Акбаров Атантай

Акын Атантай 1960-жылы 27-майда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда туулган. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, Евразия жазуучулар союзунун жана Түркия жазуучулар союзунун мүчөсү. Ондогон Эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

1979–1983-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган. 1983–1999-жылдары Республикалык газета-журналдарда иштеген.

2000–2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында редактор, 2001–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратында консультант, улук консультант, эксперт болуп эмгектенген. “Мамлекеттик кызматтын отличниги”.

Акын Атантай Акбаров тунгуч “Аргымак” ырлар жыйнагы менен эле таланттуу, новатор акын катары таанылган.

“Кудайдын ыры” аттуу жыйнагы кыргыз поэзиясында неопостреализм агымына негиз салган.

Таланттуу акындын чыгармалары поэзиянын жаңы чектерин белгилеген.

Сыйлыктары:

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы;

Молдо Нияз атындагы адабий республикалык сыйлык;

Казакстандын Кадыр Мырзали атындагы сыйлыгы,

Түркия Жазуучулар Бирлигинин Баки (Махмуд Абдулбаки) атындагы сыйлыгы;

ТүркСОЙдун алтын медалы;

Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалы (Женева);

А,Акбаровдун прозаларына Россия Федерациясынын А.Чехов атындагы сыйлыгы ыйгарылган.;

“Энерлер – Жердеги периштелер” аттуу китеби Түркия Республикасынын Анкара шаарында түрк тилинде басылып чыгып, түрк дүйнөсүндө резонанс жараткан.

2025– жылы Акындардын эл аралык Пен Клубуну (Австраллия, Сидней) тарабынан “Жылдын мыкты акыны” сыйлыгын алган.

2025-жылы акындын “Кудай жана махабат” ырлар поэмалар жыйнагы Лондондон басылып чыгып, англис адабиятчыларынын жогорку баасына арзыган.

Атантай Акбаров “Бүткүл дүйнөлүк адабият жана искусство академиясы” коомунун төрагасы.