Нуриза Өмүрбаева: Оо, ошондо кандай керек болчусуң! Мени мендей сактоо үчүн өзгөртпөй

*****

Чарчатат ушул турмуш башаламан,

Жашаймын күндү узатып, таңды тосуп.

Арманым, арызымдан тажабаган,

А деңиз жанымдагы жалгыз досум.

 

Жашоонун жасалмалуу шаңы менен,

Көөнөргөн көңүлүмдү алдап келдим.

Жандарды жүрөгүмдү тааный элек,

Жарыгым тийбей мен да жандап көрдүм.

 

Боштукка боюн таштап, жылдар өлөт,

Үлбүрөп чырак өчөт түнөгүмдө.

Күнүмдүк жанган отко жылынам деп,

От жакпай койгон экем жүрөгүмө.

 

Жарыкка батпаган жан кайда батат?

Жалган деп жашаганым чыным экен.

Сурабайм бакыт. Бактым алда качан,

Кудайдын колдорунан чыгып кеткен.

 

Ыйласам болмок бүгүн себебим көп,

Баягы оттуу нур жок карегимде.

Жашоонун өзү мага кереги жок,

Бакыттын эми мага кереги не?.

 

Кезинде жаным менен жуурулгансып,

Кусалык жашачу эле жүрөктү эзген.

Керексиз бир сүйүүгө сыртым салып,

Сүйүктүү болгум келген күндөрдү эстейм.

 

Мен анда билбептирмин сүйүлүүдөн,

Сүйүүдөн жүрөк бир күн баш тартаарын.

Кечир деп катты баштап, катты аяктап,

Кете алсам кетет элем таштап баарын.

 

Кете албайм, өз колумдан шөкөттөлгөн,

Бул жашоо капас мага каалгасы жок.

Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,

Кол булгап очогумда жанбайт бир от.

 

Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,

Кол булгап очогумда жанбайт бир от.

 

Сиңдиме

Көп жыл өттү. Көксөп алыс жактарды,

Сирени бар үйдөн көчүп кеткенбиз…

Куштарга окшоп катар конгон шактагы,

Кужурашып сүйлөшчү элек кечте биз.

 

Эстегенде куса менен тартылам,

Ал күндөрдүн табылбасын кеч билдим.

Сагындырат сары парда тартылган,

Терезеси, сирень гүлү эски үйдүн.

 

Азыр сенин канатыңды жазданып,

Периштелер уктайт. Бакыт – ушул да.

Сирень гүлүн отургузгун жаз алдын,

Гүлдөп турсун терезеңдин тушунда.

 

Сен сүйүүнүн даамын татып, сүйүлүп,

Бүлө болдуң бүркүт мүнөз жигитке.

Мен бактымдын келээринен түңүлүп,

Чоочун жолду ээрчип кеттим иңирде.

 

Чырагына чырак кошуп ааламдын,

Чыбыктайын Чынар болуп көктөдүң.

Жүрөк менен терметкенде балаңды,

Бешик ырын тыңдап турсун Көк Теңир.

 

Жаккан отуң, жапкан наның, кемегең,

Жарык берип, жандандырат бир үйдү.

… Арка-жөлөк, акыл болор кезде мен,

Алыстыгым, алсыздыгым билинди.

 

Ыйың ачуу, ыйлап келсең кээ бирде,

Кошо түткүм келет барың-жогуңа.

Кайгы-муңду тороп сага жеткирбей,

Калкан болгум келип кетет жолуңа.

 

Турмуш ушул өйдө-ылдыйы бир жүрөт,

Тууруң бийик… Түйшүгүнө чыдагын.

Көрмөксөнгө салып көптү билдирбей,

Көсөмдүк кыл, көк тиреген Чынарым!

 

Жүрөккө

Кечтер өттү… Калдым эстелбей,

Баары унтулат. Башка не деймин?.

Бир сүйүүдөн качып келгендей,

Бир сүйүүдөн качып кетээрмин.

 

Келди беле тынчып жашагың,

Кечирип кой мени, жүрөгүм!

