Болотбек Таштаналиев: Табылды Мукановдун ырларында атажурттун образынын чагылдырылышы
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында акын Табылды Мукановдун ырларындагы атажурттун образынын чагылдырылышы тууралуу сөз кылсакпы деп турабыз.
Табылды Муканов улуттук кыртыштан өнүп чыгып, дүйнөлүк масштабга көтөрүлүп, жалпы адамзаттык деңгээлде ой жүгүрткөн акын. Ал эми анын чыгармачылыгы изилденбей келатканы, анын улуттук жана дүйнөлүк поэзиядагы орду айтылбай, сөзгө чукак болуп келатканыбыз — бул башка маселе. Бул адабиятчылардын кемчилиги, тагыраагы билим көрөңгөсүнүн жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт.
Табылды эрежелер менен жашабаган, мыйзамдарга, алкактарга сыйбаган акын болгон. Анын ар бир ыры өзгөчө. Анын ар бир ыры ойт берип, ойду ала качып, акыл-эсти селт эттирип турат. Көркөм салыштыруулары да, көркөм ойдун эстетикалык табияты да башкача.
Ал атажурт темасында саналуу, ченелүү эле ырларды жазган. Ошол ырлары да салттуу ыр түзүлүшүнө жана салттуу ой жүгүртүү алкагына, эрежелерине сыйбай турганы менен, ата-журтка болгон сезими аруу. Мүмкүн, ал ырларында алкактарга, эрежеге сыйбаса сыйбагандыр, турмушта оргу-баргы болгондур. Арийне, атажуртка арналган ырлары назик, сезимтал.
Акындын «КАРЕКТЕГИ ЖЕР» ырлар жыйнагына (Фрунзе, «Кыргызстан», 1976) жарык көргөн “Кыргыз өлкөм” ырына адабий талдоо жүргүзүүдөн баштасак.
Кыргыз өлкөм
Кыргыз өлкө!
Кызыл талдан чабылган
кереге-ууктар болчу сенин кабыргаң,
кимдер аны быт-чыттап,
күлүн көккө сапырбаган кокту-колот, адырдан.
Туурдук менен үзүктөр
кементайың эмес беле калкайган,
кимдер аны кылышпаган «көк бөрү»
сыйра тартып Энесайдан, Алтайдан.
А боз үйдүн түндүгүчү?
болчу сенин курч көзүң,
учкундар жаш сыяктанып чыкчу андан,
жумулуп ал, соолгон карек-очогу
душмандан, душмандан!
Кара-ак жүндөн чыйратылган кырчоолор
тарамышың эле го
кармап турган дүнүйөңдүн бардыгын,
алар сенин мойнуңа
чалма болуп урулуп…
Көңтөрүлгөн сандыгың.
Кыргыз өлкө! Боз үйдө элең!
Бала элең!
… Типтик ылдый зыркырап
келе жаткан тагдырыңды Ильич колу шап кармап,
сунду сага бул заманды гүлдестедей барпайтып.
Чокоюңдан чыгып турду баш бармак,
чепкениңдин ар жеринен жүн булайып булуттай
турдуң, өлкөм, уялып,
бүт жыттанып курут, май.
Ильич колу үстөл тартты алдыңа…
Ошол күнү денеңден
камчы, найза, кылыч тагы күбүлүп,
ырыс менен ырга тунду канжыга.
Кыргыз өлкөм! Эр жигитим, балбаным!
Дайраларың – кайнап аккан кан, жаның
анын ар бир бүртүкчөсү – лампочка жарыктын
ыргап турган байрагын.
Ысык-Көлүң – мүрөгүң,
а тоолоруң – салааларың, кочушуң
төкпөй-чачпай кармап турган жашоонун бүт үрөнүн.
Чымчыктарың самолетко айланган.
Автомобиль – күлүк атың, тың атың.
Шумкарларың – шукшурулган лайнер,
Жердин жүзүн заматта
чарк айланып чыгасың.
Кыргыз өлкөм! Таштарың бүт – мумия!
Бир бутагың – миң уя!
