Толкун Ади уулу: Жарым эс

Жарым эс

Асман күмбөзүнүн бир капталы бузулуп карарып, тигил алыстагы бийик тоолордун башына шатыратып жамгыр төгүп жатты. Ал эми береки түздө болсо асман көгөрүп ачылып, күн жаркырап тийип турду.

А ушул эле асманы ачылып турган кең саздын жээгиндеги сайдын шар суусунда бир жаш келин сууга чөмүлүп жатты, анын суу болуп кеткен жука ак көйнөгү терисине бек чапташып, жаш келиндин толукшуп, чытырап турган аппак денеси кудум суудагы күмүш балыктай жылтылдап адамдын көзүн уялтып турду.

Бир убакытта келинчек бет маңдайындагы өзүнө ырсайып карап турган эркек кишини көрө коюп катуу чочуп кетти да, кайра болбой эле тез калыбына келди. Алиги киши күндүн ысыгына карабай башына эскирген тери тебетей кийип алган болуп, үстүндөгү эскирип кеткен тонун белинен бекем бууп алган. Бирде келинге карап ырсайып, бирде бутунун учу менен жерди чукулап, анан эмнедир бир нерседен уялып жаткансып, келиндин жылаңач дегидей денесине тигилип карай албай, чылпактаган көздөрүнөн кандайдыр бир сыйкырлуу шоола чачыратып, суунун четиндеги саздын кырында тартынчактап турат болучу.

Келинчек эми кыткылыктап күлө баштады, ал эми чочулап олтурбай кана алиги кишинин алдына ансайын жакындап келди:

—Төлөкбай ага бери келчи, сууга түшчү, сени дагы жууп коеюн.

Жээктеги киши сууга түшүүдөн коркуп, артына бир аз кетенчиктеди, ал дагы эле келинге ырсайып карап турду.

—Бечара жарым эс десе, өмүрүңдө жылаңач аял заттын денесин көрө элек чыгарсың, бери келчи мен сага көрсөтүп коёюн… жаш келин токтоно албай күлүп жатты.

Суунун четиндеги кең саздын төрүндө төмөнкү айылдан бир күндүк “кезүү” үчүн айдалып чыккан уйлар күш-быш этип жуушап жаткан. Бул уйларды бүгүн кезеги келип, ушул келинчек кайтарып чыккан, Төлөкбай Жарым эсти жаш келин өзүнө жардамчы кылып ээрчитип алган болчу. Ала бөйрөк кара өгүз суусады белем акырын уйлардын ичинен бөлүнүп чыгып, эринчээктик менен керилип, суунун боюна жетип келди да, Төлөкбай жарым эс менен катарлашып туруп калды. Сууга чөмүлүп жаткан келин бирде өгүзгө, бирде Төлөкбай Жарым эске карап ансайын каткырып күлө баштады:

—Төлөкбай ага, тиги өгүзгө карачы, ал айбан болсо да тешилип карап жатат, сен адамсың го, деги… сууга түшчү эми. Жаш келин күлүп жыргап жатты. Анын назарында тигил адам менен айбандын эч кандай айырмасы жоктой болуп турду. “Өмүрүндө аял заты менен бир жаздыкка баш койбогон эркекте кантип сезим болсун?” Келин ушул бир сөзгө чын бүтүп калган болчу.

