Ырысбай Абдыраимов: «ЫРААК САПАР»
Повесть
…1928-жылдын көктөмү мурунку жылдардагыдан өзгөрүлмөлүү келди. Ара күндө бүркөлгөн Күн кайра ачылаарында тээ төмөнтөн удургуй соккон шамал чаң сапырылтып, жан бүткөндүн көйнөк-көнчөгүн кымтылантчу, бак-дарак, же дубал далдаасына корголотчу болду. Дыбырт-дыбырт этип, бирин-экин тамчылаган жамгырдын арты улам күчөп, нөшөргө айланды. Жамгыр үч күндөн бери көз ачырбай жааганга кыш да кургакчыл өтүп, какшып калган жер бети камырдай чайылды. Жамгыр суусу арык-чөнөктөн, эски нуктан аша чаап, жол-талааны селдей жайпады.
Жайкалган жаз кезинде далы куйкалаган күндүн ырайы бузулганы күмөндүү. Бүткүл совет жергесиндей эле кыргыз айыл-кыштактарында да орток чарбаларды уюштуруу, ага каршылардын тамырын соолутуу эпкини күч алган кез. Жаңы замандын шамалына такааты алсыз бай-манап, молдо, сопу-кожолор менен алардын муруттарын күйгүлтүк басты. Алар эми кайсы жолго түшөөрүн билбей, ансыз деле арсар ойго баткан бей-бечараларды ушакка ууктурушту: “Кызылдарга жан тартпагыла. Алардын туусун желбиретип, жаңы заман курмакка шымалануу – эзелтен элде жок түйшүк…Мал-мүлктүү байларга опурулгандар — туулган жериңдеги жай турмушуң менен тынчтыкты бүлүндүрөт. Кембагалдын башына кесепет үйүп, балакет чакырат”- дешип, жумурай журттун сесин, кулактын кужурун алды.
Айлана-тегеректеги мөмөлүү дарактардын жашыл жалбырактары жаанга жуунгандай жашарып, көркөмү көздү кызартты. Бүрдөп-көктөп бараткан бак-дарактардын бой жеткен кыз-жигиттердей көзгө жагымдуулугун эске албаганда көгөргөн көктөм бул чөлкөмгө канатын эми гана жая салгандай. Бирок, кандайдыр бир соккудан аян эткенсип, удургуп соккон жаандуу шамал эптеп жан баккан жарды жалмачтарды күйгүлтүккө салды. Жерди жүн сабагандай соккулаган жамгырдын жакын арада басылаар түрү жок. Асман бети кара көшөгө тартылгандан бетер түнөргөн.
Эл ичи олку-солку. Жек-жаат, тууган — урук сүрүштүрүшүп, жаакташмай… Муштум кезеп, бири-бирине кыр көрсөтмөй… Өрөөндөгү бай-манап, болуштарды кулакка тартып, алардын мал-жандыгын, ороодогу эгин-данын өзү башчылыкка дайындалган артелдин эсебине кийиргенден бери Ракман менен аны коштогон актүптөрдө тыным жок. Ага тиш кайрагандар, ичи бузуктардын бал тилине арбалып, камчысын шилтешкендер жакын арада ого бетер арбыды. Атүгүл жалгыз-жарым жүргөн актүптү сабагандар, алар жолдон өтүп баратса, артынан таш-кесек ыргытып, анысы тийбей калса, кабанаак итин агытып, айдактап, сөккөндөр да чыкты.
Кара-тору ыраңдуу, кырдач мурун, кашы-көзү көмүрдөй кап-кара жыйырма беш курактагы Ракман өзү төрөлүп-өскөн өрөөнгө артель башчы болуп дайындалган. Чарбага каршылар баш көтөргөндө ат минип, өз өрөөнүнөн алдуу-күчтүү адамдарды курап, ыктыярчы атреттин командиринин милдетин да алды. Башында кызыл жылдыздуу,тегерек кырлуу шапке.
Ал боз адыр этегиндеги кыштактын улуу-кичүүсүн чогултуп, мурдагыдай бытыранды жашабай, чогуу күн көрүүгө үндөөөнү көздөдү. Анын өмүрүндөгү айылдан тартып, экинчи дүйнөлүк согушка туш келген узак сапары — кылыч мизиндеги опуртал озуйпаларды коштоо менен башталды.
“Топтолду” деген кишилерге жүздөшкөнү баратып, ойго чөмүлдү. “Кыргыз автономия облусу куралганына минтип, төрт жылга толду. Өз алдыбызча жашоого урунуп, кыргыз мамлекетин түбөлүккө урагыс, аска-зоокадай кылып куралы. Төгөрөктүн төрт бурчунда орток чарба канатын жайды. Биз да: “Башы бирикпес жети кошкон эл” — дегенди жыйыштыралы. Каруубузду бай-манаптарга казык кылып, короосуна отубуз менен кирип, күлүбүз менен чыкканда маңдайыбыз жылыбады… Бытыранды кембагалдар биригели. Жер кепелерде макоодой жалгыз жашагыча совет өкмөтү кураар жумурткадай аппак үйлөрдө күн көргөн өйдө. Ар кайсы коктуда таруудай чачырап, бир-бирден түтүн булаткыча, баарыбыз бир муштумдай түйүлүп, калкоз болсок, трактор жер чиет, эгин айдайт, машина келет. Комбайн буудай орот. Төрт түлүк жер жайнайт. Ата-бабабыз эзели көрбөгөн кооз үйлөр, мектептер курулуп, колуна калем алып, балдар окуйт. Окуу жайлар ачылып, улан-кыздар токсон түрлүү кесипти үйрөнөт. Бара-бара кой үстүнө торгой жумурткалап, ак төөнүн карды жарылып, жашоо май көл, сүт көлдөй оңолот. Өкмөттүн көздөгөнү да менин оюмдагыдай. Жерди биргелешип айдап, үрөндү чогуу сээп… Буудай оробузбу, арпа эгебизби, же жүгөрүбү, алардын данын бир кампага жыйсак. Эгинди ар кимдин керегине жараша бөлөбүз… Сууну көрүнгөнү өз арыгына жетелесе, ал да таңкыстыкка айланып, деңиз деле талаага түтпөс. Жеке кожолукта арык чабылбай, жиги улам жоголду го! Талаага суу жетпесе, дан бышпайт. Ошон үчүн Кеңеш өкмөтүнүн: “Бирөө -бардыгы, бардыгы — бирөө үчүн камкордук көрсүн” деген урааны эң туура! Бирдики-түмөнгө…” Ага ушул кыялдары канат бүтүрдү. Өз ойлоруна эргип, дене-бою жылып, топ адамдарга улам жакындады. Болжогонундай эле беш-алты айылдан жыйылган адамдар аны зарыга күтүшүптүр. Адегенде ээрден түштү да, кишилер менен кол кармашып, амандашты. Бууданынын тизгинин колунан чыгарбай, жардана карагандарга күлүмсүрөй:
— Бай-манаптардын заманы түгөндү, туугандар! Кыргыз жеринде, сары өзөн Чүйдө, тиги тоолуу Нарын менен Ысык-Көл… Талас менен Чаткал, Алайда эл орток чарбаларга бирикти. Эми биз да элдин малы менен орток чарба курайбыз. Мурдагыдай көрүнгөн кокту-колот, ар кайсы капчыгайда бытырабай, беш манжадай бир миңдик болобуз. Тапкан-тутканыбыз байлардын колуна түшпөй, маңдай тер менен тапкан акыбыз өзүбүзгө буйруйт. Жер да, мал менен байлык-мүлк да ортого коюлат. Кедей-кембагал, бий-болуш деген жок, мүлдө киши теңбиз. Байбы-кедейби, кимден эмне чыкса… Кой-эчки, жылкы, бодо мал, үрөн, буудайы барбы, кетмен-күрөкпү, тапканыбызды түгөлү менен ортого кошобуз. Жерди бирге иштетип, мал-мүлктү короолордо чогуу багабыз. Жүз койду жүз башка адам бакмай, сеники-меники демей жок. Жалгыз-жарымдап өстүргөн эгин берекесиз экенин көрдүңөр. Ар ким буурсунду өз-өзүнчө айдаганча жерди чогуу тытмалаган өйдө. Терип алган буудайың менен жүгөрү, пахтаңды да ар ким бир этектен ташып, убара тартпайлы… Баарын арабага жүктөп, үй-үйгө жеткирсең, киши-кара түгүл, ат-эшек да бир таптаган жолун миң баспайт. Ошо… Бөлөк өрөөндөрдөн биз, үч-төрт жылдай артта калдык. Кой-малы менен жылкы, алтындарын Кытай менен өзбектерге айдай каччулардын жолун бууйлу! Ал жактан кайрып келүүгө биздин укуругубуз узун. Байлыгыңарды бөтөнгө жедиргиче, өз элиңерге кошкула! –Мына ушинттип айтты ал,жардангандарга үмүттүү көз таштап.
Жыйналгандар тунжурады. Алардын арасынан адегенде үн чыгарган жан чыкпады. Баарынын көздөрү жалдырап, жан-жактагыларына бурулуп: “Дагы кимиси эмне дээр экен?”- дегенсип, ден-дароо. Саамдан кийин өз ара күбүр-шыбырга өтүштү.
Боз жоргосунун ээринде оң жамбашына кыйшайып, камчысын ээгине такап олтурган Көлмамат кең далы, жайык төш, көмүрдөй кара чачы артына таралган Ракмандын сөзүнө мурдун чүйрүдү. ( Көлдүү кыштоодо, койчунун үйүндө төрөлгөндүктөн ага Көлмамат деп ат коюшкан. Бара-бара ал ысымы унутулду. Ата-энеси “Көлү… Гөлү” деп эркелеткен аты элге жайылды.) Ал алдыга обдулуп, оңдонду. Ракманды теңсинбей, текеберлене кайбат кылды:
-Эй, сен кайдан чыккан оёнсуң?!.. Келе десең эле сага ме деп, малын кармата койчу дөдөй туула элек. Кайран бөлтүрүк! Нанга колуң жетип… Битке таланып, талканга зар чагыңды унутупсуң… Курсагың тоюп калган экен,ээ!? — деди ал, Ракманга качанкы жетимдигин эстетип, жардылыгы менен басынтууну самап:. — Арстандай айбатың менен алдыңа айдап иер дүнүйө, акмактын оозунда. Ушу сенин жармач өкмөтүңө кошоюн деп, жети атамдан өйдө эч ким байлык күткөн эмес. Ата-бабамдын кан-жаны менен бүткөн караларды калкозуңа карматкыча, өзүңдү көк бөрү тартам.
Ракман ата-энесинен балапан чагында ажырап, томолой жетим калган. Ар кимдин эшигин сагалап жүрүп, оору чалып, чоңойгону түбөлүккө жадынан чыкпас.Көлмаматтын атасыныкында да малайлыктын азабын кыйла тарткан.
Гөлүнүн демитип, берегидей дымагынан кийин чогулгандарга жан бүткөнсүдү. Ал тегерегиндегилерди кыдырата карап, кебин коштоор адам күттү. Кыйла мардайды. Бир тууган агасы Акылбек аны минтип сүрөдү:
-Азыркыдай оомал-төкмөл заманда ач калсаң, токоч сунаар пенде чыкпас. Ошончүн бир кулач жерди да, бир тоголок жүгөрүнү да сага карматпайбыз. Билдиңби?.. Керек десең,бар, орток чарбаңды өзүң кура! Бизге жолобо…
—Кураган мал-дүнүйөбүздү түгөлү менен сага кармата коёлу деп, дүнүйө жыйган эмеспиз. Эй, бала-бакыра эмне жейт? Тишинин кирин соробу? Короодогу кой-малга тишиң мокок… Аларды соёбузбу, коёбузбу, же сатабызбы, өзүбүз билебиз. Кылын кармап көрчү, — деди дагы бири кырдана.
Кайым айтыш андан ары уланып, оттой тутанып баратты. Гөлү:
– Бу айланада элге баш болуп жүргөн бий-болуш, манаптарды көзгө илбей…Өзүңчө эле чоң болуп алыпсың. Кайдагы бир, элде жок савет дегенди бий тутуп!.. “Элүү жылда эл жаңы” дегендей, аның деле бир күнү ак падышадай кулап, таш- талканы чыгат. Тирүү жүрсөң көрөсүң, — деди олуядан бетер.
Ракман баш чайкады.Оор басырык менен:
— Гөлү, мен өзүмчө эле оён болуп атканым жок!.. Мени совет өкмөтү силерди башкарсын деп жиберди. Өткөндү аргасыз эстеттиң… Ак падышага жүгүнгөн манап-болуштарыңдын… Падышасы менен ыры бүткөнүнө ой, он жылдан ашты го! Аларды оозго алгандан пайда жок! Сага жакпаган Кеңеш өкмөтү… ВКП (б) кыргыздарга мамлекет курду. Адегенде автономиялуу облус болсок, мындан үч жыл мурун автономдуу республикага, Кыргыз АССРине айландык. Мендейлерди окутуп, элди башкарганы элетке жөнөттү. Атаңдын малын багып, кой-эчкиңдин тепсендисинде күн көрүп, кара курсагыма жетинбей жүргөм… Кеңеш өкмөтү минтип кийиндирди, ичиндирди, – деп үстүндөгү шапкесин, сары китель, галифе шым менен кара жылтыр өтүгүн көрсөттү. – Окутуп, ак-караны ажыратты, көзүмдү ачты. Анан мени кадырлаган өкмөттүн камчысын чаппаганда, сенин айдагыңа көнбөйм…
— Карасаңар, о- ой!.. Бул – кайсы ийинде чоңойгонун унуткан, көзү жумук бөлтүрүк тура! Эх-ха-ха… – деп, Акылбек бир жагынан санын чаба каткырды.
Ракман ага көңүл бурбай, кебин кайра улады:
— Кеңеш бийлиги… Мен сыяктуу миллиондогон адамдарга кам көрүп атат. Мындан ары силердей байларга таазим этчү кулдар жок…Кедей-кембагал, бий-болуш деген тыйылды. Эркиндик, теңдик заман кулач жайды. Эми сенден, же атаңдан сурабайбыз, Гөлү! Адам аттуулар менен мал-мүлктүн, бай-манаптардын байлыгын тизмеге алабыз. Өкмөттүн сурагы –ушундай…
Ич ара наалыган бир нече киши Көлмаматты ээрчип, обочо жылды. Алар:”Эми эмне айла табышаар экен?”,- деген таризде Ракмандын жанында калган көпчүлүктүн кобур-собуруна кулак түрүштү.
Ракман майнапсыз сөздү андан ары ырбатууну каалабады. Ширеңке чагылганда дүрт этеер куурай сыңары жалындаар ачуусун тыйбаса, убакыт уурдалып, жаңыдан оожалаар орток чарбасы бүлүнчүдөй. Ал: “Көр оокаты менен байлыгына көпкөндөргө теңелбейинчи!” – деп кыялданып, өзүн карманды. Кыштакты ат тезегин кургатпай, утуру кыдырып, араң жыйнаган адамдардын көзүнчө баш чулгуган Көлмаматка тили өтпөй, сөзү сынганына буулукту. Айла издеди. Түйүлгөн муштумун ачып-жумду. Гөлү табалагандай боору ката электе томолой жетим калып, көрүнгөндүн көлөкөсүндө чоңойгону — ырас. “Биттеп, кордук тарткан бала чагымды элдин көзүнчө оозго алуунун кандай кереги бар эле?..Чамасы, мени мүңкүрөтүүнү самады. Бул жерде менин эртегим тууралуу эмес, чарба куруу жөнүндө баш оорутуп атабыз го!” –деп ойлонду. Каргадайынан тарткан запкысы үчүн менменсинген Көлмаматтын кадемин катырууга мезгил жеткендей. Бирок, азыр аны жакадан кармап, ээрден тартып түшүрүүнү чамаласа да, эринин кымтыды. “Боз улан курагымда ыктыярчы аскерлердин катарына кошулдум. Орток чарбанын күүсү күчөөрдө башкармалыкка дайындашты. Эми өрөөндөгү букаралардын алдында, Гөлүнүн тил кайтарып, кырдуусунганын карачы!” Жардана тиктеген айылдаштарынын көздөрүнө тигилди. Тегеректеги боор тарткан кишилердин көз карашын:”Каяша айткан бузуку Гөлүнүн кадемин катыр! Ата-тегибизден өйдө атасынын короосунда чычырканактай машакка ээ болбой, томаяктай күн көргөнүбүз — жетээр. Ага окшогондордун колун кыя чабаар арстан жүрөк азамат чыкса, биз тартынбайбыз. Ошону ээрчийбиз. Бир өлүм башыбызда”,- деп ойлоду.
Көпчүлүктүн ушундай көз карашына шерденди да, атынан шак ыргып түштү. Жазууга калем-кагазын белендеген москоол мүчөлүү, коюу калың кара каш, кара көздөрү күлүңдөгөн кишиге кол булгады:
-Султа-ан, бери бас!
Кара тумакчан Султан леп эте, анын алдына жете келди. Башкарманын маңдайына сыңар тизелей олтурду. Ракман ак боз атынын басмайылын бошотту. Ээрди жерге коюп, бууданын Султандын алдына тартты:
—Жаз мени! Ортого ушу ак бозумду ээр-тизгини менен коштум. Алгыла – деп, чылбырды күлүгүнүн нурлуу жалына ыргытты. Эртедир –кечтир жөө калбай турганына үмүттөнүп, адамдарды аралай басты.
Султан тизме башына Ракмандын атын кошкон кагаздан баш көтөрбөй:
-Ушу сени эле күтүп тургам, Раке. Эми өзүмдү кошоюн. Ылайым орто чарбаныкы көбөйсүн. Кожо көрсүнгө чиймелеп атат дебегиле. Мына, өгүзүмдү коштум. Трактор келгиче буурсун менен жер айдаганга андан күчтүү көлүк табылбас. Кана, дагы ким кошулат?.. Эй, эгер билсеңер — бу өкүмөт, колунда коко тыйыны жок, мына, биздей кара тамандардын бактысына бүттү. Кедейдин ичи кең, ээр токумдуу ат батат. Бир тойгону – орто байыганы, бар тапканын шуу чачат. Ушинтип, артелди өзүбүз кураштырбасак, өзүбүз ортого кошпосок, четтен бирөө келип, бизге тасмал жайбайт, орок орбойт. Кеңсе куруп бербейт. Бай-манаптардын бизди көрөөр көзү жок, бекер таркатаар буудай үрөнү жок. Эртерээк жаздык себели, алтын күздө күздүк үрөн эгели. Кана, ким жазылат? Тайсалдабагыла! Ким эрте кошулса, утук –ошонуку. Ракманды көрдүңөр… Бармактайынан малайлык акысына тийген ак боз аттын көзүнө карабай, “өзүм минбесем, жок” деп, жоргосун ортого карматты. “Эл байысын” деген эр жигит битиребей, ушундай марттык кылат…
— Ай, мен да жылкы-бодолорумду кошоюн, – деди Шамшидин.
— Кой-козу да жарайбы? – деп сурады, ага ийиндеш турган Жаныш.
— Жылда үч эм тууган, жалкы эчкимди аябайын… Жаз, мени… – деп, эшегин аркандаган жоон-жолпу, көрпө тебетейчен Мидин бакылдады.Тез эле элүү чакты адам тизмеге түштү.
-Токто, быякта мен бармын… Элден калчу биз эмес.-
Султанды топ кишилердин артынан чыккан өкүмдүү үн делдейтти. Ал кагаздан баш көтөргөндө көйнөгүнүн жеңдерин чыканагына дейре түргөн, калпакчан Мажит ортого чыга келди.
Чоюн билектүү бул жигиттин атасы эр эңиште эч кимден жеңилбеген, күрөштө далысы жерге тийбеген — балбан . Жигит курагында: “Ноокенден Суусамырга атчан барып, Кожомкул балбанга учураган” — дешет. Мажиттин атасы күлүгүнөн түшпөй, дөбөдө олтурган Кожомкулга кол сунганда: “Мажиттин атасынын бою ошо балбандын тизесине араң тең келиптир. Төө-Ашууга жылкыны көтөрүп чыккан Кожомкул менен Мажиттин атасы күч сынашпай эле артына дароо кайткан экен,”- деген каңшаар жүргөн. Атасын тартып, Мажит да карылуу болуп өстү. Ызы-чуу чыкканда:” Кабыргаңарды кайрып коёмун. Тынч жүргүлө!”, — деп кызыл чеке болгондорду тынчтандырып, эгер жоошубаса, арага кызыл кыргын салуудан кайра тартпас мүнөзүн мүлдө пенде билет. Ошондондуктанбы: “Балбандын уулу менен тирешпегиле!Кабыргаңарды кайрып, билегиңерди сындырат” – деген кеп өрөөнгө желдей тараган.
Кыркма мурут Мажит Султанды ийнинен тартып, билегин мыкчый кармады. Ракманга кыйгач тигиле:
-Бар тапканымды ортого кошсом, жарашаттыр – деди.
Анын урушчудай түрүнөн чоочулап, үрөйлөрү учуп, четке оолактаган кишилердин жарпы эми жазылды. Султан Көлмаматты курчап тургандарга кыйыта:
-“Тигини бер, муну бер. Айды алып бер”- деп кыстабайбыз. Ыктыярдуу кол кабыш кылгандарды зордомой жок. Колуңа казык урунса, ошону деле кошо бер. Залалы тийбес. Моюн толгогондор менен эси-көөнүнөн чыккыс кылып, Ракман өзү эсептешээр күн келет.
-“Эл – мазар, андан чыккан – азар”… Ушу элге кошпогондо көрүмө жетелеп кетпеймин. Бирок, ачык айтсам, он соолугум менен көк эшегим гана бар, — деди Мажит ардангандай.
Ракман анын зоболосун бийиктеткиси келип:
— Ыракмат ээ, Мажит! Ал деле унаа. Кур дегенде үрөн, же башка жүк ташыганга жарайт. Сүтү –арам дегени менен күчү – адал. Бизге күчү менен иши керек.
Көлмамат буга мыскылдай күлдү:
— Мажиттин бооз эшегине түшкөн күнүң курусун, Ракман… Азаматтар, ай-я! Туура кыласың, Мажит! Тартынбай кош! Бойдогуңар – минесиңер. Аз күндөн кийин эшегиң такай тууса, сүтүн ичесиңер. Силердей томаяктарга ошо деле кыйла оокат… Оха-ха-ха, ой боорум ай — дегенде, аны жактагандар да кошоматтана күлүштү.
Ракман тигинин мазактаганына терикти. Бир аз ызаланып:
-Эй, бузуку Гөлү!.. Көп эле аңыраңдап, төбөгө чыга бербе! Жалгыз көз ийне кошсо да, айныбайбыз. Көнсөң – ыктыярың менен бирик. Антпесең, төбөңө төрттү коюп, бала-чакаңан өйдө камайбыз. Биздин сөз жакпайбы, төрт тарабың кыбыла. Мага демектен араптарга кул болуп, өтүп кет. Ошондо сени менен ишим жок. Куралып алсак, сендей баканооздор чаңыбызга жетпес. Кийин азыркы пейлиңе ичиң ачышып, жалынбасаң – атымды башка коём. Элдин баары орток чарбага кирип атса, сен коколой калып, токой сымак көктөбөйсүң. Макоо-пес болосуң.
-И-ий, ары жок ай-я! Сендейге майып, бечелдер эле жалынбаса…Экөөбүздүн кайнасак каныбыз кошулбас. Ушуну эсиңден чыгарба, куу туяк! Мен — ак сөөкмүн, а сен, аталага зар кедей… Мен да жигит курап, сени менен ай, кыямат кайымга дейре чабышам. Көрөсүң – деп, мукуя кекетти Гөлү.
Ракман көзөгөн максаты эмитен жайгарылгандай, күлүмсүрөдү да:
-Чарбадан кутулбайсы-ың. Башка аргаң жок. Кудай жалгап, биздин чүкөбүз айкүр турса, шашп-а али… Бизге кантип жагынаарыңды, көңүлүбүздү кайдан табаарыңды, көзүбүздүн агы менен кантип айланаарыңды билбей, артелдин эшигин сагалайсың. Өз агасын агалай албаган – бөтөндүн эшигин сагалайт… Баш-аягыбыз жыйылганда, сени менен эсептешүү качпас. Кержеңдеп моюн толгосоң, колуңду кайрып, зордоп кошобуз. Бар байлыгыңды каттап, үй-жайыңды жылаңачтап… Атаңды Күн батышка, өзүңдү Күн чыгышка айдап ийсек, мурдуңан эшек куртуң түшүп… Сүргүндөн молдо болуп кайтасыңар.
Кишилердин курчоосунда турган Султан кайым айтышуунун арты чырга айланаарын, андан улам баш жарылып, көз чыкмай алыс эмес экенин боолгоду. Ракман менен Гөлүнүн тиш кайраганын чорт бөлүп, экөөнү элдештиргенге, чогулгандарды алаксытканга шашты.
-Кана, эй туугандар, жаакташканды койгула,эми! Дагы кимиң жазыласың? – деп, айланасында жарданып тургандарга кайрылды. Суроосуна оң жооп болбогон соң, тизмелүү кагазды Ракманга узатты:
— Мына. Бул жердегилердин баары ыктыяры менен чарбага кошулду. Эч кимиси калган жок.
Ракман кагазга бир сыйра көз жүгүрткөн соң, тизмеге ичи толбой:
—Ээлеген жери кенен, тамак-ашы белен, кой-малын короосуна батыра албагандардын бири да кошулбаптыр да ээ, жакшылыктан үмүтү жоктор!Чамасы, булар менен башкача сүйлөшөбүз. Өздөрү өкүм зордукту күсөсө, биз маңдайынан сылабайбыз. Туурабы, Султан?
Султан жаңжалды жактырбайт. Ал не айтаарын билбей, элейди. Анын ордуна көйнөгүн башынан ашыра чече баштаган Мажит күүлөндү, тишин кычыратып:
-Кайсы кыйыны менен болсо да, алышса, алышам. Күрөшсө, күрөшөм… Үчөө-төртөөнү жүгөрү бадыракты сугунгуча ала жыгам. “Мен эркекмин”- дегениңер… Кана, жекеме-жекеге чыккыла! Антпесеңер, Ракманга тийишпей, тилин алгыла, — деп Гөлү тараптагыларды көздөй басты.
Көлмамат Мажит менен Ракмандын ачуулуу түрүн байкаган соң, угулар-угулмаксан сөгүндү. Аларга кекээрлүү тиктеп, деми түштү. Анан жоошугандан бетер үн чыгарбай, атынын башын бурду. Камчылуу колун бийик көтөрүп, “кеттик” дегендей адырды көздөй шилтеди. “Мал-мүлкүмдү жармачтарга талаткыча…Жигиттерге он үйүр жылкымды карматайын да, алардан аскер курайын”-деп, кыялында ыктыярчылар менен болоор чапкынга камынды.
Ракмандын эсине: “Менин жолумду торогон уулунун айынан анын атасы Марайымга да тилим тийди окшойт”, — деген ой кылт этти. Көз алдына качанкы бир болуп өткөн окуя тартылды…
…Ал сегиз-тогуз жашарында өзү чамалаш жетим балдар менен чөптүн тамырын казып, кемирип, курсакка жугумсуз чөптөн улам ичи барсайып көөп, ал-күчтөн тайып, ныксырап жаткан. Жолдон атчан өтүп бараткан Марайым аны көрүп, боору ооруду. Баланы учкаштырып үйүнө ала келди. Сокмо дубал менен тегерете урулган короосуна жеткенде атынан этияттай түшүргөн. Байбичесине: “ Тамак-ашты этияттап, аз-аздан жедир. Ач курсак неме аша тоюп алып, өзөгүнө түшүп кетпесин”,-деп табыштаганы, мына азыр да кулагына жаңырды. Марайымдыкында жарым жылдай жашады. Акыры анын сөккүсүн угуп, тепкисин жеп, кой-эчкисин баккандан тажады. Кийинки тагдыры менен иши жок, ата-энесине эркелей албай, алардын койнуна каткан мээримин татпай, кимдир-бирөөнүн жүрөк элжиреткен жылуу кебин укпаган тестиер… Кеч киргенде кайда бараарын билбей, туш келди үйдө түнөдү. Көрүнгөн адамдын отунун жарып, суусун ташыды. Ошентип, бой тарткыча арадан кыйла жыл учкан куштай зымырады. Марайымдыкында көргөн азап-кордуктары эсине кыттай уюп, унутулгус болуп калган. Тарткан запкы-зомбулуктарын эл башкарып, отуздан оогондо гана кыялынан учурду. Заман аңтар-теңтер болуп атканын алда кимдир-бирөөлөрдөн укту. Бир аз тамга таанып, эжелеп китеп окуй баштаганда өзү курдай бир нече уландар менен аскерге аттанды. Анда атчандардын сабында жүрүп, ак-караны ажыратып калганда ыктыярчы аскерлердин тобуна кошулду. Туулган өрөөнүнө аскер баштап келип, Марайымга капыс учурады. Бул аксакалдын да кулакка тартылаарын угуп, ичинен сызган. “Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам айт!”,- дегенди унутпай, Марайым менен анын балдарынын кемсинтип ызалантканын, уруп-согушканын оюна албады. Байдыкында жеген талканын актоону чечти. Экөө ээн калганда мүчөлөрү келишип, жон-тери, куйрук жалы май сүйкөгөндөй жылтыраган кызыл тору атты бир топко сынай тиктеп турду да :
-Марайым аба, бууданыңыз көз күйдүрөт го! – деди тамашалай, шилекейин жутуп. – Бирок, мен сизге башка кабар угузам… Сиз, эбин таап, батыраак көз жазгыруунун амалын издеңиз. Балдарыңыз менен орток чарбага кирбеген жазаңызга… Алыс жакка айдалчулардын тизмесинде жүрөсүз. Капыс колго түшүп, камалып калбаңыз, — деди.
Аксакал анын чочулоосун тоотпой, ага шарт бурулду. Күлүгүнө сук артканын чамалады. Куу көз карашы менен Ракманды акырая тиктеди да:
-У, бүркүт мурдуңду урайын!… Мен сени чоңойтуп-чочойтуп… Адам кылып койгон акыма каматып, айдатат экенсиң да! Жакшылыгымды ушинтип кайтарасыңбы? Койнумдагы коко тикен экенсиң го!- деди зекип.
— Эми… Менин колуман азыр коко тыйын келбейт, аксакал! Бөрк ал десе, баш алчу жетим жүгүрүкмүн. Бирок, кыраакы пенде жакшылыгын колко кылбайт.
Марайым кызаңдай түштү. Чын-жалганды аралаштыра демитти:
— Мен сени жетим кезиңде бакканмын, билдиңби!? Бала кезиңде: “Бир тууган агам… Атам”- дечүсүң! Ошону эстен чыгарба.. Эми мени калкала… Кийгениң — үнкүүлөрдүн шапкеси… Эчтекеге жарабаса,андай кийимди ыргыт. Минтип коргонумду кеңейтип, мал-багымды көбөйтүп… “Ракман жетим чоңоюп, аман-эсен кайтса… Атасын жоктотпой, үйлөндүрүп коюу” тилегим бар. Же, менин сендей бей-бечарага чыпалагым тийбесе…
Ракман:”Анткорлугун! Мага окшогондорду уруп-сабап, кордоп-шордотконуңду эл билет!”- деп, ичинен сүйлөндү. Кытмыр көз карыянын актанганын жактырбады. Колдорун шымынын эки чөнтөгүнө салып, тетири бурулду. Кызуулана ары-бери басты. Бир саамдан соң, жылмая карап:
-Кызык экенсиз, Марайым аксакал! Бакканыңды милдет кылба… Чөнтөгүмө катып алгыдай, сиз кичинекей, жүзаарчууга батаар алма болсоңуз, бир жөн…Сизди “советтин ашынган душманы” деп атышат. Кимдир-бирөөлөр ошентип, НКВДга жазыптыр. Биз жактагы тополоң – тоз басылгыча кулак уккус, көз көргүс жакка ооп кетиңиз. Заман оңолгондо, кайтаарсыз. Менин тилиме көнсөңүз, шек-шыбыртыңызды эч кимге билдирбей.. . Же, бала-чакаңыз, үй-жайыңыз менен Кытайга чейин коштоп барайын. Байлардын баары Ооган, Пакистан, Индостанга качып атышат… Шек-шооратыңыз тууралуу бир жанга ооз ачпайын. Ошентип, баккан акыңызга башыңызды аман-эсен куткарайын, — деди жаны ачый.
Марайым капаланып, ооз ачпады. Ордунан козголуп, этегин кагынды. Ракмандын сөзүн аягына дейре угууну каалаган жок. Байланган жеринде тим турбай, туягы менен жер чапчып. окуранган бууданын чечти. Үзөнгүгө буту тиер замат ээрге жабышты. Минээри менен темингенде күлүгү таскактап жөнөдү.
Ракман, байдын эрке желдей желип бараткан дулдулу, билгендер даңазалап, таң калгандай бар экенине ынанды. Марайымдын күлүгүнө сугу түштү. Өзү менен үңкүйгөн карыны салыштырып, ичи тарыды. “Мен жаңы өкмөткө оң кол болсом… Өчөйгөн абышка… Мен минбеген күлүктү… Кедейлердин канын соргонуна энчилейби? Муну кара. Султан:”Марайымдын дулдулу сага чак”,- деп туура айтыптыр”. Ушинтип, өзү менен өзү макулдашып, оюн ырастай баш ийкеди:”Сениби, чал, көппөй тур!”
Келбети келишимдүү күлүк Ракмандын ичине ошентип, будуң-чаң салды. Өткөн чагын чүкөдөй быркыратты да койду. Марайымдын дулдулу уктаса түшүнөн, күндүзү кыялынан чыкпады. Ал: “Калкозго кирсе, “атын чарбага кошту” — деп жаздыртып, минсем-койсом өзүм билем да”, — деген ойго чарпылды. Күндөрдүн биринде НКВДлар чапкын салаарын угуп, аны кабарлаганы Марайымдыкына жетип барды. Бирок, карыя ага дейре эле мал-коюн айдап, тоонун кокту-колоңун аралай, качкан болчу. Короосу аңгырап, ээн турат. Коңшуларынан сураштырып, байдын сары жон адырларды беттей жөнөгөнүн билди. Марайымдын бир ооз дайын-дарегин айтпай, из суутканына зоокусу кайнады. “Бир кишини арачалап калбасам, менин эмнем артель башчы? Бир жагы абышканын жакшылыгын кайтарган болмокмун. Күлүгүнө көзүм түшкөнүнөн шекшип, бууданын тартып алаарымды билип, жашынуусу да мүмкүн. Ыктыяры менен ортого кошулбай, биз айткан чыйыр менен жүрбөсө… Атын жерден чукуп болсо да, таптыртып, ортого коштурам. Мага да, ага да жок. Савет өкмөтү деле менин сөзүмдү сүйлөйт.” Султан селсебит менен милицияга буйрук берип, качкын аксакалды издетүүгө ниеттенди.
-Марайымды тап да, урук-тууганы менен калкозго кошул де. Жылкы-малын кириште. Жок, кыйшаңдап, тетири басса, төбөсүнө төрт камчы ур. Мени айтты де. Мага дердеңдебесин! Жанагы, жаман атын быякка жетелелеп кел. Менин жөө жүргөнүмдү элдин чоң-кичинесинен өйдө көрүштү. Күлүк ат ага эмес, мага ылайыктуу — деди Султанга.
— Макул. – Султан мылтыкчан жоокерге “жүр” дегендей ишара кылып, аны артынан ээрчитти.
Селсебит арылаган соң, Ракман боз көйнөк, боз дамбалчан Жолдошко бурулду. Экөө кенедейинен чогуу өскөн, бири-бирине ынак. Жука кийинген Жолдош жоош-момун. Атасы Кулу байманалуу киши. Ракман ага жылмая тигилди да:
-Досум! Сенин атаң да тизмеден көрүнбөйт го!
Жолдош үндөбөдү. Ракман:
-Экөөбүздүн достугубуз атаңды калкалабайт! Жарыбаган байлыгы менен кулакка тартылып кетпесин. Атаңа айт, элге аралашсын. А сен бизге да, Гөлү тууганыңа да жан тартпа!
— Раке! А мен далайдан бери эле Эргеш Алиевдин тапшырмасы менен жүрөм, — деди Кулу, дароо сөгүп иймей адаты бар досунан бир аз айбыгып.
— Эчтеке эмес. Эргеш экөөбүздүн тең максатыбыз бир. Ырас, анын атретинде кызыл аскерлер көбүрөөк. Анын буйругун да аткара бер. Бирок, чарбага каршы орток чарбага кирбегендер кол салса… Мен дароо өрөөнүбүздөн жигиттерди топтоп, командирликке өтөм.
— А ишиң эмне болот?
— Эй, Жолдош Кулуев! – деп, Ракман аскер адамындай өкүмдүү бурк этти: — А сен айылда жүрүп, мага кулак, көз бол! Мен чийген чыйырдан чыкпай, басмачылардын изине түшөсүң. Макулбу?
Тыңчылык милдет Жолдоштун каалоосуна чак келди. Ошентсе да: ” Эргеш досума агент болуп жүргөнүмдү бекер айттым ээ, буга!”- деп ойлонуп, оозу боштугуна баш чайкады. Анткени менен бүгүлө берди да, колун көкүрөгүнө тийгизип, Ракманга таазим этти.
— Сөзсүз!
-Бирок, сенин тыңчы экениңди менден бөлөк эч ким билбесин. Эргешке дос экениңди да…
-Оозумдан чыкпайт. Ишене бер, — деп, убада берди Жолдош.
Бул убакта Гөлү да коштоочулары менен орток чарбага кошулгандардын арасына кайтып келген эле. Ал Ракмандын буйругун чала-чарпы эшиткендиктен сөздүн маанисин толук түшүнбөдү. Акылбекке шыбырады.
-Жакшылык жакпагырды карачы! Атама Султандан мурда жетели. Жаза тайып, “төртүнчүсү” кармап, тиш салбасын.
Акылбек инисине:”Үндөбө!,”- дегендей ишарат кылды. Акырын гана:
-Эл тарагыча күтөлү…Кандай бүтүмгө токтошоор экен?… -демиш болду.
Эт бышым убактан кийин аттары кара терге түшүп, өздөрү күйүккөн ага-ини атасынын маңдайында үңкүйүп олтурушту.
Уулдарынан өз тагдыры жайында кабарды уккан Марайым, оболу ооз ачкан жок. Ойлонду. Бир топтон кийин гана заары бетине чыгып,Ракманды сыртынан сөктү:
-О жаш-шабагыр, Ракман!.. Акыры Султан куйтунун тилине кириптир да! Антпесе, ал жетимдин мынчалык, бат кубулаар пейили жок эле. Болбосо, өткөндө акылын укпай, чычаңдап, баса бергениме кек сактады… Султан бузуку да күлүгүмө суктанып жүргөн. Атымды өзүнө алыш колунан келбей калганда Ракманга ыйгаргандыр. А тузум ургур, жетим!.. Болуптур, Кудай кылса, кубаарың жок. Маңдайга жазганын мен да, алар да көрсүн. Султанбы, же Ракманбы? Кимиси көзүңөргө мурда урунса, ошонусун мага беттештиргиле! Балким, жан адам жок, ашуу-адырда учурашаарбыз – деди да, жүзүнө бата тартты.
Эртеси кыйла кокту-колотту жөө-жалаң баскан Султан, биринин артынан бири көк жалдай жетилген, узун бойлуу Гөлү менен Акылбекке капыс учурады. Ал аркы-терки кепти кайпыткандан кийин гана атчан бир туугандардан Марайымды сураштырды. Гөлүнү атасын таап, чакырып келүүгө жумшады.
Гөлү адырдын тескей жагына өттү да, издемиш эткени менен мингичин оттоткону колотко коё берди. Өзү ыңгыранып, куусаң чөптүн үстүнө сулая жатып, күн кечкиртти. Түш оогондон кийин гана Султан менен агасынын жанына кайтты. Жерге олтуруп, сунулган буттарын ушалап, чарчагандан бетер оор үшкүрдү. Тишин ичке чөп менен чукугулап:
-Издебеген жерим калбай, араң таптым. Атам:”Султан керек десе, мага өзү келсин. Аны менен акылдашаар жекеме-жеке ишим бар”,- дейт.
Муну уккан Султан жүрөксүдү. Мылтыгын асынган милийсага:”Эмне кылсам?”,- дегендей суроолуу көз таштады. Жалгыз баргандан чоочуду. Бир аз ойго батып, анан алдыга басты. Арык чырай милийса анын артынан ээрчиди. Гөлү куралчан жигиттин алдын тороду да:
-Жок, Султан өзү барсын. Атам ошону чакырган, — деди аптыгып.
Милийса ийнинен ала койгон мылтыгын ага көздөтүп:
— Кач дебатам. Менин жолумду торобо! Болбосо, атаң менен кошо сени да атып саламын. У-у, энеңди, — деди чала-була орусчалап.
Султан артына кылчайды:
-Ага тийишпе, Гөлү! Аскер адамы буйрукту аткарат. Нары… Качып жүргөн атаң да кур кол эместир. Көз көрбөгөн соң, ким билсин? Атаңдын колунда,балким, шамшар бардыр.
