Нуриза Пайзидинова: КАК ӨРҮК


(аңгеме)
Таенемдин айылдагы короосунда бир чоң өрүк бак бар. Айылыбыздын топурагынанбы же таенемдин колунун табынанбы, айтор, ал өрүктүн мөмөсү башкача бир ширин, эти калың, данеги дароо ажыраган бөлөкчө бир өрүк эле. Сөңгөгү жарылып, жылдардын изи калган ошол дөө бактын астында таенемдин эски тапчаны турчу. Тапчандын дал астынан тунук, муздак арык суусу шаркырап агып өтчү.
Таенем болсо балпайган, ак жуумал, жазы маңдай, ак аралаган чачын дайыма өрүп, жоолугунун астына жыйнап жүргөн сабырдуу байбиче болчу.
Жай аяктап, өрүк бышканда таенемдин чыныгы түйшүгү башталар эле. Түш ченде, мээ кайнаткан аптапта таенем тапчандын үстүнө эски, аппак сур кездемесин жайып алып, шактардан өзү жыйнаган, кыпкызыл бышкан өрүктөрдү чарага салып, эч шашпай, бычак да тийгизбей, кош бармагы менен «түрт» эттире ортосунан жарып, данегин сууруп, эрикпей тазалачу.
Анан ошол өрүктөрдү күнгө каратып, катар-катар тизе баштайт. Биз болсо буттарыбыз чаң, шоктонуп ошол тапчандын айланасынан узабайт элек. Биздин бүтүндөй максатыбыз таенемдин көзүн алаксытып, тиги сур кездемеде күнгө чагылышып, ширеси аккан кактардан сугунуп калуу.Ай, тийбегиле! Ичиңер ооруйт анан,- деп коёр эле таенем. Бирок, үнүндө кымындай да опуса байкалчу эмес. Биз качан ал арыктын боюндагы кумурага суу алганы эңкейгенде же үйдү көздөй басканда, жабыла эң чоң, эң таттуу өрүктөрдү чеңгелдей каччубуз. Оозу-мурдубузга таттуу ширеси чапташып, арыктын жээгине барып сууга колубузду жууп жатканда, таенем тапчандан бизди карап турганын көрөр элек. Ал биздин шоктугубузду билип турса да, билмексен болуп, жоолугунун учу менен бетин далдалап, аста жылмайып койчу.
Бир күнү арыктын жээгинде отуруп:
— Таене, ошол кактарды бизге эле жегизип койбойсузбу, эмнеге кургатып убара болосуз? — деп сурадым.
Таенем балпайган жумшак, жылуу колу менен башымдан сылап, арыктагы аккан сууга карап туруп:
— Ээ, балам… Жайдын таттуусу кышка калыш керек. Окууга кетесиңер, шаарга кетесиңер. Ошол жакта жүргөндө мына бу өрүктүн таттуусун эстеп жүрсүн дейм да силерди. Бул какта менин мээнетиме караганда ушул топурактын, ушул күндүн табы көбүрөөк го дейм… * * * Убакыт өтүп, биз бой тартып, шаарга чилдей тарадык. Ар соңку жолу кетерибизде таенем баягы ак чүпүрөк баштыкка өз колу менен тизген өрүк кактарды толтуруп салчу. Бирок, кийинчерээк «окуу, жумуш, убакыт жок» деп жатып, айылга баруубуз сейректеп баратты. Мына ошол «убакыт жок» деген шылтоо кийин биздин өмүр бою жуулбас азабыбызга айланарын билбептирбиз... Бир күнү таң эрте телефон чырылдады. Жакын адамымдын үнү муңканып чыкты эле дүйнөм аңтарылып кеткендей болду. «Таенең... таенеңден айрылып калдык... Шаарга батпай, айылга кантип жеткенимди билбейм. Жол бойлоп чуркап баратканымда, оюмда жалгыз гана өкүнүч турду. «Убакыт тапсам болмок... Жөн гана барып, кучактап отурсам болмок... Неге барбадым? Неге?!» Короого киргенимде сездим, арыктын шаркыраганы өчкөндөй. Тапчан бош. Анын үстүндө аппак сур кездеме да жок. Ал эми тигил чоң өрүк бак…
Өрүк бак кудум ээсин жоктоп ыйлап жаткандай, шактары жерге шөлбүрөп, жалбырактары мезгилсиз саргарып, муңкаят. Шамал соккондо жалбырактардын шуудураганы кулагыма өрүк бактын өксүп ыйлаганындай угулду.
Үнсүз селейген короону аралап, тапчанды көздөй бастым. Тапчандын үстү бош, бир гана таенемдин дайыма ээгинен салып жүрчү эски, оңуп кеткен чакмак жоолугу калыптыр. Тапчанга отуруп, башымды шөлбүрөтүп ыйлап турганымда, арыктын жээгиндеги чөптөрдүн арасынан бир нерсе көзүмө чалдыкты. Жакын барып карасам баягы чоң бактан түшкөн, күнгө куурап, карайып калган жалгыз өрүк как жатыптыр. Ал таенем каза болордон мурда тапчанга тизип, кургатып жатканда арыктын жээгине кулап түшүп, чөптүн арасына түшүп калган сыягы. Башка өрүктөрдүн баарын жыйнап кетсе да, ушул жалгыз өрүк таенемдин акыркы зарыгып күткөн үмүтүндөй болуп, жерде унутулуп калыптыр.
Карайган өрүктү калтыраган колдорум менен алып, топурагын сүртпөстөн өрүктү оозума салдым, кабыргам кайышып, өксүп-өксүп ыйлап жибердим. Ал өрүк какта топурактын даамы, айылдын аптабы, анан менин убагында келе албаган ачуу өкүнүчүмдүн тузу бардай сезилди.Таенем менен кошо ошол чоң өрүк бак да, арыктагы шаркыраган өмүр да, бизди ушунчалык кымбат көргөн эң тунук мээримин да түбөлүккө колумдагы өрүктөй катып калгандай сезилди…
Арык боюна отурган бойдон, өпкөм-өпкөмө батпай, тайнемди жоктоп ыйлай бердим…

“Матисаков мектеби”