«Ракмат койчу, чабанга»

Адабиятчы Садык Алахандын залкар акын Райкандын термелери жөнүндөгү макалалар түрмөгүн жарыялоону улантабыз. Бул ирет “Рахмат койчу, чабанга” деп аталган термеси жөнүндөгү макаласын сунуштайбыз.

«Ракмат койчу, чабанга»

Залкар Р.Шүкүрбековдун кийинки термеси болуп «Ракмат койчу, чабанга» деген чыгармасы эсептелет. Сөз болуп жаткан жанрдагы чыгармаларынын эң кыскасы. Бирок, козгогон проблемасы өтө бийик, мазмуну терең деп тартынбай эле айтсак болот.

Акын аткарган иши, жасаган жумушу өтө оор койчу, чабандарды «ырыстуу сонун адам» деп атап, анан алардын түйшүктүү эмгегин өтө иш билги мүнөздө көркөм баяндап берет. «Чү» деп сөз баштаганда эле момундай сабалаган саптарга туш болобуз:

Ичкенге жаккан айраны,

Бүт эле май каймагы.

Эти менен жүнүнөн,

Аябай көрүп пайданы.

Беш бармагың чогулуп,

Жегенде көңүл жайдары.

Бирок, эсиңде болсун замандаш,

Каймактай эмес жайганы. (135-бет).

Мына ошентип, койчу, чабандын ак айраны менен май каймагы, таттуу бешбармагы жегенде көңүлдү жайдары кылып көкөлөткөнү менен жайган малы, ал мал артында өткөргөн мээнети оор, түйшүгү ат көтөргүс экендигин «эсиңде болсун» деген бир сөз айкашы менен эле жеткилең кабарлап кетет акын. Анан ушуга удаа эле койчу, чабандардын түйшүктүү оор мээнетинен бир үзүмдү окурмандарга сунуш кылат. Мында акын кайтарган кой жазында чуулдап төлдөгөндүгүн айтып келип күлүңдөп турган күн заматта жамгырын жаадырып, ал жамгыр болсо карга айланып басыларын термелеп берет. Табийгаттын мындай катаалдыгы аз келгенсип

Ууру, бөрү, ит-куштун,

Бардыгы койго асылат. (135-бет)

Бирок, мээнети күчтүү, ырыстуу сонун бул адам кой артынан «тикчийип карап» артынан сая түшүп аңдыган ошол арамдарга бир улак да бербейт. Андан ары акын:

Жайында жайлоо барганда,

Жайкалып жатып калганда.

Малчынын иши оңой деп

Ээрчибе кыял жалганга.

Бир күнү койду жайсаңчы,

Кышкысын кыштоо барганда. (135-бет).

Р.Шүкүрбековдун бул термеси улам жаңы ойлорду улам-улам удургутуп, окурманда пайда болгон психологиялык чыңалууну эч бир жандырбастан улантып жүрүп олтурат. Албетте, чыгарманы мындай бийик ыргакта жаратуу калемгерден өзгөчө чеберчиликти, баарынан да ой чабытынын кенендигин, учкул фантазияны, акындык ал фантазиянын реалдуу турмуш картиналары менен турмуштун өзүндөгүдөй дал келип туруусун талап кылат. Байкалып тургандай, бул термеде жогоруда айтылгандардын баарысы сакталган десек болот. Терменин андан ары уланышы бул оюбузду андан бетер бекемдеп турат: койчу, чабандардын жайлоого баргандагысы менен кыштоодогу бир күнү баяндалган ой түрмөгүнөн кийин жер иштетишкен дыйкандардын турмушу, мээнети кепке тартылат да, «жерден нанды табышкан», «нан менен элди багышкан» дыйкандар катуу мээнет кылышпасын

Бирок, түнкүсүн уктап алышат.

Уйку болбойт малчыда,

Күнү-түнү багышат. (135-бет)

Термедеги улам кийинки ой түрмөктөрү «чабандын иши чатак иш» экендигин жандуу тартылган картиналар менен бекемдеп жүрүп олтурат.

Ала топураң күндөрдө,

Капкараңгы түндөрдө.

Жолдошуң жалгыз ит болуп,

Ээн тоодо жүргөндө (135-бет)

көргөн күнүң:

Дүпүлдөк мылтык атылып,

Кой үркүп кайра басылып,

Самсаалап кара булуттар,

Сан жылдызды жашырып.

