Максуда Ормонова: «КАРАГАТ»
(аңгеме
– Мына, ушул үй – биздин үй, устам…
- Суунун боюнда турбайсызбы, аба.
- Суунун бою. Суунун бою. Кана, ичкериге…
Аким ака устаны ээрчитип үйгө кирди.
- Келгиле. Ии, кире бергиле…
Созулай дароо төшөк сала койду.
- Устаны да таап келдим. Күн кечтеп, аптобуздан калып кала жаздадык. Эми каалаганыңды ушул жигитке айта бересиң, байбиче… Шыпты гүлдө деп, жаннымды койбойт да, бу эжеңиз…
- Эжем туура айтыптыр, аба. Жүд-да гүлдөйбүз да…
Уста шыпты айландыра бир карап алды. Аким ака устаны Үч-Коргондон таап келбедиби. ”Колу гүл” деп, ошол тарап жакшы баалайт экен. Анын канча кесилип, канча жанчылган тарамыштуу колдору, Созулайга тиги агындыда жаткан тамырлардай тарбайып көрүндү. Жай бою элдин кызматында жүргөн неме, күнгө күйбөгөндө кантсин… Созулай дасторконун жайды. Болдуболбоду бирөөнү алып келет деп, кечки тамакты даярдап койгон эле. Чай үстүндө жасалчу жумуштун да башы ачылды.
- Силер шашпай чайлаша бергиле, мен төшөк-пөшөк салайын. Дализге, сөрүгө эле салып берейин, ээ?..Шабадада жакшы дем аласыңар, – дей салды Созулай. – Ичкериге эле сал төшөктү. Зорго тапкан устам үшүп калбасын. Тоонун шамалы чаканаби, үйгө сал!..
Аким ака өктөм сүйлөдү.
- Үшүбө-өйт… Үшүбөйсүңөр, ээ?..
Устанын макул болбогонго аргасы жок эле…
- Азыр үшүп болобу, аба. Сиз үшүкчөөл окшойсуз. Дайранын боюнда бир дем алсам деп аваз кылчу элем, Кудай бир берди да. Чымчыктардын сайраганын караң-у. Жаннат!.. Жаннат! – деп таңдайын такылдатып жиберди уста.
- Аа, туура паамдапсыз. Жаннаттиги, жаннат. Мен катта гөөдан болгонум менен үшүкчөөлмүн…
Аким ака өзүнүн акыркы сөзүнө өзү таң. Кычагандай аялы көзүнө карабайт. Зып-пылдап гана сөрүгө төшөк салып жүрөт. Созулайдын кадамына карегин кадап, Аким ака калп эле жөтөлүп да алды.
- Сөрүдө суук дейм…
Аким ака устасы экөө тамактанган соң сыртка чыгышты. Шамалдан күчтүү шамал болуп кетээрин сезген уста:
- Үйдү жарга жакын салыпсыз, аба. Бул боор бүлдүркөн окшойт, же?.. Караңгыда, – демиш болуп көчө тарапка басты. Жол жактан дайранын шаркыраган үнү даана угула берди. Аким ака устаны жандай басып баратып, угулар-угулмаксан: – Жер тар да, жер тар…аа, – деп аялынын көктүгүнө май жуткандай кылгырып алды. Дайранын шоокуму Аким акани уйгу-туйгу ойдон алаксытты бейм:
- Жардын боору жыш бөрү карагат, – деди.
- Карагат?.. Кара карагатпы?..
- Тээ эгизге чейин бүт карагат, – деп Аким ака колун өйдөгө көтөрдү.
- Кудай берген экен сизге, аба. Бу карагат дегениңиз жакшы нерсе да…
- Дары. Дарылыгы зор. Тамырынан сөңгөгүнө чейин дарт кубаар…
- Муну караң-э…
- Биз жаздын башында эле баш баккан жалбырагынан өдө кургатып алабыз. – Аба, сиз мөмөсүнө жетелекте эле дарыга айлантып бүтмөй болдуңуз. А бариги нимеге дары? Уста күлүп жиберди.
- Сизге көп нерсени үйрөтөт окшойм. Устанын дагы билбегени болот турбайбы. Бариктин чайы, башкасын айтпайын, шакыйды тып-п эле басат. – Куд–ду мага керек экен да, аба. Пай-пай-пай… Менин шакыйым бир кармаса бир айлап кармайт. Башыма казанды кийип алгандай жүрөм дең. Об-бо, чекемдин тарсылдаганын айтпаң…
- Мына, эми казан кийбейсиз…
Экөө каткырып калышты.
Карагаттын мөмөсүн жакшы бышырып анан териш керек. Анча бышпаганы ууландырып коёт. Кыямын жайын-кышын көк жөтөлүбү, сарыгыбы, бу ич өткөкбү иче берет.
- Иче берет дең…
- А келиндер кабыгын кайнатып, жүн боёшот. Аз-зали оңбос, кырмызы-кызыл ыраң берет…
- Кетээрде эки коштоо карагат апкетейин, аба. Кызыма абарайын. Жалгыз кызым бар, аты – Карагат. Устанын үнүнөн, анын бактылуу ата экени сезилип турду.
- Жалгыз кызга жакшы ат койгон экенсиз. Мектепте окуйттур?..
- Эртең-бүрсүгүнү күйөөгө узатабыз…
- Аа…огеле саз…
- Карагат, азыр бышкан чыгар?..
- Аз-маз бар. Октябрдын ондорунан нары тере берсе болот.
- А бышып калыптыр анда…
- Сизге бир челек карагатты мына өзүм терип берем. Сиз ишти бүтүрө бериң… Созулай мейманканасына кирип, тиреле жыйылган сеп төшөктөрүн карап кыйла турду да, күңкүлдөп: – Ылайыгы жок, – деп чыкты. Устанын төшөгүнө эски көрпөсүн жаап, башына кыйкындылар түйүлгөн түйүнчөктү жалпайтып коюп берди. Тигилердин жакын келип калганын көрүп:
- Төшөгүңөрдү салып койдум… Пахта түш көрүп жаткыла, – деп үйгө зыт койду.
- Рахмат, эжем. Сиздер да пахта түш көрүп жатыңыздар…
Аким ака үйгө киргенде, үйдүн ичи капкараңгы эле.
- Чыракты жакпаң. Жакпаң, чыракты. Мен уктадым…
- Уктабай өл, сен! Гаа-гаада гаңгирап калмай адатың бар! Уят кылдың-у адамды!..
- Бакырбаң. Устаңыз укса чындап уят болосуз. Бир-р жакшы уктайт. Мына мени айтты дейсиз. Созулай Аким акага сөз бербеди…
Уста жылдыз жайнаган ачык асман астында ойлонуп жатты. Жат орун… Гөөзан тараптын шамалы муздак эле. Асты как, көрпөнүн да пахтасы жатып, ылыгы жок. Тигине жылдыз учту. – Жараткандын караматы зор… Жаттым жай, жаздыгым бай. Жаттым кеч, жаздыгым кенч. Тынч уйкуңду бер, Куда-
а… Баш жагын ары-бери оңдолоп, оң капталына бурулуп көзүн жумду уста.
***
- Үшүп калбадыңызбы, устам? Кандай дем алдыңыз? Аким ака таң атпай турган эле, отун көтөрүп сөөрүнүн жанынан өттү.
