Нургазы Ахмедулин: КҮТҮҮСҮЗ САПАР
(фантастикалык аңгеме)
Адияр ыр жазчу. Жазган ырлары балдар гезитинде, журналдарда мезгил-мезгили менен жарыялана калчу. Ошондуктанбы, окуган эжей-агайлары, классташтары аны «жаш акын», дешип Адияр аты менен кошо айтыла турган. Бүгүн ал адаттагыдан тышкары бир ыр жазды. Ага түндө көргөн түшү себепкер болду. Түшүндө белгисиз галлактикада учуп жүрүптүр. Миллиарддаган ак шоолалар ал түшкөн космостук кемени курчап алыптыр. Айланасына сарасеп салса, адатта түндөсү көрүнчү жыбыраган жылдыздардын бири да жок. Каалгып учуп, иллюминаторго жакын келип, өзүнө тааныш планетаны издеди. Анысы өзү төрөлүп, чоңойгон Жер эле. Көрүнбөйт. Бүт дитин коюп, өзүн тыңшады. Коркуу сезими да билинбейт. Болгону жымжырттыкка толгон ай-ааламды жалгыз өзү жиреп барат. Кай тарапка, кайсы планетага баратат? Түшүнүксүз. Бир маалда анын сезиминде, туюмунда өзүнө бейтааныш элестер пайда болду. Кандайдыр белгисиз күч аны тээ алыстыкта туруп алып, акыл-эсин башкарып жаткансыды. Бет алдындагы узун-туурасы анчалык чоң эмес экрандан чоң атасы көрүндү. «Ал бул жакка кайдан келип калган? Түшүм го» – деди оюнда.
Ойгонуп кетсе, чын эле түшү экен. Жүрөгү лакылдап, кара терге түшүп калыптыр. Чоң атасы көптөн бери түшүнө кире элек болчу. Жашы токсондон арылаганда о дүйнө сапар алган. Быйыл жыл таяп барат. Айылдын ары кадырман, ары эл сыйлаган адамы ушул Адиярдын чоң атасы болчу. Жашы-карысы дебей алыстан эле учурашып, сый урматын көргөзүшчү. Карыса да өз жанына тың эле. Кайда барбасын жанына небересин ээрчитип ала турган. Адияр болсо, чоң атасынын жанында жүргөндө өзүн бир башкача сезип, мурду дердейе түшчү.
Азыр ошону эстеп көзүнө жаш келди. «Чоң ата, мен сизди сагындым». Көөдөнүндөгү үнсүз жаңырык сыртка чыга албай, тамагына кептелди. Чоң атасына арнап ыр жазгысы келди, бирок жаза албады. Буга чейин жазылган ырларынын көпчүлүгү ага арналган эле, арийне бу саам жүрөгүнүн түпкүрүнөн бир башка маанайдагы саптар өзүнөн-өзү агыла берди.
Барсыңбы, кай жактасың жылдыз адам?
Кезикким келип жүрөт менин сага.
Жашаган жан сыяктуу кылымдардан,
Жанымдан сезилгенсийт демиң мага…
Мына ушул маалда аалам койнун жиреп, адашкан чоочун галактикалык супер кеме келе жаткан. Экипажы болгону жалгыз адам. Күн системасынан тышкаркы жетинчи галактиканын чалгындоочусу эле. Ал аалам кезип, космографиялык илимий изилдөө жүргүзүп, жылдыздар картасын түзүп жүргөн. Бул боюнча өзүнүн акыл-эси, ой жүгүртүүсү, илим-билими жетиштүү эле. Бир эседен чоң атасы кайтыш болгону менен Адиярга өлбөгөндөй, алыскы бир жерде конокто жүргөндөй туюлчу. Кантсе да эрмеги ушул бакыраң көз небереси эмес беле. Эсине мобулар келиптир:
– Чоң ата, тоолордун да жаны барбы?
– Бар эмей..
– Чоң ата, а эмнеге алар сүйлөбөйт?
– Кудайым ошентип жараткан да.
– А Кудай деген ким?
– Кудай сени да жараткан.
– Кудай кайда?
– Көктө балам.