-Атам сени менен гана сүйлөшөт.
Султандын аргасы куруду. Милицияны Гөлү менен Акылбектин жанында калтырууну каалабады. Ал өзүнүн чоочулоосунан шек алдыргысы келбей, ыргылжың түрдө милиционерге:
-Э, макул! Бешенеге жазганын көрөлү.. А сен, бул экөөнү качырбай, күзөтүп тур! – деп, көңүлдөнбөй кайра жөнөдү. Анын жүрөксүздүгүн Гөлү да боолгоду.
Султан кадамын жай таштап, улам өөдөлөгөн адырды ашты. Милийса анын артынан карааны үзүлгүчө карап турду. Селсебетти бу кезде кырдын ылдыйышында атчан Марайым мылтыгы менен күтүп турган.
Бирок, капыстан күтүлбөгөн окуя болуп кетти: Ыңгайлуу учурду аңдып турган Гөлү милиционердин Султанга алаксыганын көрдү да, анын мылтыгына жабышты. Жоокер куралын ага карматпай, мылтыктын кундагы менен ары бурулган Гөлүнү белге чапты. Гөлү кайсактап, корголоорго жай таппай, качканга үлгүрдү. Акылбек эмне кылаарын билбей, четте турган. Аңгыча эки колу менен башын калкалаган Султан адырдын аркы жагынан кырга чыгып, аларды көздөй жүгүрдү. Артынан атылган бардеңкенин үнү айланага жаңырды. Селсебетти камчысы менен жоргосун чапкылаган сайын чапанынын эки этеги желпилдеген атчан киши кууп келатыптыр. Милийса качкын менен куугунду көрөр замат алдыга жүгүрүп барып, сыңар тизелей калды. Атчанды кароолго алды. Ал ок атканда кууп-жетээри менен Султанды камчылап сабоону чоттогон Марайым ээрден кыйшайып, жерге оонады. Ээсинен ажыраган күлүк суулдуругун күтүрөтө чайнап, оозунан ак көбүк бүркө токтоду. Атасына ок тийгенин сезген Акылбек:
-Жеди- и энеңди урайын!,- деп үнүнүн барынча кыйкырды. Милийсага асылмак болду.Бирок, Гөлү чапкан таяк “төртүнчүгө” тийген жок. Милийса ага-инини алмак-салмак тепкилеп качырып, аларды жанына жуутпады. Аргасы куруган бир туугандар оозунан каны куюлуп, жерде кыймылсыз жаткан атасын көздөй чуркашты. Султан алардан мурда ээн калган күлүккө жетти да, атты минген бойдон желдей сызды. Ою күлүктү Ракмандын колуна карматууда турду. Акылбек менен Гөлү атасынын жансыз денесин өздөрүнүн атына артып, “аталап” ыйлашып, бири жетелеп, экинчиси артынан ээрчиди.
Марайымдын сөөгүн коюуга оокаттуу мүлдө эркек чогулду. Жаңы бейиттин боз топурагы үйүлдү. Бейиттин төбөсүнө майда таш төгүлдү. Чок ортосуна учуна ак чүпүрөк байлаган таяк сайылып, куран окулду. Көзүнөн жаш сызылган Гөлү чаң болгон жеңи менен маңдай терин аарчыды. Ак селдечен молдо куран окуп бүткөндө, чогулгандарга акыл салды.
-Эми бирикпесек, болбойт, туугандар! Мына… Бизди бир-бирден кармап, тукум курут кылышат. Биз басынып, жер карап жүргүдөй, өз эл-жерибизди тонободук. Бөлөк жактан куулуп, жер ооп келген жокпуз. Бир жер,бир элдикпиз. Киндик кан тамган жерибизди алышты, унчукпадык. Мал-коюбузду ортого кошту, үндөбөдүк. Мындан ары ар бирибизге асылып, кырың дегенибизди асып-атып, башкабызды чилдей таратпаса, мага кел! Анда эл-жерден безебиз. Ошон үчүн бирөөбүзгө ык коёлу да, калганыбыз ага баш ийип, канат-бутак бололу! Эл-жерибизди баскынчылардан коргойлу!
Молдо бетине бата тартып, болуп:
-Ырас айтасың. Балшабектерди быякка дегеле жолотпош керек… Каапырларды өлтүрсөң, бейишке чыгасың! – деп, өчүп бараткан чыракка май куйгандай болду.
-Бейиттин жанында ичкен ант, берген убада — ыйык. Антты бузгандар,эскертип коёюн, элден чыгат – деп, Гөлү бир жактан күпүлдөдү.
Молдо:
-Кеп козгогон соң, аягына чык! Башчылыкка өзүңдөн өтөөрү жок, балам! Марайымдын өчүн алып, актүп болмуштарды чөгөлөтсөң, о дүйнөдө сообу тиет.
-Атасын аткан милийса күчтүү экен. Акыл менен Гөлүнү жарым жан болгуча токмоктоптур. Эми өкмөттүн адамына катылбаш керек. Шамал кайсы тарапка соксо, ошол жакка ийрейип, тынч жашайлы, — деди кимдир –бирөө.
Гөлү муну укмаксанга салды:
-Менден бир көйнөктү мурда жырткан, бир тууган агам бар. Ага дайыма жол бошотом. Корбашы болуп, бизди ошо агам баштасын, молдоке! Кана, ак бата тилеңиз!..
Акылбектин кабыргасы да атасынын өлүмүнө кайышып турган. Ыйлай берип, көзү-башы көнөктөй шишиген. Ал жер тиктеген калыбында баш көтөрбөдү. Кыйла күтсө да ооз ачпаган соң, Гөлү анын эрксиздигине түтпөй кеттиби:
-Э сага окшогон былжыракты, — деди колун шилтеп. – Сенин барыңдан жогуң өйдө. Атам:”Акыл-эстүү, көздүү-жөндүү болсун!”,- деген тилек менен атыңды Акылбек койгон. А сенде намыс, ариет дегенден тырмакча жок. Мойнунан байлаган ит ууга жарабас. Этегин араң сүйрөгөн ушу нымтырак менен атамдын өчү алынбас. Султан “төртүнчүнү” ээрчитип барбаса, атам атылмак эмес. Аларга Ракман буйрук кылган. Ошончүн жигиттерди өзүм баштайм. Султандын башын албасам, атымды башка коёмун. Оомийин! Мени ээрчий тургандар. Кана, кеттик!
Ошентип, өрөөндү ың-жыңсыз, ынтымактуу байырлаган букара аргасыздан экиге бөлүндү. Совет бийлигин жактырбагандар душманга айланды. Ракман байлардын азык-даны менен мүлк-байлыгын, кер маралдай керилген жерин зордук менен өзү башчылыкка дайындалган орток чарбага каратты. Ошондон тартып, аны менен актиптерге тиш кайрап, жакын арада Гөлүнүн камчысын чабышкандар арбыды. Кечээки окуя да ырбап бараткан жарага туз куйгандай кошумча болду. Султан коркконунан эки апта бою сыртка чыкпай, кепесинде бөгүп жатты. Марайымдын кызыл тору күлүгүн ал өлгөн күнү Ракманга карматкан. Ошентсе да, Гөлүдөн чоочуп, орток чарбанын кам-чомуна тийип-качып, ыргылжың аралашат. Бирде бир арыктан суу ичкен колунда барлардын, бирде “жакшы заман” деп, кулагына куйган өкмөтчүлөрдүн көңүлүн кыя албай, өзүнчө бушайман.
Ракман болсо, башкармалыгын да токтотпой, жоокер баштайт. Мындан ары жатканы — сыз жер, аралаганы — кокту-колот, ээн токой, кууганы – түбөлүк түнөгүнөн ажыраган бай өрөөндөштөрү болуусу мүмкүн. Бул кызматтын, албетте, сурагы күчтүү: орток чарбага кошулган мал-мүлк, адам менен дан, басмачылар менен күрөштүн жүрүшүнөн бат-бат эсеп алган партиянын райондук комитетинин биринчи, жаңы катчысы Осташевскийдин, экинчи секретардын да талабы катуу. Ач карышкырдай араанын арсайтып, Ракманды да, Гөлүнү да ээрге олтургузуп, узак сапарга аттантаар жаңы кырсык, алардын алдынан утурлап келатты. Анткени менен он-жыйырма адамдын башын бириктирген топ – звено-звено болуп түзүлүп, алар улам бараандуу кеңейип, чарбанын иши өр ала баштады.
Жамгыр сээлдеди. Күн чыгып, жер тоборсуду. Марайымдын кыркы өтүп, жума күнү айыл арасы дүрбөй түштү. Жер чайпалчудан бетер бодо мал үн алыша мөөрөдү. Кой-эчки тегиз маарады. Иттердин абалап үргөнү топудай кыштактын бул башынан тиги четине дейре жаңырып, кулак тундурду. Уу-чуудан чоочуган бала-чака, эр-зайып менен чал-кемпир сыртка чыкпай, боюн далдаага тартты.
Колдоруна кетмен-күрөк, союл, айры, балта көтөргөн жоон топ сөгүнүп-сагынып, жакындан бери орток чарбанын кеңсесине айланган жалгыз көздүү, жепирейген жер тамга жулунуп келатышты. Жүндүү көкүрөгүн дагдайта ачып, чекесин ак мата менен таңган Гөлү алардын эң алдында. Ал:”Тез жүргүлө!”,- деп тигилерди күргүштөтө айдап, соңунан колун артындагыларга жаңсап коёт.
Ракман кеңседе чарбанын мал — мүлк, унааларынын эсебин тактап, кошчулукка ык салгандардын тизмесин райондун байтагына алпарганы башка кагазга көчүрүп жаткан. Тебетей, калпак, чапан-чепкен кийген дагы жети-сегиз актип элден өнгөн буюм-тайымдардын кайда коюлгандыгын, канча чогулгандыгын, дагы кимде эмне байлык бар экендигин эстешип, артель башчыга күмөн-божомолдорун айтышып, так дарегин чиймелетип атышты. Ысман, Шамши, Мидин, Жолдош, Мажит да ушул жерде. Алар менен акылдашып, жыйналган данды эгүүгө бөлүштүрдү. Бодо,жылкы, кой-эчки багаар малчы-койчуларды да тактап, аларга элден топтолгон жаныбарларды тапшырууну чечти. Талаага пахта, жүгөрү,буудайды кол менен сепчү дыйкандарды да такташты.
Кеңеш аяктаарга жакын эт-бетинен тер куюлган Султан ары жактан чуркап келди. Мындай капыс окуяны кеңседегилердин эч кимиси күтпөгөн. Ал босогону аттап,өтөөр замат каалганы өз артынан шак жапты. Дубалга сүйөнгөн калыбында аптыгып:
-Болгула! Жашынгыла! Бир-эки жумача бекинип турбасак, арттан бороон-чапкын сокчудай. Тигилердин түрү курусун! — деди да, терезеден сыртка көз жиберди. Жанындагылардын ооздорун ачып, камырабаганына чый-пыйы чыкты.
– Ай…Кыймылдасаңарчы, батыраак! Эх…
Калпакчан актүп ордунан козголбой:
-Деги эмне жаңжал? Тамагың айрылгыча бакырасың да!
-Атаңдын как чокусу… – Көздөрү алаңдаган Султан каалганын илмегин илди. Тамдын ичинен эшикке таканчык болоор жарак издеди. Төрдө турган сандыкты көрө коюп, “мындай койгула” дегендей беркилерге кол жаңсады.
Аңгыча көздөрүнө заар, өңдөрүнө каар толуп, жаактары түйүлгөн кишилер кеңсеге жетишти. Каалганын катуу жабылганын алдыртан сезишкенби, экөө-үчөө эшикти түрткүлөдү. Эшик ачылбай, былк этип да койбогондо, түрсүлдөтө тепкилегенге киришти.
-Эй энеңди… жетим! –деди алардын бири Ракманга. — Ызатыңдан тайый элегиңде жолуңа түш! Биз өзүбүз каалагандай жашайбыз. Артиль болбойбуз!
-Ата-бабадан калган ырыскыны карактап, балшабектерге карматтың. Тууган-уругубузду кулак укпаган жактарга айдаттың. Атамдын күлүгүн алдың…Эми катындарыбызды таламайга коюп, каапырларга кошкуң бар. Сени ага жеткирбей, кууп ийгенибиз оң. Эй жуксуз Ракман…- деп туталанды, Гөлү.
Ракман аны үнүнөн тааныды. Гөлү атасынын өлгөнүн Ракман менен Султандан көрүп, экөөнүн артынан дамаамат из кууганы — кууган. Артель башчы жаакташпай эле азыр сыртка чыгып, Гөлү менен колмо-кол чарпышууну ойлоду. Өспүрүм кезинде кой-козу кайтарып жүргөндө, экөө далай жолу белден кармашып, күч сынашчу. Ошондо Гөлү: “ Э сага окшогонду көтөрө чаап, оңколотом”- деп мактанчу. Мактанычты тыңшабаган Ракман Гөлүнү такай жыгып коюучу. Жеңилген ызасы менен балдардын шылдыңына чыдабай, байдын уулу атасына арызданчу. Марайым баласынын датын бир-эки курдай укмаксанга салган. Кийинчерээк: “Гөлүгө жыгылып берсең, эч жериң оорубайт” — деп, Ракманды кууп жүрүп, төпөштөгөн.
Султан башкармага карап:”Алабарман Гөлүгө теңелүүнүн кереги жок”,- дегендей ымдады.
Гөлү жанагыдан бетер күүлөндү. Ракманга тийиштирип:
-Каапырлар менен бирге жүрүп, кошо жатып…Бизди аларга кул кылып атасың. О, динин кара нанга саткан арам сийдик… Атамдын ордуна түрмөгө мени айдатат имиш. Колума кишен сал деп, сага чөк түшпөймүн. Эй, Ракман! Таш бараңга алып, бырын-чырыныңды чыгара электе… Бу жерден катын-балаңды ээрчитип, изиңди суут…
Ракман күлүмсүрөгөнү менен токтоолугунан жанбады:
-Муну кара! Бул ит артымдан салпылдап ээрчип жүрөт… Атасын канча жолу сактап, ызаттаганымды эстен чыгарды.Үрө берип, жанымды кашайтты ! Быякка турчу…- деп, терезени далдалап тоскон Султанды ийинден тартты. Жан кабынан октолуу тапанчасын сууруду. Шериктери да дубалга такап койгон мылтыктарына кол узатты.
Султан балапанын жыландан арачылаган эне чымчыктай аларды жоошуткуча шашты. Ракмандын колунан тапанчасын ала койду. Тапанчаны башкарманын бел кырчоосундагы кабына салып, сыртынан бүчүлөдү да:
-Кой, башкарма! Азыр курчтук кылаар чак эмес. Көрдүңбү, ага кошулган кишилердин көптүгүн. Чамасы, пулун бериппи, же, кой-малын таратыппы, иши кылып, аларды өзүнө имерип алгандай. Биз да ичкен ашынан өйдө талап, өз туугандарыбызды жылаңачтап бүттүк. Ач көздүгүбүз, минтип, башыбызга жеткени турат. Андан көрө буларды оолуктуруп, тиреше бербей, баш – этегибизди жыйыштыралы. Убактылуу болсо да, элдешели, кубат…- Султан ушинтип, өзүнө жаккан адамдарды бооруна тартып, бир тууганындай көргөндүктөн аларга “кубат” деп кайрылат. Ал кебин толук айтып бүтө электе Гөлү жерден алган кесегин кеңсеге ыргытты. Кесектин “дүп” этип, учуп келип, дубалга урунганы угулду. Көлмамат:
-Карап турбай, каапырларды ургула! Саткындарга аёо жок! Жерди сатышты, элди сатышты… Тегиз соккула! – деп, жанындагыларга бакырды. Ага удаа:” Гөлү туура айтат. Биротоло жексен кылалы! Ракман бу жерден жоголсун!” – деп, сөгүнгөндөр кеңсени туш-тараптан соккуга алышты. Таш-кесектер биринин артынан бири дубалга дүпүлдөп тиет. Ур-соккуга чыдабай, жалгыз көздүү айнек да быркыранып, күбүлүп түштү.
-Айбандар… Иттер…
-Эй, оозуңду ачып, эмне карап турасың? Ур. Сокпосоң, бирди көрөсүң — деп, Гөлү таламдаштарын зекиди.
Сынган терезенин кыпыны учуп келип, Султандын бетине тийди. Ал жүз аарчуусу менен бетин аарчыды да, терезеден башын чыгарып, колун серепчиледи:
-Токтогула, эй туугандар! Урбай коё тургула! Бир элдик, бир жердикпиз…Жылкы теппей, бука сүзбөй, эки-экиден тытышканыбыз жакшы эмес. Келгиле, кеңешели! Маңдай-тескей олтуруп, акылдашалы! Чочкосундай сасык тентимиш каапырлардын айынан дарооле бакан ала жүгүргөнүбүз жарабас. Айыптуу-күнөөсүздү электейли! Эмне каалайсыңар? Силер да максатыңарды айткыла. Биз да угалы! – деди да, сырттан таяк шилтемекчи болгон бирөөнү көрө коюп, башын дароо ичкери тартты.
Султандын өжүрөдөгүлөр менен макулдашпай, өз билемдик кылганы, алардын атынан сырттагыларга үн салганы Ракманга жаккан жок. Ал селсебитти белиндеги курунан кармап, артка тартты да:
-Душманга жалынба да, жагынба, кубат! Жаның таттуу… Коёндой корксоң, четке чык!
Султан олбурлуу артель башчынын капшыра кармап, каарданганынан сестенди. “Бет талаштыра согуп ийбегей эле” — деп жазганып, көздөрү алаңдады. Ракмандын колунан булкунуп атып, араң бошонду. Ортого кыпчылган эки актүп аларды ажыраткан болушту. Маанайы чөгүп, Ракманга таарынды. Бирок, көз ачып-жумгуча ич күптүсүн наристедей унутуп, жоошуду да:
– Азыр кызуу кандуулук кылсак, кубат, ишибиз биротоло бүлүнөт. Ошончүн демди басып, алдап болсо да, көксөөсүн сууталы. Азоо жылкыны жал-куйругунан сылап-сыйпап, ийге келтирет. Анын сыңарындай… Биздин саныбыз беш салаадай…. Аларды карачы, кумурскадай жайнайт. Бирөө-жарымыбызды набыт кылыштан да кайра тартпайт. Бала-чакабыз бизди күтүп турса…Өлгөн го, өлүп кете берет, өзүнүн шору. Көз жашы кылып, куран окуп коюшат, бүттү. Ээк каккан адамдын балдарына башкалар бир кесе атала, же бир ууч загыра ун карматпайт.
Ракманга анын ою жаккан жок:
-Султан!Чегирткеден корксоң, таруу экпе! Күйөөсүнүн токмогунан корккон аялдай чочуйсуң да. Энеден бир төрөлүп, бир өлөсүң… Партия мени бул жакка атайын жиберген. “Калкоз кура”- деген. “Баш ийбегенди ийге сал”- деген… Ошондуктан башымды үзүп алып, жаныма койсо да, бузукулардан жалтанчу мен эмес.
Буга дейре тизелеп, көзөнөк жасаганы дубалды ойгулаган Мажит ураган топуракты ичкери шилеп бүтүп, өөдө турду. Ал тер баскан маңдайын жеңи менен сүртүндү да, артель башчыга үмүттүү тигилди:
-Эй Раке, сен да кежирленбей тилге көн! Султан сени жардан түртпөйт, туура айтат. Басмачылар менен тирешип, башыбызды бөөдө окко тозсок, эй, анда бу дүнүйөгө эмне жаралдык? Каадалуу иш бүтүрүп, адамдай жашап…Анан жан кыйсак, бир жөн. Мен деле жанымдан тоё элекмин,адамча жашайын. Бала-чакамдын үзүрүн көрөйүн.
Муну укканда эшиктин жылчыгынан сыртты шыкаалаган Султанга жан кире түштү. Ал кебин кубаттаган үчүн Мажитке ыраазы.
-Ошону айтсаң,кубат! “Жок” эле дей бербей, “куп болот” дегенди да үйрөнчү, — деди Ракманга жылмайып. — Жакшы сүйлөп, ийге көндүрсөк… Кийин бузукулардын ичинен бизге көңүлү жакыны өзүнөн-өзү иргелет… Опе-ей ай, ойлогондорун кара! Чөп-чар, куурайларды көтөрүп келип жатышат. Бизди кеңсе менен кошо өрттөшөт окшойт, кубат. Муну кимиси ойлоп тапты экен?
-Кана, кана?… Кимиси тапмак эле? Мындай жорук Гөлүдөн бөлөгүнүн колунан келбейт, — деди топучан актүп, тыш жакты шыкаалап. – Атасын бекер аткан экенсиңер…
-“Төртүнчүгө” айбат кылган адам ошону көрөт, — деди кимдир бирөө.
Кеңсенин айланасында өз ара чуру-чуу түшкөн адам… Алар бир бурчта дөбө-дөбө болуп, үйүлгөн кургак чөптөрдү кучак-кучак кылып көтөрүп келип, жер тамга айланта коюп жатышты. Гөлү: “Чөптү кеңсеге шыкап койгула” – деп, буйрук берүү менен убара.
Ракман акыры Султандын кеңешине моюн сунду. Ал тигилердин артелге кошулбай, тескери баскан себебин, орток чарба түзүүдө өзүнүн жаздым кадамын сыдыргыга салды. “Менимче, бу кесепет ыктыяры барларды гана албай, “бирикпейм” деп ыңгырангандарды да мал-мүлкү менен күчтөп, зордоп кошконубуздан. Ашкере кордоп ийдикпи? Бизден башкалар маңдай тери менен бүткөн байлыгын ме деп бирөөгө карматпайт. Ка-ап, ичи иригендерди бекер кыстаптырбыз. Өлгөндөрдүн каны тартат окшойт. Мунун арты чоң өрткө айланбаса… Гөлү быякка келатканда атасынан тартып алынган уй-өгүздөрүн бүт мууздап, этин элге таркатып… элден чогулткан араба-буурсундарды бүтүндөй талкалаптыр. Демек, бир эсе атасы Марайымдын өчү, күлүгүнүн күйүтү… Жооштук кылбай, катуураак мамиле кылбасам, бу Гөлүнүн мени ээрчигендерди шойкондотоор түрү бар”.
Калыбы ойлогон ишин бүтүрдүбү, Гөлү каалгага жакындады. Эки колун артына ала талтая туруп, Султандын суроосуна үн катты:
-Катын-балаңардын алдында кудай жазган ырыскыны терип жеп, аман-эсен жүрөлү десеңер… Батыраак артелге киргендердин тизмесин узаткыла.
Ракман Султанга бурулуп:
-Талабын карасаң,кубат! Аша чаап кетти го, бу кызыталак! — деди өжүрөдөгүлөргө угуза. Көлмаматты мыскылдай күлүп, капталындагы тапанчасын чыгарганга шашты. Үнүн катуулата: – Мындан бөлөк эчтеме эсиңден чыккан жокпу? Дагы эмне керек? Толук айтып ал!
-Дагы…Келме келтирип, орусча койгон алдагы чачыңды устара менен кырдыр…Беш убак үзбөй, намаз оку! Артелди таркат! Элден алганыңды ээлерине түгөл кайтар! Сен баштаган жол акыр заманга алпарат. Буурсун-соко чийген жер калбай, таштан там курулаар кыяматка жеткирет. Назардан калбай, жакшылыкча ал жолуңдан кайт. Өрөөндөгү байларды ким тизмелеген? Анын ачыгын айт! – деди Гөлү.
Кепке Султан аралашты:
— Ананайын Гөлү иним! Бир жиниңден кайт! Айып бизде! Макул, тарайлы! Бирибиздин жакшылыгыбызды экинчибиз билбесек, жүзү кара, кара бет болуп кетебиз. Ракман экөөбүздүн сага кара оюбуз жок, пейилибиз ак, айланайын! Ракман: “Атреттер келатат. Качып кетиңиз!”- деп, атаңды сактаган. Марайымдын жашынбай, кайра мени кубалап, сенин “төртүнчүнү” урганың чоң айып болду! Атаң да, сен да саветтин душманысың…
—Тээжик чалды бекер коргоптурмун, — деди Ракман зээни кейип.
Султан ага кылчайды да:
-Сен үнүңдү баса турчу, кубат!Эсиргендерди жоошуталы, — деди шыбырап. Кайра Гөлүгө: — Ошондо… Милийсага кол салганың үчүн алда-качан камалмаксын. Аныңды НКВДга угузбай, Ракман сени аман алып калды. Анын жакшылыгын сен да кайтар!
— Силер мага жакшылык кылбай эле койгула! Мен өз элимди баскынчыдан коргоймун. Силерден келгенди Кудайдан көрдүм. Атамдын кегин алмайын, жаным тынбайт.
Ракман терезеден колун чыгарып, Гөлүнүн башынан ашыра ок үздү да:
-Мына атаң, таанып ал! Кайт дегенге көнбөгөн эш-шек! Көрдө жаткан атаңды козгоп…
Октун заардуу үнүнөн улам Гөлү эмне кылаарын билбей, кайсактады. Жанындагылар ок атууну күтпөгөнбү, турган ордунда селейишти. Айрымдары тапанчанын үнүн эми укканга кулагын басып, коркконунан жерге жата калышты. Алардын корголорго жай издеген коён жүрөктүгүн көрүп, Ракмандын табаасы канды. Өз жоругуна шерденди.
Жерди чирене тээп, жону менен каалганы түрткөн Султанга артель башчынын ок атканы жаккан жок:
-Бекер аттың,кубат — деди ал. – Эми тезирээк кач. Болбосо, көптөшүп туткунга алат. Сенин карааның көрүнбөй калгыча биз аларды алаксытып туралы.
— Гөлүдөн корккудай… Бул жерде анын ымдаса эле артынан ээрчиген ойношу жок. Ал коркутсале “таркатып иели” деп, орток чарба курбадык. Тизмени сурасале карматып иели деп жазган эмеспиз. Колунан келген жамандыгын жасасын! Андан эч кимдин жүрөгү түшпөйт. Мага десе, асманды таштап ийсин, — деди Ракман сырттагыларга угуза.
-Асманды таштап эле коём. Жыгачка тирүүлөй асамын! — деди каалганын маңдайында турган Гөлү чаңырып.Жанындагыларга: – Эмне карап турасыңар? Ургула, каапырды.
Аңгыча Мажит дубалды оюп бүттү. Маңдай терин колунун сырты менен аарчыды да, сыртынан булаңгыр жарык көрүнгөн тешик аркылуу Ракмандын сырт жакка чыгып кетүүсүн күттү.
Дубалга таш-кесектер кайрадан дүпө-дүп этип тийип жатты. Кесектер айнексиз терезе аркылуу кеңсе ичине да түшө баштады. Кеңсени таш бараңга алгандардын бири Ракманга буюра сүйлөдү:
-Кеткин, эй жетим!.. Антпесең, териң тескери сыйрылат. Сенин кесепетиң бөлөктөргө тийбесин!
Ракмандын көзү көжөлө бергенден майнап чыкпасына жетти. Районго жетип, аскер баштап келүүнү болжоду. Ал оюнун аркы-беркисин калчаган соң:
-Макул, — деди. – Мен жөнөөрүм менен башкалар аман калса, мейли, душмандын көзүнө көрүнбөйүн! Султан!.. Менин ордума сен иштеп тур! Силерге катылбашы үчүн анча-мынча талабына да көнө бер! Ыктыяры барларды кошуп ал! Тоң моюндарын тек кой. Эң башкысы, ишти токтотпо, кубатым!
Гөлү Ракмандын кеңседен жалбарып, багынгандай эки колун өйдө көтөрүп чыгаарын күттү. Бирок, ичкериден көз үзбөй, кыйла турса да артель башчыдан андай жышаан байкалбады. Карааны көрүнбөдү. Ошондон соң, кеңсеге өрт коюуну буюрду. Жаандан кийин нымдалган куурайларды ташытып, тамды айландыра койдурду. От тутанганда куурайлар кызыгыча быкшып, теребелди боз түтүн каптады. Оо бир оокумга барып, от алоолонду да, адегенде тамдын үстүнө жабылган камышты жалмады. Кызыл –тазыл жалын үрөң-бараң күүгүмдү как жарып, кеңсенин айланасы итапкан жерге чейин жарык болуп турду.
Ным жыттанган өжүрөнүн ичи түтүнгө чылк толуп, демди бууду. Султан менен дагы башка эки актүп жашыркаган көздөрүн жеңи менен аарчып коюп, кыйлага чыдашты. Алар: “Ракман тузакка түшпөсө экен”- деп, тынчсызданышты. Эси-дарты дубалдын тешигинен чыга жөнөгөн Ракмандын карааны көзгө илинбей калганында турду. Дем алуулары улам оорлоп, түтүнгө какап-чакап, чыдоого мүмкүн болбой калганда гана короого биринин артынан бири чыга келишти.
Гөлү ал актүптөргө ороңдоп, камчысын чаап, опузалады. Алардын арасында артель башчы көрүнбөгөн соң, оозун алаканы менен калкалап, кеңсенин ичине кирип барды. Тамдын ичиндеги эмерек буюмдар толук өрттөнгөнүнө көзү жеткенде гана кайра чыкты. Санаалаштарын ээрчитип: “Ракман бир барса,үйүнө кайрылат”- деген кыязда үркөрдөй чакан айылды көздөй бет алды.
Ал коштоочулары менен адегенде Ракмандын үйүнө жетти. Артель башчыны таба албаган соң, анын улактай секирип, бурчтан-бурчка ыргып качкан колуктусун кармоого умтулду. Келиндин ачуу кыйкырып, колундагы көсөөнү туш келди булгалап, жанына жуутпаганын тоотподу. Эси-дарты эптеп жерге жыгып алып, өзү баштап, моокумун кандырууда турду. Анан жигиттерине салып берүүнү чоттоду. Ракман менен жүздөшкөндө: “Катының менден качкан!”,- деп мактанууну көздөдү. Жок, андайга жетпеди. Албеттүү келин анын чеңгелине түшпөдү. Гөлү ыңгайы келгенде келинди көйнөгүнөн кармады да, жоон билектерин белине ороду. Оор салмагы менен аялды баса жыгылды. Чалкадан түшкөн зайып буттарын карса-курс эттирип, бет талаштыра тепкилеп жатты. Көлмамат ага карабай алкы бузулуп, ургаачынын чатына кирүүгө ашыкты. Бирок, ал шымын чечип, аялдын үстүнө жатаарында, келин күүлөнүп туруп, таманы менен анын куук- чатына удаа-удаа тепти. Талуу чурайына токтобой, катуу тийген тепкиден улам Гөлүнүн көзүнөн от чагылды. Жан жери ич буроодой толгоп бурады. Алаа тушун эки алаканы менен корголоп, артка темтеңдеп кетенчиктеп барды да, эси ооп, чалкасынан жыгылды. Келин ордунан ыргып турду. Ызы-чуудан улам чыңырып ыйлаган бөбөгүн колуна алып, көкүрөгүнө кыса кармады. Анан үйдөн жылаңбаш атып чыкты. Баскынчылардын бирөөсү да анын жолун тороого батынган жок. Жылаңбаш, жылаңаяк аялдын карааны бат эле караңгыга сиңип, жок болду.
Ракман кызыл жалын обого бүркүлүп, көөдөй түнгө жарык чачып турган чакта далдаага байланган күлүгүн минип, кеңседен кыйла узап кетти. Ал куурай баскан талааны аралай жүрүп, таң атканча кайын атасыныкын далдаа тутууну оң көрдү. Куудай сакалы көөдөнүнө түшүп, таяк таянган карыя күйөө баласын үйүнө түнөтсө, куугундар аны колго оңой түшүрөөрүн болжоду. Ал артель башчыны короосунун бир четине жыйылган самандын ичине жашынтты.
Улуу шашкеге чамалаш экинчи күнү бир топ атчан чаң бурулдатып, аксакалдын үйүн көздөй утурлап келатты. Аларды Гөлү менен анын агасы Акылбек баштап алган. Гөлү абышканын короосуна жетээр замат атынан ыргып түштү. Кутурган дөбөттөй жүгүргөн бойдон ичкери кирди. Төрдө кыңкайып жаткан карыяны колтугунан сүйрөп, сыртка алып чыкты. Абышка булкунуп атып, билегин бошотту. Гөлү Ракмандын зайыбынын этегин ачтырбаган каршылыгын эстеп: “Ой, энеңди… Кызы да атасын тартып, булчуңдуу экен!”- деп ойлоду. Аксакалды камчы менен төбөгө чапмак болуп, кайра токтоду. Көздөрү үй ээсинин каардуу көз карашына чагылганда менти тая түштү. Карыяны сакалынан уучтап кармап, ээктен ары түртүп ийди:
-Ушу сакалың үчүн кечирдим, – деди ал кезээрген калыбында. – Ракман кана? Таап бер… Кызың да сеникине жашынгандыр…
Карыя кызына Гөлүнүн жулунганынан кабарсыз эле. Ал баскынчынын колунан бошоноордо капталы сөгүлгөн чапанын оңдоду да:
-Кызымдан айлан! Менин күйөө балам, билесиң, кайын журтуна жашынчу жигит эмес. Ал кызыл командирликке бекер окуган жок. Чыккан кыз – чийден тышкары…Атасынан баш баанек издебейт. Кызым сендей аңгиге өзүн тебелеткидей, талпак эмес — деди тигиден тайсалдабай.
Абышканын чала жан кишидей бүжүрөбөй, тил кайрыганына Гөлүнүн итатайы тутулду. Ал ансыз деле Ракмандын зайыбын эптей албай, кайра сокку жегенине ызаланды. Алаканы менен абышканы желкеге урду. Жыгыла жаздаган карыя жер таянып, кайра өйдө турду.
-Эркек деген атка татыксыз айбан! Катын жандуу сендей жинди, күчүн кемпир-чалга чыгарат, — деди аксакал этегин кагынып. – Ракмандын жолу туура. Өкмөт аны быякка жөн-жай жиберген эмес. Сага окшогондордун эки бутун бир өтүккө тыгып, калкоз курайт деп ишенген. Чарба куралса, көрөсүң, адам аттуу бир миңдик болуп, талааны иштетет. Эгин өстүрүлүп, пахта эгилип, кампаларга дан толот. Кой-мал короолор курулуп, мектептер ачылып, балдар окуп, окумуштуулар чыгат. Ар бир киши бай-кедей деп бөлүнбөй, маңдай тери менен жашайт. (Карыянын мындай божомолу бара-бара ишке ашты.)
Гөлү:
-О-хоо, жомоктогу көрөгөч Маамыт болупсуң!.. Кимдин изи туура экенин көрөбүз, али! Күйөө бала сөрөйүң мага өчөшсө, ары дегенде Гүпүсүнө карматаар…. (ГПУ –саясий башкы башкарма дегени.)
— Ракман уулумдан айлан!..- деди карыя. — Бала кезде, экөөңдү күч сынатып, атаң күрөштүргөн учурда… Андан канча ирет жыгылганың… Нечен ирет андан токмок жеп, атаңа ыйлап барганың,эсиңден чыккан экен. Ракман сендей катынпуруш,балит эмес. Анын колунан жалаң жакшылык келет. Эли-журтубуздун келечеги үчүн калкоз курап, жан үрөп атат.
-Ай койчу, оруска сатылган арам жетимди… Мага аны баатыр кылып… Андан көрө дүлөй болбосоң, эки кулагың менен тең ук! Тирмезек Ракманың кайда жашынбасын, баары бир менден качып, кутулбайт. Мени менен азилдешип, ажыдаардын куйругун баспасын! Нанга курсагы тойбой, самтыраган нокотек күйөө балаң ким да, мен — ким? ! – деди Гөлү атасынын ашкан байлыгын кыйыта.
— Ой, сени ким билбейт? Сен, болгону Марайымдын арам байлыгына көпкөн элирме бакшысың да ! Кедейлердин битин сыгып, канын соргон куу туяк…
Карыянын акыркы сөзү Гөлүгө чоктой тийди. Чынында эле анын жубай жагынан жолу ачылбай жүргөн: ала качып үйлөнгөн улактай туңгуч колуктусу оорудан башы чыкпай, ажырашкан. Кийинкиси апасына жакпады. Дагы бирин “уул төрөбөдүң” деп жолго салды. Мугалим зайыбы удаасы менен үч кыз төрөгөн. Ал уулу жок, урук-тукумсуз калаарын эстегенде сай-сөөгү сыздап, сөнө түштү. Бирок, кайра эле эрдемсинди да, араакта жардана тиктеп турган атчан шериктерине кол жаңсады:
-Менин балдарым, мына – мобулар… Булар мени бекер ээрчибейт. Булар — менин жигиттерим… Мен буларга аскер башчы… Кудай кааласа, колумдун катарын мындан да арбытам. Кыскасы, Ракмандыкынан он эсе көп кол кураймын! Өпкөсү жок,ошо күйөөңө айтып кой! Кыз тууган катыны эркек төрөбөйт. Урук-тукум жагын алганда, көрөсүң кайната, Ракман экөөбүз тагдырлаш болобуз. Аның колума түшсө, бычып саламын. Биттелген соң, ал да мендей уул көрбөйт. Андан көрө ата-жотосуз орус райкомун ээрчибей, ушунчасында жолунан кайтсын! — деди ал. Атын көздөй баратып, короо четине жыйылган саманга көзү түштү. Демек, Ракман дөбөдөй үйүлгөн куурайга жашырынышы ыктымал. Атын кайрып, жигиттерине буйрук берди:
— Ээрден бат түшкүлө… Тээ саманды жүндөй тыткыла!
Анын шериктери чай кайнам убакытта сары саманды аңтарышты. Туш келди тытып, майкандашты. Бирок, куурай арасынан шектүү эч нерсе табылган жок.
Бул арада үй ээси миң толгонуп, ичинен кыпылдап турган. Карыя таң куланөөк сала электе Ракманды ойготуп койбогонуна бушайман тартты. Анткени менен күйөө баласынын самандын арасынан чыкпаганына таң калып, бир эсе сүйүндү. Орток чарба башчы короздор чакырып, жылдыздар суюлуп, асманда Ай менен Чолпон жылдыз калганда ойгонгон эле. Кайда жөнөгөнү жөнүндө кайындарына ооз ачпай, райондун байтагына жөнөп кеткен болчу.
Ракман кызыл аскерлердин штабына жетип, анын башчысы Анарбековду болгон окуя тууралуу кулакдар кылды. Гарнизондо райкомдун биринчи катчысы Осташевский да олтурган экен. Ал Ракманга мүлкүн артелге кошпогондор менен орток чарбага каш кайтаргандарды жолуккан жеринде атып салууну буйруду. Чарбаларга бөлүнгөн мал-койдун башын көбөйтүп, мамлекетке эт өткөрүүнү да кошумчалады. Ошол эле учурда талаага эгин эгүүнү тездетүүнү унутпады. Ракман анын тапшырмасын “кың” дебей угуп, буйругуна баш ийди. Осташевский бир аз итиреңдей:
-Бизге каршыларды толук жоюуну создуктуруп атасың. Аларды тымызын коргоп, мышык-чычкан ойнобо! Кузнецовду жок кылган Жорохан эмне үчүн кармалбай, ээн-эркин сайрандап жүрөт? Аны таап, өз колуң менен жазала! Уктуңбу, Ракман?
— Жорохандын аялы орусчаны чемичкедей чакчу. Ал аялын Кухнецовдон кызганаарын уккам. Политрукту көрө албастыктын айынан бычактаган сыяктуу, — деди Ракман.
-Ал жалаа — далилсиз. Жорохан бизге аталган машина-тракторлорду темир жол стансасында туугандарына калтырып жүргөн. Кузнецов аны далилдегенде, Жорохан аны жайлады… Орустун таза жигити кир менен бит баскан черный аялдарды жандабайт. Экөөнүн үстүнөн чыгып, кармап албаган соң, өтүрүк айтпаш керек… Сен кепти башка жакка бурбай, Жорону бачым издеп тап да, жок кыл! Бул сага партиялык буйрук! — деди Осташевский катаал тартып.
Ракман райкомдун кебине кызыраңдаган бойдон аны менен кайырлашпай жолго чыкты да, штабдан узады. Айылына жеткенде жубайы менен кайын атасын кордолгонун угуп, Жороханды коё туруп, адегенде Гөлүнү издөөнү чечти. Куттуу үйүнөн бөбөгү экөө безип жүргөн колуктусун кайын атасыныкынан тапты. (Көлмамат олуялык кылгандай, Ракмандын артында жалгыз кызы калды. Германия СССРге кол салганда совет жергесин коргоо үчүн фронтко аттанып, өз эл-жерине аман-эсен кайткан жок. Согушта эки жолу “Кызыл Туу” ордени менен сыйланып, майор наамы менен каза таап, сөөгү Польшада кала берген. Поляктар ага эстелик тургузушкан. Айкелдин ачылышына чакыруу жиберишкенде трактор айдап, комбайн менен пахта терген кызы оорунун айынан атасынын табыты жаткан Гданьск калаасына бара алган эмес. Кызы Ракмандын мүрзөсүнө бир ууч топурак сала албаганына арманын айтып жүрүп, жарыкчылык менен кош айтышкан. Аскердик архивде ал улуу лейтенант наамы менен Молдавияда курман болгонун анын агасынын уулу Ноомандан уккам .)
