Арген Мажитов: ЖОЛ ТЫГЫНДА
(аңгеме)
Жолдоштун иш убактысы аяктаган соң, бир аз чай-чамекке иштеп коёюн деп таксиге чыккан. Анын багына бүгүн жамгыр жаап жатат. Мындай аба-ырайын таксисттердин баары жакшы көрөт. Себеби шашкан эл такси баасына карабай канча кымбат болсо да суу болбой эптеп үйүнө жетип алууну көздөйт. Жолдошко жогорку коэффициент менен жакын жерге буйрутма түштү. Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишине жакын жайгашкан аялдамага. Кардарлар машинага отуруп-отурбай эле өз ара кыжыңдаша кетишти. Ак жоолук салынган келин үн катпастан арткы орундукка отурду, анын аркасынан кыйла жашка чыгып калган апа отурду да, жыйырма-жыйырма беш жаштагы жигиттин колундагы наристени булкуп алып, «баладан айлан, айбан!»- деп кагынып-силкинип алды. Жаш жигит артка улам кылчактап, коштошкусу келбегендей наристени көпкө карап калганда, «төлө таксинин акчасын, эми балаңды көрөсүңбү, көрбөйсүңбү бир Кудай билет» деп өктөм сүйлөдү аял. Жигит Жолдошко карап:
- Канча болду?,-деди үнүн аста чыгарып.
- Төрт жүз жыйырма.
- Беш жүз сомго майдаң барбы?,- деп жигит акчасын сунду.
- Табылат, — деди Жолдош чөнтөгүн каккылап жатып. “Сизге 80 сомду электрондук тиркемеңиз болсо которуп коёюн» дегиче аркадагы аңкылдаган аял «ошол сексен сомду балаңа калтырып кой, ансыз деле карааныңды көргөзүп, каралашып жүргөн жериң жок» дегенинен тиги жигит ыңгайсыз боло түштү. Жигиттин көздөрү ойноктоп, дагы бир жолу кичинекейди карагысы келип, бирок тиги аялдан жазганып, «жакшы жетип алгыла» деп эшикти тарс жаап, басып кетти. Ал аялдама Ош базарына жакын жайгашкан Ленин райондук сотунун алды эле. Алкынган аял барар-баргыча сүйлөнүп барды. Кечкисин Бишкекте уюп калган тыгын башталат эмеспи. Эми Жолдош аргасыздан алардын арманын угуп баратты. Арттагы аял наристени колуна алып, жаш келинди кекеткендей;
- Байкушум десе, сен турмушка чыгып жатканда эле айткам “бул бала жоопкерчиликсиз, эрте турмушка аттанып жатасың” деп. Укпадың да. Же тиги тили менен буудай куруган неме асмандагы айды алып берем десе ишендиң да, каралдым. Ушундайыңда токтот, бул менен өмүрүң өткүчө азап тартып өтөсүң. Азыр жашсың, башка турмуш куруп кетсең болот, — десе мөлтүрөгөн келин:
-Коюңузчу, апа. Болот келет, баламды кантип атасыз чоңойтмок элем- деп көз жашын коё берди.
-Аа-й, бечарам, сен дагы мен тарткан азапты тартат турбайсыңбы, -деп аял тетири карап үшкүрүп алды.
