Өмүрбек Тиллебаев: Жаз, уч, Элгиза, асман сенин канатың!

Асман сенин канатың
Дүйнө хаостон жаралган. Алгач баары аралашып ачылганы ачылган, чачылганы чачылган бойдон жаткан. Жүрө-жүрө асман асмандан, тоолор тоолордон, деңиздер деңизден орун алып, бир иретке түшкөн.
Кыргыз адабиятында да учурда дал ошол хаос, башаламан заман жүрүп жатат. Азыр китептен акын көп, акындан китеп көп. Албетте, алардын баарын акын, китеп деп айтканга ооз барбас. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы “массалык маданияттын” арааны жүрүп жаткан кез. Кызылы менен саманы, жакшысы менен жаманы аралашып жаткан чаң-тополоң дүйнөдөн канткенде чыныгы акынды, сүрөткерди ылгап алабыз? Маселе ушунда.
Жаш акын Элгиза Бусурманкулованын ырларын жакында гана сайттардан окуп калдым. Башта анын ысымын уктум бекен, укпадым бекен, эсимде жок. Окудум да жаш акындын өзүнчө өзгөчө дүйнө таанымына таң калдым. Элгизанын ырлары биз жедеп көнүп калган уйкаштыктан, стандарттан, шаблондон караманча алыс. Төрт сабы төрт жакты карайт. Бирок, ал саптарды кыттай уютуп тутумдаштырып турган ички тартылуу, магнит, от, сезим, ой бар. Нобель сыйлыгынын лауреаты, атактуу жазуучу Гарсиа Маркестин сөзү менен айтканда “его глаза видели на ту сторону вещей” дегендей, Элгиза да башкалар элес албаган нерселерди сезип-туюп, кайып дүйнө менен чын дүйнөнүн ортосунда учуп жүргөн үр кыздардай сезилет.
“Поэзия-эч ким баспаган дың жер менен жүрүү” дейт дагы бир кашкөй акын. Ал ириде көз менен көрүп, кол менен кармалбаган, тек гана жүрөк менен көрүп, жүрөк менен сезген керемет сезим. Поэзияда от, сезим, ой болуш керек. Элгизанын ырларында дал ушул касиеттер бар. Жаш акындын албуут түшкөн сезимдери катуу шторм убакта деңизде 9 баллга чейин көтөрүлгөн толкундардай сапырылат. Жаз, уч, Элгиза, асман сенин канатың!
Өмүрбек Тиллебаев, ТҮРКСОЙ уюмунун эл аралык Абай сыйлыгынын жана Жолон Мамытов, Курбаналы Сабыров атындагы сыйлыктардын лауреаты.
БЕЛГИСИЗДИК
(Азыр менин башымдын оорусун эки гана нерсе басат: Кофе жана Сен. Кофе жана Сен. Болгону сен мени көбүрөөк оорутасың…)
Кайып-Дүйнө. Назарында мен бийлеп,
Ак көшөгө тартты сенин Ааламың.
Тилек белең тирүү жүргөн көңүлдө?..
Ак периште мейкиниме сактагам…
Канча өмүрүм — күтүүлөргө жашынды.
Баатыр мезгил экөөң кайра эстеттиң,
Бар дүйнөдө унутулган атымды.
Үмүт көздүү өмүр ошол кечтеги…
Жыйырма түстүү, түрдүү тагдыр асманы.
Ак бейитин араладык өткөндүн,
Ак сүрөтүн тартып турдуң башканын.
Жол билбеген сүйүү өлүк билгенге,
Кудай деле жаңылышат окшойт да.
…Октябрдын ошол түстүү түн-кечи,
Бакыт гүлдүү көйнөк кийдим үстүмө.
Бөтөн эркек жыты сиңип алгачкы,
Бөтөн дүйнө күзгүсүнөн көрүндүм.
Ак жамгыры ак никеге айланды,
Ак батага асырады мезгил-түн…
Ушул учур өлбөстүгүн тилендим…
Эрке дүйнө этегинде көп ойноп,
Күн таажымды, гүл көйнөгүм көтөрүп.