Тарта берип сүйүү азабын,

Өзүм дагы абдан жүдөдүм.

 

Өзгөлөрдөй болбой калдык да,

Өмүр бүгүн боштой сезилди.

Терезени тиктейм, а сыртта,

Жыл аягы… Жаштык кетилди.

 

Жыл аягы. Сүйүү түгөндү,

Кечтер өттү. Өттүм кечтердей.

Жүрөк сенде бүгүн бирөө өлдү,

Жашайт эми, жашайт эстелбей.

 

Бир ырдын уландысы

Турмушуңдан өзүңө алган жазаң бул —

Туура чыкпайт кадамыңдын бардыгы.

Азыр мени көп ойлонтот качандыр,

Мен жаңылткан адамдардын тагдыры.

Өткөнүмдөн өчпөй турган сөз калды…

Өрткө айлантты түшүнбөстөр ойнумду.

Аял болуп бул дүйнөгө көз ачып,

Аялдарга азап берип койдумбу?..

 

Өлчөп көрүп таразамда өзүмдү,

Өзүм неге актап кетер сөз таппайм?!

Бирде күлүп, бирде жаштап көзүмдү,

Бир билгеним, ушул жолдон көп каттайм.

 

Азгырыгы, түйшүгү көп бул жолдун,

Аягына кандай күндү жазды экен?

Мээримсиздик көп ыйлатты… Соорондум.

Мен кылчайбай койгон жандар кантти экен?.

 

*****

Таштап чыктым күндөрүмдү бороондуу,

Бул сапарым кайсыл жерден токтомок?.

Кетем бүгүн  узатканым жок өңдүү,

Кайтып келсем тосуп алчум жок болот.

 

Таштап чыктым жакын деген адамды,

Багым эле толбос дагы, кемигис.

Жолдор бөлүп, мезгил бөлүп араны,

Жолукпаспыз, кааласак да эми биз.

 

Таштап чыктым жамгыр, карлуу калааны,

Санаага бай, сараң эле жыргалга.

Айталбадым ушул жолдун азабын,

Тагдырынан жеңил чыккан ырларда.

 

Таштадым мен, барымды да, жогумду

Жолго чыктым, жүрөк менен көп күйгөн.

Өткөн күндөр торобосун жолумду,

Качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен…

 

Чоочун күндөр

Курчап турса сүйүү багы – кайың бак,

Кусалыктан куруп турган жайымды айт.

Чок баскандай жүрөгүмдү куйкалап,

Чоочун сезим көөдөнүмдү байырлайт.

 

Тирүүлүктө түйшүгү көп бүтпөгөн,

Ыза, ыйдын баарын жеңип күч менен.

Чоң турмуштун агымында сүзөмүн,

Чоочун көздөр чоочунсунтуп тиктеген.

 

Шамал шуулдап, жамгыр жаабас жаз көрдүм,

Шайыр куунак жашаганды аз көрдүм.

Чочубадың кучагыңа алгандан,

Чоочун турмуш мен да өзүңө бат көндүм.

 

Бул чөлкөмдө чоңойбогом, туулбагам,

Эмне берип, эмнени алат бул кадам?.

Чоочун жердин шамалындай шуулдап,

Чоочун күндөр өтөт жашты уурдаган.

 

Махабат Касеиновага

Айтып бергим келди сага жан сырым,

Айыктыраар жаратымды барбы ырың?

Мен толкунун Ысык-Көлдүн сагындым,

Сен калаанын сагынгандай жамгырын.

 

Калаада не? Баары өзүң билгендей,

Кадыр билбес жандар кетти бир келбей.

Күлбөй калдым, күңүрт болду күндөрүм,

Сүйбөй калдым ошол кезде сүйгөндөй.

 

Өткөн өттү… Өчтү жалын андагы,

Оор мага жалгыздыктын салмагы.

Ортобузда айтылбаган суроо-жооп,

Оор сага турмушуңдун салганы.

 

Кездерде ошол жүрөк тунук, күн тунук,

Кол жетпеген көп нерсеге умтулдук.

Биз дүйнөнү багынтабыз дечү элек,

Бир түйшүккө багындык да, унтулдук.

