“Сармерден” ресторанында Жыргалбек Касаболоттун адабий кечеси өттү. Акыркы бир нече жылдан бери Түркияда жашап аткан акын менен жүз көрүшүүгө баарыбыз куштар болчубуз. Кечени КР Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын жетекчиси, коомдук ишмер Дүйшөмамбет Орозалиев менен биргеликте уюштурган. Акындын өзүнөн тышкары анын устаты жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиев агай, акындар Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Бурулкан Сарыгулова, Кубат Оторбаев, адабиятчы, журналист Жолдош Турдубаев, журналист Назира Саалиева, Нурбек Маамытбаев, “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акындары катышты.
Кече кечедей өттү, анткени ыр окулду. Жыргалбектин өзүнүн да, балапан акындардын дагы окуусунда. Ыр жөнүндө сөз болду. Бүгүнкү кеченин шылтоосу менен Чоюн агайдын жатка, көркөм окуусунда Назым Хикметтин “Мажүрүм талын” дагы уктук.
Назым Хикметтин ыры эмне себептен окулду? Чоюн агай Жыргалбектин ырларындагы артыкчылык – замандын зарын айтканында экендигин, дүйнөдө мындай, жазганы менен жашоосу шайкеш келген, айтканы менен кылганы бири-бирине жооп берген, “башын канжыгага байлап” доордун, замандын, коомдун акыбалына күйүп ыр жазган акындар саналуу болгондугун айтып келип, Назым Хикметти мисалга тартканынан улам болду. Жыргалбек атуулдук ырларында коомго жол көрсөтүп, а бирок бул нерсе али көңүлгө алынбай келаткандыгын белгиледи.
Жыргалбек Касаболот – өлкө эгемендикти алган мезгилде адабиятка келген акындардын бири. Учурунда Кубат Оторбаев, Атахан Кожогулов, Жыпар Арыкова төртөө Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушуп, адабияттагы кадамдары жакшы башталган. Бирок ортодо ар бири журналисттик, коомдук иштерге алагды болушту. Бул жагынан биз сөз кылып аткан акын сапырылтып көп ыр жазган жок. “Аз, бирок саз” жазды. Болгону 2008-жылы “Самурай кылыч – жүрөгүм” аттуу аталышы көп нерсени кабарлаган бир гана китебин чыгарды. Чыгарганда дагы алгач апасы, улуттук көркөм өнөргө өзгөчө салым кошкон кыргыздын сыймыктуу кызы, акын Шакен Мамбетаипованын “Мен көлүмө жүз келем” аттуу мыкты поэтикалык жыйнагын чыгарып, уулдук парзын аткарып, анан өзүнүкүн чыгарды. Китеби колдон колго өтүп окулду, көңүлдөргө жат болду.
Бүгүнкү күндө Жыргалбек Касаболот эмне ыр, эмне публицистикалык макала жазса дагы, окурманын толук ынандырат. Муну социалдык тармактардагы элдин реакциясынан көрүп атабыз.
Устаты айткандай, анын жазганы чоң мамлекеттик сыйлыктарга татыйт. Бирок андай сыйлыктарды толук жоюп салуу керектигин, ага кандай гана сыйлык-наам берилбесин, баш тартаарын жарыялап ийген учуру бар (“Сыйлык башка, сый башка (жаңыланды) («Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн). ФБ, 28-август, 2021-жыл).
Жыргалбек, өзүңө узун өмүр, аманчылык, чыгармачылык ийгилик каалайм. Ырларыңдын жалыны да, жарыгы да башкача экендигин бүгүн көп сөз кылдык. Ырларыңды сүйүп окуган жаш акындарга буларың өрнөк болсун!! Акындардан Калчоро Көкүлов менен Шабдан досуңду бааларыңды билчү элем. Шакирттериңдин ичинен ошондой акындар чыксын!! Ырларың окулуп да, оболой да берсин (Сыймык Бейшекеев обон жазган “Теңирге” деген ырыңды жыргап уктук). Поэзияңдын өзөгүндө улуттук дух бар!! Аның кыргыздын ар бир жаранын ойготсун!! Ырларыңдагы тереңдик эгемендик мезгилдеги поэзиянын деңгээлин көтөрүп турат. Муну Кудай кыргыз адабиятына кут кылсын!! Эң негизгиси, дагы да аманчылык!!
Аида Эгембердиева: филология илимдеринин доктору, акын, котормочу