Ашымбаев Калканбай
Калканбай Ашымбаев 1932-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында туулган.
Улуу Ата Мекендик согуш башталып калганда Калканбай колхозчу карыяларга газетага чыккан кабарларды баяндап, кенже эпостордон окуп берип турган. Ал жөнүндө “Кыргызстан пионери” газетасына “Агитатор пионер” аттуу кабар жарыяланган.
Эр жигиттер өлкөнү коргоого аттанган учурда он жаштан жогорку балдар колхоздун ар түркүн жумушуна чегилишкен. Улуу Ата Мекендик согуш аяктаганга дейре жана андан соң Калканбай Ашымбаев комсомол катары мыкты окуу менен коомдук иштерге жан дили менен катышкан. 1946-жылы “Улуу Ата Мекендик согуштун оруктагы эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган.
1950-жылы Сары-Камыш орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, Каракол шаарындагы мугалимдер институтунун физика-математика факультетине кирип, аны 1952-жылы ийгиликтүү бүтүрөт.
1952-жылдан 1959-жылга дейре Нарын облусунун Кочкор районунун мектептеринде эмгектенип, республикада алгач ирет Тимуровчулардын командасын уюштурат. Бул жөнүндө 1957-жылы “Ленинчил жаш” газетасына жарыяланган. Ошол жылдары ал адабиятка шыктанып, очерк, аңгеме, сатиралык жанрларды жаза баштаган. Анын алгачкы “Атасы айыктырды” аттуу аңгемеси “Ленинчил жаш” журналына 1957-жылы жарыяланган. Калканбайды адабиятка шыктандырган атасы Ашымбаев Мамбеталы манасчы 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты жана искусствонун декадасына катышкан. Уулуна уюткулуу сөздөрдү үйрөткөн.
1959-жылы Калканбай Ашымбаевди “Ленинчил жаш” газетасынын редакциясы чакыртып алып, адабий кызматкер катары ишке орноштурган. Ошол учурдан баштап, очерк, публицистика, фельетон жазышты улантат. Редакцияга абакка ак жеринен түшкөн Сурамаев дегенден кабар түшөт. Аны изилдеп келишке Ашымбаевге ишеним артышат. Кабарчы жеринен кылдат изилдеп келип: “Тергөөчү тергелүүгө тийиш” деген фельетонду жазат. Сын кабар жарык көргөндүн эртеси Сурамаев абактан бошотулат. Бул окуя окурман журтчулугуна өтө таасирлентет. Ашымбаевдин журналисттик аброю артат.
Алтымышынчы жылдын башында Кыргызстан Жазуучулар Союзу жаш таланттардын алгачкы слётун өткөрөт. “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору докладды Касым Каимов жасаган. Ал кийинки жылдарда таланттардын катары калыңдана баштаганын белгилеп келип:
— Бизде калеми төшөлүп, өз үнүн таба баштаган К.Жусупов, М.Гапаров, А.Стамов өңдүүлөр бар. Айрыкча “Түйүлгөн топурак” аттуу Чеховдук манерада жазылган Калканбай Ашымбаевдин аңгемесин айтууга болот. Тили, стили жетилген жаш жазуучу катары таанылды, — деген.
Ошол слётто прозачыларга Сталиндик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу – Түгөлбай Сыдыкбеков насаатчы катары адабиятын вазийпасы жана сөз байлыгы жөнүндө кенен маалымат эткен. Калканбай Ашымбаев Түгөлбай атага такай жолугуп, кеп-кеңешине каныккан. Айрыкча кыргыз акылмандыгы жана дүйнөлүк философия жагына багыт бере үндөгөн. Улуу устаттын таалиминен улам терең ойлуу чыгармаларды жазды. Алгачкы повести “Сокмо көйнөкчөндөр” деп аталып, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар баяндалып, жаш өспүрүмдөрдүн кайратман эмгеги сүрөттөлгөн. Бул чыгарма жөнүндө газеталарга жылуу пикирлер жарыяланган. Алтымышынчы жылдары анын “Алачык”, “Көк конверт”, “Кантсин бечара”, “Жарты жан”, “Биринчи марш” аттуу жыйнактары жарык көрдү. Алардын арасында Москва районунда балдардын эмгек түзөтүү жайынан жазылган “Биринчи марш” повестиндеги педагог Нурмамбетовдун педагогикалык табылгасы көркөм ыкмада баян этилип, окурмандар жылуу кабыл алган.
Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин жыйынында Кыргызстан Жазуучулар союзунун чыгармачылык жамааты өнөр жай жана жумушчулар темасына көңүл бөлбөй жаткандыгын жана Лениндик чакырык менен Кыргызстанга келген “Интергельпо” интернационалдык коому жөнүндө алигиче бир дагы очерк жазылбаганы катуу сынга алынган. Ошондон улам Кыргызстан Жазуучулар союзу жазуучу Калканбай Ашымбаевге “Интергельпо” жөнүндө жазууга тапшырма берген. Жазуучу он жылдап изилдеп жүрүп, 1982-жылы “Интергельпо” романын жарык көргөзгөн. Романды кыргыз журтчулугу жылуу кабыл алып, мезгилдүү басма сөздөрдө жазуучунун ой-чабыты, билиминин тереңдиги, интернационалдык духу бийик экени белгиленген.