Ак шам болдум бир белгисиз өмүргө,
Ак шаң толду бир белгисиз өмүрдөн.
Ызы-чуулуу өмүр сыртта, мен кайда?..
Бир улуулук, бир өмүргө багындым…
… багынгым келчү эмес
БИР ӨМҮРГӨ
(Жаназалуу бир сезимге баш ийгим келбей, өлтүрдүм…)
Сөөгү муздак дүйнөң менен кол салдың.
Мага жаккан адашуу бар. Күтүүсү…
Аманатым — мейкиниме жан салуу,
Адалдыгым — Асманыңды үшүтөөр,
Жамандыгым — жарың болуп сүйкүмдүү,
Ажал ырын ырдайм күндө түшүңдө…
Боштук өлгөн жолдор сулуу. Жүгүндүм…
Мага тааныш жат үйдөгү терезе.
Тиктегениң — келечектин күзгүсүн,
Ак батамын — тагдырыңдын оозунда,
Душманыңдай санап үмүт куштарын,
Жеңилүүнү боорго кыстың досуңдай.
Осуятым — Күн төрөлгөн аймакта.
Жаныңды жейт чындыктарың оорулуу…
Олуядай төлгө тартсам дүйнөңө,
Азиз көздүү мезгилдерге саламым,
Батаар жерим — бир Кудайдын жүрөгү,
Батыра албай койду сени бир гана…
(Менде жашайт эле. Белгисиздикке сиңип, житип кетти. Жарака кеткен, жаңылган учурлардан гана издешим керектей…)
* * *
Жоголгон Асманымда төрт күн катар,
Кудайдын көзүн көрдүм. Жаным учту.
Табылган бир Өмүргө… жылаңаяк
тилегим, ачуу үмүт жарашпаган,
Ажарлуу кайгы уктаган күлкүсүндө
Ааламдын ак тумары — адашкандар.
Мезгилдер — анын тирүү хан сарайы,
Канатын тагып Күнгө оюн курат…
Төрүндө — алтын чачтуу көлөкөсү,
Түбүндө — мураскору… Жолун улаар.
Чылымын тутандырат от өчкөндө,
Түңүлөм акыркы ирет күткөнүмдөн.
Жомоктор алаксытат пери жүздүү,
Эсине түшөм жылдыз төрөлгөндө.
Аңтарат… ордун, үйүн кылымдардын
Унуттум шам көздөрүн биринчи ирет.
Күрмөсүн катат жайсыз учурларга,
Тили жок кыялынан көп көрүнөм.
Даанышман кайгы өпкөн кечтеринде,
Ардактуу күзгүм сынат колумдагы…
Боштондук сурайт жансыз күндөрүнөн
Шамалдуу бакытка учаар ак жоолугум.
Ортобуз толо гүлдөр күнөө жыттуу.
Ордобуз — кудай көздүү жаңы Асман…
* * *
Үпү кыздын колдон түшкөн куурчагы;
“Мен эскирдим…” – деген көздөр кеч кирсе.
Оор тилектүү өмүр гана ойгонбойт
узак бакыт, бата качкан тарапта…
Тектүү Аалам ачат, жабат эшигин,
Үнсүз Аалам көздөрүмдө толготот.
Үпү кыздын колдон түшкөн куурчагы;
“Мен эскирдим…” – деген көздөр кеч кирсе.
Сарамжалдуу: өткөн, кеткен, келээрге,
Жарыгында бир Жылдыздын ойносом
өчүп-күйөт, өчпөй күйүп бир Өмүр,
Көңүлүмө сүрөт тартат шумдуктар…
Үпү кыздын колдон түшкөн куурчагы;
“Мен эскирдим…” – деген көздөр кеч кирсе.
Жаңы Өмүргө кездешкенде — кеч бешим,
Башты айланткан алдымдагы жомоктор.
Табыт, бакыт көтөрүнгөн адамдар…
А менин…
Үнсүз тилек көздөрүмдө толготот…
* * *
Жол-жомоктуу өмүрдөсүң. Же кандай?
Тааныш эмес дүйнө коюп талапты.
Көздүү үмүт ар кадамың адалдап,
Оюң кулап, жашыл-кечтүү кездерге,
Бакыт жыттуу айдыңыңда Күн бийлеп,
…балким…
Айкөл жылдар асманыңды агартты.
Дагы түпсүз, түгөнбөгөн сапарлар,
Кыйма-чийме багыттары тушалуу.
Мээрим таңдуу күндөр сени аярлап,
Мезгил көрктөп, болмушуңду-келерди,
Азадилдүү Аалам ойноп колуңда,
…бирок…
Мендей муздак жол-дүйнөңдүн кучагы…
Бир симфония тээ бийиктен жаңырган,
Жолбун өмүр баштап-коштоп ыргагын.
Эңсегеним: караңгыма шам болуп,
Эстегеним: көзгө тартып бейнеңди,
Күүгүмдөнүп жанган дүйнө арасы,
Сендей узап, уза-актарга сиңүүдө,
…мен сүйгөн…
Күн Батыштын эң акыркы нурлары да,
Күн Батыштын эң чырайлуу нурлары…
* * *
Эрежесиз Жашоом, Сүйүүм, Ааламым.
Өлгөн мезгил кайталанат түшүмдө…
Эски тагдыр көз карашы — акылман;
Салтанаттуу өмүр мени чоңойтту.
Көз мончогун тагып жаркын кыялдар,
Эринимден өбөт жашыл жылдарым.
Мурас мага — периштелер үн салган,
Улуулуктун нуру конгон бул жолдор…
Эскерүүлөр, сагынуум да — байыркы,
Алаксытпайт ак гүлдөрү турмуштун.
Жалгыз гана: мен тааныган Кудайдын
бир кумарлуу көздөрүнө кездешем.
Үнсүздүгүм — тынчын алат дүйнөнүн,
Кайтат артка унутулган бир Өмүр.
Бул болжолдуу жалгыздыкка сыйынуум;
Бул толгонуум — бир кездеги чоң жомок.
Күтүлбөгөн жерден келген бир белек
— азыр мага басылбаган баш оору…
Кызыл шарап колго кармап бийлесем…
Мен жашоону биротоло унуттум…
Бул сүйүүнү — Аалам мага ыйгарган!..
Күнөөлөрүм — мага таандык улуулук!..
Ак Жылдызга сүрөтүмдү ким тарткан?..
Билбейм…
* * *
Кербез дүйнө… От-толкундуу мейкиндик…
Жылнаамада: 14-күн бүгүн.
Өмүр бошоп, өмүр кошот чексиздик,
Так көтөрүп көк дүйнөгө түндүгүн.
Элес жылдар, керез күндөр агылат…
Бөлмө жыты… Бөлөк Аалам ичинде…
Оюм коштойт тирүүлүктүн обону.
Айтып бүтпөй арман-сырым Кудайга,
Бүтпөй мага мезгилдердин соболу.
Карып жашоо карегимде жүгүргөн…
Чоочун дагы, чоочун эмес, белгисиз,
Ыйыктыктар ырдап өткөн тагдыр-жол.
Айлампалуу Аалам муздап ичимде,
Гүлдүү өмүр… Бакыт — талаш тараптар.
Күңгүрт бөлмө. Күткөнүм не? Билбеймин.
Ой бастырам, озоңдогон дүйнөгө.
Мелтиреген… Үмүтү кооз жыл-дүйнө,
Кутмандыгы, султандыгы Жерден оор.
Боору каткан сезим колдон жетелеп,
Сестендирип менин үнүм, бир пастап,
Санаа жыттуу тилегиме түспөлдөш,
Бир бакыттын көлөкөсү үшүтөт…
Элгиза Бусурманкулова