын ички чечиминин натыйжасы катары берилип, руханий жеңишин көрсөтөт. Ал эми Дардаштын нааразы болуп кетиши социалдык мамилелердеги түшүнбөстүктү айгинелейт. Аңгеме Токтобүбүнүн: “Адам баласынын ырыскысы түгөнбөйт деген ушу…” [64,1], – деген сөзү менен жыйынтыкталат. Бул финалдык реплика чыгарманын идеялык өзөгүн жыйынтыктап, жашоого болгон ишенимди жана үмүттү туюнтат.
Чыгармада автор Токтобүбүнүн образы аркылуу карылык мезгилиндеги адамдын ички дүйнөсүн, анын кайраттуулугун жана жашоого болгон бекем ишенимин чагылдырган. Чыгарманын негизги темасы – жалгыздыкка карабастан адамдын өз алдынча жашоого умтулуусу. Ал эми идеясы – адамдык абийир, эмгекчилдик жана руханий туруктуулук сыяктуу баалуулуктарды даңазалоого багытталган. Токтобүбү – турмуштун сыноолоруна сынбаган, өз тагдырын өзү көтөргөн күчтүү аял.
Муса Мураталиевдин аңгемелеринин басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк темаларга арналган. “Көктөм” аңгемесинде да ушул тема камтылган. Андагы негизги төрт каарман – Осмон менен Калича жана Осмондун ата-энеси Темир менен Уулкан. Чыгармада салттуу кыргыз үй-бүлөсүнүн модели берилип, муундар аралык мамиле жана ролдордун бөлүштүрүлүшү даана байкалат.
Ай-күнү жакындап калган Калича айылда кайната-кайненесинин колунда калат, ал эми Осмон кыштоого жылкы багуу үчүн кетет. Калича көз жарып, уул төрөйт. Бирок үч ай бою күйөөсүн күтөт. Аңгеменин негизги мазмуну дал ушул аралыкта келиндин ички абалын, күтүүсүн жана кусалыгын сүрөттөөгө багытталган. Бирок автор фокусту негизги идеяга толук топтой албай, кошумча эпизоддорго көп орун берген. Натыйжада аңгеменин композициялык бүтүндүгү алсырап, негизги каармандардын образы жетиштүү деңгээлде ачылбай калган. Аны менен сюжеттик линия чаржайыт болуп, чыгарманын көркөм таасирин төмөндөткөн. Мисалы, Темир менен Уулкан колхоздо иштешет. Уулкан бир учурда иштен качуу үчүн ооруп калдым деп калп айтып, кийин кайра ишке чыгууну каалайт. Бул эпизод каармандын мүнөзүн ачууга жардам бергени менен, негизги сюжетке түздөн-түз кызмат кылбайт. Ошондой эле экинчи пландагы каармандар – Бүбү, Карачач жана клуб башчысы Ыймаш – катышкан окуялар да бар. Калича клубга барып, кино көрүү үчүн пол жууп, башкаларга жардам берет. Бул көрүнүштөр социалдык чөйрөнү кеңейтүүгө багытталса да, негизги идеяга кошкон салымы аз.
Автор Каличанын жалгызсыраганын көрсөтүү үчүн эстөө ыкмасын колдонгон. Ал күйөөсү менен бирге драмкружокко катышкан күндөрүн эстейт. Бул каармандын ички дүйнөсүн ачууда маанилүү роль ойнойт жана учурдагы жалгыздык менен өткөн бакыттын ортосунда контраст түзөт. Каличага Осмонсуз жашоо кызыксыз болуп калат. Ал күйөөсүн күтүп, сагынып, ошол эле учурда ага таарынып, кызгануу сезимин да баштан өткөрөт. Бул психологиялык абал жаш келиндин реалдуу образын түзөт. Автор Осмондун образын да ишенимдүү чагылдырган. Ал сыртынан кайдыгер көрүнгөнү менен, ички дүйнөсүндө үй-бүлөсүнө кам көрүү сезими күчтүү экендиги байкалат. Ал ичинен “Барып да келсем болот эле…” [25,2] – деп тынчсызданат. Бул ички конфликтин, милдет менен сезимдин ортосундагы карама-каршылыкты ачат. Мындан тышкары жайыт маселеси жана карышкыр менен болгон окуя Осмондун турмушунун оордугун көрсөтөт. Автор Осмондун иш-аракеттерин актоо үчүн анын түйшүгүн белгилеген.