Эки көзүң төрт болуп,

Кээде короодо коюң чачылып (136-бет)

кеткендеги ызага толгон жашоо турмушуң;

Иңирде болгон ызы-чуу,

Таңга маал басылып

бут тарталбай суй жыгылган, чабандын маңдайына бүткөн тиричилик улам биринен сала бири кино тасмадагыдай элестүү, даана тартылып көз алдыбыздан өтө баштайт.

Малчы, чабандардын ушундай күнү-түнү тыным билбеген мээнеттүү турмушу тартылган картиналардан кийин айтылып келаткан сөз нугунан сызылып чыккан дидактикалык ой түрмөктөрүн сунуш кылат акын. Арийне, жөндөн жөн эле айтыла калган насыят кепке салыштырганда минтип жандуу баяндоонун, реалдуу сүрөттөөнүн натыйжасында айтылган накыл кеп алда канча ишенимдүү да, жугумдуу болот. Акын минтип нуска айтат:

Бак-таалай орноп кыргызга,

Бардыгын айтсак бир нуска.

Кор болуп жүргөн эл элек,

Колубуз жетти жылдызга.

Жылкычы, койчу – депутат,

Дегеле болгон эмес турмушта.

Баатыр деп атак ким берген,

Кыргыздан чыккан нур кызга. (136-бет).

Кеп бул жерде малчы, чабан болуп иштешкен «кыргыздан чыккан нур кыздар» тууралуу баратат. Эркектердин энчисине тиешелүүдөй болгон бул чабандык кесипти арыдым-талыдым дебей аркалап жүрүшкөн аялзаты нурдан бүткөн жан эмей эмне!

Ушундай нур кыздардын бири, болгондо да реалдуу турмушта жашап жүргөн чыныгы эмгек каарманы жөнүндө заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов өз учурунда эң сонун кылып жазган болчу. Чыгарма «Тянь-Шандык аял» деп аталат да, баатыр чабан Телегей Сагынбаева жөнүндө баян этет. Бул белгилүү очерктен бир үзүндүнү чогуу окуп көрөлү: «Зима прошлогодня выдалась в горах тяжелая, – рассказывает она. – Снегом дорога отрезало, завалило по брюхо коню, а овцы и вовсе копытами до земли не достают. Как тут быть? Смотрю, плохо дело – овцы начнут падать от бескормицы. Знала я одно место километров за семь от стойбища на самой вершине горы, подветренный склон такой – снег там обычно не держится, уносит его ветром. Так вот на то место мы втроем, с сыном и дочерью, тропу прокопали лопатами и стали гонять туда овец. Ветер лютовал постоянно, но зато корм был». Элестетип көрүңүзчү – этек, жеңди жулуп кетчүдөй болуп ышкырган ызгардуу шамал, минген аттын курсагына жеткен, койлордун буту жерге тийбей калган калың карды жирей күрөп баратышкан үч караан. Буларды баатыр дебей кимди баатыр дейбиз?!

Залкар калемгердин бул очеркинде өзгөчө көңүл бура турган дагы бир ой бар. Калемгер минтип жазат: «…только одна отара Телегей Сагымбаевой ежегодно дает шерсть для костюмов пяти тысяч человек». Коомдун өнүгүшүнө кошулган реалдуу салым деп ушуну айтсак болот. Бир жылда беш миң кишилик костюм болсо отуз жети жылда жүз сексен беш миң кишини кубантат эмеспи. Райкан Шүкүрбековдун термесиндеги:

Жакшы болду чабанга,

Баатыр деп наам бергени.

Төшүндө алтын жылдызын,

Куттуктай келдим көргөнү, – деп (137-бет)

жазганы турмушта реалдуу жашаган эмгек каармандары жөнүндө айтылып жаткандай кабыл алынгандыгы да бекеринен эмес.

Кыскасын айтканда, акындын «Ракмат койчу, чабанга» деген бул термеси мал чарбасында иштеген эмгек каармандарынын түйшүктүү, бирок, сыймыктуу ишин бүтүндөй азап-тозогу жана да алган ыракаты менен эриш-аркакта жуурулуштура сүрөттөп берген жамгырдын тунук тамчысындай болгон туптунук көркөм туунду болуп эсептелет.

  1. Айтматов Ч. В соавторстве сземлею и водою… – Ф.: «Кыргызстан», 1978. –стр.27.
  2. Айтматов Ч. В соавторстве сземлею и водою… – Ф.: «Кыргызстан», 1978. –стр25-26.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор