АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ «КЫРГЫЗ БИЛИМИНЕ 100 ЖЫЛ» ЮБИЛЕЙЛИК МЕДАЛЫНА ТАТЫДЫ

2026-жылдын 23-июлунда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева белгилүү жазуучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовду кабыл алып, анын 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Салтанаттуу жолугушууда агартуу тармагын өнүктүрүүгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн ага «Кыргыз билимине 100 жыл» юбилейлик медалы тапшырылды.

Министр өз сөзүндө Абдыкерим Муратовдун билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгегин өзгөчө белгилеп, жаш муундарды тарбиялоого, улуттук билим берүү системасын өркүндөтүүгө жана педагогикалык илимдин өнүгүшүнө кошкон салымы жогору бааланарын айтты. Ошондой эле көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, чыгармачылык жана илимий ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Абдыкерим Муратов кыргыз адабияты менен билим берүү тармагында терең из калтырган инсандардын бири. Ал кыргыз адабияты боюнча окуу программаларын, окуу китептерин жана илимий-методикалык эмгектерди даярдоого чоң салым кошкон. Анын эмгектери бүгүнкү күндө да билим берүү мекемелеринде кеңири пайдаланылып, педагогикалык тажрыйбасы улуттук билим берүү системасынын өнүгүшүнө кызмат кылып келет.