Ал жакын арада башталчу казатка тиешелүү камылга-бүтүмүн бычак менен чорт кескендей дароо бүтүрчү. Бирок, жакындан бери эмнегедир түнт тартып, ойлуу жүрөт. Кеңешчилери менен акылдашпай да койду. Бу кыялын Жолдош байкабай койгон жок. Эки эстүү немедей октон-чоктон коркпогон, же миздүү кылычтан сестенип, тайманбаган… Антпесе, кармашка гана эмес, мушташка да аюудай чамынып киреер жоокер башчынын ойго батышына не себеп?.. Тыңчы Жолдош ушуга башын катырды.
Күн биликтей кыскарып, түн аргамжыдай чубалды. Калдайган кара булут ара күндө асманды жылчык калтырбай чүмкөп, эл орунга отурган кечки маалдан таң атып, күн аркан бою көтөрүлгөнчө сыртта жүргөн пенде чыйрыгып, тулку боюн калкалаар турак эңсейт. Апта сайын көнөктөгөн кара нөшөр сээлдей түшкөндө күндүн көзү көрүнсө, теребел көздү каптаган челден арылгандай тазарат. Бирде бозоруп, бирде көгөргөн мунарык мекендеген араа учтуу тоо башы күн ачык кезде кементайын жамынган карыядай карга чүмкөнөт. Чаба жааган кардын учкундары улам ылдыйлап, адыр этектей конгон кыштактарга жайылды. Кар күн жылымса тартканда ээрип, кайра өргө чыга качкандай туюлат.
Ракман тополоң түшүргөн басмачылар менен качкындардын тамырын суук күчөгөнчө соолутууну мүдөө кылган эле. Эч кимге ооз ачпаган купуя сактаган ушул оюнун үдөөсүнөн чыга албаганына өзүнөн – өзү убайымга батты. Талаа жумушу да кычаган убак. Орток чарбаны жактырбагандар бири басты-басты болгуча дүрт эткен от сымал, экинчи бир айылды өрттөп, күйүндү менен күлгө айландырып, элин чилдей таркаткан болот. Басмачылар ошо бойдон жигин таптырбай, кыйлага дейре ың-жыңсыз жоголот. Ал Гөлүнү издеп жүрүп, улам башка басмачылардын үстүнөн чыгат. Эсеби, Ракман менен анын жоокерлеринин болжолунда бу өрөөндө Гөлү менен Жорохандын тобу калган. Бирок, алар улам жай которобу, изин кууп, артынан барган чакта да куйруктарын карматпайт. Же, жаратын сакайткан жырткычтан бетер жаңыдан чап салганга камынып атабы? Жок. Андайдын шек-жышааны билинди дегиче ар бир айылда Жолдоштой тыңчылары бар. Алар эмдигиче кулак кагышмак. Антүүгө батынды дегиче бир күнчөлүк жерден жолун тороп, уйпаланган канчыктын кейпин кийгизип, эски кепинин эстетип коюш – ыктыярчылардын колундагы айкүр конгон сакадай. Бирок, баскынчылар дайын-дарексиз. Эгер басмачылардын тукуму чыны менен куруса, атреттин зериккенинен ансыз деле баш оогон жакка дейдиген жөкөрлөрүн үй-үйүнө таркатканы ийги. Ат тезегиндей үйүлүп, отко кактанып, бош убакытын дейди сөзгө коротуп, ишсиз олтурганча мал-жаны менен кыш-күрөөнүн камын көрсүн. Бирин-экин журт бузар чыкса, райондун байтагындагы кызыл жоокерлер да чекене эмес: мойнун кайрып, кайсы жол менен жүрүү туура экенин моюн сунбагандарга көрсөтүп коюшат.
Ракман бирэсе:”Душмандар түгөлү менен жайрады. Ниетинен кайтты”- деген оюна да ынанбайт. Анын чамасында Гөлү сыяктуулар тоо-токойдун арасында из суутушкандай. Жөкөрлөрү кайсы жакка болсо да, жүрүшкө аттануудан кайра тартпайт. Болгону – мөлжөгөн даректи дайындасаң, жетиштүү. Анткени менен басмачылардын баш ыккан чээнин айыра билбей, тобокелге салуу – жардан томолонуп, үңкүргө түшүп кетүүгө тете . Алар буйтка жерден капыс кол салса, чала курсак, жука кийимчен жөкөрлөрү бөөдө мертинет. Ракмандын башын мына ушул ойлор тумандатып, бүркүттүн чеңгелинен бетер чапчып, бир бүтүмгө токтотпой, азап тарттырып турду. Атретиндегилердин көпчүлүгү өзү төрөлүп-өсүп, балакатка жеткен өрөөндөн. Алардын ар биринин ичин, кимиси аны чын дилинен кубаттап, айдаган жагына барат? А кимиси кожо көрсүнгө эле жан тартат? Ал жагын да айыра билет.
Колхоздоштуруунун шамалы соккондо өрөөндөгү үйүр-үйүр жылкылуу, короо-короо койлуу, түмөндөгөн мал-мүлктүү бай-манаптар көздөн далдаа жакка көчкөнгө ашыкты. Урук-туугандары барлары өзбектер жакка өтө качты. Ал эми колундагы бир аз аштыгы менен баштыгын алдырып, өздөрү көз көргүс, кулак уккус жакка айдалган оокаттуулардын балдары менен туугандары кайралган бычагын коюндарына катып, үркөрдөй айылга тап коюп, талап-тоношуп, колуна тийгенин тоо жакка көздөй сүйрөдү. Ракманды камчы сапка жараар, манжа менен санаар адамдар гана коштоду. Ыргылжың тарткандарды түнкүсүн үйүнөн кармап, зордук-зомбулук менен катарга кошту. Дагы бирөөлөрү эч кимди аябай, баш-көзүнө карабай, уруп-тепкилеген Ракмандын жоон билегинен чочуду. Ал айыл-кыштактарга ач карышкырдай тие качкандардын артынан түшүп, аларды жолго салган соң, талаа ишине да жүгүрүп, мүнөзү катаал тартты. Басмачылардын изи сууганда атретке кирүүнү эңсегендерди тандап алмайга өттү. Жаңы шамалдын сокконунан чоочуп, сапка илинбегендер атреттеги эркектерге ичи күйдүбү: “Ракман калкозу менен атретине адамдарды иргеп кошуп жатат. Тоо-токойдогуларды зордук менен мажбурлап көчүрдү. Көчкүндөрдү боорго тартпай, жалган шылтоолоп, кызылдардын колуна карматат,” — деген күңкүл-мыңкыл ушагын куюндай таратышты.
Ал мындай ылаңка кепти укса да, укмаксан. Кеч болсо да айылдаштары менен бейтааныш кишилердин жан аябаган пейилине ичи жылыды. Өз тарабына кошулгандардын караандары калыңдаган сайын жарпы жазылды да: “Ушундай ынтымак менен биримдик күчөй берсин!”,- деп тиледи.
-Эй туугандар! Чукчуңдабай коё тургула! Кыйтыюуга али эрте. Чоң-кичинебиз дебей, айылды таштап, ат мингени аскерге кирсек, ким пахта терет да, буудайды ким жыйнайт? Биз менен бала-бакыраны, мал-койду ким багат? Атреттегилерге да минеерине ат, ичеерине тамак, киерине кийим-кече керек! Ошону ойлогулачы! Жоон билек эркектананын бир даары айылда калсын. Антпесе, тукумуң куурагыр басмачы мына ошондо кемпир-чал менен аялдарды кордоп, мына ошондо бар оокатыңды күлдөй чачпайбы! Быягын да унутпайлы. Кеңешип — кессек, бармак оорубайт. Жоо менен кагышканда кан төгүүсүз, өлүм-житимсиз алаамат болбос. Күчүбүз жетпей, жеңилип баратсак, силердин чакыртпай –этпей, кайда болсок да, жетип барбай, жаныңар жокпу? – дегенде, анын кеби жөндүү экенине муюгандай бир тобу баш ийкеп, ак жол, амандык тилешип, бата беришкен.
Иңир кирди. Бекерпоздук ыктыярларды эриктирди. Өз ара тамашалашкан ыктыярчылардын дуу жарылган күлкү — үндөрү кыйла жерге жаңырат. Шайыр-шатман Бакыны зордоп ырдатканы атышабы, кез-кез анын: “Койсоңорчу, ой! Азыр шаңкылдап ырдаар, каткыраар маал эмес. Иттей ыркырашып, кан кечип, душманды кууп жүрсөк… Оп-по… Жадаттыңар го! Силерден качып кутулбасам, тынч коёр эмессиңер!”- дегени угулат. Демейде ал бозо жутуп, алагүү тартканда, же аш-тойлордо теребел жаңырта обон созчу. Ой баскан Ракмандан корунгандай, ал жакка кылчак-кылчак тигилди.
-Эй, Бакы!…
Командиринин үнүн угаар замат ал ордунан ыргып турду:
— Оу, Ракман байке!
— Эркексиңби, же башыңа жоолук салайынбы?- деди күлө бага, Ракман.
-Коюңуз, ээ… “Берген шертинде турсун. Шоктугунан жазбай, кыз-келиндерге чаң салып, шапар тээп жүрсүн”,- деп… Атам мени эркек жараткан.
Бакы ушу жообу менен алда-нени кыйытты. Ракман анын сырга бекемдигине ичинен кымыйды. Жоокери өз көзү менен көргөн окуяны эмдигиче ичине катып жүргөнүн эстеп, мыйыгынан жылмайды.
-Бар экенсиң го! Каадаланбай, бая эле ошентпейсиңби! Сен жердин түбүндөгүнү билесиң,ээ… — деди атрет башчы сырдуу күлүп.
Ракмандын былтыркы окуяны кыйыткан табышмактуу жылмаюсун Бакы да түшүндү. Ачыгы — Бакы жоголгон атын адыр жактан издеп жүрүп, Ракмандын сулуу кызды күлүгүнө учкаштырып, ээн жакка алып баратканын көргөн. Жигит менен кыз жалгыз аяк жол түгөнгөн колоттун тереңине жеткенде аттан түшкөн. Башкарма ээрдеги жука төшөктү жерге жая салып, кызга ийиндеш олтурган. Бийкеч атрет башчыны ичинен жактырчу. Толгон Айдай жетилген селки Ракмандын жүзүнө бүт ынтаасы менен бериле тигилип, мойнуна колун артты. Жигит чын ыкластан мойнун бурбаганы менен кыз анын бетинен уурдана чоп эттирип алды. Бакы сүйүшкөндөрдү камыштын арасынан кызыга карап турду. Ал окуя бийкеч аттууну өпмөк түгүл, кыз-келиндин колун кармай элек Бакы үчүн таң калыштуу туюлду. Бийкечтин Ракманга имерилгенин көрүп, Бакынын шилекейи чуурулуп, делебеси козголду. “Кыздын кучагында балкып атасың ээ, Ракман байке!”,- деп өзүнчө сүйлөнгөн. Ракман кылчая караганда, ал коюу камышка кире качкан. Атрет башчынын күлөөрдө ачууланаарын эстеп, анын мотурайган селки менен кыналышканын көрсө да, көрмөксөн, билсе да, билмексен болууну ойлогон. Башын чапаны менен жаап, артына кылчайбай жөнөгөн.
Ракман качып бараткан Бакынын сырга бекемдигинен ошондо шектенген. Ошон үчүн:”Калжыңдаган неме сүйгөнүм экөөбүздү элге жайып ийбесин”,- деп чоочулаган. Эртеси экөө ээн калганда, Ракман:”Эмне жооп угаар экенмин?”- деп ойлоп, сынап сураган. Бакынын сесин алганы анын бөйрөгүнө тамашалашып, бычак такап, демитсе да, жоокери тартынбай-этпей: “Туура, көргөн көзүм — күнөөкөр. Сиздин коктуда кыз менен шынаарлашканыңызды билген жокмун. Ал жөнүндө уксам, жаныңызга дегеле жолобойт элем. Оозумдан чыкпашын кааласаңыз, ооз басырык кылып, башы бош келиндерден бирди мага да көндүрүп бериңиз. Кыз-кыркынды мен да жыттап көрөйүнчү… Ихи-хи-хи-хи…”- деп, тамашалап күлгөн. Ракман: “Чырайлуу зайыбым менен эркетай кызым турса…Мен ал кызга тийген жокмун. Кыштоодогу үйүнө жөө баратыптыр. Атасы артелдин коюн багат. Үйүнө жеткирип койдум,ууру-бөрү тийишпесин деп… Кайсы ургаачы болсо да,түбөлүктүү көшөгөсүнө бүтүн барсын, күйөөсүнүн алдында жер карабай. Жолуңдан чыккан туш келди сууга кол чайкаган жигиттик эмес. Мага булактай мөлтүрөгөн тунук суу жагат. Ошондо да өз ыктыяры менен мага көз арткан, же мени сүйгөн кыздар менен сүйлөшөм. Селкилерди сен да булгаба”- деп, кыздын абийирине тийишпегенин кыйыткан. Бакы ага ишенбеди. Бирок, көзү менен көргөнү жөнүндө жан адамга жел чыгарбады. Атрет башчы Бакыга мына ошону эскерткен болчу.
-Ошонум ырас десең, эрсиреген келиндей кылыксынбай… Тели-теңтуштун черин жаз! — деп, Ракман Бакыны көңүлдөш кызга теңеп, орой болсо да, чымчып өттү.
Ыктыярчылар өз ара күбүр-шыбырга түштү:
-Ээ десе, ырчы дегениң — командир буйруганда ооз ачат турбайбы!
-Күйдүм чоктон сок, Бакы!
-Көйнөк-жоолугу көз кызарткан кыз-кыркындарга ашык болгонуңдан ырда!
-Азыр… Сүйгөн кызга багыштаган ашыктык ырларымдын шиңгилин үзөйүн,ээ?
-Ичинди кең тутуп, каалашыңча үн соз!
— Кенен-кесири ырдай бер, бекер олтурганда…
-Жигит атттуулар кыз-келиндерге жакын, сендей шок болсун! Шоктонбосо, кыздар менен ойнобой эле койсун!
-Тоскоолдук кылбай, тим тургулачы… Эми ырдайын дээрде, алаксытып, ырын бузуп атасыңар, — деди дагы бирөө ыр күткөндөрдү тыйып.
Бакынын “секетбай” ырын тыңшаганы адегенде ар кайсыны сүйлөшүп, чуру-чуу түшкөн ыктыярдуулар чук этпей калышты. Алардын жанына Ракман да келип кошулуп, обон созулушун күттү. Бакынын жанга жагымдуу коңур үнүн уккан сайын ал:” Аттиң ай! Колунан жетелеп-өстүрөөр устат табылса, мындан Токтогул менен Жеңижок, Барпыдай төкмө чыкмак. Көр турмуштун айынан бу жигиттин өнөрү көзү кум бүтөгөн булактай соолбосо… Кайран талант… Тоз-тополоң бүтүп, басмачылардын тамыры куруп, тынчтык орносо, муну ырчылардын окуусуна жөнөтөйүн. Антпесем, ышкысы бөөдө жоюлчудай. Же темир-терсекке жакын экен, трактирчи-шоопурлардын окуусуна жиберсемби? Бул жигит айылга ЧТЗ трактирин минип келип, жерди бурулдата айдап, буудай сээп, пахта эккенге маш ”, — деген ойго чарпылды. Өнөр жагынан убадасынын үдөөсүнөн чыга албаганына убайым тартканда Бакынын ыры көгүчкөн сымал айлана-чөйрөнү тегеренип учту.( Башкарманын Бакынын кесиби тууралуу экинчи ою жүзөгө ашты. Орток чарбанын жумушу өр алып өркүндөп, жай турмуш башталганда Бакы чын эле трактор минди) Ал минтип обон созду :
—“Кызылдан сенин көйнөгүң, оу
кыл келиптир, боюңа-а…
Кыйладан бери көрбөймүн мен ай,
кымтып бир алчы-ы, койнуңа-а…
Ак көйнөк кийсең боюңа-а,
артылып жатсам, койнуңда.
А дүйнөгө барганда эй,
азабың менин мойнумда-а…”
Ыр бүтүп-бүтпөй атып, ыктыярчылар чуулдашып, Бакыны сүрөштү.
-Өлбө Бакы, өлбө! Өлсөң, кайра көктөп, бийик чынар бол!…
-Бах-бах, эй!Сени сыздаткан кыз-келиндин азабын күйөөсү берсин, эй!..
-Үнүңдөн кыздар үргүлсүн, Бакы!
Анын ырын ичинен кайрып кайталагандар, шыпшынып, тамшангандар чыкты. Бакынын өнөрүнө таң бергендер ак дилинен жактырып, кол чаап, коштоп турушту.
-Бу кайсы кызга арналган ыр?
-Эй!.. “Жүзүмүн же да, багын сураба!”,- дегендей. Мунун сүйгөн кызын сурап, териштирбей, ырын жыргап уга бер да! Кыйыктыгы тутса, ырдабай коёт. Баарыбыздын ырыскыбызды кыясың, анан…
— Какпа, досум! Кызыкса, айтайын.
Бакы өз ара жаакташкандарды тыюуну көздөп, ымандай сырын жашырбады.
– Күндөрдүн биринде буудай машак терип жүргөм… Ошондо Мария аттуу сулуу кызды учураткам. Аны жактырганымдан улам ийип кетип,терген машагымды анын калтасына төгүп бердим. Купулума толгонун кыздын көзүнө айта албай, ушул ырды чыгаргам.
-Кап! Артынан барып, түндөсү сүйлөшпөйсүңбү?… Же, жеңеси аркылуу чакыртпайт белең?..”Күйөөм бир көрсө, өлтүрөт кайним!Артымдан калбай, агаңа көрүнбөй баргын, кайним,” – деген экен бир ойноок келин…
-“Хандын үйүндө кор болуп жаткыча,кулдун койнунда кутуруп жат!”-дейт.
“-Кызыңдын төрүндө уктагыча, уулуңдун улагасында жат” — деген да сөз бар.
-Бу биздин элде кыздар сүйүүсүн жашырат.
-Ай, ушакты койгулачы! Ырды угалы! Ии, ошо ырыңды улант, Бакы!
-Анда кайра баштайын, ээ?! — деди Бакы коштоо күтүп.
Уккандар тым-тырс болгондо минтип үн созду:
“-Сеники деймин жанымды-ы,
сен билбейсиң, анымды.
Качан бир келип, жазасың ай,
жүрөктө күйгөн жалынды?
Аптамабиль, тырамбай
асманда жылдыз, үркөр, Ай.
Алтыным,сага жете албай,
каңырыгым түтөдү, ай!
Бозоруп туруп, күн жааса,
Беш-Мойноктун белине.
Качан бир жетемин, ай,
ботогөз сендей келинге!?
Кара-Булак, Дөө- мазар
ортосунда Чымчык жар.
Ойноп, бир күл кыздар ай,
бир күнү өлүп, жан чыгаар…”
Ыр маанилүүбү, же Бакынын обону угумдуубу, айтор аны курчай олтургандар тегиз муюп калышты. Жадесе ыктыярчылардын дем алып, дем чыгаргандары да билинбей, тым-тырс болуп, баары ойго батты.
-Эми, — деди Бакы ошондо. – Ыраак жакка турмушка чыгып кеткен селкилерге арнаган өлөңүмдөн бир сабак. Уккула!
-Кана, кана? Өнөр деген коргошундай уюп жаткан экен, балада – деди кимдир-бирөө.
-Ии, андан ары… – деп коштоду, дагы бири.
“—Кара кыя, Бөрүлүк оу,
карарып, чөбү көрүнүп.
Кармалашып, ойноордо ай,
кыштактан кеттиң, бөлүнүп.
Кызыл кыя, Бөрүлүк оу
кызарып чөбү, көрүнүп.
Кызыгышып ойноордо ай,
кыйла алыс кеттиң, бөлүнүп…”
-Ой, баракелде! Сени сыздаткан кыздар биздин колго түшсө экен. Учураары менен сенин өчүңдү алып берели, ээ?
-Өлбө Бакы, өлбө! Эки дүнүйөдө тең эч жамандык көрбө!
-Азамат! Төкмө акындардан да аштың — дешип, Бакынын чери жазылган курбалдаштары аны кучактап сыйлап, далыга тапташты.
Атреттин командири Ракман да күлүмсүрөп, тумандуу ойлордон арылды.Көңүлү көккө серпилип, мукамдуу ырларга эргиди да, мүрүнө канат бүткөндөй толкундады. Жүзү жайнап, Бакыга айтаар алкышын таппай турду. Өзгөлөрдүкүнө окшобогон каалоо-тилек айтууну эңседи. Көөдөнү элжиресе да, кайрадан ойго тунду.
Алоолонуп күйгөн оттун табына кактанып, аны-муну күбүрөшүп, топ таштай чогуу олтурган ыктыярчылардын ичинде боз көйнөк, боз дамбалчан Жолдоштун карааны көзгө даана тартылат. Малдаш токунуп жайланса да, сыз жерди тоотпогон жылаңаяк, жылаңбаш,ак саргыл бул жигит ыктыярчы атретте Ракман менен гарнизондун командири Эргеш Алиевдин тапшырмасы менен кыйла жерди жөө-жалаң кыдырган тыңчы.
Ал жарым жыл мурда коңшу өлкө тараптан жүктүү ат-эшекчен,бейтааныш адамдардын ээрчишип, колот оозундагы чоң дарбазалуу короого киргенин көрөт. Кырга чыгып, короого көз салса, ал көлүктөрдөн курал-жарак түшүрүлөт да, ат-эшектер ээлери менен кошо ошо короодо өлтүрүлөт. Жүктүү унаалар жума сайын короого кирген бойдон кайра артка кайтпайт. Короодон анча алыс эмес айылдагы өзүндөй тыңчыдан мындагы басмачылар жакын арада кызыл аскерлердин гарнизонуна кол салаарын укту. Жолдош бул кабарды түнү менен жол жүрүп, гарнизонго жетип, гарнизондун командирине угузду. Тыңчынын акылы менен гарнизондогу чатырлар заматта башка жакка көчүрүлдү. Чатырлардын ордуна жоолор: “Кызылдар ордунда экен” – деген ойдо калуусу үчүн от жагылды. Басмачылар гарнизонго кол салганда буктурмада турган кызыл аскерлер артынан жетип келип, аларды туш-тараптан курчоого алып, баарын тындым кылышты.
Байларды кулакка тартмай өнөгү күч алганда Гөлү орток чарбадан баш тарткандарды топтоп, тобу менен тоого качты. Душмандыкка көнбөгөн Жолдошту да жалынганына карабай, үйүнө түнү келип, коркутуп-үркүтүп айдап кетти.
Жолдош оңтою келгенде, Гөлүнүн колундагы адамдарды ал жокто элге кошулууга үндөөр эле. Кышы-жайын үстүндө ушул боз дамбал менен боз көйнөк. Бутуна кепич кийбей, чаң жол, тикенектүү жерде да жылаңаяк жүргөнү – жүргөн.
Кайсы бир ирет Гөлүнүн жигиттери ар кайсы айыл-кыштактардан уурдап, ала качышкан кырк кызды жалама аска боорундагы үңкүргө камашат. Алар кыздарды Ооганстандан келээр курал-жарактарга алмаштыруу жагын макулдашат. Эргеш Алиев Жолдошко үңкүрдү таап, анда камалган кыздарды бошотуп алууну буйруйт. Асканын тик башынан капталдагы үңкүргө түшүрүлгөн жыгач шаты аркылуу кыздарга тамак-аш, суу берилчү. Кийин шатыны жогору көздөй тартып алышчу. Үңкүргө да күзөтчү коюлат. Жолдош кыздарды чекесине черттирбей, аман-эсен куткарып алуунун амалын издейт. Күндөрдүн биринде анын көктөн тилегени жерден табылып, үңкүрдүн кезектеги сакчысы ооруп калат. Тыңчы, кеселман күзөтчүнүн ордуна суранып атып, кезметке турат. Кечки тамак бышаарда ашпозчуга көмөктөшүп, от жагат. Куурайларды тутантууга уктап калган ашпозчудан түнүчүндө чакмак ташты уурдап алат. Ашпозчу эрте менен казанга тамак асып коюп, ары басканда, Жолдош оокаттын даамын билүү үчүн сорпо сузуп алат. Сорпону ууртамыш этип, чөнтөгүндө жүргөн нашаадан чөмүчкө бир кокуч салып, казанга аралаштырат. Нашаа кошулган чүйгүн тамакка кериле тойгон Гөлү менен анын жигиттери үңкүр түгүл, алачыктагы кыздар менен иши жок, ар кимиси тамак ичкен жайында томолонуп, катуу уйкуга киришет. Мына ошондо Жолдош аскага чыгып барып, жогорудан ылдый көздөй термелип турган шаты менен үңкүргө түшөт. Күзөтчү да уйкуда магдырап жаткан экен. Сакчы колундагы куралы менен белиндеги канжары чечилип алынганын да сезбейт. Жолдош үңкүрдүн оозун тоскон ташты четке араң сүрүп, каалганы бузуп ачат. Камалуу кыздарды абактан чыгарып, аларга кошуп, алачыктагы кыздарды да токой аралата качырат. Качкын кыз-келиндерди үйлөрүнө жеткиргенден кийин гана түн жамынып, Гөлүнүн кошуунуна кайра кайтат. Эч нерсени билмексенге салып, ашпозчунун жанында жатып, уктап калат. Эртеси жалган түштө ойгонгон басмачылар кыздардын жоголгонун кимден шектенээрин билишпей, күзөтчүнү өлөрчө токмоктошот. Бул окуяны Жолдош эч кимге айткан эмес. Ал ошол жоругун көз алдына элестетип бүткөндө Ракмандын жанына аярлай басып келди.
-Далайдан бери мага тапшырма бербей атасың. Чалгынга адам жиберүүнү ойлонгон жоксуңбу, досум? – деди акырын.
Ракман: “Э жалаң төш! Керегиң тиерде, өзүм чакыртам. Сенин төрт жаш улуулугуң менен ишим жок. Өбөк-жөлөгүн аябас, арка-бел тутаар деп, дос күтсөм…”- деп, кагып ие жаздап, кайра токтоду. Анткени, Жолдошту тыңчылыкка койгону менен анын Гөлүгө туугандык жайы да бар экени эсинде. Эжигейдей ушул сары жигиттей бөлөк жоокери оюн улай акыл кошсо, түс үйрүмөк эмес. Ошондон улам Жолдоштун качмагы, басмачыларга жан тартмагы байкалды дегиче ошол замат туткунга алууну ыктыярчыларга табыштаган. Аны сыртынан аңдытып да койгон. Кээде чулдурап сүйлөгөн Жолдоштун каршылашына кузгундай тиер шамдагайлыгын да көрдү. Бирок, Ракман оюндагысын тыңчы досу чукугандай тапканына таң берди. Ичинде: “Бу чулдурдун баамчылдыгын көр”- деп ойлонуп, дили агарып, жарпы жазылды.
-Олуялыгың бар ээ, жалаң төш! Менин камтамалыгымды кайдан ойлоп таптың? Же, жер тыңшаар Маамыт досуң кабарладыбы? – деди күлүп.
Ракмандын оңойлук менен ийикпегенин сезген Жолдош бул курдай анын кабагы жазылганына сүйүндү. Ичинде быкшып, айтууга өңүт таппай жүргөн көйгөйүн атрет башчынын өзүнө угузууга ыгы келгенин туйду да:
-Баскан-туйганыңдан, кабак-кашыңдан билдим, командий,- деди эркелей. – Гөлү басмачы атыгып, чапанын жаман жейинен жыйтып алдыле… Анын айынан адам сабына, же айбан катайына кошула албай, мен деле чүнчүп бүттүм. Баайынан да айтынан киши аңдыткан, ишенимден чыккан жаман экен. Досум сен баш болуп, мага ишенбесең…Сага караганда Эргеш командир мени өзүнө жакын тартат – деди Жолдош.
Ал ушу таарынычы эмитен кайратынан тайган пенденикиндей туюлуп, Ракмандын зээрине тикенектей саярын капарына албады. Атрет командири имиштерди ойлонбой сүйлөгөн маңыз, жүүнү бошторду жактырбай, тантык адамдарга да кулак салчу эмес. Жолдош анын ушундай мүнөзүн эсине жуутпады.
Ракман: “Бу сакоонун кытмырлыгы ченде жок: бизге жасаган кызматы менен кыязы,Гөлүнүн айыбын жуугусу бар. Ырас, бизге кошулгандан тартып… Мунун көөдөнүн окко-чокко, башын кылычка тосуп, мен сыңары басмачылардын уюгуна кыргыйдай тийип, ийинин күлдөбөдөй тытканын атреттегилердин мүлдөсү көргөн. Анан эмнеге бул сөлбүрөк, ургаачыдан бетер асан кайгы тартат? Дитинде Гөлүгө ырайым беришимди күсөп аткан го! Баш ачып,үйлөнгөн аялымды кордоп, кайынатамды сакалынан сүйрөгөн ит менден ырайым күтпөс. Ал күчтүү жигиттерди курап,элди өз жана өзгө деп, экиге бөлдү. Басмачыларга корбашы болду.Орток чарбанын тамырын кууратканы биздин бутубуз жете элек жерде сайрандап, кылычын булгалап, чабагандап жүрөт. Эркектери аз калган айылдарга карышкырдай тийип, кыз-келиндер менен оокат-аштарын бөктөрө качканы токтободу. Бу чулдур… Агасына ушундай касиеттери үчүн боор тартабы? Гөлү бир күнү колума тиер…” – деп кыялданды.
-Эй сакоо, агаңдын душмандыгын көрүп атасың. Анын атын мага угузба! Анан.. Ишенбейсиң дейсин! Сен анын жакын тууганы болгон соң…Менин атымды токубай, атты биринчи ага мингизесиң да.
-Жо-ок, курдаш, андай эмес – деди Жолдош. “Менден көңүлү сууптур…Сакоолугумду тилге албай эле койбойбу?! Жер катуу титирегенде чоочуп ойгонгом.Ошондон кийин тилим чулдурап калганын биле туруп, “сакоо, чулдур” деп кемсинтет. Кыяматтык дос бири-бирин тең санайт”- деп, ойлонду.
— Ишенимге кириш үчүн…. Жараткан адамга эмне тартуулаганын билесиң да, жалаң төш. Бөрү баласы – ит эмес. Тери желке – тон эмес…
Жолдош капачылыгын туюнтмак болду:
-Билем, Гөлү үчүн ичиң муздап атканын. Бирок, мен аны эч убакта жактабайм. Адам баласы бири бирине ишениши үчүн… Албетте, кишиге акыл-эс, аң-сезим, кош кулак менен эки көз жараткан – деди, бул ирет тап-так сүйлөп. Атрет башчынын керегине жароого ниеттенди. Анын сөзүн ырастаганы баш ийкегилеп:
—Эмки кезекти мага бер, досум. Басмачылардын изин кууп, чалгынга барып, кумарымды жазайын.Унчукпай жүрсөм, мени жумшабай атасың. Төөнүн куйругу болсо да, мага нөөмөт жеткендир. Суранам сенден.
-Мойнунан байлаган ит ууга жарабас. Ээсине берилген алгыр дөбөт, жилик ыргыткан душманга да, карабас. Эй, жалаң төш! Эгер тууганың кусалантса… Чалгынды шылтабай, ачык айтып, ак сүйлө…
-Раке, жиниң мурдуңдун эле учунда . Дароо тырчыйсың. Бирок, ачууң бар, кегиң жок. Ичим ирип, көңүлүм бузулса, алда качан эле куйругумду түйүп, кайра качмакмын. Гөлү досуңа алеки саатта бармакмын.
-Алтын башка эмне гана ой кирбейт? Сендейди сынаш-коюшту мага турмуш үйрөттү…
-Анан дагы… – деди Жолдош жылмайып. Ыймандай сырына Ракманды ынандыра албаганына бушайман. Атретке кошулгандан бери эмдигиче, же Ракмандан, ал жокто анын ишенген адамдарынан буйрук албай, чоңураак жумуш бүтүрбөгөнүнө кыжалат. Күнөөсүз айыпкердей туттугуп, үнү кардыкты.
Чынында Ракман Жолдоштун өз оозунан Гөлүнүн тузагынан кантип кутулганын сураган эмес.
-Сүйлө… Эмне токтоп калдың? – деди Ракман бул ирет корсулдап.
— Ии, бар экенсиң го! Ушинтип качан сурайт деп, нечен күттүм. Атретке кантип качып өткөнүмө кызыкпадың.
Атрет башчы Жолдоштун баскан-турганынан өйдө аңдытканынын жигин чыгарбады. Жанагыдан жумшарып, бир аз күлүмсүрөдү да:
-Бирде орток чарбага, бирде басмачылардын тамырын жулушка алаксып… Гөлү сыяктуулар улам ийнин которуп, бизге жеткирбей атканда, сага көңүл бурбапмын! Ага капа этпе! Кана эмесе, жомогуңду угайын,жалаң төш, — деп, Ракман тыңчынын баянына кулак төшөдү.
Жолдош баянын минтип баштады…
Басмачылар таң аткандан күн баткыча токойдо көз жазгырышчу. Үрөң-бараң түшкөндө олжо издеген бөрү сымал жортуулга жөнөшчү. Алар бул сапар кокту этегинде орток чарба курууну аздектеген бир ууч айылды чабууну көздөштү. Жолдош бараар жагын сырдай сактап, туш келди оонаган лашкерлерин кыйыктанганына койбой, аларды күч менен козгогон Гөлүнүн түрүнөн жаман жышаанды байкады. Кечээ ээндей түшкөндө: ”Эй бай аке, бу жөрөлгөң башыңды жутат. Ансыз деле бир арыктан суу ичип, бир жерден топурак жууруп, мал-коюн бирге жайган элибизди жоодон бетер таладык. Эртеби-кечпи, үнкүвүдүлөрдүн бутуна жыгылып, бир кашык каныбызды сурап, бала-чаканын убайын көргөнү жагынабыз. Алардын алдына канчалык эрте барып, жазыгыбызды моюнга алып, кечирим сурасак, кылган жапаа, элге тарткан казабыбыз ошончолук бат арылаар. Тарп аңдыган жору менен кузгун сыңары биротоло адыр-тоону мекендеп, жырткычка айланбайбыз. Биз улуу тоодо сайраган улар эмес, адам баласыбыз го! Акыры аяшаар”- деп, күнү-түнү жанын өгөөлөгөн оюн кулак какканы Гөлүгө чымын чакканчалык да сезилбеди.
Корбашынын чабуулга өтүү буйругун уккандан кийин эл-жерден безип, бөрүлөрдөй күн өткөрүп, бири-бирин жара тарткандан кайра тартпас лашкерлер кеп укпай ээлигишти. Алар кыштактагы жай кишилер палоо демдеп, чай кайнатып, тасмал жайып, зарыга күткөндөн бетер элдүү конуштарга жутунат.
Алеки саатта тынч айылдын тополоңун тоз чыгарууга чамынгандарды, биринен-бири озуп, мингичтерин башка-көзгө чапкылап желдиргендерди, кээде өпөңдөй бастыргандарды кантип артына кайырса?..Чаң тозутуп бараткандардын арасында: “Көз жумган кишинин каны сени да тартат. Жазыгы жок азганакай элибиз калды. Ага мылтык, кылыч көтөрбөгүлө! Шамшар-бычак көрсөтпөгүлө! Кокуй күндү башына салбагыла! Мээңерди чулгаган ириң ойлуу туманды айдагыла!”- деген насаатына муюр: “Эй агайын-туугандар! Мобунун сөзү да мандемдүү. Ырас эле бир аз акыл жүгүртсөк, кантет?” — деп, калгандарын токтотоор, тизгиндерин тартаар пенде жоктой.
Жолдош ушинтип ойлонуп, жүрүшкө чыгаарда Гөлүнүн соңунан чобурун бастырды. Уудан куру калчудай илгери жүткүнгөн лашкерлерди алдыга өткөрүп ийди. Оор ойлору менен алпурушуп, кошуунду ыргылжың ээрчиди. Чаң жутуп, суулдуругу эркине коюлган аты да ылаалады. Ал каяша айткандын канын төгөөр баш кесерлерди тизгиндөөнүн аргасын таппай, санаасы жиби үзүлгөн шурудай туш келди чачырады. Акыры жүрөгүн туйлаткан ой баш бакты. Ансыз деле эл муну да агасына кошуп, канкор, качкын атыктырды. Курулай жаман аттуу болгондон көрө…
Бака чардайт, чөөттө. Курбака курулдайт. Бул аймакта мындан бөлөк жаныбардын уругу соолгондой. Толукшуган саратандын кечки пардасы акырындап түшүрүлдү. Бир чакырым араактагы караанды айырмалоо кыйла түйшүктүү. Жолдош не кылаарын даана ажырата албай, кечки абанын үптүгүнөн, бирэсе лок-лок жорткон ат жүрүшүнөн алка-шалка терге жуунду. Чай кайнамдай кечиксе, көз байланат. Ийнинен октолуу бараңын колуна алды. Эми алды жакта бараткандарга байкатпай “тарс” эттирүүнүн онутун күттү. Атынын оозун бош койдуле, ал самагандай чаң ызгыткан атчандардын арасы ачыла түштү. Тыңчы мына ушуну күтүп келаткан. Бардеңкесин мээлегенде Гөлүнүн кең далысы, күржүйгөн шилиси мылтык учуна илешти. Колунун титирегенин басып, машааны тартып ийди. “Баң-ң” эткен үн кулак тундурду. Ок Гөлүгө эмес, жанатан бери анын жан-жагына улам чаап өтүп бараткан басмачыга тийди окшойт. Ал какая боюн түзөдү да, анан ээрден сыдырылып түштү. Заматта топураган аттардын дүбүртү сээлдеп, тизгин тартылды. Гөлү да артына жалт бурулду. Мылтыгын жонуна шаша-буша арта салган тууганын көргөн соң, иштин жайын түшүндү. Гөлүдөн мурда атын кайрып, ага жетип барган жигит Жолдошту качканга үлгүртпөй, кууп жетти. Төбөсүнө удаа-удаа камчы тийгенде тыңчынын көзүнөн от чагылды. Башынан ылдый кан жайылды. Ач кенедей баскынчылар анын ат үстүндө чөптөй ыргалганына көңүл бурбай, ээрден сүйрөп түшүрүп, ур-токмок менен тепкиге алышты.
Жолдош бир оокумда эсине келди. Жым-жырт, ызы-чуу салган караан жок. Көңтөрүлгөн казандай көөдөй түндө, асманда жылдыз бажыраят.Бети-башы көнөктөй шишиген. Башы менен кабыргалары, колу-буту сынгандай зыркырайт. Бир кезде таң шооласы сөгүлдү. Жанында даракка сүйөнүп, үргүлөп олтурган бүкүрү басмачыдан бөлөк кыбыр эткен адам көрүнбөйт. “Жүлжүк көз кароолчунун төбөсүнө төрт уруп, качсамчы?” Чөнтөгүнө колун салдыле ойдо жок жерден шуудураган төрт бүктөм кагаз манжаларына урунду. Ал шапалактай кызыл түстүү зайым акча эле.
-Оо коку-уй, бар экен, бар экен.Үч -Коргондун базарына түшөөр пулга тийишпептир – деп кубанып, күзөтчүнү кепке тартмакка каткырды.
Күзөтчү адегенде ага анча кызыкпай, көңүлкош карады. Уйкусун бузганына нааразы кейиптенип, айыптуу тиктеди да:
-А бала, тирилдиңби?..Кара жаныңдын каркытын тилебей, азуулууга айбат кылган сен да, бир ырыскыйды экенсиң. Бөлөк болгонуңда, Гөлү алмадай башыңды үзүп алмак. Дагы жакшы бир атадан таркаган ага-ининин балдары экенсиңер. Ал сени, “өлтүрөм” деп ызырынган башкесерлерден арачалап калды. Ээ, Кудай… “Туугандын топурагы алтын” деп ошон үчүн айтылган да. Жөлөп-таёонун ордуна сен өңдөнүп туугандын жолуна туурасынан чыккан аңкоо — кыргызда жок. Кекиртегиңден шамшарды бир тартса, койчо мууздалат элең. Агаңды жайратканы аткан огуң ага тийбей, бей ажал бир жигит о дүйнөгө жөнөдү. Гөлү сендей битке теңелбеди. Муштум көтөрбөй, жигиттик кылды, билсең…
Жолдош да, кара күчкө ырсайымыш этти. Дилинде:“Ээ, ошо жигитиңди урайын, сокур!Коңшулаш айылдарга топучандарды көчүртүп келип, аларды калкозго каршы тукуруптур”- деп сүйлөндү. Тууганын пир туткан кароолчунун каяшасына жараша жообу байгеге жутунган аргымактай камдалуу турса да, тилин тартты. Добуш чыгарды дегиче кеп ырбап, тигинин зээрине тийсе, оюндагысын бүлдүрөөрү ыктымал.Оюнчугун эрмектеген бөбөктөй колундагы кагазын сонункурап кармаганы — кароолчунун ыкласын бурду.
-Аның эмнең? – Күзөтчү эми жаш баладай таңыркады.
-Көрө элексиңби? Жаңы чыккан зайым пул, миң сомдук…
-Ой-ий зайим ушундай болобу? Кайдан таптың?
