Проза

Элнура Кудайбердиева, ТАШ ОЧОК:

 

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун 70 жылдык мааракесине карата уюштурулган республикалык аңгемелер сынагында 2-орунду алган

Аңгеме

Жаңы конуш. Биз бул ээн талаа болгон конушка алгачкылардан болуп там салып, тагдырын ушул жерге байлагандардан элек. Бул жердин жарымы тамеки, жүгөрү айдалган эгин талаасы болсо, адырга жакын тарабы элдин малы жайылган жайыт болчу. Шамал батыштан да, чыгыштан да тоскоолдуксуз согуп, талаанын үстүнөн ышкырып өтчү. Ошол кең талаанын ортосунда биздин жалгыз үй заңкайып, алыстан көрүнүп турчу. Атам колунан көп иш келген уста адам эле. Тамды да апам экөөлөп өзү эле салган. Алар үйдүн ар бир кышын, ар бир тактасын өздөрү тизип, тамды бекем курушкан. Ал жерде соксойгон бир жалгыз там эле болгон үчүн айыл деп айта албайсың. Бирок дүйнөнүн кеңдигин мен дал ушул жерден көрдүм. Анткени талааны курчап турган беш айыл, дөңсөөлөр, адырлар анан чыгышынан Алтын казык тоосу башталып, батышынан Кыргыз-Ата тоосу созулуп жатат. Бул тоодон табияттын чексиздиги алаканга салгандай көрүнүп турар эле. Таң заардан күндүн “бул мен ээлик кылган жер” дегенсип, тоо башынан нурун тегиз чачып чыга келгени, күүгүм кирер маалында жабылып жаткан алтын сандыктай жай батып баратканы, анан түнкүсүн төмөндөгү беш айылдын үйлөрүнөн көрүнүп турган үлбүлдөгөн жарыктар, кудум асмандагы жылдыздар жерге төшөлгөнсүп укмуштуудай кооздукту көрсөтчү.
Биз жаңы көчүп келген учур күз айларынын аягы эле. Шамал жалбырактарды учуруп, жамгыр тез-тез жаап, суук эрте түшкөндүктөн короого очок куруу анчейин зарыл болгон эмес. Кийин жаз алдында үйдү салып жатканда ашып калган кырлуу чоң үч ташты коюп таш очок курдук. Ал таштардын беттери жылмакай эмес, саргылт-ак  түстүү, кырлуу, табият өзү  чегип бергендей биздин очокко ыңгайлуу таштар эле. Атам уста катары кемчилдикти сүйбөсө да, очоктун мындай жупунулугунан  турмуштун кандайдыр бир чындыгын көрөт бейм. Башында  убактылуудай сезилген ал таш очок,  төрт мезгил төрттөн алмашса да бузулган жок. Үстү ачык болгондуктан, асман түз эле үстүнөн карап тургандай сезилчү. Күндүн шооласы да, айдын жарыгы да, жамгырдын тамчысы да ошол жерге түз түшчү. Негедир ыңгайлуу кылып үстүн да тосподук, жака-белин ылай менен болсо да шыбап койбодук. Шамалдуу бороондо, челектеп жааган жамгырда, күндүн кайнаган аптабында да ошол таш очокто узак жыл казан асылып, далай жолу аш демделип, кара казан кайнап турду. Ал таш очок мага биздин үй-бүлөнүн канчалык  жөнөкөй, канчалык жупуну экендигин дайыма сездирип турчу. Күүгүм кирер убакта ошол таш очоктун  үстүндө  казан асылып,  жанында апам тамакка үйрүлүп түшүп, туз-татымалдарды кошкончо башка адамга билинбеседа бизге гана билинчү мээримин кошуп тамак бышырчу. Шамал кээде чыгыштан уруп, түтүндү апамдын бетине айдаса, кээде батыштан келип, оттун жалынын өчүрө жаздайт. Ошондо мен чыдабай:

— Апа, атам ушунча чоң там салып, эмнеге сизге жакшынакай очок куруп бербейт?  —  деп нааразы боло сурадым. Апам болсо казанды аралаштырып жатып, жылмайып гана тим болду. Атам ары жакта малдарды карап жүрүп, апамдын отту жага албай атканын көрүп, эки-үч отунду колуна кармай келип:

— Кел, качып тур, от жагып берейин! —  деп коңур, сүрдүү үнү менен отту улуулатып жагып коюп, кайра малдарын тейлегенге кетет.

— Күн батыш жак кара булут каптап калыптыр да, эртең жаан жаайт окшойт — деп апам кейигенсип, дагы бир нерселерди күбүрөнүп эле атты. Ошол замат бүгүн оодарып келген тезектерим эсиме түштү.

— Каап, оодарып келген тезектерим эми эртең кургабай, тескерисинче суу болот окшойт!- деп өзүмдү аягандай кайгырдым. Бизде дайыма эле даяр отун боло бербечү. Күндүн табы бир аз кайтып, күүгүм кирер астында апам бизди тезек терип келүүгө жөнөтчү. Кургактарын терип, жакшы кургай электерин этияттап оодарып коёбуз. Эртеси ошол оодарылган, күнгө какталып кургап калган тезектерди кайра терип келчүбүз.

— Сен бүгүн көп эле терип келипсиң. Ошол жетээр — апам мени жоошуткандай айтты. — Жамгырдын жааганы дагы жакшы, насибинче, кызым.- деп кайра кошумчалады. Апам “насибинче” деп көп айтар эле.

-Апа, сөзүңүздүн көпчүлүгүнө эле “насибинче” деп кошуп коёсуз да. Мына, бул таш очок дагы бизге “насибинчеби”? Чоңурак очок бизге качан насип болот? — дедим. Апам:

-Ооба, биздин насип ушул таш очок. Бул куттуу коломто. Коломтонун жаман-жакшысы болбойт. Насип болсо, ушул очокто да ырыскыбыз кайнайт. Кудай буйруган күнү жаңы очок курабыз.  Кел, кызым тамакты салайын эми, дасторконду даярдай бер — деди. Биз кечки тамакты жай олтуруп, кобурашып ичебиз. Ошол таш очок, ошол күүгүм кирген убакыт биздин үй-бүлөнүн жөнөкөй, бирок бекем турмушун чагылдырчу. Анда ашыкча кооздук жок, бирок жылуулук бар эле. Ошол таш очоктогу  кара казанда биздин жашоонун өзү кайнап турчу.

Көп жылдар өттү. Мендеги баягы балалык аңкоолук жоголуп бараткандай. Мурдагы куттуу коломто болуп турган короонун ортосундагы таш очок эми көзүмө  негедир ашыкча эле жупунулукту, эскиликти сездиргендей болуп баштады. “Неге биз дагы деле ушундай таш очокто тамак жасашыбыз керек?” — деген ой келип, үйгө келген бирин-серин адамдардын алдында намыстанып, уялып баштадым. Бир күнү апама:

— Бул таш очокту алып, жакшылап очок жасап алсак болбойбу? — дедим. Апам  унчуккан жок.

— Апа, дейм. Жаңы очок курайлы. Элдин үйлөрүндө бир эмес үч казандуу очоктор бар. Биз болсо канча жылдан бери ушул таш очокту айланчыктап отурабыз —  деп апамдын укмаксан болуп койгонун билип турсам да, дагы кайталадым.

— Макул, насип кылса атаңа айтып жаңы очок курабыз — деп койду апам. Ошентип таш очокту алып салып, короонун ортосуна эмес, четирээк жерге очок жасамай болдук. Жаздын күндөрүнүн биринде, кар толук эрип бүтүп, жер жумшарганда, апам экөөбүз таш очокту буздук. Ошол күнү атам үйдө болбогондуктан биз апам экөөбүз эле жаңы очок жасоону чечтик. Үч чоң ташты ордунан жылдырганда, астындагы топурак карарып, күйгөн издери көрүнүп калыптыр. Ортосундагы күлдү алсак деле ал жерде очоктун орду бар экени билинип турду. Апам бир азга унчукпай туруп калды. Анан этегин түрүп, саман аралаштырылган ылайды даярдоого киришти. Чоң тепшиге топурак салып, үстүнө саманды кошту. Челек менен суу куюп, буту менен ийлей баштады. Анын буту ылайдын ичинде бат кыймылдап, чап-чап этип үн чыгып турду. Самандын жыты менен ным топурак аралашып, жаздын жытына кошулуп, буруксуп турду. Мен болсо жаңы очок боло турган жерди тегиздеп, күрөк менен казып, тегерегин чийип чыктым. Короонун ортосуна эмес, бир аз четирээк тандадык. Апам даяр болгон ылайды алып, кыштарга тегерете шыбай баштады. Колу менен сылап, кайра басып, кайра түздөйт.  Очоктун оозун казан батчудай кылып тегеректеп, ичин чуңкурайта калыптап чыкты. Кээде алаканы менен таптап, кээде бармактары менен кырын жымсалдайт. Кечке жуук очоктун калыбы даяр болду. Эртеси биринчи жолу от жакканда, жалын башында жакшы эле алоолонду. Бирок шамал согуп кетсе эле оттун табы түз өйдө көтөрүлбөй, четке бурулуп, талаага тарап жатты. Апам отунду ары жылдырып, бери тартып атты.