Аңгеме Осмондун үйгө кайтып келиши менен аяктайт. Бирок жазуучу түгөйлөрдүн сезимдерин ачык эмес, сараң сүрөттөгөн. Мунун бир жүйөлүү себеби келин кайната-кайненесинин көзүнчө сезимдерин толук билдире албайт. Бул жагдай салттуу тарбиянын жана коомдук чектөөлөрдүн таасирин көрсөтөт. Карылар сыртка чыккан учурда гана Калича күйөөсүнө болгон сагынычын эркин билдирип, аны кучактап ыйлайт.
Корутундулай кетсек, автор жаш жубайлардын турмушу аркылуу сүйүү менен милдеттин ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтүүгө аракеттенген. Чыгарманын негизги идеясы – үй-бүлөдө адамдын жеке сезимдери менен коомдук жана турмуштук милдеттери дайыма эле шайкеш келе бербейт деген ойго негизделет. Каличанын образы аркылуу автор аялдын ички дүйнөсүн, кусалыгын, жалгыздыгын жана эмоционалдык муктаждыгын ачкан. Ал эми Осмондун образы аркылуу эркектин жоопкерчилиги, эмгекке байланышкан түйшүгү жана үй-бүлөдөн алыстоо көйгөйү чагылдырылган. Сюжет бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен, ашыкча эпизоддордун көптүгү композициялык бүтүндүктү алсыратат. Экинчи пландагы каармандар толук иштелбей калган.
“Капсалаңда” адамдык абийир, адилеттүүлүк маселелери көтөрүлгөн. Ангемеде жазуучунун чыгармаларына мүнөздүү кыска-нускалуулук, так баяндоо стили даана байкалат. Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков автордун стили тууралуу: “Тил каражаты өтө сарамжалдуу, керек гана жерине, зарыл гана жерине таасын, таамай сүртүлөт” [4,2], – деп белгилеген. Бул баа Мураталиевдин көркөм ыкмасын мүнөздөп, анын лаконизмге (гр. – кыскалык, тактык) [58-79,5] негизделген жазуучулук стилин аныктайт. Аңгемеде сюжет Капсалаң жана аялы Татынын ортосунда өнүгөт. Капсалаң – колхоздун мүлкүнө кыянаттык кылбаган, ак ниет, эмгекчил адам катары сүрөттөлөт. Ал эми Таты – турмуштук пайдага көбүрөөк ыктаган, прагматикалык көз караштагы каарман. Чыгармада эки каармандын ортосунда нравалык контраст түзүлүп, “абийир” менен “пайда” категорияларынын карама-каршылыгы көрсөтүлгөн.
Капсалаң колхозго кой терилерин өткөрмөкчү болгондо, аялы аларды ашатып жибергенин айтып, ордуна өздөрүнүн коюнун терисин берүүнү сунуштайт. Чыгармада көз караштардын кагылышы ушул жерде. Анткени Капсалаң каршылык көрсөткөн менен, акыры аялынын сөзүнө көнөт. Таты аны: “…ким эле сенден талдап сурап отурат дейсиң” [34-35,2], – деп ишендирүүгө аракет кылат. Аял майда алдамчылыкка көз жумуу нормалдуу көрүнүш катары кабыл алат. Чыгармада абийир менен турмуштук зарылчылыктын ортосундагы күрөш ачык конфликт түрүндө эмес, жан дүйнө аркылуу жүрөт.
Капсалаң жыйынга барганда башкарма аны үлгүлүү малчы катары мактап, сыйлык тапшырат. Мактоо менен берилген сыйлык анын ички дүйнөсүндө уят сезимин ойготот. Ал өзүн жемелеп, туура эмес иш кылганын аңдайт. Сырткы баалоо каармандын өзүн-өзү анализдешине таасир этет. Ал үйүнө келгенден кийин аялы менен тартышып, эртеси колхоздун терилерин кайра өткөрүп берүүнү чечет. Бул чечим каармандын нравалык жактан тазаланышын жана абийирдин жеңишин билдирет. Автор чыгарма аркылуу “сабыр кылган адам акыры сыйлыкка жетет” деген ойду билдиргиси келген. Бирок бул идея универсалдуу мыйзам катары эмес, конкреттүү турмуштук кырдаалдагы нравалык сабак катары каралууга тийиш.
Чыгарманын негизги идеясы – адам кандай гана шартта болбосун өз абийирин сактоого тийиш деген ойго негизделет. Анда жуптардын образдары аркылуу бири-бирине карама-каршы дүйнө тааным берилет: бири адилеттүүлүккө таянса, экинчиси, пайдага негизделген. Кульминациясы – Капсалаңдын сыйлык алышы, анын ички дүйнөсүндөгү бурулуш чекит болуп саналат. Бул учур каармандын абийиринин ойгонушуна жана туура чечим кабыл алышына түрткү берет. Автор көркөм каражаттарды сарамжалдуу колдонуп, кыска формада терең мазмунду бере алган.