Кыргыз менен боз үйү ажырагыс, экөөнү бирин биринен ажыратып кароого эч мүмкүн эмес. Боз үй көчмөн адамынын турмушундагы өтө орчундуу нерсе. Ушул ойду ырааттуу улантсак, боз үй менен мекен деген түшүнүктөр да түбү бир байланышта. Боз үй кыргыз үчүн жөн гана убактылуу башпаанек же баш калкалоочу жай эмес, ал бүтүндөй ааламдын модели, дүйнөтаанымдын философиялык пайдубалы жана улуттук коддун сактагычы. Байыркы көчмөн үчүн боз үй сырткы чексиз ааламдын ичиндеги чакан ааламы болгон. Түндүк — Асман менен Күндүн символу. Андан кирген жарык менен ааламдын кубаты боз үйдүн ортосундагы очокко түшөт. Очок — жердин, өмүрдүн жана үй-бүлөлүк куттун борбору. Ууктар — күн желеси сыяктуу түндүктөн тарап, керегеге барып биригет. Бул — Күн менен Жердин, Асман менен Адамдын ортосундагы ажырагыс байланыш. Төрт тарабы — боз үйдүн ички түзүлүшү (эр жагы, эпчи жагы, коломто, төр) адамдын турмушундагы социалдык жана табигый иретке багынып, ааламдагы багыттарды кайталайт.
Кыргыз өзүн боз үйдөн, боз үйдү өзүнөн көргөн. Табылды Муканов “Кыргыз өлкөмдө” өлкөнүн, мекендин образын түзүү үчүн боз үйдүн жыгачтары адамдын денесине, кийген кийимине көркөм салыштырылганы кокустук эмес: кереге-уугу — кабырга, туурдук-үзүктөр – кементай, кырчоосу — тарамыш, түндүгү — карек. Үй аман болсо — дене аман, кабыргасы сөгүлбөйт. Эл баш көтөрүп оокат кылып, боз үйүн кайрадан көтөрө алса, демек, анын тиричилиги да, мамлекеттүүлүгү да кайрадан жаралат. Ошондуктан боз үйдү кыйратуу — адамдын рухун же сөөгүн сындыруу менен барабар сезилген.
«Мекен» деген улуу түшүнүк дал ушул боз үйдүн очогунан башталат. Көчмөн эл үчүн Мекен чек арасы таш менен тосулган аймак эмес, ал боз үйдүн түндүгү көтөрүлгөн ар бир касиеттүү жер. «Түндүгүң түшпөсүн» — элиңдин, мамлекетиңдин туткасы бузулбасын деген эң чоң тилек. «Очогуң өчпөсүн» — тукумуң үзүлбөсүн, өмүр улансын деген аруу бата. Түндүк — мамлекеттик символ: Башка элдер өз гербине чептерди же куралдарды тартышса, кыргыз мамлекеттүүлүктүн символу катары туунун ортосуна түндүктү жайгаштырган. Анткени түндүк — биримдиктин, тынчтыктын жана бир чамгарактын алдында баш кошкон улуттун белгиси.
Адам баласы боз үйдө туулат жана өмүрүнүн акыркы сапарына да ушул боз үйдөн узайт. Боз үйгө баш багып кирген адам эң оболу ийилип кирет — бул боз үйдүн босогосуна, очогуна жана анын ээсине болгон таазим. Боз үйдүн баканы, түндүгү жана туурдугу кылымдар бою муундан-муунга өтүп, ата-бабалардын кол изин, демин, тарыхын өзүнө сиңирип келген.
Бир сөз менен айтканда, боз үй — кыргыздын философиялык космосу, архитектуралык керемети жана Мекенди сезүүсүнүн эң биринчи чекити. Ал бар жерде кыргыз бар, ал турган жерде Мекен бар.
Табылды Муканов таланттуу акын жана эрежелерге сыйбай көркөм ой жүгүрткөн адам катары муну билген жана мекендин, өлкөнүн образын ачуу максатында мына ушул параллелдерди көркөм салыштыруу катары ыктуу колдонгон. Акын боз үйдүн архитектуралык элементтерин элдин анатомиясы, тагдыры жана улуттук болмушу менен кошуп, бир бүтүн тирүү организм катары сүрөттөйт.
Ырда идеологиялык боек маанай жок эмес. Бирок, ал ырдагы акын айтайын деген поэтикалык-эстетикалык ойго эч көлөкө түшүргөн эмес. Тескерисинче салттуу көчмөн турмушта жашаган элдин эркиндикке, билимге жеткенин сүрөттөө үчүн гана пайдаланылган. «Чокоюңдан чыгып турду баш бармак, чепкениңдин ар жеринен жүн булайып…» — акын элдин басып өткөн кедейлигин, жупунулугун жашырбай, турмуштук чындыкты (уялуу, курут-май жыты) бардык деталдары менен берет. «Ильич колу үстөл тартты алдыңа…» метафорасы көчмөн элдин жазуу-сызууга, мамлекеттүүлүккө, ишке өтүшүн туюндурат.
