Мураталы Турдубаев: КОМУЗ

(Аңгеме)

Ызгаардуу кыштын суук күнү мектептен күүгүм талаш үйгө кирип келдим. Үйгө киргенде эле бака -шака күлкү, тамеки жыттанган ачуу из мурунду өрдөдү. Атамдын жарма достору дагы арак ичип алагүү болуп отурганын билдим. Апам меште тамак жасап атыптыр, колунда алты айлык иним тамак жасатпай, колдон түшпөй жатыптыр. Мени көрө коюп сүйүнүп кетти.
-Ий ырас келбедиңби бөбөгүңдү ала турчу, тамак жасатпай койду. Ачка болуп үшүп келдиңби? Кибиреген секетиң кетейин, кел чечин. Камтууга келбей калган колум менен жонуман сумкамды алалбай жатсам, апам ийинимден алып, бетимен өөп койду. Эненин мээрими тоңгон музду да эритет белем. Заматта чечинип апама кол кабыш кылып жибердим. Аңгыча ички үйдөн: — Э, Такиш — деген атамдын корулдаган катуу үнү чыкты. Апам укмаксан болуп өңү суз, от менен алек болуп жатты.
Бир маалда атам төркү үйдөн алагүү болуп чыкты, көзүнүн асты шишик тартып урушкан короздордой чачтары үрпөйүп кебетеси бир шумдук. Атам удаа- удаа ичкенде ушинтип кебетеси кетип анан арагын токтотчу. Ашып кетсе бир жума же эки үч күн чыдачу. Келген кишилерге: «Мен ичпей калдым, карачы кандай оңолдум» деп мактанчу.
Өзү бир мекемеде башкы бухгалтер болуп иштечү. Жумушуна убагында барып, үйгө эрте келип өзү айткандай, оңолуп калчу.
-Кээде мас болгондо айткан кирешелүү бай мекеме деген сөзү эсимде. Кейпи өз ишин мыкты билсе керек. Үйдөн киши аягы үзүлчү эмес. Каке какелеп эле мактап жатып калчу келгендер.
-Кулагың керең болуп калдыбы, чакырса эмне укпайсың?
Дагы чыр башталды дедим ичимден. Мындай отуруштун аягы бирин бири кубалашуу менен бүтчү эле.
Жаш жүрөгүм мындай уруш жаңжалдан жалкып далай мыжылган. Апамды аячумун, атам мас болгон күнү карышкырдан корккон коендой бүжүрөп калчу. Мен бөбөгүмдү кучактаган боюнча бурчка туруп калдым.
-Тамак жасап жатпайымбы, ойноп жатамбы?деди апам сабырдуу, токтоо үн менен жооп берип.
-Ай, сени тигилер киши экен деп комуз чертип ырдап берсе деп чакырып жатышат!!
Каалгасы ачылып калган төркү үйдөн мастардын бири- бирине сөз бербей кыжы- кужусу угулуп жатты.
-Ырдабайм, колумда жаш бала ыйлап турса, суук бул болсо же отун жарып бербейсиң. Апамдын нурлуу жүзү өчүп көзүнө жаш алды. Эски алжапкыч менен аарчынып оттун оозуна отуруп алды.
-Оой энеңди… эми мен отун жарайынбы ыя. Баарын таап келип жатсам ырысыңды көтөрө албай бышактайсың да. Белен окатты бышыра албай өлдүңбү?! «Ырдап берип койчу» деп койсо бааланат. Атамдын кыялы чукул, бат эле чарт чурт дей түшчү. Төркү үйгө кирип барып комузду көтөрүп келди. Урушту сезип калыштыбы артынан мас достору кошо чыгышты.
-Энеңди урайын бааланат, сени экинчи комуз черткис кылайын… ортодон бирөөсү: «Ой-ой, каке каке комузда эмне күнөө» дегиче болбой тизесине салып эки бөлүп кылдарын салбыраткан боюнча отко ыргытты. Кайран гана комуз, отко чартылдап күйүп заматта жок болду.
Ошондогу отто күйүп, бүрүшүп бара жаткан өрүк комуз азыр да көз алдыма тартылып, эмдигиче ичим ачышат. Комузга ичим күйүп, апама кошулуп эки күн ыйлаганым эсимде. Андан кийин апам такыр ырдабай калды. Мурун комуздун коштоосу менен өзү чертип өзү ырдаганда карагаттай көздөрү жайнап, мукам үнү далай угармандардын сезимин козгоп жүрөгүн жаралачу.

Апам атамды сүйчү эмес, анткени ала качып алыптыр. Ошол кезде оозго алынган ырчы болуп элге таанылып, комузду кубулжута черткен чачы согончонуна жетип турган мойну узун ак жумаал сулуу кыз экен. Атаң апаңдын бактысын байлады дешчү көргөн билгендер.

Ошол каргашалуу күндөн бат эле жыл айланбай атамдын иштеген мекемесинен көп суммада акча жетпей калып түрмөгө кесилип кетти. Ошол жактан сөөгүн алып келгени эсимде. Апам алты баланы багып чоңойтом жүрүп айыккыс дартка чалдыкты. Кийин мен үйлөнүп жайланып иштеп калган элем. Биринчи маянам деп атайын өзүнүкүнө окшобосо да ош базарадагы дүкөндөрдүн биринен комуз сатып алып ооруканага алып бардым. Апам комузду колго кармалап күүгө келтирип мага ыраазычылыгын билдирип, комузду карап отурду. Бирок эч нерсе айта алган жок.
Ошондогу отко күйүп кеткен комуз менен жаштыгы, таланты, жашоосу, ички дүйнөсү кошо күйүп кеткенин эстеп артта калган кайгылуу азаптуу тагдырын ойлоп жашыды. Мен да апамдын жанында күйүп жаткан комузду эстеп үн катпай көпкө отурдук.

Акырында: -Балам комузду үйгө алып барып баякы комуздун ордуна илип койчу. «Айыгып чыксам чертермин» — деди.
-Апа сиз сөзсүз чертесиз. Биз эми чоңойдук киши болдук. Сизди кайра ырдатып, комузуңузду күүгө келтиребиз! Көрөсүз!
-Аа балам, эми кайдан, көкүрөктө добушум ошондогу сен көргөн комуз менен кошо кеткен. Эми силер аман болуп, бактылуу болгула. Силердин жүрөгүңөр жараланып, силердин добушуңар өчпөсүн. Атаң экөөбүздү кечиргиле, деп көзүнүн жашын көрсөтпөй ары карап кетти.
Комузду мурунку өрүк комуздун ордуна илдим, бирок мурдагы күйүп кеткен комузга окшободу. Апам ошондон көп узабай катуу оорудан каза болуп, комуз күүгө келип чертилбей калды.