Бейшенбай Усубалиев: Карышкырлар…

                                                    (Аңгеме)

Ала-Тоо көрккө келбейт,     
Эл болбосо.

(Барпы)

                             Көңүлүбүз көп нерседен иренжип,

                                Биз жашоого жөн-жай карап калдыкпы.      

                                                                        (Сооронбай Жусуев)                  

1

  Курманбек экөөбүз капысынан жолугушуп калдык. Ал негедир сүйүнүп кетти:

— Ой, ырас болбодубу, Баке, сага атайы жолугайын деп жүрдүм эле. Жүрүчү, тиги отургучка көчүк басалы. Кийинчерээк бут эле…

Отурдук. Курманбек кичине ойлоно калды да:

— Эмнени айтайын дедим эле, — деди мага суроолуу карап. Мен жылмайып, ийнимди куушурдум. – Ии, баса, сенин баягы «Түркүгүңдү» кайрадан окуп чыкпадымбы. Жаш кезде көп деле элес ала бербейт турбайбызбы, «Түркүгүңдө» жүрөккө тийчү нерселер көп экен. Апам таптакыр ыйлабайт болуш керек деп ойлочумун деп жатпайсыңбы сен, мен да ушинтип ойлочумун , деги эле балдардын баары эле ушинтип ойлошсо керек. Көрсө… — Ойго чөгө, үндөбөй калды. – Өзгөчө башкы каарманың Абылдын бала кезинде өзү эң ыйык туткан Түркүктү унутуп баратканы не деген шумдук! Анан да бир кезде бир төшөктө кучакташып жатышкан, бир күн көрүшпөй калышса, бир-бирине куса болушкан бир туугандар эми минтип эр жетишкенде өбүшмөк турсун, кучакташышкандан да тартынып калышса…-Селт эте. – Коё турсаңар, биз деле ушундайбыз да, бир туугандарымды айтам… Кучакташып, жытташканды мындай эле кой, куду чоочун кишилердейбиз. Бири бирибизден жатыркап калгансып… Өзгөчө жанагы Сайрашты!.. – Колду бир шилтеп алды да, мага суроолуу – Эмне үчүн ыя?!

Мен үнсүз баш чайкадым: «Мага атайы жолугуп айтары ушул беле?» Ал бир аз ойлонуп турду да, менин оюмду туйгандай:

— Баса, мен сага атайы бир жолуксам деп жүрбөдүм дебедим беле, — деди жылмая. – Мен сага бир окуяны айтып берейин. Жазсаң – жазарсың, жазбасаң – өзүң бил. Бирок жазасың эле го… А мен болсо айтпасам эле, ичтеги буктан жарылып кетчүдөй болуп… Анын үстүнө ага кийин акыркы жолу жолукканым эсиме түшкөн сайын…

Мени күнөөлүүдөй карап калды.

         “Кимге жолукканын айтып жатат?”

2

  — Өзүң билесиң, — деди аңгыча, Курманбек оюмду бузуп. – Мен окуумду бүтөрүм менен эле аспирантурага өтпөдүм беле. Анан эртең өлүп калчудай болуп, өлгүдөй иштей баштадым. Темам бекири менен, илимий адабияттарын да окууга кириштим, материалдарды чогулттум, мунум аз келгенсип, көп өтпөй макалаларды да жаза баштабадымбы. Ушинтип дердеңдеп жүргөнүмдө бир кызыктай абалга туш болдум. Бул абалымды эч кимге айтпадым, а түгүл билдирбөөгө жанталаштым. Мына, жазып жатам дейин, мында эчтеке билинбейт, тескеринче, улам жаңы ойлор келип, мени тим эле көкөлөтө алга сүрөйт. «Азаматсың, дагы тереңдетип каза бер!» — дегенсийт. Үстөлдөн башымды көтөрүп, тура калсам эле, көңүлүм айный баштайт. Башым чыңалып, эңги-деңги болуп кетем. Отура калып жазып кирсем, ың-жың, эчтеке болбогонсуйт. Тургандан да корко баштадым. Ушинтип жүргөн күндөрдүн биринде уктап жатсам керек, жүрөгүм бир булкуп алгансыды. Чочуп кеттим. Бир добуш чыккансыйт: дүк-дүк-дүк. Ишенесиңби, жүрөгүм экен, жамынган төшөгүмдү желпип жатыптыр. Көңүлүм айнып, көзүм караңгылай түштү. Ордумдан турдум. Теңселем. Оозгу үйдө жанагы карындашым жаткан. Дубалды сүйөнүп, эптеп эшикке чыктым. Чыксам – короо караңгы, теңселе көчөгө чыктым, ал да – караңгы. Чын эле караңгыбы – айрып болбойт, көзүм тунарып эчтеке көрүнбөйт. Башым чыңалат, кичине эле кыймылдасам жарылып кетчүдөй. Чыдай албай, отура калдым. Шылдыраган үн угулгансыйт. Ошондо билдим, жол четиндеги кичине арыктын жанында отурганымды. Башымды мыкчып кыйлага отуруп калдым окшойт. Суунун шылдыраганы дем бергенсийт. Бир мезгилде башымда ой пайда боло калды,  ошондо бир катуу селт эттим. Шыдыр эле айылда апамдын колундагы уулум эсиме шак этти. Уулумду көрбөй каламбы деп ойлоп титиредим, көз алдыма анын үйгө унутуп калтырып кеткен батинкеси тартылды, анан быйтыйган буттары. Ушуларды көрбөй… — Үнү каргылдана түштү да, кыжына. – Кээ бирөөлөр айтып калышат го чоёктошуп, мен өлүмдөн коркпойм деп. Атасынын башы!.. Жашоо ушунчалык таттуу, кымбат көрүнүп кетет экен, жерди бекем кучактап алып, тим эле озондоп өпкүлөгүң келет. Урдум диссертациясын! Экинчи карасам!.. деп карганып жатам. Аңгыча кажы-кужу угулуп, көчөгө жан кире баштады. Буга удаа башымдын чыңалганы жангансып, кичине жеңилдей түшкөнсүдүм. Акырын үйгө кирсем, карындашым, – жанагы Сайрашчы — ошол, бейкапар уктап жатат. Аны суктана карап койдум да, адам дегениң ит эле экен, кайрадан баягы «урдум!» деп каргап жаткан диссертацияма отурбадымбы. Калемимдин шилтенгенин жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү коштоп жаткансыйт. Шилтебей калсам эле, дүкүлдөк менен кошо жүрөгүм да токтоп калчудай… Көп өтпөй баарын унутуп диссертация дүйнөсүнө чөгүп кеткенсидим. Эртеси аяшың, аялымды айтып жатам, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнүн угары менен, ач кыйкырыкты салды: «Мына, бир да жолу ооруй элекмин деп жүрүп!..» Ай-буйга келбей эле ооруканага алып жөнөдү. Ээрчишип баратабыз, ал адатынча тиги сөздөрүн сайрап баратат, а мен болсо ишимди бүтөрүмө аз эле калганда… деп эңги-деңги абалда баратам. Мени толмочунан келген, адамды мыйыгынан жылмая караган сары орус аял кабыл алды. Сурап да жатты, жазып да жатты. Шыпылдатат тим эле. «Диссертация ушинтип жазылып калса!..» — деп анын колунун кыймылына суктана карап мен отурам. Акыры башын көтөрдү да:

— Мына булардан анализ тапшырып келиңиз — деп, бир тутам кагазды колума карматты да, эми кете берсең болот дегендей, жагымсыз жылмайып койду.

Эми жүрөгүм үйгө келгендердин эрмегине айланды. Ким келбесин, аялым аны жетелеп келет да, жүрөгүнө колуңду коюп көрсөң…дейт шыдыр эле. Тиги түшүнүп-түшүнбөй коёт да, аялыма суроолуу элээт.

