АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВГО «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СЫЙМЫГЫ» АРДАК НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
Кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановго «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамы ыйгарылды.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө» жарлыгында айтылат.
Жарлыкка ылайык, Анатай Өмүрканов бул жогорку ардак наамга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнө байланыштуу татыктуу эмгеги үчүн ээ болду.
Анатай Өмүрканов — кыргыз поэзиясында өзүнүн өзгөчө үнүн калыптандырган таланттуу акын. Анын «Мөлтүр сезим», «Чабалекей», «Алтын өзөн», «Бар бол», «Жашыл арал», «Жанкисе», «Күндөгү так», «Асмансыз жылдар» сыяктуу поэзиялык жыйнактары окурмандарга кеңири белгилүү. Ал жыйырмага жакын поэтикалык китептин автору, ошондой эле көптөгөн поэтикалык котормолорду жараткан.
Адабиятка жана коомдук-маданий турмушка көп жылдык эмгегин арнаган акын буга чейин да мамлекеттик жана адабий сыйлыктарга татыган. 2016-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. (super.kg)
«Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамы — өлкөнүн руханий жана маданий өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон инсандарга берилүүчү жогорку мамлекеттик баалардын бири.
Анатай Өмүркановду бул жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!