Проза

“Алтын калем” адабий сыйлыгынын проза жанры боюнча жеңген аңгемелер топтому

Нуриза ӨМҮРБАЕВА, акын жана прозаик:

УРАНДЫ

ңгеме)

-Сибел апа?

-Ов, кызым.

-Жакшы элесизби?

-Бир аз демим кыстыгып атканы болбосо, жакшы элемин.

-Саат канча болду экен?

-Ким билет, ого эле көп жаттык, түш болуп калгандыр.

-Таң ата элек болчу, ээ?

Кемпир жооп кайтарган жок. “Таң ата элек болчу” деп ойлонду өзүнчө. “Чынар!” деген ачуу чаңырыктан ыргып турду. Үй бешиктей термелип атыптыр. Кантип туруп, кантип кемпирдин керебетине жеткенин билбейт. Шыптагы асма чырактын шагырап, текчедеги буюмдардын кулап атканын сезди, караңгыда. Сыртка качып чыгуу оюна келген жок. Балким, өз башын алып качып жөнөсө, жетишип калат беле? Бирок ал кемпирдин бөлмөсүн көздөй чуркабадыбы. Ошол учурда үйдүн дубалдары көчүп, бөлмө чууга толуп кетти. Ызы-чуунун ичинен:

-Мени жерге түшүр!- деген кемпирдин буйругун укту.

Аны төшөк-жуурканы менен сүйрөп, керебеттен түшүрүп атканын билет. “Жалп” этип жарык  өчкөндөй болгонсуду, калганы эсинде жок.

-Чынар?

-Угуп атам, апа.

Оозум кургап, суусап чыктым.

Эмне дээрин билбеди. Эки жылдан бери кемпирдин оозунан чыккан буйрукту аткарып, күнүн күн, түнүн түн дебей суу десе, суусун, чай десе, чайын дайындап кашында турчу эле. Бүгүн мынтип колу-буту байланып турганын карабайсыңбы? Сибел апа 82 жашта. Беш жылдан бери ооруп, төшөктөн тура албайт. Бир кыз, бир уулу, неберелери бар. Алар деле ушул шаарда жашайт. Анда-санда бир келип, апасынан кабар алып кетет. Ар келген сайын: “Биз менен эле жашасаң боло”- деп энесине жалбарат. “Өз үйүмдөй болобу, төрүмдөн көрүм жакын кезде, өлсөм өз үйүмдө өлөйүн”- деп кемпир ага көнбөйт.

-Түш ооп калгандыр, ээ?

-Ким билет, же кеч кирип калдыбы? Караңгы жерде канча жатканың, убакыттын канча болгону билинбейт турбайбы. Бизди качан куткарат, ким куткарат?- деп, Чынар ыйлап ийчүдөй мукактанды.

-Куткарышат, чыда.

-Ачкалыктан өлгөнү жатам.

-Ачкалык адамды өлтүрбөйт. Суук жаман. Багыбызга күн жылуу болгой эле. Мен го жууркан-төшөгүмдүн ичиндемин. Сен кантер экенсиң? Эң негизгиси кыймылдай көрбө. Үстүңө цементпи, буюмбу, кулап кетип басып калбасын. Тынч жата көр, майып болуп каласың – деп, кемпир улам-улам эскертип атты.

Ошондон улам Чынар манжаларын гана кыбыратып, ашыкча кыймылдай албай көмкөрөсүнөн түшкөн калыбында жата берди. Жүзүнө жердеги таш-топурак өтүп, оорутуп баштаганда гана башын бирде оң жагына, бирде сол жагына буруп алмаштырып алат. Кемпирдин үнү ага сол тараптан, ал жаткан жерден төмөнүрөөктөн угулуп тургансыды. Башын жогору көтөрүп, эки жагын карап эч нерсе көрө алган жок. Жонунан ылдый басып турган жүк ашыкча кыймылдатчудай эмес.

Алар төрт кабат үйдүн экинчи кабатында жашачу. Кемпирдин айтымында анын өмүрү ушул жерде өтүптүр. Үй аябагандай эски, Сибел байбичени, төртүнчү кабатта жашаган анын жээнин айтпаганда кароосуз. Үйдүн эскилигин Чынар да жактырбайт.  “Багы жокко дагы жок деген ушулбу? Жок дегенде ушул жактан жаңы үйгө туш болсом эмне?” – деп кейип калат. Ал өз өлкөсүндө жепирейген эки бөлмөлүү жер тамда жашачу. Кыштын күнү сууктан тажаганда, ажатканасы ичинде, мончосу ичинде, ысык суусу бар үйдө жашагысы келип, кыялданчу. “Качан элдей үйлүү болуп, элдей турмуш кечирер экенбиз?” деп, жолдошуна көп наалыды. “Балдар чоңойгончо, акча топтойлу, келечек түзөлү, жаңы үй куралы. Экөөбүздүн бирибиз сыртка чыгып иштеп келели” –деп, күйөөсүнүн мээсин жеп жүрүп, Түркияга иштегени келген. Эми эки жылдан бери тентип, үй бетин көрбөй жүрөт. Үйүн эстеп отуруп, “Жепирейген жер тамдар эле жакшы тура. Ушундай апаат күн келгенде качып чыгууга оңой, куласа да жеңил болот” деп ойлоду. Капыстан коңшуларын эстеп кетти. Төртүнчү кабаттагы кемпирдин жээни үй-бүлөсү менен үйүндө эмес беле. Эмне болду экен?

-Сибел апа?

-Ов!

-Орхандар эмне болду экен?

-Ким билет, үн салчы, кызым, бирөө жарым жооп берер.

-Орхан, Салиха!-деп кыйкырды.

Жооп болгон жок. Өзүнүн үнү өзүнө араң угулду.

-Э-эй, бирөө жарым барбы?! Мени уккан бирөө барбы?!

Жооп болгон жок. Ушунча да жымжыртык болобу? Урандынын арасынан да, сырттан да деги эле “тык” эткен дабыш чыккан жок. Эми корко баштады. Ким жардамга келет? Качан келет? Эч ким келбей койсочу? Эртеден бери алар жашаган үй эле урап калгансып аткан. Эми бүтүн дүйнө үчүн корко баштады. Кудай сактай көр, Кыргызстан соо болду бекен? Балдарым эмне болду? Башка үйлөр эмне болду?.. Башка үйлөрдөн, сырттагы кыйсыпыр түшүп кыйраган дүйнөдөн анын кабары жок эле.  

-Чынар?

-Угуп атам, апа.

-Тынбай кыйкырып тур, бирөө жарым үнүңдү угуп, басып келер. Мени куткарышпаса деле мейли, сени куткарышса экен. Сен жашсың, алдыңда узун өмүр бар.

-Антип айтпаңызчы, экөөбүз тең кутулабыз.

-Тынбай  кыйкырып тур, үнүңдү бирөөлөр уксун.

-Чүш, апа.

-Эмне болду?

-Бир үн чыгып аткансыйт, тыңшасаңыз.

Экөө тең дымып калды.“Тык-тык-тык” деген үн угулду. Бирөө бир нерсени ургулап аткандай болду. Бирок көпкө созулган жок. Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Чынар колдорун ары-бери кыймылдатып, айланасын сыйпалап көрдү. Топурак, майда барат кесектен башка эч нерсе урунган жок. Анан башынын тушунда жаткан кесектерди алып, оң тарабына жыйып, жол ача баштады.

-Эмне кылып атасың?- деп, кемпир чочуп кетти.

-Алды жакты казып көрөйүнчү, бир нерсе көрүнөр, балким.

-Токтот, казба, бир жер урап кетсе, цемент үстүбүздү басып калбайбы? Тээ бир жылдары катуу жер титиреп, көп жоготуу болгон. Урандыда калган эл куткаруучуларды күтпөй, “өзүм чыга калам” деп, көпчүлүк ошондон мертинген.

Чынар казганын токтотту да, эки колун бириктирип колуна башын коюп жатып калды. Эми жанагыга караганда жаткан жери бир аз ыңгайлуудай, кеңейгендей боло түштү.

-Мурда да зилзалага кабылдыңыз беле?

-Кабылбай анан.

-Кызык, ээ? Эки  жылдын ичинде экөөбүз эмнелерди гана сүйлөшпөдүк. Сиздин мага, менин сизге айтып бербеген сөзүбүз калган жок деп ойлочумун.