— Жок, сен жакшылап коюп көрсөң, кандай согуп жатат?

Тиги кеп төркүнүн эми түшүнүп:

— Дүкүлдөйт тим эле… Трактириң биякта калсын!

— Көрдүңбү!.. – Аяшың кимдир бирөөгө кыжырдангандай кыжынып коёт.

— Мен бөлөк эле жатайынчы, -деди аяшың сурангандай доктурдан келген күнү эле.

— Эмнеге?

— Жүрөгүңдүн дүкүлдөгүнөн коркуп жатам.

— Мейли…

Эми ойлосом, ал мени өлүп калат экен деп коркпоптур, болгону жүрөгүмдүн дүкүлдөгүнөн корккон экен да!.. Көрдүңбү аялдарды!.. Баарынан да жанагы Сайрашты айтпайсыңбы, ой, мен аны мойнума көтөрүп жүрүп чоңойтподум беле!.. Ошол карачечекей карындашым аялыма айтыптыр: «Курманбек байкемде уят деле жок экен деп ойлоп калгам. Сиз жокто акырын жылып чыгып, башка аялдарга кете берет тура. Көрсө…» Көрдүңбү, бу аялдарда мээ деле жок, шыдыр эле жамандыкты ойлошот… Баарын көрүп-билип жатыптыр, «сизге эмне болду, тамды таянып басып» деп сурап койбойбу жок дегенде. – Үнү каргылдана, титирей. – Ой, ошондо өлүп калсам эмне болмок ыя?!. – Башын чайкап, кыйлага үндөбөй калды. – Эки-үч күн өтпөй бардым баягы сары аялга. Ал баягыдай эле мыйыгынан жылмая тосуп алды. Денем бир муздай түштү. Кайрадан сурай баштады.

— Мен бая күнү эле айтып бербедим беле.

— Бүгүн да айтып беришиңиз керек!..

Айтып бердим. Алдындагы анализдеримди аңтара-теңтере карап чыкты да:

— Сизде эч бир дарт жок!.. – деди, мени жымыя карап.

— Кандайча?!.

— Мына, анализдериң таптаза…

-Кандайча таптаза! Мына, жүрөгүмдү карабайсызбы, азыр да көйнөгүмдү желип жатат.

— Сиз биринчи өзүңүздү караңызчы, кандай арыксыз. Арык болгондон кийин жүрөктүн соккону…

— Түшүмчү? Жаман, коркунучтуу түштөрдү көрө баштадым деп айтып жатпаймынбы!..

— Жаман нерселерди ойлой берсеңиз, жаман, коркунучтуу түштөр кирет да. Дагы жакшы, азырынча жаман түштөрдү көрөт экенсиз, эгер мындан ары да жамандыкты гана ойлой берсеңиз, эчтеке көрбөй каласыз. Мына ошол…

Ушинтип айта баштаганда эле, ай-буйга келбей, алдында жаткан анализдеримди топтоштура уучтай кармадым да, эшикке атып чыктым.

— Эмне болду?!. – деди аялым, үйгө кирерим менен алаңдап.

— Эчтеке!.. Экинчи доктуруңа барбайм. Урдум!..

— Эмнеге?!.

— Ошого… Таптазасың дейт.

Аялым ооз ача албай, шалдайып отуруп калды. Бирок эртеси эле ыйлактап жатып, кайра доктурга алып жөнөдү. Баратабыз. Үндөбөйбүз. Сүйлөшкөндөн корккондойбуз. Мен мурда анча элес албаптырмын. Оорумду шыдыр эле таба коёт деп ойлогом, анча деле корккон эмесмин. Эми чындап корко баштадым: «Эгер таптаза болсом, эмнеге жүрөгүм дүкүлдөп, башым өзүмдүкү эмес, башка бирөөнүн башындай туюлуп жатат?» Жолдо ката ушул сыяктуу ойлор чууруп жатты. Кудай жалгап, бул жолу кара торусунан келген, адамды мээримдүү караган, жароокер жана назик кыргыз келинге туш келип калдым. Менин дартымды көңүл коюп укту, анализдеримди да өтө дыкат карап чыкты.

— Чын эле, сиздин жүрөгүңүз таптаза экен, — деди күлүмсүрөй ыӊгайсыздана. – Мен ушуга чейин мындай… Сиздикиндей ооруну учуратып көрбөптүрмүн. – Ойлуу туруп калды да. – Эртең,-деди сүйүнө, — бизге бир илимпоз врач келет, консультацияга. Жаш болсо да, кыйын врач – Мирахимовдун аспиранты. Ошол кишиге кайрылбайсызбы, мен жазып коёюн…

Мен башымды ийкегилеп жибердим. Жолдо баратып бир кызыктай абалга тушуктум. Ооруга көнө, а түгүл ага ынак боло түшкөн окшойм. Дартымдын дайны табылбай жатканы бушайман кылды дечи, бирок эми дайыны табылып, таптаза эле айыгып кетсем, өзүмдү ээн талаада жапжалгыз калчудай сезип кеттим. Кызык…

                                           3

Ошентип, эртеси болжогон убактысында жетип бардым. Эч ким жок экен, мени шыдыр эле кабыл алды.

Жашы кырктарга чукулдап калган, көздөрү күлмүңдөгөн, жүргөн-турганы шайдоот, сымбаттуу жигит. Аппак халаты өзүнө куп жарашып турат. Негедир ичим жылый түштү.

— Кана, баатыр, айта бер, -деди.

Мен улам-улам кайталап жатып жат болуп калган «жомогумду» баштан-аяк айтып кирдим. Ушунчалык кунт коюп укту. Сөзүмдү бир да жолу бөлгөн жок. Айтып бүткөн соң тургузуп да, жаткырып да, каккылап да көрдү, айтор денемдин бир да мүчөсүн кур калтырган жок окшойт. Акыры анализдеримди бирден алып карап чыкты да, ойлонуп калды. Мен түңүлө баштадым: «Мунусу да таппай калды көрүнөт!..» Аңгыча:

— Сени азыр эмне кыйнап жатат? – деди жагымдуу.

— Жүрөгүм… Тим эле сыртка чыга каччудай согуп жатат дикилдеп… Карагандан коркосуң…

— Чыга каччудай болгондо кандай? Жүрөгүң мыкчылабы, ооруганы сезилеби?

— Жок. Жатканда төшөгүмдү желпилдетет…

— Жүрөгүндө эч кандай дарт жок.

Ындыным өчө түштү:

— Анда эмне ?

— Аялдарга барасыңбы?

— Кайсы?

— Өзүңдүн келинчегиңден башка аялдаргачы…

— Жок!

— Эмне, жарабайсыңбы?

-Билбейм.

Башын чайкап күлдү да:

— Сеники, баатыр, — деди олуттуу. – Жүрөктө эмес. Жүрөгүң сонун эле. Ошол сонун болгону үчүн тирүү басып жүрөсүң да. Болбосо… — Башын чайкап койду. – Сеникин орусча переутомление деп коёт. Нерв чарчаган. Кыргызча айтканда, жинигип калгансың.

— Жинигип?

— Ат чабышты көрдүң беле?

Башымды ийкегилеп ийдим.

       — Ошол… Ошондо кээ бир күлүктөр жинигип, марага жетип-жетпей сүрдүгө жыгылат го, оозунан ак көбүк атып… Ошол… — Ойлонуп турду да. – Кой, сени мен өзүмө алайын. — Тамашалай күлдү. — Келечекте элге, анын ичинде мага да, керегиң тийчү жигит экенсиң. Эки палатам бар, бир орун бошоду эле, эртең кел.