«Көктө». Ал ишенкиребей толкундай булуту жок көктү караган. Анан:
– А «көк» деген эмне? – деп сураган.
– Койчу балам, карыганда чоң атаңды көп кыйнабасаңчы…
Адияр мындан башка да өзүн кызыктырган бир топ суроолорду жаадырат беле, чоң атасынын соңку сөзүнөн кийин шүк болгон. Эмне үчүн түнкүсүн жылдыздар жерге түшпөй көктө илинип турушат? А күндүз алар кайда болушат? Баткан Күн жердин аркы тарабынан кантип кайра чыгыш тарабына өтөт болду экен? Булуттар кайдан пайда болушат? Эмне себептен? Ушуга окшогон бир топ суроолор чоң атасына берилбей калган. Ошонусу жакшы болуптур, кийин мектепке барганда жооп таап, окуп билип алган. Мектепте дагы мугалимдери Адиярды абдан зээндүү, абдан кыялкеч бала катары жакшы көрүшө турган….
Ошентип, ал кыялданып бара жатып… жолдон чоң атасын көрдү. Бети-башы, өңү-түсү, башындагы ак калпагы, чепкени, бутундагы кепич-маасысы баары баягыдай. «Чон атам биерге кайдан, качан келип калган?» – деп ойлоду Адияр. Бир эседен сүйүнсө, бир эседен чочулоо менен таң кала карады.
– Ассалоому алейкум,чоң ата!
– Алейкум салам, балам!
Алик алган чоң атасы эмнегедир жакындабай кыйгачтап өтө берди.
– Чоң ата, бул менмин – Адиярмын!
Чоң атасы анын кыйкырганын уктубу, уккан жокпу, кылчайып койбостон узай берди. «Эмне, чоң атам мени чын эле тааныбай калдыбы?» – деп ал түкшүмөлдөдү. Анан жонуна арта салынган китеп баштыгын бекем кармады да, аркасынан дикилдеп жөнөдү.
– Чоң ата, токтосоңуз! Токтоңузчу?!
Ызасы көөдөн тээп, көзүнө жаш айланды.
– Токтонузчу! Мени тааныбай калдыңызбы?
Чоң атасы ылдамдай басып, жол боюндагы боз үйгө кирип кетпегенде аркасынан кууп жетип, кучагына куламак.
Боз үйдү көрөрү менен ордуна тык токтоду. «Мындай боз үй бул жерде жок эмес беле? Кайдан пайда болду? Дегеле буга чейин да болгон эмес». Адияр чочулап кетти. «Чын эле адашып калдымбы?» Жок, мектепке күндө ушул жол менен барат. Кайра ушул жол менен келет үйүнө, бирок мындай боз үй тигилип турганын эгерим көргөн эмес. «Өңүмбү же түшүмбү» – деп бакырайган көзүн бат-бат ирмегилеп жиберди. Түшү болушу мүмкүн эмес, болгону чоң атасын ойлоп, эстеп келе жаткан… Адияр боз үйгө кирээрин же кирбесин билбей бир азга туруп калды.
– Кир, кирегой, уулум. Коркпой ичкери кире бер – деген үн угулду боз үйдүн ичинен. Бул чоң атасынын үнү болчу.Уккан соң тартынбай кирип барды. Боз үйдүн ичи Күн тийип тургандай жапжарык экен. Төрдө кудум эле чоң атасына окшогон абышка отурат ак сакалын жайкалтып. Жанагы чоң атам дегени ушу.
– Олтур уулум, олтур, – деди абышка мээримдүү.
Улага тараптагы көлдөлөңгө көчүк басаары менен чоң атасы кебетеленген абышка:
– Балам, бу эмне болуп кетти деп түшүнө албай эсиң ооп жатат окшойт. Эмесе, ирети менен бир баштан айтып берейин. Сен тыңшап, кунт коюп угуп тур. Балким, түшүнбөгөн сурооң болсо берерсиң. Чоң атаңа окшошуп турганым чын. Сени менен сүйлөшүү үчүн атайын ушинтип өзүң жакшы көргөн кишинин кебетесине айланып отурам. Мен башка галактикалыкмын. Сага жолугуп калганым капысынан. Жаңылыш сигналдын аркасында өз орбитамдан чыгып кеттим. Бирок, мен сени менен сүйлөшүп турганыма абдан кубанычтуумун. Мына бул биз отурган боз үй-мен учуп жүргөн жылдыз кеме.
– Жок, мен сизди чакырган эмесмин,-деди Адияр.
– Чакырбасаң, биз учуп келмек эмеспиз. Адашпайт дагы болчубуз.
– Болгону мен чоң атамы гана эстедим. Баша эч нерсе…
Адияр өзүн колго ала ишенимдүү жооп кайтарды.
– Жок сен чакырдың. Жакшылап эстечи.
Адияр биринчи ирет сабак билбей турган окуучудан бетер жоопсуз мелтейди. Чоочун галактикалык баланын абалына эрксиз жылмайды. Ошол замат ал:«Кайдасың, кай жактасың жылдыз адам? Жолуккум келип жүрөт менин сага…» – деп кудум Адиярдын үнү менен айтылган ырды укту. «Баса, – деди, ал эми гана уйкусунан ойгонгондой, бул менин жазган ырым эмеспи. Муну кайдан үйрөнүп алды?»
– Таңгалба, бул сенин чакырыгың. Ал эми капысынан болгон жолугушуубуз – анын ишке ашкан натыйжасы. Биз жетинчи галактиканын жашоочулары башка бирөөнүн мээсиндеги импульстарды ошо көз ирмемде окуганга алда качан үйрөнгөнбүз. Бет маңдайында олтурган абышка чын эле бөтөн жерлик экенин, жанатан берки көрүнүш түш эмес эле чындык экенин бүткүл акыл-эси, ой-дити менен туюп турду.
– Биз, – деди абышка сөзүн улап, – оболу убакыт менен мезгилден озгонду үйрөндүк. Кемебизди ой менен каалагандай башкарып жүрө алабыз. Кааласак бир-эки кылым алдыга өтүп кете алабыз. Ошол эле учурда сан жылдарды астыга сүрүп, тээ өткөн кылымдарга да саякаттап келүүгө кудуретибиз жетет.Бөтөн жерлик адам сүйлөп жатканда кудум чоң атасы жанында жомок айтып отургандай сагынычы жазыла түштү. Мектепке бара жатканын эстен чыгарды.
– Биздин галактиканы барып көрүп кел.
«Бах!» Өңүмбү же түшүмбү – деди Адияр кыялданып, – эң сонун болбойт беле!» Бөтөн жерлик менен чоочун галактиканы көздөй учуп бара жатканын саамга элестей түштү. Ошол замат өзүн жеңил сезип, боз үй менен кошо каяккадыр жылып бара жатканын туйду. Кулагына жылаажын үнүндөй шоокумдар жаңырып, аны менен кошо Күндүн шоолаларына окшогон жарыктар, жумулган көзүн аргасыз ачтырып жиберди.
Мына кызык! Чын эле көк асманды карай тездик менен учуп бара жатыптыр. Баамдаса жанындагы чоочун галактикалык көрүнбөйт. Кеме ой менен башкарылат дебеди беле. А өзү кайда?
– Мен мында жаныңда элемин-деди, үн.
– Коркпо. Болгону сенин каалооңду гана аткарып жатам.
– Биз кайда учуп бара жатабыз?
– Менин мекениме.
– Ал кайда?
– Айтпадымбы, жетинчи галактикада деп.
Адияр уяла түштү. Ошентсе да жылдыз кеменин ичине бир саам көз жүгүрткөнгө үлгүрдү. Кеменин ичи ар кандай схемаларга, ар кандай түстөгү кнопкаларга толтура экен.
– Мен, сен жөнүндө абдан жакшы билем. Жерде сени менен сүйлөшүп олтуруп буга чейинки өмүр жолуңду көздөрүң, кыймыл аракетиң, мээңдеги иштеп жаткан импульстар аркылуу бүт билип алдым. Сен Адияр, көп кыялданат экенсиң. Кыялданган абдан жакшы. Кыялданып гана тим болбостон, аны иш жүзүнө ашыра билиш керек. Мен билгенден ар бир галактиканын жашоочуларын ой менен кыял тыным албай бийлеп турат. Бирок, мезгилге жараша ар ким өз алдынча өздөштүргөн. Мен сага түшүнүктүү болсун үчүн өзүңдүн дилиңдегидей айтып жатам… Кыясы, суроо берейин дедиң окшойт.– Кудай барбы? Болсо кайда?
Ушундай суроо тууларын билип турган бөтөн жерлик баланы тээ эс тарткандан бери ушул ой кыйнап келе жатканын, бир кезекте чоң атасына да ушундай суроо салганын туйду.
– Бул боюнча чоң атаң кеп салып бербеди беле?
— Демек, Кудай чын эле көктө экен да.
– Кандай десем… Ал саамга буйдала түшкөнсүдү.
– Бир аз сабыр эте турчу.
-Мен сага бул туурасында шашпай чечмелеп берейин. Билсең, башка галактиканын жашоочулары биз да бир кезекте кудум сен ойлогондой ой жоручубуз. Кантип түбөлүк жашоого болот дечүбүз. Ошентип миллиондогон жылдар өттү. Акыл-эс өстү. Жылдыздар аралык учууларды ишке ашырдык. Ай-ааламды түрө кыдырдык. Кудай деген ишенимибизге жооп анан өзүнөн-өзү табылды. Мына силер адамзаты Кудайды көктө дейсиңер. Көктө биз барбыз, силер барсыңар он сегиз миң аалам бар. Чексиздиктер чексиз галактикаларга айланган. Мен билгенден азырынча ааламда жети гана галактика бар. Жетинчиси мына силер жашаган галактика. А бизде аны галактика эмес, Жер планетасы дейт. Эмесе, мындай Кудай, Галактика, Жер, Планета, Жылдыз, Күн, Кеме… айтор бүт баары жекече түшүнүк. Бүт баарын өзүбүз ойлоп чыгарганбыз. Кээде ошолорду төгүнгө чыгарган учур да келет. Мунун өзү баш аягы түгөнгүс ой-жоруу. Эмне үчүн мындай? Адам менен аалам бир болсо, анда ага дагы эмне түшүнүксүз? Неге өзүн кыйнап жашоосуна жолтоо болот? Эркин күч катары эч кимге эч нерсеге баш ийбей жашай бербейби. Көрдүңбү, ушинтип жашоонун суроолору өзүнөн-өзү түгөнгүс болуп жарала берет. А жандырмагычы? Ал деле өзүбүздө: менде, сенде, аң-сезимибизде. Азыр дүйнөнү, ааламды толук таанып, анын чындыгына чындап ээ болчу кез келди. Ошон үчүн кудайына жан-дили менен ишенгиси келген сен сыяктуу аалам жашоочуларына эч качан тоскоол болбош керек. Мына силер үчүн асманда Кудай бар, зор ишеним бар. Албетте бүт баарыңар буга көнө бербейсиңер. Ошондуктан уруш-талаш. Кудайга ишенимиңерди жоготкон үчүн жер бетинде тынчтык жок. Бир капталында тынчтык болсо, экинчи капталыңарда согуш жүрүп турат. Карама-каршылык көп. Бул эч качан акыл-эстин өсүп-өнүгүүсүнө алып келбейт. Өнүккөн күндө да кайра өзүңөрдү өзүңөр жокко чыгарып, төгүндөп турасыңар. Ошондуктан, баарыңар биригүү үчүн силерге илим-билим дагы, Кудайга болгон ишеним дагы аздык кылат. Жакшы эле кунт коюп угуп жаткан Адиярдын башы ката түштү.
– Дале болсо түшүнбөй турам. Деги «Кудай» деген барбы жокпу? Болсо кана?
– Жогоруда айтпадымбы, «Кудай» деген бул түшүнүк деп. Бул түшүнүк силер үчүн абдан зарыл.Адияр түшүндүм дегендей башын ийкеди. А чынында баш ийкебей эле уйкуга көшүлүп бараткан.Ушул түнү ал бөтөн жерлик адамдын башкаруусу менен жылдыз кемеде өз галактикасын көздөй сызып баратты.