- Тоонун абасы башка да, аба. Уйку маз-за болду… Мейман таңга жуук гана уктап кеткенин айтпады. Үй ээсин кыжаалат кылып болобу. Арыктагы сууга жуунуп жатып, оң бет отун сыйпалап калды. Манжасына ыдыр-будур урунат. Бир нерсе жабышканбы деп кайра-кайра суу менен бетин чайкады. Уста менен Созулай кире бериштеги күзгүнүн жанында маңдай-тескей туруп калышты.
- Жакшы дем алдыңызбы эже?
Созулай устанын бетин бир карап алып, шашыла басып очок тарапка кетти. Уйкусу канбай калгандай… Уста күзгүгө карап, бетинен төптөгөрөк изди көрүп чочуп кетти.
- Бул эмнеси, атаң гөрү?.. Эмне балээ бул?.. Э, кудай ургурдуку десе… Уста бетине баткан түймөнүн изин алаканы менен жазып: – Күрмөнүн топчусу бейм, бөлөк балыш коюп берээр, – деп, ыңгайсыздана сырка чыгып кетти.
Уста абдан эпчил экен. Шыпты ажайып кооздоду.Таң атпай турат да, түн бир оокумга чейин иштейт. Чарчаган жан катуу уктаган менен, башы ооруп ойгонот. Жумшагыраак балыш сураганга батына албай эле койду. Эрте менен турганда сураганга камынат да, кеч киргенде тим эле коюуну туура көрөт. Шатыдан жүз түшүп, жүз чыгат. Майда-чүйдө мык-сыгын чөнтөгүнө салып, араа менен балкасын колуна кармап, бургуч-кескичтерин баштыгы менен ийинине илип алат.
- Созулай, кечкиге тамак жасабай эле кой. Мен тоок сойдуруп, казанга салып койдум. Устаңды жоктоп коёюн, – деп келди оң тарабындагы кошунасы Айжаркын.
Тим эле койсоңуз болмок, – деген менен Созулай кымыңдай түштү. “Дасторкон” узаткан кошуналар устадан үмүткөр. Анын жалгыз кызы Карагаттын кабарын баары уккан. Айжаркын эже кичик уулун үйлөмөкчү.
- Созулай, бу устаңдын Карагаты кандай кыз экен, аа?..
- А ким билет дейсиз. Атасы терип-темселеп пул тапса. Үйдө турбаган кишинин катыны ким-у, кызы ким…
- Аста-секин сурай берсең. Менин жаманымды билесиң. Бу төгөрөктөн кыз тийбейт. Эси пас дешет экен да…
- Көзүңүздүн жашын төкпөң эже, балаңыздын эс-меси пас эмес. Эми, эрке бала да, эрке… Созулай ушунчалык шашып сүйлөдү. Эмне деп жибергенин өзү да түшүнбөй калды.
- Жан кошуна, шу устаңдын тамырын тарта көр. Мени келиндүү кылсаң, бу чаян чаңгак сеники… Кошунасы көзүнүн жашын жоолугунун учу менен сүртүп жатып, кулагындагы нават көздүү алтын сыргасын көрсөттү. – Устам, ишти он беш күндө бүтүрөм деген элеңиз, он күнгө жетпей бүтүрдүңүз… Шаштыңызбы дейм… Аким аканин көңүлү куунак эле.
- Шашпасак да болбой калды, аба…
Жаактарына шапалак жегендей эрди-катын тиктеше калды.
- Ушу бизде аз-аз кемчилик болду устам, үзүр…
- Кайсы кемчиликти айтасиз, баары жакшы аба, – деди уста.
- А, кайсы кемчилик?.. Кызык сүйлөп коёт шу киши…
Созулай тыздаңдай түшүп анан өзүнө келди да, чайды эки колдоп устага узатты. Уста да эжесинин бүгүнкү кош колдоп чай узатканына ичи жылып, анча-мынча док этип коюлган чай пияланы жеңил гана эстеп койду. Бүгүн Аким аканин байбичеси устаны узатмакка палоо жасап, шакарапка памылдарыны күндөгүдөй төрткө бөлбөй майда туураган эле…
- Ушул тарапка келип калсаңыз, кайрылып туруң, устам. Качан келсеңиз эшик ачык. Карагат кызды да бир алып келиң. Тоонун карагатын өз көзү менен көрүп кетсин…
Келебиз. Келебиз… Аздыр-көптүр мээнет кылдык, берген чайыңыздарга ыраазы болуңуздар эже. Аба, эжем экөөнүздөр менин үйүмө да барып, мейман болуп кайтыңыздар. Насип экен бир туугандай болуп калдык.
- Аа, а, бир бараарбыз…
Айтып койду да дегенсип, Созулай күңк этти.
- Эртең эле мени менен бирге жүрүңүздөр, – деди уста.
- Бир күн атайы өтөбүз, устам. Азыр жыйым-терим маал өзүңүз көрүп…
Аким ака кийин да барбас түрүн жаап-жашырып ушинте салды.
- Жыйым-терим бир күнгө токтоп турат аба. Пешене тер тапкан пулумдун берекеси болсун, сиздерге өзгөн күрүчүнөн кол бала кылып аш демдеп берейин, жок дебеңиздер? Уста чын ыкласы менен үй ээсине кайрылып турду.
- Мм, оо, э-эжеңиз барып келсин анда, – деди Аким ака.
- Ой-й-ей!.. О, менин ишим чачтан көп…
Созулай чочуп, анан кайра тык токтой калды.
- Чачтан көп ишиң жок. Бар, сен барып кел, байбиче…
Аким ака устанын шагын сындыргысы келбеди.
- Эрте менен эрте чыккыла. Шаарга кете турган машинелер болуп калат.
***
Созулай сандыгынан бар матасынын баарын чыгарып үй менен бир чачып отурган.
- Жатпайсыңбы, эртерээк. Эмне зарылдык болду мынча чачылыпсың… – Ошо… Ошондой зарылдык!.. Бар эле бар дейсиз… А, бир жакка курук кол барып болобу?..
- Аның туура…
- Мына, мына ушуну кара кызынын башына салып коём. Болот да…
Гүлсүз бир байлам, чаар ала саргыч жоолукту кармалап калды Созулай.
- Карагат десең, кара кыз дебей…
- Ошол Карагаты кара кыз болобу акыры…
- Көргөндөй сүйлөп коёсуң да…
- Устаңы-ыз өзү көмүрдөй… Паңкуш эле адамсыз, тоба…
Бойго жеткен кыз экен, саар-кеч күйөөгө берем дебедиби уста… Оо, наргы кызыл гүлдүүнү эле абар да, чычкак сары оромолуңду коюп. Башына салгыдай болсо жакшы эмеспи… Өз ою менен алек болуп төшөгүндө жамбаштап жаткан Аким ака башын көтөрүп, Созулайдын оң капталында турган кызгалдак гүлдүү кызыл жоолукту көзү менен көргөзүп турду.
- Мунубу?..
- Шону…
Аким акани карап, Созулайдын кашы чачын аралап кете жазды.
***
Созулай уста экөө түш ооп Үч-Коргонго жетип барышты. Автобус бул экөөнү чоң жолдун боюна калтырып кетти.