Чындыгында Төлөкбай Жарым эс быйыл кырктын кырынан ашкан болсо дагы аял заты менен бир төшөктө жатып көргөн эмес. Жарым эсти ким жаратсын? Анын беттери туурулуп карарып, тиштери саргарып, көздөрү чылпактап, кышы-жаз дебей башынан тери тебетейин, үстүнөн эски тонун түшүрбөй жүрсө, ким эле жумушка буйруса чоң-кичи дебей айбандай башын ийсе, анан жумушун бүтүрүп алып аш бербей айдап жүрө берсе деле “макул” деп ырсайып кете берсе, колунан жакшылыктан башка эч нерсе келбесе… анан Жарым эсти кимдер адам катарында көрмөк. Туура, качандыр бир кезде Жарым эстин жаштыгы удургуп турган кыраан чагында, ата-энеси карыздан кутулуу үчүн Төлөкбайга катын алып бермек болушкан. Төлөкбайга катын алып берүү дагы оңойго токтогон эмес. Айылдан- айылга, журттан- журтка кыдырып, көргөн- билгендерден сураштырып олтуруп, араңдан- зорго бир кызды табышкан. Ушул кыздын өлбөй чоңойуп калганына миң шүгүр. Серт болсо эмне болуптур. “Жарым эс болсо дагы Төлөкбайдан тукум кала турган болду”-дешип, бул айылдагылардын баары кубанышып, ак батасын беришкен. Ким ойлогон, Төлөкбөй Жарым эс кызды көчүрүп келген күнү эле уруп- тилдеп жанына жолотпой койбодубу. Кийин көнүшүп калар дешкен аксакалдар. Бирок, Төлөкбай катынын токмоктоп күн көрсөтө койбогондуктан, “жакшылык жарашпаган Жарым эс катынын өлтүрүп койбосун” дешип, келинди кайра төркүнүнө тапшырып беришкен. Ошондон эл арасында “Жарым эс адамдын кантип сезими болсун”, “өгүздүн инекке секиргенин ким көргөн” дегенге окшош айың сөздөр кеңири жайылып жүрдү.

Анан дагы кызык, Төлөкбөй Жарым эс менен теңтуш болуп алган кыз- жигиттер аны мазакташып: “Төлөкбайдын жактырган кызы бар, ата-энеси аны билишпей кайдагы серт кызды алып бермекчи болушат, ой, Төлөкбөй айтчы, деги сен кимди жактырасың, кимди аласың ыя?”-дешип күлүшөт. Анда Төлөкбай мулуң-мулуң этип, көзүн бир точкеге кадай албай башын кылжыңдатып “бар” дейт жерди карап. “Ким бар?”- деп жабыла сурашат жаштар, Гүкөшчү деп кыт-кыт күлөт Жарым эс. Анан кыз жигиттер “дуу” этип күлүп калышат. Ал Гүкөш дегени бул айылдагы абройлуу бай кишинин эрке өскөн мончоктой болгон сулуу кызы. Дагычы? – деп сурашат жаштар өздөрүн күлкүдөн араң токтотушуп. Дагы бар дейт жарым эс, Ал ким?- дешет жаштар дагы бир кызыкты күтүп, Бурмашчы- дейт, Жарым эс чапак баскан көздөрүн күлүңдөтүп. Анда кыз- жигиттер ансайын боору эзиле күлүшөт. Ал Бурмаш дегени бул айылдын айыл башчысы болгон кишинин сөөлөттүү аялы болчу. Жаштардын күлкүсүнө ыза болгон Жарым эс жүгүргөн бойдон кетип калат кулжуңдап, анан башкалар күлө беришет. Эч ким эч нерсени түшүнбөйт…

Тигил алыстагы бийик тоолордун башында чагылган чартылдап, күндүн күркүрөгөн үнү угулуп турду, бир боору жерге салаңдаган калың булуттар сүрдүгүп бүт ааламды каптап келатты.

Сайдын көк кашка суусунда чөмүлүп жаткан жаш келин Төлөкбай Жарым эсти ардантып да сууга түшүрө албагандан кийин, өзгөрүп келаткан аба ырайын көрүп, акырын суудан суурулуп чыкты. Мөңгү сууга киринип чыккан келиндин жүрөгү жашарып, көңүлү тазарып- сергип, кандайдыр бүт денеси ымыр-чымыр этип жаны жыргап турду. Ал саздын үстүнө чыккандан кийин суу болуп кеткен көйнөгүн сыкмакчы болду, так ошол кезде жаш келиндин жүрөгүн шайтан уялап, баятан бери Төлөкбай Жарым эске мындайча кана асылып койгон болсо, мына эми аны өзүнө чындап мажбур этмекчи болуп калды, “Кантип эле сезими болбосун?,”- деп ойлоду ичинде…

—Төлөкбай ага, көйнөгүмдү сыгышып койчу- деди, ал бир нерседен кыжаалат болгонсуп ары жак- бери жагына карап.

Дагы эле келинге ырсайып карап турган Жарым эс жымың-жымың этип элеңдеп тартынчыктап келиндин жанына келди. Эч нерседен тартынып олтурбай эле көйнөгүн шымалап салды бир демдин ичинде. Мына эми баятан бери Жарым эске күңүрт көрүнүп турган жаш келиндин толукшуп турган денеси кудум көбүнкү айнекте чоңойткондой көрүнүп кетти анын көзүнө. Жарым эстин жан дүйнөсү ажайып бир түрдүү элжиреди.

—Келчи! — деди келин дагы сабырсызданып.

Алыстагы тоонун баштарына куюп жаткан жазгы жамгыр бир демде төмөнкү түзгө карай сабап келатты, жамгырдын суусунан ташкындаган селдин башаты келип калды белем кең саздын жээгиндеги сайдын көк кашка суусу дагы чаңдашып калды.

Жаш келин дагы бир жолу сууга чөмүлө баштады, бул ирет ал абалкыдай сайдын тунук суусуна эмес өңү бузулуп, бозоргон чаң сууга киринип жатты. Бирок, келинчек аны сезген жок, анын да көңүлү ушул сайдын чаң суусуна окшош киргилдешип, көңүлүндө эмнегедир бир нерсе түшүнүксүз болуп турду.

Төлөкбөй Жарым эс кандайдыр бир сонун нерсе таап алгансып, эңсеген арманына жеткенсип токтоно албай, салкын тартканда жайытта жайылып жүргөн уйларды тоскон болуп, ары-беры жаш баладай жүгүрүп жүрөт.

Келинчек суудан суурулуп чыкты (бул ирет ал көйнөгүн сыгышууга Жарым эсти чакырган жок). Сайдын суусунун агыны күчөп, бузулуп келатты. Күн эчак эле көшүлгөн булуттардын арасына жашырынган, жакын эле бир жерден чагылган дагы бир жолу жарк-журк этип, күн катуу күркүрөдү. Жаш келин сайдын сели күчөп кете электе уйларын айдап өтүп кетпесе, камалып каларын билип Төлөкбай Жарым эс менен бирдикте уйлардын баш аягын жыйнашты. Алар эми уйларды чогултуп, айдап келип сайдын аркы өйүзүнө өткөзмөкчү болушту.

Тилсиз жоо заматта күчөп сайга батпай калды. Сайдын суусу ташкындап өркөчтөп турду. Тоюнган уйлар күш- пыш этип алчайып бир- экиден болуп селден өтө баштады, уйлардын эң соңунда жаш келин менен Жарым эс агындан өтүп келатты. Келинчектин башы кайып, эми эле сууга толгонуп кетчүдөй болуп, алдындагы ала бөйрөк кара өгүздүн куйругун бекем кармап алып келатты, ал Жарым эс болсо эч нерседен камырабай уйларды уруп- согуп селден өткөзүп жүрөт.

—Төлөкбай ага, мени кармап ал! — деди, бир убакытта башы айланып такаты калбаган жаш келин.

Жарым эстин кулагы келиндин үнүн укканда шаңк этип ачылып, жүгүрүп келип аны бир тал кызыл гүлдү жерден илип алгансып кучагына көтөрүп алды. Келиндин сууну караган сайын башы тегеренет, тим эле ээнбаш суу жиндиленип булкунат. Ал Жарым эс болсо эч нерсени байкабай, көзүнөн күлкүсүн төгүлтүп, кудум көктө сызып кетип бараткандай жүгөнсүз селди назарына илбейт, анын денесин кандайдыр бир күч кубат бийлеп тургансыйт.

Жаш келиндин эки өрүм узун чачы төмөнгө салаңдап, чаң сууга малынып турду. Анын башындагы кызыл жоолугу сыйрылып сууга түшө береринде келинчек шамдагайлык кылып шап этип кармап калды, дал ошол кезде жаш келиндин көңүлүндө бир ой кылт эте түштү. Ал өзүн кучагында алып кетип бараткан Жарым эстин канчалык кудурети барлыгын билип бакмакчы болду. Бирок, ошол “кылт” эткен кылыгына кыйын бушайман жээрин анда келинчек билбеди.

—Төлөкбай ага, жоолугум түшүп кетти, жоолугум агып кетти,- деп чыңырды Жарым эстин кучагындагы келин. Ошондо бүткөн бою толкундап кетип бараткан Жарым эс жалт этип артына карады эле, өркөчтөнгөн селдин үстүндө кызыл гүлдөй жайнаган кыпкызыл жоолуктун агып баратканын элес- булас көрүп калды. Төлөкбай шарт- шурт эле келинди жээкке алып чыкты да, кайра тартып агыны күчтүү сууга өзүн таштады.

Чагылган эми как төбөдөн эле жаркылдап турду. Жазгы жамгыр эми кең саздын үстүнө шатыратып төгүлө баштады, сайдын сели ансайын улгайып, ташкындап кутуруп баратты.

Жаш келин бая өзү тамашалап айтып койгон сөзүнө эми өкүнүп, катуу толгонуп кетти.

—Төлөкбай ага, калп айтып койдум, жоолугум колумда- деп чыңырды ал кызыл жоолугун булгалап. А бирок, Жарым эс эчтеңкени уккан жок, Жарым эстин кызыл жоолугу сууда агып баратты, ал бир мүдүрүлүп, бир туруп, кызыл жоолуктун артынан кубалап баратты.

Табияттын тилсиз жоосу ансайын кутуруп, көбүктөнүп, кирген буурадай жулунуп, бүт ааламды көңтөрүп кетчүдөй болуп, алган олжосун эч кимге тарткызып ийгиси келбегенсип, Жарым эстин кызыл жоолугун алып- учуп кетип баратты. Күн күркүрөп, чагылган жарк-журк этет, кара булуттар как ортосунан жарылып, эбегейсиз чоң тиштерин көрсөтүп ырсалаңдагансыйт.

—Төлөкбай ага, кайтып чык… деп чыңырды жүгүрүп кетип бараткан жаш келин кызыл жоолугун булгалап.

Келинчектин кыйкырганын Жарым эс кайдан уксун, ал бир жыгылып, бир туруп, тилсиз жоо менен өжөрлөшө алышып, өзүнүн кызыл жоолугуна жете албай баратты. Жарым эс сел сууга бир чөгөт да быр чыгат, бир жыгылат да бир турат, Жарым эстин жоолугу суунун үстүндө сызып кетип барат, ал Жарым эске бир өмүр жеткизбеген, эми да жеткизбей баратат… Жарым эс кызыл жоолукка жүгүрүп жете албастыгын билген белем, мына эми ал дагы суунун үстүндө каалгып, кайыктай сызып кетип баратты.

Ааламды караңгылык каптап, күн күркүрөп, жамгыр шатырап төгүп турду, ажыдаардын жалын чачып турган кыпкызыл тилиндей соймоңдогон чагылгандын күчтүү нурунда кызыл жоолугун булгалап, сууну этектеп жүгүрүп бараткан жаш келиндин элеси, аны карап турган жаратылыштын эбегейсиз зор карегинде эң акыркы жолу сүрөт болуп тартылып калды.

Кыргыз маданият борборунан алынды