        Оорумдун дайыны табылды дегенсип, доктурдан көңүлдүү чыктым. Бирок көп өтпөй эле чайнала баштадым. Өзгөчө оозунан көбүк чача, сүрдүгө жыгылган күлүктүн элеси көз алдыма кадимкидей тартыла калып, жанатан бери бир жолу билинбей келаткан жүрөгүмдү дикилдете соктура баштады. Анан доктурдун суроосу өтө сырдуу туюлду: “Аялдарга барасыңбы?” Аялдар менен жүрөгүмдүн дүкүлдөгөндүгүндө кандай байланыш бар деп беймаза болдум.  

       Ушул жерге келгенде, чочугансып селт эте мага кайрылып калды:

        — Чын эле, Баке, экөөнүн ортосунда кандай байланыш бар?

        — Мен кайдан билем!.. Доктур айттыбы, демек, бирдеме бар да.

        — Мен да ушинтип ойлоп калдым…

        Кебин бүттү деген кыязда мен ордуман козголо баштадым. Курманбек секирип кетти:

      — Ой, кеткени жатасыңбы?! Кичине чыдай тур. Кызыктын баары быякта. Мына, жетейин деп калдым, жеттим десем да болот.

    — Анан жана эле ошол кызыгыңдан баштабайсыңбы чубалжытпай!..

    — Кантип?..Ой, баары тең чырмалышып, жуурулушуп, бир бүтүн нерсеге айланып кеткен да. Анан кантип… Мен ошол бүтүндү бүкүлү бойдон айтып, бербесем бугум… Алаканын жая. – Сен жаза турган болсоң, керектүүсүн ал да, керексиздерин сызып ташта да…

    Сага даба жок экен да дегендей, мен башымды ийкелемиш этип, тим болдум.

    — Ойлоп калдым дедим ээ… Ойлонгондо эмне. Ойлоп эмнени кыйратмак элем анда, эртеси эле жетип бардым. Оо, чын эле менин доктурумдун кадыр-баркы ашып-ташып турган учуру экен, комиссияларга кимден келгенин айтканда эле: “бара бериңиз 306-палатага”-дешип чуулдап жиберишти. “Аа, баатыр, келдиңби,-деди доктурум жадырай күлүп, — эми мындай. Менин палаталарымдагылардын баары эле гастрит, холецитит, айтор “иттер!” Сен аларга гастритмин деп кой, бул өзү модалуу оору го, муну менен оорубаган кишилер чанда-чанда гана. Бирок оорубасам деле дарылай берет турбайбы деп эч бир сарсанаа болбо, мен жакшылап, текшерип, анык-бышыгына жетип туруп… – Колун шилтей кетти. – Ылайым, муну менен деле оорубай эле кой… Мен азыркы дартыңа карай гана дары-дармекти, ийнени назначить этем. Сенин эң негизги дарың – бул тынчтык, эч нерсени ойлонбой, нервди эс алдыруу керек. Бул узакка созулат… Эмне үрпөйө түштүң, мен ошол узакты кыскартайын деп жатам. Мында башкы дарыгер өзүңсүң, өзүң кыймылдабасаң биздики жөн эле убаракерчилик болуп калат. Ар кайсыны ойлоп, көңүлүңдү чөгөрө бербе. Диссертация эмне, бүгүн болбосо, эртең бүтөт, анын үстүнө айтканыңа караганда, бүтүрүп да койгон окшойсуң. Эми кичине эс алышың, нервиңди аяшың керек. Бул сөзүн аяшыңа да айтыптыр: “Бакайдын көңүлүн оорутпагыла… Бүттү – анын дарысы ушул”. Эчтеке түшүнгөнүм жок дейт, көңүлүн оорутпагандан эле так секирип жүгүрүп кетсе, анда жарасы жеңил эле экен деп ойлоп калдым дейт. “Атаңдын башы!” – дедим ичимден. Ошентип, 306-палатага кирип бардым. Далдайган чоң бөлмө экен. Он чакты керебет турат. Мени таң калтырган нерсе -ушул керебеттер болду, бала болуп башыма жүн чыкканы мындай балакетти көрбөптүрмүн. Бийиктигин айтам, менин кекиртегимден келет. Араң чыгасың. Жууркан-төшөгүңдү салынып жатсаң да, көз алдыңа темир эле элестеле берет экен. Дагы бир таңданганым жаткандардын баары мен курдуу эле жаштар экен. Бат эле таанышып кеттик, төгөрөктүн төрт бурчунан келишиптир. Кире бериштин сол жагында жаткан киши гана бизден улуураак экен. “Кара-Кулжадан келдим, элүү бешке чыктым, мурда сексен кило элем, азыр минтип отуз тогузга түшүп калдым…” — деди шимиле баштаган жаагын сылай. Ал мага ооруганына эмес, арыктап калганына бейпайга түшүп жаткандай сезилди. Анан эле жаңы таанышып жатышкандай ар кимиси өз дартын айтып, кызуу талкууга өтүп кетишкендей болду. Ошондо тиги киши токтоткула дегендей колун бир силкип алды да:

    — Бириңде да оору жок! – деди кескин. – Деги эле оору дегендин өзү жок нерсе!.. Бир гана нерсе бар, ал…  – Үндөбөй туруп калды.

     Муну көп угуп жатып, жедеп бышы кулак болуп калганбы, бери жакта жаткан тогуз-торолук үйлөнө элек бала:

    -Ал деген – нерв!.. – деди шаңдуу.

    Беркилер күлүп калышты.

    Мен селт эте, кадимкидей чочуп кеттим.

   -Ай, чычым! Азыр чамгарактап жатасыңбы, көрөм катын алганыңда.

Катын деген күндө шудуңдап барып жүргөн жанагы сенин медсестраларың эмес!.. – Бир азга тынып алды да, ызалана. – Мен канча жыл кой ферма болуп иштедим, ар жыл сайын тигил же бул койчунун койлору эмне үчүн жүзүнөн жүздөн төл бербейт деп жүрүп, эмне, баары эле жалкы тууйбу деп жүрүп, ушинтип нервимди жеп жүрүп, акыры минтип отуз тогуз кило болуп!.. Бул аз келгенсип, бир жагынан катының сайрап… -Үнү кардыга сүйлөй албай калды. Төшөгүн жамынды да, ары карап кетти.

      Эч кимибиз үндөй албадык, бири-бирибизди суроолуу тиктеп, туруп калдык. Жүрөгүм дүкүлдөп сого баштады. Өзүмдү алаксытуу айласын кылып, терезелерден көчөдөгүлөрдү кароого кириштим.

    -Бирдеме болсо эле нерв!.. – Тогуз-торолук бала негедир ызалана баштады. – Же нервиң кой кайтарбаса, же уйга чөп салбаса, баарын өзүң жасайсың да! Анан нерв деп!..

    Колун шилтеди да, эшикке чыгып кетти.

    Кой ферма ордунан козголуп, отура калды да, башын өчү бардай чайкап-чайкап алып, кайра жата кетти. Ушул маалда шыпылдай басып, доктур кирип келди. Адатынча: “Кандайсыңар, баарыңар жакшысыңарбы?” – деди да, күндөгүдөй эле кой фермага бурулду. Доктур эмнегедир ушул кишиге өзгөчө көңүл бурат:

    -Абалыңыз кандай?.. Канча килограмм арыктадым дедиң эле?

    Дайыма ушинтет, унутуп калабы – билбейм, күн сайын эле ушинтип сурай берет. Тиги болсо мурда айткандарын улам кызуулана кайталап кирет. Доктур ушунчалык кунт коюп угат да:

    — Этиңизди өзүңүз эле шылып түшкөн турбайсызбы, жарыктык, — дейт күлүп. – Чөкпөңүз, буюрса, сексенге да жеткиребиз. – Бизге олуттуу кайрылат: -Тамеки тарткандар, суранбай басып кеткендер жокпу?

    Биз жабыла баш чайкайбыз.