- Пахта талааны аралап өтүп кетебиз, эжем…
- Кыйла бардыр…
- Тээ тиги айыл. Жүктөрдү мага бериң…
Уста шайман-шуймандары салынган сумкесин мойнуна асып, кийим-кечеси бар баштык менен Созулайдын кичинекей түйүнчөгүн сол колуна кармап, оң колуна болсо челекти көтөрүп алды.
- Мени ээрчип баса бериң, эжем…
Аким аканин эрке аялы мурчуйуп, устанын артынан пахта талааны кесип өтүп баратты. Сарпайда тийген атлас көйнөгү баркырайт. Гүлдүү жибек жолугу да жүзүнө куп жарашкан. Басып-баспай эле болук жаны кышылдап калды. – Секин басса өлөбү дейм да. Ош-шончо жүк менен жеткирбейт. Кой дегенде коё калбай, өпкөсүн колтуктап бир челек карагатты карматкан менин кишимчи. Мунусу да эч нерсе көрбөгөндөй. Кете бер эми, ийреңдеп.
Кыйналсаң ажап боптур, – деп сүйлөнүп үлгүрдү.
- Мен баса берейин, эже. Сиз шашпай…
Устанын мойну оор жүктөн алдыга созулуп, чекесинен тер куюлат.
Созулай пахта талаанын так ортосунда, устанын караанын узатып тек турду: – Ит-мит чыгып жүрбөсө эми. Жасанганым каякта калды. Кошуналарым кулактары тикчийип отурушкандыр. Устанын кызын келин кылып алса, биринин үйү, экинчисинин атканасы бүтмөк. Дагы биринин катын тийбес жаманы катындуу болмок. Ой-бууй, мына ушунча талаа булардын майын гана сызгырат окшойт, – деп керилип жаткан пахта талааны карады. Уста жок…
Аңгыча бир эрбеңдеген караан туура Созулайга келатат.
- Келиң эжем, келиң. Таз-за кыйналдыңызбы? Э, курусун шу жол…
Бойлуу, арык чырай келин келип, Созулайды кучактап калды.
- Аа, жолуңар чатак экен…
Бурумдагы биринчи үй устанын үйү эле. Созулай коргонду аттаары менен шаарга киргендей болду. Оң тарап, сол тарабы гүл. Узундан узун кеткен жүзүм бак. Күкүрттөй тыкан үйдү курчаган алма-өрүктөр. Чар көпөлөк айланган келин Созулайды үйгө баштады. Анардай кызыл килем төшөлгөн мейманканага киришти.
- Эжеме калыңдап төшөк сал. Чыканагына балыш кой. Дасторконуңду тездет.
Ысык чай, эжеме.
Уста жан-алы калбай кирип чыгат.
- Менин чакан тирийлигим шул, эжем. Бу – келиниңиз Шакарай…
Шакарай болсо Шакарай экен да деп теңсине бербеген конок, тиги, миң түр таш менен кооздолгон барчын сандыктан көзүн алалбай калды. Мындай укмушту көргөн эмес эле.
- Кызыма атап, беш жашында жасаган сандыгым, – деди уста.
- Алтысында ашырасың, жетисинде жеткиресиң дешчү, энелерибиз. Шакарай, сеп сандык экенин мейманга ушинтип билдирди.
- Аа, ырас, кызым бар деген элеңер…Карагат?..
Кудайдан болуп, кара Карагат деп жибербегени жакшы болду.
- Кызыбыз шуйерде…
Созулай астына салынган калың төшөктү атласпы же сатинби деп сыйпалап, терезеде өсүп турган гүлдөргө да сугун артып турганда, эшиктен лып этип, мажүрүм талдай ийкем, узун бойлуу ап-пак кыз кирип келди…
- Куш келипсиз… Кыз мейманга карап жөнөдү. Созулайдын эси чыгып, кыздын жибектей колун кармап, булуттай бетинен өптү.
Карагат кыз шул турбайбы?.. Кишимдин келбегени жакшы болгон экен деп да ойлоп жиберди.
- Кара чечекей, жалгыз кызым шул, эжем! Устанын үнү бардам эле… Адамга тике карабаган ыйбаа, узун кирпиктүү кара көздү тиктеп Созулайдын башы айланып кеткендей болду. Айжаркын кошунасынын шилекейи аккан эси пасына эмес, сиңдисинин мыктай уулуна сулуунун сулуусу табылгандай. Чаян сөйкө эмне болуп калыптыр, Жоодар, акчаны самандай сапырып тапкан жигит эмеспи. Тууган-уруктун баары ошого кыз издеп жүрүшпөйбү.
- Ашка сабиз туурай кал, кызым… Апасы кызын ушинтип көздөн сактайт.
Созулай устанын адамгерчилигин ушул жерде билди…
- Карагатым мени казанга жолотподу. Өз колум менен палоо жасап берем деген элем эжеме. Уста бир тынбай сүйлөп отурган коноктун оюн келген тамакка бурду.
- Өзгөн гүрүчү жөрмөлөп калган турбайбы. Созулай, ортого коюлган чоң сапал табактагы бирме бир эт, мейиз, куйруктай бышкан бий, эки баш кыпкызыл калемпир жана бүтүн эки баш сарымсак, анан, санаса эсептелчү мончоктой анар себилген палоону тиктеп, шилекейин жутуп жиберди. – Карагат кыздын бармагы тийген палоо ушундай болот турбайбы. Кана, өзү да келбейби? Конок булуттан үзүлүп түшкөндөй сулууну дастаркон четинен күткөн менен, ал тамакка келбеди.
- Казан-аякты көөнүндөгүдөй жайгармайын, жаны жай албайт, онун… Шакарай кызынын коноктор менен отурганын туура көрбөйт. Булар дасторкон үстүндө кызуу кеп куруп, көпкө отурушту.
- Эми эжеме жакшылап төшөк салып бергиле. Карагат!..
Мейманканага жанашкан чакан бөлмөгө жийде гүлдүү шейшеп капталган төшөк салынган эле.
- Карагат, эжемдин башына балыштын жумшагын кой, кызым. Жумшак балыштан кой… Устанын эки кайталаган бул сөзү Созулайды пахта менен сойгондой болду…
- Орун даярдагам, ата…
- Күмүш булактай үнүңдөн айланайын, Карагат кызым. Кудайым бактыңды тоодой кылсын. Конок бата берип жиберди. Ал абдан ыңгайсыз абалда эле.
Бата устанын көңүлүн жибитти…
- Пахта түш көрүп жатыңыз, эжем…
Болпулдаган жумшак төшөктө, пар балыш жазданып, уйкусуз түн күзөттү Созулай…
***
- Жакшы барып келдиңизби, байбиче… Аким ака, койнуна каткан жылдыз алманы ала коюп, аялын утурлай басты.
- Аа…жакшы… Созулайдын көкүрөгүндө айтаар кеби кайнап турду.
- Карагаты кандай кыз экен?..
- Ошо…карагаттай, Карагат экен да!.. Ушу сиз кызык кишисиз!.. Эси жок аялды эсине келтириш керекпи, өзү?!
- Ээ…эсиңизге кирип келипсиз го. Жок, жок, эси жок аял болчу беле дегеним, – деп Аким ака тамашага салып, туталанып турган байбичесин кучагына тартты.
- Карагат!.. О, Карагат дегенибиз, колдон чыгарбай турган кыз экен го!..Түтөп-түтөп кайттым!..Ээ-э!..
Максуда Ормонова
ТЫП… ТЫП–ТЫП…
(аңгеме)
- Ак… акж–ж…
- Акакжан Асылбек кызы.
- Кандай, кандай? Атыңыз?
- Акакжан.
- Чечине бериңиз, Акак-жан…
- Мм…мм…а…
Ээгим титирейт. Кантип… дарыгер деп эле жат кишинин маңдайында дырдай болуп тура каламбы…
- Менин убактымды албаңыз.
Кагаздарына үңүлүп жатып, көз айнегинин өйдө жагынан карап койду, толуктугунан, семиздигинен дегеним туура болот го, катуу кышылдап, анан да кысылган демине кыска жөтөлүп коюп отурган дарыгер, Равиль Айдарович.
- Эмне кылсам, олдо кудай, ай!..
- Көйнөгүңүздү!.. Көйнөгүңүздү чечиңиз!
Дарыгер галстугун бир аз бошотуп, эми бүт дитин мага бурду. Убакыттын канаты сынды бейм… көзүмдү жумуп, беш күндүк окуянын баш-аламан сүрөтүн оң-тескерисинен өткөрүп, баарын, баарын эстеп жаттым.
- Бедеге ичи көпкөн уйдай болуп өлдүң го. Ме, жездеңдин эле тапичкесин кийчи, башкасы батпайт тиги дамбырадай болгон бутуңа.
Үлпөт эжем, кабатырланып тургандыгын каректеринин түбүнө жашырып, гүптөй шишиген мени, тез жардам менен ушул жерге алып келген…
- Мен кете берейин эми. Сүйлөштүм, өздөрү чалат.
- А…
Адатымча бозурая түштүм окшойт.
- Ой, бул жерде селейип эч ким турбайт.
Эжемди кетпей туруңуз деп айта албадым. Эки медайымдын коштоосунда үчүнчү кабатка көтөрүлдүк. Төрөтканада жаркыраган тазалык. Жылмайып жылуу тосуп, мен эмес ушул ак халатчандар төрөй тургандай, лыпылдап чуркашканына ыраазы болдум. Жаным сыздап турса да, көңүлүм көтөрүлүп, күткөн наристеме, – Жүрөгүңдү жүрөгүм угуп турат, жүрөгүңө жүрөгүм болсун кубат, – деп ичимен кайталадым. Ортолуктагы терезе түбүнө коюлган түртмө керебетте, башы сол тарапка кыйшайып жаш келин жатыптыр. Жүрөгүм шуу деп, тилимдеги ыргак да ыргып кетти. Шыгыраган майда шишелерин сакчылардай тизип, болочок энелерден кан алып жатыптыр, тармал чач медайым.
- Сизде мындан алдын да бойдон алдыруу болгон беле?..
- Ооба…
- Канча жолу алдыргансыз?..
- Бул менин тогузунчу алдыруум…
Омурткамдын катуу сыздап жибергенине карабай, укканыма уугуп, билегин байлатып жаткан кара тору, тастайган чөкүр бет аялга карадым. Тиги бурчтагы кызыл көйнөкчөн келин болсо бир үнү тынбай онтоп турат.
- Бул жерде дагы канча болосуң, Валя?
Кан тапшырып, эми эле жылганымда жаркылдаган жаш кыз шуулдай кирип, кан алып жаткан медайымды чочута кучактады. Анан эле, кимисинин каери тийди билбейм, тиги шишелер салынган кутуча кулап кетпедиби. Төгүлө түшкөн канды сүлгү менен сүртүп үлгүрүштү. Жанымды жеген оорууга тиштенип, эми кайра кан тапшырабыз го деп кейидим. Тиги тыпылдак кайда?.. Тармал чач медайым кебелбей айрым шишелерди куюштуруп койгонуна таң калдым.
- Белим, ай! Белим!.. Сөөктөрүм сөгүлүп баратат… мм… Баарына чыдайын, баарына чыдайын…
Толгоо мени тегерегимдегилерден жалгыздатып, азапка бетме-бет алып жөнөдү. Кана, кана бирөө жардам бере алса!.. Чыда!.. Чыда!.. Өлүп эле калбасаң… акыркы ирет да чыда!..
- Ойгонуңуз. Көзүңүздү ачыңыз, апакеси…
Ичегидей чубалган ийри-буйру түтүк ичинде баратып: – Мен киммин?.. Мен адам элем го. Мен адам эмес белем, – дейм. Өзүңдү тааныбай, өзүңдү таппай калган учурлар да болот тура.
- Кандайсыз, Акакжан?
- Казак бейм…
- Кыргыз экен…
- Көздөрүн ачып баштады. Жакшы.
Сүйлөшкөнчө булар менден узап кетишти.
- Ух-х!..
Түпсүз караңгылыктан чыгып кеттим… Көпөлөктөй пырылдаган көгүш нур айланат да айланат. Ушуну токтотуу учурдагы зарыл ишим боло калды. Бул жарык акырындап, тездиги жайланып, жайланып, жайланып калганда: –Токто-ду,– дедим, дубал бооруна илинген асма чырак менен тиктешип.
- Балам… Менин балам кайда?..
Кирпик кагаар алым жок.
- Ай!.. Ай толгон тура… Мен уул төрөгөм…
Кызытылган тандырдын табында, мени сабырдуу тиктеп турган Толгонайга ыйламсырай түштүм… азабымды кошо тартышкан го. Бошогон курсагым коюлган музга тоңуп калыптыр. Башымды араң буруп, күңүрт ортолукта, баягы келиндин ордунда жатканымды билдим.
- Балам! Мага баламды бергилечи!..
Менин кыңылдаган алсыз үнүмдү үстүмдөгү шейшеп жутуп алгандай болду.
Кызыл көйнөкчөн Света экөөбүз бир бөлмөдөбүз. Ал мага караганда бир топ эле тетик. Бөбөктөрүбүздү туура саат тогузда алып келишти. Мүйүз көкүрөк балпайган Людмила Петровна мен козголгончо жаныма келип калды.
- Баатырыңызды кармаңыз.
Тыкыя чөргөлгөн менин балам. Дал өзү. Кою кара чачы тумакчасынан чыгып, мурду барбайып уктап жатат.Тырнактай учактар топусуна, “Молния Маквин” болсо жалаягына бир жарашыптыр. Уулумдун бетине бетими тийгизип, бейиш жытынан тоё жыттап алдым.
- Атаңа окшош болупсуң, балам…
Нур үстүнө нур жааган бактылуу бөлмөдө бакытка балкыган энелер элек. Людмила Петровнага кыйылып жатып уулумду карматтым. Бөбөктөр кетээри менен мээрим мелмилдеген бөлмөбүздү чуулдаган кажы-кужу кеп каптады.
- Үчүнчү бөлмөдөн бирөө баласын таштап качып кетиптир.
- Акмак турбайбы…
- Эч ким ойлобойт. Кырмызы көйнөк бүтүк көз менен ашканада бирге тамактанбадык беле…
- Маябы?.. Ии, тастаңдап жүргөн, жеңил төрөдүм деп…
- Кыйраткан экен…
- Эми, баласы эмне болот? – дедим, мен.