-Зилзала айтып бере турган сөз эмес эле да, кызым… Бул жолкусу да ошондой чоң балекет көрүнөт. Болбосо, мынчалык болбос элек.

-Мен деле бир зилзаланы көргөм, бирок кичинекей болчумун да, жакшы билбей калдым”- деди Чынар, жадымында элес-булас калган окуяларды эстегени аракет кылып.

Анда кичинекей болчу… “Зилзала”, “жер титиреди” деген сөзгө жакшы деле түшүнгөн эмес. “Жер титиреп атат” деп, ким биринчи айтты экен ага. Кантип ойгонду эле, өзү ойгонду беле, же бирөө жарым аны ойготту беле? Такыр эстей албады. Түн ичинде чуру-чуу түшүп, үйдөн качып чыгышты. Балким, аны атасы көтөрүп чыккандыр, же апасы көтөрүп чуркагандыр. Билбейт. Бакчанын ичинде тапчан бар эле, ал түнү тапчанда укташты. Укташты беле, так айта албайт. Эртеси да үйгө киришкен жок. Үйгө кирбегени менен кадимки тиргилик уланып атты. Апасы үйдүн ичиндеги жууркан-төшөгүн, күнүмдүк турмушта колдонгон анча-мынча буюм-тайымды бакчага чыгарды. Эрте мененки чайга отурганда апасы: “Келатат, айланайын, Жараткан, келатат”- деп, жакасын кармап шыбырады. “Ким келатат, эмне келатат?”- деп,  баары таңыркап, эки жакты карап элеңдеди. Бир кезде эле күркүрөгөн добуш чыгып, ага катар унтамдын, малкананын дубалдары көчө баштады.

-Ырас талкан менен унду алып чыгып койгон экем- деди, апасы сүйүнүп.

Зилзалада жер титиреп, үй кулайт дегенди ошондо түшүндү. “Үйүбүз дагы кулайт экен го, ушуну менен бактын ичинде жашап калат турбайбызбы” деп, ойлонду. Капыстан эсине жаңы чач байлагычтары келди. Бир жума мурун атасы шаардан апкелип бербеди беле? Учунда экиден төрт кулпунайы бар, кыпкызыл чач байлагычтарын эстеп ичи ачышып турду. Кулпунайлары үзүлүп калат деп, аяп, жатарда чыгарып койчу да. “Кап, чыгарбай эле койбой. Күзгүнүн алдында болчу, эптеп үйгө кирип, алып алсам болмок” деп ойлоду да, уурданып апасын карап атты. Ал далиске жетип калганда артынан апасынын үнү чыкты:

-Каякка барасың?

-Чач байлагычтарымды алам.

-Ала албайсың, үйгө киргенге болбойт!

-Болот! Чач байлагычтарымды алам!

Айласы кеткен апасы: “Сен бакчага бар, мен алып чыгайын”- деп, үйгө кирип кетти. Апасы чач байлагыч менен бирге баштык көтөрүп чыкты. Сүйүнүп кетти. Баштыкта печенье бар эле. Анда азыркыдай таттуунун түрү жок. Апасы печеньени өзү бышырчу. Ашкабакты сууга кайнатып киргенде эле бир туугандар чурулдап сүйүнө баштачу. Кызык, ошол учурда жумуртка жок беле? Бар болчу да. Анда неге апасы камырдын өңү сары болсун деп, камырга жумуртка эмес, ашкабак кошчу эле? Ошентип бышырган печеньесин да бекитип берчү эмес беле. Бир берсе, бир эле отуруп баарын жеп коюшчу да. Жер титиреген күнү баштыктагы печеньени түгөтө жешкен. Бет маңдайында жашаган коңшунун өзү теңдүү кызына да берген апасы. Алар ар дайым бирге ойношчу эмес беле. Өзгөчө ошол күндөрү короодо, керелден кечке ойношчу болгон. Оюн арасында “Жердин астында мүйүздөрү узун чо-оң уй бар экен. Жерди ошол уй көтөрүп турат имиш. Жакында эле курсагы ачып, оттоп кетиптир, жер ошон үчүн титирептир” деп, бири-бирине ар кимден уккан кептерин айтып беришчү. Эсинде ушулар эле калыптыр. Дагы эмнелер болду эле? Дагы эмнелер болгонун эстей албай убара болду. Канча күн сыртта жашашты эле? Качан үйгө жашап башташты эле? Кулпунайлары бар чач байлагычтары качан, кантип жоголуп кетти экен? Эч нерсе эстей албады. Дубалдар эсине келди. Ошол зилзалада үйдүн дубалдарынын көп жеринен жарака кеткен экен. Аны кийин билди. Эс тартканда билди. Ал  жаракалар азыр деле бар. Атасы өмүр бою эле ылай менен жаракаларды жамап, чаптап жүргөнү жүргөн. Ар дайым чарага ылай чылап, жаракаларды бекиткенсийт. Азыраак убакыт өткөндөн кийин кайра эле жаракалар ачылып калган болот. Жарака бүтөлбөйт тура…

-Кызык, жарака бүтөлбөйт экен, ээ?

Кемпир унчуккан жок. Жүрөгү “шуу” дей түшүп, кыйкырып жиберди:

-Сибел апа?! Сибел апа?!

-Эмне болду?- кемпир алсыз үн катты.

-Неге унчукпай калдыңыз?

-Көзүм илинип кетиптир.

-Мен сизге сүйлөп атпаймынбы. Жарака бүтөлбөйт экен дейм.

-Эмне болгон жарака?

-Жаракачы, кадимки эле жарака.

-Жарака бүтөлмөк беле? Жарака бир кетсе, тээ тереңден кетет, ичтен кетет. Ошого бүтөлбөйт, кызым. Ким билет, бул апааттан ким кандай жаракат алганын. Кыштын күнү эл куурады го. Жок дегенде Кудайдын көзү түз болуп, күн жылуу болуп турса экен, – деп күңгүрөнүп алды кемпир.

Унчукпай калышты. Ар ким өз оюна батып тунжурап турду.

Ачкалыктан алы кетип, чыдабай бараткан Чынар сөөмөйүн шилекейлеп, жерге тийгизип жалап көрдү. Деги эле топурак даамданган жок. Оозуна цементтин, боектун даамы келди. “Биздин үйлөр болгондо, топурак даамданмак да” деп, ойлоду. Бала кезинде топуракты көп жечү. Тамдын боорун оюп эле жеп кирчү. Апасынан эки жолу колго жегенден кийин, сарайдын, көмүртамдын көзгө далдоо жерлерин жеди. Өзгөчө кемеге тамдын топурагы укмуш даамдуу эле. От жагыла берип, топурак бышып калчу беле, же түтүн каптай берип ышталып калчу беле, айтор укмуш даамдуу болчу. Таңдайына кадимкидей топурактын даамы келди. Нандын, тамактын даамын эстегиси келип кетти. Нандын даамы кандай эле? Эстей албады. Бир эле күндө нандын даамын унута түшкөнүн кара? Бирок бала кезде жеген топурактын даамын даана эстеди. Кызык, ошончо даамдан топурактын даамы так эстелип атканына таң калды. Оозу кургап суусап чыкты. Топуракты, тамакты, сууну ойлобогону аракет кылды. Алаксыйын дедиби, баласын, күйөөсүн, Мекенин, ата-энесин ойлоду. Эмне кылып атышты болду экен? Сагыныптыр. “Ушул кырсыктан аман калсам эле Мекенге кайтам, карандай суу ичсем да, балдарымдын, жакындарымдын маңдайында отурам” деп ойлоду. Бирок көпкө ойлоно албады.  Болгон жок. Кайра эле оюна тамак, суу келе берди.

-Чычкан аке, суу берчи?!

-Эмне?!- деп, кемпир чочуп кетти.

Өзү да чочуп кетти. Кемпирге угуза сүйлөгөнүнөн чочуп кетти. “Эмне болуп атам, жөөлүп атамбы?” деп, ойлоду. Анан ичинен: “Чычкан аке, суу берчи?! Чычкан аке, суу берчи?!” деп, улам-улам кайталап, ким бирөөгө жалынып атты. “Жөөлүп атат окшойм” деди. Чычкан аке, суу берчи?! Муну кайдан укту эле, же окуду бекен? Эстей алган жок.

-Чычкан аке, суу берчи?!

Аңгыча  “шарак” этип бир нерсе кулап кеткендей болду. Чынар башын көтөрүп үн чыккан тарапты тыңшап калды.

-Ким бар? Сырттан угулар-угулбас үн келди.

