Драматургия

КЫЯЛ ТАЖИЕВА, акын:

 

ЭХ, ЭНЕ!

 

Катышуучулар:

Тазагүл – Дастандын апасы

Алым – Дастандын атасы

Дастан

Максат

Урмат

Медайым –

Мухтар – ооруканада бөлүм башчы

Мария – Мухтардын аялы

Берг Линк – окумуштуу, изилдөөчү.

Кошуналар, медайымдар, аялдар, комиссия ж.б. көпчулүк катышат.

 

 

1-КӨШӨГӨ

1-КӨРҮНҮШ

Окуя шаарда, бир үй-бүлөдө өтөт. Эки бөлмөлүү үй. Бурчта жүк жыйылып турат. Жанында керебет. Чай ичкен стол, стулдар. Кадимки өтүп жаткан турмуш картинасы. Жагымдуу музыка жаңырып турат. Тазагүл бөлмөгө кирип келет. Керебетке отуруп тырмагын өгөөлөйт. Телефон шыңгырайт. Телефонун алат.

Тазагүл: Ало… Ало!

Телефонду таң калып карап, кайра кыңылдап ырдап кайра тырмагын өгөөлөйт.

Бир маалда телефону тыңк деп, билдирүү келет. Тазагүл телефонду ачып, билдирүүнү карайт.

Капсалаңдуу музыка жаңыра баштайт. Тазагүл ордунан тура калат. Аябай жини келет. Тазагүл жини менен телефон чалат.

Тазагүл: Кайдасың?.. Качан келесиң?.. Билбейм эч нерсеңди, кел азыр.

 

2-КӨРҮНҮШ

Эшик такылдайт. Тазагүл жини менен туруп барып эшикти ачат. Терс бурулуп, артын карабай, түз эле керебетке артты карап отуруп алат.

Алым колуна көтөүп келген жер-жемиш, азык-түлүктү столдун үстүнө коет.

Алым: Өхий! Эшиктин ысыгы кантет ыя?

Тазагүл Алымды жаман көзү менен бир карайт.

Алым: Муздаткычта муздак сууң барбы? Бере салчы, жаман тамагым кургап кетти.

Алым керебетке келип, Тазагүлдүн жанына отурат. Тазагүл ордунан туруп аркы бөлмөгө кирип кетет. Алым бир топко Тазагүл суу алып келет деп күтүп отурат.  Бирок Тазагүл суу алып келбейт.

Алым: Таку суу бер дебедимби? Берчи?!

Тазагүл унчукпайт.

Алым ордунан туруп, муздаткычты ачып суу ичет. Тазагүл аркы бөлмөдөн келет. Алымды көпкө теше тиктеп турат. Телефонду Алымга көрсөтөт. Денеси титиреп, колдору калчылдап, үнү каргылданып, көзүнө жаш кылгырат.

            Тазагүл: Мобу эмне?

Алым оюнда эч нерсе жок, жайбаракат оозуна бөтөлкөдөгү сууну кулкулдатып куюп, жутуп алып, шашпай телефонду колуна алат.

Алым: Ал эмне экен?

Алым телефондогу сүрөттү көрөт. Тазагүл эмне кылаар экен дегендей сынап карап турат. Алымдын өңү өзгөрүп, жаман болуп кетет. Дагы суу ичейин деп жаткан жерден сууга какап кетет.

Тазагүл: Бул ким?

Алым унчукпайт.

Тазагүл: (Үнүн бийик көтөрөт) Бул ким деп атам?

Алым унчукпайт.

Тазагүл: Бети жок десе! Жогол көзүмө көрүнбөй. Тазагүл Алымдын колундагы телефонду алып, жерге катуу чаап таштайт.

Тазагүл: Чыгып кет!

Алым башын мыкчып керебетке отуруп калат. Тазагүл жини менен чуркап барып, шфонерден кийимдерди ыргытат.

Тазагүл: Жакшылыкты билбеген ит десе! Дагы мен муну киши болсун деп таламын талашып жүрөм. Билгем сенин ушундай кылаарыңды. Тексиз десе. Колундан кокон келбейт. Эми жүрүп-жүрүп колуңдан келгени ушу болдубу ээ? Ушу болдубу?

Бир кийимин алып туруп Алымды башка чабат. Алым унчукпайт. Тазагүл Алымдын кийимдерин спорт сумкага салат.

Тазагүл: Тур, башымды оорутпай кайдан келсең ошол жакка кет. (Оң колун кокосуна такап, шилтеп коет) Сен мени тойгуздуң!

Алым: Кетпейм! Эмнеге кетем өзүмдүн үйүмөн?

Тазагүл жиндеп кетет.

Тазагүл: (Какшык, кекээр күлөт) Өзүмдүн үйүм? Ушул сенин үйүңбү?

Алым: Анан кимдин үйү?

Тазагүл: Эй, атам салып берди го?

Алым: Атам? Эмне чердакка акча берип койсо эле эмне, атаңдыкы болуп калабы?

Тазагүл: А чердакка акча бербесе эмне кылат элең?

Алым: Салмакмын өзүм эле. Атаңдан бирөө акча сурады беле?

Тазагүл: Тууй! Таптакыр жакшылык билбеген ит экенсиң.

Алым: Ооба, силер эле укмушсуңар!Баарына эле автор болуп чыга келесиңер да. Эмне мен бул жерде эшек такалап жүрөмбү?

Тазагүл: Көрдүм эмне кылып жүргөнүңдү.

Алым: Жасаган ишти көзүңөр көрбөсө, мени адам катары көрбөсөңөр ошо да. Силер ушундайымды эле көзүңөр көрөрүн билгем. Билип туруп ушуну жасадым.

Тазагүл: Дагы адамды беттен алып койгонун кара! Тур чыгып кетчи! Жашабайм мен сени менен!

Алым унчукпай калат.

Тазагүл ыйлап кирет.

Тазагүл: Кой, эптеп бутубуздан туруп кетели. Бирди эки, кэини үч кылалы деп жүрөм бул жакта темселеп. Үйдөглөргө жаман-жакшы көрүнүп, балдарды бактырып… (Көз жашын сүртөт) А бул келесоонун кылганы бул!

Алым: Болду эми кечирип кой, экинчи кайталанбайт.

Тазагүл: Эми кайталамактан миң кайтала! Мага эми баары бир! Башың баш, багалчагың кара таш.

Алым: Эми кечирип кой, жаштыкта боло берет да мындай.

Тазагүл: Алым! Сен мени ким деп ойлоп атасың? Мен өзүм келесоомун. Өзүмдү тыйып жүрөм бул жакта. Аял киши унчукпаш керек, аял киши эркектин сөзүнөн чыкпаш керек, аял киши баарын көтөрүш керек… Атаңдын башы! Эми сен сага ким экенимди көрсөтөм. Мен да өзгөрөм! Менин кандай күчтүү аял экенимди билбейт экенсиң. Эми сенин алың жетпейт мага!  Мен үйдө халат кийип, жүдөп жүрсө эле ойлоп атасыңбы, буга ушинте берсе болот деп. Кечирип эле кой! Сен эми баягы Тазагүлдү таппайсың.Өзүңө өзүң кылдың.

Тазагүл аркы бөлмөгө кирип кетет.

Кайгылуу оор музыка жаңырат.

Алым жерде чачырап жаткан телефонду жыйнап, кураштырып, башын жерге салып отура берет.

Тазагүл жакшынакай болуп кийинип чыгат. Күзгүнүн жанына келет. Боено баштайт.

Турмуш жөнүндө ыр жаңырат. Алым унчукпай өзүн күнөөлүү сезип отура берет.

Тазагүл бийик такалуу туфлийин кийип, сумкасын көтөрүнүп алып чыгып кетет.

 

2-көшөгө

1-көрүнүш

Чач тарач. Күзгүнүн алдында Чач тарач кыз менен Тазагүл отурат.

Тазагүлдүн ички монологу жаңырат.