- Дени сак, бир жакшы уул экен, балдар үйүнө өткөрүлөт…
Көзүн чакчайта ачып, мына ушундай дегенсиди кепти кызытып жаткан көп сүйлөөк Оля.
- Мүмкүн энесин табышат, – дейт тигине дагы бирөө.
- Кайдан тапмак эле, кайнаган элдин ичине сиңип кетти да. Шаар чоң, – деп койду, чачтары уйпаланган Ксения, эки колуна кармаган бөлүчкөнүн бирөөн жула тиштеп.
- Эми эмне болот?…
Наристенин ырыскысы бар экен, мындайлар балдарын эмне гана кылып жатышпайт. Кимге кайрылсам, балама кошуп багып алсамбы. Кайсы улуттан болсо да мейли, төрөлгөн бала аман-эсен чоңоюш керек. Жүрөгүм алеп-желеп, сыртка жөнөгөм.
- Акакжан Асылбек кызы башкы дарыгерге барыңыз.
Айтып келген медайым кайда бараарымды колу менен көрсөтүп койду.
Степан Аркадьевич жардамчысы менен экен.
- Кан жыйынтыгыңыз жакшы эмес, Акакжан Асылбек кызы…Төрт жылдыз экен, дарыланууңуз зарыл.
Дартыңызды өзүңүз билесиз да дегендей, кайдагы бир төрт жылдыздуу оорууну таңуулап турганы эмнеси…
- Кандай төрт жылдыз? Эмне болгон төрт жылдыз?..
Орус тилин жакшы түшүнбөгөнүм аз келгенсип, суроону да туура эмес бергендей болдум.
- Каныңызда сифилис дарты бар. Кантип төрөдүңүз айраңмын…
- Сифилис?.. Кудай сактасын, андай болушу мүмкүн эмес!
- Кыздарга айтыңыз, жогортон орун даярдалсын, – деп жардамчысына карады, башкы дарыгер.
Кайнак суу башыман ылдый куюлуп, уккандарыма куйкаланып кеттим.
- Кабатырланбаңыз, дарыланууга болот…
Эңгиреп бөлмөгө кирсем, Света буюмдарын салыштырып жатыптыр. Мындагылар укса эмне дейт. Баласын таштап качып кеткен Маянын окуясы жолдо кала турган болду.
- Мени менен жүрүңүздөр.
Ары-бери чуркап жүргөн ак халатчандын бирөөсү бизге киргенде, шериктеримдин баары карап калышты.
- Силер кайда баратасыңар?
Мен суроо узаткан Ксенияга эле эмес мындагы аялдардын баарына күнөөлүүдөй карадым.
- Биз жогоруда болобуз, – деди Света.
Демек, жалгыз эмесмин…
- Сенин да кан жыйынтыгың начар бекен?..
- Канымдан кайдагы сифилис дарты табылыптыр, – дедим, Светага да актанып.
- Мына сага… куду мендей го…
Биз тиктеше калдык.
- Мүмкүн биздин кан алмашып кеткен, – дедим шашып.
- Токточу ойлонойун…
- Ойлонбой эле, Света! Кечээ, кан алынган шишелер кулап кетпеди беле…
- Каерде, кайсы шишелер?
- Баягы жаш кыз кирип, кан алып жаткан медайымды кучактагандачы…
- Мен аны көрбөдүм…
Кандай неме бул өзү деп жаным кашайып кетти. Бизди жогоруга алып чыкчу ак халатчанга да түшүндүрө баштадым.
- Ал кандай кыз эле? – деп сурады, кудай жалгап.
- Узун бойлуу арык кыз, чоң төгөрөк сөйкө тагынган болчу.
Бул медайым менин безилдегенимди ушунчалык кайдыгер укту дейсиң, жарылып кете жаздадым. Баарынан да муунткан анын жообу болду.
- Бизде андай кыз иштебейт…
Чайпала баскан Клавдия аттуу жумушкер аял да кошулуп тогузунчу кабатка көтөрүлдүк. Ээн жаткан бул бош кабаттын четки, эки кишилик бөлмөсүнө кирдик. Көптөн бери эч ким кирбегендей, туш тарабы чаң эле.
- Бул жерде канча болобуз?
- Келип айтышат.
- Балдарыбызды бул жакка алып келет да, ээ?
- Башкы дарыгер эмне деп чечсе ошондой болот. Тамакты мен алып келип берем.
Канткен менен ачка калбайсыңар дегени го. Чыгып баратып Клавдия эжекебиздин чайпалган куйругу үстөлдүн кырына катуу тийди.
- Өтө көп суроо берип жатасынар, кыздар!
Осол болгонун байкатпаска зааркана сүйлөп, анысы аз келгенсип эшикти сыртынан кулпулап кетпедиби.
- Бул эмне кылганы?..
Биз чаң тозуган керебетте шылкыйып отуруп калдык. Күн батып баратса да бизге Клавдия эжебизден башка эч ким келген жок. Тамакка кайдагы табит.
Эси дартым баламда. Ал кантти?..
- Бул төрөтканада жолдошумдун досу иштейт. Келбей өлсөмчү…
Света өкүнүч менен күңк этти.
- Мындай болоорун билбедиң да, Света…
- Ошо кан тапшырган жерде бир балээ болгон го. Өлүп-тирилип жаткан маалым эле, көрбөсөм көрбөгөндүрмүн.
- Беркилер кайда болду десең? Бирөө жарым менин көргөнүмдү тастыктап бергенде…
- Сен да кызык экенсиң… көргөнүңдү дароо айтпадыңбы?..
Света балышка бети менен түшүп ыйлай баштады. Аны коштоп мен… оюмду толук түшүндүрө албай жатканыма буулуп токтобой буркурадым.
- Макул, ыйлаба курбум, болду ыйлаба. Менин жолдошум териштирип жүргөндүр. Сага да жардам беребиз, – деп, эми ал мени сооротту.
- Менин жолдошум алыста, менимче ал уулунун төрөлгөнүн уккан да жок.
Ушул сөздөр тимеле муунумду бошотту.
- Кеч кирди, эч нерсе кыла албайбыз. Күтүш керек…
- Эмнени, эмнени күтөбүз, Света?..
- Таңдын атышын… таңды күтөбүз…
Оор түн болду. Биз такыр уктай албадык. Суйлөшпөй да койдук. Кимибиз ыйлабайлы сооротушпай да калдык. Балам ыйлап жаткандай. Бир менин балам ыйлап жаткандай. Төрөлгөндөгү ыңаалаган коңур үнү, – Мени кайда таштадың, апа! Мени жаныңдай сүйчү эмес белең! Же, мен сен күткөндөй бала эмес бекенмин, апаке! Мен сени издеп жатам, мени колуңа ал! Көкүрөгүңө бас! Мага кел!–деп жаңырат.
- Кан тапшырууга даярдангыла.
- Кан тапшырабыз.
- Кыздар, кан тапшырабыз.
Таң атып атпай, үч күн катары менен кан тапшырдык. Адам деген ушунча да тез өзгөрөбү, ылдыйда жаркырап жүрчү Клавдия эже, кабагы карышып желинбеген ботколордун ордуна бышырылган күрүч менен жумуртка таштап кетти. Сыртта күн жаркырап тийип турган менен, бул жер абдан муздак эле…
- Акакжан Асылбек кызы, сүйлөшүүгө!