-Табылгыдай жолдо жатаар пул жок, тайкеси… Орток чарбага кирген кожо башчыга ушундай акча таркатышкан. Талаада иштегендерге да берип атышат.Бирөөсүнүн баасы бир короо кой менен бир үйүр жылкыга татыйт. Гөлү ушундай пул карматабы, сага? – деди Жолдош тамашалап.
-Гөлү сенин жарды өкмөтүңдөй битиребейт. Өкмөт араң тапкан кыл куйругумду тартып алдыле…Гөлү аны жубу менен кайрыды. Жигиттерине жалаң өз жылкыларын миндирди. “Тараза бизге оору менен баштык толо дилде карматам”- деген… Ана көрдүңбү, байкеңдин марттыгын… Ошентсе да, берчи пулуңду, кармап көрөйүн? –
Оймо-чиймелүү, алакандай кызыл түстүү кагаз колуна тийгенде күзөтчүнүн көздөрү жайнап, шилекейи чуурулду.
Кат-сабатсыз кароолчунун акчага сугу түшкөнүнө Жолдоштун жаны кирди.
-Менден сага соога, ала бер… –деди ал.
-Ие, чын элеби? – Күзөтчү ушинтип сураганы менен кагазды койнуна каткыча шашты.
-Мындайдан менде кырк чакты бар. Керек десең, анын жарымын үйдөн берейин. Мамлекет байыганда күчтүү пулга ооштурасың да, бай болуп жатып каласың. Ме, карма. Акысына мени бошот.
Жолдоштун кирпик ирмегиче көз боёрун күзөтчү да сезди:
-Ой түлкү-ү, ой жуйку-ур. Тим эле баласын кант менен жоошуткан энедей жазгырасың да,мени…
-Ой, чын айтам. Сага жалган сүйлөп, жанымдан тойбодум.
-Гөлү сени азат кылганымды билсе, мени киндигимден асат…Сени жортуулдан кайтаарында ала кеткени мага тапшырган.
-Аларыңдын уруштан аман-эсен кутулаарын Кудай билет. Сенден эчтеке коробойт. Шылтоо жайнап атат. “Даарат ушатып атсам, артымдан келип, төбөмө сокту. Эсимди жыйып карасам, жанымда жок. Качып кетиптир”- де. Гөлү байкем мен үчүн сага тийишпейт. “Таап кел” — десе, үндөбөй айылга жет. Артилге жан дилибиз менен кошобуз… Же, жүр, чогуу баралы!
Баамсыз басмачы Жолдоштун акылын акыры туура көрдү. Тыңчыны атына мингизип, аткарып ийди. Чалгынчы ал жерден кыйла узаганда гана артынан кара күчкө “токтолоп” кыйкырды. Бардеңкесин тарсылдатып, асманга аткылады. Жолдош сакчынын бул жоругун жан сактоо аргасы менен актанууга жасаган шылтоосу экенин болжоп, аны алдаганын эстеди да, күлүп койду.
Ракман тыңчы досунун баянын суз кабыл алды. Жолдоштун “жортуулун” актаарын, же жактырбашын жүзүнөн байкатпады. Анын Гөлүнү атканына ишенбей: “Койсоңчу э, калпыңды ” — дегендей кол нускады. Бир кыйладан кийин:
-Бали! Куулугуң менен сокур басмачыны туздаган экенсиң! Бирок, ошо Гөлү тууганың, аны ээрчигендер кайда барышат? Асманга учуп чыкса да, кайра түшүп, жазданып жатаар, кайрылаар түнөгү, эли-журту — ушул өрөөн! Жер түбүнө найзадай сүңгүп кирип кетсе, бир күнү чачынан тартып, чыгарабыз. Бизди буйтаса, чеке жердин баары НКВД… ГПУ… Алар тутат. Аны коюп, чалгынга суранган жайыңды түшүндүрчү!?. Мынча эмне “мени жөнөт”- деп, отко жүткүнөсүң?
Жолдош Ракмандын бара — бара өзүнө ыктаганын сезди. Толкунданды. Мукактанып:
-Анын жайы мындай. Мага баскынчылар коён жатагынан өйдө тааныш. Тыңчылыкка башканы жиберсең, баскынчылардын турагын таппай, тузакка чарпылат. Анда бирөөнүн убалына каласың. Басмачылар из кууганыбызды сезет да, дагы бөлөк жакка буйтап, мант коюшат. А мени… Гөлүгө боордош экенимдин четин кылтыйттым дегиче, өз кишидей тосуп алышат. Анан дагы… Аскерлердин бирөөсү өөгүнү кармалган басмачыны базар аралатып, айдап өтсүн. Аны кайтарган кызыл аскер чайкоодогу буюмга алаксымыш этсин. Дал ошондо мен басмачынын байлануу колун чечем да, экөөбүз качып жөнөйлү… Кулу атамды кулакка тартмак болуп, үйгө барып аттыңар го! Жанагы аскер бир саамдан кийин бизди жоготумуш болуп, артыбыздан куусун. Бирок, бизге жакындабай, “Кулунун уулу Жолдош качты-ы… Жолдош качты. Милисаны өлтүрүп, качты…”- деп кыйкырып, кара күчкө чуркамыш болуп, арт жакта кала берсин. Ошентип, муну уккандар мени качтыга чыгарышат да, ал сөз Гөлүгө жетет. Мени менен куугундан чогуу кутулган лашкер өз шериктерине барган соң, корбашысына: “Мени ушул, Жолдош бошотту” — деп айтаар…Ошентсе, ишенимге киреериме оң. Нары бу жолу Гөлүнүн өзүн колго түшүрөйүн. Топтой томолотуп, башын алдыңа алып келейин.
-Максатың жакшы… А кокус, ойлогонуң ишке ашпай… Тескери айлансачы?
-Кандайча? –
-Басмачылар өз энесин да аябайт. Амалыңды билип калып, бычып салса, тукумсуз каласың.
-Менде деле күч-кайрат бар. Бычактатып, тим турбайм.
-Оо, мына эми өзүңө келдиң, жалаң төш! Үзүлүп баратканда да бирөөсүн ала жыгыл. Бирок досум, сен айткан туткунду тергөөгө жибергенбиз.
Жолдош көксөгөн тилеги ишке ашпасын болжоп, бир азга ойго батты.
-Эмесе, үнкүвүдүнүн кийимин тап. Анан: “Жолдош атасын камаган милийсаны тындым кылып, качып кетиптир” — деп, ушак тарат, мени издеттир… Ата апамды эл көзүнчө “камайбыз” деп, далдаага жашыр. Минткениң, айыл-апада жүргөн тыңчынын басмачыларга сүйүнчүлөп бараарына шылтоо.
Ракман тыңчынын бу амалына ийикти. Ыктыярчынын бирине буйруп, анын сураган кийимин алдырды.
-Кийинип ал да, тапшырмага бачым кириш! Кана, эмнеге жараар экенсиң, көрөлү?! Кызыл аскерге сеникиндей ыштан, дамбалчан жүрүү – уят. Башкесерлер: “НКВДлар” кийимге жарыбаптыр” — деп,таба кылышат.
-Жок, жортуулдан быякка кайтканда кием, – деди Жолдош. Белбоосун жерге жайып, ага бүктөлүү китель-шымды кабаттап таңды. – Бу кийимчен барсам, алар ыраактан эле мени сакадай кылып, ыргыта атышат.
-Көйнөк-ыштаның да жука. Сага суук өтпөсүн деп атам, жалаңтөш!
-Чилденин шырылдаң суусуна жуунган Жолдош бу суукту тоготпойт – деп, бир жактан Бакы аны көтөрмөлөй сүйлөдү.
-Суук өтүп, басканга жарабай жүрбөгүн, кийип ал! — деди дагы бирөө тамашалап.
-Жараш-коюшту мага калтыргыла да, ак бата тилегиле! Жолум ачылсын! — Жолдош алакан жайып, жанындагылардын ак тилек коштоосун күттү.
-Аман барып, басмачыларды айдап кел!
-Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!
-Жигит пири колдосун! Оомийин! – Командир менен тыңчынын сүйлөшкөнүн уккандар да жабыла бата тартышты.
Жолдош ошол замат үйүнө жетип, улгайган ата-энесине жайын түшүндүрдү. Башына көк селде чалынды. Атасынын дал-далынан жыртылып, кебездери самсаалаган чапанын жамынды. Мүрүнө куржун асынды. Куржундун бир көзүнө бая түйгөн кийимди, экинчисине жоолукка ороп, каткан нан салды. Белине кындуу бычак байланып, колуна дербиштен бетер таяк кармап, түн экенине карабай сапар тартты.
Таң эбак атса да, айлана күңүрт. Адегенде себелеп башталган жамгыр улам күчөөдө. Калбыр элеген кебектей чуурулуп, тыңчынын жамаачы кийиминен өтмө катар суу өттү. Селдесинен сарыккан суу моюн ылдый жылжыды.Кийимине сиңген соң, жаандын муздактыгы сезилбей барат. Адыр өрдөгөн кыя жол менен кырга чыкканда этек-женин делбектетип, шамал бадал аттууну чайката удургуду. Суук шамал аны айдөш жакка ыктатып, колго жабышкан камырдай бутуна илешкен баткакка тайгылтып, колотко ыктоого аргасыз кылды. Кокту ичинде бороон эпкини аз да болсо, сээлдеди.
Жолдош жүзүн жууган жаан суусун нымдуу жеңи менен улам сүртүп, буйткалуу жерге кадала тиктейт. Ыраактан алачык көэге илешти дегиче, кадим дубананын обонуна салып, жол бою ак уруп, кош колун бирде көккө, бирде тирүүлүктүн жышааны бар жакка сунуп, тиленет. Ракмандын тобуна кошулганы менен Гөлүнүн жигиттерине аралаша баштаган ишинен шек туйдурду дегиче агарган таң менен кызгалдактай кызарган кеч өзү үчүн түбөлүккө өчүп, койчо мууздалаары да жадында. Ыктыярчылар басмачылардан кеткен кеги менен өнбөгөн өчүн сөзсүз алып берчүдөй. Бир жагы Ракмандын жөкөрлөрү менен машыгып жүрүп, кылыч чаба албай, кыйла шылдың болгон. Арасынан ат жүгүрүп өтчү чыбыктарды кыя чабам деп, мингичинин кулагын шыпыра чаап, туягынын терисин шылган.
Ракман ошондо “Ээ ашкеби!”- деп жемелеген. Ал:
— Кылычты шыр шилтей албасаң, жоого айры куйруктай тие албайсың! Кирпик ирмебей карап тур! Кылычты мына, минтип чабат- деп, алыстан атырылып келаткан атынан так секирип, ээрден ыргып түшкөн. Күлүгүн бир канча жерге чейин жандай жүгүрүп барып, кайра ээрге ыргып минген. Машыгууга эки катар сайылган бадалдардын ортосунан көзгө илешпей шуу өтүп, каз-катар тизилген бутактарды тегиз чаап чыккан. Шилтегенген кылычы жаздым кетпей, бутагы шылынган бадалдар атчандын артынан тегиз кыйраган.
“Ракман досумдун балбандыгын айт!”,- деди бир ою.- “Былтыркы тойдо тандамал, жолборстой жоон билектердин бирин койбой көтөрө чапты. Кийин эрөөлгө бу өрөөндөн ага теңдеш бир да жан чыкпады. Бетме-бет атышууда да жалтайлабайт. Бөлөктөр тизелеп, же жата калып ок үзсө, ал бута атып аткандай “мендей сок” дегенсип, какая туруп, тапанчасын тарсылдатат. Ок өтпөс соот кийген баатырдан ок да тайсалдайт окшойт. Ага ок деле тие элек. Мактаныч кылганыбы, “Ракман жинди” атыкканы да бар. Артель башчынын эсепсиз эрдигинен Жолдоштун көңүлүндө ушулар жат калыптыр. Ал: “Я Кудай, шерменде кылба”,- деп, жакасын карманды. — “Гөлүнү алаканыма түшүр! Ылайым бороондуу күнү балчыкка баткан сапарымдын акыбетин кайтар!”
Токой кезип баратып, куу бутактарына ак, көк чүпүрөктөрдүн айрындылары самсаалата илинген долоного жанашты. Динчилдер мындай жерди ыйык тутуп, кыя өтпөй турганын эстеп, куран окумакка чөк түштү.
Кырааты менен куран окуган бейтааныш үн жаңырганда токойдо илбээсин издеп жүргөн эки басмачы туш тарабына элеңдеди. Көздөрүнө бадалдардын арасында Кудайга сыйынып-жалынып аткан чоочун киши урунду. Баскынчылардын шериктери коогадан бейкапар, кечки тамактын түйшүгү менен убара. Экөө бутунун учу менен жыла басып, келме келтирген Жолдоштун каптал жагына көчүк басышты. Ага окшоп, алакан жайышты.
-Ушу курандын сообун…. Караңгы көр алдында бейкүнөө жаткан ата-энем менен чоң ата, чоң энелеримдин арбагына багыштадым. Ылайым жаткан жайлары жарык болуп, жандары бейиштен орун алсын! – деп, Жолдош тигилердин шарпасын алда качан туйса да, өзүн ээрчий бата тарткан чоочундарга сынаган тейде жан-жагына кылчайды. – Адам ата, Обо эне, отуз эки султан, кырк бир чилтен, төрт чарыяр пайгамбарыбыз Мукамбет колдоп, окуган кураным баштарына саябан болсун! Кудай күнөөмдү кечирсин! –
Бейтааныштардын жашыраагы ал ордунан тураарда кол узатып, колтугунан сүйөдү.
-Ас-салоому алейкум дубанам, жол болсун! – деди улуурагы.
Жолдош чоочундардын баскынчы экенин алдыртан туюп, ичинен жымыңдады да:
-Ва-алейкума ассалоому! Силер менен бирге болсун, жигиттер! — деп, башын оң-солго буруп, пейил күтө, алик алды.
-Ыраң – кебетеңиз ыраак жол баскандай…
Чалгынчы кошомат кепти ырастап, баш ийкеди:
-Ие… Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу ичет. Бу күндө баш баана табылбаса, жама-ан. “Мусулман желегин көтөргөндөр ушул тоолордо ”- деп угуп, тусмалдап, аларды издеп жүрөм, инилер! Чамасы, токой аралап качканым ырас болгондой.
-Кудайдын кулу,сизде эмне айып? Кимден качтыңыз?
Жолдош бейтааныштарды бир сыйра чолуп өттү.
-Ээ, душманга койнуң ачпа дейм, бекерге пулуң чачпа дейм. Адегенде өзүңөрдүн тек-жайыңарды сурайын. Сурооңо жараша анан жооп угаарсың.
-Биз да сиздей пендебиз. Каапырларды катырганы жүрөбүз.
Жолдош буга кубангандай түр көрсөтүп, көздөрү күлүңдөдү. Ордунан тура калып, чоочун кишилерди алмак-салмак кучактады да:
-Анда кан-жаныбыз да, акыреттик жолубуз да чогуу экен. Катарыңарга мени да кошуп алгыла, арстандар!
Бейтааныштардын улуураак, кара торусу баштан аяк аны тирмие тиктеп турган.
Ал:
-Сиздин да жөнүңүздү билели, молдоке! — демиш болду.
-Эх бач-чагарлар, күмөнсүрөп атасыңар, ээ?! Мунуңарды билгем… – Жолдош тишин кычырата ачууланды.Ары-бери басып, куржунун чукулады. Куржундан сууруп чыккан түйүнчөктү милдет кыла жерге бир чапты. Док урунуп:
– Мына эмесе, көрүп алгыла менин ким экенимди…
Тигилер тарп аңдыган жорудан бетер томолонуп бараткан түйүндү баса жыгылышты. Түйүнчөктү чечкенде НКВДнын канга чыланган кителин, кителдин жон тушунан тилинген чоң айрындыны көрүштү да, шаабайлары сууду. Аң-таң кала Жолдошко жүз бурушту.
-Мага ишенбесеңер… Тыңчы, же кызылдардан болсом, ушу кителди кийгендин башын жутуп, Алла алдында күнөөгө батмак эмесмин, — деди кекерлүү. – Үнкүвүдүнүн башын көтөрүп келет элем… Артымдан куугун түшкөндө ага мурчам жетпей, элтеңдеп атып, колума тийген ушул кийимин сыйрый качтым. Төрт күн бою жашынып жүрүп, араң кутулдум. Эми тутулдум деп атканда силер бет маңдай чыктыңар…Кана эми, мени ээрчиир ата уулу чыкса?… Желкеге мингени аз келгенсип, табагыман өйдө аңтара тепкен үнкүвүдүлөрдүн канын суудай чачсам, эх…Эчтеке эме-ес… Жанымды куткардым, бул да чоң олжо… Жалгыз жүрсөм да, гүпүлөрдүн неченин кыйратып, тоңкочук аттырдым. Тамырларын дагы кыркамын, кан сийдиртемин. Дини кайырлар түгөл алдымдан чыкса да, жан соогалабайм. Эх, канын шимирсем, ээ? – Жолдош терең дем алып, суу жуткандай тамшанды да:
— Силерди көрүп, жаным кире түштү. Ка-ап, өзүбүздүн балдар болуп калдыңар да, болбосочу…
-Кызыл шапке деп сүйүндүңбү?
-Анан эмесечи!? Сенин маңдайыңда алардыкындай беш жылдыз, же башка эн тамга жок.
-Ырас эле, — деп кубаттады качкындардын кичүүсү.
-Өзүбүздүкү экенсиңер!.. Тообо кылып, ниетимден кайттым. Мени тентиретпей, мындан ары сабыңарга кошуп алгыла!
Бейтааныштардын кара торусу баятан бери Жолдоштун сырын тарткансып, түнөрүп турган. Ал кабагын түйгөн калыбында:
-Аны корбашыга айт, тагдырың ошонун колунда.
-Анда корбашыңарга ээрчитип баргыла, айланайындар! Ажыбай корбашыны уксаңар керек?…
-Аны “колго түшүп, атылып кетти”- дешти эле.
-Укканың чын. Калган жигиттерин түрмөгө айдашты. Бир канчабыз абактын кароолчусун муунтуп, качып чыктык. Ар ким өз башын куткармай болду. Шериктеримдин кимиси кайда кетти, эсебин алганга чамам жетпеди. Алтын башым аман калса – каниет, башкасын урганым жок.
Кара тору басмачы ордунан тура жөнөдү:
-Көп сөз – эшекке жүк. Жүр мени менен…
Теги өзбек корбашы Жолдоштун айткандарына ынана бербеди. Сыпайы түрдө сыртынан ишенимиш этти. Бирок, тыңчыга билдирбей өз кишисин анын кыштагына тымызын жиберип, чын-төгүнүнүн териштирүүнү чечти. Жолдоштун айткандарын туура тапкан кабарчы үч күндөн кийин кайтып келди. Ага дейре тыңчы колу-буту байланып, суудан бөлөк өзөк жалгаар эчтеме татпай, караңгы ороодо жатты. Ал өңүнөн азып, иреңи кумсарып, чоочун корбашынын маңдайында турду. Бекерчиликтен жүдөп-какап, коюу кара каштуу, алаң көз, кокондуктардай көөдөнү ачык,узун чапанын желбегей жамынган корбашы Жолдошко ыраазы экендигин жылуу мамилеси менен туюнтту.
-Иттик бизден кетти, Жолдош иним. Кечир эми! Кулу байдын уулу экенсиң.. А мунуңду кийип ал – деп, тыңчынын колунан мурда алган китель-шымды Жолдош жакка жылдырды.
Чалгынчы өзү көтөрө келип, корбашы тарабынан сый иретинде тартууланган кийимди мыжыгылап, үңкүрдүн төр жагына ыргытты. Бышактамыш этип, көздөрүн ушалады.
-Кызылдардын өңү түгүл, кийимин көргүм жок. Биздин кошуундун тамырын ушулар кыркты. Ажыбайдын өчү алынбай, о дүйнөгө көзү ачык кетти, шордуу. Элди кызылдардан коргоп, сактагандардын бири эле.
Корбашы анын кебин үндөбөй укту да, кийимди төрдөн алып келип, Жолдоштун маңдайына койду.
-Кайраттуу бол, иним! Мунун кереги тийбесе, залалын тартпайбыз. Сени чалгынга жөнөтсөм, мындан артык калка табылбас. Бу кийимди ала келгениң өтө жакшы. Муну менен далай иш бүтүрөбүз.
Жолдош корбашынын жайдары жүзүнөн кепти чын дилинен айтканын болжоду. Жоошуп, желкесин кашылады да:
-Чын айтасыз, байым! Мен ойлонбой эле… Муну кийип алып, кызылдарга кайра кошулуп, шериктеримдин кегин кайтарайын. Сизге пайдам тийсе, эки дүйнөдө сөөгүм ыраазы, байке! – деп ийиле калып, оң колун көөдөнүнө карс урду.Эки бүктөлө таазим этти.
Корбашыга чалгынчынын туталанып, тез эле баш ийгени жакты. Жигиттери ара күндө качып, сээлдеп бараткан. Ал бурчтан бети жабылуу эт, нан салынган табакты алып, Жолдоштун алдына койду.
-Кезертип, ачка кармадык. Капа этпе. Бөрүнүн азыгы жолдон…Тегирменди чаппасак, ачка өзөрөбүз. Азык-оокатыбызды белендеп, курсагыбызды тоюнтуп алсак, темир тиштүү үнкүвүдүлөр менен тирешет элек.
Жолдош ага карабай, нанды бурдап сугунду. Оозундагы оокатын чайнап атып:
-Сөзсүз, бай аке! Кандай кармашка болсо да, силерди өзүм ээрчитип барамын. Кызылдардын күлүн сапырып, канын суудай чачамын.
-Бали, бали!.. Чоң чабуулга чейин жигиттерди тегирменге ээрчитип барасың. Сендей үнкүү кийимченден ким болсо да, сестенет. Айтканыңды жок дебейт. Унубу, загарабы? Талканы болсо да, аттарга артасыңар да, артка кайтасыңар. Антпесек, тишибиздин кирин соробуз. Же, аюу эмес экенбиз, жаз келгиче чээнде уктап, таманын соруп жаткан. Тегирменге жөнөгүлө!
Жолдош дагы ийилди:
-Куп болот, ханым!
Ал бет маңдайындагы корбашынын аты Жорохан экенин, ал мурда машина-трактор стансасын башкарганын, анын парторгун бычактап өлтүргөнүн билген жок.
Жорохан ыктыярчылар үчүн темир жол бекетине түшүрүлгөн курал-жаракты да карактаган. Ал мылтыктарды ат-эшектерге арта салып, колоттогу короого жеткирткен. Андан ары куралдарды басмачыларга сатып, алардан алтын-күмүш топтогон. МТСте кезинде аталган трактор-машиналарды поездден түшүртүп, эски-ускусун орток чарбаларга берген болуп, жаңыларын Ташкен тарапка калтырып жүргөн. Өз кандаштарынын жанында топу кийсе, кыргыз кыштактарын аралап, чабаарда төбөсүнөн калпакты түшүрчү эмес.
Жолдош Жорохандын тоноп алган мал-мүлкү менен тапкан-туткан байлыкты түгөл ага-туугандарына түн үчүндө жөнөтүп турганынан да кабарсыз болчу. Ал оболу кыргызча тап-так сүйлөгөн Жороханды торго түшүрүүнү чоттоду. Бирок, корбашы андан куулук кылды. Жорохан ага кандай тагдыр камдап койгонун ыктыярчы капарына алган жок.
Чалгынчы тегирменге кошо барган басмачылар менен бирге бош каптарга загыра унду шыкай толтурушту. Шериктери каптарды колдошуп, сыртка ташып баратканда ал аярлады.
Тегирменчи басмачылар менен бирге НКВДнын адамы да жүргөнүнө терикти. Бир четте ачуусун араң жутуп, жалгыздатып сокку ураар убакты күтүп турду.
Жолдош анын кулагына шыбырамакчы болуп, билегинен кармап, өзүнө тартаарда тегирменчи кетенчиктеди да:
-Мага жолобо, кесепети… – деп, ызырынды.
Жолдош:
-Аны кийин териштир, – дегенге араң үлгүрдү. “Ракманды жерден чукуп болсо да, издеп тап. Ага Жорохан жигиттери менен токойдо жүргөнүн жеткир. Коргоноорго чамасы жок. Үрөң-бараңда жете келип, тырпыратып баса калсын!” – деп, тегирменчиге дайындамак болгон.
Тегирменчи чалгынчыны сокбилек менен желкеге чапты. Жолдоштун көзүнөн от чагылып, кыя чабылган чөптөй сендиректеп, жер көчүп, шалак жыгылды.Тегирменчи дубалга далдаланып, сыртка көз жүгүрттү. Караса, эки басмачы ун салынган кап-куржундарын көлүктөрүнө артуу менен убара, үчүнчү шериги менен жумуштары жоктой. Бутунун учу менен жыла басып, дароо тегирмендин артына өттү. Тигилер аттангыча жашына турууну, андан кийин ГПУдагылар кулагына куйгандай ыктыярчы атретке кабар айтууга камынды.
Басмачылар Жолдошту насыбай атымча убакыт күтүштү. Ал көрүнө бербеген соң, куба жүздүүсүнүн чыдамы түгөндүбү, үн салып, аны чакырган болду. Тыңчы жооп кайырбаганда атынан түшүп, тегирменге баш бакты. Тегирменден күлүмсүрөй чыгып келатып, кайдигер түрдө кол шилтеди:
-Эй, Жолдошту тегирменчи “туздап” коюптур. Тегирменчинин өзү да жок.
Тегирменде эси ооп, сулк жаткан чалгынчыны басмачылардын чоңурагы да көрдү.
-Куп жайлаптыр. Эки ортодо бүргөдөй ары-бери секирип жүргөн шүмшүктүн жазасы ошол. Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ушуну көрмөк. Тегирменчи чапса, өз адамын чааптыр. Тек кой. Орустарга баш ийгендер мага демектен бири-бирин куйкалап жесин!
-Ай, кызык экенсиң. Корбашыга эмне дейбиз? Үчөөбүздү буйруган ошо го…
-Камгак башсың да… – деди топучан, ширидей кара торусу. – Жообу өзүндө. Жорохан муну бизге кошуп атып:“Иш бүткөндө жок кылгыла” — деген. Ансыз деле жолдо баратканда атып таштайт элем. Өлсө, бир кыргыз өлдү. Ага жаныңды ачытпай эле кой.
Куба жүз басмачынын тыңчыны жалгыз калтырууга дити барбады. Ал тегирмендин оозуна кылчак-кылчак тиктеди. Кара торусу шаштыра бергенде тегирменчинин ары жакта коркуп жүргөн аялына кол жаңсады. Өң-далеттен кеткен келин баскынчыларга жакындабады.
Тегирменчи колуктусуна дайынын айтпай, жылт койгон. Келин душмандар узагандан кийин да жүрөктүн үшүн алып, сүрдүү көрүнгөн тегирменге аярлай баш бакты. Көкүрөгүнө түкүрүнүп, көмкөрөсүнөн түшкөн бойдон сулк жаткан бейтаанышка боору ачыды. Тыңчыны чалкасына оодарып, жүзүнө жабышкан чаң-топонду жоолугу менен сүрттү. Колдорун жарадардын колтугу аркылуу өткөрүп, ыңгайлуу жерге жылдырып, жаткыраарда тыңчы кыңкыстады. Аял жүрөксүдү. Күйөөсү карап тургандай чоочуп, колдорун ылдам сууруп алды. Окчун жылды.
Чалгынчы көзүн ачып, эсине келди. Ал күңүрт тегирмендин ичинде кыйлага кыймылсыз жатканга жел ургандан бетер ичиркенди. Ордунан козголоордо денеси оорлошту. Кылчая карап, дубалга такалган ак жүздүү, көздөрү бакырайган келинди көрдү. Онтоп ийбөө үчүн эринин тиштенди. Чогуу жүргөн басмачылар көзүнө урунбады. Кыбырады дегиче ыраңы жылдыздуу, көөнө кемселчен келин тура качууга кам урду.
-Тегирменчи кайда?
-Билбейм… – Келин ийнин кысып, ашыга жооп кайырды.
Жолдош дубалга жөлөнүп, өйдө турду. Башы менен желкеси зыңгырайт. Боюн түзөөрдө мас немедей теңселди. Жөлөгөнү умтулган келинге:”Тек кой, боюмду кармай алам” — дегендей ишаара кылды. Көз алдында быжыраган жыбыр-жубур чатыраш пайда болуп, саамдан кийин көздөн кайыды. Байлануу турган атын көздөй бет алганда артынан ээрчий баскан аялдын: -Нан ооз тийиңиз — деген таклибин укту. Тааныбаса да боор толгогон зайыпка ичи жылыды.
-Күйөөң мага даам таттырганыңды билсе, “басмачы менен чай ичипсиң” деп, бөөдө кекетпесин. Ыракмат, карындаш… Бирөөнүн убалына калгым келбейт.
Тегирменчинин колуктусу жазыктуу кишидей баш шылкыйтты. Келиндин шагы сынганын болжогон ыктыярчы:
-Чеки көрбө! Ыйкы-тыйкы басылса… Үйүңдүн төрүндө кабат-кабат жастык жазданып, эчтемеден капарсыз тердеп-кургап, тамак ичкенге да кез келет. Жанагы шериктеримдин артынан жетип албасам, “төртүнчү” дегендер тузагына чалынтат. Мынчалык илинип калдың, өзөк жалгаар наның болсо, кайрылыш. Белиме түйүп алам да, жолдо өзөк жалгайм.
Келин ушуну гана күтүп тургансып, жер тамга жүгүрүп кирип, нан көтөрө чыкты.
Чалгынчы олутттуу тартып:
-Эриңдин көзгө чалдыкпаганы ырас болду. Антпесе… Балким, сокур чычкандай башын бир бурчтан кылтыйта чыгарып, аңдып тургандыр. Атрет камандир Ракман бар го! Аны таанырсың….
Кош бойлуу аял “ооба” дегендей баш ийкеди. Тыңчы атайылап өзүн каралай:
-Ошого жетип, ага: “Басмачы Жолдош бар унумду талап, өзүмө асылды. Жоронун жигиттери менен эки, же үч күндөн кийин жортуулга чыгат экен”- деп айт. Унутпайсыңбы? Мени издеп барса, кыйынсынган артил башчыны кылтактап алалы. Этегиңден жалгасын! — деди да, камчысы менен күлүгүн сооруга чапты.
Келин тыңчынын кайсы тарапта экенин биле албай, аң-таң. Бир ою аны “кызылдар жакта” десе, экинчи жагынан:”жо-ок, бу куйту басмачылар менен үзөңгүлөш тура” деген божомол кыялына илинди.
Иңир каптап, эл орунга жайгашаар убакта жер тамга жакындап келаткан бир топ аттардын дүбүртү угулду. Жер үйгө биринин соңунан бири аптыгып, адегенде күйөөсү, анын артынан Ракман чамынып киришти. Алар үй ичин тинте карашты. Аял Жолдоштун адыр жакты көздөй бет алганын угузду.
Ракман ушу кезге дейре ал чалгынчысы тууралуу сырды эч кимге билдирген эмес. Ал:
-Аа, ошондой дедиби?.. Мени алдаган куу түлкү…Эл бузар Гөлү агасынын жугундусуна тоюп, кара күчкө толгон окшойт, кызыталак – деп, үй ээсине бурулду:
— Өзүң үйдө калып, зайыбыңды бизге жөнөткөнүңдө… Эси оогон чыккынчыны карыш жылдырбай, кармап турат элең…
Тегирменчи күнөөлүүдөй жер тиктеди:
-Эсин оодара эле чапкам… Бир эсе жанындагылардан корктум – деди да: “Чамасы, сен жардам бергенсиң го!” — деген кыязда зайыбына көз тикти.
Ракман тегирменчини тыйды :
-Жубайыңа заар чачпа. Аны урушпай бак. Өмүр бою эркекке ашык аткан, бала баккан…Күйөөсү үчүн шамчырактай жарык чачкан, күндүр-түндүр күйүп-жанган адам – аял, эне… Кыз болсо – куюлган алтын… Нан-чай менен алдап-соолап, басмачыларды алаксытып турганыңда… Ысык үй, жылуу төшөгүнөн безгендер жуушайт болчу… Мейли эми, келинде айып жок. Бирок, буудайдын бараар жери – тегирмен… Жолдошту да Жорохан менен кошо жок кылабыз.
Токойдогу чалгынчы кайра барып кошулган топ, тегирменде тартыпган ундан камыр жуурушту. Аны ачытып, таштын коңулуна от жагышты. Таш кызыганда ага камыр жабыштырып, нан бышырышты. Дагы бир тобу кайсы бир кыштактан тоногон кой-эчкилерди жара тартып, шорпо-шилең кайнатышты. Булоосу оборун ачып, толук кайнай элек сорпосу тамшанткан оокатты бири-биринен кызганып, жалгыз чөмүчтү улам талаша казанга салып, ууртай качышат. Ач-жылаңач тоо-токойдо жылуу үйдө түнөмөй, бала-чаканын жүзүн көрмөй жок. Кыйладан бери тоодогу муздак ташка камалып, эл-журттан безип, качкын турмуштан тажап бүтүшкөн. Биринин бүтүргөнү экинчисине жакпай, ээн талаада жүргөндөрдүн ынтымак-ырыскысы тигишинен сөгүлгөн эски кийимдей күндөн-күнгө ыдырап баратты.
Жолдоштун ой-санаасы, көз — кулагы бир аптадан бери сыртта. Ыктыярчы атреттегилер эмдигиче ың-жыңсыз. Тегирменден кайткандан бери жетинчи күнгө ооду. Кабары эмдигиче Ракманга жетпегени сырдуу. Сыр жашырбай, тегирменчинин жубайына өзүнүн кызылдар тарапта экенин ачык түшүндүрсө болмок экен. Аял балким, муну басмачы деп ойлогондур!? Куурай-отундарды чогултуп, табына ысынымыш болуп, Ракман дайындагандай бийик дөбөдөн от тутантса… Оту жалбырттап күйүп, асманга созолонуп чыкса да, жалынды ыраактан көргөн атреттегилер ал туюнтмасын “басмачылар ушу жакта экен” деп түшүнөөр… Тыңчы кыялынан чубуруп өткөн мына ушундай соболдорго жооп таба албады. Кетирген чекилигине ичинен өкүнүп, чоочун добушту коёндон бетер тыңшады: “Ыктыярчылар кам-чомубуз жогунда баса калса экен” — деп көксөдү. Түн ортосунда бийик дөбөнүн как чокусуна чыгып барды да, жолдо топтогон куурайларды додолонтуп үйүүнү чоттоду. Эртеси күзөттө турганда кезектешип кароолго турар нөөмөтчүдөн оттукту уурдап алды. Нөөмөтчү катуу уйкуга киргенде башка басмачылардын да уктаганын болжоду. Түн жарымдан оогондо шырп алдырбай дөбөгө кайра чыкты да, анын чокусуна жыйылган отундарды тутантты. От ал күткөндөй алоолонуп, күйдү. Бул иши – басмачылардын кайда экенин туюнтуп, кызылдарга берген кабары болчу. Эңсегени көңүлүндөгүдөй бүткөнүнө көзү жеткенде гана отту бутак-шак менен ургулап өчүрдү. Түтүн булаган чычалаларды туш келди ыргытты. Анан кайтып келип, эчтемеден кабарсыз адам кейиптенип, ордуна тим жатып алды. Жооп иретинде Ракман жактан да таңга жуук өрттүн жалыны көккө буралганын көрдү. Жолдош батыраак чабуусун туюндуруп, кийинки күнү да ээн кырда от жалбырттатты… Өрөөндөгү эл эмнеге жоолашып, биринин кой-мал,жерин эмнеге тартып алып жатат? Не себептен эзелтен тынч жашаган калктын бир тобу качып-бозуп, экинчиси аларды кууп жүргөнүнө баш оорутпады. Бул жаңжалдын башы тээ жогору жакта экенине көңүл да бурбады.
Ыктыярчылардын бактысына зордук-зомбулук, күч менен туулуп, качкын басмачылардын шоруна бүтөөр, күнүн өчүрөөр дагы бир, жаңы күн жаралып келе жатты.
Таң жаңыдан агарган убак. Жолдош күткөндөй токойдо тарс-турс, качыр-р-кучур-р. Аттардын аянычтуу кишенеген, атылган мылтыктар менен сынган бутактардын үндөрүнөн токой ичи жаңырды. Ок тийген, же качып бараткан кишилердин кыйкырык-бакырыгы жым-жырттыкка коога түшүрдү. Ойдо жок окуя болду.
Үңкүрдө кызылдарды күтүп, ойгоо жаткан тыңчы жанындагы Жорохандын соңунан ыргып турду. Бир малда ок атышуу сейректеди. Аңгыча үңкүрдүн оозуна атчан киши келип токтоду. Ал Ракман болчу. Анын:
-Куралыңарды таштап, багынгыла! Кача турганың өлүмдү өзүңдөн тап, — деген үнү жаңырды.
Ал кимдир-бирөөнү камчысы менен сабап жатты окшойт. Токмоктолгон шордуу киши ыйлактап, жалынып-жалбарды:
-Макул, байке! Болуптур, урбаңыз. Ий мойнум ий…Бала-чакамын убайын көрөйүн. Ыктыярыбыз менен сизге өтөбүз, бай аке, сокпоңуз. Мына мылтык… Таштагыла, балдар! Бөрүлөрдөй кокту-колотто калкаланып, эчтеме таппадык. Элге кошулалы!Жан соога!
Биринин үстүнө бири ортого ташталган таяк, кылыч, мылтыктардын урунушкан дабышы угулуп жатты. Жорохан чакырык таштаган кайсы жоокери экенин айра тааныбаса да, сөгүнүп, үн чыккан тарапка ок узатты. Жооп сыңары быякка да ал жактан мылтык атылды. Бирок, эч кимге тийген жок. Боюн жерге ыгып, көмкөрөсүнүн түшкөн Жолдош, Жорохандын кыймылын жаздым кетирбей, аны аңдып турду. Үңкүрдүн сырт жагынан кимдир-бирөө:
-Жорохан менен Жолдош бир үңкүргө жашынган. Ошолорду да кармагыла, — деди.
Аны уккан Жорохан тыңчыны капталга түрттү:
-Качып чыгабыз. Артымдан калбай ээрчи. Кеттик, — деди шыбырап.
Чалгынчы үңкүргө утурлап келаткан караанга тапанча кезеген Жорохандын үстүнөн баса жыгылды. Көмкөрөсүнөн жер сүзгөн корбашы кармашып атып, чалкасына оодарылды. Тыңчы анын кекиртегин мыкчып, экинчи колу менен анын тапанчалуу колун жерге ныгырды. Карылуу Жорохан чалгынчыны үстүнөн серпе ыргытты. Ал тура калып, тапанчасы менен Жолдошту атаарда ары жактан жете келген Ракман учуна коргошун куюлган өрмө камчысы менен корбашыны бет талаштыра тартып ийди. Чыкыйынан кан жайылган Жорохан көзүн калкалап, тапанчасы менен иши да болбой калды.
Ракман жөрмөлөп тура калган Жолдошту килейген кара өтүгү менен жамбашка тепти. Анын жүзүнө үңүлүп:
-У энеңди эшек тепкир! Асманга чыгып кетпепсиң го! Куулук кылбай, тур өйдө! Сага Ракмандын буту жетпей калбайт. “Совет бийлигине түтүн кайтаргандар кармалган жеринде – атылсын!” — деген буйрук болсо да…Сени оңой өлтүртпөйм, шүмшүк! Балдар, мынабу “чыккынчы” Жолдоштун да колун байлагыла!
Өң-түсү таанылбаган эки ыктыярчы тыңчынын колун артына кайрып, таңышты. Эмки кезек корбашыга жетти. Ракман аңкоосуна:
-Эхе-е Жорохан! Сен да мындасыңбы? Бизге ак кызмат кылат деп, чоң кызматка койсок… Жаңы өкмөттүн нанын жеп, атын минген актүп сенчилеп токойго жашынбайт. О кой, “досум”, сенин жатаар жайың бул жер эмес – деп, баш чайкады. Орунсуз болсо да, мыйыгынан жылмайды. Командирдин зыгыры кайнаганда ушинтип күлөөрү атреттегилерге мурунтан дайын. Ракман күлдү дегиче колго түшкөн басмачынын өмүрү кыйылчу. Корбашыга:
– Бөлөк кандуулар төбөңө көтөрсөң да, тымызын душмандык кылат турбайбы! Сен канча байлыкты туугандарыңа өткөрдүң ээ!? Аны билебиз, Жоро!… Ичи бузук сендейлерди агартып-көгөрткөн биздин элге, партияга ыракмат! Сага окшогондорду сурак-тергөөсү жок эле дарга асууга Маскөөдөн өкүм чыккан. Балдар, нараак жерде “пахталар бажырайып ачылып калыптыр”. Көрдүңөрбү?
-Албетте, көрдүк, — табышмактуу сүйлөгөн командирди курчап тургандар жапырт кубаттай күлүштү.
-Көрсөңөр, Жороханды ошо жакка алпарып, “пахтанын калың түшүмүн тердиргиле!” Кумары “жазылсын”. Ташкенге качып кете албай, ороого жашынганын… Пахтаны Жолдош “саткын” “тердирсин”!