Тазагүлдүн ички үнү: Эч качан эми эримдин көзүн карабайм. Чет өлкөлөрдү кыдырам. Балдарымды өзүм багам. Акчаны да өзүм табам.  Тапканда да акчаны долларлап табам. Өзүм каалаган ишти жасайм. Бизнес кылсамбы, эмне кылсам.? Оо жараткан, менин жашоомду өзгөртчү! Менин ким экенимди өзүмө көрсөтчү!

(Телефон шынгырайт).

Ало, жакшысызбы? Кандайсыз? Эмне болду? Мрду?  Мурду дайыма эле канап кете берет. Токтобой жатабы? Чалкасынан жаткырып койсоңуз. Азыр барам. Мына чыгып атам.

Чач тарачка карайт.

Тазагүл: Бүгүн чачымды кое туралычы. Балама барышым керек болуп калды.

Чач тарач Тазагулдун мойнундагы жапкычын алат.

Жарык өчөт.

2-КӨРҮНҮШ

 Оорукана. Догдурдун ординатордук бөлмөсү. Тазагүл менен Догдур отурат.

Догдур: Балаңыздын мурду канаганына канча болду?

Тазагүл: Кичине кезинен бери эле бат-бат канай берет.

Догдур: Анализ тапшыртып көргөн эмес белеңиз буга чейин.

Тазагүл: Эми баланын мурду канай берет го. Атайын деле кан тапшырып көргөн эмеспиз.

Догдур: Мм…

Тазагүл: Баламды ооруканага жаткырбай эле койгонуңар дурус го. Мен үйдөн эле карайм. Бир аз сабагынан нагрузка болуп кетти окшойт. Бат эле өзүнө келет.

Догдур: Биз азыр балаңызды эч кандай үйгө кое бере албайбыз.

Тазагүл: Жакшынакай эле турат го. Бул жерден эмне кылмак эле?

Догдур: Баланын атасы барбы?

Тазагүл: Бар.

Догдур: Атасын чакырасызбы?

Тазагул: Эмне болду, мага деле айта бериңиз.

Догдур: Жок, атасы келсин.

Тазагүл: Мен атасы менен жашабай калгам. Билбейм анын азыр каякта экенин. Айта бериңиз мага.

Догдур ордунан туруп кетет.

Догдур: (Пауза). Мен азыр келем.

Догур чыгып кетет.

Коркунучтуу, кайгылуу музыка жаңырат. Тазагулдүн жүрөгү бир нерсени сезгендей үрөйү учуп отуруп калат. Улам баш созуп, догдурдун алдындагы кагаздарга көз салат. Эмне кылаарын билбей ордунан тура калып,к айра отуруп, тынчсызданат.

Догдур кирип келет. Тазагүл ордунан тура калат.

Тазагүл: Айланайын догдур аке! Деги айтыңызчы? Эмне  болду? Айтыңызчы?

Догдур: (колуна столдогу кагазды алып, дагы бир жолу окуйт) Балаңыз сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан.

Тазагүл: (түшүнбөй догдурду карайт) Эмне?

Догдур: Балаңыз Апластикалык анемия деген дарт менен ооруп жатыптыр.

Тазагүл: (үрөйү учуп карайт) Ал эмне болгон дарт?

Догдур: Жер шаарында миллион адамдын бири ооруйт. Кан оорусу.

Тазагүл:Айыгабы балам анан? Айыгабы?

Догдур: Азырынча бул ооруну дарылоонун жолун табыша элек.

Көпчулүк балдар он эки жашка жетпей кетип калышат.

Тоо урап, чгылган чартылдап, топон суу жүргөндөй ааламат жарыктын, музыканын жардамы менен чагылдырылат.

Тазагүл: (Башын мыкчып, дендароо болуп эле бопбоз болуп туруп калат). Болушу мүмкүн эмес… А эмнеге менин балам? Эмнеге менин балам! Эмнеге? Эмнеге менин балам?

Аа-аа-аа-аа!

Тазагүл башын мыкчып өкүрүп ыйлайт.

Эки медсестра кирип келет. Тазагүлдү колтуктап чыгып кетишет.

Догдур эмне кылаарын билбей ойлонуп туруп калат.

 

3-КӨРҮНҮШ

Оорукана. 3-палата. Дастан керебетте секирип ойноп жатат. Тазагүл кирип келет. Баласын карайт. Жүрөгү сызылып, бир башкача аое менен оор карайт. Дастан Тазагулдүн кызарган коздөрүн көрүп, апасынын жанына келет.

Дастан: Апа, эмне ыйладыңызбы?

Тазагүл: (башын чайкайт). Жөн эле… Көзүм ооруп атат окшойт.

Дастан: Доктурга көрсөтпөйсүзбү?

Тазагүл унчукпай баласын бооруна кысат. Көзүнө жаш келет. Ыйлабаганга аракет кылат. Баласына көрсөтпөй жашын сүртөт.

Тазагүл: Кел, келчи, денеңди карайын.

Дастан: Эмнеге?

Тазагүл: Денең дагы көгөрдүбү?

Тазагүл Дастандын кийимин чечет. Дастандын буттары, колдору, каруулары көгала.

Тазагүл: Көп секирбе. Кокус жыгылып кетип мурдун канаса токтото албай калабыз.

Дастан: Ой коркпоңузчу. Мен оорубай эле калдым. Качан кетебиз үйгө?

Телефон шыңгырайт.

Тазагүл эшикти көздөй чыгып кетет.

Дастан жанындагы балага карап күлөт.

Дастан: Бул менин апам. Сен кайсыга жеттиң эле? Кел кайра ойнойлучу.

Экөө кайра шахматты тизе башташат.

Жарык өчөт.

4-КӨРҮНҮШ

Оорукананын бакчасы.

Алым менен Тазагул отурат. Алым башын жерге салып турат.

Тазагүл: (үшкүрүнөт) Дастан өзү билсе эмне болот?

Алым Тазагүлдү жалооруп карайт.

Алым: Айтпашыбыз керек.

Тазагүл: Кантип билбей коет. Акыры билинет да… (Тазагүл ыйлап кирет). Кайдагы балакети жабышты. Тынч эле жашап атпадык беле…

Алым: Өзгөрөм деп жаттың беле? Мына эми баары бир паста өзгөрүп кетти.

Тазагүл ыйлай баштайт. Өксүп ыйлай баштайт.

Тазагүл: Эмнеге биздин балабыз? Айтчы? Эмнеге Дастан? Айтчы эмнеге?

Уу-уу-уу-уу!

Алым да солкулдап ыйлай баштайт.

Алым: Сен мени кечирип койчу. Ушунун баары менин айыман болду.

Тазагүлдү кучактайт.

Тазагүл: Сен да мени кечирип койчу! Эми экөөбүз кайда барабыз? Ким бизге балабызды айыктырып берет Алым!

Экөө кучакташып алып көпкө ыйлашат.

Тазагүл: Кудайга эмнебизден жаздык? Биз ага эмне кылдык?

Тазагүл өксүп ыйлаганын ткототпойт.

Алым Тазагулдү далыга таптап сооротконго аракет кылат.

5-КӨРҮНҮШ

Оорукана. Дастан, Максат жана Урмат үчөө ойноп жатышат.

Максат: Урмат, сенин мурдуң канап атат.

Урмат: (чочуп кетет. Мурдун басып чалкасынан жата калат). Чакыр эжекени.

Максат чуркаган бойдон кетет.

Урмат: Дастан… (көзүнө жаш кылгырат) мен апамды көрбөй каламбы?

Дастан: (капарсыз, сөзгө көп маани бербейт).Эмнеге?

Максат менен Медайым экөө чуркап келишет.

Артынан дагы бир медайым, бир догдур чуркап келет.

Медайым: Эмне кылдың эле? Катуу жыгылдыңбы?

Догдур: Силерди күнгө көпкө турбагыла дебедик беле? Бас киргиле.

Медайымдар, догдурлар ызы-чуу түшүп Урматты  каталкага сүйрөп кетишет.

8-КӨРҮНҮШ

Көчө. Музыка үчүн колонка коюлган. Көчөдө коробка кармаган беш алты аял турат. Алар Тазагулдүн кошуналары.

Зуулдап өткөн машинелер. Улам токтогон машиненин үндөрү. Микрофондо Жаркын кошуна сүйлөп жатат.