— Бул очоктун табы казанга жетпейт экен. Жаккан отум талаага эле кетип атат. Очоктун оозун тар кылып алган окшойбуз —  деп күбүрөнүп калды. Кечинде атам келсе, өзүнө эле кайра башка жасатат окшойбуз, апа — дедим мен.

Атам кечинде келип, салкын маанайда эле:

— Макул, муну кийин оңдоп коёбуз. Башка, жакшы очок жасап берем, — деди. Менин ичим жылып кетти. “Атам уста да, ал сөзсүз жакшы очок кылып берет” деп ишенип калдым.  Бирок ошол “кийин” деген сөз ошону менен күүгүмдүн ичине сиңип жок болду. Көп өтпөй үйүбүздөгү тынчтыкты билинбеген бир муздактык алмаштыра баштады. Атам менен апамдын ортосунда түшүнбөстүктөр көбөйгөнсүдү. Алар майда барат нерселерге эле уруша берүшчү болду. Апам иштен кечигип келгенде атамдын кабак чытып  урушканы, түшүнбөстүктөр, жоопсуз калган суроолор көп болчу. Акыры алар экөө жашабай калышты…

Биз апам менен шаарга көчүп келдик. Бул жердин очогу — газ плитасы. Бир бураманы акырын айлантсаң эле көгүш жалын шарт күйөт. Шаардын очогу бат күйөт, бат өчөт. Апам жумуштан кеч кайтып келет. Биз ал келгенче тамак жасап коёбуз. Дасторкондун четине отуруп, ар кимибиз өз табагыбызга үңүлүп, унчукпай ичебиз…

Узак мезгилден кийин  айылга барып, кабар алып келдим. Ал ээн талаа, азыр кадыресе айылга айланыптыр. Электр жарыгы келип, каз катар тизилген үйлөр көзгө толумдуу. Унаадан түшөөр замат айыл дагы, ары-бери өткөн адамдар дагы мага өөн сезилди. Короого кирдим, ээнсиреп бош. Үйдө эч ким жок экен. Атам малдарды энемдин үйүнө жеткирип, өзү чет жерге кетиптир. Короого киргенде негедир биринчи көзүмө урунган баягы таш очоктун орду болду. Чөп өсүп, топурак басса да, очоктун изи өчпөптүр. Кара казан бир четте көмкөрөсүнөн жатат. Көзүмө үч  таш илинди. Үчөө үч жерде жатыптыр. Жайдын аптаптуу күнү болсо да, денем муздай түштү. Дүйнөм аңтарылып, ачуу жаш көзүмдүн чанагына толуп чыкты. Ошондо түшүнгөнүм, биз таш очокту гана бузган эмес экенбиз. Биз ошол очок менен кошо көзгө көрүнбөгөн, дилде уюган байланышты да бузуптурбуз. Үч таштын ортосундагы кайнаган жашоо, жылуу очоктун касиети ошол күнү өчкөндөй…

Мен ал күнү  үй ичин  ирээтке келтирип, короону тазалап, кеч күүгүм кирер убакта кайтууга камындым. Чыгып баратып жакшы үмүт менен таш очокту кайрадан баягы ордуна, короонун ортосуна койдум да чоң жолго түшүп, шаарга бет алдым…

About the author

Жазуучулар Союзу