Ыр эркин ыр түрүндө (верлибрге жакын) жазылып, экспрессияга бай. Андагы «быт-чыттап», «сыйра тартып», «зыркырап» деген этиштер кыймылды жана трагедияны ого бетер чыңалтат. «Таштарың бүт — мумия! Бир бутагың — миң уя!» деген экспрессивдүү саптар Кыргызстандын ар бир ташы тарыхка жык толгонун жана анын келечеги бай, өмүрү түбөлүктүү экенин бекемдейт.
“Менин өлкөм” — кыргыз элинин этникалык калыптанышынан тартып заманбап цивилизацияга чейинки тарыхый драмасынын чоң эпикалык панорамасы.
Табылды Муканов алкактарга сыйбаган, эрежелер менен жашабаган акын дебедикпи, антип канчалык ишендиргенибиз менен, анын ырларында Ленин, партия, коммунизм тууралуу жалындуу кыпкызыл салыштырууларды кездештирүүгө болот. “Менин өлкөмдө” да “…тагдырыңды Ильич колу шап кармап, / сунду сага бул заманды гүлдестедей барпайтып” десе, “Эстелик” аттуу ырында баарыбыз эң ыйык көргөн мекенди “Лениндин эң бир типтирүү эстелиги” деп атайт.
Эстелик
Мекеним – Лениндин эң бир залкар
типтирүү эстелиги,
мээсинде съезд кайнап…
миллиард жүрөктөргө жеткен үнү.
Торолгон толтосунда коммунисттер
кан болуп… басымы ашып…
Терметет жаңы доордун бешигин атом менен,
мезон менен
качыратып…
Мекеним – Лениндин эң бир гигант,
жаны бек эстелиги,
көтөрүп ушунча элди,
ушунча шаарды, кенди,
маңдайы космодром болуп чексиз,
сан жеткис кылымдардын талашын чечемин деп,
зыңгырап сыйга барат
кылып ал бул кылымды XX канат
Арийне, акындын бул ыры канчалык идеологиялык боекко сугарылган дебейли, ошончолук грандиоздук метафораларга жана гиперболаларга (масштабдуулук) бай болгону менен баалуу. «Мээсинде съезд кайнап…», “Терметет жаңы доордун бешигин атом менен”, “маңдайы космодром болуп чексиз” ж.б. кандай укмуш элестүү метафоралар.
Мына ошонусу үчүн социалисттик идеологиянын доору архаизмге айланганы менен акындын “Эстелик” нукура поэзия катары эч эскирбей окула берет. Ушул эле ойду, анын “Туу өбүү”, “Мекенимдин кулачы”, “Мекенимдин бир кичине бөлүкчөсү” ырларына карата да айтсак болот.
Бул ырларда Лениндин образы, Коммунизм, Кызыл Туу, 15 республиканын («он беш жигит») биримдиги, атом/мезон доору сыяктуу советтик мамлекеттик идеологиянын башкы концепттери ачык чагылдырылган. Бир мезгилдерде советтик кыргыз поэзиясынын (өзгөчө 1960–1980-жылдардагы «авангарддык» же публицистикалык толкундун) эң мүнөздүү өзгөчөлүгү ушул болгон. Акындар бийик пафос менен идеологиялык-эстетикалык жактан өтө каныккан ырларды жазууга аракет кылышкан.
Анткен менен акындын атажурт тууралуу баары эле идеологиялашып кеткен эмес.
Баллону жарылган автобус
«Айыл!» деген опол тоодой сагынычым
рессорду майыштырып…
Төрт дөңгөлөк үстүндө
«Апа!» деген залкар сүйүүм
заң-заң ырдап баратат
жакут болуп чачылганы үч күнгө.
«Достор!» аттуу кусалыкты айтпагын
араң сыйып салонго
алып учат баллондорду жампыйтып…
Оор-оор санааларды артынган
сезимдерим, нервдерим
тикчийишип кароолдо.
Төрт дөңгөлөк – төрт бир тууган ансайын
алп учат айлантып ак шамалга
чааралакей март айын…
Бу не деген урунуу да,
бу не деген такалуу?
Тарс жарылып автобустун баллону
туулган жерге убагында жете албай
чый-пый чыгып, тик көтөрүп жаканы,
жүргүнчүлөр менен бирге татам уу.
– Баллон неге жарылды, ыя?
дейт карыя күйүмдүү.
– Ата, баллон жарылды
көтөрө албай сагынчымды,
тонналаган сүйүүмдү!..
– Жерге кирсин баллон, балам,
жарылбасын жүрөгүң!
