Нуржан Сакиева: Ырлар топтому
ТООЛОРУМ МЕНИ ИЗДЕГЕН
Сулуу кеч! Жылдыз жанганда.
Суу кирип, ташып акканда!
Ай жандап мени көздөгөн..!
Булуттар сырын айтканда.
Буулугуп жаабай кайтканда!
Буурул кеч мени издеген..!
Жамынып айдын ак нурун!
Жашынып, сунуп ак гүлүн
Жаш арча жөнсүз күтпөгөн..!
Чыйырчык сайрап бергенде!
Чыйыр жол улап келгенде!
Тагдырлар баарын түздөгөн..!
Түшүмдө учуп тоо кушу
Түңүлбөй жайлоо конушу!
Түнү-күн мени издеген..!
29 июнь, 2021-жыл.
МЕКЕНИМ
Ак гүлдүн түрү наз эле!
Муңайып турган аз эле!
Ак таңдын сырын түшүнгөн
Ак жамгыр ыры жаш эле…
Сызылып назик ыргагы!
Сыбызгып муза ырлары
Өзгөчө келсе өзөктөн
Өкүнтмөк беле бул дагы..?
Жамгырдан деле ыр тамган!
Тоолорду булут сур чалган!
Акырын туман озунса
Муңкантып үнүн куш салган!
Термелип башын чайкаса
Теребел гүлгө назданган!
Айдың көл менен кездешип,
Асканы булут жазданган!
Алыстан соккон сыдырым
Айланып өтсө адырдан
Көк иңир каптап акырын
Көз кыскан жылдыз асмандан!
Сызылып чыккан мөңгүдөн
Сыр бербей жылжып суулар да,
Уламдан-улам көбөйүп
Уланып кеткен дайрага!
Уйкусу канып кылымдын!
Утурлап доорго таңдана…
Мезгилден карап издеген
Мекеним элден адашпа!?
Мекеним бизден адашпа!!!
17. 06. 2021.
***
Кечирим мен сага келдим!
Кеч күүгүмдө жолдон издеген…
Мээрим издеп-издеп акыры
Мен сени таптым өзүмдөн!
Бирге болом жектесең да
Кала берген көңүлдөрдү чогултуп
Жыйнап жүрөм азыр да
Жамаачылап жүрөктү!
Сагыныч сага да келдим!
Баягы бир балалыктын жытындай!
Жытың барбы? Жөлөйүнчү башымды…
Ай жөлөнүп, нурун чачса жылытпай
Ошол дагы керемет ээ сагыныч
Табихаттын тилин катып өзүнө
Таап ал деп утур карайт алдымдан
Ай каранган түндүн жашыл көлүндө…
Ай таранган тоонун жашыл төрүндө…
Караанымды узатып калган элең…
Таарыныч… Сенден да кеткем!
Кайрылып келесиң не эшик кагып!
Жүрөктү жаралайсың жалгыз калып,
Таарыныч…
Эшикти ачууга дарманым жок
Изиң калган жүрөгүмдө
Арманың комуз чертет муңун кайрып,
А өзүм баягымын кеттим деп келип алып….
Сени менен армандашып….
Кусалык күттүм сени!
Күтпөйм дегем…
Күтүүнүн өзү ошол кусалык деп
Жүрөгүм нечен жолу айтып келген…
Бирок кимди өзүм билбейм….
Өзүмдөн башка эч ким өз боло албайт!
КЕЧИРИМ!
САГЫНЫЧ!
ТААРЫНЫЧ!
КУСАЛЫК!
Бардыгы тең мен ӨЗҮММҮН!
Башкалардан башка бир дүйнө карайт..!
Адамдар өздөрүнө САГЫНЫЧ
Өздөрүнө КУСАЛЫК!
Өздөрүнө ТААРЫНЫЧ
Өздөрүнө КЕЧИРИМ.
Изденип… бардыгын
ӨЗДӨРҮНӨН таап алат!
Бир адамдын жүрөгүндө
Ушулар бирге жашайт…
Анан да ынтымактуу,
УРУШУШПАЙТ!..