Жаркын: Урматтуу Жаштык айылынын тургундары. Кыргыздын чырактай уулу Алым уулу Дастан сейрек кездешүүчү апластикалык анемия оорусуна чалдыккан. Анын операциясы үчүн көп суммада акча керек болууда. Жаш өмүрдү сактап калууга салым кошууңузду өтүнөбүз!

Бир машине келип токтойт. Тазагүл чуркап барат. Машинедеги адам терезесинен Тазагүлгө акча сунат.

Тазагул: Рахмат байке!

Айдоочу: Чоң кыз көчөдө кайыр сураган сизге деле кыйын болуп жатат го.

Кайрымдуулук фонддорго барбайсызбы? Азыр жакшы жардам беришет.

Тазагул: Аларга да кайрылдык. Мен баламдын ден-соолугу үчүн баарына чыдайм. Кабатыр болбоңуз.

Колонкадан музыка жаңырат.

“Жить, жить, жить!”.

Акырын жарык өчөт.

4- КӨРҮНҮШ

Оорукана. Дастан менен Максат отурат.

Дастан: Урматка эмне болду?

Максат: Айтышты го догдурлар. Ал жок болду.

Дастан: Эмнеге жок?

Максат:

Дастан: Эмнеге? Кантип эле?

Максат: Ошо ошентип эле.

Дастан: Жакшынакай эле жүрбөдү беле?

Максат: Сен да, мен да ошентип жакшынакай туруп эле жок болуп калышыбыз мүмкүн.

Дастан: Эмнеге?

Максат: Биз ушинтип ооруйбуз да.

Дастан: Мен оорубай эле турам. Апам келсе эле үйгө кетем мен.

Максат: Кетпе. Бул жакта болгонуң жакшы. Сен да, мен да любой момент өлүп калышыбыз мүмкүн.

Дастан: Калп айтпа.

Максат: Чын. Менин бул ооруканада жашаганыма бир жыл болду. Көп балдар өлүп кетти.

Дастан: Сен эмне деп эле атасың?

(Дастан ордунан тура калат). Мен эмнеге өлмөк элем, өлбөйм. Сага ким айтты.

Максат унчукпай отура берет.

Дастандын көзүнө жаш тегеренип, денеси калчылдай баштайт.

Телефон чалат.

Дастан:  Апа, мени качан алып кетесиңер? Келчи батыраак. Мен коркуп атам.

Жарык өчөт. Коркунучтуу музыка жаңырат.

5-КӨРҮНҮШ

Оорукана. Дастан ыйлап отурат. Тазагүл анын башын көкүрөгүнө жөлөп отурат.

Тазагүл: Коркпо, балам коркпо! Мен сени эч качан бербейм ажалга. Эч качан.

Дастан: Апа, эмнеге мен? Башка балдар жакшынакай эле жүрушөт го.

Тазагүл: Сен деген кудайдын сүйгөн баласысың.

Дастан: Ишенбейм. Мени сүйсө минтип кыйнамак эмес. Апа кайдагы калпты айтпачы. Алдаба!

Тазагүл:

Тазагүлдүн көзүндөгү жаш Дастандын бетине тамат. Дастан бетин аарчыйт.

Дастан: Апа, мен өлгүм келбейт. Эч качан.

Дастан ордунан тура калат.

Тазагүл: Сен өлгүң келбесе эле өлбөйсүң.

Дастан: Урматтын деле өлгүсү келген эмес. Өлүп калды го?..

Тазагүл унчукпайт. Оор үшкүрүнөт.

6-КӨРҮНҮШ

Оорукана. Бөлүм башчы Мухтарбектин кабинети. Мухтар менен Тазагүл отурат.

Мухтар: Биз бул дарыларды Индиядан алдырабыз. Азыр акыркысы калды. Дагы буйрутма берип койгонбуз. Бирок ал келгенче балаңа бул дарыны ичирип турбасаң болбойт.

Тазагүл: Макул. Рахмат!

Мухтар: Башка ата-энелер укпасын. Мен аларга бир айдан кийин келет деп койгом.

Тазагүл: Бул оору менен ооругандар он чакты эле экен го. Мамлекет ушу он баланын дарысын бекер эле көзөмөлдөп, чет жерден арбын алып келип берсе болбойбу? Ансыз деле балдарыбыз ар бир мүнөт үчүн күрөшүп жашап жатат. Бизге да оңой болгон жок.

Мухтар: Оо, кайдагы мамлекетти айтасың. Эч кимге ишенбесе сен. Мамлекетке ишенсең талаада калбайсынбы?

Тазагүл: Биздин алыбыз жетпей баратат. Мына күнүгө канга эле 3000 сомдон кетип атат. Андан тышкары химиясы, кошумча дарысы…

Биздин чама-чаркыбыз жетпей калды. Үйдү сатыкка койдук.

Мухтар: Эми мен да колуман келген жардамды кылып атам. Эмне кыл дейсиң.

Мухтар тартмасынан дары алып чыгып Тазагүлгө берет.

Тазагүл дарыны колго алып, мөөнөтүн карайт.

Тазагүл: Мунун мөөнөтү өтүп кетиптир го?

Мухтар: Аа аны ошентип жаза беришет. Бул жакшы эле таасир берет.

Тазагул: Кызык, өзү өлгөнү жаткан немеге муну кантип берем? Бере албайм муну.

Мухтар: Ой мен турам го. Бере бер, эч нерсе болбойт.

Тазагүл баш чайкап, көзүнө жаш кылгырат.

Кайгылуу музыка жаңырат.

 

7-КӨРҮНҮШ

Дастан менен Максат экөө тамак жеп отурушат.

Дастан: Максат, сен ким болгуң келчү эле?

Максат: Мен Президент болгум келчү. Сүрөттү жакшы тарткан Президент.

Дастан: Мен окумуштуу болом дечүмүн.

Максат: Эгер мен ооруп калбаганда эмне кылмакмын айтайынбы?

Дастан: Ии

Максат: Көп окумакмын. Окуй эле бермекмин. Анан күнүгө бир адамга жардам бермекмин.

Дастан: Кимдерге?

Максат: Карыган кишилерге, майыптарга.

Дастан: А кел азыр деле жардам беребиз.

Максат: А биз аларды кайдан табабыз?

Дастан: Бул оорукана чоң экен го. Бар болуш керек жардам сураган кишилер.

Максат: Ии чын эле ээ?

Дастан: Сен ырас айттың? Мен өмүрдү кантип жакшы жашаш керек деп аябай ойлонуп аткам. Жүрү жардам бергени кеттик.

Максат: Жүрү!

Дастан менен Максат экөө шашып эшикти көздөй жөнөшөт.

Бөлмө бош калат. Кайгылуу музыка жаңырат.

Бир маалда кайра чуркап кирип келишип, экөө тең керебеттерине жата калышат.

Медайым булардын артынан кирет.

Мдайым: Эй балдар эшикке чыкпагыла дебедим беле? Эми агы бир жолу чыкканыңарды көрөйүн. Силерге деген чаңга жүргөнгө болбойт. Муздак шамалга турганга да болбойт. Ысыкка да болбойт. Мына ушул палатанын температурасында гана болушуңар керек. Чыкпагыла эч жакка.

Медайым чыгып кетет.

Кайгылуу музыка жаңырат.

Дастан: (төшөткөн башын чыгарып) Максат?

Максат: Ии?

Дастан: Сен өлүп калгандан корккон жоксуңбу?

Максат: Жаңы ооруп баштаганда аябай коркком. Азыр коркпой калдым.

Дастан: Эмнеге? 

Максат: Атам айтты. Аркы дүйнөдө да жашоо бар. Адам жаны эч качан өлбөйт. Болгону бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өтөт дейт.

Анан коркпой калдым. Менин карындашым эки жашында чарчап калган да. Мен ошого жолугам деп сүйүндүм.

Дастан: Мен деле өлгөндөн коркпойм, бирок… Атам жумуштан келатканда бир башкача мени жакшы көрүп келип кучактайт да… Анан анын атыр жыты үйду сонун кылып коет. Мен ошол жытты жыттабай калгандан корком.

Максат: Коркпо.

Жарык акырын өчөт.

8-КӨРҮНҮШ

Оорукана. Түн. Дастан түш көрөт. Тушүндө аппапак кийинген сулуу кыз келип маңдайынан сылайт.

Дастандын үнү: Сен кимсиң?

Периште: Мен өмүрмүн!

Дастандын үнү: Сен чын эле өмүрсүңбү? Сен менден кетпейсиңби?

Периште: Бул дүйнөгө сен жөн келген жоксуң. Сен ошону билишиң керек.

Дастандын үнү: Мен эмнеге келдим?

Периште: Сен адамдарга өмүрдүн баркын түшүнтүү үчүн келгенсиң.

Дастандын үнү: Ошондо мен эмне кылышым керек?

Периште: Сен күчтүү бол!

Периште ордунан туруп кетүүгө камданат.

Дастандын үнү: Сен кайда өмүр? Өмүр кетпе! Кетпе!

Периште унчукпай кете берет.

Дастан: Кетпе! Кетпе!

Дастан ордунан ыргып турат.

Караса Максат ордунда жок.

Дастан: Максат, Максат!

Дастан ордунан ыргып туруп, кербеттеги жуурканды ишенбей ачат. Керебеттин алдын карайт.

Дастан: Максат! Максат!

Дастан эшикти көздөй жүгүрөт.

Палатага медайым кирип келет. Дастан артынан кирет.

Дастан: Эже, Максатты көргөн жоксузбу?

Медайым: Максат реанимацияда.

Дастан медайымды жаман көзү менен карап, кетенчиктеп барып керебетке отуруп калат.

Дастан: Кан-дай-ча?.. Ал… Ал.. Ал жана эле жакшынакай турбады беле?

Медайым: Эмне кыл дейсиң. Силердин оору ошондой да. Качан эмне болуп кетээриңерди билбейбиз.

Дастан башын жерге салып отуруп калат.

Медайым: Максаттын кийимдери кана? Жыйнап туруп апасынын колуна берип кой.

Медайым чыгып кетет.

Кайгылуу музыка жаңырат.

Дастан шалдайып эле отуруп калат.

 

 

9-КӨРҮНҮШ

Тазагүл менен Күмүш кирип келет.

Тазагүл: Балам жакшы элесиңби? Максатка эмне болду?

Дастан: Билбейм, турсам жок экен.

Күмүш: Кашайган жаным ай! Кетпей эле турбай. Айылдан акча жибердик дегендеринен чуркап кетпедимби.

Тазагүл палатаны жыйнап, полду жууп кирет.

Күмүш: Бугүн алтынчы күн да. Догдур келбейт дейт. Канды ала турган жер да бүгүн иштебейт экен. Эми кайдан таптым?

Тазагүл: Кандайча иштебейт? Бул жакта адам өлгөнү жатса, эмнеге иштебейт?

Күмуш: Булар ошондой. Башынан эле алтынчы-дем алыш күнү иштебейт.

Тазагүл: Эмне булар догдурлар эс алууда, оорубай туралы дейт бекен? Жеткен келесоо немелер го булар. Жок дегенде дежур доктуру болушу керек да?

Күмүш: Дежур доктуру бар экен. Ал кан жок. Кан биринчи күнү болот деп жатпайбы.

Тазагүл: Ушул ооруканада коркунучтуу оорудан беш-алтоо эле жатат. Жок дегенде ушуга бир шарт түзө албаса, бул эмне деген оорукана? Эмне деген мамлекет?

Күмүш: Балам бирдеме болуп кетчү болсо азыр ушу жерди өрттөп кетем. Ушунча жаным күйүп турат.

Тазагүл: Болбойт мындай. Кан табышыбыз керек.

Тазагүл жинденип ары-бери басат.

10-КӨРҮНҮШ

Реанимация. Догдур, медайымдар ызы-чуу болуп чуркап жүрушөт. Күмүш чаңырып ыйлап жатат.

Күмүш: Кара көзүм кашайды. Кара көзүм кашайды. Оо жараткан эмне кылдың? Эмне кылдың баламды?

Уу-уу-уу-уу-уу-уу!

Тазагүл Күмүштү колтуктан таяп турат. Алым менен Бектур экөө башын жерге салып отурат. Дастан буларды үйрөйү учуп карап турат.

Күмүш: Каражаным балам ай! Сенин ордуңа кудай мени алса не?! Мени алса не?! Эч нерсе көрбөй эле кетип калды. Эч нерсе көргөн жок. Акылыңан сенин акылыңан. Сеникиндей акыл кимде бар эле? Секет кетейиним! (Өксүп ыйлайт. Кийимин жыттайт). Жытыңан сенин жытыңан. (Ордунан тура калат). Сени мен кантип кара жерге берем. Кантип, кантип?

Аа-аа-аа-аа-аа-аа! (болгон күчү менен кыйкырат) Мен эми кантип жашайм, балам!

Тазагүл да Күмуштү карап, жанына жакын жолой албай, Дастанды кучактап алып ыйлап отурат.

11- КӨРҮНҮШ

Дастан палатага кирет. Максаттын керебетине отурат. Дубалда илинип турган сүрөттү колуна алат.

Максаттын үнү жаңырат:

Мен Президент болгум келет. Дүйнөдөгү бүт сүрөт галереяларын кыдырып келсем ээ? Мен сүрөттү жакшы тарткан Президент болмокмун!

Дастан колундагы сүрөттү акырын өбөт.

Баш жагына сүрөттү катып коеюн деп жатып теспени көрүп калат. Теспени колуна алат. Ичинен келме келтире баштайт.

Дастан: Лайлаху илаллох, Мухаммад рассуллулох, лайлахи иллалох…

(Бир маалда Дастан ичиндеги бугу батпай ыйлап кирет. Бир маалда жарыла бакырат). Аа-аа-аа-аа-аа!

Ордунан тура калып столдун үстүндө турган дарыларды, кружкаларды ж.б. майда оокаттардын шаарын жерге шыпырып тушөт.  Идиштерди талкалайт. Керебетте жууркандарды чачат.

Дастан: Аа-аа-аа -аа!

Тазагул менен Алым кирип келет. Дастан терезеден секирмекчи болуп терезеге асылат. Алым чуркап келип дастанды кармап калат.

Дастан: Ата, кое бер! Кое бер! Мен өлөм! Мен өлө-өм! Мен баары бир өлө турган адаммын! Мага жолобогула! Мен үчүн убара болбогула! Мен өлөм! Мен өлөм!

Дастан Алымдын кучагынан бошонгонго аракет кылып тепкиленет.

Тазагүл: Жап жаагыңды! (Чаңырат) Сен өл-бөй-сүң!!! Экинчи ушул сөз оозуңдан чыкчу болсо, сени өз колум менен өлтүрөм!

Алым да, Дастан да унчукпай туруп калышат.

Тазагүл: (Үнүн пастатып) Балам, суранам! Өзүңдү колго ал! Сага толкунданганга болбойт. Азыр мурдуңан кан кетчү болсо билесиңби?

Дастанды келип кучактайт.

Дастан жоошуп энесин кучактайт.

Алым: Балам, баарыбыз кудайдын колундабыз. Эртең мен өлөмбү, апаң өлөбү же сен өлөсүңбү эч ким билбейт.  Эч нерседен коркпо!

Дастан: Ата, үйгө кетеличи. Мен Гүкү менен Макишти сагынып кеттим.

Тазагүл: Бугүн сени үйгө алып кетебиз. Биринчи күнү догдур келгенде келебиз.

Дастан көз жашын аарчып, чачылган оокаттарды жыйнай баштайт.

12-КӨРҮНҮШ

Бөлүм башчынын орун басары Мариянын кабинети. Мариянын мойнунда эки-үч алтын цепиочканы катары менен тагынган. Колдорунун манжалары бүт алтын шакек. Кымбат баалуу сөйкө тагынган. Кийген кийими азыр майрамга катышчудай кебетеде өтө жасанган. Тазагүл маңдайында кебетесине өтө таң калып карап отурат.