 

Биз дүйнөнү багынтабыз деп жүрүп,

Көр түйшүккө багындык да унтулдук.

 

*****

Бир ырда айтылбаган атың калып,

Биз кандай жакын элек алыстадык.

Бир сезим табыштырып экөөбүздү,

Бир өмүр койгон минтип ажыратып.

 

Жаныңа барганымда сурап бактым,

Жар сымал жамгыр жааса кулап калдың.

Жолубуз бир болбосун айтып анан,

Жолума бакыт каалап узаткансың.

 

Жашагың келди сенин кайгы көрбөй,

Жашайм мен жаштыгымды кайры дебей.

Сен азыр салам жолдоп жолоочудан,

Мен ага алик алам кайдыгердей.

Ичимде билсең бирок күйгөн отмун,

Ишенчим талкаланган күндөн корктум.

Өзгөлөр мени сендей сүйдү бирок,

Өзгөнү мен өзүңдөй сүйгөн жокмун.

 

Өзгөлөр мени сендей сүйдү бирок,

Өзгөнү мен өзүңдөй сүйбөй койдум.

 

Мекенге

Журт кыйырын коргой албас коркоктор,

калкына хан, элге эге болушту.

Апа аскан казан кулап очоктон,

Ата журтум, асманыңда ок учту.

 

Сени тынбай мээнет чалып, ой чалып,

Койнуң кооптуу, өңүң жүдөө, комсоорок…

…Жылда жылан жылып келип, кол салып,

кушсуз, кутсуз, уяларың томсорот.

 

Бейпилдигиң, бейпил күнүң, бүлүнүп…

Өрүкзарым өрткө, күлгө айландың.

Өмүр чиркин күлгүнүндө күбүлүп,

ок мээленген бута болду кайран күн.

 

Эр жигиттер өлүм сүрүн билбеген,

коргоп турду наристенин куурчагын.

…Сөзү бөлөк, иши бөлөк бий-бектер,

Сөздө гана Эр Манастын урпагы!

 

Өздөн чыккан душман болду хандарың,

өрт ичинен нан издеткен калкына.

Өмүр өңүн тааный элек балдардын,

көзүн көрөм Мекенинен жалкыган.

 

…Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң,

кайран элим канат, калкан күтө элек.

Жарып өткөн жүрөгүңдүн толтосун,

жаратың көп… Кайсыл бири бүтөлөт?.

 

Мекен ыйы ай ааламда үңүлдөп,

Кулагына жетпей койду Теңирдин.

Адам уулу Мекенинин кулу – дейт.

А биз сени кулга айланттык кечиргин!

 

Ай көрүнбөй, асманыңда ый түнөп,

арман ырын ырдап турдук эчен күн.

Арсыз, арзан, жарыктары үлбүрөйт,

жылдыздары кайда кетти Мекендин?

 

 

…Ата журтум, өмүрүмдүн соңунда,

сага барып бүтөт бардык жолдорум.

Кечир мени, багыты жок жолуңда

жарык дагы, жылдыз дагы болбодум.

 

Кечир бизди, багыты жок жолуңа

жарык дагы, жылдыз дагы болбодук.

 

*****

Түн. Олтурам… Бир китепти барактап,

Көп окудум көңүл чөгүп турганда.

Жеткен эмес асылдыкка адамзат,

Жек көрүүңдү айтпа , жүрөк, үн катпа.

 

Анда көрө, тыңша биздин күндөрдү,

Акын эчак жазып койгон ырларга.

Таңда туруп биз да басып келели,

Таланттуулар баскан Тверь бульварга.

 

Азыр тынчтан. Тыңша түндү, калааны,

Жазгы желге шуудураган кайыңды.

Эңсеп жетпей кусаланткан карааны,

Эстеп алгын биз эс тарткан айылды.

 

Көп кыйнадым… Тагдыр экен бул дагы,

Эстөөлөрдөн тазарып ал, кургурум.

Таңда бизди күтөт Тверь бульвары,

Таңда жүрөк улуулукка умтулгун.