Лев Толстой менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши. Унаалар жылбайт. Жолдош ортоңку күзгүдөн артты бир карады. Салон жымжырт. Ар кимиси өз ою менен. Наристе энесинин колунда бейкапар уктаган бойдон. Бир саамда жашын сүрткөн аял сүйлөнүп кирди. - Ээ, балам, Жараткан мени ушул күнгө жеткирди. Өзүмдүн курсагымдан чыккан баланы каргап, өзүм сотко жетелеп келип, келиним менен ажыраштырып жатам. Мунун атасы дагы ушундай акмак эле. Ушул Болотту боорума кысып, тырышып жүрүп чоңойттум. Эми боор көтөрүп, ишим жүрүшө баштаганда атасы жылтаңдап пайда болуп калат. Бала үчүн баарын кечирип, эми жашай баштаганда же ичкенин койбойт, көрүнгөндү алдап, карызга белчесинен батып келет. Канча карызын жаптым. Аягында үйүмдүн документин сатып салганда, андан биротоло кол үздүм. Сотко берип, экинчи жолоткус кылдым. Болот башка бирөөлөрдөн кагуу жеп, жалтак болуп чоңойбосун деп, турмушка дагы чыккан жокмун. Эми минтип үй-жайлуу болуп, келиндин колунан ысык чай ичип отурам дегенде кылганы бул. Жалгыз бой адамдын тарбиясы ушул болот экен. Ашыкча аяп, милдет артпай жүрүп, жоопкерчиликсиз кылып чоңойтуп койдум. Эми минтип өз баламдын азабын өзүм тартып отурам, -деп кайта шолоктоп ыйлап кирди. Жанындагы келини:
- Апа, ыйлабаңызчы, кан басымыңыз көтөрүлүп кетет, — деп колдорун бекем кысты. Жолдош бул армандуу тагдырдын башаты эмнеден башталганын билгиси келип:
- Эжеке, эмнеге мындай болду, сотсуз эле чечсеңиздер болбойт беле?,-деди.
- Мунун мектепте бир жактырган кызы бар экен, ал дагы өзүндөй кылтыңдаган бирөө болсо керек. Мектепти бүтүп-бүтпөй турмушка чыгып кетиптир. Анан ал шермендеси ажырашып келип, келиним төрөгөн маалда көрүшүп калып, тим эле балалык сүйүүлөрү ойгонуп кеткен имиш. Ошондон кийин жок, же анын үйүн, же дарегин билбейбиз. Ай-күнү келип, келинимди өзүм төрөтканага алып барып төрөтүп, эми наристени көргөндө кичине жүрөгүнө аталык мээрим келет экен деп издеп таап, дасторконду жайып, кошуна-колоң менен күтүп отурабыз. Ана келет жок, мына келет жок. Бир маалда келиним чалганынан, эшикке суумду ала, чуркап чыксам, эч ким жок. Көрсө, тиги өз баласына келбей, жанагысына кетип калыптыр. Неберем мына-мына бирге чыгайын деп калды, бир жолу жалаягын алып берип же аялына ыраазычылыгын билдирип, бир белек кылган жок. Ортодо келин сөзгө аралашты.
- Апа, Азамат отурган колясканы алып берди го.
- Ай кудай а-ай, ушул бала үчүн бир коляска эмне, кызым. Мына, чогуу жашатайын деп бир жыл аркасынан жүрдүм, тайкелерине айтып, катуу дагы сүйлөштүрдүм, ыйлап дагы көрдүм, жалдырап да көрдүм. «болду оңолом» дегенсип үйдө жүрүп калат, анан эле тигиси эсине түшкөндө кетет дагы, жоголот. Башын айландырып, окутуп алганбы дейм. Азыр андайлар көбөйүптүр го. Мына сен таксиде жүрөсүң, билген чоң молдолоруң жокпу?
-Жоок эже… Жолдоштун жүрөгү ооруп чыкты.
-Мына бүгүн сотко алып барып, алимент кестирип келдим. Соттун бүтүмү чыкканда үйдү небереме жазып салам, менин ден-соолугум күндөн-күнгө начарлап жатат. Бир нерсе болуп, өтүп кетсем, үйгө мураскер болуп, ээлик кылып калсын.
Келин көз жашын көрсөтпөй үн катпастан терезени тиктеп отурду. Баткактагы жөө жыландай болуп унаа тыгыны жылар-жылмаксан. Жолдошко таксиде отурган үй-бүлөнүн азыркы абалы баш-аягы көрүнбөгөн ушул жол тыгынына окшоп кетти…