Муса Мураталиевдин аңгемелеринде көтөрүлгөн көйгөйлөр белгилүү бир доор менен чектелбестен, бүгүнкү коом үчүн да маанисин жоготкон эмес. Жазуучу адамдын ички дүйнөсүн, моралдык тандоосун, үй-бүлөлүк мамилелерди, социалдык теңсиздикти жана адамгерчилик баалуулуктарын көркөм чагылдырган. Маселен “Бир баштык талкан” аңгемесинин актуалдуулугу психикалык жактан жабыркаган адамдарга карата коомдун мамилесин, дискриминацияны жана социалдык адилетсиздикти чагылдыргандыгында. Ал эми “Кечмеликте” аялдын коомдогу орду, үй-бүлө курууга байланышкан социалдык басым жана гендердик стереотиптер маселеси козголот. Ошондой эле “Капсалаңга” токтолсок, адамдык абийир, чынчылдык жана адилеттүүлүк маселелерине арналган. Азыркы коомдо жемкорлукка каршы күрөш, мамлекеттик жана коомдук жоопкерчилик, мыйзамдуулук жана жеке абийир маселелери өзгөчө мааниге ээ болуп жаткан шартта чыгарманын идеясы өз актуалдуулугун сактап келет. Капсалаңдын нравалык тандоосу бүгүнкү окурман үчүн да үлгү боло турган адамдык сапаттарды чагылдырат.

Корутунду

Муса Мураталиевдин аңгемелери кыргыз прозасында карапайым адамдын тагдырын, ички дүйнөсүн жана коомдук турмуштагы ордун чагылдырган маанилүү көркөм мурас. Жазуучунун чыгармаларында негизинен үй-бүлөлүк мамилелер, адамдык абийир, жалгыздык жана социалдык теңсиздик сыяктуу түбөлүктүү темалар көтөрүлөт. Анын “Бир баштык талкан”, “Карылар”, “Табылга”, “Капсалаң” сыяктуу аңгемелеринде автор реалисттик ыкмага таянып, каармандардын ички дүйнөсүн ишенимдүү ачууга жетишкен. Айрыкча жөнөкөй турмуштук деталдар аркылуу терең философиялык ойду берүү, каармандын ички дүйнөсүн ачуу жана көркөм каражаттарды сарамжалдуу колдонуу жазуучунун негизги артыкчылыктары катары бааланат.
Ошол эле учурда жазуучунун айрым чыгармаларында, өзгөчө “Кечмеликте” жана “Көктөм” аңгемелеринде композициялык бүтүндүктүн алсыздыгы, сюжеттик линиянын чачыранды болуп, образдарынын толук ачылбай калышы байкалат. Айрым эпизоддордун негизги идеяга түздөн-түз кызмат кылбайт. Мындан тышкары, айрым учурларда каармандардын ички дүйнөсү толук кандуу ачылбай калган учурлар да кездешет. Ошондой эле, жазуучунун чыгармаларынан чырмалышкан окуяларды жана курч конфликтти көрүүгө болбойт.
Бирок бул кемчиликтерге карабастан, Муса Мураталиевдин чыгармалары коомдук мааниси терең, адамдык баалуулуктарды даңазалаган жана окурманды нравалык жактан ой жүгүртүүгө чакырган көркөм тексттер катары өз ордун сактайт. Жазуучу жөнөкөй окуялар аркылуу чоң философиялык маселелерди көтөрүп, адам менен коомдун ортосундагы байланыштарды көркөм чагылдырууга жетишкен. Демек, Мураталиевдин аңгемелери кыргыз адабиятында реалисттик прозанын өнүгүшүнө салым кошкон, адам тагдырын терең психологиялык планда ачууга багытталган маанилүү чыгармалар катары бааланууга тийиш.

Колдонулган адабияттар:
Мураталиев М.Түшкө жуук: повесть, аңгемелер. – 1970;
Мураталиев М. Көктөм: повесть жана аңгемелер. – 1977;
Эркебаев А. Кыргыз адабиятынын контрасттары. – 1982;
Алыкулов Б. Көркөм каармандын позициясы, “Кыргызстан маданияты”, 1984, 5-апрель;
Кыргыз адабиятынын тарыхы x томдугу. – 2017.