 

Сен уктагын

Сен уктагын. Эске салдың көптөрдү…

Мен кайрылгым келип турат өткөнгө.

Билсең мени дүйнө бүгүн өзгөрттү,

Бир күн жетет күйгөнгө да, өчкөнгө.

 

Сен уктагын. Мен эсимди аңтарып,

Эски сүйүү, эски күнгө кездешем.

Ал күндөрдө ара жолго ташталып,

Арзуу калды, максат калды жетпеген.

 

Сен уктагын. Сурап эмне жол учун,

Кайсыл жерден башталганы эсте жок.

Эми эстеп, эми жүрөк оорутуп,

Эми өкүнүп, эми ыйласам кеч болот.

 

Сен уктагын. Күндөр менен жалгыз кой,

Күлкүсү да, күйүтү да ырларда.

Карап өтөөр сени дагы жалгыз бой,

Кайтып келип качанкы бир жылдарга

 

М.га

Деңиз толкуйт, жамгыр тынбайт, бул күндөр,

Сенин дагы алды бекен тынчыңды?.

Ордуң толбой ыйымда да, күлкүмдө,

Жашайт менде сен тууралуу бир чындык.

 

Оор күндөрдү, тытмалаган туш туштан.

Бир күч болуп, күлкү менен жеңгенбиз,

Аман чыксак деп тилеген бир кышта

Азгырды эле экөөбүздү кең деңиз.

 

Ошол кыштын жылуулугун кеч билдим.

Арабызда азыр деңиз толкуну…

…Кечире албайт болчусуң сен эч кимди,

Мен эч кимди сагына албайт болчумун…

 

Сен билген ый жүрөгүмдү эзгенде

Бир барууга, балким ичтен ардандым.

Мен жаркыган, мен толкуган кездерде,

Сен деңиздин бир жээгинде каржалдың.

 

Арып-азып чарчаганда бул жолдон,

Көп билинди катарымда жоктугуң.

Жаркылдаган жаштыкты ушул гүлгө окшош

Уурдап бүттү орой тагдыр, от-кылым!

 

Сенин дагы алды бекен тынчыңды,

Айтпаганың, айтпаганым бир кабар?

Өзүңө окшош өжөр, көкбет бир чындык,

Сага жазып, сен укпаган ырда бар…

 

*****

Мен алыста жашап сендик жүк менен,

Мезгил-мезгил турмушуңду түш көрөм.

Жылмайыңкы тосуп алат жубайың,

Жылуу сөз да,сүйүү дагы күтпөгөн.

 

Балдар… Жарың… Тамак бышып мештеги,

Бакытына бөлөп турса кеч сени.

Ушул мага азбы дээрсиң ичиңден,

Унуткарып сүйүүбүздүн кечтерин.

 

Сүйүнчүңдүн жалгыз гана айыбы бу:

Сүйүүсү жок өтөт өмүр ай-жылы.

Мунун баарын жокко түртүп, а түндө,

Муңдуу ырдын келет мукам кайрыгы.

 

Санаалардын курчоосунда калгандай,

Сагынчыңды көп жазасың жазганбай.

Бакыт бар деп ишентесиң мени да,

Балдарыңа жомок айтып жаткандай.

 

Бакыт бар деп ишентесиң мени да,

Балдарыңа жомок айтып жаткандай.

 

Мерез доско

Эртеңиме эрки бекем күн каалап,

Эшикте жаз, шамал жорткон түн жатат.

Мерездигин чоочун жердин көп айтып,

Мерез досум алыс жерден үн катат.

 

Мээрим төкпөс чоочундукту байкапсың,

Мерез, ооба, бирок, жылуу жай таптым.

…Жанганыңды эске сактап бир жолку,

Жалганыңды жакшы ырларга айланттым.

 

Алып кеткен жаштыгымдын бир учун,

Туругу жок шамал эле турушуң.

Жомок болгон ошол сендик жашоодо,

Жок ордумду жоктогонум курусун.

 

Күндү көрүп миң кубулма, өзгөрмө,

Күлкү таап, күйүтүмдү көмгөндө.