Үчүнчү таңда гана эшигибизди ачып коюшту.
- Кайда барайын? Телефон кайда, айтып коюңуз…
Жан алекетте келатканымды карап турган кыз мыңк этпейт. Жанына жетип бардым.
- Чакырганыңызга рахмат. Тел…
- Четки баскычты басып сүйлөй бериңиз.
Бул кыз так гана сүйлөшүүчү жерде туруптур. Өткөн-кеткенге аңдала бербеген шапалактай торчого мурдум такалып туруп калдым.
- Акакжан кандайсың!
Үлпөт эжем экен… Бири-бирибизди укпай гый-чый боло түштүк. Көл-шал болуп ыйлап, эмнени гана айтпадым дейсиң.
- Эриң экөөң Россиялап келбей өлгүлө!
- А…
Муштумдай таш башыма как эле дей түштү.
- Эч ким карабай жатса ажап эле болуптур! Кайсы гөрдөн жугузуп жүрөсүң ошол атың өчкүр оорууну! Эриң келсин соо койбойм, күйдүргүлөр!
- Ме… мен!..
- Доктурлар менен сүйлөшөм дагы! Эчкидей ме-елебей чачтарыңды жыйна! Э, ж-желмогуздай болгон!
- Ой…ай…
Өчүп калган торчонун жанында туруп калдым. Эжемди да жүдөттүм…
- Сиз да ишенген турбайсызбы…
Биздин бөлмөнүн жанында, Света жолдошунун досу менен сүйлөшүп туруптур.
- Кыздар! Кандайсыңар, кыздар! – дейт бирөө.
Света мага укканын айтып берип жаткан.
- Биздин каныбыз башка лабораторияда текшерилет тура. Кайра-кайра таң атпай кан тапшырганыбыздын себеби ушул экен.
- Кыздар, ыйлай бербегиле…
Бизге баш багып баягы чөкүр бет аял турат.
- Мындайда ыйлаштын кереги жок. Болоор иш болгондон кийин башыңарды оорутуп эмне кыласыңар, айыксак болот…
Бул да ушул жакта турбайбы.
- Бизден эле эмес, балдарыбыздан да кан алыныптыр, – деди Света.
Кулагым чуу деп заматта эч нерсе угулбай калды.
- Кантип?..
Алардын таманынан же башынан алынат дейт. Балдарды башка жакка алып кетет окшойт.
- Кандай балээге туш болдук, Света!
- Ыйлабай уксаң боло, мени! Каныбыз текшерилип жатпайбы!..
- Тиги акмактын эле кесепети болду! Уятсыз! Тогуз баланын башын жеген чочко! Ушунун эле каны кошулуп кетти! Тиги, тиги тармал баарын билип тура-ат! Жарыбагыр!
Өз тилинде эмнени айтса да айтып жатат да дегендей, мени эси ооп угуп турду, Света. Бүгүн болсо, ушинтип, Равиль Айдаровичке бирден текшериле баштадык. Анын корс буйругун аткарып, оңго десе оңго, солго десе солго бурулуп, чачымдын арасынан бери көрсөттүм. Жок жерден кордолуп жатканыма тимеле калчылдайм. Дарыгер үн катпай калды…
- Тып… тып-тып….
Таштай каткан көкүрөгүмдөн зыркырап сүтүм агып кетти. Башымдагы жоолугумду таш төшөлмөгө жайылган сүтүмдүн үстүнө таштадым.
- Балам… баламдын курсагы ачты…
Менин эзилип ыйлаганым дарыгерге керекпи?..
- Светлана Кудрявцева!
Света сырттан киргенде сүттү сиңирген жоолугумду жерден алып чыгып кеттим.
- Мени эч ким укпай жатпайбы… Мени түшүнүшпөйт го… Чындыкты далилдей албай кала беремби?..
Аркы бурчтан эки кызды ээрчитип, мен жаңы келгенде кабыл алган дарыгер аял көрүндү. Эжем сүйлөшөм деген ушудур… Кана атын эстесем.
- Саламатсызбы…
Аларды ээрчий бастым.
- Эжеке… эжеке…
Укса да карабаганы эмнеси.
- Эжеке!..
- Кандай эже! Эжени тапкан ай, ушулар! – деп, кагып салды.
- Менин эжем чалдыбы? Эжем сизге чалдыбы?
Саксаңдап алдыларына жетип бардым.
- Билбейм мен эч кандай эжеңди!
Алар асма арабага түшүп кетишти.
Эжем чалам деген болчу да… Сүйлөшөм деген болчу… Мен ооруулуу эмесмин! Мен оорубайм! Мен деген сопсоо энемин!..
Менин чаңырыгым тоңуп жаткан муздак дубалдын бетине чаап, ойгонбос уйкусунан ойготту го. Света бир колу менен белин кармап бир колу менен мени жерден тургузду.
- Эми мунун жыйынтыгы качан чыгат, качан?!
- Билбейм, билбейм, – деди, кубарган Света.
Бул түндө шеригим уктады, байкушум. Эмнегедир кан алууга да, текшерүугө да эч ким келбеди, башка жакка которушпаса эле… Саат ондор чамасында Светаны алып кетишти.
- Мени унутпа, Света…
Мен ага үмүттүү карадым.
- Кайда баратканымды билбейм, Акакжан…
Башын жерге салып, коштошпой басып кеткенинен, менден жардам күтпө дегенин даана түшүндүм. Буга деле менин соо экендигим күмөн болгон тура…
Бөлмөдө эми өзүм жалгыз калдым.
- Кудай ай, кандай күн болду!.. Балам кайда?.. Бул жакка чоң үмүт менен келбедим беле.
- Акакжан, мени менен жүрүңүз.
- Мен даярмын!..
- Буюмдарыңыз калбасын.
Медайымдын артынан бастым. Ушул тоңдурмадан чыгып кетсем, баламды тапчудаймын. Кимдир бирөө менин артыман келатты. Биз асма арабанын жанына жеткенде, артыман келген жаныма тура калды.
- Саламатта бол, сиңдим. Сен көп ыйладың, эми антпе… Мен да айыгам…
Чөкүр бет аялды канчалык жек көрүп турсам да, анын ушул турушу зээнимди кейитти.
- Сиз билесиз да… менин балам кайда экенин?..
Мени алып бараткан кыздан жооп болбоду. Дубалдан бетер эмне мынча катып калышкан. Жердин түбүнө түшүп бараткандайбыз… Үчүнчү кабатка келгенде токтоп калдык. Асма арабанын эшиги буулуккандай акырын ачылды. Түшөбүз го дегем, Людмила Петровна… колунда бөбөк… Жүрөгүм жарылып кете жаздады.
- Менин балам! – деп жибердим.
- Кармаңыз… Мен өзүм карадым, балаңызды…
Рахмат сизге!
Людмила Петровна калып калды.
- Балам!.. Балам!.. Балам менин!..
Мени укту бейм, алмадай жүзү шапая түшкөн балам чукуранып алды. Асма арабадан кантип чыктык, эми кайда баратабыз билбейм. Апакай тиштери жаркыраган дагы бир ак халатчан алдыман тосуп бөбөгүмдү алды.
- Кана баатыр, жаңы көйнөк кийеличи. Ух-х сенин түйүлгөн муштумдарың. Апакеңди, мекениңди, элиңди коргогон жигит болгун. Эки көзүм баламда. Тыпылдап терим, жашым да… сүтүм да агып турду… Жүзү жаркыраган бул аял барпырата чөргөлгөн менин баламды көтөрүп жөнөдү.
- Сиз кайда барасыз?.. Баламды, баламды өзүмө бериңиз…
Биз экөөбүз каалгага кептеле түшүп ары чыктык. Сыртта… Ала Тоодой болуп Үлпөт эжем күтүп туруптур. Колунда гүлдесте…
Максуда Ормонова
“ЧЫРМООК”
(аңгеме)
Ошол жылы жазында үйдүн күн чыгыш тарабындагы чарчы жерге атыр гүл эккем. Ал жер сары топурак болчу. Жамгыр жаады дегиче боткого айланат. Огеле көп көң салып, жерин даярдагам. Атыр гүлдөрүмдүн жалбырактары барпайып, бирин-серин гүлдөй баштаган. Кызылы менен эле агын алган элем, эмнегедир ар түрдүү болуп ачылды. Сары, пушту, кызыл, чок кызылы да бар. Сатуучу октолгон көчөттөрүн эптеп мага саткан тура. Эптесе эптептир. Аккызыл элестеткен гүл бакчам, кыялымдан алда канча кооз болгондой. Күн алыс отоо чөптөрдөн тазалайм. Көң салынганга, чырмоок бир каптады дейсиң. Көчөттөрүм жакын да эгилген экен, аралап өтүп болбойт. Тиги, ортодогу кочкул кызыл гүлдүн сабагы түз, сейрек тикен. Бул гүлдөн бир эле түп чыкты.
- Жеңе, ушул гүлдөрүңүздөн бирди алам, жакында… Кошунабыз Гүлжаз дарбазадан кирип келди. Ал быйыл бүтүрүүчү.
- Ал, ал. Мына, гүлдөр ачыла баштады…
- Жеңе, балдарга, эми жи-жигиттерге гүл берсе болобу?..
- Ой-ээй, деги жөн жүрбөйт турбайсыңбы?
- Айтпаң! Бирок сонун жигит да, жеңе. Өл-лө сонун… Айтсаңыз, гүл берсем болобу?..
- Негизи гүлдү ал сага берсе жакшы болмок…
Э, бере берейинчи!.. Мектепте болсо “дүү-дүү” гап…
- Ии, эмнеге?..
- Ошо… баары эле каршы го… Гүлжаз кызарып кетти. Ал ушунчалык кызарды, сары жүзүнүн оту мойнуна чейин жетип, күрөң сепкилдери бетинен чачылып кетчүдөй бадырая түштү.
- Бирөөнүн жүрөгү менен кимдин иши бар?
- Иши болмоктон болуп жатпайбы. Эмне, жигитти мен сүйсөм болбойбу?..
- Эмнеге болбосун?! Кантип болбосун?
Мен да өткөн-кеткенди эстеп кеттимби, оолугуп, колумдагы отолгон чырмоокту тээ алыс ыргытып жибердим.
- Боло берет. Бергиң келсе бер. Көңүлүң ошону каалап турса, бер…
- Кечээтен бери карайм… Те-тиги, ортодогу боор ыраң гүлүңүздөн бересиз ээ? Ош-шол жакты… Гүлжаз, гүлгө созулган оң колун сол колу менен бекем кыса, көкүрөгүнө тартып алды.
- Пуштусун албайсыңбы? Кызылы, агы да сонун.
- Жок, мен ошону гана сүйдүм… Гүлжаздын кыска кирпиктүү, сүйүү толгон катсыз көздөрү ортодогу чок кызыл гүлгө кадалып, жымыңдап жанып турду.
- Жеңе, сиз акемди кантип сүйдүңүз эле? Ошону айтып бериңчи? Эч кимге айтпайм…
- Жеңе!.. Жеңе, барсызбы? Гүлжаз алактап шашып, кадамын чоң-чоң арыштап жаныма жетип келди.
- Кел, Эрке кыз, кел…
- Бу чырмоок сизди жүдөттү…
- Жүдөтмөктөн жүдөттү. Кызыл балээ болду.
- Мени болсо ушакчылар той-гуз-ду…
- Аларды укпа.
- Укпаганга болбой жатат, жеңе! Мени уятсызга чыгарышты! Кыздар чогулушуна да салышты!
Анан?
- Зулкумар мени балдардын артынан өзү чуркап жүрөт дейт. Менин башка балдар менен ишим канча?
- А сен эмне дедиң?
- Мен эчтеке дебей тура бердим.
- Тура бербесең керек? Оозуңду жапса, кулагың сүйлөп кетчү эле, кантип туруп калдың экен?
Гүлжаз жылмайып койду. Чоктой кызыл көйнөк кийип алыптыр.
- Көйнөгүң сонун экен.
- Жарашыппы? Ал этегин кармап бир айланып алды.
- Аябай жарашыптыр.
- Чыт. Апамдын сандыгында болчу. Өзүм тигип алдым.
Койсоңчу.
- Чын, жеңе. Мына, колдо, түн-нү менен тигип чыктым, – деп этегин кайрыды. Майда илип тигиптир.
- Бейиши болгур, эженин чеберлиги сага калган турбайбы… Гүлжаздын өңү бузулуп, көзүн жаш чая түштү.
- Эми жагаармын?
- Кеп-сөздөрдү көңүлүңө алба. Сен али жашсың. Жүрөгүңдү көп оорутпа…
- Ии, жең-ңе! Жүрөгүм оорумактан ооруп бүткөн! Сооротпоң мени!
Ал дарбазаны көздөй жөнөп, кайра туруп калды.
- Гүл өстүрөм деп колумдун аймалбаган жери калбады? – дедим көңүлүн алаксытмакка.
- Тикендин заары жаман, жеңе… Гүлжаз боору ооругандай мага бурулду.
Бирок ою чачырап турган эле.
- Арыкка суу улуу келиптир. Эшик алдына суу себелиби? Сен да кайнап келипсиң, – деп жылмайдым.
Челек кана? Гүлжаз ушуну эле күтүп тургансып арыктан челекке толтура суу сузуп, шарпылдатып үйдүн алдына чача баштады. Себилген суудан жердин жыты буркурайт. Мен болсо топурак жечү адатым кармап, гүлботомду алганы үйгө бастым.
- Жеңе!
- Азыр, үйгө кирип чыгайын.
- Уксаңыз, уксаңыз мени, жеңе? Гүлжаз мени көпкө жоголот дегенсип, мелт-калт суусу бар челегин жерге да койбой, аптыгып, сөзүн айтканга шашты.
- Гүлботомду алып чыгам!..
- Ии, ошо гүлботоңүз барбы!.. Мен босогого жете электе Гүлжаз чакадагы сууну өз башынан ылдый куя салды. Суу саамай чачынан шорголоп, этегинен ылдый акты. Чоктой кызыл чыт көйнөгү денесине жабышып, демин даана сездирген тик көкүрөгүнөн жүрөгү согуп турду…
- Ой-ээй! О…о эмне болдуң! Жерге сеп десе, боюна куйганын кара! Ой, бул эмне кылганың! Тур эми ошентип, шөмтүрөп! Мен анын жанына жетип бардым.