Улуу устаты Түгөлбай Сыдыкбековдун кеңешинен улам Калканбай алтымышынчы жылдары “Мамбеталынын айткандары” атуу кыска, нары нуска санат, үлгү жана омоктуу ойлуу притча, афоризмдерди жаза баштайт. Кийин бул ойлору “Асыл ойлор антологиясы” аттуу жыйнактын чордонун түзгөн: “Бой тумар”, “Акылмандан каухар таш”, “Батакөй чал”, “Улуу сөз уюткусу” аттуу китептери жаралган. “Эркин-Тоо” газетасы 2021-жылы “Асыл ойлор антологиясы – кыргыз философиясы” деген ат менен үч санга жарыялаган.
Ошондой эле окурмандар жылуу кабылдаган отузга жакын китептери окурмандардын китеп текчелеринен орун алган.
Жазуучунун “Бой тумар”, “Акылмандын каухар таш”, “Батакөй чал” чыгармалары КТРК жана “Манас” радиолорунун алтын казынасына алынган.
Педагог жана философиялык ойлорго дыйкан жазуучу Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттеринде “Көсөмдүк жана чечендик аттуу дарс ачып, лекцияларды окугандыгы үчүн эки университеттин “Ардактуу профессору” наамына татыган.
Жазуучу өзүнүн “Санат”, “Терме”, “Үлгү” сөздөрдөн турган асыл ойлор түрмөктөрүн республиканын жогорку окуу жайларында, техникумдарда жана ПТУ лицейлеринде коомдук башталышта оозеки жатка аңгеме-дүкөн куруп келди. Тынбай жатка бир жана бир жарым саатка созулган оозеки дарсын жазуучу “Оозеки китеп” деп атады. Мына ошол “Оозеки китеби” менен республиканын аймагын “Адабиятты үгүттөө” коому аркылуу чабыттап, дыйкандарга, малчыларга, шахтёрлорго, жумушчуларга чечендик чеберчиликте улуттук каада-салтты камтыган омоктуу ойлорун тынбай жаншап келүүдө. Күнү бүгүн улуттук радио жана теле берүүлөрдө бир сааттык маектерди өткөрүп, ата-баба мурасын, адамгерчиликтин туу чокусу – ар-намысты бабына келтире баян этет.
Калканбай жыйырма алты жыл бою редакцияларда партиялык баштапкы уюмдун катчысы катары иштеп, журналисттерди ар тараптан өстүрүүгө кам көргөн.
Калканбай Ашымбаев 1960-жылы СССР Журналисттер союзуна 1976-жылы СССР Жазуучулар союзуна кабыл алынган. Кыргызстан Журналисттер союзунда фельетон секциясын, Жазуучулар союзунда публицистика жана очерк секцияларын башкарып, калемгер таланттардын ар тараптан өсүшүнө далалат эткен.
Кыргыз эл акыны, Эл Баатыр Сүйүнбай Эралиев: “Акылга дыйкан, ойго бай акылман кары Калканбай” деген атка кондурган жазуучу токсон жашты араласа да жүйрүк калеми колунан түшө элек.
Калканбай Ашымбаев СССР Жогорку Советинин указы менен “1940-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун оруктагы каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган. Улуу Жеңиштин 20, 30, 40, 50, 60, 70-жылдардагы эстелик медалдары менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан “Эмгек ардагери” медалы, 1968-жылы “Кыргыз Республикасынын Грамотасы” менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Лениндик комсомол комитетинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган.
Жазуучу “Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагери”, Кыргыз Республикасынын “Эл жазуучусу”, “Эл агартуунун отличниги” наамдарына арзыган.
Коомдук уюмдар аркылуу “Республиканын ардактуу инсаны” ордени менен сыйланган. Эл аралык Түгөлбай Ата сыйлыгынын ээси, Ысык-Көл областынын ардактуу атуулу.
Калканбай Ашымбаевдин жарык көргөн чыгармалары:
- «Атасы айыктырды» — аңгеме, 1957-жылы «Ленинчил жаш» журналына жарыяланган.
- «Түйүлгөн топурак» — аңгеме.
- «Сокмо көйнөкчөндөр» — повесть, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуяларга арналган.
- «Алачык» — чыгармалар жыйнагы.
- «Көк конверт» — чыгармалар жыйнагы.
- «Кантсин бечара» — чыгармалар жыйнагы.
- «Жарты жан» — чыгармалар жыйнагы.
- «Биринчи марш» — повесть.
- «Интергельпо» — роман, 1982-жылы жарык көргөн.
- «Мамбеталынын айткандары» — санат, үлгү, притча жана афоризмдерден турган чыгармалар топтому.
- «Асыл ойлор антологиясы» — философиялык, накыл жана омоктуу ойлордун жыйнагы.
- «Бой тумар» — чыгарма/китеп.
- «Акылмандын каухар ташы» — чыгарма/китеп.
- «Батакөй чал» — чыгарма/китеп.
- «Улуу сөз уюткусу» — чыгарма/китеп.
- «Санат» — асыл ойлор түрмөгү.
- «Терме» — асыл ойлор түрмөгү.
- «Үлгү» — асыл ойлор түрмөгү.
- «Оозеки китеп» — автордун жогорку окуу жайларында, техникумдарда жана башка мекемелерде оозеки баяндап келген лекциялык-чыгармачылык эмгектеринин топтому.