   — Тартип бузсаңар… – Эшикти көздөй колун шилтеп коёт.

   — Эки жыл мурун бир жигит бул эле автовокзалга барып келе коём деп, аке-жекелеп жалбарганынан уруксат бере койсом… жолдо машине уруп мүрт кетиптир. Анан көрүп ал, мени жеп коё ташташты: бир жагынан бу жердеги чоңдорум, бир жагынан тууган-туушкандары. Суранбай жылт коюптур, — деп жатып араң кутулгам. – Көрдүнөрбү дегендей, башын ийкеп-ийкеп алат да, мага кайрылат.

     — Ал-абал кандай, баатыр?

    — Жакшы эле… – Жүрөгүмдү колум менен бекем басып алган болом. Бирөө угуп коёбу дегенсип, акырын шыбырайм. – Буларга сайган ийнени мага да сайып жатышат окшойт.

    — Ой, сен ошол ийне алганы жаткансың да. Эч коркпо, ал ийне эмес, витамин. Аны баарына сайыш керек!

    Ушинтет да, шарт чыгып кетет. Жүрөгүмдү баскан бойдон мен кала берем.

— Кыйын доктур! – Арабыздан бирөө суктангандай шаңк этет. – Баягында  бирөөнүн тамеки чеккенин жытынан эле билип калып, аны канчалык кыйналып турганына карабай кубалап чыккан!..

                                                       4

      Билинбей эле бири-бирине опокшош беш-алты күн өтүп кетиптир. Кызык, эми өзүм көнө түштүм, а түгүл өзүмдү кадимкидей оорулуу сезе баштадым. Көргөнү келишкендердин баары эле кандайлап кайталап сурашып, кандайдыр бир башкача мамиле кылышкансыйт. Бул болсо өзүмдү оорулуу сезүүгө ого бетер түрткү болгонсуйт. Баса, кадыр-баркым да артып бараткансыйт. Мени жипкирткен бир гана нерсе – муздаткыч. Көргөнү келгендер: “Ой, бул оорукана эмес эле, курорт турбайбы. Карачы, дааратканасы да ичинде, муздаткычы да ичинде. Бир өгүздүн эти батат го, ыя, буга?” – деп оюн — чындап суктанып кетишет. Ушул бир өгүздүн эти батчудай болгон муздаткычты ачып көрчү, тапур-тупурдан кулагың туна түшөт. Биринчи жолу ача салганда эле жүрөгүм оозума тыгылган. Мындай ырайы суук жандыкты биринчи көрүшүм. Тапа-тупа боло түштү да, көздөн кайым болушту. Каякка житип кеткенин билбей, эшигин ачкан бойдон туруп калыптырмын. Муну байкаган кой ферма:

    — Биринчи көрүшүңбү? — деди жылмая.

    — Ооба.

    — Аларды таракандар дейт экен. Кекене. – Ууну тонналап чачсаң да өлбөйт экен  буларың. Көп болсо бир жума жоголот да, анан кайра эле жайнап чыга келет. Бир орус жатып кетсе эле бүттү, ошолордун жытына келеби дейм. – Алаканын жая. – Айла жок, эмне кылабыз, таракандардан арткандарын жеп жата бермей да… Кай жерде орус болсо, ошол жерде таракандар…

    — А кыргыз болгон жердечи? – Тогуз-торолук бала шаңк этти, сөздү бөлүп.

    — Кыргыз болгон жердеби?.. Кыргыз болгон жерде сендей койлор болот, чычым!

    — Кой фермасычы?

  Кой ферма жооп таба албай, кыйлага мукактанып калды да:

  — Тилиң уу ээ!.. деди башын чайкай. – Эстүү аялга жолуксаң экен, болбосо… – Сөзүнүн аягына чыкпады да, башын чайкаган бойдон ары карап кетти.

    “Таракандардан арткандарын…”  дегенде эле көңүлүм айнып, бир жипкирип алгам. Ошондон бери муздаткычка жолобойм, ачкым, а түгүл эстегим да келбейт. Дарттын кесепетиненби, кой ферма сөздү көп көтөрө алчу эмес. Өзгөчө тогуз-торолук “чычымдын” айткандарын. Аны бир каарып алгандан кийин, эс ала түшкөнсүп, жаздыгына кыңкая кетчү. Бирок канчалык каарыбасын, ал “чычымды” ичинен аяп, жөн гана эркелетип жаткандай туюла берчү. Бул палатада экөө гана кайым айтыша кетер эле. Калгандарыбыз кээде гана ооз учунан сүйлөшкөнүбүз болбосо, өзүбүз менен өзүбүз элек. Анализдерди тапшырабыз деп ары-бери жүгүрүп жүргөнүбүздө билинчү эмес экен, булардын баарын бүткөндөн кийин, ийне алмай, дары ичмей, тамакка бармай калды. Анан сулк жатмай. Өңгөлөрдү билбейм, мен зериге баштадым. Оорукананын шартына көнгөнүң менен, баары бир акыры тажай баштайт окшойсуң.

                                                          5

     Ушундай күндөрдүн биринде түшкө чукул палатабызга эркек менен аял ээрчишип кирип калышты. Кирери менен эле бизге негедир сырдуу туюлду. Узун бойлуу, көзү курч, жашы жетимиштерге таяп калса да сынынан жазбаган эркек баарыбызды бир сыйра үңүлө карап чыкканга үлгүргөнсүдү. Ушул тигиле карашында кандайдыр бир купуя сыр жаткандай. Анын сары чийкил өңү, үңүлө карашы, үнүнүн доошу мага эмнегедир жылуу учурады. Эки бети топтошо жылган эки аппак булутту элестеткен толмоч аял бул эркек менен коошпой тургансыйт. Аялыбы десең да, кызыбы десең да коошпогонсуйт.

      — Аа… Менин ордум бул көрүнөт,- деди эркек бош керебетке колун жаңсай. — Кой, жайгаша берейин, доктурум келгенче… келген күндө деле…

    Бул сөздү угары менен, аял билем дегендей бир жылмайып алды да, алып келгендерин ордуларына коё баштады. Эркек үндөбөстөн, көз кырын салып турду. Аялдын илбериңки, назик кыймылына суктанып тургандай. Тамак-ашы көп экен. Аял аларды муздаткычка койгону эшигин ачты да:

    — Ой!.. деп бир чочуп алып, эркекти суроолуу карап калды.

    — Баягылар бекен, коё бер… Үстүн жакшылап жаап кой…

    — Таракандарды айтып жатасызбы? -деди кой ферма, башын шак көтөрүп.

     Тогуз-торолук бүлкүлдөп күлө баштады.

    Эркек үндөбөстөн башын ийкегиледи, аял баягындай эле назик жылмайып койду.

— Куданыкына качан баралык?

— Калыбай куданыкынабы?

— Анан кимдикине?.. – Аял жылмайды.

— Белинский 47 беле?

— 45! — дедим мен чочугандай шашыла.

 Экөө тең мага суроолуу карап калышты.

— 45, — дедим кайрадан. – Ал киши менен мен чогуу иштейм. – Бир аз тынып алдым да. –Мен сизди да тааныйм.

— Мениби? Кайдан?..

— Мен да Он-Арча айылынан болом. Сиз Кадырмамбет…

— Ыя де!..

Мени толук сүйлөтпөдү.

— Кимдин баласысың?

— Шаршенин.

— Оо… Мурдуңду урайын десе, атанын уулу турбайсыңбы! Шакем де, Шаке… Он-Арчадан эң ынак кишим эле…Жылмая. — Экөөбүз акыркы ирет бир пенсияга байланыштуу жолугушсак керек эле. Андан кийин… – Үндөбөй, ойго чөккөнсүп калды.