Сагыныч — адамдагы эң аялуу сезимдердин бири. Өзгөчө атажуртка болгон сагынычты эч нерсе менен алмаштыра албайсың. “Баллону жарылган автобус” – атажуртка, атаконушка болгон сагыныч, кусалык тууралуу. Бул ыр – Ата Журтту, айылды, апаны жана жаштыкты катуу сагынган жол жүрүүчүнүн психологиялык жана эмоционалдык абалын ачып берген терең лирикалык чыгарма. Чыныгы сагыныч бардык тоскоолдуктарды жеңип өтөт.
Акын лирикалык каармандын сезимдерин жөн гана абстрактуу түшүнүк катары эмес, физикалык салмак катары сүрөттөйт. «Опол тоодой сагыныч», «залкар сүйүү», «тонналаган сүйүү» автобустун рессорун майыштырып, дөңгөлөктөрүнүн (баллондорун) желин чыгарат. Чындыгында дөңгөлөк техникалык себептерден улам жарылганы менен, каарман аны ичине батпай чыңалып турган эбегейсиз сагынычтын эпкининен көрдү.
Бул ыр — туулган жерге болгон улуу сагынычтын, сапардагы эмоционалдык чыңалуунун жана адамгерчиликтин бийиктигин даңазалаган таасирдүү лирикалык чыгарма.
Дөшүдөгү күн
Күндү мен көктөн эмес
көргөмүн усталардын дөшүсүнөн;
аны алар агыш танда
аткышып кычкач менен
тосушкан барсканга,
камырдай жуурулуп ал
аттарга така болгон,
адамдарга чалгы болгон,
иттерге тогоо болгон.
Бүркөлгөн эмес ал биз тирүүбүздө
жарыгын чачып турган
көл сымак көзүбүзгө
жер сымал жүзүбүзгө.
Күндү мен көктөн эмес
көргөмүн дөшүсүнөн абакемдин,
тиш болуп ал сокого,
эңшерген «иче-кардын» кара жердин,
ал албарс орок болуп кан майданда
арылган азабы элдин…
Күндү мен көктөн эмес,
калктан көргөм.
Ырдын “Дөшүдөгү Күн” деп аталышынын өзү жүрөктү жылытып турат. Асмандагы Күн бардыгына бирдей, алыстагы жарык болсо, устанын дөшүсүндөгү Күн — адамдын колунан чыккан жаратмандыктын, тиричиликтин жана тирүүлүктүн отунун символу. Болгону 21 сап ырда Ата Журт пафостуу, кооз сөздөр менен эмес, кара темирден от чыгарган элдин улуу мээнети, кан майдандагы эрдиги жана кара жерди айдаган берекеси аркылуу чыныгы, тирүү образ катары ачып берилген. Бул ыр — Ата Журттун чыныгы көркү менен улуулугун асмандагы Кудай берген Күндөн эмес, ошол Күндү өз мээнети, каны-тери менен жараткан эмгекчил, баатыр элдин образы аркылуу ачкан философиялык-патриоттук лирика. Ата Журт — эмгектин жана мээнеттин өлкөсү. Лирикалык каарман үчүн Ата Журт абстрактуу же кол жеткис бийиктик эмес, устанын дөшүсүндө кызып турган, калктын маңдай теринен жаралган реалдуу турмуш. Ата Журттун Куну — бул элдин жаратуучулук күчү. Эл өз мээнети менен Мекендин тиричилигин камсыздап, «аттарга така», «адамдарга чалгы», «сокого тиш» жасаса; ал эми эл башына күн түшкөндө ошол эле эмгек куралы «албарс орокко» айланып, Мекенди жоодон коргоп калат.
Акын «абакесинин дөшүсүнүн» образы аркылуу кыргыз элинин акылмандыгын, жөнөкөйлүгүн жана устачылык өнөрүн даңазалайт. Элдик уста — жөн гана темирчи эмес, Мекендин келечегин, нанын жана куралын соккон инсан.
«Күндү мен көктөн эмес, калктан көргөм» — Ата Журтту улуу кылган анын табияты же асманы эмес, ошол жерди мекендеген, Ата Журттун жүгүн көтөргөн, кайгысын тең бөлүшкөн Эл (калк) деген терең идеяны айтат.
Ошентип, жыйынтыктап айта келгенде Табылды Мукановдун атажурт тууралуу ырлары да башка ырларындай эле, алкактарга сыйбай, эрежеге баш ийбей турат. Бул ырлардын баалуулугу жана кайталангыстыгы да мына ушунда.