Кыргыз поэзиясы Кытай тилине которулду

Кыргыз адабиятынын дүйнөлүк маданий мейкиндикке чыгышындагы маанилүү кадамдардын бири жасалды. Кыргыз акындарынын тандалган ырлары кытай тилине которулуп, Кытайда эки томдук антология болуп жарык көрдү.

Бул — кыргыз поэзиясынын Кытай окурмандарына кеңири таанытылышына жол ачкан маанилүү адабий-маданий окуя. Анткени поэзия — улуттун жан дүйнөсүн, тарыхын, дүйнө таанымын, адамга жана табиятка болгон мамилесин таанытуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири.

Ырларды Кытай тилине которгон Адыл Жума.