- Түтө-өп турганымды көр-дүңүз-б-бү?.. Ал энтигип сүйлөдү.
Көрдүм! Көрдүм! Ысык коломтого суу сепкендей болуп турасың!
Кандай жигит болду экен, ушу сени отко кактаган!
- Мени өрт-төп бүттү!.. Ушакчылар да мени жеңди!
- Эмнеге жеңет экен?!
- Анан сизге анын катын окутам. Өлгүмдү келтирди, жеңе! Мени… мени кыз эмес деп айтышыптыр! Эмне, эми ал, мени ошентип ойлойбу?!
Гүлжаз колундагы чаканы көтөрүп, түбүндө калган сууну ичип жиберди.
- Ай, ичпе аны! Арыктан сузуп алган сууну ичесиңби?! Ылайдын баарын жуттуң, апенди! Анын колунан челекти ала койдум.
- Ичимдеги отко баары бир эмеспи! Дөөпараз Касымга деле атайын өптүрүштү… Ал жинди көчөнүн так ортосунда мени кучактап албадыбы… Ии-ий, сас-сыган ит десе! Мен кор болдум, жеңе!..
- Кой деген бирөө-жарым болбодубу?! Мен эртең барайын, барайынчы ошо мектебиңе. Мага тиги баланы да көрсөтчү?!
- Жок, жеңе! Жок!..
- Мунун баарын жасап жаткан ким өзү?!
Ону сүйгөн бирөө бар… Шол… Адамдар жалганга ишене беришеби, жеңе!
Гүлжаз жер тепти. Кабагы чогулуп, көзүнө жаш толду. Карегинде чалкыган арыз-арман.
- Унутчу ошол жигитти. Мен сени өз иним менен тааныштырайын. Абдан жакшы бала. Мага келин болсоң жаманбы? Капаланба. Эч кимге капаланба. Көйнөгүңдү алмаштырып келчи, сүйлөшөлү. Гүлжаздын коргошундай уюган капалыгын жазгым келип, тапкан айлам ушул болду. Кайсы инимди айтып жатканымды да билбейм.
- Ооба, ошентейин, жеңе. Жок дегенде гүлүмдү берип койгонумда эмне…
Ал башын созуп гүлдөрдүн арасынан өзүнүн сүйгөн гүлүн карагандай болду.
- Шөмтүрөгөн-ай, шөмтүрөгөн! Сууга түшкөн чычкандай болдуң да калдың! Мен аны узата бастым. Ал көйнөгүнүн санына, жамбашына, көкүрөгүнө жабышкан жерлерин оңдоп-түздөп, мен мурда укпаган кайсы бир обонду кыңылдап, анан эки колун бийик көтөрүп, башын алка-шалка кылып бийлеп алды. Анын эркелеп да, эрээркеп да турган муңайым карегинен алоолонгон бейбаш отту көрдүм.
Гүлжаз кайра келбеди. Аны эстегенче ал жактырган ортолуктагы гүлдү карадым, башкача болуп калгандай. Ал жак, бул жагынан жол таап, гүлгө
жакын бардым. Көргөн көзүмө ишенбейм, чырмоок чанактын тамагынан бууп, гүлдүн башын ийип ороптур. Кантип көрбөй калдым?! Башкасын ал дейм го, эми келсе… Ичим тыз деп алды.
Таң атпай кошуналардын ызы-чуусунан ойгондук. Гүлжаз буунуп алыптыр!..
Чатыштап бараттым. Канатташ кошунамдын үйү алыстап кеткендей…
- Согуму бар бекен?! А шонусу зарыл! – деп жатыптыр быкжыйган, шире мас, жалжак көйнөк.
- Ал сенин ишиң эмес, Касым! Баргын да, жуунуп-таранып, дааратың менен кел! Өгүздөй ичкениңди качан токтотор экенсиң?!
Самат аксакал таягына жөлөнүп, тигиге тике карады.
- Өгүздөй ичсем өз акчама ичем! Өлө турган жанга кандай жашасам, өззүм билем! Мага акыл үйрөтпө-өө-гүлө!
- О Кудай урган! Адам болбойт экенсиң да! Жогол көзүмө көрүнбөй! – аксакал калчылдап кетти. Кишилер чогула калышты.
- Үнүңдү бас, Касым! Өлүм болуп жатат бул жерде!
- Өлүм болсо эмне экен! Болбой жүрдү беле?! Адам болуп көрүнөсүңөрр! Ошо, ошо мага акыл үйрөткөндөр-р, баарыңар өлгөн жерге ысыктанганы келесиңер-р, аа?! Же жалганбы?!..Эн-нең…
“Иий, сас-сыган ит” – Гүлжаздын кечээги сөзү кулагыма жаңыра… жаңыра түштү… Дале ишенип-ишенбей, кошунамдын үйүнө кирип бардым.
- Каты бар экен дешет…
- Кандай кат?
- Ниме жазылды экен?
- Жаман иш боптур, оп-поо!
- Шайтан азгырык!
Аялдардын арасында ушундай кеп.
- Аа!.. Аттаңатат-аа! А барат эдең-у шойерге! Шашпай кал-а! Шашпай кал!..
Күмүштөн кылган-а үбөлүк, а,
Күйгүзүп кеттиң түбөлүк, а.
Алтындан кылган үбөлүк, а,
Оо, адашып кеттиң-а, түбөлүк, а…
Таякчан кемпир буркурап ыйлап, эмшеңдеп, сөөктүн бетин ачып, колундагы жүзарчысын желпилдетти. Чок кызыл бахмал жамынып, ээги ак сурп менен таңылып, кападар “сулуу” созулуп жатты… Жансыз жасаттан чырмоокко чырмалган гүлдү көрдүм. Ал соолуган эле… Токтоно албадым…
Агын дайрам сен элең, а,
Арызың угаар мен элем.
Көгүн дайрам сен элең, а,
Көөнүңдү алаар мен элем.
О, жеңенин сүйгөн Эркеси-йа,
Жеңелеп келсең дем элең…
Кестирбей кызыл көйнөктү-йа,
Керилип кийсең болбойбу, а.
Энеден калган өксүгүм, оо…
Эл менен жүрсөң болбойбу-йа?
Өмүрдүн көрбөй жыргалын, а
Өлгөндү сага ким койду-йа?
Чыгайын десең эшик жок, а,
Шыкааларга тешик жок, а…
Шыбаксыз жайга шашылып, оо,
Күйдүрүп кеттиң эси жок-а…
Жеңи жок туюк кепинге-йа…
Жеңилсең кантем ичим чок, а…
Кыйкырсаң үнүн ким угат, уу…
Кыймылсыз танди ким туят, оф-ф…
Мүрда деп кантип айтайын, а…
Маңдайын турса жылтырап, оф-ф…
Ыйлаган бойдон кеттинби-йа…
Көзүңдө жашың кылгырат, уф-ф…
– Ка-атта кылып жазып коюптур, ак кагазга!.. Селт этип, дагы айтаарым оозуман ыргып, Гүлжаздын эжесин карадым. Ал үзүл-кесил сүйлөп, көнөктөп ыйлап турду. “Апама кеттим” деп жазыптыр катка.
Өлбөй ө-өл!.. Өлбөй ө-өл!..