    Мен атам жөнүндө жылуу сөз укканга кадимкидей сүйүндүм. Пенсия деп жылуу жылмайганын да түшүндүм. Мен да жылмайдым. Атам экөөбүздү дүрбөлөңгө түшүргөн ошол окуя көз алдыман чубап өткөнсүдү. Анда атам почточу эле, айылга гезит таратышы керек эле. Бирок көбүнчө бул ишти мен аткарчумун. Атам кээде-кээде гана чыкчу. Ай сайын бир жолу гезит менен кошо карчарба (пенсия) да таратар элек. Бир жолу атам пенсия кагаздарын (карточка) карап жатып секирип кетти:

    — Жинди болгонбу бу өкмөт, өлгөн кишиге да карчарба чыгарчу беле?..

    — Кайсы өлгөн киши?

    — Өйдөкү айылдагы жалгыз бой энеңе. НКВДда(КГБ) иштейт го уулу, ошого… Коё турчу, мен акмалап билип келейин… – Чабдарын минип жөнөп кеткен атам көп өтпөй эле кирип келди: “Топо салгандай болдум эле дейм да, а түгүл НКВДнын өзүнө да жолукпадым беле. Жалгыз уулун айтып жатам. Элге көп аралаша албай турган экен кургур, мени көргөндө сүйүнүп кеткен. Анан кантип… Кой, бул кагазын актай эле кайра жиберели…”.

    Жибердик. Бирок экинчи айда кайра келди ал кагаз. Атам ошондо чындап чочуду:

    — Кой, муну эч ким билбесин, — деди мага үрпүйө. – Сен да эч кимге ооз ачпа. Атайы жиберип жатышы да мүмкүн. Мен эртең шаарга жөнөйүн…

     Атам жөнөп кетти.

    — Болбой калыптыр! – деди атам кечинде кайтып келери менен эле, башын чайкагылап. – Бүтүп калыптыр! НКВД канын соруп, катырып таштаптыр. Келген жайымды айтарым менен эле, өң-алеттен кетип, чок баскандай секирип кетти. Аны карап туруп, жүрөгүм алкымыма кептеле түштү… “Айланайын Шаке, муну эч ким укпасын да билбесин!..” – дейт калчылдап. “Сенде кандай күнөө, муну райсобес тейлейт да” — десем, ого бетер так секирет: “Ким тейлейт эле деп сурап коймок беле, кичине эле шеги билинип калса!..” Кагазын алып калды да, акчасын туйлап жолотпой койду. “Өзүң ал, эптеп жоготуп кой!..”- деп туйлагандай болсо, тим элеби. Жоготуш эле керек болсо, азыр эле… Ме, ырым эмеспи, токсонго таяп кетти эле жарыктык, сага бир сом…

     Мен кудуңдай бир сомду чөнтөгүмө сала койдум. Ушул окуяны эстеп, андагы бир сомду элестетип турганымда:

    -Бу шаарда айылдан сенден башка ким бар? – деди Кадырмамбет аксакал шашкалактай.

    — Көп эле… – Мен билгендеримди санап кирдим.

    — Ошолор менен мени бир жолуктурчу.

 Суроолуу тигилдим.

   — Жөн-жай эле… Таанып жүрсөм дейм…

Башымды ийкегиледим.  

    — Өткөн жылы бу оорукананын башчысы өзү кабыл алды эле, — деди сыймыктангандай. — Ушунчалык дыкат текшерет экен айланайын, колдорун айт, тим эле кебездей жупжумшак, бутумдун тырмактарынан тартып чачыма чейин жетти окшойт. Бир да соо жерим калган жок көрүнөт. – Бир эсе суктангандай, бир эсе таңдангандай башын чайкап койду. – Баары эле жайында экен жашыңызга жараша, ошентсе да жылына бир келип текшерүүдөн өтүп турсаңыз жаман болбос эле, — деди акыры. Көп сүйлөбөйт экен…

      Мага мактанып жаткандай сезилип кетти.

    — Мени анын аспиранты карады. – Мен да мактана кеттим. – Эки-үч сааттай тим эле эзди. Баарын кармалап, каккылап…

    — Аа… Жанагы шыпылдаган жигитпи, жуккан да ага жетекчисинен. Кызык, бирөөсү сүйлөбөйт, баскан-турганы да билинбейт. А окуучусу шуулдайт. – Жылмая башын чайкай кетти.

                                               6

      Боор деген боор да, Кадырмамбет аксакал экөөбүз тез эле ынак болуп кеттик. Мен мурункудай кысынбай калдым. Аксакал жакшы аңгемечи экен, сүйлөп отурса, эч бир тажатпайт. Ар бир сөздү салмактап, таптап айтат. Ойлору да уютуп койгондой өтө ырааттуу. Бир кызыгы сүйлөөрдүн алдында эки жагын бир сыйра айландыра карап алат экен, бул адат канына жедеп сиңип калган окшойт. Анан санаасы тынгандай ачылып сүйлөй баштачу. Бирөө угуп калбасын дегенсип, шыбырап акырын сүйлөчү. Айтып отурса, бала чагында көрбөгөн көрү калбаптыр. Дайыма сөзүнүн аягы энесине барып такалар эле. “Байкуш энем! – дечү үнү каргылдана. – Биз үчүн не деген азаптарды тартпады. Эми ойлосом, күйөөсүнөн деле жапжаш калыптыр. Анан бизди багам деп… Баарынан да тарткан азаптарынын акыбети кайтпаганын айтпайсыңбы. Бир эжем, бир карындашым, эки иним биринин артынан бири кетишти. Соксоюп экөөбүз эле калдык бир үйдө. Мындай мүшкүлдү кантип чыдап көтөргөнүн билбейм!.. “Эптеп акка жетип алсак болду, балам, анан күн көрүп кетебиз, эл-журт бар эмеспи!” – деп койчу мага. Ошентип, чоңойтту, киши кылды. Жетимчилик куруп кетсин!… – Сүйлөбөй дымып калчу.

    Кызык, эми ойлосом, ал мага бала чагын гана айтып берчү экен. Кызматы тууралуу ооз аччу эмес. Ыгы келгенде сурап калсам:

    — Эми өкмөткө иштеп бердик да, — деп койчу муңайым. – Күн-түн дебей… Биздин ишибиз ошондой эле. Биз бар үчүн мамлекет жашап турат деп ойлочубуз, азыр деле ушинтип ойлойм. — Ушу жерге келгенде, чочугандай селт этчү да, мени качырып коё берчү:

    — Сен, бала, эмне үчүн эт жебейсиң да, ак ичпейсиң?

    — Эмне үчүн жебейм, жеймин эле, сүт, айран деле ичем.

    — Кантип? Алдыңа келген этти чокулап, акка оозуңду гана тийгизип…

    -Аа… Алар холодильниктен алынып жатпайбы. Мен жийиркенем. Тиги таракандар… — Денемди жыйра, башымды чайкай кетем.

    — Сен жийиркенбегин! Дарттын эң жаманы – ошол. — Ойлонуп калат да. – Деги силер бактылуусуңар… Баягы учур болгондо этти тараканы менен кошо жеп, тараканы менен кошо ичип…

    Мен ушул абалды элестетип, калчылдап кетер элем.

    — Жийиркенбей жүр… – дечү ал мени аягандай акырын. Анан башымдан сылап. — Айттым го, жийиркенүү – жаман дарт…

     Колу башыма тийгенде, дене боюм кадимкидей жылый түшчү.

    — Сиз эмне үчүн сүт, айранды атынан айтпай, ак дей бересиз? – дечүмүн мен эркелегендей.

    — Билбейм… Энемдин сөзү жүрөгүмө да, тилиме да сайылып калган окшойт. “Эптеп акка жетип алсак”…

    Эже күн сайын эртең менен, кечинде келип кетет. Көбүнчө тамак-аш ала келет.

   -Тим эле койбойт белең, чогуу жаткандарың менен эле… Бул жерде холодильниктикин менден башкасы ичпейт да, жебейт да экен… – Мени сырдуу күлүмсүрөй карап коёт.

   — Ошол да болмок беле, тамагымдан кантип өтөт?..

   Экөө өзүнчө сүйлөшө баштайт. Мен кепке аралашпайм. Эмне жөнүндө сүйлөшүшкөнүн бир жолу да укпадым окшойм. Аял көбүнчө “сиз” деп кайрылат. Кээде гана “сен” деп айтып алып, ыңгайсыздана жылмайып коёт. Мен буга таң калып калам. Анан чыгып баратканда да негедир таңдана узатам. Мунумду байкап жүргөн көрүнөт:

   — Бул менин балдызым болот, — деди аксакал ойлуу. Бир аз үндөбөй турду да, күлүмсүрөй. – Балдызым болчу… азыр аялым. Экинчи. Биринчиси өтүп кеткен. Аялыңдын баркын ошондо билет экенсиң. Өлгөндө дегеним. Жетим өскөн жаным жетимдиктин эмне экенин билип эле калдым го деп ойлоп жүргөм. Көрсө… Эң кыйын жетимдик карып баратканда аялыңдан ажырагандык экен. Жапжалгызсың. Анан “Мунарым” деген ырды угуп калсам эле, эки көзүмдөн жаш буурчактап ыйлап кирем. Аңгыча бул шордуунун да жолу бошоп калды. Бир тууган балдызым. Жаш калды байкуш. Күйөөсү чоң кызматта иштечү эле, өзү иштеген эле мекеменин экинчи кабатынан учуп кетип өлдү дешти. Эмне балакет болгонун билбейм… Анан минтип баш кошуп алдык. Буйрук экен. Менден көп жаш кичүү. Кантсе да өз деген өз да, үзүлүп турат мен дегенде…

     Шыдыр эле эсиме эженин өзүн күнөөлүү санагансып тартынып, ийменип турган адаты түштү. Түшүндүм дегендей, башымды ийкегенсидим. Анан да аксакалдын үнүнөн кандайдыр бир аяныч да, кусалык да, буга кошумча актануу да туюлуп турду. Айтор ушундан кийин менин көзүмө экөө тең аянычтуу көрүнө берчү болду.

                                              7

    Ошол күн бир башкача күндөй сезиле берет. Аксакал өзгөчө тамашакөй болуп кеткен. Жаткандардын ар бирин тамашалап чыгып:

   — Бу азыр баарын эле колуктуңар чечип калган тура, — деген мага мыйыгынан жылмая.

   — Кандайча?

   — Улуу уулумдун эки гана баласы бар: бир эркек, бир кыз. Анан бир күнү ага айттым, дагы качан балалуу болосуңар, бул балдарың чоңоюп деле калышты. Күлүп унчуккан жок. Арадан көп убакыт өтүп кетти, уулум үндөбөйт. Мен дагы кеп козгодум. Уулум: “Төрөбөйм деп койду” – деп томсорот. Ким десем, аялым дейт. Ой, аялың төрөбөйм десе эле, сен унчукпай кала бересиңби десем, — уулум орусча окуган да, эч несени жашыра алчу эмес: “Мага ушул экөө эле жетет, керек болсо өзүң төрөп ал!”- деп койду дейт.

   — Бекер кылыптырсыз! – деп жибердим мен чыдабай.

   — Эмнени ?

   — Орусча окутуп. Орусча окугандар оюна келгенин…

    Аксакал бир аз үндөбөй турду да:

   — Оо, орус тилинин азабын тартпадыкпы убагында. Далай нерседен кур калдык. Анан… – Көңүлү чөгө жылмая, кепти уулуна буруп кетти. — Эмне кылмак элем, өзүңөр билгиле деп жөн болдум. Чын эле, колумдан эмне келмек?…– Башын көтөрдү да, маңдайындагы чоң терезе жакты караган бойдон – Экөөнө өмүр… – деп алып эле, кебин улай албай катып калды.

     Анын жансыз тулкусун карап туруп, мен да катып калгансыдым. Көзүндө гана жан калгандай. Терезени теше тиктегени тиктеген. Ордунан тура калып, кайра отурду. Дагы туруп, дагы отурду. Катып калган денеси, өзүнө моюн сунбай, дирт-дирт этип жаткандай туюлду. Денесинен ажырап калгандай. Жансыз денесин калтырып коюп, өзү кандайдыр бир белгисиз жакка учуп кеткендей. Аны карап туруп, менин катып калгансыган денем титиреп жаткандай болду. Бир кезде башын шак бурду да, эшикти көздөй жөнөдү. Мен өзүмө келе албай турдум. Кыйладан кийин кирип келди да, баягы жакты карап, дагы талып калды.

    — Бери жакын келчи, — деди бир кезде мага. Мен сүйүнүп кетип, жанына заматта жетип, мостоюп туруп калдым. – Тээтиги терезени көрдүңбү?

    Башымды ийкедим. Мен аны күн сайын эле көрчүмүн. А түгүл зериккенде ал жакты карап эрмектей берер элем. Бизден 200-300 метр алыста бир үй болор эле. Ошонун биринчи терезеси дапдаана көрүнүп турчу. Төрт көздүү кууш терезе. Дайыма жабык турчу, ичи таптакыр көрүнбөйт. Таң кала берчүмүн,   булар терезе пардасын ачышпайбы деп. Бүгүн да ошол калыбында турган экен.                                                                                   — Ошол терезе үй эмес… – Аксакал үзүп-үзүп сүйлөй баштады. – Ал үй эмес, ал-кордиология бөлүмүнүн бир бөлмөсү. – Тынып алды да, оор үшкүрүк менен – Реанимация!.. Ошондо уулум экөөбүз жатканбыз. Ортончу уулум. Он сегизде эле. Таптакыр киргизишчү эмес. Негедир ошол күнү эртең менен мага уруксат беришти. Кирсем уулум кадимкидей. Оорунун бир белгиси жок. Көңүлү ачык. Таң калдым. Абалы өтө оор дебеди беле. Башын көтөрүп, мага жылмайып койду. Мен да жылмайгансыдым.

    — Ата, — деди анан, — сен мага бир жомок айтып бербедиң беле?

    Башымды ийкегилей, шыбырадым: “Кайсы жомокту айтып жатат?”

  — Ошондон кийин, — деди муңкангандай, — бир да жолу жомок айтып берген жоксуң…

    Башка жегендей кеңгирей түштүм. Ичимден кан өтүп кетти. Аксакал чыдай албай, мага кайрыла кетти:

   — Ие, айланайын, кайдагы жомок! Таң азандан түн оокумуна чейин үй бетин көрбөсөм. А түгүл ушул уулумдун жүзүн он сегизинде араң даана көрүп отурбаймынбы… – Аксакал башын чайкап-чайкап алды да. – “Ата, — деди аңгыча уулум башын өйдө көтөрүп, — ата, кара карышкырлар болобу…”

    — Кара карышкыр!.. Кайсыл кара карышкыр…

    — Ооба, кара карышкыр. Карасаң, ата, терезени карачы. Тигине, келатышпайбы биякка. Карасаң, кара карышкырлар… Кара… Ка…

    — Кана, кана, карышкыр…

    Ушул маалда менин эсиме башымды мыкчып арык жээгинде отурганым түшүп кетти. Буга кошул-ташыл айылдагы уулумдун жомок айтып берчи деп кыйнай бергени, мен ага назар бурбай диссертацияны мыкчып, бүрүшүп отурганымды көзүмө элестеп, мээм чачырап кетчүдөй болуп, башымды чулгуп-чулгуп алдым да, калтырай баштадым. Мунумду аксакал байкап калдыбы:

    — Ой, — деди үнүн өзгөртө, — сен эмне болуп жатасың? Калтырап…

      Башым жазылып кеткенсиди.