Тазагүл: Эже, эмне үчүн сиздер алтынчы, дем алыш күнү иштебейсиңер? Силердин айыңардан эле каза болду Максат Курманов.

Мария: Сиз эмне деп атасыз?

Тазагүл:Эмне үчүн эс алуу күндөрү эч ким жок. Балага кан бергенге киши жок үзүлүп кетти деп атам. Эртең менин балам да ушинтип өлүп калышы толук мүмкүн. Мен буга жеткирбейм.

Мария: Чоң кыз, атыңыз ким эле?

Тазагүл: Тазагүл Жумаевна!

Мария: Тазагүл, катуу тийсе кечирип кой. Бирок ачыгын айтканда Максат ал баары бир оорусун жеңе алмак эмес. Аныкы белгилүү болчу. Анан жөндөн-жөн эле ажалы келген неме үчүн бизди күнөөлөй берген болбойт да.

Тазагүл: Баары бир өлмөк дегиң келип атабы? (Көзүнө теше тиктеп, үнүн бийик чыгарып сүйлөйт).

Мария: Азыр бул ооруга медицинанын күчу жетпейт. Кандай түшүнбөгөн немесиң?

Тазагүл: Эже, сизде бала барбы? Биз үчүн балабыздын жарым секунд өмүрү узарса да ошого шүгүр кылып отурабыз. Кандай түшүнбөйсүз? Максатка убагында кан куюлганда бир күн болсо да жашамак. Жок дегенде энесин көрүп калмак. Энеси акча таап келгиче, бул жактан өлтүрүп салдыңар.

Мария: Өлтүрүп салдыңар де?! Оозуңа карап сүйлө эй кыз!

Тазагүл: Мага эми баары бир. Мен балам үчүн эми эч нерсеңерге карабайм. Мен сизге эскертип жатам. Мамлекет тараптан гумжардам келет экен го. Биз балдарыбызга күнүнө жети миң сомго чыгым болуп атабыз. Жок дегенде дарысын алып берсе болот экен го? Чет өлкөдө мындай ооруган балдар бекер дарыланат.

Мария: Эми өкмөттө акча жок болсо, чөнтөгүмөн берейинби? Сообу мобу кыз. А жанагы сен айтып жаткан гумжардам айыкканга шансы бар ооруларга жумшалат. Ошон үчүн…

Тазагүл: Молчи! Молчи!

(Тазагүл болгон үнү менен жаны чыкканча кыйкырып, ордунан тура калат) Ким айтты сага айыкпайт деп, ким айтты?

(Тазагүл ордунан тура калып, Марияны жакадан алат. Отурган столунан сүйрөп чыгат).

Сен эмне кудай болуп кеттиңби?

Кудайсыңбы? (Жакадан кармап алып жулкулдатат). Айтпа менин баламды айыкпайт деп. Балам айыгат, балам айыгат! Балам… а-йы-гат!

Тазагүл өзүн жоготуп, Марияны жаакка-жаакка чаап салат.

Тазагүл эсине келет да Марияны кое берет.

Тазагул бөлмөдөн чыгып кетет. Мария эмне болуп кеткенин түшунбөй чачы-башын ондоп отуруп калат.

 

13-КӨРҮНҮШ

Аянт. Толтура аялдар плакат көтөрүп турат.

“Биз дагы жашагыбыз келет!”

“Апластикалык анемия оорусуна өкмөт жардам берсин!”

“Биз бир мүнөт болсо да тирүү жашагыбыз келет!”

“Бизге кайдыгер болбогула!”

“Эс алуу күндөрү оорукана толук иштесин!” – деген сыяктуу жазуулар колдорунда.

Аялдар ызы-чуу болуп кыйкырып турушат. Четте эки аял сүйлөшүп турат.

1-аял: Сенин балаң ооруйбу же кызың ооруйбу?

2-аял: Балам ооручу. Өтүп кетти.

1-аял: Арты кайрылуу болсун! Анда эмнеге келдиңиз?

2-аял: Башка ооруган балдар бир күн болсо да жашасын деп келдим.

1-аял: Рахмат сизге!

2-аял: Сенин балаң канчада?

1-аял: Тогузда. Биз анын ооруганын жаңы эле билдик. Турцияга операцияга алып барып көрсөкпү деп жатабыз.

2-аял:Биз барганбыз. Эч майнап болгон жок.

1-аял: Менин күйөм баланын оорусун билгенден кийин эле таштап кетти.

Төркүнүм: “Операция кылдыр, балким айыгып кетет”, – деп

Болбой акча чогултуп жатышат. Барып көрөлү. Баарынан да балама атасынын кетип калганы оор болду.

Адам ушундайда анык жүзү билинет турбайбы…

2-аял: Коркпо, балким балаң айыгып кетет.

1-аял: Балам болсо “Апа өлбөйм, мен сени багам” – дейт.

2-аял: Сен бактылуусуң. Жок дегенде балаңдын тилегин угуп жүрөсүң.

1-аял: Сиздин балаңыз ооругандан кийин канча убакыт жашады?

2-аял: Алты ай.

1-аял: Алты ай?..

Экөө тең унчукпай калышат.

Кайгылуу музыка жаңырат.

 

14-КӨРҮНҮШ

Аялдар кафеде отурушат.

Тазагүл: Анда эмесе эжекелер! Бүгүн баарыбыз бүт проблеманы унутуп, бир аз эс алабыз. Эч ким эч нерсени эстемей жок. Министрликке, кайрымдуулук фонддорго кат жөнөттүк. Буюрса кайрылуубуз колдоо тапса, дары-дармектер, химия, дарылоо баары бекер болот. Экинчиден, дем алыш күндөрү дагы догдурлар орундарында иштейт. Биз болгону балдарыбызды карайбыз. А башка көйгөйлөрдүн баарын эми оорукана өзү чечет. Бизди кабыл алган депутаттар да, министр да бул маселени тезинен чечип беребиз деди. Буюрса, буюрса деп туралычы. Баары ордуна келет. Биздин балдарыбыз айыгат! А бүгүн кудай деп майрамдап туралы.

1-аял:Өлүп ям кетсин ээ баары!

3-аял: Өлүп ям кетсин!

4-аял: Чын эле, мен аябай чарчап кеттим.

5-аял:Баарынан да санаа адамды сындырат экен. Күчтүү бололу. Санаага алдырбайлы. Бирге бололу. Бир жүрсөк баарын жеңебиз.

Тазагүл: (Баарына шампан куят). Кана эмесе, баарыбыз алып жиберели!

Баары алып жиберишет. Ызы-чуу, бака-шака түшүп дагы алышат. Аялдар бир аз кызуу болуп калышат.

3-аял: Эжекелер силердин өлгүңөр келе бербейби?

4-аял: Кана эми балдарыбыз өлгөнчө өзүбүз өлүп калсак.

5-аял: Ооба, жеңил болмок.

6-аял: (бышактап ыйлап кирет). Карасаң, биздин таалайыбыз таштан катуу. Азыр канча миллиондогон аялдар бактылуу эле, бейкапар жашап жүрушөт. А бизчи?

7-аял: Чын эле, биз кудайга эмне кылдык?

3-аял: Чын эле. Эмнеге биз? Кудай калыс эмес экен негизи.

8-аял: Кой, антип кудайга акаарат келтирбегиле!

3-аял: Тфу, урдум ошол кудайыңды! (Жини менен бакырат). Ырас бала бердиби, ден-соолугу менен берсе өлөт беле? (кокосун көрсөтөт). Мына мага момундай жетти кокого! Урдум мен баарын! Кудайдын алдына да барармын. Ошондо бетине түкүрөм.

6-аял: Астафуралла! Сөзүңдү ал кайра.

7-аял: Кой антпе! Ансыз да баарысы аран турат. Жок дегенде кудайдын ачуусуна тийбей тур!

3-аял: Чын, мен ушунча тажап кеттим. Ушунча! Бул эмне деген кордук? Балаңдын көзү жайнап турат бу дүйнөдөн көзү өтүп. А сен анын эртең өлүп калаарын билесиң.

(Бугу чыкпай, кыйналып, жүрөгү күйүп ыйлайт). Бирок колуңдан эч нерсе келбейт. Аны төрөгөн энеси болуп туруп эч нерсе кыла албайсың…

Уу-уу-уу-уу-уу!

Баары кошулуп ыйлайт.

6-аял: Эжекелер, биз кудай сүйгөн адамдарбыз. Биздин балдар жөн балдар эмес. Байкасаңар баары акылдуу, зээндүү, кыраакы, таланттуу. Менимче буларды кудай бизге жөн жиберген эмес. Аларды төрөгөн биз деле оңой эмеспиз го деп ойлойм.

8-аял: Ооба, туура айтасың. Мен деле ошентип ойлойм.

Тазагүл: Оп бали! Сөз эмес бекен! Анда эмесе биздин өзгөчө балдар үчүн!

Баары стакан көтөрүшөт.

Бир маалда 3-аял телефондон “Мама” деген ырды коет. Баарылап хор ырдашат.

Кайгылуу музыка жаңырат.

Акырындап жарык өчөт.

 

 

 

 

15-КӨРҮНҮШ

Түн. Дастан үйдө. Шам жагып алып, окуу столунда отурат.

Бир маалда кудайга кат жаза баштайт.

Дастандын үнү:

Оо жараткан, мен ушул дүйнөнү канчалык жакшы көрөрүмдү билесиңби?

Бул дүйнө кандай кооз, кандай сулуу, кандай жакшы. Сен мени кайсы убакта алып кетсең да макулмун, бирок, мага бул дүйнө жөнүндө көп айтып берчи. Мен бу аалам жөнүндө көп нерсе билип кетким келет. Мен жетишпей жатам. Оорубаган адамдар таптакыр өмүрдүн баркын билбейт экен. Карасам баары тең акча талашып, устукан талашып, болбогон нерсе үчүн бири-бирине таарынып жүрүшөт. Алар ар бир күнү аябай баалу экенин сезишпей жатат. Ишенесиңби кудай, мен алардын ар бирине ушуну жеткиргим келип атат, бирок алар мени укпайт да. Кудай, суранам, адамдардын ар бирине өмүрдүн баркын үйрөтчү. Сенден башка эч кимдин колунан келбейт экен.

Мен апамды, атамды анан эки бөбөгүмдү кантип ыраазы кылсам болот? Мен аларды ушунчалык жакшы көрөм. Мен өз өмүрүмдөн деле корккон жокмун, бирок булар мен жок болсом эмне болот? Алар ооруп калат го… Кудай мен аларды кантип дагы көп жакшы көрө алам. Мен аларды кыйнап койдум. Жараткан, сен мени качан алып кетсең да мен даярмын, бирок бул жашоо жөнүндө көп нерсе үйрөтчү.

Дастан катты жазып бүтүп, аны бир табакка салып акырын өрттөйт. Каттын жалыны бүт сахнаны жарык кылат.

Ааламдык духту көтөргөн музыка жаңырат.

Кат күйүп бүтүп жалыны өчкөдө Дастан күйүп бүткөн каттын күлүн колуна алып, асманга үйлөйт.

Жагымдуу музыка жаңырат. Асмандан жарык нур түшөт. Проектордун жарыгы менен каттын күлү жерге түшпөй эле асманга учуп бараткандай элес тартылат.

Жагымдуу музыка жаңырат.

 

 

 

16-КӨРҮНҮШ

Бөлүм башчынын орун басары Мариянын кабинети.  Мария ары-бери басып, тамеки чегип жатат. Медайым кирет.

Медайым: Чакырттыңызбы?

Мария:Текшерүү келатат дейт. Эртерээк историяларыңды туурала.

Медайым: Качан келет экен?

Мария: Эртең. Баарын эшектин кулагындай түздөп кой.

Медайым: А жанагы дарылар боюнча отчетту кандай кылабыз?

Мария: А.. а… а… аны өзүм тууралайм. Жанагы бетпак аял Дастандын апасын чакырчы.

Медайым чыгып кетет. Мария шкафтагы документтерин алып столго коет. Ою бир жерде эмес.

Тазагүл кирип келет.

Мария: Ии нахалка! Сен мага өткөндө кол көтөргөнүң үчүн соттотуп ийсем жарашмак. Дагы балаңды аядым. Эч нерсе билбегендей жүрөсун анан?

Тазагүл: Мен эмне болушум керек? Өзүңүзгө өзүңүз кылдыңыз.

Мария: Көрөбүз кимдин ким экенин. Балаңдын бир буту төрдө, бир буту көрдө тургандан кийин бизге кастарынды тиккенге сага ким коюптур.

Тазагүл: Мен кастарымды тиккен жокмун. Мен чындыкты, акыйкатты талап кылып жатам.

Мария: Сен эми көп сүйлөбөй, балаңды ал да чыгып кет бүгүн ооруканадан.

Тазагүл: Тапкан экенсиз чыгара турган адамды. Негизи биз эмес сиз чыгып кетишиңиз керек. Эмне бул жер күйөң экөөңө атаңардан калды беле?

Бир склад дары сатыкта турат го. Индиядан, Турциядан жардамга келген дарыларды сатып атканыңарды эмне эл билбейт дейсиңерби?Силер адамдардын кайгысынан, шорунан акча жасап жатканыңар үчүн жооп беришиңер керек..

Мария: Ким жооп берет аны көрө жатабыз.

Тазагүл: Мен эч кандай баламды алып чыгып кете албайм. Кечирип эле коюңуз. Текшерүү келсин… Көрөбүз бул жерден ким чыгып кетет.

Тазагүл эшикти катуу жаап чыгып кетет.  

17-КӨРҮНҮШ

Оорукана. Беш-алты киши текшерүүдө жүрөт. Мариянын кабинетинин жанына келишет. Такылдатышат.

Мария эшикти ачып, комиссия экенин көрөт да кайра жаап алат.

1-комиссия: (кайра такылдатат) Биз министрликтен тешерүүгө келдик. Ачыңыз эшикти.

Мариянын үнү: Ачпайм эшикти. Билгениңерди кылып алгыла!

1-комиссия: Ачыңыз!Мыйзам алдында жооп берип каласыз?

Мариянын үнү: Билген жагыңарга баргыла!

Беш-алты комиссия бири-бирин карашат.

1-комиссия: Директорун чакырып келгилечи.

Комиссиянын жардамчысы чуркаган бойдон кетет.

2-комиссия: (баш чайкайт) Ушундай да болобу ээ?

3-комиссия: Тескөө жок болсо, эч ким карабаса, оорукана менен эч кимдин иши болбосо ушундай болот, анан кандай болмок эле?

Директор менен комиссиянын жардамчысы келет.

1-комиссия: Жолдош директор, бул бөлүм башчыңыз эшигин ачпай жатат го?

Директор эшикти такылдатат.

Директор: Мария! Мария мен директормун. Ач эшикти!

Мария эшикти ачпайт.

Директор ыңгайсызданып, комиссияга карап жалооруйт.

Директор: Бул ачпайт.

1-комиссия: Сен директорсуң да. Сага эмнеге эшик ачпайт.

Директор: Бул мени тоготпойт. Мунун крышасы өйдө жакта.

1-комиссия: Тууй-ата! Ошондой де!

Директор: Президенттин өзүнө эле кайрылып, алып түшпөсө, биз канча жолу чара колдондук. Эч майнап болгон жок.

1-комиссия: (жардамчысына) Так, азыр бизге милиция керек. Чакырт.

Жардамчысы: Жарайт!

Беш-алты комиссия баштарын чайкап ары басып кетишет.

Директор башын шылкыйтып алардын артынан жөнөйт.

Мухтардын кабинети. Тазагүл беш-алты комиссия менен Мухтардын кабинетине кирет.

Тазагүл: Мына, Мухтар Кубанычбекович мага бир жума мурун мына бу дарыны саткан. (Чөнтөгүнөн дары алып чыгат) А мунун мөөнөтү алты ай мурун эле бүткөн экен. “Мөөнөтү бүтүп калыптыр го?” – десем, “Мен турам го, бере бер, эч нерсе болбойт”, – дейт. А менин балама мөөнөтү бүткөн дары эмес, эртең мененки тамагын түштө жылытып бергенге да болбойт. Анын организми сезимтал. Бир жерден жаңылсак эле өлүп калышы мүмкүн. Биз анын ар бир мүнөтү үчүн күрөшүп жатсак, бул догдур сөрөйдүн кылганы бул.

Булар баары бир өлөт, мен жооп бербейм деп ойлойт. А бул кабинетинде, (ички кабинеттин эшигин көрсөтөт) толтура дары. Турциядан, Индиядан келген гумжардамдарды аялы экөө сатышат. Мына бу дарысын силердин көзүңөрчө таштандыга ыргытам.

(Дарыны кабыгынан чыгарып туруп, таштандыга ыргытат).

1-комиссия: Мухтар мырза бул кабинетиңизди ачыңыз.

Мухтар: А-а-а Ал жакта эч нерсе деле жок. А бу аялды түшүнүп койгула. Баласын ойлой берип акылынан ажырап калган. Өткөндө аялыма да кол салды.

1-комиссия: Ачыңыз дейм.

Мухтар эшикти ачат.

Кабинеттеги толтура коробкаларды көрүшөт. Барып коробканы ачышат. Ичинен дарыларды алып чыгышат.

1-комиссия: (жанындагы жардамчысына) бул дарылардын баарына АКТ түзүп,  өткөрүп алгыла. Оорулууларга бекер берүүгө буйрук чыгаргыла.

1-жардамчы: Жарайт.

Мухтар: Жолдош комиссия, сиздер бул дарыларды алууга эч укугуңар жок. Мен буларды өз каражатыма алгам.

1-комиссия: Сиз кызматыңыздан пайдаланып, бул жерде бизнес кылганыңыз чоң кылмыш. Териштиребиз. Мыйзам алдында жооп бересиз.

Мухтар эмне кылаарын билбей туруп калат.

Милиция келип Мухтардын колуна кишен салат.

Жарык өчөт.

18-КӨРҮНҮШ

 

Мария кабинетинде жинденип отурат. Тазагул кирет.

Мария: Сениби, шашпа! Менин колумдан эч нерсе келбейт деп ойлоп атасыңбы?

Тазагүл: Ооба келет. Колуңуздан баары келет. Мен силерге ишенем. Баламды дарылайсыз.

Мария: Мен сенин балаңды дарылоодон баш тартам.

Тазагүл: Баш тартып эле көрүңүз. Так ушу менин баламды  сиз дарылайсыз. Силер оорулууну тандап дарылагыла. А бизге эмне догдур тандаганга болбойт бекен? Мен сизди тандайм. Унчукпай туруп дарылайсыз. Өзүңүздүн сатып жүргөн дарыларды өз колуңуз менен бекер берип дарылайсыз.

Мария: Мен сенин балаңа уу берип койсом деле мейлиби сага?

Тазагүл: Берип эле көр. Берип эле көр! Мен сени кандай гана өз колум менен өлтүрөр экенмин. Бардык жериңди кыс дагы, башты оорутпай дарыла. Болбосо сени да түрмөнүн түбүнө чиритем. Канды болсо как милинкий өз колуң менен алтынчы, дем алыш күндөрү ташып турасың. Бир бала сенин айыңдан өлчү болсо, сени да түрмөнүн түбүнө чиритем. Кыйынын көр булардын. Көпкөнсүңөр да эч ким унчуга албай жүрүп.

Мария: Эй тур башты чакпай чыгып кетчи. Сен акылыңдан айнып баратыпсың.

Тазагул: Сүйлөбө мага! Азыр мен психбольницада учеттомун. Азыр сени өлтүрүп койсом да жооп бербейм.

Мария унчукпай калат. Тазагүл чыгып кетет.

 

19-КӨРҮНҮШ

Оорукананын алдында парк. Беш-алты аял отурат. Тазагүл алардын жанына барат.

Тазагүл: Акмак десе, сенин балаңды дарылабайм деп коет. Пускай попробует. Догдурлар оорулуудан баш тартса кесилип кетет да. Аны билбейт окшойт. Макоо десе, көпкөн экен булар.

3-аял: Тазагүл, сен кыйын экенсиң. Чын, чын эле аябай кутуруп кетишкен. Тазагул: Күнөөнүн баары өзүңөрдө. Эмнеге унчукпай алардын мөөнөтү өткөн дарысын сатып алып жүрдүңөр билбейм.

4-аял: Ой, баламды жакшы карасын деп эле коркуп унчукпай жүрдүк да.

Тазагүл: Анан жакшы караганы ушубу?

5-аял: Чын эле макоолонбой, илгери эле каршы чыксак болмок экен. Балким балдар тирүү калмак.

20-КӨРҮНҮШ

 

Алым менен Тазагүл ары-бери басып жүрүшөт.

Тревога музыка жаңырат.

Бир оокумда догдур чыгат.

Тазагүл менен Алым догдурдун жанына чуркап барат.

Тазагүл: Эмне болду?

Догдур: Араң эсине келтирдик.

Алым: Уух! Жан чыгып калды.

Тазагүл: Жакшыбы?

Догдур: (баш ийкейт). Бирок баланы бул бойдон бул жерге калтырууга болбойт.

Тазагүл: Эмне кылышыбыз керек?

Догдур: Төө-Ашууга алып барышат негизи. Ошол жактан буларга бир аз жеңил болот.

Алым: Төө-Ашууга. Алып барабыз.

Догдур: Бирок азыр суук. Бир жыйырма күндөн кийин алып барсаңар жакшы.

Бул жактан бүгүн кечинде палатага чыгарабыз.

Алым: Макул, күтөбүз. Силерге рахмат!

Догдур реанимацияга кирип кетет.

Тазагүл келип Алымга башын жөлөп отурат.

Тазагүл: Аябай жаным чыгып калды.

Алым: Коркпо, Дастандын духу күчтүү да. Азыр ажалга моюн бербейт го дейм.

Тазагүл:Билбейм! Анын жанында күчтүү көрүнгөнүм менен менин да шаабайым сууп баратат Алым. Араң эле жүрөм. Аябай корком. Эптеп таң атса дейм. Таң атса кайра эптеп ушул күн тынч өтүп кетсе экен дейм. Баарынан да ар бир күндөн коркуп жашаган жаман экен. Азыр эмне болуп кетээрин билбей жашаган жаман экен.

Тазагүл ыйлай баштайт.

Алым ушунча кыйналып кеттим. Ушунча. (Жаны сыздап ыйлайт).

Алым: (далыга таптайт) Сени бүт баары күчтүү, кыйын аял деп жатышпайбы. Сен күчтүү бол да. Сен ушинтсең алар эмне болот. Эми алар сага аябай таянып алышты. Балдарынын да өмүрүнө ишене башташты.

Тазагүл: Кана эми ошол биз күрөшкөнгө жараша баары жакшы болсо.

(Башын мыкчыйт). Ух! Ушунун баары түш болуп калса кана!

Алым: Эми Төө-Ашууга дарылатканга акча табышыбыз керек.

Тазагүл: Жыйырма күндө кайдан акча табабыз. Аябай кымбат деп уккам.

Операцияга деген акчадан алып туралы.

Алым: Жок аны операцияга беребиз. Тийбе ага.

Тазагүл: Анда үйдөгү муздаткыч менен телевизорду саталы.

Алым: Ошол жетеби дебейсиңби.

Тазагүл: Кир жуугуч машинени кошо сатабыз.

Алым: (оор үшкүрүнөт) Көрөбүз.

21-КӨРҮНҮШ

Дастан керебетте жатат. Тазагүл жанында отурат. Дастанга капельница коюлган. Тып-тып деп дары таамп жатат. Дастан көзүн жумуп жатат. Тазагүл капельницанын тамчылаганын тиктеп отурат.

Бир оокумда эки колуна эки баштык көтөрүп, эшикти каруусу менен ачып Күмүш кирип келет.

Күмүш: Кандайсыңар?

Тазагүл: Эже, жакшысызбы? Ден-соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?