Мерездигин чоочун жердин көп айтып,

Мерез досум мени аяган өңдөнбө.

 

Мерез досум эми аяган өңдөнбө.

 

*****

Бакыт берем десең чындап чочудум,

Бул сөз менен мен да көптү алдагам.

Бакыт берем дебе… Билсең, Чоочунум.

Аны мага эч ким бере албаган.

 

Өткөндөрбү? Өткөндөрдү сураба.

Оттой күйүп, оңой өчтүм жаш чакта.

Кайчы түшкөн жолумду жөн улаарда,

Катамды айтып, жазамды айтып чарчатпа.

 

Билип туруп отко-сууга таштаган,

Өз тагдырым өзүмө азыр кол жоолук.

Күндү көрүп көлөкөсүн салбаган,

Күл болгончо күйгүм келген от болуп.

 

Оо, ошондо кандай керек болчусуң!

Мени мендей сактоо үчүн өзгөртпөй.

Бакыт берем дебе эми, Чоочунум

Бакыт мага жарашпаган көйнөктөй.

 

*****

Өлдү дешти… Ажалга ким көнбөгөн,

Ичтен сыздым,  карекке жаш толбоду.

Мерез болуп калган сыяк өңдөнөм,

Мени баштап алып жүргөн жолдо бу

 

Өлдү  дешти, ичээр суусу түгөнүп,

Өлүм сага ким каршылык кыла алсын?

…Акыретке узатканы баратып,

Ак бугуну угалы деп сурандым…

 

Көргөн күнү көп күлдүрдү, ыйлатты,

Боло алдыбы бул өмүрдө бактылуу?

Жолдо барам, жүрөгүмдү сыздатты,

Жоготуунун арман күүсү Ак бугу.

 

Сабыр айтып, сапарлаштар жубатты:

«Ыйманы ысык, пейли таза жан эле».

Баардык доорду жашап өткөн сыяктуу,

Байыркымдай, тарыхымдай бар эле.

 

Айтпай кетти ак-карасын дүйнөнүн,

Неге күлдү? Неге көпкө жашыды?

Бири ыйлап, эстеп анан бирөөсү,

Өлгөнүндө өсө түштү кадыры.

 

Өлдү дешти, ичээр суусу түгөнүп,

Өлүм – чындык. Ким каршылык кыла алсын?.

Акыретке узатканы баратып,

Ак бугуну угалы деп сурандым…

 

*****

Бизди бирдей таштап кетип башкалар,

Бир кеч эле жүрөгүбүз буюккан.

Кайрыктары карегимди жаштаган,

Сен түшүнбөс сезим менен ыр уккам.

 

Каршыбызда кабат-кабат үйлөрдүн,

Жарыктары көптө барып өчүшкөн.

Сен азабын айтып алгач сүйгөндүн,

Мен акыркы сүйүүм үчүн көп ичкем.

 

«Башаты ушул, алды жакта жол узак,

Дагы далай сүйүү келет, күт»- дегем.

Сен ойлогон максатыңды жобурап,

Мен тек гана коюу түндү тиктегем.

 

Бир кеч эле… Жүрөктөргө так салып,

Бизди бирдей таштап кеткен башкалар.

Менин эсте – тентек кезиң сакталып,

Сенин эсте — ошол чоочун жаз калар.

 

*****

Жазганың бар эле бир катка:

«Сени эстейм жамгыр жаайт биз жакта.»

Бүгүн да төгүлөт ал жамгыр,

Болгону биз бөлөк, биз башка.

 

Жогуң бар, барың жок… Бул аалам,

Жоготуп табуудан куралган.

Жолуңа төшөлдү килемдей,

Жообу жок каттарым чубалган.

 

Жашоодо бар арзан, жок кымбат…

Жакының элем ээ, болдум жат.

Намысым жолуңда төшөлүү,

Башканы бараткан колтуктап.

 

Соороткон өңдөнүп көңүлдү,

Үн-сөзсүз ак жамгыр төгүлдү.

Ордуңду толтурбас жан менен,

Оо, билсең алдадым өзүмдү.