   — Менби ?.. дедим, калп жылмайымыш болуп. – Мен жөн эле… Мен тим эле…

   — Аа…–Менин абалымды көрүп, аксакал өзүн күнөөлүү сезип кетти окшойт. – Коркутасың да кишини… — Көрсө… деди көп өтпөй күрсүнө. – Көрсө… үзүлүп кетип баратыптыр. Ошентип… Апыр-тапыр эле болуп калышты врачтары. Мен болсо деңдароо… Кызык, ушундай учурда деле ойлонот экенсиң. – Аксакал өзүнчө сүйлөнө баштады. – Ойлонгондо да кандай!… Мен, — дедим, — ушул үчүн гана жашап жүрдүм беле, — дедим, — өз баламды өз колум менен өлүмгө узатуу үчүн гана жашап жүрдүм беле, өз баламдын үзүлүп баратканын өз көзүм менен көрүү үчүн гана жашап… Анан бакырганымды  бир билем… – Аксакал кыйлага дымып калды. – Көзүмдү ачсам – маңдайымда Турсунбек турат. Чоң гезиттин башкы редактору. Мурда-кийин тааныш болуп жүрчү элек, бирок анчалык ысык эмес элек. Колдорун ийниме койду да, өзүнө тартымыш болуп, аста силкилдете:

    — Эмне болуп жатасың, Каке! Белди бекем буубайсыңбы! Экөөбүз көрбөгөн эмнелер гана калган жок?! Айла жок, Каке, ажалга айла жок. Кудай артын берсин де, башка уул-кыздарыңдын өмүрүн тиле. Кайрат кылгының!.. – Мен өзүмө келе калып, аны суроолуу жалдырай тиктеп калдым.

    — Машинени даярдап койдум, — деди ал шыбырап.

    — Эмнеге?

    — Кандай эмнеге? Сөөктү ээсине беришибиз керек да, жашырышыбыз керек. Өзүң билесиң, мен бара албай калчудаймын, жумуш… Жаныңда айылыңдагы аксакалдардын бири, өзүң деле билесиң, Бердибек болот.

    Башымды ийкедим, түшүнөм дегендей. Сөөктү алып жөнөдүк. Жолдо катар ойлонуп келатам: “Бу Турсунбек кайдан укту ? Казан-аяк алышкан дос деле эмес элек, эмне мынча тызылдап жүгүрдү?”

    — Капчыгайга келип калдык, — деди аңгыча Бердибек. — Чыкканда эле айыл башталат.“Мунун эмнесин айтып жатат?” – деп ойлоп коём.

       Капчыгайдан чыга бергенде эле, жоон топ кишилер көзгө чалдыкты.

     — Аа… – деп койду жанымдагы. Анан кичине жүрө бергенде шоопурга. – Ушу жерге токтогун.

    Шоопур бир аны, бир мени суроолуу карап, машинесин токтотту.

   — Жүрүңүз, түшөлү, атайы күтүп жатышкан турбайбы.

   Ээрчишип түштүк. Түшөрүбүз менен эле, апыр-тапыр болуп калышты. Улам бири келип, кайрат айтып жатат. Аксакалы бар, жаштары бар. Көбүн тааныбайт экенмин. Эңги-деңги болуп турам. Жайлай түшкөндө үч аксакал мени өзүнчө бөлүп, четирээк алып барды да:

    -Атаңдын да, энеңдин да, бир туугандарыңдын да сөөгү тээтиги көрүстөндө жатат, — деди сакалдуусу колун ылдый жакты шилтей. – Биз эки боз үй тигип, союшун даярдап койдук. Жайын… Сени күтүп калдык, сөөктү кайда коёт деп…

       Мен кыйлага үн катпай турдум да:

     — Ыракмат! Ыраазымын! (Ушул сөз оозумдан чыгып кеткенине өзүмө өлөр-өлгөнчө ыраазымын!) Силер билесиңер да, келиниңер өтүп кетпеди беле, ал Нарын шаарында коюлуп калбадыбы. Анан энесинин жанына… Анын үстүнө өзүм  да шаарда турсам, Куран окуп турганга…

    — Эми өлүк ээси өзүңсүң, мунуңдун жөнү бар, — деди аксакал башын ийкегилеп. – Анда жолдон кармабайлы… Биз эртең… – деп тегерете бир карап койду, башын жаңсап.

    Жоон топ эки жакка жарыла берди. Биз жөнөп кеттик. Айылды кичине эле аралай бергенде, тигилип турган эки боз үй көзүмө чалдыкты. “Жалгызмын! .. дечү элем, — дедим, денем зыркырай. – Көрсө…” Жетээр-жеткенче ушинтип зыркырап бардым. Эртеси таң заардан шаарды жаңыртып жоон топ кишилер өкүрүп түшүштү. Чоң машинеге бир жылкы сала келишиптир… Аксакал мени карады да, каргылдана:

— А мен жалгызмын деп жүрчүмүн… Көрсө…

Сөзүн улабады, же улай албадыбы, айтор баягы терезени караган бойдон оозун кыбырата берди…

— Бу шаарда балдар көп эле дедиң ээ, — деди кыйладан кийин, башын мага буруп. – Ошолорго мени жолуктурчу. Сөзсүз…

 Мен башымды ийкегиледим…  

Ушундан кийин аксакал негедир оор тартып кеткенсиди. Эртең менен эрте ошол терезени тиктеп, оозун кыбыратып жатканын эки-үч жолу байкап калдым. “Куран окуп жатат го” – деп койчумун өзүмчө. Аксакалдын өзгөрүп кеткенин эже да туйду. Биринчи күнү эчтеке деген жок, жөн гана сырдуу тиктеп койду. Экинчи күнү:

     — Сизге, эмне, дарылар жакпай жатабы? –деди кыжалаттана.

     — Жок… Дарылар айыктыра баштады көрүнөт… – Күлүмсүрөй тамашага чалып койду.

    — Аа… Ошондой эле болсун… Жүрөктү түшүрүп…

                                               8

      — Кандай баатыр? – деди бир күнү доктурум кирип келери менен, түз эле мага кайрылып.

    — Жакшы эле… – дедим адатымча жүрөгүмдү баса.

    — Жүрөгүңдү жайына кой. Ал сопсоо. Соо жүрөгүңдү ушинтип козгой берет экенсиң да. – Жылмайып алды да. – Эми, баатыр, убакыт келди. Сени мындан ары кармоого менин акым жок… Өзүң билесиң…

    Түшүндүм дегендей башымды ийкедим.

    — Сен коркпогун, кайсы оору болбосун, шыдыр эле айыгып кетпейт… Сенин жүрөгүңдүн дүкүлдөгөнү дагы кыйлага созулушу мүмкүн, анан бир күнү эле дүкүлдөбөй калганын өзүң да сезбей каласың. – Күлдү. – Ошондо бакыра көрбө, жүрөгүм сокпой калды деп… Сөздүн кыскасы, камына бер, эртең чыгышың керек. Эми мындан ары өзүңө өзүң доктурсуң, колдон келсе, экинчи келбе биякка… – Негедир кызуулана кетти. — Диссертация, диссертация эле деп, ошону эле ойлоп, эмне андан башка нерселер жок бекен!… Мына, эл-журт деген бар, бала-чака деген бар. – Аксакалды бир карап алып, тамашалагандай. —  Өзүң жапжаш эле жигит экенсиң, кыздар деген бар…

    Аксакалды дагы бир жолу карап алды да, жадырай чыгып кетти.

    — Бу доктур сенин тууганың болобу? – Аксакал доктур чыгып кетери менен таңдана суроо салды.

   — Жок. А түгүл жакшы деле тааныбайм.

    — Аа… Шыпылдап жүргөнүнөн мен башкача… Эстүү жигит экен… – Күрсүнө табышмактуу. – Эл-журт де… Эстүү жигит экен…

    Аксакал өзүнчө эле башын ийкегилеп, ойго батып кетти.

    — Кой! – деди анан бир маалда чечкиндүү. – Жетет!.. Биз да чыгалык.

     Мен таңдана карап калдым. Аксакал күлүмсүрөй башын ийкеп койду. Анан баягы терезе жакты караган бойдон оозун кыбыратып, ойго чөгүп кетти. Эртең чыгышарын укканда, эже чок баскандай секирди:

    — Кантип? Кайсы врач айтты… Жата элек жатып, чык дешип!.. Жакшылап айыкпай туруп…

    — Эч ким айткан жок, мен өзүм айттым, – деди аксакал жай гана. — Мен биякка ооруп келдим беле? Жөн эле текшерилип коёюн дебедим беле. – Анан сурангандай үн менен. – Эртең эле чыгып кетеличи…

    — Ошентсе да… – Аксакалдын үнүнүн доошунан улам эже аны таңдана карап калды. Ырай-пешенесин карап туруп, аксакалдын шашкандыгында бир мандем бар экенин туйду көрүнөт, башын ийкегилеп жөн болду. Сураштыра келгенибизде, аксакал экөөбүз коңшу турат экенбиз. Негедир буга аксакал өзгөчө кубанды.

— Ырас болбодубу, чогуу кетет экенбиз!..

    Аксакал аялы менен жалгыз баруудан айбыгып жаткансыды.

    Эртеси эртең менен аксакалга атайы машине жөнөтүшкөн экен. Палатадан чыга берерде, ал:

  — Силер машинеге бара бергиле. Мен азыр… – деп, палатада кала берди.                 Палатада эч ким жок болчу.

       Биз чыгып, кыйлага күтүп калдык. Шоопур кабинадан сыртка чыгып, ары-бери басып, чылымын дембе-дем соро баштады. Эже мени карап койду. Мен шыдыр эле түшүндүм. Аксакалга жөнөдүм. Палатага жакындай бергенде эле, кандайдыр онтоо аралашкан кыраттуу үн угулду. Мээме шак дей түштү: “Куран окуп жаткан экен да!..” Эшикти акырын ачып кирсем, аксакал алаканын жая бата кылып жаткан экен.

    Мени карап, бүттүм дегендей, башын ийкеди. Коридорго чыгарыбыз менен, аксакалга жол берип, мен артка кетенчиктедим. Аксакал сен алдыга бас дегендей ишарат кылды. Артымдан кандайдыр жумшак, муңдуу үн угулуп турду. Машинеге отурдук. Эже аксакалды сырдуу тиктеп койду. Аксакал кыйлага үндөбөй калды да, мага кайрылды:

    — Сен эсиңден чыгарба ээ, балдарды ээрчитип келе бер, биз үйдө эле болобуз.

    Мен башымды ийкедим. Үйгө жете келдик, мен шоопурдан токтоп коюусун өтүндүм. Машине токтоду. Коштошуп, түшүп баратканда, аксакал колумду коё бербей туруп:

    — Сен жакшы жигит экенсиң. Бир гана жаман адатың бар экен – тамактан жийиркенет экенсиң. — Бир азга үндөбөй турду да, ойлуу. – Кийин адамдардан жийиркенип кала көрбө!.. – Колумду аста коё берди.

    “Адамдардан жийиркенгени эмнеси?..” – деп мен ичимден күбүрөп алып, коштошуп кала бердим.

                                       9

    — Ой, ал аксакалга мен кийин да жолукпадымбы, — деди Курманбек бир чоң жаңылык ачып жаткансып. – Кичине жүдөй түшүптүр, бирок анысын билдиргиси келбегендей. “Сен баягы убадаңды аткарбай койдуң го”, — деди шыдыр эле.

    — Кайсы?

    — Биздин айылдын балдары менен…

    -Чынымды айтайын, мен убадамды унутуп калыптырмын, доктурдан чыгарым менен баягы диссертацияны кучактап. А түгүл аксакал да эсимден чыга баштаган экен. Жолукканда араң… Бирок Кудай оозума сала бердиби, “кантип унутайын, эки-үч бала менен барып, сизди таппай калдык,” – деп жибердим.

   — Аа… Биз… Мен ал үйдөн көчүп кеткенбиз… – Мукактана. – Ал балдызымдан… байбичемден да айрылып калгам. Мени аяп, өлүп калбасын деп бөпөлөп жүрүп, өзү кете берди байкушум. Мурункусу да ушинтчү эле… айла жок. – Муңкана алаканын жайып, ийнин куушуруп койду.

— Арты кайырлуу болсун… Эми өзүңүздү жакшылап…

— Мен эмне?.. Силер өзүңөрдү карагыла, силер жашсыңар… Азыр минтип уул-келиндин колундамын.

    — Согуш ардагерлерине бир бөлмөлүү үй берди дебеди беле. Сизге эмне…

    — Берген. Турат. Бирок кантип өзүм жалгыз… Мына, бул беш кабаттуу үйдө турам азыр. Биринчи кабатта… – Оң жагыбыздагы үйгө колун жаңсап койду.

    — Жакшы үй экен… – Үйдү карап, ооз учунан ушинтип койдум. Ичимден ойлой кеттим: “Бир бөлмөлүү үйүн кимге берди экен?”

    — Келе турган болсоң, алдын ала эскертип кой. Мен маалдап туруп, чыга калам… Түз эле үйгө кирсеңер болмок, бирок жазгана берет экенсиң. Келин…

      Аңгыча эшик алдына келип калган көрүнөбүз, тык токтоду да:

    — Атаңдын көрү, үйдөн даам сызып кетчү бала эмес белең…

    — Эчтеке эмес. Кийин балдар менен келгенде, жай отуруп…

  Башын ийкегилеп, мени кетиргиси келбегендей кыйылып турду да:

— Кийинчерээк, эмне экенин билбейм, баягы уулумдун айткандары кулагыма жаңыра берчү болду, — деди күнөөлүүдөй. – Бир туруп: “Ата, ошондон кийин бир жолу да жомок айтып берген жоксуң” – дегенсийт, кайра туруп: “Карышкыр… карышкырлар” – деп титиреп жөөлүгөнсүйт… Бул эмне балакет, билбейм…

       Алаканын жая, үндөбөй калды.

     — Эми… – дедим мен эмне дешти билбей… – Эми… Жакшы туруңуз…

       Ал эмне кылам дегендей, башын ийкеп койду да, колун сунду. Мен да. Колумду бекем кысып туруп, мени жалооруй бир тиктеп алып, шарт бурулуп басып кетти. Мен да жөнөй бердим… Ушундай… – Курманбек бир азга үндөбөй калды да, анан эчтеке болбогондой. – Түү ата, кечигип кала жаздаган турбаймынбы, — деди саатын карап. – Кой, жөнөйүн, “Манас” университетинде лекция окушум керек эмес беле… – Сыймыктангандай алаканын жая. – Мурда диссертация дечү элек, эми минтип лекция деп калдык. Айла жок…

                                        10

    Ушинтти да, кош-пошко келбей, салып-уруп жөнөп кетти.

     Мен ордумдан турууга, бирдеме деп айтууга үлгүрбөй, умтулуп барып кала бердим. Узата карап кыйлага турдум окшойт. Ал оор жүктөн кутулгандай, шыпылдап шаңдуу бараткансыды. Ушул ой келгенде эле, жүрөгүм бир булкуп алгансыды, көңүлүм чөгө түштү. Ордумдан көңүлсүз турдум да, “бу балакетке кайдан жолуктум эле!..” – деп күбүрөп алып, сапарымды уладым…