Күмуш: Ии жакшы. (тегеректи карайт, Максаттын керебетин карайт) Маку кайда кетти? Охий! (Терин аарчып, баштыктарын Максаттын керебетине коюп отурат). Эсим оой түштү.

Тазагүл: Маку? (Күмуштү таң калып карайт).

Күмуш: Жуунуп жүрөт го ээ?Таза неме кечке эле жууна берет. (күлүмсүрөйт) Көптөн бери эле көөлөнгөн талкан жейм дей бергенинен көөлөп алып келбедимби. Жаңы каймак таппай койдум. Анан сары майга эле көөлөп койдум. (Баштыгын алып чыгат). Байкушум, колго жайылган камыр жегенди жакшы көрөт да. Ысык бойдон салып келдим. (Күмуш баштыгындагы тамак-аштарды алып чыгып, Максаттын тумбочкасына сала баштайт).

Тазагүл: (Көзүн алайтып, Күмуштүн сөздөрүнө таң калып, үрөйү учат). Э-же Маку… Маку деген… (шыбырайт) кеткен да…

Күмуш: (Тазагүлдун сөзүнө маани бербейт). Дастанды тургузчу, камырды ысыгында жеп алышсын.

Тазагүл: Эже, азыр ага мындай тамактар болбойт. Ал азыр эле реанимациядан чыкты.

Күмүш: Реа –ни – ма-ция? Реанимация?!

(Колундагы йогуртту ыргытып жиберип, үрөйү учуп, эки колу менен башын калкалап, керебетке жата калат).

Аа-аа-аа-аа! Маку! Маку!

Тазагүл чуркап барып Күмуштү токтотконго аракет кылат. Күмуш ээ-жаа бербей, башын, эки кулагын эки колу менен жаап алып, кыйкыра берет!

Күмуш: Маку! Ма-куу! Ма-куу-у! Кач! Кач! Сени реанимацияга алып кеткени жатышат. Кач!

Медайым менен догдур кирип келет.

Догдур: Бул эже бул жакта эмне кылып жүрөт?

Тазагүл: (Башын эки колу менен мыкчып алып, башын жерге салып өксүп ыйлап, кыйкырат). Эмнеге келмек эле! Баласын издеп келипти-ир! Оо кудай! Мынча эмне кыйнайсың?

Бизде эмне өчүң бар, жараткан!

Дастан ордунан тура  калат. Медайым менен догдур экөө селейип туруп калышат. Күмүш болсо кыйкырынганын токтотпойт.

Күмуш: Маку, Маку! Мен сени сагынбадымбы Маку! Бир эле жолу көрүнүп койчу балам! Мен сени аябай сагындым! Мен эмне кылам айтчы. Сени сагынып атпаймынбы! Маку!

(Болгон үнү менен чаңырат)

Ма-куу!

Күмуштүн үнү кайгылуу музыканын коштоосунда жаңырат.

Жарык өчөт.

22-КӨРҮНҮШ

Төө-Ашуу. Көп эс алуучулар жүрөт. Эки медайым чуркап кетип баратат.

1-медайым: (Дастандын жанында отурган Тазагулгө) Бир баланын мурду канап атат. Тезинен токтотуш керек болуп калды.

Тазагул: Алдагы колуңдагы эмне?

1-медайым: Аспирин.

Тазагул: Аспирин бергенге болбойт. Кое тургула. Ага тийбегиле! Менин баламдын дарысы бар. Азыр барам.

Тазагүл чуркап кетет.

Окумуштуу Берг буларды байкап-карап отурат.

Берг Дастандын өзү менен өзү шахмат ойноп жатканын карап турат.

Алыстап кеткен Тазагүлдү колу менен көрсөтүп, Дастанга кайрылат.

Берг: Она твоя мама?

Дастан: Да!

Берг: Сколько тебе лет?

Дастан: 13

Берг: Когда ты узнал что болеешь?

Дастан: Чтыри года назад.

Берг: Интересно! Как твое здоровье сейчас?

Дастан: Лучше!

Берг: Поздравляю!

Дастан: Спасибо!

Берг: (Ойлуу өзүнчө ары басат) Вот это поворот!

Дастан: А вы играете шахмат?

Берг: Да, обьязательно с тобой буду играть. Я сейчас.

Берг келе жаткан медайымдын алдынан тосот.

Берг: Что она сделала?

Медайым: На конец то она справилась. Ему стало лучше! Оказывается она знает что надо сделать.

Берг: Конечно знает. Чтыри года это большой срок. Большинство больные дети ели тянет только шесть месяцев. Почему то они справились. Но как? Незнаю…

Тазагүл чатырдан чыгат.

Берг: Здравствуйте! Поздравляю! Вы справились да?

Тазагүл: Да ничего. Я привыкла уже. Знаю что делать. (жылмаят).

Берг: Меня зовут Берг Линк. Я исследователь болезни апластического анемии.

Тазагүл: Очень приятно! Меня зовут Тазагүл.

Берг: Я думаю вы можете помагать. Потому что, у вас уникальный случай. Операция сделали?

Тазагүл: Нет. Мы поехали в Турцию чтобы сделать операция. А там сказали что нету шанс. И на бешенные деньги утратили на анализ и пришли без ничего. Вот!

Берг: Хорошо что не дали на операцию.

Тазагүл менен Берг экөө сүйлөшүп басып кетишет.

 

3-КӨШӨГӨ

1-КӨРҮНҮШ

Арадан он жыл өттү. Дастан 24 жашта. Дастан кийимин кийип, галстугун түздөп турат. Тазагүл менен Алым экөө баласын суктанып карап турушат.

Дастан: Кана, жүрүгүлө! Кеттикпи?

Алым менен Тазагул экөө тең жарышат.

  • Кеттик!

Тазагүл телевизордон Бергдин сүйлөп жатканын көрүп калат.

Тазагүл: Кое турсаңар эй! Бул баягы окумуштуу го.

Дастан менен Алым эшикке чыгып бара жаткан жерден токтоп калат.

Берг телевизордо сүйлөп жатат. Тилмеч которуп жатат.

Берг: Апластикалык анемиядан адам айыгып кеткен бир учур бар. Бул абдан уникалдуу окуя болгон. Бирок, ушул кезге чейин ал оорудан кантип айыгып кеткен себебин тапкан жокмун. Акыры мен мындай тыянакка келдим. Апластикалык анемия менен ооруган Алымов Дастан аттуу Кыргызстандык жигит  энесинин мээриминин күчтүүлүгүнөн гана айыккан болушу керек деген божомолум бар. Энеси Тазагүл баласынын өмүрүн сактап калуу үчүн ал тоону да оодарып салууга даяр эле. Ал ооруканадагы коррупцияны жоюп, айыккыс оору менен ооруган балдарды өкмөт тарабынан бекер дарлатууга жеткирген. Ал баласынын оорусу менен күрөшүп жатып, коомдун ооруусун да айыктырууга жетишкен десек болот. Ал баласынын жанында урабас чеп болуп, жеңилбес, майтарылбас кайраты менен баласына чоң күч болуп турган. Энесинин бул күчүнө ишенген Дастан оорусу менен күрөшүүгө зор дем-күч таба алган. Демек, мындай жыйынтык чыгарсак болот. Эгерде балага болгон эненин мээрими күчтүү болсо, ал кандай оору болбосун жеңип чыгат. Дүйнөдө эне мээриминен өткөн уникалдуу дары жок.

Тазагулдүн көзүнө жаш кылгырат. Дастан келип Тазагулду кучактап өбөт.

Алым, Тазагулдүн чекесинен жыттап, колун бекем кармайт.

Тыштан үн чыгат.

Үндөр: Дастан, бол чыккыла! Кеттик! Бакыт үйү күтүп калды!

Жагымдуу музыка жаңырат.

Шаң, майрам башталат. Баары сахнага чыга келишет. Стакандарды кагыштырышып майрамды башташат.

Дастан аппак көйнөк кийген келинчегин ээрчитип сахнага чыга келет.

Баары кол чабышат.

Аккордеон менен “Бактылуу болгула” аттуу ырды ырдашат.

Аягы.

31.08.2024-ж.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу