Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдырына арналган китеп жарык көрдү

Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдырына арналган китеп жарык көрдү

 Онлайн Университети платформасы 2020-жылдын 3-июль күнү саат 17.00дө “К.Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана Акыйкаттын жолу деген китептин бет ачарын өткөрөт.

Китептин автору Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова.

Китепте Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдыры изилдөөгө алынды. Жазуучунун калыптанышына согуштан кийинки айыл турмушу, балалык кезде башынан өткөргөн драмалуу жашоо кырдаалдары, айылы Кердегей, чоң энеси жана совет мектебиндеги билим-тарбия кандай таасир эткендиги баяндалды. Кыргыз совет адабиятындагы “ренессанстык доорду” жараткан “алтымышынчылардын” көрүнүктүү өкүлү катары К.Жусубалиев улуттук адабиятыбызга кандай темалык, образдык, стилдик жана көркөм-эстетикалык жаңылыктарды алып келгендиги талданды. Чыгармачылыкта эркиндикти туу туткан жазуучунун тагдырына советтик цензуранын тийгизген кедергиси белгиленди. Мындан сырткары, К.Жусубалиевдин көп кырдуу изденүү багыттары талданып, Эгемендүүлүк жылдарда Акыйкаттын жолун таанууга дитин буруп, жалгыздыкты тандаганы жана ошол изденүүлөрү “Авангарддык ырларында” кандай чагылдырылганы айтылды. Ошондой эле, К.Жусубалиевдин Кайра куруу жылдарынан баштап эркин маалымат кызматын түптөөгө кошкон салымына баа берилди.

Китептин автору Мукарам Токтогулова жазуучунун чыгармачылыгына кызыгып калганын: “80-жылдардын аягында орус совет адабиятында мурда тыюу салынган жазуучулардын чыгармалары аябай популярдуу болуп аткан. А.Солженицын, А.Платонов, Б.Пастернактын, М.Булгаковдордун чыгармалары “Новый мирге” басылып, институттагы мугалимдерибиз журналдын номерлерине кезекке туруп окушкан. Бизге, студенттерге да окутуп талдатышчу, алар совет цензурасынан эмнеге өтпөй калгандыктары туурасында кызыктуу талкууларды курушчу. Окуумду жаңы бүткөн 1991-жылы “Муздак дубалдар” жарыкка чыгып, окуп калдым. Анан гезиттерде, өзгөчө “Асабада” Жусубалиев тууралуу абдан көлөмдүү материалдар чыкчу, анын чыгармалары көп жыл басылбай жүргөнүн айтышчу. Ошентип, анын чыгармаларына, өмүр баянына кызыгуум пайда болду, эмнеге тыюу салынып жүрдү экен деп, прозаларын окуй баштагам. Анан диссертацияга тема тандаганда жетекчим Гулнара Айтпаева “ушул жазуучунун чыгармачылыгын карап көрбөйсүңбү?” деп сунуш кылып калды. Жогорудагы орус жазуучулары туурасында кызыктуу сабактарды өткөн мугалимим ошентип илимий жетекчим болуп калды. А бул китепте ошол илимий эмгегимди кеңейтип, толуктадым”, – деп баяндайт.

Китептин жооптуу редактору КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Осмонакун Ибраимов, рецензенттер Филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиева, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев.

Zoom конференцияга кошулуу үчүн:

https://zoom.us/j/98749170740?pwd=RnpQazZzRmkxNTdMblRnczdnaTFCQT09

Конференциянын идентификатору: 987 4917 0740

Паролу: 709906

Байланыш үчүн: вотсапп Элира Турдубаева +996 700 093 097 onlineuniversitykg@gmail.com

Фейсбук баракча: https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

Инстаграм: onlineuniversity.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g