-Жарайт.
Ракман: “Атып салгыла!” -дегенди “пахта тердирткиле!” — деп, кыйытты.
Жолдош командирдин басмачыны жубаткан кебине тен берди. Ал Гөлүнү колго түшүрмөк болуп, Жорохандын тобуна кошулуп калганына айран-таң.
Ракман ыктыярчылар туткундарды айдап кеткенден кийин гана тыңчынын байлануу колун чечти. Күлө-бага Жолдошту көөдөнүнө кыса кучактады:
-Азаматсың, чулдурум да,булбулум! Ишке куп жарадың. Отту күйгүзүп, белги бергениңде эле атка миндик. Бирок, “командир мактады” деп, дердеңдебе! Сыноонун көбүнөн али өтө элексиң. Бу ыраазычылык – сага насыя, нагызын кийин аласың, кубат! Басмачылар бир башын кессең, артынан үч башы чыккан ажыдаар турбайбы! Карматпай, буйтап Гөлү жүрөт.
Жолдош өзүнүн кыраандыгына Ракмандын алымсынбаганына терикти. “Жорону жайласам, Ракмандын төбөсү көккө жетээр” — деген ою тескери чыкканына супсуну сууду. Бирэсе, командир Гөлүнү мунун эсине атайылап салган эле.
Ыктыярчылар менен аралаш жүргөн тегирменчи өз экенин боолгоп, Жолдошту далыга таптады. Ал чечекейи чеч боло:
-Мен жаңылыптырмын, кечирип кой. Атайылап басмачыга айланган турбайсыңбы! Мен соккон желкең айыктыбы, оорусу басылдыбы? – деди да жооп күтпөй, тыңчынын желкесин таптап койду.
Ракман тегирменчиге:
-Жолдоштун биздик экенин билсең да, жашыр. Мунун кызыл тарап экени угулду дегиче басмачыларга уу-дуу жетет да, кокус бул колго түшсө, тирүүлөй мууздашат, — дегенде баары күлүмсүрөштү. Атрет башчынын сөзү башкаларды да муютту.
-Жолдош командир! Жорохан зарыгып, күтүп калды өңдөнөт. Уруксат зтиңиз. Артынан барайын да, буйрукту аткарайын,кубат! — деди Жолдош.
Ракман макул көрүп, баш ийкеди.
Жолдо бараткан тыңчы узай түшкөн Жороханды эмнегедир аяды. Кызылдарга темир жол менен жөнөтүлгөн бир вагон курал-жаракты карактагандан башка МТСтин парторгу Кузнецовдун көзүн тазалап, из жашырган күнөөсүн таппады. Басмачыларга бардеңкелерди сатканын да уккан эмес. Жорохан да кызылдарга Гөлүдөй жиниккен. Чалгынчы да сөөгүнө жеткидей анын сөккүсүн укпай, сөөгүн какшатаар токмогун жебеди. “Кызык. Теги бөлөк Жороханды мен жок кылам деп бекер дардаңдапмын. Көздөн далдаага айдап барып, бошотуп ийейин. Мага алданган күзөтчүсү мени бошотуп, качканымда, оо бир топтон кийин асманга ок аткандай кылсам деле жарашат. Жорохан деле — адам… Кылыч чаптың – өлөт, өмүрү өчөт. Андан эч нерсе өзгөрбөс. Кыргыздар саналуу эл болсок, бири-бирибизди кырганыбыз,уруу-урууга бөлүнүп тытышканыбыз – өзүбүзгө душмандык да. Өз кандаштарыбызга боорукер, мээримдүү болуп, бири-бирибизди көтөрмөлөсөк, кытай, индус сыяктуу көбөйөт элек.” Жолдош оюнда ушундай кыялдарга азыгырылып келатып, Жороханды айдап бараткандарга кантип жеткенин да сезбеди. Күтүүсүздөн көздү жумуп-ачкыча бармакты кырча тиштеер окуя болуп өттү.
Колу артына чырмалган Жорохан ьасып баратып, капыстан токтой калды.
Жолдош аны жонго түрттү:
-Бас…
Жорохан кебелген жок. Текеберлик менен буйруду:
-Туз ургур чыккынчы! Колумду чеч!
-Ийи?…Советтин душманын аябайбыз.
-Ок тийгенде байлануу бойдон жыгылсам, кол-бутумду серпе албай. Жаным чыкпай, кыйналам… Сени алгач жолукканда эле зынданда чиритсем болмок экен….Чеч, оңой өлөйүн!
Тыңчы эмне кылаарын билбей турду. Ыктыярчылардын бири чалгынчынын жообун күтпөдү:
-Ырас айтат, бошотолу. Бирибиз-бирибизди кордоп, кыйнаганыбыз — акмактык. Каапырларга кул болбойлу! — деди да Жорохандын колу байланган жипти бычагы менен кесип ийди.
Колу бошогон Жорохан ыктыярчылардын арам ою жок, кан жагынан өз жагына тартканына кытмырлана күлдү. Алды-артына, оң-солго көз кыйыгын жүгүрттү. Көрсө, жакын арада эки-үч ыктыярчы менен Жолдоштон башка жан жоктой. Ракман турган жерден кыйла оолактаптыр.
Ал жип кыйган билектерин ушаламыш этип, сенейген манжаларын ачып-жумуп, кыймылдатты. Кирпик ирмегиче колун чечкен ыктыярчынын курунан бычакты жулуп алды да, аны менен Жолдошту ичке сайды. Ичин кармап, жүзтөмөнүнөн түшкөн тыңчыны көргөн берки ыктыярчылар жарадар чалгынчыны таштай качышты.
Жорохан үйүнө көөдөй түндө жетти. Короосуна атчан кирген үй ээсин ити да тааныган жок. Дөбөт ээсинин басаар жолун тороп, бир оокумга дейре үйүнө жолотпой арсылдады. Жаагын жаппаган итке итатайы тутулду.“Түн ката жортконумду кабарлап, коңшуларды да ойготчудай”. Ал ичинде ушинтип толгонуп, ээрден түшөөр замат көөдөнүнө ыргыштаган иттин капталына бычак сокту. Дөбөт аянычтуу кыңшылаган бойдон ары сулады. Канча убакыттан бери тыштан ызы-чуу угулса да, каалгасын ылдам ача койбогон колуктусуна зыгыры кайнады. Күү менен эшикти кериле тепкенде каалга аңырая ачылды. Үйүнө жулунуп киргенде чырагын эми күйгүзүп жаткан зайыбы кучагын жая тосуп алды. Шам-шум этип алган соң жолго түшүүнү, Гөлүнүн тобуна жетүүнү көксөдү. Жутагып калганга, аялын кыйлага дейре кучагына кысып турду. Өмүрлөшүнүн бөрсөйгөн курсагы ичине урунганда анын кош бойлуу экенин боолгоду да, эки ай мурун үйүнө түнөп кеткенин эстеди:”Буюрса бала өзүмдөн!” Ичинен кубанып, жубайынын жылмакай бетинен кайра-кайра өпкүлөп, көөдөнүн жыттады. Колуктусу жылытып койгон сууга жуунуп-чайынып, кийимдерин алмаштырды. Анан эмнегедир түркүн ойлорго чарпылды: “Бу катындын ит тынбай арсылдаса да, эшикти ачпаганы эмнеси? Кызылдарга сатылган жокпу?.. Койчу, кантип эле мага кара санасын? Антсе, мени зарыгып күтпөс эле. Карачы, сагынганын. Тим эле жутуп ийчүдөй бооруна кысты. Ох-х, аялдын жыргалындай ысык тап жок го, бу дүйнөдө… Андан көрө убакытты создуктурбай, кайда жүрсөм да, ашык атаар дилделеримди табайын да, туугандар жакка качайын. Антпесем, бул жакта атып жок кылышат, же түрмөдө чиритишет”.
Ал уйкусу келип, ныксыраганына карабай, сыртка чыкты. Балта, кетменин издеп тапты. Дөбөттүн кепесинин түбүнө мурда ор казып койгон болчу. Ага ата-бабасынан калган жана басмачыларга курал сатып, топтогон алтындарын катып жүргөн эле. Ороону ачып, куржун толо дилденин ордунда турганына маашырланды. Эки кочуш сап-сары чакаларды жан чөнтөктөрүнө уучтап салды. Чүпүрөккө оролуп, жерге катылган беш атар мылтыгы да ордунда жатыптыр. Дилделүү куржундун оозун бекем байлап, шек алынбагыдай кылып кайра көмдү. Үйүнө кирип, кош бойлуу зайыбын кучактап, узун өрүм чачынан сылады. Бир чөнтөгүндөгү алтын чакаларды жубайынын колуна карматты. Зайыбына: “Бухара жакка кет. Ылайым аман-эсен көз жар! Уул төрөсөң, атымды өчүрбөй, урук-тукумум уланаар. Кепенин түбүндө ор бар. Ал ороого калган алтынды көмдүм. Кереги тиерде эч кимге сыр алдырбай орду ачып, иштетип, ток пейил жаша. Заман тынчыганда кыргыздарга окшотуп, менин ашымды берээрсиң. Кечээ ыктыярчы атреттен араң кутулгам. Эми кармалсам, соо коюшпайт. Мен жаткан төшөктү эч кимге булгатпа! Сойкулугуңду уктум дегиче кайдан болсо да таап, жетип келип, тооктой мууздап саламын! Баланы жакшы өстүр” – деди да, колуктусун соңку ирет койнуна тартты. Кучагына толуп, эт-жүрөгүн элжиретип, жайнаган көздөрү арбаган зайыбын көпкө дейре өөп-жыттап, коё бербей турду. Ошентип, колуктусу менен акыркы ирет жүздөштү. Анан артына бурулбай, дароо эшикке чыкты да, кайтпас сапарга аттанды.
Таң улам сүрүлдү. Бак-дарактар, кыштактагы жепирейген үйлөр даана таанылды. Жорохан кыйла жол жүрдү. Бир топко барып, артынан чаң ызгыды. Аттын башын буруп, өзүн көздөй атчандар буудандарын чаап келатканын көрдү. Эң алдыда күлүгүн теминген — Ракман. Жорохан жамбашын утуру камчылаганда мингичи ээликкендей тыз койду.
-Токто-о Жоро…
Жорохан Ракмандын кыйкырыгын укса да, атын күүлөнтө берди. Артына кайрылып, беш атарынан ок чыгарды. Огу такымдап калган ыктыярчыга тийгенин көргөн жок. Кийинки огу дагы бир ыктыярчыны томолотту. Калган огун Ракманга мээледи. Бирок, ок атреттин командиринен кайпып өттү. Беш атардын огу түгөндү. Мылтыкты ыргытты да, атын чапкылады. Төбөсүндөгү калпакты ыргытып, шаша-буша боорсок саймалуу топусун кийди. Ыктыярчылар менен аралыгы алыстай түшкөндө эт-бетинен тер куюлуп, кең талаадагы көк камышты аралай чапты. Артынан туш келди атылган бардеңкелердин үндөрү жаңырды. Күтүүсүздөн ичи бычак менен тилгендей ачышканда ээрден кантип оодарылып түшкөнүн да элес албады. Ок чийген курсагын кош колу менен бекем калкалаганга болбой, канга боёлгон ичегилери алаканын жиреп чыкты. Чуурулган ичегилерин топтоп, курсагына кайра салып, жулуп алган камыш менен ичин таңымыш этти. Көчүгү менен артка жылып отуруп, камыштын калың жерине коргологондо шайы ооду. Бир эсе камыш арасынын үптүгү да дарманын курутту. Жаны жер тартып, эс-мас үргүлөдү. Аттардын дүбүртү улам жакындады. Ракмандын:
— Жоро узагыдай болгон жок. Камыштын ар бир түбүн аңтаргыла, — деген үнүн укту.
Командирдин күлүгү Жорохандын тушуна жеткенде бышкырынып, тык токтоду. Жаралуу казысын колдору менен калкалаган качкын тура качууга камынды. Жаркылдаган канжарын туш келди шилтегиледи да, Ракманга:
-Жолобо! Мени мынча эмне кубалайсың? Мени туткундап алып, энеңе айгыр саласыңбы? Эл-жерди коргойлу дегенден башка жазыгым жок го,менин… Калкозуңду канча трактирлүү, канча машиналуу кылдым.
Ракман ээрден түшпөй, каткырды:
-Оп-по кызы талак ай-я! Чыккынчы…Трактир — машинаны менчик зоотуң эмес, өкмөт жөнөткөн… Ой жүзү кара! Дароо топуңду кийип, өзүңдүн ким экениңди таанытайын депсиң да, ээ!? Кызматта олтурганда калпак сенин жүзүңдү коргогон. Сени айгыр салчу апам небак бейиште. Жаштайында жайраган… Кармагыла, кубаттар!
Жорохан ыктыярчыларды бир канчага дейре жанына жуутпай, каршылашты. Куугунчулар алаксысын деп, чөнтөгүндөгү дилделерин алып, түгөнгүчө туш келди ыргытып да баратты, качып да баратты. Тунук балдай кызгылт сары алтындар жерге түшкөн жеринде жылт-жулт этет. Жер жайнаган дилделер жылт-жулт этип көз күйдүрткөнү менен ага эч ким кол узатпады. Кээ бир ыктыярчылар дилдени терип алууну каалаганы менен Ракмандан коркуп, тим жүрүштү.
Ал баарына угуза:
-Көрдүңөрбү, балдар! Уурулук менен табылган байлык эч кимге жукпайт. Ак эмгексиз топтолгон көр дүйнө да, жол-белде чачылып, ээсине буйрубады. Адам баласы өмүр бою топтосо да, жыйнаган байлыгын тиги дүйнөгө көтөрүп кетпейт.
Муну уккан Жорохан да эмгегине кейип, ичи ачышты. Ал аңгыча Бакы узун камчысы менен чаап ийгенде анын колундагы шамшар ыргып кетти. Ошондо гана калган ыктыярчылар аны баса калышты. Колу артына байланган Жорохан булкунуп, сөгүнгөнгө өттү:
-Энеңди урайын саткындар! Коё бергиле деп атам, варварлар!
Ракман кылычын кынынан чыгарды да:
-Турган-турпаты менен бакылдаган текени… Бакы-ы…
-О-у байке!…
-Быдылдаган тилин быякка сууру.
Жорохандын жонуна асылган ыктыярчы эки колу менен аны алкымын бууду. Бакы качкындын башын оң-солго буруп, ойдолотконуна карабай, тилинин учун аттиштей кыпчып, сыртка булайтып тартып чыгарды. Ракман ээр үстүнөн эңкейе берди да, кылыч шилтеди. Кан чууруган тилдин учу Бакынын колунда калды. Аюудай чыңырган Жорохандын оозуна кан толду. Ал булдуруктаганы менен иши жок, түшүнүксүз сөгүнүп жатты. Оозунан ашып-ташкан кан ээктен ылдый моюн-көөдөнүнө куюлду.
Анын балдыраган жемесине табаасы канган Ракман: “Дагы кантээр экен?” — деген кыязда мыскылдай күлүп турду. Командирдин ачууга алдырганда каткырып күлөөрүн, кытмыр жылмайганда душманды өлүмгө кыярын ыктыярчылар жакшы билет.
Ал бир кезде качкындын ичин тосуп турган сол колун далысынан ылдый шыла чапты. Көздөрүнө жаш толгон Жорохан булдурактаганын дагы деле тыйбай, букүрөйүп, ичин кармаган калыбында артка кетенчиктеди. Ал ансайын Ракмандын кыжыры кайнады. Аты менен артынан жете барып, анын эми оң мүрүнө кылыч шилтеди.
Эки мүрүнөн тең кан шоргологон корбашы качууга тап койду. Бирок, командир аны беш аттамча да узаткан жок. Артынан жете барып, башын кыя чапты. Жорохандын башы бир четке ыргып, толмоч денеси топуракка томолонуп түштү…
Ракман канга булганган кылычын жерде кыймылсыз жаткан корбашынын кийимине аарчыды. Ыктыярчыларды сестентүү үчүн:
-Чыккынчынын өмүрү ушундай ит өлүм менен бүтөт. Ичтен чыккан душмандарды да аёо жок. Бизге катылгандар сөзсүз катыгын алат — деди.
Ыктыярчылар ооз ачууга жарабады. Алар Ракманга жасакерлене ырсайымыш этишти. Канга боёлгон Жорохандын денесине аянычтуу тиктешип, каңырсый түшкөн кандын жытынан жипкиришти…Табытты дароо орулган калың камыш менен жаап коюшту.
Ракман таңкы аязга бети-башын каарытып, күлүгүн желдире бастырып келатты. Кулакчыны түшүрүлгөн тумагынын кырларын, муруту менен кашын кыроо чалды. Суукка үшүгөн колдорун күрмөсүнө кымтынды. Бууданы да чыйрыккандай башын чайкап, бубак баскан кош таноосун булоолонто кошкурунуп, бүткүл денеси калтырак баскандай титирейт.
Ал аргымактын башын ыраактан кара темгил болуп көрүнгөн кыштакка бурду. Атретине таң маалкыга жетсе, каниет. Ага дейре болжолунда итапкан убакыты бар. Көптөн бери айылга кайрылууга колу тие элек. “Атрети айылдан кыйла узагандан кийин басмачылар короого тийген бөрү сымак кайра жортуп келип, ач тырмагын салбады бекен?” Ушундай ойлор анын эсинде коргошундай уюган болчу. Анын карегине ыраактан илешкен туулган айлынын бак-дарактары менен жепирейген үйлөрү ысык учурады. ГПУнун штабы жайгашкан кыштакка алып барчу жол киндик каны тамган айылын жандап өтөт. Ошондуктан район байтагына баратканда, же ал жактан кайтканда айылына бир кайрылмайын санаасы тынчыбайт. Ошо себептүү талаа аралап, айылына түз өтө коюуну чечти. Бирок, учкан куштай зымырап бараткан күлүгү талаадагы жалгыз түп тытты айланып өтөөрдө быр-р-быр-р эте кошкурунду да, тык токтоп, артка тисерилди. Темингени менен “чү-чүлөгөнүнө” да көнбөй, камчы шилтөөгө аргасыз болду. Камчынын заарына соорусу ачышкан күлүк бир-эки мөңкүп алды. Ээриндеги адамдын үзөңгүнү тепкилегенинен улам айласы жок капталдай басты. Ракман ээр үстүнөн кар бетинде узатасынан жаткан адамдын сөлөкөтүнөн калган изди, анын айланасына чачырап, катып калган кара кочкул канды көрдү. Кишилер менен аттардын туяктарынын изи да түшүптүр. “Кимдир-бирөөнүн өмүрү кыйылган окшойт” деген ойго чулганды. Басмачыларды кууп жүрүп, кыйла күндөн бери бу жактан кабар албаганына өкүндү. Командирди күтүп тургансып, айыл жактан өкүрүк чыкты.
Таңкы суукка карабай, бул арада Кудаяр атасы Султанды жоктоп, үй алдында ыйлап аткан.Апасы үйдө кошок айтып турган кези эле. Айыл-кыштакта таң сүрүлөөргө жакын көзү өткөн кишинин үйүнөн кырк күн бою, же орозо, курман айтта маркумду жоктогон чуу чыгат.
Ракман ыйды кулагы чалаар замат атынын тизгинин кайгылуу үн чыккан жакка коё берди. Ошондон бир күн мурун берегидей окуя Султандын өмүрүн кыйган эле.
Түнөргөн асманда жылдыз жайнайт.Талааны ак буладай кар баскан. Күндүзү ары-бери өткөн адамдардын таманына тапталган чыйыр жол кечки суукка тоңгон. Темир аяз күчүндө. Теребел кулак кескендей жым-жырт. Күндүн алсыз табына ээриген кардын суусу күүгүмдөн бери жылтыр музга айланган. Кылаңгыр муз жаныбардын туягы тийген сайын быркырап, колдон түшкөн айнек сыңары чарс-чурс этет.
Топураган аттардын дүбүртү узактан күтүрөй келип, Султандын эшигин утурлай токтоду. Гөлү баштаган төрт-беш желдет экен. Жигиттер аттан түшүп, үйгө жулунуп кирди да, Султанды ой-боюна койбой, эки колтугунан кармап, сыртка сүйрөп чыгышты. Эки колун жип менен байлаган соң, Гөлү корбашы аты менен аны кайдадыр сүдүрөп жөнөдү. Селсебиттин зайыбы менен уулу кандай айла кылаарын билбей, эшик алдында ыйлаган бойдон кала берди. Айылдан ат чабымдай узаганда, Гөлү шериктерин токтотту.
Ал ээрден түшпөй туруп, бүктөлгөн камчысы менен Султанды ээкке түрттү да:
-Эй болуш сөрөй!… Калкозду тараткын, каапырга кызмат кылган жолуңдан кайткын.
Колу байлануу Султан демиккени менен ага тик карап, тилин тарткан жок:
-Сен да чактап сүйлө. Туш-тарапта эл саветтерге кошулду. Сендейлер жеңилип, киреер жайын таппай атат.
-Э-х-ээ дымагын! Эртең көрөбүз сенин “баатырлыгыңды”…
Басмачылар Султанды эртеси эл топтолгон жерге айдап барды. Гөлү башын жыйналгандарды көздөй экчеп:
-Кана, Султан! Буларга “калкоз таркады” деп айт! Сенин тилиңди алышат, тар кап кетишет.
-Эч качан сен каалагандай болбойт. Туугандар!… Жакшы заман куралы десек, калкозду бузбайбыз. Артелди таркаткыдай акмак төрөлө элек, — деди Султан жазганбай.
Гөлү ээрде олтурган калыбында кылычын сууруду:
-Анда өзүңдөн көр, — деп, Султандын мойнуна кылыч шилтеди.
Аны көргөн айылдаштары чилдей качты. Гөлү кыйлага чейин атын каны карга суудай чачылып, жерге жыгылган Султандын жанында ары-бери ойноктото бастырып турду. Качып бараткандардын соңунан:
-Угуп алгыла!.. Кимде-кимиң бизге кошулбай… Саветтерди жактаса, өлүмү ушундай бүтөт. Башкарма сөрөйгө жакындабагыла. Сөөгүн ит-мышык жеп, талаада чирисин. Табытына жакындагандар да койчо мууздалат, — деп кыйкырды. Чогулган кишилердин бири да калбай калганда гана артына карабай, ат тизгинин жигиттери менен адырды көздөй бурду. (Чакан артелге кийин Султандын аты коюлду. Чарбаны кийинчерээк Филонец деп да аташты.)
Султандын сөөгү жаткан жерге эркек аттуу жолободу. Сөөктү атка артып келүүгө аялы Күмүш менен уулу барды. Күмүш түгөйүнүн кескиленген мойнун түздөп, ак жоолук менен денесинен бөлүнбөгүдөй кылып,ороп-таңды. Өзү атка минип, баласынын жардамы менен ээр алдына күйөөсүнүн жансыз денесин өңөрдү. Эринин шеит кеткенин ай талаада кошокко кошуп ыйлап, уулу Кудаярга жетелетип келди…
Ракман чырагы үл-бүл күйгөн тамдын тушуна токтогондо үйдүн жарыгы жалп өчтү. Ичкеридегилер чочуркаштыбы, каалга чай кайнамга чейин ачылган жок. Ал Султанды жоктоп, өкүрүп бүтүп, күрсө-күрс жөтөлгөндө гана эшик кыңкая ачылды. Тамдан сыртка баш созгон улан аны таанып, каалганы толук ачты. Бала:
-Апа, жашынбай эле коюңуз. Өзүбүздүкү экен – деп, кыбылага карап олтуруп, ыйын эми токтоткон энесине үн катты.
Атрет башчы Султандын арбагына багыштап, куран окуду. Бата тилеген соң, Кудаярды кучактап, башынан сылап, көңүл айткан болду. Өспүрүмдүн үнү ал сыртка үн салганда эле Ракманга тааныштай угулган. Амандашканы тестиердин колун катуу силкти да:
-Э Кудаш, кутман таң! Корбашыны кармайбызбы? – деп, тамаша ыргытты.
Энеси “Кудаш” деп эркелеткен өспүрүмдүн чыныгы аты Кудаяр. Ал ысым кем айтылат.
Кудаш Ракмандан сүрдөдү. Атрет башчынын суроолуу азили ага оор тийди. Тестиердин кыялы будуң-чаң түштү. Чырактын билигин жандыраарда колу калтыраса да: “Албетте, колго түшүрөбүз, командир байке!” — деп ичинен күбүрөндү. Кудаяр кишилердин: “Баатырлар жин даарыгандай оомал-төкмөл, оргу-баргы келишет!”- деп, Ракманды сыпаттаганын эстеди. Атасына куран окуганы кайрылган Ракмандын: “Жер карама, жалтанчак баладан кээде жакшы адам чыгышы күмөн. Ийменчээктер шамдагайларга оозундагы нанын жулдурат. Ошондуктан жибектей созулбай, арстандай тайманбай, адамдан жүзүнө тик кара!” — деп айтканын эстеп, кабагы жарк ачылды. Күмүш менен Ракман аркы-беркини кобурашып атканда Кудаярдын ою былтыр саратанда туш келген окуяга алып учту. Эстегенде жүрөгү опколжуган күнгө канат сермеди. Анда атасы Султандын көзү тирүү чагы…
… Чөптөрү куусаң тарткан боз адырдын күңгөй-тескейи жалаң бадам, алча, мисте бадал. Саратан маалы. Көжөгө жараар ак жүгөрүнүн тобурчагындай топ мистелер бөбөктүн алаканындай жазы, жашыл жалбырактардын арасынан жүзүмдөй самсаалайт. Бутактарына кол тийсе, же чымчык консо, бышкан мистелер бадал түбүндө жайнаган кургак жалбырактарды мөндүрдөй сабап, жерге күбүлөт. Жумуру баштуу, айры буттуу адамдардын ыркы бузулуп, өз ара бой тирешкендигинен табияттын даамдуу ырыскысы куштардын жемине айланып, терилбей, тушкелди кор болуп жатты. Быякка жан адам баспайт. Анткени, жылга-жыбыт, кокту-колотту азган-тозгон басмачылар менен алардын сары изине чөп салган ыктыярчылар аралап жүрүшчү. Андайлардын кимисине учураса да, колундагы талканынан, короодогу төрт түлүк малынан, жолун тороп, каяша кылса, ийниндеги башынан ажыраарын өспүрүмдөрдөн тартып, өнтөлөгөн карыяга дейре билишет.
Кудаяр мисте токойго бараарын атасы Султанга, энеси Күмүшкө да айткан эмес. Атасынын атын минип, таң саарда баса берген. Ал куржундун көздөрүн бешим ченде агыш, кызыл кабыктуу мистелерге араң толтурду. Мистенин жалбырагын жалмаган аттын башын адыр боорун кыялай түшкөн чыйырга бурду. Тердеп-кургап жүрүп, жыйнаган мистесин жанчып, тазалап алса, маңызы кыйла азыкка жарайт. Же, оозу ачык мистени ал жемишти мартаба туткан адамдарга эгинге алмаштырса да болот.
Өспүрүм камыштуу колоттон таштак жолго чыгып, мингичин бейкапар таскактата жөнөдү. Күн чакчайып, леп эткен жел жок. Аба үп. Бүткүл денеси алоолонуп, желе тарткан атынын лөкүлдөгөнүнө кызып, жалаңкат көйнөгүн тер басты. Калпагын баса кийгенине карабай, күндүн табынан калкалануу мүмкүн эмес. Бадал арасынан чымчыктардын чырылдагы менен чакчыгайлардын чак-чак сайраганы угулат. Мисте тергенде кез-кез бир тогологун оозуна салып жүрүп, аша тоюп алыптыр. Күн ысыкка кошул-ташыл болуп, тамагы кургап, суусады. Алдынан тиш какшаткан муздак суу чыкса, жата калып шимирмек. Ушу колоттун тээ баш жагында булак чыкчу. Ага жетип, суу ичип,чаңкоосун жазганы менен кайра артка кайткыча, тамагы дагы кургайт. Жол жээгинде бир түп долоно менен сөксөөл сыяктуу майда бадалдар. Ага ыктаган көк-жашыл камыштын учтары жел жүргөндө оңду-солду ыргалып, шуудурайт. Долононун көлөкөсүндө бири жамбаштап, бири соксоё олтурган караандарды көрүп, Кудаяр чаңкаганын унутту. Аттын башын артка кайрыганда олтургандардын бирөөсү ордунан тура калып:
-Э-эй, быякка бастыр!- деп кыйкырып, кол жаңсады.Ал киши өспүрүм жооп узаткыча, чуркап жетип келди да, буудандын суулдуругун капшыра кармады. Кетенчиктеген мингичти күчкө салып, жетеледи. Апкаарыган Кудаярдын санына чапты да:
-Бастыр дейм, эй маңка!
Тестиер теминимиш эткени менен аты алдыга баспай, чоочун кишиден жазгангана артка тисерилди. Буудандын баш бербегенине жаалданган бейтааныш, Кудаярды билектен тартты:
-Чочоюп отуруп албай, түш аттан! Чокчолой баатыр эмессиң!
Супсуну сууган өспүрүм ээрден сыдырылды. Чоочун киши анын башындагы көөнө калпагын жулуп алды. Өз башына чактап кийип көрүп:
-О-х-оо, мунуң мага жарашыктуу экен. Дагы эмнең бар? – деп, арсалаңдады. Кудаярды баштан-аяк карап, ээрге артылган куржунга кол жүгүрттү. Колун ичкери шуңгутуп,куржундун түбүнөн нан менен өрүк как түйүлгөн баштыкты суруп алды. Тестиер мисте чагып, баштыктагы тиешесинен ооз тийген эмес. Даамын татууга буйрубаган ырыскысынын талоончуга тийгенине ичи ачышты. Баштыкты мисте дарагына байлап койбогонуна өкүндү. “Ошентсем, кур дегенде куштар жемек.”
Долононун көлөкөсүндө көмкөрөсүнөн түшүп, эки жаагын таяна жаткан жоон киши баш көтөрө:
-Кой дейм, э-эй акмак! Жаш бала экен, жүрөгүн түшүрбө, — деп жолдошун тыйымыш этти.
Өспүрүм жан тарткан адамды өзүнө жакынсынтты. Зөөкүрдөн арачылаар пенде табылгандай жаны жайына түшкөнсүдү. Бирок, долоного утурлаган сайын кебете-кешпири улам даана көрүнгөн адамдын ким экенин айра таанып, териси жанагыдан бетер жийиркеничтүү буюмду көргөндөй жыйрылды: “Корбашы Гөлү! Үнкүвүдөгүлөр менен Ракман байкемен качып жүрүп, ушу ээн токойду корголоптур да! Кайсы бир ирет атам мен теңдүү уул-кыздарга: “Гөлүнү көрсөң – көрмөксөн, билсең – билмексен бол!Таанысаң, таанырыңды жашыр! Кокус учураса, кебиңди ойлонуп сүйлө! Башкесердин кесири тийбесин. Үнкүүлөрдү ушактап коё бер. Аман каласыңар!”- деп, насаат үйрөткөн. Атасынын ошо кеңеши жадына түштү. Тынчсызданып, долонодон окчун токтоду.
Ысыктан дем кыстыгат.Гөлү кара түк жана тер баскан көкүрөгүн мыжыгып кармаган белбоосу менен сүртүндү. Ысуулаганга бети-башын желпип, балага жан-жагынан орун көрсөттү:
-Кел, мындай! Күнгө кактанбай, көлөкөгө отур! Ысык өтөт…
Кудаяр камыш арасында күртүлдөтө от чайнап жаткан кош атка көз чаргытты. Калпагын тартып алган киши баланы ага жакын жетелеп келди. Гөлүнүн тушуна жеткенде Кудаярды капталга түрттү:
-Эркек деген, биринчи учураган улуу кишиге салам айтат! Баш ийип, таазим кыл! Эмне, тилиңди жутуп алдыңбы? Бул бийдин ким экенин билесиңби?
Гөлү жасоолуна камчы үйрүдү да:
-Тэ-эк! Антип чочоңдобо! Дөбөттүк кылаар адамыңды тапкан экенсиң, дөөпөрөс.. Бу чечек мындан ары бизди таанып жүрөөр — деп, алдында турган коонду тилди. Бир тилим коонду бычакка сайып, өспүрүмгө узатты:
— Ысыкта чаңкасаң керек. Ме, чаңкооңду бас… Суусунуң канат.
Өспүрүм тилден калгандай унчукпады.
Гөлү эмдигиче эркек балалуу болбогонун эстеп, үшкүрүнүп алды да:” Өх…Маңдайыма ат теппей… Бешенеме ушу баладай перзент бак айтса канале?..” -деген ойго жетеленди. Кайра жайпаңдап, адегенде жигитине, кийин Кудаярга кайрылды:
-Ие кокуй, бу чечектин жүрөгү түшүп калган өңдөнөт. Тур, ап-аптап кой. Ме, мобуну кармат. Коркпо уулум, сага тийбейбиз! Чоңдор бизди силерге мокочо кылып, таанытты да.
Корбашынын малайы коонду шып илип алды да, Кудаярдын жанына леп өттү. Тилим коонду анын колуна күчтөп карматты. Коондун эзиле бышкан ширеси Кудаярдын салаасы ылдый чуурулду. Ал тайманбастан нанды бурдап жеп, коон менен кошо сугунду. Гөлү аңгыча мээримин төгө:
-Уулум! Атаң ким? Кайсы айылдансың, урууң кайсы?
-Атам Султан башкарма…- деди Кудаяр сыймыктана, корбашыдан айбыкпай. Бирок, уруусун атаган жок. Уруу сүрүштүргөндү жактырбайт. Ата-энесинен да сураган эмес. Өспүрүм үчүн бүткүл адам бирдей.
Гөлү Кудаярдан таамай жооп күтпөгөнбү, ага жалт тиктеди. Султандын атын укканга жаалы кайнап, баланын жаңы тигилген көчөттөй жаш экенин ойлоду; “Бу бөлтүрүктө не жазык? Бизге катылбаса…” Өспүрүмдүн тайманбаганына тен берди да, тамашалап:
-Ээ-ээ, анда Кудаяр хан турбайсыңбы! Атаң ысымыңды туура койгон экен.Чоңойгондо такка олтуруп, хан болгун, ээ?! Мени тааныйсыңбы?
Өспүрүм “ооба” дегендей,баш ийкеди. Гөлү сынагансып, анын турган турпатына дагы сыдыра карады:
-Жилигиң толуп, жетилипсиң. Үйлөнсөң, бала туудураар куракка жетипсиң.- Ичинде:”Э-эй, эркек деген мендей болсо…Жыйырмадан ашык катын менен жаттым го! Ошолордун канчоосу менден боюнда болду экен? Эх,азыр үйдө түнөгөнүмдө аялымдын үстүндө жатат элем”- деп, зайыбы менен эзилишүүнү эңседи. Шилекейи куюлду да, балага минтип сүйлөө туура эмес экенин эстеди: – Андан көрө биз менен жүр! Кудаярга окшотуп, сени хан көтөрөбүз.
-Менин атым да Кудаяр.
-Мына көрдүңбү?Ошон үчүн айтып атам. Сага өзүнөн-өзү даңгыр жол ачылды…
-Бирок…Менин чыйырым кутумдардын азгырыгына кирип, Нүзүп бийдин башын алдырган Кудаяр кеңкелестен бөлөк…
-Ага башыңды оорутпа! Сени такка жөн эле олтуруп бер! Аталык озуйпаны өзүм алам. Кокон эмне болуптур? Чыгышы Кытайдан тартып, батышы Урумга чейин башкарам. Эл бийлешти мага кой…
-Сизге кошулбаймын… – деди Кудаяр.
-Апей! Эмнеге? Мамлекетибиз кеңейсе жакшы эмеспи. — Гөлү кара күчкө күлүмүш этти.
-Силерге окшоп, элди карактап, тоо-ташта бекинип жүргүм жок. Окуймун. Мектепте камсамолмун.
-Эх-ее, көзү ачыла элек күчүк… Чонойтуп, бий кылайын десе, камсомолун айтат. Боор ооруса, боорго тепкен атаңдын оозун урайын … Анда азыртан тамырыңды кесейин…- деп, Гөлү жан-жагынан кош миздүү канжар сууруду. Кудаярдын жүрөгүн түшүргөнү ага каратып туруп, билектей канжарын колундагы кара ташка кайрады.
Өспүрүмдүн денеси жыйрылып, артка кетенчиктеп, айланадан калканч издеди.
-Ап, бали-и! Жаның таттуу экен го? Билсең, мен да элимди кул болбосун деп жүрөм…
-Кимге кул болду?
-Ракманга окшогон саткын болшебектерге… – деп, Гөлү өспүрүмдүн тең атадай чыйрак сүйлөп, жалтанбаганына ызырынды. — Алмадай башыңды кыя чаап…Каныңды төгө элегимде, кана, жолуңа түш. Э эн-неңди…
Кудаяр Гөлүнүн көзүнөн чачыраган заарга туш болду. Артка кетенчиктеди.
-Айылга жетээриң менен Ракманга учура. Же, Султан атаңа айт. Менин туугандарыма катылып, аларды кысымга албасын! Ушинт. Колума түшсө, экөөнү тең тайга окшотуп, жиликтеп салам, –деди да Гөлү, кабагын бүркөгөн калыбында бычагын кынына салды.
Кудаярдын жүнү кайра тирилди.
-Аларга өзүңүз барыңыз. Мен ушак ташыбайм. Атам: “Жалган сүйлөбө! Имишке ишенбе! Көзүң менен көргөндү айт!”- деп үйрөткөн.
-Ошо добротряддын камандири менен атаңа бутум жетпей атат. –
Гөлү бир аз ойлоно түштү да:
— Кулу байдын уулу Жолдош, милисаны өлтүрүп, качты дейт… Ушул чынбы?
Тестиер суроого ишенимдүү жооп кайтарды:
-Ал жагы туура…
Муну угуп, Гөлүнүн жарпы жазылды. Баланы далыга таптап:
-Бали десе!..Жолдош тууганым мени тарткан экен. Туугандыгы ошо, өз – өлтүрбөйт. Жатыны жат пенде бизге жан тартпайт. Мени көргөн жоксуң. Уктуңбу?
Кудаяр үн чыгарбай мелтейди.
Гөлү тескери шапалагы менен жанындагы жигитин көкүрөк талаштыра бир чапты. Чөк түшүп, киндигине чейин жылаңач олтурган жасоол чалкасынан жыгыла жаздап, жер таянды.
-Койдон жоош баланы коркуткан келесоо! Жол менен тынч келаткан балада эмне айып? Муну өзүмө тартып, жигиттикке алайын десе…
-Кызыксыз, корбашы! Камсомол бала бизге жигит болбойт.
-Эй, адам тургай, уча – жилик берсең, бөлтүрүк да үйрөнөт.. Бу бала атыңды мине качпаса, наныңды уурдабаса…Тур, эр күсөгөн катындай талтайбай… Бир тал чачын түшүрбөй, мистеси менен үйүнө жеткирип кел! Калпагына сугуңду артпай, өзүнө кайтар!
Кудаяр Гөлүнүн жан тартымыш эткенин чын бүттү. Бууданын көздөй басты.
Гөлү анын көздөгөнүн болжоду да:
-Эй чечек, атыңа жолобо, бизге калтыр, — деди өкүмдүү түрдө.
Кудаяр эмне кылаарын билбей, бууданына бир тиктеп, ичи ачыша жолго түштү. Куржунду ийнине асынган жасоол тестиердин артынан ээрчиди. Өспүрүм бууданынан айрылганына ызаланганы менен бир ою талоончулардан ылдамыраак кутулууну самады. Боз адырдын кырына жетип, жерге олтурду. Эт-бетинен тер агып, күшүлдөп-бышылдаса да, ылдыйда куржунду үч бүктөлө көтөрүп келаткан басмачыга табасы кана тиктеди. Тээ этектеги долононун түбүндө жамбаштап жаткан Гөлү менен… Камыш шуудуратып, оттоп жүрүшкөн кызыл-күрөң соорулуу аргымактарга, өз бууданына көз жиберди. Корбашынын: “Баланын аты менен калпагын кайтаргын!” — деген тилин албаган жасоолго ачууланып, аны айылга дейре жүгү менен ээрчитип барууну ойлоду. “Жазасына мистемди да жеткирсин!” Ордунан туруп жөнөөрүндө жасоол кырга чыга келди да, демите берип, куржунду силке Кудаярдын бут алдына ыргытты. Маңдай терин колунун сырты менен аарчый:
-Эй маңка… У энеңди… Гөлү буйрусале жүгүңдү жеткирчү момун кул мен эмес. Көтөр куржунуңду! — деди да, талтая олтуруп, биртке дем алды.
Кудаяр куржунду көздөй умтулганда жасоол ордунан козголду:
— Мистеге тийбе. Биздин жигиттер токойдо ачка жатышат. Аларга көтөрүп барайын. А сен,аман калганыңа сүйүн. Жөнө…
“Басмачылардан кутулдубу, же жокпу?” Жүгүрүп жөнөгөн Кудаяр аны билмекке кыр ылдый түштү. Түзөңгө жеткенде артына кылчайды. Баяраакта жалгыз жору кейиптенип, Гөлүнүн кырда үңкүйүп олтурган жасоолу көрүнбөдү. Колундагы тилим коондун артканын эми ыргытты. Корбашыдан коркконунан тиштеген коондун үзүмү оозунда ээрисе да жута алган эмес. Аны эми шилекейи менен кошо бүрктү. Тигилердин көзүнө чалдыкпоо үчүн бүкчүңдөп кайра жогорулады. Кырга жеткенде көмкөрөсүнөн түшүп, долонолуу колот ичине көз жиберди. Гөлү менен анын жигити долононун көлөкөсүндө дагыле бейкапар жамбаштап жатат.
Айылды көздөй чымын-куюн болуп жүгүрдү. Ал жерден атасын тапты. Султан уулунун бейсурак токойлоп жүргөнүнө кыжалаттанды. Сар-санаасын басып, Ракманга киши чаптырды.
Бирок, жоокерлери менен колотко заматта жете келген атрет командири Гөлүнү ордунан таппай калды. Шуудураган камыш аралай өткөн жалгыз аяк жолду көрүп: “Камыш арасына жашынган окшойт”- деп ойлошту. Шамшардай курч камышты тегиз оруп салып, басмачыларды туш-тарабынан курчап, тутмай болушту. Орок, чалгы кармаган ыктыярчылар камышты кыйратып, чаап киришти.
Кудаяр улам сейректеген камыштын чок ортосунан байлануу турган өз бууданы менен басмачылардын аттарын тааныды. Кубанычы койнуна батпай, жүгүрүп келип, Ракманга сүйүнчүлөдү:
-Тигине, аттары… Өздөрү да ушул жактадыр…
Өспүрүм аттарга баарынан мурда жетти. Жерге житире кагылган казыктарга байланган жылкылардан ары киши баткыдай оюлган ордун оозу көрүндү. Кудаяр ороого башын салса, эки саржандай терең ордун ичи күңүрт болуп чыкты. Каптал жагы улам кеңейген ордун ичинде беш-алты адам жаткыдай жайга төшөнчү ордуна кургак чөп төшөлүптүр. Жарым күн мурдале долоно түбүн коргологон басмачылардын дароо качып кеткенин боолгоп, алардын заматта жылт койгонуна таң калды. Жанындагы ыктыярчылардын көз караштарынан: “Алдаган экенсиң ээ, жубарымбек! Бизди неге убара кылдың?”- деген жазууларды туюп, оголе көп атчандарды убара тарттырганына уялды. Өңгүрөп ыйлап ие жаздады. Басмачылар атреттегилердин жарышка түшкөндөй жүгүргөн аттардын дүбүртүн укканда эле из жашырганын ойлободу. Гөлүнү кудум өз колу менен качырып ийгендей буулукту.
Терден улам көйнөгү сыгып алма суу болгон Ракман өспүрүмгө ишенгенине убайым тартты.
-Өз көзүң менен көрдүң беле, же кимдир-бирөөдөн уктуңбу? – деди Кудаярга.
Тестиер суроого жооп таба албай, көздөрү алаңдап, амалы куруду.
-Кудашым жалган сүйлөбөйт, — деди Султан.
-Ка-ап, кечиккен экенбиз! Ушинтип, колдон дагы чыгарып ийдик, ээ? – деген эле атрет башчы…
Ракмандын колуна суу куюп, сүлгү сунган Кудаяр мына ушуларды эстеди. Ал каалга тараптагы очокко казан асып, от жагып, муздак палоону жылытты. Өңү азыңкы боюна кара кийинип, үңкүйө жер караган энеси Күмүш табыштабаса да, тасмал жайып, ага катырма койду. Бирок, Ракман катырма менен палоодон чым-чым ооз тийди. Кудаяр менен Күмүшкө илинип, табакты ары жылдырды. Күмүш оокаттын этсиз тартылганына кымсына:
-Ээ, Султанымдын кадырын билбептирбиз. Батачылар биринин соңунан бири утуру келишип… Көбүн тааныбай деле калдым. Ой, оокаттан жесең боло. Талаалап жүрүп, наар татканга колуң тийбегендир…
—Оокаттын өмүрү кыска, жеңе! Ал-жайыңардан кабар алганы баш бактым…
Кудаяр өзүнчө күйпөлөктөп, сандыкты аңтарып аткан. Бир кезде андан устукан таап чыкты да, табактын четине койду. Күмүшкө:
-Мына жамбаш жилик, апа! Сиз ыйлап олтуруп, баам салбадыңыз. Ракман байкеме атап, бөкөл күн мурунтан устуканды сактап койгон.
-Элден айырбасын! — деди Күмүш. – Бири – майын, бири наны менен чайын ташып келип, Султанымдын түлөөсүн да өткөрүштү. Эми мобу сакадайымдын өмүрү узун болсун! Басмачылар:”Султандын сөөгүн кармагандарды да устукандайбыз” — деп имиш таратышкан. Байым мууздалган жерге айылдан бир эркек даап бара албады. Султанымдын сөөгү кечке ай талаада калды. Күнү тырмактай баласы менен мендей зайыбына түшөт деген эмне шумдук, айланайын! – Күмүш кармана албай, каңырыгы кайра түтөдү. Султанды кошокко кайра кошуп, буркурап ыйлап, көз жашы бет ылдый чуурулду.
-Кайрат кылыңыз, жеңе! – Күмүштүн ыйынан улам Ракмандын да жүүнү бошоду. Башын жерге салып, Кудаярды бооруна тартты:
— Атан өлсө, тайлак бар, чому жерде калган жок. Бала барчын Кудашымдын Гөлүдөн тайманбаганы эле чоң эрдик! Коңшу-колоңдор силер, экөөңдү жалгыз калтырганы эмнеси? Султандын кырк күндүгү өткүчө силерге караан болуп турса, жарашмак..
-Э кайним ай! Корккондон жүрөк айрылбайт. Канкорлор жолоп эле көрсүнчү! Атадан алтоо болсо, жалгыздык ар пенденин башында. Кошуналардын да түйшүгү бар. Аларга өзүм уруксат бердим.
-Белиңизди бекем бууп, кайрат кылыңыз жеңе! Сиздин көз жашыңыз менен Султандын өчүн алмайын ээрден түшпөймүн, — деди Ракман бата тилеген соң.
Ал ордунан козголоордо Кудаяр да шаша-буша тасмалды жыйыштырды. Кебетеси Ракманга үмүттүү тиктеп, аны ээрчимей.
Өспүрүмдүн шашкалактаганын байкаган атрет башчы бүшүркөп:
-Ыя, Кудаш, сен кайда? –деди ага суроолуу.
Кудаяр башына тумагын кийип, Ракманга жалооруй тигилди:
-Атамдын өчүн алганы. Мен да сиз менен барайын. Атретиңизге кошуп алыңыз!
-О, кой…Бой жеткениңде аскерге ансыз деле чакырат. Азыр кылыч менен мылтык сенин боюңдан узун. Жоо жүрүшкө да кыйла машыгуу керек. Басмачы-бузукулар менен күрөш – чүкө оюн эмес, кубат! Уктуң го канча адам шеит кеткенин?..
Кудаяр мурчуюп, таарына түштү:
-Мылтык бербесеңиз, мейли. Өзүмө ылайыктуу тапанча таап алгам. Ыктыярчыларда ансыз деле курал тартыш. Он чактысы эле бардеңке кармабаса, калгандарында таяк, балта, кетмен, күрөк. Өспүрүмдүн жообунан улам Ракмандын оюна:”Кызыгып, кармалап көрүп, тапанчаны жигиттеримден уурдап албады бекен? Кандай жарагы бар? Канжарбы, беш атарбы, же союлбу?“ — деген ой саксактады.
Өспүрүмдүн дымактуу сүйлөгөнүнө чери жазылып:
-Ай Кудаш! Дагы кайталайын — ок атышуу, душман кууш – балдар менен кум сапырып, чүкө ойногондой кеп эмес. Жаза тайып, кароолго илингендердин маңдайына ок мадалып атат, мойнун кылыч кыя чаап атат. Биз ошо тынчтык болсун, элдин аман туруусу үчүн башты канжыгага байладык.
-Сиз мени куру бекер опузалап жатасыз. Көз-көрүнөө айыл-кыштагыбызды талап-тоноп, атама окшогондорду өлтүрүп атса… Чыдай албайм.
Кудаярдын кеп укпаганына атрет башчы кызыраңдап кетти:
-Эй, сен адегенде кеп уксаң, — деди үнүн бир аз катуулатып. – Жашымда мен да сендей өжөр элем. Кежирликтин айынан бир жолу басмачыларга колго түшкөм. Алар мени атууга айдап баратышканда көпүрөдөн боюмду таштап, сууга чөгө жаздап, араң тирүү калгам. Сен да боюңду бөөдө эле жалынга тосо бербей, алды-артыңды карап, эрдик кыл! Күчүң ошончолук эле карууңа батпай баратса, курбу-курдаштарыңды чогулт да, чалгын сал! Бул да бизге көмөк. Кишилердин кимиси Гөлү менен ымала кылат? Аны байка! Басмачылар кокус айылды шимшилесе, балдардын бирин бизге чаптыр. Калганың эркек аттууну курап, коргонууга чык! Уктуңбу? Кыштакка таш ыргыткандарды ичкериден силер куусаңар, сырттан тумшук салганын биз талкаласак, бир да жоо жолобойт. “Күнөөбүздү кечиргиле!”-дешип, бутуңа жыгылат. Ошондо жамбашын ыргыта тебесиң. Же, ат кылып минесиң!
Кудаяр уккандарын этибарга албай, ойго чөмүлдү.
-Кайним туура айтат, уулум! Мени карайлатып, жалгыз таштаба, садага! – деди Күмүш жалооруй.
Атрет башчы:
-Апаңдын тилин ал. Оку, өнөр үйрөн! Энеңди бак! – деп, тестиердин чачын сылады.
Кудаяр тилеги орундалбасына көзү жетти. Акыры кепке муюгандай болуп, сөз ордуна койнунан тапанча сууруп чыгып, аны Ракманга узатты.
-Бу тапанча жоо куугандардыкы. Менде жүрсө, иштетилбей, жарактан чыгат. А көрөк, мылтыгы жок жоокериңизге бериңиз.
Командир Кудаярдын акылы тетик, жалтанбас экенин чамалады. Тапанчаны ары-бери оодарып, куралды көргөндө күдүксүрөгөн суроосун айтты:
-Муну кайдан таптың?
-Сатар деген үнкүвүдөн алгам.
Ракмандын көз алдына арыкчырай, чап жаак, район борборуна бараткан ээн жолдо буту-бут, колу-кол болуп жиликтелген жигиттин элеси тартылды. Сатар жаңы гана кошуна айылга ополдомочун болуп бекитилген эле.
Тестиер айыптуу адамдай башын жерге салды:
-Ары-бери өткөндө биздикинде түнөөчү. Тапанчасын сонункурап кармай бергенимде көңүлүмдү кыя албай, мага таштап кеткен. Өзүңүзчү? — деп сурасам:” Мага жаңысын беришет. Менден сага эстелик!”- деген. Ошондо күнү бүтөөрүн туйган окшойт.
-Сатардай жоокердин куралын кармаганың, билесиңби, эмнени түшүндүрөт?
-“Мен үчүн өч ал!” дегени да..
-Оо, мына, бул оюң — жөндүү. Дагы бир мааниси – бачым чоңоюп, анын ордун басып, качкындардын тамырын биротоло кыркыш. Тапанчасын сен албаганда, балким ал, канкорлордон аман-эсен кутулуп кетет беле?
-Ошон үчүн сизге кошулайын дегем. – Кудаярдын эсине кайра Сатар түштү. Кирпиктери ирмелип, мончоктой томолок жаш жүзүнөн ылдый жылжыды. Бош колу менен жүзүн сүртүп, угулар-угулмаксан күбүрөндү:
— Жоо дегенди аябаймын такыр… –
Тестиердин тайманбастыгына Ракмандын жүрөгү элжиреди.
-Ай азамат, бала бүркүт! Душманды тизе бүктүрүү үчүн адегенде аны жек көрө бил. Бул касиет сенде мол экен. Анан ал кара чечекей бир тууганың болсо да, аяба! Кылмышын кечирип, кең пейилдик кылсаң, ал эттенип алганда төбөңдү кандайт. “Жоо аяган – жаралуу”- дегендей …Ушундай уулум! Эми мен жолго түшөйүн, силер тынч жаткыла! Жеңеме жакшылап көз сал, уктуңбу? Суранып калдың, эмки жолу сөзсүз сени бирге ала кетейин! Ага дейре булчуңга күчүңдү жыйна ээ, кубатым! – деп, Кудаярдын чыканагын кармап койду.
Командирдин жерде калбас шертин угуп, баланын жүзүн күлкү аралады. Күмүш да, Ракмандын кебин макул тутуп, баш ийкеди.
Эне-бала менен кайырлашып чыккан атрет башчыны кайра ой эрмектеди. Нечендеген бузуку топтун ташын талкаласа да, бүтүргөн жумушу ийненин көзүнчө көрүнбөй, алымсынбады: “Басмачылар талоончулугун качан коёт? Кескелдирикче улам бир жерден баш көтөрүшөт да, көздөрүнө көрүнгөндү түгөл жула качат. Азыгы бардын – ашын, ашы жоктун – башын, кыз-келинди тартып алат. Эл-журттун кең пейил, чыдамкайлыгына береке! Жайы-кышы тунук суусу тартылбаган көлдөй… Журт бузарлар менен биз да качантан бери мышык-чычкан ойноп келатабыз. Баскынчылар качып кеткен кыштакка биз күргүштөп кирип, таң аткыча өзүбүздү да, ат-көлүгүбүздү да бактырабыз. Элдир-селдир турмушу болгону менен орун-очогун кенен жайганда,уятыңдан киреерге жай таппай каласың. Кудаяр айткандай атасы Султандын ордуна башкарма болгон Ысман элди топтоптур да:”Кимиңдин артыкбаш талкан-наның, кийим-кечек, жем-чөп, ат-көлүгүң болсо, басмачылардын тукумун куруталы десеңер, аянбастан алып чыккыла! Атреттегилерге жеткирели! Ыктыярчылар башчысы деген Ракмандын кийингенин көрсөңөр… Илбиреген бирдемени эле далысына жамынып алыптыр. Өпкө-жүрөгүн кол какшаткан кара суук тещип өтсө да, кыңк этпейт. Командири арыктап, жалаң жүрсө, аскеринде кайсы оокат да, кандай кийим? Курсактары ток болсо, колдору шоктонот да”- дептир. Элден топтогондорун эки арабага жүктөп, отряддагыларга жеткириптир. Мындай иш жылаңач кишинин терисин сыйрып алганга тете… Ичи бузуктар: “Бу балшабектериң деле калкты какшаткан басмачыдан айырмасы жок турбайбы!”-деген ойдо калат. Ысман акылдуунун да тизгинин тартайын.”
Атретине жетээри менен өзү жокто элден алгандарды ээлерине кайтарууга көңүлдөндү. Бирэсе: “А кокус кишилер чын дилинен топтошкон болсочу? Эгер минтсе, аларды капалантып алышым да ыктымал,”- деп ойлоду.
Ал басмачылардын артынан чабагандап жүргөндө орток чарбаны башкарган Ысман үрөнгө каттырган дандын тең жарымын элге таркатат. Муну угуп, күйбөгөн жери күл болду. Айылга чаап жетип, Ысманды үйүнөн таап, буркан-шаркан түштү. Үрөндү күз аяктаарда талаага септирүүнү чоттоп жүргөн.
-Ой, деги ойлоп иш кылдыңбы? Ошо “үрөндү сактайм, калкоз курайм”- деп атып, Султандын башы кетти го! А сен жетесиз, мээси жок дүлөй, анын бир тоголоктон жыйган данын таруудай чачыпсың! Мамлекеттин кырманына эмне төгөбүз? Талаага эми сенин мобу сакалыңды кыркып, себели,ээ!? — деди да, калчылдап Ысманды ээктен алууга умтулду.
Ракмандын ачууланганына жаны карайган аксакал анын колун өзүнөн оолак түрттү. Атрет башчынын жүзүнө кадалып:
-Элдин турмушун өзүң да көрүп бак. Оозго алаарга жадесе, таруудай загырасы жок. Ачкалыктан үлдүрөп, жыгылайын деп турушат. Атала болсо да, өзөк жалгасын. Өсөөр үрөндү өстүрөөр адамдарга бөлүштүрүп бергем. Буудайдын көйкөлүп өскөнүн өзүң көргөнсүң. Арткан данды “жибер” деген жагыңа жөнөтүп, планды ашыра толтурганбыз. Элге оокат болсун деп септик го, эгинди. Бар тапканды башкаларга эле кармата бербей, өз элибизди да багалы.
-Эмдиги жылкыны да ойлош керек…
-Эл аман турса, эмдиги жыл келет. Аштыкка да ашыгы менен калтыргам, — деди Ысман.
Ал талаада жүргөндө, эгинге көз салууну кемпирине табыштаган. Байбиче ороону ачууга камданган ууруларды каргап-шилеп олтуруп жакындаткан эмес. Уурулар кары аялга кыр көрсөткөнү менен сөгүнүп-сагынып, таш менен ургулап, качып кетишкен.
-Адегенде кышка, анан көктөмгө аман-эсен жетели. Аштыктын калганы ашыгы менен ороодо сакталуу турат. Буудайды коруйм деп, байбичемден бөөдө айрыла жаздапмын, — деди Ысман.
Ракман кыялында:”Бул жерде турганымда го… Кемпириңдин чекесине черттирбей, ага кол көтөргөндөрдү жерге житире кагат элем! Айыл-шаарга, шаар-айылга каралашуусу абзел,”-деп ойлонду да:
-Жеңем эр жүрөктүүлүк кылган экен. Эстен тандыра урса да, ороого ач күсөндөрдү жолотпоптур.
Ысман колун шилтеди да:
-Ошо…Башкармалыгың мага жарашчудай эмес, кекиртегимден тойгузду. Ордума башканы койбосоң, мен чыдабайм. Журт арасынан өзөрүп-кубаргандарды көргөндө, колумда эмне болсо, ошонун баарын таркатып ийчүдөймүн. Антсем, сен үтүрөңдөйсүң. Бир жагынан өкмөт кысат:”Аны тап, муну тап”- деп. Мен элге чочоңдобой эле көптүн катарында оокатымды эптейин.
-Кыйынсынба! Башкармалыкка өзүңдөн өтөөрү жок, — деп Ракман кесе сүйлөдү.
-Буудай бөөдө чачылган жок. Же, туугандарыма кап-кап кылып карматып, кайындарымды да жыргатпадым. Азык-түлүктү талаада үч бүктөлүп иштеген эл таап жатат. Мамлекеттин кырманынан курсагын баккан бөлөк улустагы кишилердей эле алардын да бала-чакасы, үлүшү бар. Эгин алгандардын көзү тирүү, чекеден сурап бак. Кулкунума өтүп кетсе, кустур! –
Ракман Ысмандын кебин орундуу көрдү. Андан айып таба албады. Убактылуу башкарманын ач-жылаңачты тоюндурганына ичинен ыраазы. Ысмандын топтогон азык, кийим-кечегин аскерлерине өзү бөлүштүрүп берген. Ошентсе да, дымак байлап:
-Ак иштеп атасың! Эл башчылыктан сени эч ким түшүрбөйт. Кетмен-чотуңду алып, талаага жөнө! – деген болчу.
Ракман Күмүшкө көз көрсөткөндөн кийин гарнизонду көздөй бет алды. Кызыл аскерлердин штабына эл отурган кезде жетти. Кары чала күрөлгөн тамдын айланасына штабга келгендердин аттары байланган. Ал жоргосун четтеги бош даракка аркандады.
Отряд командиринин карды кычыраткан кадамын баамдашкан өңдүү. Ал каалганы тартаарда алда-кайда угулган бөлмөдөгү кыраан-каткы басаңдап, баштапкы күүсүнөн тая түштү. Штабдагылар акылдашчу маселени Ракмансыз баштай албай, анын топ басмачынын колго түшүргөн окуясын жомоктоп олтурушкан. Штаб башчы Ташболот күлкүсүн бөлөктөрдөн мурдараак тыйып, күңүрт жарык чачкан кол чырактын билигин бир аз чоңойтуп койду. Тамекинин түтүнүнө толуп, ыш, чырак май жыттанган тоокканадай өжүрөнүн булуң-бурчу жанагыдан жарык боло түштү. Күрмөчөн, чолок тон менен чапан кийген, орто бой, албеттүү кишилердин көлөкөсү дубалга толуп чыкты.
Ракман босогодон аттаар замат дуу күлкү суу сепкендей өчтү. Ал алда-неден кабатырлана:
-Ии, дагыле мени шакаба чектиңерби? – деп, жылмая бурк этти. Суроосуна жооп күтпөдү.Бөлмөдөгүлөр менен кол алыша амандык сурашты.Күлкүгө себеп болгон өз окуясы көз алдына тартылды…
…Анда күз мезгили жаңы башталган болчу. Ошондо да бүгүнкүдөй ээрден түшпөй, узак жол басканга турган-турпаты талыкшыган. Күн катуу ысыганга чаңкады. Суусун кандырууга шабдаалыдан өткөн суулуу мөмө табылбастыгын эстеп, ат тизгинин жол четиндеги көк-жашыл,калың бакка бурду. Шабдаалыдан бөлөк дарактардын жалбырактары түгөл күбүлүп, шопойгон сөңгөктөрү калыптыр. Жол азыгын жанына эзели алып жүрбөгөн неме бышкан шабдаалыга абдан тойду. Эки күн бою сөөлдүү тамак жебей, уйку бетин көрбөгөнгө шайманы куруп, чөбү тулаңдай жыш, көлөкөлүү жерге оонап, уктап калат. Бир оокумда атынын кишинегени угулду. Ойгонсо, ире-шире маал болуп калыптыр.
Кимдир-бирөөнүн:
-Үстүнөн баса калып, кармайлы. Колу-бутун чырмап байлайлы. Анан жайлайлы, — деп күбүрөгөнү угулду.
Ал көмкөрөсүнө оодарылып, үн чыккан жакка баш көтөрдү. Аны байкаган жети-сегиз кадам араакта турган кишилер жата калып, бойлорун бак-дарактардын далдаасына ыга калышты. Ракман катуу добуш чыгарып:
-“Гранаталарымды” кайда койдум эле? – деп күңгүрөндү. Жер сыйпалап, шам-шум эткенинен артып калган шабдаалылардын катуурагы колго урунганда ордунан ыргып турду. Колундагысын ыргытмак ниетте керилди да:
-Жат, жа-ат! Болбосо, жарып таштайм. Бириң да тирүү калбайсың! – деп, теребел жаңырта кыйкырды.
Командирдин ач айкырыгынан мурда “гранатасынан” чоочуган басмачылар баштарын калкалап, көмкөрөсүнөн түштү.
Ракман көз ачып-жумчуга тапанчасын октоду. Тигилердин мылтыктары менен кынындагы бычактарын чогултуп алып, бири-бирине колдорун байлатат.
-Кылт эткениңдин желкеңе ок мадалат – деп, кармалгандарды штабга жөө айдап барат. Басмачыларды тапшыраарда чийки “гранатасын” өйдө ыргытып, кайра тосуп алат да, аларга:
-Ушу көгүш шабдаалыдан жүрөгүңөр түшкөндөн кийин куйругуңарды түйүп эле жүрбөйсүңөрбү! – дейт. Тең экиге бөлүнгөн шабдаалынын жарымын чайнап атып, данегин басмачылардын бут алдына ыргытат. Штаб башчы Ташболотко:
–Дегеле даамдуу “гранат” экен. Шашканымда колума ушунун урунганын кара… Бак ичинде тим эле шагы сынгыдай түйүптүр.
Басмачылар алеки саатта болуп өткөн окуяны түшүндө, же өңүндө көргөнүнө акылдары жетпей, аңкайган бойдон калышат…
Ал окуяны көз алдынан чубурткан Ракмандын кыялынан айылындагы кырсык чыкпай, жүзү катаал тартты.
— А биз шарактап күлүп атабыз… Тиякта Султанды кылычтап кетишиптир.
Штабдагылар ага ынтаа коё тигилишти.Башкарманын өлүмү үчүн өздөрүн айыпкер сезгендей тунжурашты. Саамдан соң, кимдир-бирөө оор үшкүрүндү да:
-Ка-ап… Бирөөгө кара ою жок момун башкарманын да түбүнө жеткен экен. Соко, буурсун-шаймандарын камдап, күз түшөөрү менен күздүк себем деп… Үрөн жыйнап аттыле…
— Ай, арман ай! Жүз кожолук болсо да, жатакчылардын башын бириктирген. Кокту-колотто жашагандарды тегиз жерге көчүргөн. Орток чарбага киргендер Султан жок, кайра ыдырабаса, — деп шыпшынды бурчтан бирөө.
Тирикарак башкармадан айрылганына Ташболоттун да ичи ачышты. Ал чылым ороду.Тамекисин тартып бүткөн соң, штабдагыларды түгөлү менен ордунан туруусун суранды:
-Султанды баш кийимди кийбей, бир мүнөткө тик туруу менен эскерели – деп, жанындагы тумакчанга кыйгач тигилди. Тумакчан киши анын эскертүүсүн туя коюп, башындагысын алып, артына жашырды.
-Сен жана сендейлер үчүн өч алабыз, Султан! Бейишке чык! — Ракманды туурап, штабдагылардын баары анын шертин ичинен кайталашты. Өжүрөдөгүлөр өз орундарын кайра ээлешкен соң, штаб башчы:
-Көрүстөнүнө топурак сала албадык. Колубуз бошогондо колуктусуна көз көрсөтөлү. Султанга кол көтөргөн ким? Биле алдыңбы,жолдош командир? – деп, Ракманга бурулду.
Ракмандын көз алдына бетиндеги ак жабууну алганда жанында тургандардын түздөгөнүнө карабай, Султандын башы шылк эткен кан-сөлсүз жүзү элестеди. Атрет башчынын кызыл жүзү түктүйүп, көздөрү жалындап, муштумдары эрксиз түйүлдү:
-Балдар менен чалдарга муштумун көрсөткөн баягы Гөлү да. Кур дегенде анын жигиттеринен болсо да, кимдир-бирөөсүн табамбы деп… Атка жарактуу кишилерди жандатып, өрөөндүн булуң-бурчун кыдырдым. Журт бузардын бирөөсү учурабады. Арам оокат тешип чыгаары чын болсо, Гөлү “досум” бизден соо кутулбас. Түпкүргө түшүп кетип, тузактан буйтабаса…
-Жер түбүнө житкидей, ал – сыйкырчы, көз боёоочу эмес. Жүргөндүр дагы бирөөгө көр казып, — деди кимдир бирөө.
-Орду,балким өзүнө казып аткандыр, — деди Ракман шаңдуу. Гөлү жан соогалап, бет алдында бүрүшүп тургансып, андан өчүн ушул азыр алчудан бетер тамшанды:
– Султанды мууздап, айылды тоногону азсынып, чырайлуу кызды да өңөрө качыптыр. Эне-атасы;”Кызыбызды аман-эсен кайтар, кагылайын!”- деп, жалбарып калды. Кудай жалгап жолум ачылып, аны тирүүлөй колума түшүрсө экен! Көзүнөн кан сийдиртейин! Баш-көз боло тур деп, кыйыктанганына көнбөй, эл башчылыкка Ысман дегенди кайра дайындадым. Коркогураак окшойт:”Колумдан келбейт”- деп, алактап көнбөйт. Акыры макул болду.
Ташболот тамекинин ичине тарткан түтүнүн сол жакка бурулуп, дубалга үйлөдү да:
-Эмесе, Султандын атын өчүрбөйлү… Атын өз айылында уюштурган чарбага коёлу. Айылынан баатыр чыкканын кийинки урпактар эстей жүрсүн.
Ракман ушул оюн штаб башчынын эске алганына жаш баладай сүйүндү. Кубаттоо издеп, жанындагыларды кыдырата карады.
-Айтмакчы, — деди Ташболот. Султандын арбагына куран окулуп бүткөндөн кийин маңдайында олтурган аскер кийимчен,кашка баш, орус түспөлдөш кишиге кол шилтеп, Ракманга:
-Таанышып алгыла! Бая айтам деп атып, алаксыпмын.
Ракман жанаша орундуктун жөлөнгүчүнө оң билегин арта таштап, ортодогу үстөлдү сол колу менен аста черткилеген жазы маңдай, чоочун жигитке көз таштады.
Ак саргыл орус жигит сүйлөгөндөрдүн кыймылы менен жүзүнө ынтаа коюп, тигилди. Түшүнбөгөн сөздөрүн жарымын кыргызча, жарымын татарча шыбырап, Ташболоттон сурап- билип, анын сунушуна кошулду. Ал ордунан ыргып тура калып, Ракманга колун сунду:
-Филонец Олег…НКВДнын аймактагы начальниги боломун.
Ракман да өз аты-жөнүн атап:
-Аа, уккам атыңды. Алай, Ноокат менен Шаймерденди басмачылардан тазалагансың.
-Жакында облНКВД аркылуу биздин карамакка жөнөтүлдү, — деген Ташболот Олегге орусчалап, Ракмандын жайын түшүндүрдү:
-Мунун атын сыртынан угуп жүргөнсүң. Адегенде орток чарбаны уюштурду. Басмачылар баш көтөргөндө өз өрөөнүндө ыктыярчылардын отрядын курады. Чыккынчы Жороханды тузакка түшүргөн командир — дал ушул…
Филонец:
-Жораң ким? Аны билбеймин.
Ракман штабдагыларды теңсинбей, керсейди да:
-Жорохан – бир жылдай райаткомду башкарган. МТСке деректирликке которулганда бизге бөлүнгөн курал-жаракты басмачыларга таркаткан. Уурулугу билингенде политрукту өлтүрүп качкан. Анан корбашылыкка жеткен, — деп, Ракман тактоо киргизгенче шашты:
– Жороханды мен эмес… Ким менен жүрсө, ошонун кылычын чапкан Жолдош деген жалаңтөш баатырым бар. Өзү корбашы Гөлүгө тууган болот. Жороханды ошо колго түшүрдү, — деди сыпайысынып.
Штаб башчы Анарбеков Ракмандын менменсингенин жактырбай, ордунан козголду. Гимнастеркасынын бел жагын түздөп атып:
-Апендинин кызындай мактагандан басмачылардын уюгу бүтөлбөйт. Алдыбызда Гөлүнүн бандасын кыйратуу озуйпасы турат. Анын тамырын ылдамыраак үзбөсөк, ара күндө ар башка айылга чап салууда. Талап-тоноп, элдин үшүн алды. Кана, ал бөрүнү кантип кармайбыз? Кимде кандай сунуш, план бар? –
Штабдагылардын эч кимиси ооз ачкан жок. Кепти кайра өзү улантты:
— Жарашмак болуп, уруш-жаңжалы жок өрөөндөгү басмачы аттууну түгөлү менен арабызга кошуп алсак, ой-да-а сонун болот эле. Карсылдаша чабышып, баш айрып, көз соолуткандан майнап чыкпады. Бирибиз эки болбоду.
Штабдагылардын ойлору чак-челекей түштү. Маңдайында чоктой кызыл беш жылдыздуу, кырлуу шапкечен Олег Ташболот айткандай басмачылар ыкка көнсө, алар менен тиреше албай, быякка жөнөтүлгөндөгү сапары бат аяктап, кумары таркабасын туйдубу:
-А кантип?– деди ашыккан түрдө.
Ташболот кыялындагы оюн жайма-жай чечмелөөгө өттү:
— Ичи бузук, калкозго каршыларды айтканыбызга көндүрүп, тил алдырсак эле иштин бүткөнү. Эң оболу – эч кимге залака тийбесе… Макул десеңер, алардын ордолоруна элчи жиберели. “Маңдай-тескей кеңешели. Жарашуунун салтында курал-жарактуу келмей жок. Той өткөрүп, оюн куралы” — деп, көндүрөлү. Балким, алар адегенде биздин кепке көнбөй, бири — Күнгө, бири – Батышка бурулаар. Муну да унутпай, аскерлерибизди жөнөкөй кийиндирели. Маараке өтүүчү тамдарга бөлүп жайгаштырып, аларга: “Кабар берилгенде басмачыларды дароо, туш-тарабынан курчайсыңар!”- деп дайындасак. Басмачылар топтолгуча, элди жыйнап, жылкы союп, кенен жерге тасмал жайып, аларга тартуулаар белегибизди камдасак… Не бар, не жок дегендей эки жактын колтугуна ката келген куралдарын да жыйнап алып: “Аш бышканда чогуу тамактаналы”-деп ынандыралы. “Ордо ойноп, куш салабыз. Эр эңиш, күрөшкө түшүп, казы-карта, палоо жейбиз. Көк бөрү тартып, кымыз-бозо ичебиз” — дешип сукулдашкан басмачылар менен тынч элдешсек… Буга эмне дейсиңер?
-Алардын да акылдуусу бар, кемчонтою да жок эмес. Мытайымдык кылганыбыз менен алар да куулугу жагынан алдата койбос. Азыраак адамын жиберип, калганын буктурмага коюп… Сааты жеткенде будуң-чаң салбайт — деп, эч ким олуялык кыла албайт.
Өз оюна бекем чырмалган штаб башчы жанындагыларды кебине муюта албаганына санааркады:
-Ошон үчүн биздикилерди да ар кайсы буйткада сактайлы!
Ракман да Филонец сыяктуу: “Баланын оюнун койсоңчу!” — дегендей кол шилтеди.
-Азыр антүүгө али эрте, — деди ал. – Тоо-таштын бүткүл коңулу менен уңкур-чуңкуру — качкан-бозгондор…Бизге тиш кайрагандар толтура. Ар бир атрет бирден банданын артынан түшүп, жалгыздап жоготолу. Күч менен, мылтык жана кылыч менен тизе бүктүрөбүз.
-Азыркынын дарысы — ушул акыл. Туура айттың, Ракман. – деди кимдир-бирөө.
Өз кеңешин көпчүлүк макул таппашын болжогонбу, Ташболоттун жүзүнөн не кубанганы, же ийигени билинбеди. Ракмандын кеңешин жөн көрдү.
-Мейли, силер чечкенге көнөлү! Гөлү жөнүндөгү маселени да бир жаңсыл бүтүрөлү, — деди ал.
— Анын артынан мен түшөйүн, — деди Олег штаб башчыдан жооп күтүп.
Ракман аны курунан олтургучту көздөй ылдый тартты да:
-Астананы бүгүн аттаганың менен чабуулга өткөнүң, албетте — эрдик! Сенин бир тал чачың түшсө, миң аскердин төбөсү зыркыраар. Бейтааныш жердин ой-түзүн, адыр-кырын билбеген адамга биздин жер кооптуу.
Филонец коюу чачтуу, кара каштуу Ракмандын ишенимдүү көз карашынан: “Сен бу аймактын эмнесин билет элең?” — деген суроону окуган болду:
-Ай, аскер окуу жайын бүтпөгөнүм менен канча согушту баштан өткөрдүм. Тоо-таштуу, караган черлүү токойдо компас менен картаны куру бекер көтөрүп жүрбөдүм.
Ташболот бирдеме демек болду. Аны Ракман токтотту:
-Олег! Мага жети атам өткөн бул өрөөндүн бүртүк куму, тырмактай ташы менен ызгыган чаңынан өйдө тааныш. Кайсы дарагы кайда эгилген? Арыгынан аккан суу каякка жайылат? Анын баары көңүлүмдө жатталуу. Кокту-колотко кире качканы кайсы жылчык-урчуктан чыгаары, үңкүргө жашынганы – ээн жерде нече күн түнөөрү… Бирок, кеп мында эмес. Баш кесерлер сени азгырып олтуруп, жалгыздатып жанчып салышы мүмкүн…
— Жок дегенде өзүңдүн да жоокерлериңди ая, Ракман! Баарын өзүңө теңеп, тууган-урукту, тамыр-таанышты кагыштырба!
-Эй Ташболот! Бай-манаптар жаралгандан бери жарды-жалчыны иштетип, өздөрү байыган. Артилге кошулбай, мал-мүлкүн айдап, биздин ишке каршы болуп, элди талап атат… Үйдө жалгыз калган аялымды кордоп, аксакал кайынатамды сакалынан сүйрөсө…Тек коюшум керекпи? Канчалаган үй-жайды өрттөштү, артелге кошулган эгин-малды уурдашты. Карапайым эл биз менен басмачылардын — эки таштын ортосунда жанчылды.
-Кудай салса, кубарың барбы? Жогортон келген саясатка кулдук урабыз да…
Ракман:
-Жо-ок, мен эч кайра тартпайм. Баарың мага окшоп душманды кыр, басмачыны кан сийгиз. Кыргыйдай тийип, көчкүдөй жапыр. Менден озом, менден жол талашам деген ой, түшүңөргө да кирбесин!
-Ырас, сенин кыйындыгыңда чек жок, — деди штаб башчы тырчый түшүп. – Бирок, беш манжа тең эмес. Эзели бычак бүлөбөгөн адам чымчык соё албайт. Олегдин окчонтою окко толтура. Минген аттары азынап, жер чапчыйт. Жалама зоокага чыкчудай тапталган. Кезекти эми буларга бер! Сенин жөкөрлөрүң да тыныгып, дене боюн жазсын.
-Алдыга жулунганымдын себебин сурагыла деп, дагы кайталайм. Менин тобумда Гөлүнүн туугандары көп. Гөлү аларга чеңгелин салбайт.
— Ишенбегин досуңа, саман тыгат тонуңа – деди Олег күлүп.
-Анткениң менен… Ошо Гөлүнүн иниси басмачылардын койнуна кирип, Жороханды торго түшүргөнүн билдиң да.
Ташболот сүрдүү тартты:
-Анда Жоро кайда? Аны штабга айдап келбедиң го!?
-Жоронун чыккынчылыгын укканымда… Эл алдында: “Эгер Жорохан жолукса, отко тирүүлөй кактап, шишкебек кыламын” — деп, касам ичкем.
-Аны эмне, тирүүлөй өрттөдүңбү? Ой мыкаачы… — деп, штаб башчы үстөлдү муштады.
Олег да Ракмандын өз билемдигин жактырбады:
-Өтө эле таш боордукка барбай, коркутуп-үркүтүп, ийге салса да жарашат. Катуу жаза менен канатыбызга калкалагандарды качырабыз… Кеңеш өкмөтү айкөл, жалпыга – калыс, акыйкат жана укуругу узун, — деди ал.
Ракман сөзүн оңдогуча шашты:
-Туура, бизди совет өкмөтү адам кылып атат. Билимдүү орус адамдары аркылуу кат-сабатыбыз ачылды. Мамлекетибиз тамырын жайып атат. Мында талаш жок. Тамаша айтсам, Ташболот менен Олег, экөөң тең чын бүттүң. Жороханды шишкебектей кактаса да, аздык кылат. Антпедим. Жөн гана “пахта тергизип койдум”.
Атрет башчынын жообун угуп, бөлмөдөгүлөрдүн Олегден башкасы мыйыгынан жылмайышты. Ал Ракмандын табышмактатып айткан кебин түшүнбөй, ар кимге бир кылчактады. Ташболот кептин маанисин орусчалап чагып бергенде гана: “Муну карап кой” — дегендей таңданды. Ракмандын жоругун кубаттагансып, чырак жарыгында көздөрүн күлүңдөттү.
-Адебин колуна куп берген экенсиң, көк жал!
-Жорохан жойлоп жүрүп, ошону тапты.
-Нары аны жок кылууну мага Осташевский буйруган.
Райкомдун атын уккан Ташболот соолуга түштү да:
-Андай кылмышкерди сот жазаласын. Бизден бир ооз сурап, ошого жараша бүтүм кабыл алышың керек эле.
Ракман Ташболотту жекире карады:
-Эй… Мен бөрү баласына колго түшөөрү менен өкүм чыгарам. Былыктын баары, ушу сендейде. Кармалгандарды: “Тиякка айдалды. Быякта атылды” — деген шылтоо менен элди алдап, Кытайга тымызы-ын качырасың! Жорахунга ичиң ачышса, тууганың экен, алдын-ала тыйып койбойсуңбу. Жо-ок, антиштин ордуна… Сөздү бышырып алып, Осташевскийди алдап, Жорону МТС начандигине койдурдуң. Ошо чыккынчыңды колу-бутун мунжу кылып, чаап салдым.
Не жооп айтаарын билбей, Ташболоттун деми сууду. Чынында Жорохандын шеит кеткенине тымызын кейип аткан.
Олег жүрүшкө умтулганы эпсиз экендигине,Ракмандын өжөр, айтканынан кайтпай тургандыгына көзү жеттти. Ошол себептүү аны менен атаандашууну туура көрбөдү.
Филонецтин үндөбөгөнүнөн улам Ракман:
-Кечирип кой, Олег! Субандын арбагына куран окуп атып, ага: “Сени мууздаган Гөлүнү өзүм кармаймын!”- деп, ант бергем.
-Ичтен чыккан ийри жыландарды Олегби, же сен кырасыңбы, айырмасы жок. Эң биринчи бай-манап, басмачылардан запкы тарткандардын өчүн жандырсак, көксөөбүз суур, — деди штаб жетекчи.
Ракман акылдуусунган Ташболоттун чечимин жактырбады.
-Мен үчүн андай эмес. Кек түйгөн душманымдын тамырын өз колум менен кууратмайын, канааттанбаймын. Көздөгөн ишим көңүлүмдөгүдөй бүтпөсө, жигитчиликти жыйыштырам.
Штаб башчы Ракман менен кайым айтышкандан майнап чыгаруу оңой эместигин мойнуна алгандай жоошуду:
-Баары бир өз билемдикке барат экенсиң да! Бекеринен сени кеженей атка кондурушбаптыр. Ошент… Бирок, Жолдош досуңа койнуңду ача бербе! Ал эки жакка тең секирип жүргөн бүргө…
Ракман кол жаңсады:
-Ал менден кутулбайт. Артынан тыңчы койгом. Жолдоштун эрдиги да, эси да көп.
Күтүлбөгөн маалда каалга карс ачылды. Өжүрөнүн ичин муздак аба аралады. Каалга менен жалгыз көздүү терезеге далыларын салып, бет маңдай олтурушкан штабдагылар артка жалт бурулушту.
Кирери менен эшикке жөлөнүп, көөнө тебетейи менен маңдайынын терин сүрткөн Жолдош, бөлмөдөгүлөрдүн сынай тиктеген көздөрүнө урунду.
Ал астыңкы эринин тиштеп, энтигип алган. Суукка урунганга көздөрүнөн куюлган жаш бет алдый агып, тоңуп калган.
Ракман аны утурлай, тура калып, кол жаңсады:
-Мына, анын өзү!…Оозубузга салгандай эшик аттаганын кара. Кел, Жолдош!
Тынччылыкпы?
Тыңчынын түн жамынып астананы атташы — штабдагыларды бейпайга салды. Штабдагылар кандайдыр бир капсалаң болгондугун боолгошту. Эч ким буйрубаса да, жортуулга аттанганы шашып-бушуп кийине башташты. Ар кимиси өз атреттерине батыраак жөнөөгө кам урушту.
Чалгынчы мукактанып жатып, араң сүйлөдү:
-Гөлү жигиттери менен келди. “Ракманды чакыр! Сүйлөшүп, элдешели. Силерди адыр оозундагы короодо күтөбүз” — дейт. Андан башка дагы бир корбашы токойдо жигиттери менен жүргөнүн көрдүм.
Олег бул жакка которулгандан бери өйдө-төмөн каттаган. Айылдарды аралап жүрүп, элеттегилерге таанылды. Атын билбегендер анын жазы маңдайлыгынан “Кашка баш ГПУ” деген атка кондурушкан. Кай бирөөлөр фамилиясын туура айта албай, “Планис” деп айтышчу.
Ракман менен Планисти ээрчиген ыктыярчылар тоо аралап жөнөштү. Капчыгайды өрдөгөндө алды жактан буларды көзөй чуу-чуу ок атылды. Экөө буйткага далдалана калганы менен төрт-беш кызыл аскер тийген октон жарадар болушту. Басмачылар колоттун эки капталынан атып турушту. Ыктыярчылар да огун аябай, аларды качууга аргасыз кылышты. Бир гана асман тиреген бийик аскадан беш атардан атылган ок токтободу. Аска жактан ок үзгөн адамдын амалын Планис тапты. Ал Ракманга:
-Силер жашына тургула! Тиги басмачынын көзүн өзүм тазалаймын, — деди да аттан түштү. Аргымагын далдаа даракка байлай салды. Өзү асканын оң боору менен дарак-бадалдарды аралап, шек алдырбай жүрүп отурду. Асканын учунда көмкөрөсүнөн түшүп, колоттогуларды атып жаткан кишинин артынан чыкты. Олег октолуу тапанчасын тигинин башына мээлеп туруп, удаа-удаа ок чыгарды. Ок үргүлжө тийген басмачынын денеси аскадан суу аралап аккан колотко кулады. Бадалдардын арасынан чыга калган анын үч-төрт жигити Филонецтин өздөрүнө мээленген тапанчасын көрө калышып, жылт коюшту. Ок атышуу ошол замат басылды.
Ракман:”Азамат Планис! Колуң түз экен!”- деп, аскадан табыты кулаган кишиге чуркап барды. Канга буланып, чалкасынан түшкөн басмачыны тааныды: Ал киши кызылдардан качып жүргөн Раим корбашы эле.
Ракман:
-Эх шордуу! Сенин өлүмүң ушул жерде тура! Жигиттер бери баскыла, — деп, ыктыярчыларды чакырды. – Адам этин талаадагы бөрүлөр талабасын! Ак кепинге оробосок да, сөөгүн ушул жерге жашыралы! Кантсе да, биздин өрөөндө туулуп, өскөн тууган эле…
Ыктыярчылар Раимди жол четине корумдап көмүштү. Белги катары сөөк жашырылган жайдын үстүнө таяк сайышып, учуна көк чүпүрөк байлап коюшту. Корбашынын арбагына арналып, куран окулду. Ошондон тартып, колоттун ичи менен ары-бери мал айдап өткөн койчу-бадачылар бейитке токтошуп, куран окуп, өтүшчү болду.
Штабдан чогуу чыккан ыктыярчылар эсин жыйып, окко учкан атретчилер менен жараат алган кызылдарды айылга узатышты. Аз сандагы ыктыярчылардын жолу андан ары уланды. Ыктыярчылар эми аттарын Жолдоштун артынан желдиришти. Таң жарылганда бийиктиги атчан кишинин бою менен барабар пакса менен тургузулган дубал коргонго жакындашты.
Жолдош:
-Жүктүү ат-эшектер ушул короого кирген бойдон кайра чыкчу эмес. Чамасы, бул жерге курал-жарак, ок-дары ташылат. Атчандардын карааны эмдигиче үзүлбөйт. Жүк арткан аттар менен ал көлүктү минип келгендер да бу короодон тирүү чыкпай, ың-жың болушчу. Гөлү бизди ушул коргондо күтүүсү ыктымал. Тоо-токойго көчкөндө да, ал бу коргонго тийбей, өтпөйт, — деп сүйлөп баратты.
“Басмачылар конушу ыктымал” деген коргондун жыгач дарбазасы бек болуп чыкты. Кең короого башкалардан мурда Планис жетти. Ал артта калгандарды бир топко күттү. Жанында жүргөн көгүш көз Шамши белин байлаган ак жоолукту чечти да, Планиске сунду:
-Элдешүүнүн белгиси – мына бу ак жоолук! Ме, муну мылтыгыңдын учуна байла. Ак байракты өйдө көтөрүп, желбирет да, короонун ичиндегилерге белги бер! Алар: ”Орус камандир жарашууну каалап атат”- деп ойлошот…
Планис Шамшинин акылы менен учуна ак жоолук байлаган мылтыгын дубалдан ашыра көтөрдү.
Шамши коргондун ичиндегилер уккудай кылып:
-Гөлү-ү… Биз жарашууга келди-ик… Дарбазаңды а-ач! – деп кыйкырды.
Бирок, короо жактан эч кандай шек-шыбырт угулбады. Тынчы кетип, шашмалыгы туткан Планис аргымагын короону айландыра бастырды. Шамшиге:
-Бир сааттай убакыт өттү. Алигиче жооп жок. Буларыңдын үндөбөгөнү шектүү. Бизди алдап чакырып, буктурма уюштурушкан окшойт. Өздөрү тосуп албаганга караганда… Эмесе, дубалдан ашып өтөлү!
Ыктыярчылар аттарынан чогуу түшкүчө ал үзөңгүгө таканчыктай туруп, мойнун созуп, короону айланта карады. Ал да бөлөк ыктыярчылар сыяк коргондон ары, ээн талаага чыгаарда Гөлү жигиттери менен мылтык мээлеп турганын болжогон жок. Бир кезде Филонец ээрден ашып өттү да, дубалдын кырына чыкты. Короонун булуң-бурчуна үңүлүп, ары – бери басып жүрдү. Мылтыгынын учундагы ак чүпүрөк керимсел желге желбиреп атты. Дал ушул кезде адегенде ичкериден ок атылды. Ага жооп иретинде “тарс, тарс” этип, ыктыярчылар жактан да короону көздөй жарыша чыккан мылтыктын үндөрү жаңырды. Короонун ичине секирип түшүүнү чамалаган Олег как маңдайына ок тийгенде боюн түзөгөн болду. Анан күп этип, башы менен чаңдуу жерге тик сайылып түштү. Үн чыгарууга алы жетпей, мүрт үзүлдү. Ал дубалдан кулаардан мурун эки тараптан тең ок атылганын, экинчи ок сырт жактан далысына кадалганын элес албады. Ыктыярчылар Филонецтин жанына жүгүрүп келишти. Бою узун, көгүш көз, жазы маңдай, кубакай жигит үнсүз мелтейген ыктыярчылардын курчоосунда кыймылсыз жатты. Коргошун октун бири Олегдин дал маңдайына, экинчиси жонуна тийген эле. Филонецтин далысын чарпыган окту анын өлүмүн басмачыларга шылтоо үчүн ыктыярчылардын бири чыгарган болчу. Планистин бешенесинен чуурулган кызыл кочкул кан топуракка уюп жатты. Жонунан аккан кан топуракка жайылды. Ыктыярчылар ага көңүл бурбаганы менен үй ээси арт жактан ок тийгенин эсинде сактап калды.
Кашка баш ГПУнун кырдан кулап, жерге көмкөрөсүнөн жыгылганын, анын шапкеси өзүнүн артынан учуп түшкөнүн ыраактан көргөн Гөлүнүн сүйүнүчү чексиз болду. Ал өзү баш болуп, коргон сыртындагы жандоочторун ээрчитип, ошол замат токойго кире качты. Гөлү Жолдош аркылуу кызылдарды элдешүүгө чакырганы менен жигиттерине:”Ыктыярчылар сөзсүз изибизге түшөт. Алар көзгө чалдыгаар замат оболу орустарды, андайы учурабаса, кызыл шапке милициясын соккула. Добротрядды Ракман баштап келсе, аны мен атайын!Тапшырманы аткаргандардын минээрине күлүк табамын”- деп, убада берген. Таң атаарга дейре жигиттерин бир орундан жылдырбай, кармап турган.
Төрт-беш ыктыярчы буйрукту күтпөй, дарбазаны ичкери жактан ачты. Алар орто бой, толмоч болгону менен кең далы, сары чийкил, жука чапанын желбегей жамынган көсөө кишини үйдөн түртүп чыгарышты. Көсөө маңыроо чалышсынып, эч бир коога болбогондой, кебетеси бейкапар. Чалкасынан чаңга оонап жаткан Филонецти көрө калып, жүзүн сыйпап, бата тартты.
-О шордуу, жаны бейишке чыксын! — деди артынан.
Ракман камчысы менен аны көкүрөккө түртө:
-Муну ким атты?- деп сурады.
Үй ээси ийнин куушурду:
-Бул жерде силерден башка куралчан жок болсо…Өзүңөр өлтүрүп алып, менден сурайсыңар да… Муну мен азыр көрүп атам. Ким жайлаганын булардан териштир – деп, өзүн айдап чыккан ыктыярчыларга кол жаңсады:
— Силер деле айтсаңар…
Мылтыктарын ага сунган калыбында эки-үч кадам артта турган ыктыярчылар сурданган бойдон үн чыгарышпады.
Ракман жаалданып, үй ээсин жамбашка тепти:
-Жаныңды жебе, касамкор! Өзүн өзү маңдайга аткыдай Планис келесоо эмес.Биздин арабызда да ага каршы киши жок. –
Атрет командири Олегдин набыт болушуна үй ээсин күмөнсүрөдү. Кечээ гана көзмө-көз таанышкан ыймандуу орус жигитинен айрылганына ичи ачышты. Көзүндө мытайымдык турган үй ээсинин адам өмүрү кыйылса, эч камырабаган сыйкылыгына, айыбын мойнуна коё албаганына туттукту. Ыктыярчыларга:
-Үй ичин калтырбай… Малкана, отунканаларынан өйдө тинткиле! Айлана-тегерегин, ажатканасын да карагыла! – деди да, ар кимиси ар жакка жүгүрүп бараткан ыктырчылардын бирин Филонецтин табытынын жанында калтырды:
— Сен буга көз боло тур! Басмачылар жакын арада жүрсө, соога алганга башын кесип кетпесин! Ат арабаңбы, эмнең бар? Табыт жүктөгөнгө унаа тап! – деди үй ээсине.
-Силер менен басмачылар жүргөн жерде түк калбайт. Менин астанамды чочоңдоп, качканың да аттайсың, кууганың да киресиң. Чиедей балдарыма жук койбой, тоноп бүттүңөр! Деги уруш-жаңжал батыраак эле токтосо экен. Ат-көлүгүңөрдү баксак, ач күсөндөй жутаган курсагыңарды тойгузсак… Деги тажатып бүттүңөр го! Кайдан унаа табам? Байларды ээрчип, Кытай менен Оогонго көчүп кетпеген мен акмак…
-Кайда барсаң, Мамайдын көрү!… Кытайлар менен Оогандар деле бешенеңден сылап койбойт. Катыныңды тартып алып, кызыңды бузуп, өзүңдү кул кылат… Болду,тойгончо жеп, өлгөнчө карганба, жаның чыккыр! Басмачыларың качан кетти?
Үй ээси тетири бурулду да,ачууланып:
-Айтып жатам го!Силерден башка бир инсан быякка баш баккан жок.
-Жаныңды жебе! Азыр эле;”Курсагын да, аттарын да бактым” — дедиң –
-Антип айтканым жок. Куру доомат артпа!
-Каратып туруп, калп айтсаң, өз убалың өзүңө. Чын сүйлөсөң, тек коймокмун. Алдыга бас да, атканаңды ач!
Үй ээси ордунан моло таштай кыймылдабады. Ракман короону көздөй жөнөгөндө аны алаксытууга амал издегендей артынан ээрчип, кыйпычыктаганга өттү. Дарбазасы ачылган коргондун төр жагында аттардын тезектери жайнайт. Тезектер али кургай электей. Ракман көрсө да, байкамаксанга салды. Аткананын каалгалары ачылаарда ыктыярчылардын аттарына короодогу беш-алты жылкы удаама-удаа кишинеди.
Ракман:
-Эй жалаакор, буларды имне, артелге өткөрбөдүң? Жылкың мынча болгону менен тезектери беш үйүр жылкыныкындай го… У, энеңди касамкор — деди да жанаша турган үй ээсинен жооп күтпөй, камчысы менен аны моюнга чапты. Үй ээсинин артында турган ыктыярчыга:
-Аттарды айдап чык да, артелдин атканасына жеткир!
Үй ээси жылкылардын арканын чечүүгө киришкен жигитке жулунду. Ракман аны көк желкесинен апчып, артка тартты. Үстү жабылуу турган эки арабага баш жаңсап:
-Тур, быякка…Тигилерде эмнең бар?
Үй ээси ооз ачпады.
Ракман ага карабай, жүктүү арабалардын жабууларын сыйрыды. Арабага буудай менен жүгөрү данга толтура каптар каршы-терши жыйылыптыр.
Аңгыча үйдүн айланасын тинтүүгө буйрук алган жигиттердин бири чуркап келди.
-Жолдош командир! Катын-баласыныкынан тышкары дагы башка төшөктөр жыйылбай турат. Ага кимдир-бирөөлөр түнөгөндөй..
-Мунун иши түшүнүктүү – деди Ракман үй ээси тууралуу. Ыктыярчыларга, кийин үй ээсине:
— Мобу арабаларды атка кошкула да, Планистин жанына баргыла! А сен, үйүңө башта.
Ал астанасын аттаары менен үйдөгү эткээл аял чоочугандай бурчка ыктады. Он эки – он үч жаштагы бир уул менен бир кыз аялдын көйнөгүнүн этегине жармашты. Ракман ийилип, кыздан бойлуураак балага кол сунду:
-Кана жигит, амандашалы? Менден да, эшиктеги агаңдардан да чоочуба! Сенин атаңдай эле адамбыз. Чоңоюп калыпсың. Атың ким?
-Кайрат…-
-О, жакшы. Ысымың сыңары өзүң да кайраттуу бол, уулум! Түндө атаң силерден бөлөк жаттыбы, же апаң менен уктадыбы?
Кайрат жыйыла элек эки адамдык орунга кол жаңсады да:
— Буга атам апам менен жаткан.
— А бул төшөктө сен уктагансың?
-Анда… – Кайрат атасына бир тигилип алды да: — Жат кишилер..
.-Кайсы киши? Бу жерде бизден башка адам жок го…
.-Түндө жаткан… Бая ойгонсом, жок.
-Шериктери да бар беле?…
— Кечке жуук кө-өп атчандар келди. Кылыч, мылтык, таяктары бар .
.-Алар кана? Же, жашындыбы?
-Жо-ок, бою узу-ун, мурутчан киши аларды тоо жакка баштап кетти.
-Ыракмат, эркек!.. Дайыма ушинтип чындыкты айт! – деп, Ракман өспүрүмдүн кебинен улам бул жерде Гөлүнүн болгонун түкшүмөлдөдү. Баланын башын сылады. Үй ээсине:
— Уулуң идиректүү тестиер экен, муну окут!… Шибегени капка ката албайсың. Турган жериңде сени сулата чапсам болот эле. Дагы жакшы ичеер сууң түгөнбөптүр. Кайрат уулуңа өмүр тиле! Ошо сактады сени! Эл арасын сага окшогондор былгытат. Басмачыларды го, душман деп, сыртынан билебиз. А сен сындууну… Бас, алдыма түш!
Үй ээсинин зайыбы күйөөсүнүн күнөөсүн кечирүүнү сурамак ниетте Ракманды ээрчий басты. Анын жалдыраган көз карашынан командир көзүн ала качты:
-Эй “аяш”, сен кал! – деди ага. – Камчы сапка жараар кочкоруң бар экен. Ошону урбай-сокпой чоңойт. “Жамандан – жаан, жакшыдан – бөөн.”
-Үзүр сурайм, аяш! Эримдин бир кашык канын кеч.
-Кой, мага антип жалдыраба! Мен – кежирмин, эч кимдин тилин албаймын. Эки дүйнөдө тең беттеген максатымдан кайтпаймын. Муну өлтүрүп аткан эч ким жок. Сотко өткөрөбүз. Түрмөдөн кайтабы, кайтпайбы, ал жагы мага да табышмак. Өзүң менен бала-чакаңдын өмүрүн тилеп, тынч жаша! Силерге жетээр кой-эчки, мал-данды калтырабыз.Ашканын айдап кетебиз. Биздин ыктыярчы жигиттерге да тамак-аш, кийим –кече, көлүк керек. Кедей-кембагалдын канын соруп, ошолордун мээнети менен байыган дүнүйөңөрдү ушинтип жүктөп кетебиз. Суроо-жообу жок. Келме – кезек…
Ыктыярчылар ар кимге жалынып-жалбарып, ыйлактаган зайып менен энесинин кебетесинен улам ыйлактаган балдарга көңүл бурушпады. Маарап-мөөрөгөн кой—уйларды короодон айдап чыгышты. Үстүнө камыш жабылган ороодогу буудайды да таап алышты. Төрт-беш катар мылтыктын үстүнө жайылган төшөккө Филонецтин сөөгүн жаткырышты. Үстүнө аскер күрмөсүн жаап, гарнизонго жеткенде аны жоктоп, өкүрүп барышты.
Осташевский менен райкомдун экинчи катчысы жана НКВДнын райондук бөлүмүнүн баштыгы Филонецтин денесин карап чыгышты. Маңдайы менен далысына тийген октун да изин табышты. Ошондон улам :”Булар кашка баш ГПУну өздөрү өлтүрүшкөн.Айыпты басмачыларга шылташы да ыктымал” деген арсар ойго келишти. Күмөндүү суроодон кутулуу үчүн Ракман атка тескери мингизилген үй ээсин штабга айдап барган. Олегдин өмүрүн басмачылар кыйганын ошонун сөзү аркылуу далилдеди. Бирок, штабга андан мурда жеткен кабар аны ач дөбөттөй акмалап турду.
Жолдо атчан учураган бейтааныш киши командирди:
-Жигиттериңди каматып коюп, ии, өзүң кокту-колотто ойной бер, — деп күлө бага табалады.
-Эй, тишимди кычыратпай,ак сүйлө! Кимди каматып, сени бош калтырдым? Бейтааныш киши Ракмандын ызырынганын сезип, жанагыдан жоошуду:
-Планистин сөөгүн коштогон адамдарың камалды го!
-Аларды түрмөгө ким салыптыр?
-Кызык. Элге баш-көз болгон бай-манап,казы, болуштарды чекеден жок кылдың. Аки-чүкүсүн ыштабыңа жетип, ак-карасын ылга! Ыктыярчыларыңдын камалган жайын райкомуң менен НКВДдан сура!
Ракман уккандарына териккени менен сөзгө жыгылды. Кирпигине кыл, боюна чаң, ариетине наалаты кеп угузбай жүргөндө… Ал өзүнө ушундай баа берүүчү. Көрсө, Филонецтин сөөгүн штабга узатып ийгенден кийин өзү Гөлүнүн артынан куру бекер чапкылаган экен. Аны адыр-токой кыдырып жүрүп, канча издесе да таба албай, куру кол кайткан эле.
Ал гарнизондогу штабдын босогосун аттаары менен Ташболоттун суз мамилесине кабылды. Штаб башчы мурда ыктыярчылар кайсы бир банданы жок кылып кайткан сайын: “Аман кайтышыңар, жеңишиңер менен!”- деп куттуктачу. Басмачылар менен болгон кагылышты башынан-этегине дейре сурамжылап, алардын канчоосу өлүп, канчасы туткундалганына чейин кызыкчу. Душмандардын арасынан орток чарбага кошулууга ыкласы барларын көндүрүштүбү, колго түшкөн ат-көлүк, жандыктар менен ыктыярчылардан арткан азык-оокатты артелге киргендерге толук үлөштүргөн жагдайын да сураштырчу. Ракман болгон окуяны ийне-жибине дейре айтып бүткүчө бүткүл ынтаасы менен кулак төшөп, ыктыярчылардын басмачыларды тыйпыл кылган эрдиктерине маашырланчу. Жүзүнөн ыраазылык, ууртунан жылмаюу кетчү эмес. Атреттин ичинен кимдир – бирөө жарадар, же окко учса, ичинен кейип, аза күткөндөй көңүлү чөгүүчү. Азыр корбашы менен бир нече басмачы жок кылынса да… Ташболоттун жаркылдаган жайдары мүнөзү жок. Кабагы кар жаагандай салыңкы. Атрет башчы өз эсебинде чоң олжо менен кайтканына шерденип турган. Бирок, ыктыярчылардын бу жолку жүрүшүнө кызыкпаган Анарбековдун кебетесине таң калды. Ал:“Балким, Планистин көз жумганына кайгырып аткандыр”- деп да кыялданды. Ташболоттун кайдигер мамилесине чыдабай, аны ийнинен түрткүлөдү:
-Эй, түндөн бетер эмне түнөрөсүң?
Анарбеков Ракмандын бул суроосунан:”Биз корбашыны жок кылып…Төрт араба эгин, үйүр жылкы, бир короо кой-эчкини кайтарып алсак.. Эмне куттуктабайсың?” — деген маанини түшүндү. Ал атрет башчынын астыңкы кыргагы бөлтөйө ишиген көздөрүнө тиктеп:”У текечер… Бөлүнүп кала бербей, ыктыярчыларың менен чогуу кайтпайт белең?” – деген ойго түштү. Планистин өлүмү аркылуу аны өйдө карагыс кылууну самады. Олуттуу түрдө:
— Үч күн бою издетип, кайда жүрдүң? Тезек-отун тергидей азыр саратан эмес. Оболу, ошону айт!
Ракман Гөлүнү таппагандан кийин үйүнө барганын айткысы келбей:
-Мени антип такыба! Журт бузарларды кынына киргизген азаматтарды сага окшоп, абакка салбадым. Менин ыктыярчыларым Планистин сөөгүн жеткирген үчүн айыптуу эмес. Аларды неге каматтың?
Анарбеков мыскылдагандай жылмайды да:
-Ики- и! Кылгылыкты кылып коюп…Кыл жип менен бууп коюп… Мени суракка алаардан мурда Олег эмне үчүн шеит кетти? Оболу ошону тактайлычы, баатыр! Ал Күнжүрүш аймагын бүт кыдырып, канчалаган ок менен чокту кечсе… Ажалдын тузагын үзө чапкан көйкашканын ушу бармактай өрөөнүбүздө мүрт үзүлүшү күмөндүү. Бүтүндөй аскерден жалгыз Планисти ок жалмаганы кызык. Басмачылар менен беттешкен соң, башкаңардын соп-соо калганы… Бу жерде кылмышты жашырып атасыңар, досум!
Ракман штаб башчынын жүзүнө тик карады:
-Шегиңди ичиңе катпай, ачык айт! Сенин оюңда биздикилер да өлүшү керек беле?
Анарбеков Ракмандын бир ай мурун штабдагылардын көзүнчө уят кылганына кекенип жүргөн. Ошонун өчүн эми алууну чечти:
— Планистин окко учушу – кызматыңдын баарын жууйт. Бетибизге көө сыйпайт. Менимче, силер Олегди өзүңөр атайын өлтүрүп, билмексенге салып атасыңар.
-Эй кара мүртөз, оозуңа кара! Аны ким көрүптүр?
-Олег жайраган үйдүн ээси… Чалкасынан жерге кулаган Планистин гимнастеркасы канга чыланган. Демек, ок анын артынан – силер жактан атылган.
Ракман айтаар кебин таппай калды. Филонецтин сөөгүн арабага жүктөөрдө анын тулку боюна көз салбаганы үчүн эринин кымтынды. Арга таппай ордунан турду да, тапанчасын үстөл бетине койду. Белиндеги курун чечти:
-Душмандын кебине ишенсең, кел анда, мени да отургуз! Атретти чабышка мен баштап баргам. Талаада пахта тергени кол жетпей атат. Кармалган басмачыларды талаадагы ишке мен салдым. Демек, мындай өзүм билемдигиме — мен жооптуу. Ошондуктан ак жеринен айыпталган жоокерлеримдин жанында жатайын! Айдат, кама!.. Анте албасаң, жекеме-жекеге чык!
Үстөлгө үңүлүп, райкомго билдирүү жазып жаткан Ташболот башын өйдө көтөрдү да:
-Суранбасаң да ошентем! – деди кекете.
Ракман ардана түштү:”Демек…Тоо-таш, эрме чөлдө ач-жылаңач жүргөн ыктыярчыларым… Бозо менен этке тойгон басмачыларды кууганы, кашка баш ГПУнун өлүмүнө айыптуу экен да!” — деп ойлоп, тапанчасын кайра кабына салды.
Курун курчанып атып:
-Сендейди атыш керек! — деди Ташболотко.
Анарбеков кытмыр күлдү. Табалай:
-Чындык ушундай ачуу болот, азоо аттай мөңкүтөт.
-Кимди эле?… Албетте, кой терисин жамынган сендей бөрүнү! Душманга жан тарткан сендей чыккынчыны!
-Эй,Планисти мен атканым жок.
-Өзүңчөле тон бычпа. Олегдин өмүрү кантип кыйылганын көрбөй… Тергөөчү деген окуянын күбөлөрүн түгөл сурайт. Анан жыйынтык чыгарат.
-Албетте, териштирилет. Планистин Масквадагы НКВД уулуна дилгирем жөнөттүк. Ал келип, көрөсүң, баарыбызды өзү сурайт. Ага дейре сен ГПУ менен райкомго жообуңду камда. Кызыл аскерди коргобогон ишиң жөн унутулбайт. Араңарда жүргөн жалгыз орус . Аны сакташың керек эле…
-Олегди: ”Короого биринчи сен кир!”- деп эч ким буйруган эмес.
-Андай эмес дечи…
-Сенин оюңча атылган ок, шилтенген кылыч, тартылган жебе:”Бул – биздики, буга тийбе! Бул басмачы – ошону шылый чап!Тиги башка жактык – аны көзөп өт” деп…Тандап тийбейт.
-Ой командир!.. Мен партия алдында жооптуумун. Осташевский: “Эмне үчүн өзүңөрдөн эмес… Эл-жериңди кул-күңдүктөн, итке минген кедейликтен, бай-манаптар төбөсүн кандаган кордуктан бошоткону… Ыктыяры менен келген кызыл командир, болгондо да Филонец өлөт?”- деп, жарга такап атат. Өзүң деле ой жүгүртсөң… Ичибизде жоолор менен тил табышкан тыңчы жүрбөсө, түш көргөндөй кокустук болмок эмес го, — деди Анарбеков. Ал ушул саатта жүрөгүнүн үшүн алган Ракмандан кутулуунун айласын издеди. Бул арада Батышта орус-немис согушу тутанып калган. Райкомго айттырып, согуштан алып калган бронун жок кылдырып, чаар баш Ракманды аскерге жөнөтүп ийсе, андан оңой арылаарын чоттоду.
— “Гөлү элдешүүгө чакырды”-деп, Жолдош кабарлаганда…Мен сага: “Басмачынын артынан менден башканы жибербе!” – дегем. Планисти өзүң кошуп, өзүң атказдың. “Кагылышта кан өлөт.” Планиске атылган ок башкага эмне тийбейт?- деп кысмакка алганың, жеткен дөдөйлүк. Субан мууздалганда кабыргаңар кайышпадыле. Райкомуң анын өлүмүн бир ооз сураган жок. Андай эле ар кимге жаның ачыйт экен, биздин ыктыярчылар каза тапса, кана аларга Осташевский экөөңдүн кылыңар кыйшайганы? – деди Ракман.
Анарбеков атрет башчынын капилет суроолоруна жооп таппай, мукактанды. Кызматы жагынан Ракмандан жогору тураарын эстетүүнү ойлоду. Кызыраңдап:
-Эй, токто! Ким менен сүйлөшүп жатканыңды эсиңден чыгарба. Коммунистке кайбат кылган киши жоопко тартылат… Деги максатың эмне?
-Токто эмес. Азыр тоголото коём. Штаб башчылыгыңды урдум. Камалгандардын бирин калтырбай, азыр бошот! Антпесең, заматта атып салам да, трибуналга өзүм барам! Бол дейм – деди Ракман. Анарбековдун жакасына кол сунуп, аны муунтууга жулунду.
Штабда экөөнөн башка жан жок эле. Ташболот эптеп бошонду да, бөлмөнү тегерене качты. Ракмандын жини кармаганда, атасын да аябай, жан таслим кылуудан кайра тартпас пейилин билет. Дилинде: “Бу дөөпөрөскө теңелбейин” — деп чоочуп, сыртка атып чыкты. Ал кабарлагандай Москвадан Филонецтин аскер уулу жетип келди. Атасынын каза тапканына шектелип, камалгандарды кайрадан тескеп чыкты. Олегди далысына аткан адам табылбай кала берди. Болгон окуянын чындыгына көзү жеткенден кийин Ракмандай эле анын жоокерлери да акталды. Камалган ыктыярчылар түгөл бошотулду.
Бирок, атреттин командири эми райкомдун экинчи катчылыгына дайындалды. Бул кызматка негедир Ракмандын ичи чыкпай жүрдү. Арадан жарым жылдай убакыт өткөн соң, ал райкомдун биринчи катчысынын бөлмөсүнө кирди. Осташевскийге мал-мүлкү таланып, эли таркап кеткен коңшу колхозду кайра куроо ниети бар экендигин айтты. Осташевский Ракмандын таланган чарбага баруу оюн уккандан кийин кыйлага дейре үндөбөдү.”Макул”, же “ ордуңда иште” дегенин шыр айта койбоду. Ракмандын сунушуна көнөйүн десе, тирикарак, от менен чоктон кайра тартпас, көк жал жигиттен ажыраганы турат. “Бүлүнгөн чарбага сенден бөлөгү барсын!”-деп, өкүм сүйлөсө, Ракмандын оттой жалбырттар жулунма пейилин кыйбайт.
Ырас, ал жактырбаган кызматында кыл жип менен чырмап байласа да, тынч турбайт. Нары:”Мен далилсиз сүйлөбөйм. Баштай турган жумушумдан оңдуу жыйынтык чыгаарына көзүм жеткенде гана оюмду ортого кошом. Алкымыма бычак такап:”Шертиңден кайт. Мууздап ием”- десе да бүтүмүмдөн кайтпаймын.Менин кыялым ушундай чорт пейил!”- деп кайсы бир жыйында кулакдар кылганын эстеди, Осташевский. Унчукпаса, Ракмандын кызматты таштап, тетири басып кетчү түрү бар. Райком сөзүн жайма-жай баштаганы менен кеп аягын буюура сүйлөп, өкүмдүү бүтүрдү:
-Күтүүсүз жарга такадың го! Мени да мындан чоңураак жумушка которгону турушат. Быякка жөнөгөн кабарыңды укканда башка кызматка жылсам, партиянын кантондук комитетине сунуш этип, ордума сени дайындатайын. Мейли, ал чарбада иштеп көр. Кошумчалаарым – кызуу кандуулукту кой. Кызыл камчылык менен уруп-согуп иштетүүнүн доору бүттү. Элди качырып ийбейли. Батышта согуш … Мекенди коргоого да адам керек.Тапшырманы так аткар!Болбосо, жоопко тартамын!
Ракман:
-Мен да бөлбүрөгөн кишилерди жактырбайм. Жигит деген чечкиндүү болуп, нар кескен бычактай шарт-шарт сүйлөшү керек. Кызылдай мээнет менен куралган калкозду таркатышса, чөк түшүп олтура албайбыз. Мындан башка да суранычым бар.
Осташевский:”Дагы эмне каалайсың?” дегендей суроолуу тигилди.
-Мен бүлүнгөн ошо чарбанын элин бирин да калтырбай, кайра топтогуча ал жактагы кырдаалды териштиргенге эч кимди жибербе! Ага дейре элди көкүтүп, бүлүндүргөн бузукулар да билинет. Эч кимисине тийишпей турсак, качкан-бозгондору да айланып-тегеренип, кайра толугу менен калкозго кошулаар. Качан гана ошо чарбаны бөлүп жаргандар:”Булар биздин чекебизге чертишпейт экен” — деген ойдо эчтемеден чочубай калышканда, өзүңө кабар угузам. Алдастап кетип, аларды үркүтүп ийбейли.Ушу жагын эстен чыгарба!
-Макул, унутпайын, — деди Осташевский бул ирет сыпайы.
Ракман райкомдон бузулган чарбага дароо аттанды. Жетээри менен ал колхоздун актиптерин ылдам чакыртып, кеңешме курду. Чарбанын мал-жандыктарын талагандар адыр-колотто жашап жатышканын угуп, эртеси ат тизгинин жайдак адырларга бурду. Анын башкармалыкка дайындалганы айылдагыларга чагылгандай тез тарады. Ракмандын пейилинин чукулдугунан күн мурунтан кабардар болушкандар жанданышып, эл аралап, калкозго кайра кирчүлөрдүн эсебин тактаганга өтүштү. Бирок, арадан бир ай өтпөй, артынан чабарманы кууп жетти.
Ал жандыктарын орток чарбадан бөлө качкан кишинин алачыгында олтурган. Талап алган мал-жандыгын колхозго кайра кошуп, мурда түтүн булаткан жайына бала-чакасы менен көчүп барса, качкынды милициянын колуна тийгизбөөгө көндүрдү. Кайсы бир жоболоңдуу эмелердин азгырыгына кирип, жеке кожолукка бөлүнүп жашоонун кезмети эчак бүткөнүн, орток чарбадан чыкканы чеки экенин аңдашкандар Ракман босогосун аттай электе эле жүгүн артынып, тоодон ылдый жөнөштү. Бирөөлөрүнүн чөлгө кайтуусуна башкарманын адыр-колоттогуларды кыдырып, кепке ийиткени болсо, айрымдары анын чоң муштумдугунан тайсалдашты.
Алачык ээси ачык айтпаганы менен көңүлүндө элге кайтууга ыкластанып турган. Аңгыча эшик оозунан: “Башкарма Ракман ушул үйдөбү?”-деген үн угулду. Ал чабарманды үнүнөн тааныды.”Байкаштырып сүйлөгөй эле. Кокус элди дыркыратаар кабар болсо, араң-зорго көнүп аткандарды айнытпагай элек”- деп ойлонду.
Чабарман алачыкка баш багып, орунга жайланаар замат андан озуна:
-Жоо чапкандай күйүгүпсүң. Эмне, райкомдогулар издетип атабы?- деди да бир жак көзүн кысып койду.
-Ооба. Ошолор чакыртты, — деди чабарман башкарманын ымдаганын ыкчам түшүнүп.
Башкарма чыдап тура албады. Чабарманы экөө сыртка ээрчише чыгышты. Теминээри менен күлүгү учкан куштай сызып жөнөдү. Алар жатакчылардын айылынан кыйла ыраактаганда:
-Байке! Чарбага бир канча киши көчүп барган эле. Мурдагы күнү текшерүүчү басты. Ал кой-малын чарбадан бөлүп алган качкындарды бир чекеден суракка алып атат. Элди кайра дүрбөттү. “Каматат экен” – деп үрпөйүшүп, жүгүн түйүнгөндөр да чыкты. Ысман аксакал сизге мени чаптырды, — деди чобуру менен куйрук улаш келаткан чабарманы.
-Ал кайдан түшкөн текшерүүчү? – деди күлүгүнүн басыгын бир аз жайлаткан Ракман кабагын чытып.
-Ким билсин? Дайын-дарегин,атын айтпайт. Бирден чакыртып алып эле тескеп атат.
-Кызык экенсиңер го! Ой, жок дегенде:”Кайдан келдиң?Быякка сени ким жөнөттү?”-деп сурадыңарбы?-деген Ракман Осташевский экөөнүн убадасын эстеди:” Райкомдун бул эмне кылганы? Текшерүүчүнү ошол жөнөтсө керек. Башкарымыш болуп, ишти бузгандан башкага жарабайт окшойт, бу райком. Ага эскертпесем, бир жөн эле..” – деп ойлонду,ал.
Чабарман чук этпей, анын соңунан ээрчиди. Кыйладан соң:
-Мен го, бир, жетим жүгүрүкмүн. Кайда жумшасаңыз, ошол жакка чабам. Мен эмес, актиптериңиз дыркырап качып жүрүшөт.Текшерүүчүнүн көзүнө көрүнбөй.
Ракман чабарманын ээрчитип, чарбанын кеңсесин аттаганда тергөөчү буларга карап да койгон жок. Анын маңдайында бели бүкүр бир киши бүжүрөп олтурат. Тергөөчү алда-неден санааркаган жоопкер кишиге улам суроо берип, айткан жоопторун кагазга шыпылдата түшүрүп жатты.
Ракман ал экөөнө бирдей салам айтты. Тергөөчү өөдө карамыш эткени менен саламын алик албады. Башкарма сурак берип жаткан киши менен кол сунуп учурашты да, ыраң-бешенесинен түкшүмөлдөп:
-Айылга жаңыдан көчүп келгенсиз го. Элге кошулушуңуз менен…- деди сылык түрдө.
Жакшы сөзгө жоопкердин кабагы жарк дей түшүп, орун бошоткону ордунан козголду. Башкарма бош орунга жайланышты:
— Үйүңө бара бер, тууганым! – деди.
Жоопкер уккан уруксатына ишенер-ишенбесин билбеди. Ракман менен текшерүүчүгө алмак-салмак жүз буруп, не кылаарын билбей нестейди. Чабарман:”Ырас айтат, бара бер!”- дегенде гана сүйүнгөн бойдон эшик жакка умтулду. Тергөөчү тура калып, анын жолун тороду:
-Токто, кайда барасың? Менин уруксатымсыз бир кадам жылбайсың! Бу жерге азырынча мен кожоюн. А сен кимсиң? – деди ал Ракманга, көзүндө огу болсо, атып ийчүдөй тикчийип.
-Чарбанын башкармасы ушул киши… – деди чабарман.
-Эми өз дайыныңды сен айт? Бул жерге сени ким чакырды? Ким жиберди, райкомбу? – деди Ракман.
-Мен райкомго баш ийбеймин.
-Э-хее, сенин жөнүңдү райкомдогулар билбесе…Өзүңдөн – өзүң чочоңдогон жеке бий окшойсуң! Сени биз жакка “жибердик” деп, мага эч ким табыштаган эмес. Анда ызатыңдын барында менин ишиме киришпей, азыр жолуңа түш! Сенсиз деле өз элимди өзүм тергеп, бейбаштарын моюн сундурганга күчүм жетет. Күрөшөөрү менен – күрөшөм, чабышаары менен – чабышам. Бирок, элимди сендей жумурткадан кыр издегендерге тебелетпеймин. Адамдын артынан аңдыбай, мына бу кагаз-пагазыңды тытып ие элегимде топто да, көзүмө көрүнбөй жогол!…
Тергөөчү аң-таң калды. Айтаар сөзүн таппай, башкарманын сүрдөнгөн жүзүнөн айбыкты. Кагаздарын ылдам жыйыштырып бүтүп, папкесине салды. Папкесин колтугуна кысты да, чыгып баратып, артына кылчайды. Сөөмөйүн сүлкүлдөтө:
—Шашпа али! Байлар менен ууру-бөрүлөрдү коргогон сендейлерге көрсөтөөр менин да Кудайым бар. Ээн жердин эркеси болгон өпкө…
Ракман тергөөчүгө эки аттап жетти. Босогодон аттаган немени ийинден кармап, өзүнө булка тартты. Тергөөчүнүн тумшугуна коё берээрде ортого чабарман түшө калды:
-Ушуга окшогонго теңелбей эле коюңузчу, байке!
Көздөрү алаңдаган тергөөчү бөлмөдөн чыгып кеткенге шашты.
-Экинчи бизге бейуруксат бурулсаң, айтып коёюн, өлүгүң чыгат. Чоңдоруңа да айта бар.
Убакыт учкан куштай зымырап,өтө берди. Батышта согуш оту күчөп, жер-жерлерден эр азаматтар фронтко жөнөтүлүп жатты.
Күмүш Ракманды алда-кайдан издеп тапты да, уулу аскерлердин тизмесине жазылганын угузду.
-Кудаш иниң дагы элирип атат, кубат. Мени кимге таштайт билбейм. “Аскерге барам” — деп эле оолугат. Өрт менен өлүмдү аралап, башың бышкан эле. Кубатыңды какыс-кукус кылбасаң, менин тилим өтпөдү. Ак кепиндеп көмөөр жалгызымдан тирүүлөй ажырагым жок. — Эненин көзүнөн тамчы жаш мөлт -мөлт кулады.
-Антчү эмес, жеңе! Кудаярдын алты саны аман, он эки мүчөсү бүтүн турганда, жашыганың жарабайт. Эркекти үй күчүк болбой, эл-жерин коргосун, тукумду уласын деп төрөгөнсүңөр. Ат башына күн түшсө, суулдуругу менен суу ичет. Байтал ат жоргого айланып, такка чыгат. Уулуң аскерде сени эстеп, өксүбөсүн десең, ичиң бураса да, көзүң күлүп турсун! Немистерди жексен кылып жеңип, аман-эсен түнөгүнө кайтсын.
Күмүш аргасыз баш ийкеди:
-Эч бир жан: “Туубуз жыгылып, жигиттерибиз мүңкүрөсүн!” — дебейт, кубат! Кудаяр –кеселман. Болбосо, ыйламсырабайт элем. Кейип-кепчигенде, көңүлү чөккөндө… Оозунан ак көбүк куюлуп, тарамыштары түйүлөт да, туттугуп калат..
-Ошончолук ээнбаш болуп баратабы?
-Башы көбөйүп,өмүрү узагырдын жоругу жолдо калсын, кубат! – деди эне күлүмсүрөп. – Жашын чоңойтуп жаздырыптыр.
-Муну карап кой! – Ракман божомолу туура чыкканына таң калды. – Мен да уулуңузду аскерге жашы жете элек деп жүргөм.
-Күчү ашып-ташыган кээ бир эркектер куйругун карматпай, согуштан качып жүрүшөт.. Кудаярың төшүн окко тоскону мени күйгүзөт.
Муну угуп, Ракман дилинде уланга кайрылды: “Ээнбаштык кылба, Кудаш! Бирок, оюнкаматтагилардын соо-кеселди териштирбей адамдарды аскерге айдаганы кызык. Жеңем бекеринен сыздабас. Согушта талмасы кармаса, Кудаяр душманга оксуз эле жем болот!”- деп кыялданды.
Аңгыча экөөнү көздөй Кудаярдын чуркап келе жаткан карааны көрүндү. Ал жакындаганда Күмүш Ракмандын кулагына:
-Сенин гана тилиңди алат, кубат! “Жеңемдин айтканынан чыкпай, аскерге барба!” де.
Боз улан жетеери менен күлө бага Ракманга кол сунуп, салам узатты. Күйүккөнүнө караганда энесин издеп жүргөндөй. Башкарма аны кучагына кысканда уландын куркуйган кабыргалары колуна урунду. Кудаярдын арыктыгын баамдап, Күмүштүн кебине ишенди. Ичинен кейип:” А балакай, кабыргаң саналганы менен иши жок. Аскерге аттанам дегенин! Мындай акыбалы менен эки чакырым жүгүрө албас. Мунун сары ооз балапандыгын биле туруп, батыраак фронтко айдоого шашылган оюнкамат менен сүйлөшүш керек” – деген ойго чарпылды. Кудаярдын каруусун кармалап:
-Билегиң күчкө толуп, немистер менен атышканы баратам дечи? – деди тамашага салып. Күлүмсүрөгөн калыбында Кудаярдын нурсуз ыраңы менен оттой жанган кара көздөрүнө кадалды. Колун баланын булчуңунан капыс тартып алды да:
— Апей ай, булчуңуң бөбөктүн алаканындай былбырайт го!?
-Мен да туулган жеримди душмандан калкалагам келет.
Ракман:
-Муну кара! Кийинкилерге аңыз болуш үчүн… “Мен да согушка катышкам” деген атак алуу үчүн жулунган экенсиң! Артыңдан:”Энесин бакканга жарабай, качкан дезертир” деген жаманатты сөз калат.
Улан:”Дартым менен курагымды сиз айткансыз го!”-деген кыязда апасына жалт бурулду:
-Андай эмес, байке! Мен чын ыкласым менен, өз ыктыярым менен барам. Бөлөк эркектерден менин эч жерим кем эмес.
Күмүш чырылдап ийди:
-Ооруңду жашырба, талмалуусуң балам! Сени төлгө тарткандай билип турам, башка бирөөнүн ордуна баратасың.Өзүң жулунуп атсаң… Оюнкамат деле жашыңды чоңойтуп жазып, киши катарын көбөйтүп, эсептен кутулмакчы. Мени тентиретип, жалгыз таштап, кайда барасың?
Ракман тыйымыш этти:
-Кой жеңе! Кудаш — акылдуу жигит. Сизди ыйлатып, эч кайда барбайт. Мындайлар айылдан жылбай, окуу окуп, буудай оруп, пахта терсин! Институтта окуп, өнөр үйрөнсүн! Сиздей кемпир-чал менен келин-кесекке кара болуп…Батышка кеткендердин ордун жоктотпосо деле, чоң жумуш. Мүчөлүң эмне?
-Балык…
-Жалган айтат, мүчөлүн билбейт, — деди Күмүш шашкалактап. – Жылкы жылында төрөлгөн. Эсептесеңиз, эми он бешке карады.
Манжалары менен уландын мүчөлүн эсептеген Ракман Күмүштүн кебин ырастап, баш ийкеди.
Кудаяр өз курагы тууралуу энесинин Ракманга өзү келээрден мурда айтканын чамалады.Айыбы ачылгандан бетер кызаңдады:
-Качан төрөлгөнүмдү селсебит сизден жакшы билет, апа!
-Антпе, кубат, — деди Ракман уландын далысын таптай. – Киндигиң качан кесилгенин ичинде ой көтөргөн апаң билет. Сенин ден-соолугуңду териштирбей, санга кошкон селсебит менен оюкаматти мага кой!
-Баары бир аскерге качып кетем! Фронтко адам жетпей атыптыр го. Фашисттер Москвага жакындаган имиш, – деди Кудаяр бир жагы эркелей. — Балдар:“Армияга барбагандар — эркек эмес. Алар менен кыздар да сүйлөшпөйт” — деп атышат.
-Ой кайдагыны дөөрүйсүң. Бир ай мурда Панфиловдун дивизиясы Москвага өткөрбөй, душмандын ташын талкан кылды! – Өспүрүмдүн кебине Ракмандын муруту тикчийип, ачуусу кармады.Кара күчкө: – Аны кой. Жеңемди кароосуз калтырсаң, айтып коёюн, өз колум менен түрмөгө каматам. Уктуңбу? Ата-апасына таш боор бала, башканын кадырына жетпейт. — Уланды сестентүү ою менен Күмүшкө табыштады:
— Жаныңдан карыш жылдырба, жеңе! Жадесе ажатканага да чогуу бар. Ойт береери менен мага киши чаптыр. НКВД, ГПУ дегендердин баары менин колумда. Муну барган жеринен кайтартабыз. А сен кераяктанбай, жеңемдин тилин ал!- деди өкүмдүү түрдө, шаабайы сууган балага. – Сага талмадан башка да илдет жабышкандай. Арыктыгың, колуңдун таштай муздактыгы…Сендей уландын алаканынан от менен жалын чачырап туруусу керек эле…А сен кагынга учурагандайсың. Бул акыбалың менен алыска чуркашың кыйын.
-Ичтейи да жок. Кынжыйып, өзөк жалгабай жүргөнүнөн: “Буга эмне тийди?” – деп, санааркап атам.
-Ошо, Кудаш! Ооруңду жашырып, “антем, минтем” деп оолуккандан көрө, чучугуңду толтур!
Уулун аскерден калтыруу ниети оңолорууна көзү жеткен Күмүш кош колун жайды да, бата тиледи.Башкармага карап:
-Оомийин! Эки дүйнөдө тең жамандык көрбөй, балакет-кесепеттерден оолак жүр, кубат! Ыракмат сага! – Эненин соңунан Кудаяр менен Ракман да бата тартты.
Ракман эне-баланы узаткан соң, селсебеттин төрагасын издеп жүрүп, аны бешим ченде тапты. Жүзү кызарган төраганын алагүү экенин болжоп, туталанды:”Кара эчкиге жан, касапчыга мал кайгы болуп атса…Киши аттуунун бакиси жумурай журттун убайын тартып атса, мунун бозого тоюп, карт кекиргенин!..Эмне кылсын, шордуу?! Ооруктагы түйшүк түгөл ушундай актиптердин мойнунда. Кыйын-кыстоо маалда жаза тайып, “кылт” этип койгондур“ – деп, бирэсе тигини ичинен актады. Бирок, сыр алдырбады.
Селсебит да башкарманын жөн издебегенин туйган эле. Кейпи чоочугандай. Колу калтырап атып, кеңсесин араң ачты.
Ракман бөлмөнүн астанасын аттаары менен:
-Кудаяр аттуу темирканат балапанды фронтко айдамак болуп жатыпсың да, ээ?- деди.
Төрага баш ийкей, ууртунан мулуңдап, бырс күлдү. Ракмандын намысына тийгиси келип:
-Ие, ошондой… Азыр эркекмин дегендин баары ошо жакта! Аны аскерге мен эмес, өкмөт чакырды. Керек учурда экөөбүз деле Батышка сапар тартабыз.
Ракман Күмүштөн уккан божомолун да жашырган жок. Уландын дарттуу экендигин ортого салды. Селсебит менен көпкө тартышкысы келбей, кырданып бараткан төрагага “жетишет” дегендей кол жаңсады.
-Сагызгандай шакылдап, мээни ачытпа!”Фронтко жөнөйүн” деп сурансам райкомдогулар мени бронь менен калтырганын билип туруп, табалайсың да! Басмачыларды жоготом, калкоз курайм- деп атка биринчи минген – мен болом! Партия айдаган жакка азыр деле шыр бастырып кете берем. Кой, ишке өтөлү! Кудаярдын ден-соолугу чатак экен! Аны айыктырбай туруп, аскерге жибербегин! Аскер деген – оорукана эмес, сыркоо кишини дарылагыдай. Менин көзүмчө аны тизмеден өчүр! Кана…
Ракмандын үтүрөйгөнүн сезип, селсебит аскерге чакырылгандардын тизмеси жазылган дептерин ачты. Кудаярдын фамилиясын таап, карандашы менен анын аты-жөнүн үстүнөн чийди. Башкарма:
-Мына мунуң, адилеттик! Экинчи ирет Кудаярга тийишпе! Андан көрө аны мединститутка жөнөт! Кур дегенде доктурлукка окусун! Адам айыктырганга да билимдүү врач, өндүрүшкө инженер, агроном, мал доктур, куруучу керек.
-Айтканыңыз, туура, жолдош башкарма! – деп баш ийкегиледи, селсебит.
Арадан көп узабай, Ракман кайрадан жолго чыкты. Райкомдун биринчи катчысы Осташевский чакыртып алып, аны Кытайга барууну буйруду. Ал жакка качып өткөн кыргыздарды кайтарып келүү тапшырмасын берди. Райком:
-Бул буйрукту аткаруу сенин гана колуңдан келет. Кызыл отрядга командир болгонсуң! Бозгундарды кантип тузакка түшүрүп, кайра айдап келүүнүн ыкмаларын сенден мыкты эч ким билбейт! Биздин аймактан коңшу өлкөлөргө качкандардын көбүн жакшы таныйсың. Чек арадан өтүүгө зарыл документтериңди камда да, өзүң ишенген адамдардан тандап ал, – деди, Ракманга качкындардын тизмеси жазылган узун баракты карматып.
-Алардан бизге кылчалык пайда жок. Көчүп-конуп жүрүп, колунда бар байлыгын түгөтүшкөндүр, — деди Ракман көңүлсүз, узак жолдо жүрүүнү каалабай.
-Анткениң менен аскерге да, бу жактагы талаа жумушуна да киши тартыш. А фронтко азык-түлүк, кийим-кече жөнөтүүбүз керек. Качкындар калган — каткан мал-мүлктөрүн болсо да, айдап келишсин. Болду, сөз бүттү. Жүрүшкө ылдам жөнө. — Осташевский бул ирет каардуу бурк этти.
Ракман качкындардын тизмесин астейдил окуп чыкты. Тизмеден Гөлү менен ага жакын адамдардын да аты-жөнүн учуратты. Кытайдын “кыргыздар жашоосу ыктымал” деген айылдарын кыдырып жүрүп, бир топ күндөн кийин бозгундарга учурады. Алгач жолукканда эле Гөлүнүн мурдагыдай айбатынан тайганын сезди.
Көлмаматтын кабак кашы менен чачы мезгилинен эрте кубакай тартыптыр. Шырыктай бою узун болгону менен мурдагыдай казы салган курсагы жок, мойнунан бери илмийип, арыктап, кийими да жүдөө. Атүгүл мурутун да ак чалыптыр. Адатынча мал-койлорун кайтарып жүргөн экен. “А байкуш! Көрөр күнүң ушул экен да. Кежирленбей, калкоздо иштесең, мурдагыңдан да байыйт болчусуң”- деп ойлонду Ракман, анын чүңүрөйгөн көздөрүнө тигилип. Ал партиянын тапшырмасы менен келгенин, Гөлүнүн басмачылык маалдагы кылмыштары жоюла тургандыгын кыйытты. Ыктыярчы атретке командир кезиндеги күпүлдөөчү ороюна салса, ишин бүлдүрөөрүн ойлоп, жойпулана сылык-сыпаа сүйлөшкөнгө өттү:
-Гөлү, ээн жерде минтип, кытайларга кул болуп жүргүчө… Киндик каның тамган Мекениңде тайраңдап жаша. Байлардын кээси сени тартып, чет жакка качып, байлыгыңарды бөтөндөргө карматтыңар. Андан көрө мүлкүңөрдү өзүбүзгө өткөрсөңөр, мамлекетибизге пайдасы тиймек. Эми кой, артка кайт. Көрүнгөнүбүз көрүнгөн бурчта жүргөнүбүз жарабайт. Туш-тарапка чилдей таркап, түмөн элдин соңунда калбайлы! Аны каны кыргыздардын түгөлү ойлоосу абзел. Кезинде орустарды көрөөр көзүң жок, орток чарба менен кызылдарды жектедиң эле… Азыр барып, кыдыргын. Ошолордун көмөгү менен шаарлар, мектеп, окуу жайлар, ооруканалар ачылып, билимдүүлөр көбөйдү. Сан миңдеп үйлөрдүн, ишканалардын курулганын көр! Ал эмес, ГЭСтер тургузулуп, үйлөргө чырк эткен седебин бассаң, жарк эте жарык берген электр тогу кирди. Бир тал ширеңкени чаксаң, дүрт этип жалбырттап күйөөр газ иштегени турат. Мына, “коммунизм!” Биздин мамлекет совет бийлигинин жөлөмөсү менен күчтүү болду! Элге кайтып, силер да жакшы доор сүргүлө! Сенин кылыңа эч ким кара санабайт. Маңдай териң менен ак, так күн көрсөң, сага эч ким тийишпейт, — деди ага.
Гөлү Ракманды кунт коюп укканы менен ою ар кайда учту. Эртегисин эске түшүрдү: “Кеңеш өкмөтүнө кайбат кылып, күнөөсүз канча адамдын канын төктүк. Элдин ырыскы берекесин уурдап, талап-тонодук. Ылайым Кудай ошол күнөөлөрүмдү кечирсин!”-деп, Теңирге жалынды да:
-Уккам. Сендей балшабектерди жерибизге жолотпойбуз деп чыктык эле.. Каршылыгыбыздан мүйүз чыкпай, үйдөн жок, же чүйдөн жок мага окшогондор, минтип чет жерде каңгыдык. Бальшабектер менен артелиң күчтүү экен, акыры жеңдиңер. Биз быякка качып деле оңбодук. Эми кайра кайтканда мендейлерди маңдайынан сылаарыңа көзүм жетпейт. Согушка айдашыңар мүмкүн. (Ал көзү көрөгөчтүк кылган экен. Тагдырдын буйругу менен немистерге колго түшкөн дезертирлердин айрымдары советтик чек арадан өтөөрү менен чыккынчы аталып, атылып кетишти. Кээ бирлери катаал түрмөлөргө, сүргүнгө айдалышты.)
-Антип, чоочуба! Мен кепил болуп, ортодо турам. Өткөн-өттү… Айыптарыңды кечирдим. Кек сакташпайлы, — деди Ракман чын ниетинен. Өз жеринде эркектер согушка жөнөтүлүп, элетте балдар менен чалдарга, кыз-келиндерге күн түшкөнүнө жаны ачыды. Эмки кеби Гөлүгө тиешелүү болбосо да, келечекти ойлоп, үшкүрүндү. Баякы сөзүн кайра кайталады:
— Силерди мен эмес, киндик кан тамган өз Ата-Журтуңар чакырып атат…
-Жок, биз барбайбыз.Артка жол жок. Тынчтыкты каалайбыз, — дешти Гөлүнүн айланасында турган бөлөк качкындар кыйла тунжуроодон кийин.
Ракмандын аргасы түгөндү. Баам таштаса, чогулгандар тараганы турат. Ойлоно калып:
-Макул. Андай экен, силер, ар кимиңер өз атыңар үчүн Кытайдан : “Мындай адам бизде жок. Алда-качан көз жумган. Же башка өлкөгө көчүп кеткен” — деген тастыктама жаздырып бергиле. Мен ошентип коргоп, силерди азат кылайын. Гөлү сен да күбөлүк кат алып бер!
Качкын кыргыздар буга кубангандай кол чаап ийишти. Жарым айга жетпей, Ракман шаабайы сууп, мекенине бозгундардын дайынсыз жоголгону тууралуу күбө кат менен кайтты. Анткени менен Осташевскийдин кыйдылыгынан кутула албады. Ал буйругунун орундалбаганына орусчалап сөгүндү. Аскер комиссарын бөлмөсүнө чакыртты. Анын көзүнчө Ракманды аскерден калтырган бронду жыртып, жок кылды. Кавалериялык полкто аскердик даярдыктан өткөрүшкөндөн кийин фронтко аттандырып ийишти.
Ансыз деле Ракман өз ыктыяры менен фронтко аттанууну эңсеп жүргөн. Согушта “майор” наамына жетип, 1944-жылы Польшанын Гданськ шаарын бошотууда каза тапты. Артында бир кызы менен аялы калды.
Гөлүнүн өмүрү Кытайда уланды. Ал болжогондой арадан жетимиш жыл өткөндөн кийин совет мамлекети кыйрап, мурда ага баш ийген республикалар көз каранды эместикке жетишти. Кайра куруунун жели менен менчиктештирүү башталды. Совет бийлигинин жардамы менен Ракман кураган колхоз да, өлкөдөгү бүткүл чарбалар, мекеме-ишканалар сыяктуу жоюлду. Завод-фабрикалар да менчикке сатылды. Жер үлүшкө таратылып, жеке жана дыйкан-фермердик чарбалар ачылды. Мамлекеттик мектептер, окуу жайлар, жеке жана фермердик — дыйкан чарбалар келишим аркылуу билим берүүчү жайларга, менчик ишканаларга айланды. Өкмөттүк ишканалар менен кошо акы алып, элди тейлөөчү мекемелер, жеке менчик ооруканалар, жогорку окуу жайлары канат жайды.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ, жазуучу.
1984-1986-2022-2025- жылдары жазылды.
Тырмак алды мээнет
Аңгеме
Эжекеси:
-Алмас, деги сага эмне болду? – деди класстык чогулушта. Мугалим журналды шуудурата барактай берип, өспүрүмдүн фамилиясынын тушундагы бааларды шыр окуду:
— Кана?… Алгебра -беш, геометрия, физика-беш, биология, химия-беш… Англис, кыргыз, орус тили — беш… “Адам жана коом — төрт”… Эмнеге “төрт?” Сегизинчи класска көчкүчө чылгый “бешке” окуптурсуң. Былтыр “он-лайн” сабактарда деле жалаң “мыкты” болуптурсуң. Мектепти “бешке” бүткөн бала университет, институтту да алтын медаль менен аяктайт. Мына, чийүү-жазуудан да “төрт”… Мындай баага менин ичим чыкпайт. Олимпиада сынагында бизди алга сен сүрөйсүң. Отличник окуучума мен “төрттү” ыраа көрбөйм… Бөлөк агай-эжейлерден уялам. Эмнеге мындай?…
Ордунда тик турган сары чийкил Алмас жер тиктеди. Классташтарынан уялып, көзү жашылданды. Тултуңдап,таарына түштү:” Балдардын көзүнчө уяткарбай, сабактан кийин өзүмө айтканда…” – деп ойлонду. Класстык жыйында сабак окуу, жүрүм-турум ачык айтылып, ак сүйлөнөөрүн капарына албады. Үн чыгарбай, түнөргөн калыбында китеп баштыгын дароо колуна алды да, аткан октой тездик менен сыртты көздөй чуркап чыкты. Быйыл Алмас окуган тогузунчу класстын жетекчилигине коюлган жаш, Бакдөөлөт эжеке тургай, классташтары да анын чорт кыялы кармап, качып кетээрин күтүшкөн эмес. Алар үн чыгарышпай, өспүрүмдү артынан караган бойдон кала беришти.
Кыштын алгачкы айы эмнегедир ысык келди. Күн чайыттай ачык. Күнгө чагылышканда көз уялтаар аппак кар тургай, жамгырдын мөлтүр жаштай тамчысы тама элек. Түнкүсүн жылуу, адам үшүгүс. Үч-төрт жылдан тарта мына ушундай кургакчылык. Алмас балтыр эти толо элек, балапан жүнү түшөлек бала боло туруп, акыл-эси толуп-ташып, чачын ак чалган аксакалдан бетер ойго батат:”Кар калың түшүп, учтары көк тиреген аска-зоо, тоолорго түбөлүк мөңгү толсун! Жамгыр менен жер көгөрүп, молчулук толуп-ташып, жердин жети катмары сууга тойсун! Анан эл тоёт! Былтыркыдай кургакчылык жок болсун!,” – деп тилейт. Кийими жука өспүрүм бүгүн да мектептеги акыркы сабактын батыраак бүтүүсүн күткөн. Кара тумоо араң токтогон жылы окуучулар сабакты үйүндө кол телефон менен окушкан.
Алмас азыр үйүнө жетет да, энеси менен карындашынын курсагын тойгузат. Анан унаалар каршы-терши зуулдап өткөн жолду бойлогон жалгыз аяк жолго түшүп, күндөгүдөй базарга шашат. Былтыртан бери бул иш ага өнөкөткө айланган. Шаарча четиндеги үйүнөн чыгып, эл быкпырдай кайнаган базарга жеткиче жолду ката кооз, кызыл-жашыл чатырлуу тогуз-он кабат үйлөргө суктанат: “Бул үйлөрдүн ээлери чамасы, Россияда, же чет өлкөлөрдө иштешет окшойт. Ошол жактагылар колу толо акча иштеп таап, уул-кыздарын чоң окууларга окутуп, үйлөрүн жаңыртып атышат– дешет го!Атам эмнеге анте албайт?” – деп кыялданат.
Эми чаңкай түштөн күүгүм киргенге дейре кыйла жүк ташып, эмгегине чакан болсо да, тырмак алды тыйын-тыпыр таап алаар. Күздө окуу кадимкидей, өз убагында башталган. Ара-чолодо жумуш иштеп, кечинде ошентип, кээде сабагын чала окуп, “аксап” калган кези…( Ага теңтуш айыл балдарынын Алмастыкындай түйшүктөрү түмөн: сабактан соң, үйдөгүлөрдүн жеңилин жерден алышат. Мал багып, кой-эчки кайтарышат. Талаада кетмен чаап, пахта, жүгөрү, төө буурчак, жашылча теришет.Тоолуктары карагат, кожогат, жаңгак, алма, мисте жыйнашат, ини-карындаштарын карашат. Окуудан кайткан соң, түштөн кийин ийримдерге каттагандары сейрек). Эми төрт тарабы жеңил унаага толуп чыккан базарда көз байлангыча жүрө бербей, эрте кайтып, эжекеси айткандай жалаң “бешке” окуп, класс жетекчиси менен өзүн да сүйүндүрбөсө, аты алыска арым таштабайт. Ата-энесинин да үмүтүн актап, терең билим алат. Билим – суусунуңду түбөлүккө кандырган мөлтүр булактай зарыл. “Мээнети катуунун – татканы таттуу” экени оюнан чыкпайт.
Апасы жаш аялмет болгону менен оорукчан, төшөктө жатат. Сербейген чачы түбүнөн байланган үч-төрт жашар наристе аны-муну булдурап коюп, энесинин жанында куурчак ойноо менен убара. Ак жуумал Алмастын эки иниси да мектепте. Ал кебездей жука жүн тумагын колуна кармап, бети-башы тердеген бойдон каалганы ачып кирип барганда, ыраң-бешенеси жылдыздай жайнаган бөбөгү ага жалт бурулду. Кыз кубанганынан:
-Ана Алмаске келди-и, мага алма ап-ке-е-лди-и…- деди да, кол чаап ийди.
-Бананды кечинде жейбиз, ээ? — деди Алмас тамашалап, күлө бага. Күндө базардан кайтканда бөбөгүнө түркүн түс мөмө-чөмө кармай келет. Энесинин жүзүнө тигилип, эки бетинен өптү да:
— Апо-оу, саламатсызбы? Үшүгөн жоксузбу? Азыр тамак ичебиз.
— Аман элемин, садагаң! Кабатыр болбо – деген жооп укту апасынан.
— Көп эле санаа тартпа, апаке?
— Ай балам, ай! Кантип ойлонбоюн, атаңдын аты-жыты билинбей атса, – деди эне уулунун жүзүнө тигилип. — Же тил билбесең…Окуп, бир кесипти үйрөнүп ал, анан бар. Бараар жагың түпөйүл болсо…Кайсы жерге барып, кай жумушту иштейсиң? – деп канча какшадым. Укпады. Мына эми үйдөн жок, же чүйдөн жок. Алты саны аман эле жүрсөкен – Көз жашы мөлт эткен жубан жүз аарчысы менен жүзүн сүрттү.
Не деп, сөз жалгап, энесинин көңүлүн улаарын билбеген Алмас үндөбөй, кийимин алмаштырды. Чачылган оюнчуктарды терип, кутусуна салды. Колун самындап жууду. “Эрмектеп турсун”- деп, карындашына бири-бирине кийиштирип, үй тургузаар оюнчуктардын тетиктерин карматты. Жең түрүнүп, таңкыдан калган оокатты жылытты. Чыныга куюлган тамакты башын жөлөп, кашык менен апасына ичирди. Бөбөгүн да кур койгон жок. Мектепте жүргөн инилерине да кешик ашырды. Анан шамдагайлык менен бат-бат кыймылдап, тасмалды жыйыштырды да, идиш-аякты жууду. Суу ысытып, апасынын жоолук, көйнөк-көнчөгүн чайкап, аларды кургатканы кермеге жайды.
Анын артынан аңдыган Бакдөөлөт дубалга далдаланып, окуучусунун бүткүл кыймылына көз салып турду. Алмастын мектептеги жоругунан улам:”Жөндөн жөн минтип, ойлуу жүрбөс. Бир себеби бар. Жашоосу жайында бекен? Байкаштырайынчы”- деп кыялданган эле. Өспүрүмдүн түнт тартып, балдар менен ойноп-күлбөй, курбуларынан оолактаган жайын билүүнү чечкен. Ал терезеден көөнө, жарым кылым мурда курулган эки бөлмөлүү үйдүн ичин кайра шыкаалады. Мешке от калаган Алмас артка кылчаярда башын далдаага тарта койду.
Алмастын энеси ушул тапта, Орусияда жүргөн күйөөсүн эстеди. Ааламдын эсин оодарган “таажы” вирусу таркагандан бери түгөйү аякта да жумушсуз калганын билбейт. Үйүнө кайтаардын амалын таппаган жубайынан кат-кабар үзүлгөнүнө эки жыл болуп баратат. Пандемияга чейин анча-мынча тыйын тыпыр жөнөтчү. Эми анын да изи сууду. Доктурга көрүнгөнгө сары чакасы жок. Эне-бала карыз сураганды өөн көрөт. Кургак нан менен өзөк жалгап, карандай кара чай менен эптеп жашамай…
Үй-бүлө багуу, ошентип, бели ката элек он төрт жашар Алмастын мойнуна түшкөн. Бирок, ал башка түшкөн түйшүк тууралуу эч кимге ооз ачпайт. Мындайды чоң кишилер: “Башка түшсө, байтал жорго” деп коюшат. Алмас муну капарына жуутпайт. Ачыгы — кыйналганынан сыр алдырууну каалабайт. Бетине жүз аарчы тагынып, базарга барат. Дүкөнчү, базарчылардын майда-барат жумушуна жарайт. “Менин да арабам болгондо”- деп ойлонуп, жүк тарткан кирекечтерге көз артат. Ийменип жатып, алардын он –он беш кил жүк батаар кол арабасын араң сурайт. Жүк ташытаар адам издеген кишиге, же тамак-аш, кийим-кече, жашылча-жемиш жүктөгөн оор жүгү менен базардын бурчуна токтогон чакан автобустарга жалдырай тиктейт. Тартына берсе, колуна кокон тыйын илинбей, жүк да тийбей, мээнети талаага кетээрин акыры болжоду да, өзүнөн чоң, күчтүү жигиттер менен кишилердин арасына кирип, жүк талашканды үйрөндү. Кирекечтер адегенде бою узун болгону менен тал чыбыктай ичке, көмүрдөй кара чачы жылтыраган жылаңбаш өспүрүмгө кезек бербей коюшкан. Жүк талашкандар бир нече жолу түртө салышып, аны катардан да чыгарып салышкан.
Бир күнү базар оозунда жүк тартылды. Кирекечтер не кылаарын билишпей, өз ара кобурашып, жарым сааттай бош калышты. Тамекисин бурулдата үйлөп, арабасында дем алып олтурган киши кол шилтеди да:
—Эй таранчы! Базарда сага эмне жок? Тур… Андан көрө мектепке бар да, топ ойно. Сабагыңды оку! –деди Алмаска.
Экинчи бир кубакай жигит бала чагында дурустап билим албаганбы, кейигендей тигини коштоду:
—Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет. Бирок, убагында окуп ал, иним! Жумуш качпайт. Кийин бизге окшоп, темтейип көчөдө калба! Балдар иштебеши керек. Билим алып, илим үйрөнсөң, келечегиңе пайда.
Кийими кир дагы бир кирекеч мурутчан ал арабакечти жактырбай:
-Эй дос, антпе! Курсагы ток, кийими бүтүн адам базарда жүк тартпайт, же чайкоочулук кылбайт. Бу баланы да куураган турмуш быякка айдап келгендир – дей салды.
Муну уккан Алмастын жүнү тирилди да,жалдырай:
—Байке, андан көрө… Арабаңызды бир-эки саатка бере туруңузчу? Сүт-айранга ылайык пул таап алайын. Арабаңыздын акысын төлөймүн.
Ээк-жаагын сакал-мурут баскан кирекеч, бала менен арабалардын ортосуна тура калды да:
— Бербе, бербе! Өзүбүзгө иш жетпей атканда, ырыскыбыз бөлүнөт. Мэриядагылар “балдарды ишке жолотпогула!”- деп эскертишти го! Буга ата-энеси кам көрсүн… Бар, үйүңө кет!-деп итиреңдеп, Алмастан жумуш кызганды.
Аңгыча:
— Ме, меникин ала гой! – деди бош отурган, отуз-отуз беш жаштардагы мурутсуз, калпакчан кирекеч. Кол арабасын бала жакка жылдырды да: -Бизге түшкө дейре жакшы эле жумуш болду! — Анан Алмаска эскерткендей:- Бирок, көп жүк салба,ээ!? Белиң мертинип калбасын! Күчүңө жараша аз-аздан ташы…Жигиттер, кезекти бу балага берели! Буга кардар да издешели!
Темир арабаларына үйдөй жүктү үйүп, кардарлар менен кошул-ташыл базарга кирип бараткан кирекечтер буларга жалт карашты.
Аңгыча узун бойлуу, кара көз, кара каш, беткапчан сулуу аял киркечтердин маңдайына келди. Түрү жүк ташуучу издегендей. Арабакечтер аны курчоого алып, жарыша суроо жаадырышты:
—Кандай жүк бар?
— Мен ташыймын.
— Кезек меники…
— Кайда жеткирели?
— Мага бериңиз.
— Канча төлөйсүз? — деп жаалашып, а түгүл кызмат акыларын да кымбатка баалап ийишти.
Арабакечтер далдалап турган Алмас алардын арасынан дароо алдыга өттү. Көп жүк тартып, ууч толо акча табууну чоттоп аткан. Мугалимдин соболуна жооп берчү таризде колун көтөрүп:
—Эжеке, эжеке! Мен жеткирейин!.. Канча акча берсеңиз да, мен макул- дей салды.
Аялга көзү-башы жайнаган бала жагып калдыбы, ал Алмаска жылмая карады. ”Жүр эмесе, кеттик!”-деп, ага кол жаңсап, өз соңунан ээрчитти.
Ошентип, бу жолу Алмастын жолу ачылды, кардар бат эле табылды. Адегенде машиналар күрү-гүү каттаган жолдун аркы бөлүгүндөгү менчик ашканасына суусундук менен картошка, пияз, күрүч жеткиртмек болгон келиндин буйругун аткарды. Жүгүрүп жөнөгөнү менен кол арабадагы жүктүн оордугу кызыл түстүү жарыгы күйгөн жолчыракка жеткенде сезилди. Жашыл жарык күйүп, жол ачылгыча күтүүгө туура келди. Араба сүйрөгөн баланын эт-бетинен тер куюлду. Анын бир аз кыйналганын боолгогон аял:”Жүктү ченебей арткан окшойм”- деп ойлонуп, өспүрүмдү ичинен аяды. Аял алгоолошмок болуп, кошо сүйрөшкөнү арабанын кармагычына колун сунду. Алмас келиндин боор ооруганына арданып, анын колун ары түрттү.
-Коюңуз эжеке, мени аябаңыз… Бул эмес, жүз кил жүк ташыганга да күчүм жетет! – деди да, жүктү жеткирген соң, ”Өз акымды гана бериңиз!”- деп, баалашкан баадан ашыкча акча сунган келиндин артыкбаш пулун албай койду. Баланын ач көз эмес, башкалардай жулунбаган токпейилдигине бай аял да таң калды.
Өспүрүм андан кийин куту-куту таттууларды базар ичине ташыды. Өз мээнетин арзан баалагандыктан кардарлар анын акысын дароо кармата салышты. Базары шыр жүргөн бала тапкан олжосуна сүйүнүп, киренин ээсине арабанын кызмат акысын төлөп, ыракматын айтты. Үйүнө бир кыйла тамак-аш алып кайтты. Баса, ага дейре базар оозунда турган тилемчилерге да тыйын карматты. “Эмгек акымдан ооз тийишсин!”-деп, кирекечтерге таттууларынан таркатты. Анан гана апасы менен ини-карындашын сүйүндүргөнү үйүнө шашты.
Мунун баарын көчөдөгүлөр менен ары-бери жүрүмүш болуп, бирок, окуучусуна жакындабай, аны ыраактан аңдып келаткан Бакдөөлөт көрбөй койгон жок. Мектептен кайткандан кийин жаны тынбаган Алмастын жайын ошондо түшүндү. Баланын базардын кире беришинде турган тилемчилерге окшоп кайыр сурабай, кабыргасы ката элек болсо да, энесин караган мээнеткечтигине маңдайы жылыды. Бирок, кедери кеткен үйдөгү кемчил турмушуна, өп-чап жашоосуна кейиди. Мектептеги мугалимдерден жыйнаган акчаны оорукчан аялга сунаарда Алмас бөлмөгө кирип келди. Ал Бакдөөлөттүн жардам берип атканын түшүндү да, чымчыктай чырылдап, энесинин сунган колун артка тартты:
—Апа, албаңыз! Мен турам го!.. Мына акча, бүгүн иштеп тапканым – деди да, пулду энесинин чөнтөгүнө салды. – Сизге керек нерсенин баарын өзүм таап беремин.
Эжекеси осолдой түштү:
-Ай бала… Бул акча апаңдын дарысына. Доктурга көрүнгөнгө да кыйла мыдыр керек. Юрфа, рентген, системи текшерет, анализдерин көрөт. Алар өтө кымбат. А биз ичибиз оорубай, ак ниетибиз менен топтодук. Апаңдын арыктаганын карачы!…
Алмас Бакдөөлөттүн таарынычын болжоду. Аны жазуу үчүн жылмайды да:
— Мээримиңизге ыракмат, эжеке!. Бирок, кайыр алгыдай мен мунжу, же майып эмесмин. Апамды өзүм сакайтам, сабакты да бешке окуймун! –
— Койчу, садагасы! Бул садака эмес, карыз да эмес. Кошумча!
— Жок, жок! Коюңуз эжеке! Бизге бирөөнүн акчасынын кереги жок– деп, Алмас баш чайкады. Ага: “ Булар бизди жардамга көзү каткан бечара ойлошот окшойт,” – деген ой келди.
Бакдөөлөт:
— Алмас, ырыскыйды мындай адатты ташта… Токтоо, сабырдуу бол! Турган турпатың менен “жок” дегенден башкага көнбөс кеженейлик жарабайт!.. – деди тырчып.
Эне чалкасынан бир капталына оодарылды. Мугалимди жубаткысы келди:
— Силерге алкыш, сиңдим! Кабар алганыңа ыракмат. Ичиндирип-кийиндирип, бизге ушу козум ашык атып атат. Алмаска таарынба! Бу бала ушундай. Айтканынан кайтпайт. Түн бир оокумга дейре сабагын окуйт.
-Мээнеткечтигине береке! Чечкиндүү кыялы мага да жагат. Биздин деле жаман оюбуз жок. Эрдикти да Алмастай азаматтар, тири карак өспүрүмдөр жасайт — деди Бакдөөлөт, оюнда оорукчан аялга кантип кам көрүүнүн бөлөк жолун издеп.
Алмас түштөн бери наар таткан эмес. Базардан көтөрө келген баштыгындагы жашылча-жемиш, таттууларын тасмалга жайната төктү да:
-Эжеке, андан көрө… Келиңиз, жаңы бышкан мобу алма, анардан ооз тийиңиз. Алыңыз — деди сылык-сыпаа.
Энеси:
-Айланайын! Эжеке-агайларың сага экинчи ата-эне болот. Мугалимдер бардык балдарды “жакшы адам, билимдүү киши болсун” –деп тилешет. Эжекеңдин айтканын ук, уулум. Назарынан калба! –деди Алмаска. Ал апасынын тилин алып, баш ийкеди.
Бакдөөлөттүн ичи окуучусунун мээримине жибиди. Өспүрүмдү башынан сылап, кучагына кысты да:
-Ыракмат, балам !- деди.
Эр жүрөк адамдарды Алмаска салыштырды: ”Кибирейип туруп, ичине ээр-токумдуу аргымак баткан, пейли кенен садагам! Курут-майы жок, ач-жылаңач турса да, өзү жебей мейманына тиштем нанын кармата салган кыргызым! Ооруса да, кеселине даттанбай, “жакшымын” деп кыйналганын айтпаган… Жоктон бар кылып, абийир, ар-намыс, адамдыгын арамдыкка сатпаган, баталгада башы турса да, актыгынан жанбаган…Бар болсо, көппөгөн, жок болсо, чөкпөгөн асыл кыргызым ай!”-деп, сыймыктана түштү.
Эжеке да, бирок, көктүгүнөн жанбады. Көздөгөн оюнан кайтпады. Алмасты ийге көндүрүп, апасын ооруканага жаткыртты. Жайында эс алууга Ысык-Көлгө барбады. Окуучусунун оорукчан энесин өзүнө тийген жолдомо менен көл жээгиндеги курортто эс алдыртты. Өспүрүмдүн энеси кеселинен сакайып, ордунан туруп, кыйла ишке жарап калды. Бу кезде Алмас да сабагына бир да “төрт” аралатпай, чылгый “ бешке” окуп жаткан. Дайыны жок жүргөн атасы да чоң акча менен үйүнө кайтып, жубайынын да, балдарынын да маңдайын жылытты.