-Мен бар, мен!

Чынар үнүнүн болушунча жанталашып бакырды. Каргылданган үнү жаңырып кетти. Чын эле бирөөнүн үнүн уктубу, өз кулагына өзү ишенбей турду.

-Сибел апа, Сибел апа?!

-Орхан окшойт- деди калтаарып. Кемпирдин жээнин тааныгансыды. Үн сырттан эмес урандынын арасынан келди окшойт.

-Сибел апам бар, мен бар!

-Чыдагыла, куткаруучулар келди. Чыдагыла!

Чынар сүйүндү. Орхандын үзүл-кесил келген үнүн угуп сүйүндү. Көп сөздөрүн уккан жок. Тек гана тирүүлүктүн үнүн уккансып сүйүндү. Ачка болгону, суусаганы заматта унутула түштү.

-Апа, уктуңбу? Куткаруучулар келди дейт. Баары жакшы дейт.

-Кудайга шүгүр – деди кемпир шыбырап.

“Тык-тык”, “чык-чык” алыстан болор-болбос үндөр келе баштады.

-Караңызчы, каза баштады, бизди куткарышат.

-Мени куткарышпаса деле мейли. Мен ушул шаарда төрөлүп, ушул шаарда жашадым. Ата-бабаларымдын өмүрү, өзүмдүн 80 жылдык өмүрүм ушул жерде өттү. Мен урандынын алдынан чыкканым менен жаштыгым, бактылуу күндөрүм, баары урандынын алдында калды. Бул апааттан тирүү кутулсам, жашоону башынан баштаганга туура келет. А башынан башташ үчүн адамда ден соолук, жаштык, каалоо-тилек, күч-кубат болуш керек. Менде мунун бири да калган жок. Сыртта кандай күн болуп атат, ким билет? Балдарымдын башына эмне келди, ким билет? Ылайым, аман болушсун. Ушул кырсыктан соо калышсын. Сыртта мени күтүп турган болушсун, мен ошого ыраазымын. Сага да ыраазымын, Мекениңе кайт кызым, үй-бүлөңө бар! – деди кемпир.

Чынар бул жолу аны соорото алган жок. Тек гана бышактап ыйлап калды. Өзү да араң турган жаны эми кемпирди аяп, өзүн аяп, алыстагыжакындарын, балдарын, жолдошун эстеп ыйлады. Жер бир силкинип койсо, өмүрдөн ушинтип ыргып кетет тура адам баласы. Өмүрдүн бир ирмемдик экенин, кымбат экенин, бул жашоодо эң маанилүүсү амандык экенин түшүнүп ыйлады. Анын ыйын “тык-тык”, “чык-чык”, “зыр-р-р-т” деген үндөр коштоп атты.

***

“Чынар, Чынар” деп, кемпир алсыз үнү менен аны чакырып атты. “Дагы жата турайынчы, таң ата элек” деп, ойлоду көзүн ачалбай жатып. “Бир аз уктап алайын, тамак жей турган деле маалы боло элек, дары иче турган маалы деле боло элек. Өзү уктабаганы аз келгенсип, мени да уктатпайт” деп, уйку соонун ортосунда кемпирди жаман көрүп алды. “Чынар, Чынар!” кемпир болбой эле чакыра берди. Эми ордунан атып тура калмакка бир обдулуп, кыймылга келбей жатып калды. Жер титирегенин, өзү урандынын астында экенин эстеди.

-Чынар?

-Угуп атам, апа.

-Уктаба, түн кирип калган окшойт, аябай үшүп атам. Сүйлөп жат, уктабайлы, тоңуп калабыз.

-Орхан, Салиха!

Чынар үнүн болушунча кыйкырып алды.

-Казып атат, чыдагыла!

Үн жанагыдай эле алыс жерден, болор-болбос угулду.

“Так-так”, “чак-чак” деген үндөр тынбай угулуп, үстүнө бирин-экин топурак себелеп атканын сезип жатты Чынар. Аңгыча “тарак” деп бир нерсе кулап кетти. Алгач ташпы же кирпичпи деген ойдо колу менен башын калкалады. Анчалык катуу эмес бир нерсе, чыканагына бир тийди. Колу менен сыйпалап көрдү эле, гүл экен.

-Эмне болду, эмне кулады?

-Гүл.

Гүлдү кармалап көрдү, итабар бой салып калыптыр. Алардын үйүндө гүл жок болчу. Кемпир гүлдү жакшы көргөнү менен өстүргөндөн алда качан калган. Чынардын болсо гүл баккысы келчү эмес. Кемпирдин кир-когун жууп, үйүн жыйнап, тамагын бышырып атып эле күн бүтөт, алы калбайт. Анын үстүнө “Өзүм бирөөнүн үйүндө, бирөөнүн жеринде жашап жүрүп, гүлдү эмне кылам?” деп ойлой берчү. Өз үйүндө деле бир да жолу гүл өстүрбөптүр. Азыр эстесе, “Жаңы үйлүү болгондо өстүрөм, ушул жаман терезелерге гүл жарашабы?”-деп ойлочу экен. “Апам гүлдү жакшы көрөт”- деп, кемпирдин кызы бир-эки курдай гүл көтөрүп келген. Бирок аны ашыкча түйшүк көрүп, суу куйбай, карабай жүрүп, атайылап эле соолутуп, өлтүрүп койгон. Азыр ошол кылыгы үчүн эрдин тиштеп, өкүндү.

-Ылдыйда дагы эки киши бар.

Орхандын үнү жанагыдан так, даана угулду.

-Чынар, Сибел апа, чыдагыла. Бизге жетейин деп калды анан силерге жол казып башталат- деп, кыйкырды, ал.

-Уктуңузбу, биринчи Орхандарды куткарат экен. Анан бизге келишет экен. Чыдайлы.

Кемпир жооп берген жок. Өзүнчө күбүрөнүп, онтогондой болду.

Арадан бир топ убакыт өттү. Бирок казгандар бир жыйынтык чыгарган жок. Казып атышат, казып атышат. Ушунча да жай болобу? Казган ушунча оорбу? Чыдамы кеткен Чынар үшүп, ачкалыктан алсырап суусагандан каны ката баштады. Колун ушалап, үйлөп, жылытып атты. Бир убакта сыйпалап отуруп гүлгө колун тийгизди да, бир жалбырагын үзүп алды. Оозуна салып чайнап көрдү эле ачуу даам келди. Ачуулугуна карабай жутуп ийди. Өзөгүнө аш баргансып калды. Дагы бир жалбырак алып чайнап баштады. “Ачкалык эмне жедирбейт” деген сөздүн маанисин эми түшүндү. Адам кичинекей нерсени түшүнүш үчүн, ушунча да чоң сабак алабы?

-Чынар?

-Угуп атам, апа.

-Эмне кылып атасың?

Жооп берген жок. “Ал ачка жатса, гүл жеп атам дегеним туура эмес го” деп ойлонду. Оозундагы жалбыракты акырындан чайнап, кемпир укпасын дегенсип аста жутту да:

-Гүл жесем, эмне болор экен?- деп сурап койду.

-Эч нерсе болбойт. Ар дайым суу ичип турган, жакшы багылган гүл болсо, жалбырактары ширелүү да болот. Бирок көп жебе, ашказаныңды эле алдап тур –деп, эскертти кемпир.

-Беш кишибиз – деди Орхан. – Аялым, эки уулум, кызым, мен. Баары жакшы. Ооба, ылдыйда дагы эки киши бар.

Ал бирөөлөр менен сүйлөшүп атты…

-Чынар!- деди, бир кезде чоочун үн.

-Угуп атам.

-Чынар, мени угуп атасыңбы? Биз менен тынбай сүйлөшүп тур, сүйлөшкөнгө алың калбаса, колуңа таш-паш урунабы, бир жерди ургулап тур.Үн чыккан тушту казып жүрөбүз, макулбу? – деди.

Чынара кичинекей таш алды да, гүлдүн идишин ургулап койду.

-Азаматсың!

-Биринчи жубайым чыксын- деди, Орхан.

-Жентилмен турбайсыңбы- деп күлдү башкалар.

Бул сөзгө Чынар да өзүнчө күлгөн болду. Адамдардын өздөрүн көрө албаса да, үндөрүн угуп, өлүмгө караганда тирүүлүккө жакын турганын сезип, баштагыдай коркпой калды. Өлүмдөн деле корккон эмес. Балким корккондур. Чоочун жерде, чоочун элде, урандынын алдында өлгүсү келген жок. Балдарын, ата-энесин, бир көрүп анан өлө берсе, мейли эле. Эми аны өлбөй калдың дегенсип, “сууну бер”, “жууркан кана?”, “оро”, “көтөр”, “тарт”, “кое тур” деген тирүүлүктүн сөздөрү кулагына жаңырып жатты.

Урандынын алдынан кими чыгып, кими калганын ажырата алган жок. Балдардын, чоңдордун үнүн, кичинекей кыздын ыйын угуп атты. Ага аралаш цементти казып аткан “зыырт-зыырт” деген үн улам өзүн көздөй жакындап келатты. Ызы-чуунун ичинде алаксып кетип, кемпирди унутуп калган экен. “Сибел апа”- деп үн салды, бир кезде. Кемпир уктап калган көрүнөт, жооп берген жок.

-Сибел апа, Сибел апа?!

Жооп болгон жок. Эмне кыларын билбей калды. Гүлдүн идишин жан-алы калбай ургулап баштады.

-Эмне болду?

Жогортон, жакын эле жерден үн келди.  

-Сибел апа унчукпай калды. Тезирээк, жардам керек. Өзү деле оорукчан эле – деди чыйпылыктап.

з калды, баратабыз, уктап калган жокпу?

-Билбейм жооп бербей атат.

-Сиз кимиси болосуз?

-Багуучусумун.

-Сибел апа!

-Жөн коюңуз эми, уктап алсын, кары киши чарчады да. Ии, баса, сизди чет жерлик дешти?

-Ооба, кыргызстандыкмын.

-Ошондойбу? Бизге Кыргызстандан да куткаруучулар жардамга келди.

-Чын элеби?

-Чын эле, жүзгө жакын киши келди. Кааласаңыз мекендештериңизди таап келейин. Эжеңер силер келмейин чыкпайм деп атат – деп айтайын…

Чынар жылмайды.

***

Ачуу чаңырыктан селт этти. Кичинекей кыздын үнү болчу. “Орхандын кызы” деди шыбырап. Башка кыз бала жок эле бул үйдө. Эмне болду экен, үстүнөн бир нерсе басып калдыбы? Оюна заматта ар нерсе келди. Ага удаа эркектин ыйы, туш-туштан аны соороткон үндөр угулуп атты. Көзү илинип кеткен экен. Беш мүнөт уктадыбы, бир мүнөт уктадыбы, ажырата алган жок. Куткаруучу менен сүйлөшүп атып эле уктап кеткен турбайбы.

-Эй!

-Угуп атам, мен ушул жердемин.

Баягыдай эле токтоо үн катты куткаруучу. Эми үн так маңдайынан угулду. Куткаруучу менен Чынардын ортосун бир эле дубал бөлүп тургансыды.

-Эмне болду?

-Эч нерсе болгон жок. Ушул акыркы дубал. Ушуну казып бүтсөк, жаныңызда болом.

-Кичинекей кызга эмне болду дейм?

Анын суроосун укмаксанга салгандай, куткаруучу цементти катуу-катуу ургулап кирди. Ага болбой эле жогор жактагылардын маегин кулагы чалды:

-Аман калганына сүйүнөлү.

-Колун сактап кала албасак да, өмүрүн сактап калдык.

-Кимдин колу, эмне болгон кол?- деп, Чынар куткаруучуга жалбарып жиберди.

-Кичинекей кыздын колун устун басып калган экен. Доктурлар чыканагынан кесип салды.

-Кудай, ай!

-Атасы деле билип калыптыр. Биринчи жубайымды, балдарымды чыгаргыла деп атканы ошондон экен.

-Сибел апа?! Кемпирди эстеп кетти кайрадан. -Ырас эле ушуну укпай өлүп кете берген турбайсыңбы”- деди каңырыгы түтөп.

-Өлдү деп айтпаңыз, балким эси ооп калгандыр.

-Ошондой эле болсо экен.

-Жашыңыз канчада?- деди куткаруучу. Ал Чынарга кайгырганга да, ойлонгонго да убакыт бергиси келбегенсип, суроо артынан суроо  берип атты.

-Отуз жетиде.

-Балдарыңыз барбы?

-Бар, эки балам бар.

Балдары көз алдына тартылып өттү. Үнүн болушунча катуу чыгарып өңгүрөп ыйлап кирди. Жашоосу, балалыгы, турмушка чыкканы, эне болгону, кемпир менен өткөргөн эки жылы, баары көз алдынан чубуруп өтүп атты. Мурда жашаш үчүн көп нерсе керек болгон экен. Иш, акча, жаңы үй, машине, көйнөк. Азыр жашаш үчүн бир гана нерсе керек болуп турду – урандынын алдынан аман чыгуу.

-Балдарыңызды качантан бери көрө элексиз?

-Эки жылдан бери.

– О-у-у, сиз аябай чыдамкай турбайсызбы? Балдарын эки жыл көрбөй жашаган эне үчүн, урандынын алдында эки күн жатыш кеп бекен? -деди куткаруучу күлүп.

-Эки күн жаттымбы?

-Ооба.

-Чын эле эки күн өттүбү?

Чындап таң калды. Аз эле убакыт жаткандай болду эле. Көп болсо бир күн өткөндүр деп ойлоп аткан өзүнчө.

Чынардын маңдайындагы цемент дубалдын бир киши бата тургандай жери оюлду. Куткаруучу башын  ичкери салып: “Мына, биз келдик” – деди жаркылдап.

-Суу барбы? – деп сурады, суу биротоло көзүнөн өтүп калган неме.

-Суу бар, бирок сизге ичкенге болбойт. Оозуңузду гана чайкаңыз, макулбу?- деп, желим шишедеги сууну узатты киши.

-Макул.

Караңгыга көнүп калган экен. Жарыкка чыкканда Күндү карай албай, көздөрү жүлжүйдү. Ошентсе да көзүн ачып тирүүлүк менен, Күн менен кубанып учурашты. Асман көкмөк тартып, ар кайсы жерде ак булуттар чубалып жатыптыр. “Зилзаланын элүү алтынчы саатында, дагы бир адам куткарылды!” деген салтанаттуу үндөрдү угуп атты. “Кудайга шүгүр” деди шыбырап. Замбилден бир аз башын көтөрүп, айланысын бир чарпып карап алды. Замбилди аяк жагынан эки адам көтөрүп алган экен. Алардын артынан жалбырактары тонолгон гүлдү кучактап, жанагы куткаруучу келе жатат. Алардан сырткары кымкуут түшкөн элди, бири-бирин кучактап куттукташкан куткаруучуларды, микрофон көтөрүп чуркап жүргөн кабарчыларды көрдү, аскерлерди көрдү, чоочун эле өмүр үчүн сүйүнүп ыйлап турган, өмүрүндө көрбөгөн карапайым адамдарды көрдү. Ошончо элдин арасынан кемпирдин балдарын издеп атты…

LOVE İS

(аңгеме)

– Атасына айта көрбө!

Ушул сөздү укканда, каалганын туткасын кармаган бойдон катып, сөз тыңшап калдым.

– Айтпайм, эмнеге айтмак элем?  Кумганымды эле эптеп алып берсеңиз…

Жүрөгүм солк дей түштү. Өлдүм. Тутканы кое берип, артыма бурулдум.  

– Бала немелер алпарса, алпаргандыр.

-Анын эмнеси бар экен? Өзүмдүн кыздарым деле үйгө буюм койгон жок…

Кулак-башым чуулдап, баш оогон жакка бастым. Алардын маеги үзүл-кесил угулуп, алыста калды.

Он күн мурун беле, он беш күн мурун беле, Ажар экөөбүз көчөдө ойноп жүрүп, Нурзадага бардык. Коргондун түбүнө туруп алып, «Нурзадалап» кыйкырып атабыз, кыйкырып атабыз. Бир жакка кетишкенби, же укпай калдыбы, жооп болгон жок. Арыктын жээгинде томолонуп жаткан кумганга кылчактап кете албай турдук. Аны адеп келгенде эле көргөнбүз. Керелден кечке айдоодо зым, кашык, өңдүү алюминийдин сыныктарын чогултуп, күүгүмдө суй жыгылган бизге килейген кумган чоң табылга эле…

«Арзыкан эже алюминий алып атыптыр» деген күндөн тартып, айылда кыз-эркек, улуу-кичүү дебей жапырт алюминий чогултуп баштадык. Балалык жашообуз, балалык дүйнөбүз да өзгөрүп кеткендей болду. Мурда оюндан башканы ойлобосок, эми «алюминий чогултуш керек, Арзыкан эжеге өткөрүп, акчасын алыш керек» деген милдет өзүнөн өзү эле мойнубузга жүктөлдү. Термелеп жүрүп эптеп бир киле топтойбуз да, көчөнүн этегиндеги Арзыкан эженин үйүн көздөй жөнөйбүз. Камгактай болуп деги эле анын жеңилин кантесиң? Бир жолкусунда бир килеге такыр жеткире албай ыйлактасам, чоң апам: «Ал, муну да кошуп ал! Бир күнү бирөө көтөрүп кетелекте…» деп, Актөштүн эски ит аягын кармата салган. Ошондон бери Актөш жаңы желим идиштен тамак жеп калды. Ушинтип күн кечке алюминий менен алышканыбыз алышкан. Анан кантип арык жээгинде томолонуп жаткан кумганды таштап, басып кетмек элек?

***

-Арзыкан, балам, баарыбыз эле тиргилик деп жашайбыз. Бирок бул кылганың туура эмес! – деди чоң апам.

-Мен эмне кылдым, ботом?!

-Бала-чака бир нерсе көтөрүп келгенде: “Муну кайдан алдың, кимдики?”- деп сурап коюш керек да.

-Сурадым. Сурабайт дейсизби?! “Кумган өзүбүздүкү, үйдө үч кумган бар” деп айткан. Ана, калп айтсам, небереңиздин көзү турат! –  деди, Арзыкан эже мен тарапка колун шилтеп. Бетим тызылдап, ысып чыкты. Кумганды өткөрүп атып, чын эле ошентип айтканбыз. Ажар айтса да мейли эле, мен айткам.

-Кумган канча киле чыкты?

-Бир киле.

-Анан кыздарга бир сом бердиңби?

-Бир сом бербей, он сом берет белем?! “Алюмнийдин килеси бир сом болсо, бир сом беремби??

-Кудайды карасаң боло, айланайын, килейген кумган кантип эле бир киле чыксын?!

-Бир киле эле чыгат.

-Мейли, канча чыкса, ошончо чыксын. Мен сага бир сом берейин, Жамалдын кумганын өзүнө кайтарып бер.

-Андай болбойт!

-Эмнеге болбойт? Сен кыздарга кумган алып келгени үчүн бир сом бердиңби?

-Бердим!

-Ии, берсең, мына, мен сага бир сомуңду кайтарып берип, кумганды алам.

-Ала албайсыз, бул менин буюмум болуп калды.

Чоң апам менен Жамал эже андай айтса деле, мындай айтса деле, “Менин үйүмө келгенден кийин, мен акчасын төлөгөндөн кийин буюм меники! Ар ким келип өз буюмун таанып көтөрүп кете берсе, бул иштен тапкан пайдам кайсы?!”- деп Арзыкан эже көгөрүп, кумганды бербей койду.

***

Кечки чайга отурганда чоң апам:

-Ыя, кызым, кумганды кантип алдыңар?-деп, кеп баштады.

-Алган жокпуз. Арыктын жээгинде томолонуп жаткан жеринен таап алганбыз.

-Аа, мейлиң, андай болсо… Анан чын эле Арзыкан бир сом бердиби?

-Ооба .

-Бир сомду эмне кылдыңар?

-“Ловис” алдык.

-“Лөвисиң” эмнеле?

-Сагыз.

Чоң апам күлүп ийди. Мен ыйлап калдым.

-Апе-е-й кантет? Кой, ыйлаба, кагылып кетейин! Жамалдын кумганын алып бердим. Колдонулбай турган жаңы сыр чайнегим бар эле, ошону Арзыканга берип, ордуна кумганды алып келдим. “Жамалдын кумганы экенин кайдан билейин. Өзүмө буюм болуп калсын деп, алып калдым эле.” –деп, тырышып туруп албадыбы. Мындан ары ага алюмний өткөрбөй жүрчү. Дүнүйөпараз неме силерди баласынтып, аз акча берип коет экен. Көчөдөн бир нерсе таап алсаң, дароо мага алып кел. Мен борборго алпарып көбүрөөк акчага өткөрүп келем.

-Чын элеби?

-Чын эле.

-Атама айтпайсыңбы?

-Айтпайм. Коркпо, дароо мага алып кел.

Атамдан өлгүдөй корком. Ал аялы, бала-чакасы менен башка көчөдө жашайт. Бирок кээде келип, мени какыс-кукус кылып, тарбиялап кетет. Ошондон улам “укса өлтүрөт” деп атамдан коркуп аткам.

***

-Казан алюминийби?

-Алюминий да! –деди Ажар.

“Мындан ары бир нерсе таап алсаң, дароо мага алып кел, борборго алпарып көп акчага өткөрүп келем” деген сөздү эстедим.

Казандын түбүндөгү майын төктүк да, эки кулагынан экөөбүз кармап, көтөрүп жөнөдүк. Чоң апам Арзыкан эжеге окшоп казанды таразага тартып деле көргөн жок. Ажар экөөбүзгө эки сомдон төрт сом карматты.

“Ой-ий! Бул акчага жер жайнаган “Ловис” келет да. Ичинен кандай сүрөттөр чыгар экен? Бизде бар сүрөттөр чыгып калбаса экен…” деп, сагыздан мурун ичиндеги кагаздын, сүрөттүн күйүтүн тарттык.

“Ловистин” кагазын класста бардык кыздар чогултабыз. “Ким канчаны топтоду, кимде кайсы сүрөт жок, кимде кайсы сүрөт көп?”- деп, ич ара жарышабыз. Муну класстагы балдар да билип калыптыр. Бир жолу Самат сабактан кийин, кичинекей жылтырак баштык менен бир болгон “ловистин” кагазын көтөрүп келип:

-Ме, керекпи?- деп мага сунду.

-Жок, керек эмес, өзүмдө толуп атат – деп баш чайкадым. Бирок ичимден: “Мен мынча кагазды өмүр бою топтой албасам керек, ичинде бардык сүрөттөр бар чыгар.”- деп ойлоп, баштыкты алгым келип турдум.

Анан эле кайдан-жайдан балдар-кыздар жетип келип: “Самат+Айдай!”, “Самат+Айдай!”,-  деп ызылдап киришти.

“Любоф это… сүйгөнүң үчүн кыладыш чогултуу”- деди арасынан бирөөсү.

Күлкүдөн жер жарылып кеткендей болду.

Мен ызаланып кетип, Саматтын колунан баштыкты жулуп алдым да,  көңтөрүп жибердим. Ортосунда кичинекей кыз менен баланын сүрөтү бар, “любовь это…” деп башталып, андан ары ар түрдүү сүйүү сөздөрү жазылган кагаздар бут алдымда чачылып жатты. “Самат+Айдай!”, “Самат+Айдай!”- деп ызылдап аткандарды Самат бириндетип туш-тарапка кубалап кирди…

-Казанды кайдан алдыңар?!

Чоң апамдүн үнүнөн чочуп кеттим.

– Тоту апанын эшигинен таап алдык. Өзүң айтпадың беле… Мага алып кел дебедиң беле?! – деп, мен өзүмчө эле чырылдап, актанып кирдим.

-Ооба, өзүм айткам, бирок мунун ээси бар да. Тотунун казаны турбайбы, берип коелу, уят, жүргүлө- деди башын жаңсап.

-Акчасычы?

-Акчасы силерде кала берсин!

***

Үчөөбүздүн тапыраган дабышыбыздан Тоту апа кире беришке чыга калды. Чоң апам казанды тамдын бооруна көмкөрүп атып:

-Сенин казаның экенин дароо тааныдым- деди.

-Ооба, эмне болду?

-Бирөө-жарым көтөрүп баратып таштап койгон көрүнөт, кыздар айдоодон таап алыптыр.

-Ии, кашайгыр, эрте менен жети токоч жасап, майы суусун деп эшикке калтырып коюп, унутуп калган турбаймынбы. Балакетиң алайындар, кара көзүм кашайып кала жаздаган тура –деп, сүйүнүп атты Тоту апа.

Кичинекей, капкара казан ага ушунчалык кымбат экенине таң калдым. Анан дагы чоң апамдын “корооңдон алышыптыр” дебей, “айдоодон таап алышыптыр” деп калп айтып койгонуна, негедир сүйүндүм.

-Балдардын жүрбөгөн жери барбы, ойноп жүрүп таап алат да.

-Ошону айтсаң, садагаң кетейиндер! Киргиле үйгө, чай ичкиле.

Бизди үйүнө баштап баратып: “Буюм-тайым деле калган жок. Эсиме жара чыгып эшик-эликте калып, анан эле ар ким көтөрүп кетет”- деп кейип-кепчип алды.

Тоту апа жалгыз жашайт. Көчөдөгү бизден улуураак кыздар кээде келип, кир-когун жууп, үйүн жыйнап берип, колкабыш кылып турат. Биз биринчи жолу анын үйүнө кирдик. Күңүрт бөлмөнүн ичи буркурап алма жыттанып атты.

Тоту апа керебеттин түбүнөн жыгач жашикти сүйрөп чыкты да, гезитке оролгон алмаларды бизге карматты. Эки түп алмасын быша электе эле бизден коруп, терип алат, көрсө, ушинтип үйүндө сактайт тура.

-Ал, айланайын, экөөң мага чоң жакшылылык кылбадыңбы. Кашайып казаны жок калат элем.

-Жакшылык деген жакшылык да, Тоту. Анын чоң-кичинеси болмок беле? Адамдын буюмун таап алып, кайтарып берип койгон да жакшылык, алдыңдан чыккан адамды, “Ал-абалың жакшыбы?”- деп сурап, жакшы сөз айтып, сүйүнтүп койгон да жакшылык. Адамдын жаманын жашырып, сырын сактай билген деле жакшылык…

-Аа, кокуй десең…

Эки кемпир бирин-бири коштоп сүйлөшүп атты. Алардын кебине кулак төшөп отуруп, мен негедир баардык адамдарга жакшылык жасагым келип кетти. Билбейм, биринин жоголгон казанын таап берип, биринин төгүлүп жаткан алмасын терише коюп, биринин арык жээгинде жаткан кумганын үйүнө киргизип берип, иши кылып адамдарга жакшылык жасагым келип кетти. Гезитке оролгон алмаларды дасторкон четине коюп, гезитти шуудуратып бирөөсүн ачып кирдим. Ичинен кадимки бизге тааныш жашыл, чоң алма чыкты. Ажарды карасам, эбак эле алмага тиш салыптыр. Биринчи жолу Тоту апанын алмасын уурдабай жегенибиз ушул болду. Алманы уурдабай жесе деле болот экен…

ОРУН

(аңгеме)

Эл жык жыйма толгон автобуска эң акыркы болуп түштү. Эл менен кошо тартышып, түртүшүп акырындан жылып отуруп, ортоңку каалганын  тушуна чейин сүрүлүп келди. Каалганын айнегинен кудум күзгүнүн алдында тургансып өзүн даана көрүп турду. Автобуска улам кирип-чыккан эл жөөлөп өтөт. Ошентсе деле ордунан жылбай тура берди. Өзүнө өзү чарчап, жүдөп калгандай көрүндү. Жанааракта эле жакшына турган. Неге бир заматта мынтип калды? Же автобус толо чарчаган элди көрүп чарчап калдыбы, ким билет? Айтор көзү үлүрөйүп, пешенесиндеги, көз алдындагы майда бырыштар даана көрүнүп, шүмүрөйүп, кичирейип кетиптир.

“Сен дагы он жылдан кийин тээтиги эжедей болуп каласың.”  Мындан жарым саат мурун эле ушул сөздү укпады беле? Негедир он жылы жок эле, жарым сааттын ичинде өзүнө өзү ошол бейтааныш эжедей көрүнүп кетти. Жол чырак жашыл күйүп турган экен.

-Жетишебизби?!

-Албетте, жетишебиз!  

Экөө тең жарыша шыпылдап чоң жолдон өтүп баратты.

-Сиз неге аксап атасыз?

-Оң бутум сынган да, тээ мурун, ошого аксап басам, эми байкадыңбы?

-Мурда да бир-эки жолу байкагандай болдум эле.

-Шашып басканда билинип калат да. Мына көрдүңбү?  Эки бутун катар коюп, көрсөттү эркек. Чын эле бирөөсү кыйшыйып турат экен.

-Оо, Кудай, көзү көрбөйт, кулагы укпайт, анысы аз келгенсип  чолок да тура.

Экөө жарыктары жаңыдан жанып келе жаткан кечки калааны жаңыртып каткырды.

-Пешенеме ат тепкен!

-Ат тепсе мейли го, эшек тепкенби дейм?!

-Мындан кийин эки метр менин аркамдан басыңыз!

Экөө дагы каткырды.

-Чын эле, он жылдан кийин эки метр аркамдан басып каласыз го, ээ?- деди, кыз эми чындап.

-Он жылдан кийин мен азыр кандай болсом, ушундай эле болом. Бирок он жылдан кийин сен тээтиги эжедей болуп каласың- деди, аларды утурлай басып келе жаткан бейтааныш аялды көрсөтүп. Жоолугу кыйшайып, чарчап-чалыгып араң келаткан аялды карап, кыз чочуду:

-Чын элеби?

-Чын.

-Неге, карылык жугабы? Сизден мага жугабы?

Эркек дагы каткырды. Кыздын ар бир сөзүнө күлө берет. Ар дайым эле ушул, алгач ыкшып күлөт да, анан олуттуу түшүндүрүп кирет.

-Жок, жукпайт, аял киши бат карыйт да. А биз эркектер зымырайып оңой менен карыбайбыз. Бирок зымырайып жүрүп эле бир күнү кете беребиз…

***  

-Эже, отуруп албайсызбы?

Ийнине бирөөнүн колу тийгендей болду.  Аркасын жалт карады. Андан жашыраак бир жигит ага кайрылып аткан экен.

-Отуруп алыңыз!-деди жигит кайталап. Арт жактагы үч орундун бирөө бош туруптур. Барып отуруп алды. Эми жанагыдан да шалпая түштү. Дале маңдайындагы каалганын айнегинен өзүн көрүп турду. Автобус жашына беш жаш кошуп ийсе, жаңелеки жигиттин “отуруп алыңыз” деп жаркылдаганы дагы беш жаш кошуп ийгенсип, он жылы жок эле жанагы бейтааныш эжедей боло түштү.

“Ай, бул жакта боюнда бар аял бар экен, орун берип койсонор боло!” – деп кимдир бирөө заңкылдады. Жака-белин карады. Бир жагында аял, бир жагында эркек отуруптур. Экөө тең андан улуураактай. Аргасыз ордунан турду. Автобустун тирөөчүнө сүйөнүп турган келинге карап “кел, отуруп ал” деди, жактырбай.

Ал да ушуну эле күтүп тургансып, “шып” этип отура калды да, башын ылдый салып, телефонун чукулап кирди. “Ыракмат” деп койгонго жарабаган келинден көз албай тиктеп келатты. Жапжаш, он тогуз, жыйырмада эле болсо керек. Ичке, апакай манжалары шыпылдап, ким бирөөгө кат жазып аткансыды.

***

Экөө аркы-беркини айтып бирде каткырып, бирде олуттуу сүйлөшүп баратышпады беле? Аңгыча эле эркектин телефону шыңгырап калды.

Кайсы оорукана?”, “Кал дедиби?”, “Мейли эми, мен бир саатка жетпей барып калам.” Телефондон бат-бат сүйлөшүп өчүрдү.

-Эмне болду?

-Боюнда бар да, билесиң. Козголуп аткан.  Ооруканага барса, жаткырып коюшуптур.

-Ии, жаман болгон тура, барыңыз эми.

-Сени үйүңө жеткирип коюп барайын, ээ?

Эркек кыйылды.

-Жок, жок бара бериңиз. Мен автобус менен эле кетип калам.

-Чын элеби, таарынбайсыңбы?

-Жок, неге таарынат элем? Мени жеткирип анан барганыңызча кеч болуп кетет го…

Чын эле таарынган жок. Аялы ооруканага жатып калса, үйдө кичинекей балдары күтүп атса, балким аялына бир нерсе керек болоттур. Анын үстүнө жеткиришин да каалабады. “Аялын ойлоп,санаасы тынбаса керек деп боолгоду. Жол бою экөөнүн тең санаасы тынмак эмес. Бири аялын, аялынын карынындагы баласын ойлоп санаасы тынмак эмес, бири менин жанымда ошолорду ойлоп атат деп санаасы тынмак эмес.

Автобус кылдырап, жүрүп бара жатты. Автобустун айнегинен өзүн дагы бир карап алды. Көзү үлүрөйүп чарчаган,  чачы-башы саксайып жүдөгөн бейтааныш эже ага тигилип турду…

ЧОҢОЙГОНДО АПА БОЛБОЙМ

(аңгеме)

Кыңкыстаган үндөн улам чочуп ойгонду. «Маалы келип калдыбы?» деген ой мээсине шак дей түштү. Тура калып жарыкты жакты. Керебеттин аяк жагына чечкен халатын таап чала-була кийди да, жердеги төшөнчүгө үңүлдү. Жердиги боз, күрөң сызыктары бар төшөнчүнүн ар кайсы жерине жашыл-жашыл так түшүп калыптыр. Коркуп кетип: “Лили, Лили”, – деп үн катты. Бир бурчта башын бутуна катып, бүрүшкөн Лилиси кыңкыстап атты. Буга чейин интернеттен ар кандай тасмаларды көрүп, окуп, итинин толгоо күнүнө даярданып жүргөн. Азыр акылында, «Толгоо башталганда алгач жашыл суу келет»деген эле маалымат турду. Эми эмне кылат? Ушундай беймаалда ветеринарга кантип жетет?

Халатын чала кийген калыбында ары-бери баса берди. Ити бирде ыйынып, бирде өпкө өпкөсүнө батпай тез-тез дем алып, жандалбастап атат. Күн мурун камдап койгон желим кол капты, йодду, “күчүктөрдүн киндигин кесем” деп алган кичинекей кайчысын даярдап, керебеттин жанындагы үстөлгө койду. Колу-бутун майда калтырак басып, эч нерсе кыла албачудай болуп турду, бирок бир нерсе кылышы шарт эле.

Итинин куйругун жогору көтөрүп караса, ичине суу толгон челкабык жарым-жартылай сыртка чыгып калыптыр. Көлкүлдөп турган челкабыкты көрүп ого бетер жандан кетти. Шаша-буша телефонун чукулап эки-үч тасманы ачып карап жиберди. Тууганы жаткан иттердин баарынан эле алгач ушундай челкабык чыгат экен, бирок бири деле минтип кыйналган жок. Болор-болбос кыңкыстап, улам бир күчүгүн сыртка чыгарып бошонуп атат. Мунун ити тимеле жаналетке түшүп тыбырчылап атпайбы.

***

-Дароо эле бизге алып келсеңиз болмок! – деди, ветеринар жини келип.

– Мындай болорун кайдан билейин, өзү эле тууйт деп ойлогом. Эмне болуптур?

Суроосун жоопсуз калтырган ветеринар иттин буту-башын кармалап, таразага тарта баштады. «Жөн эле туудура бербейби, жаны кыйналып атса,таразага тартканы эмнеси?» деп ойлоду. Ветеринар итти таразанын үстүнөн алып: «Та-ак, алты жарым киле» – деди да, алдындагы кагазына жазып алды.

-Ичинде балдары тыгылышып калган.

-Эми эмне болот?

-Эмне болмок эле?! Операция кылабыз.

-Операция?

-Ооба, антпесе, тууй албайт. Дагы бир аз кечиксек, өзү да, күчүктөрү да өлүп калат.

Эмне дээрин билбей, бир итин, бир ветеринарды карап дендароо болду. Тиги укол даярдап аткан калыбында: «Биз операцияны баштайлы, сиз үйүңүзгө бара бериңиз», -деди.

-Ушул жерде эле күтүп турайын.

Кеткиси келген жок. Ити да “кетпе” дегенсип көзүн жылтыратып, ээсин тиктеп турду.

– Операция эки саатка созулабы, үч саатка созулабы, белгисиз. Сиздин бара бергениңиз оң, – деп корс этти ветеринар жаман көрүп.

-Эч нерсе эмес.

-Мен сизге телефон чалып, кабар берем.

-Анда сыртта күтүп турсам болобу?

-Болбойт! Үйүңүзгө бара бериңиз дейм, кандай немесиз?!

Үйүнө кеткиси келген жок. Сыртка чыкты да, жолдун ар жак бетиндеги клиника көрүнүп турган кафеге кирип жай алды. Мындан азыраак күн мурун эле ити жакында туурун, бешти же төрттү туурун, ар бир күчүгүн беш жүз доллардан сатып байып кетерин дос-таанышына айтып, мактанып жүргөн. Ал тургай бир курбусу: «Баарын сатасыңбы, өзүңө бирөөнү алып кал да», – деп кеңеш берген. «Алып калып эмне кылам, баарын эле сатам, дагы тууса дагы сатам», деп эдиреңдеп койгон.

***

«Куттуктайм!»- деди, ветеринар каалганы ачары менен. Ал эрте мененкиге караганда жумшарып калыптыр. Жакшы сүйлөп, жаркылдап атты.

-Эмне болду, кандай? Лили жакшы элеби?- деп сурады шашып. «Канча күчүгү бар экен?»- деп сурагысы келип, сурай албады. Жалтак, корунчаак мүнөзү ушул жерде да кармап атканына жини келди. Мунун жалтактай турган, тартына турган эмнеси бар? Акчасын төлөп аткандан кийин каалаган суроосун сурап, каалагандай талап коюш керек эле да. Ушуларды ойлоп, ветеринарды ээрчип ичкери кирди.

-Эки күчүгү бар экен- деди, тиги анын оюн окуп койгонсуп.

«А, эмне экөө эле бекен?» – дейин деп, оозун таптап барып тим болду. Үстөл үстүндөгү үлүрөйгөн, өлөсөлүү итине көзү түштү. Карыны кара жип менен тепчилип-тепчилип төрт элидей тигилип турат. Башын көтөрүп, жардам сурап аткансып, ээсин жалдырай тиктеди. Үстөлгө жакындады. Андан кымындай жамандык күтпөй, колун жыттагылап кирген итин башынан сылап, аяп турду. Эмчек издеген баладай ооздорун ачып, чукуранган эки күчүк энесинин жанында жатты.

Аңгыча аркы бөлмөдөн ветеринардын жардамчысы чыгып: «Куттуктайм!»- деди да, колундагы кутуну үстөлдүн бир четине коюп, «буга салып кетесиз да»- деп кошумчалады.

-Ыракмат, ооба.  

-Үчүнчү баласы тууралуу Осмон мырза айтты да, ээ?  

– Жок, эч нерсе айткан жок.

-Үчүнчү баласы өлүү экен.

Унчуккан жок.

-Ошол оозго туруп калып, булар жылалбай тыгылып калыптыр.

Дагы деле унчуккан жок. Кабагын чытып, жардамчыны угуп тура берди. Өлүү туулган күчүк тууралуу сурагысы келип атты. Кантип, эмне деп сураса экен? «Колуңузга алсаңыз» – деп жалпылдаган жардамчы жумулуу көздөрү менен туш-тарапка сойлоп аткан эки ак-ала күчүктү шарт алып, алаканына сала койду. Эки колу эки жүрөк кармап тургансып, болор-болбос бүлкүлдөп атты. Карыны жарылып, араң жан жаткан ити башын көтөрүп, ээсинин колундагы күчүктөрүн карап кыңшылап жиберди. Бир ээсин, бир күчүктөрүн, анан таштанды салган чоң кутуну карап кыңшылап атты. Ушундан улам, «Өлүү туулган күчүк таштандыга ыргытылган окшойт» деп ойлоду. Бирок басып барып таштандыны карагандан тартынды. Оюна дагы бир нерсе кылт этип, бөлмөнүн ичин уурданып карап алды. Балким үчүнчүсү деле тирүүдүр. “Өзүбүз чоңойтуп кийин сатып жиберебиз”- деп катып алган болсочу. Болушу да мүмкүн. Иттин мындай түрү оңбогон акча турарын булар билбейт дейсиңби? Кайдагыны ойлойм да. Кантип эле ветеринарлар ошончолукка барсын? Жаңы туулган күчүктү энесинен ажыратмак беле?- деп ичинен өзү менен өзү айтышып турду. “Өлүү туулган күчүктү не кылдыңыз?”- деп сурагысы келди. “Сурасам туура болобу же туура эмеспи?” – деп чайналды. Акыры аягы: “Эмне кылса, ошол кылсын, аны көрүп алып да кайгырып жүрөйүнбү,”- деген бүтүмгө келди.

Ветеринар менен эсептешип, кетүүгө камынды. Алгач итин кутунун ичине салды эле балдарынан саамга ажырай түшкөн эне кыңшылап, кутуну тытмалап жиберди. «Мунун баласаагын кара» –деп күлдү да, эки муштумдай күчүктү алып, энесинин жанына жаткырды. Ити жанталашып күчүктөрүн жалап кирди. Жуп жөнөөрдө кутудан башын зорго чыгарып, алсыз үнү менен улуп-улуп алды.

***

Бир канча күн мурун эле, “Күчүк сатып, ирденип кетем” деген оюнан эми эч нерсе калбай, түшүрүп албайын дегенсип, кутуну бооруна бекем кысып жолдо баратты. Бул дүйнөнү, адам баласын али көрө элек, тааный элек эки күчүк бир тууган экенин сезгенсип, бири-бирине ыктап, бирин-бири жыттап коёт. Аларды көрүп зээни кейиди. «Күчүктөрүңдү сатпайм, өзүбүз чоңойтобуз, сени балдарыңдан, балдарыңды бири-биринен ажыратпайм, Лили»- деди. Лилиси түшүнгөнсүп, көзүн жылтыратты. «Итиңиз мындан ары эне боло албайт!», ветеринардын сөзүн эстеди. Ити биринчи жана акыркы жолу эне болуп отурбайбы. Мындан ары эне боло албай турган иттин күчүктөрүн сатып ийгени адамдыкка жатабы? Анан калса, кыргыз качан, кайсы заманда ит сатты эле?!

Эмнегедир апасынын сөзүн эстеп кетти. Бир жолу апасы телефондон: «Экөөң эки жердесиң, менин жүрөгүм да экиге бөлүнүп, дүйнөнүн эки жеринде согуп атат» деп айткан. Экөөң дегени –  өзү, анан үкөсү Сыймык.

Кайрадан итин карады. Көзүн жалжылдатып, не жан оорусун айталбай, не жан кайгысын айталбай жандалбастап атат. Тили жок да макулуктун, тили болсо, эмнелерди айтмак? “Ветеринарда бир балам калып калды, ошону да алалычы?» деп суранмак. Ошентип айталбай, көзүн муң басып атпайбы. Эне да. Адам болобу, жаныбар болобу, эне болгон оор экен го.

***

Экинчи класс беле, үчүнчү класс беле так билбейт. Бир кечте апасы үкөсүн жетелеп жөнөдү. Эч нерсеге түшүнбөй делдейип турган кызын кыялбай, кылчактап улам артына карап атты.

Чоң апасы: «Билсең, сен көпкөнүңдөн кетип атасың! Мурдуңа суу жеткенде келесиң!» –деп ачууланып кыйкырды. «Келбейм!» деди апасы.

-Келбейм! Ушул үйгө басып келсем, киши болбой калайын. Балаңа жакшы аял алып бер!

-Алперем эле, таш ыргытсаң, кыздын башына тиет. Күйөө деген урат, какыс-кукус кылат! Бир жолу кол көтөргөнүнө чыдай албасаң, ушундайыңда кет!

“Урат” деген сөздөн улам, атасы апасын ар дайым эле урарын ойлоду. Ал тургай бир жолкусунда атасы: “Кызым, сен үйдөн чыкпагын, макулбу?!”- деп, аны сыртынан бекитип коюп, короодо апасын сабаган. Ошондогу апасынын жалбарган ыйы, атасынын ырайымсыз, ызырынган үнү ар дайым кулагына жаңыра берет.

Бул жолу чала жабылган каалганын кычыгынан аларды аңдып турган. Ата-энеси кыйкырышып атып эле, атасы апасын удаа-удаа уруп, жерге жыгылып калганда, бет талаштыра тээп жиберди. Үкөсү чаңырып ыйлап, эне-баланын үнү аралашып жатып калды. Ал чуркап кирип ата-энесин арачалап калгандын ордуна, сыртты көздөй качып жөнөдү. Эки кулагын эки алаканы менен бекем жаап, уруштан, ыйдан, талаш-тартыштан качып жөнөдү.

Анан эле кеч киргенде апасы:

-Кетем, мындан ары чыдабайм!- деп, үкөсү экөөнү жетелеп, жолго түштү. Чоң апасы жетип келип: “Өзүң кайда барсаң айда бар, балдарды ташта!” – деп, аларды колунан жулуп алды. “Мен апам менен кетем” деп, үкөсү чырылдап ээрчиди, кыз унчукпай ортодо турду. Апасы эңкейип: «Кызым, мени менен кетесиңби же каласыңбы?»деп сурады. Бул суроого анча деле түшүнгөн жок, бирок «Кала эле берейинчи» деп жооп берди.

***

«Энең эмне, көпкөнүнөн эле кетти да, мурдуна суу жеткенде, өзү эле келет!» -деп чоң апасы айтып жүрдү. Апасынын келер-келбесине көзү жетчү эмес, бирок “келсе экен” деп күтчү. Чоң апасы отуруп-туруп: «Кызым, кокус мектепке энең келип, “Жүрү мени менен” деп жетелесе, кетпегин, макулбу?! Таяжелериң келип “апаңа алпарам” десе да, көнбө. Сыймык кетип калды, сен да кетип калсаң, мен куруйм, кетпе!» -деп тынбай эскерте берчү болду.

Бир күнү мектепте танапис учурунда курдашы: «Сени биздин үйдө апаң чакырып атат»- деп шыбырады. «Мени менен кетесиңби?»- деп сурайт го, деп, баргысы келген жок. Бирок барды. Ойлогонундай эле апасы: «Жүрү мени менен, Сыймыкка барабыз.»- деди аны кучактап. «Сыймык кетип калды, мен да кетип калсам, чоң апам куруйт го.» -деп жооп берди. Анан: «Сабак башталып калды, эжей урушат» деп шашты.

«Мунуң сени менен кетпейт, мастан кайненең баланын башын айланткан тура!» -деди, апасынын жанындагы аял жини келип. Коштошордо апасы: «Чоңойгондо өзүң мени издээрсиң, ага чейин мен ушинтип чакырганда, учурашканы келип жүр, макулбу?» -деп өтүндү. «Макул» деди да, чоң балээден кутулган өңдүү тызылдап, мектебин көздөй чуркап кетти.

***

Дарбаза катуу такылдады. «Бар, карачы ким болуп кетти жети түндө?» – деп, чоң апасы жумшады. Чуркап барып дарбазаны ачса, таенеси туруптур.

-Кандайсыз?

Таенеси жооп бергендин ордуна:

-Сага эмне, эне кереги жокпу, ыя?!- деп, чыкыйына нукуп алды.

Коркуп кетип таенесинен боюн ала качты.

-Ким бар үйдө?

-Баары эле.

Ошол кечте чоң апасы менен таенеси бирде кыйкырып, бирде басаңдап узак сүйлөштү. Бири ооруканада жүрүп кеч келгенин айтты. Экинчиси: «Бүгүн биздикине эле түнөп калыңыз» -деп өтүндү. Эки кемпир элдешип калгандай болду. Уктап баратып, «Сыймык», «оорукана», «акча», «ачуу-таттуу», «үй-бүлө» деген сөздөрдү үзүл-кесил угуп атты.

***

Эртеси чоң атасы менен короодо отурган. Түш ооп калган ченде атасы дарбазадан кирип келип:

-Ыя, ата, “биттеп атам” деп эле жүрөсүң, бит барбы?- деп сурады чоң атасынан.

-Эмне болду, битти эмне кыласың?

– Сыймыкка барып келдим. Палатада чогуу жаткан бир байбиче: “Ай, балам, доктуруң айта берет, аларды көп уга бербей, өзүң да аракет кыл. Сарыкка бит жакшы, бит таап келип, балаңа ичир. Бит боорго жабышат да, сарыкты пайда кылган балекеттин баарын соруп алат.”- деп айтты. Өзү күн алыс небересине бит ичирет экен. Бүгүн-эртең ооруканадан чыгабыз деп турат.

-Арбак ургурдун бити, бар болбой анан. Мунун пайдасы да бар тура, кел, кызым, карай салалы, -деп, сүйлөнгөн чоң атасы чечине баштады.

«Мына, могуга салгыла» -деп, атасы дарынын кичинекей шишесин колуна карматты. Чоң атасы экөө майкенин, көйнөктүн тигиштерин тинтип отуруп, бир далай эле бит чогултту. Бит карап бүткөндөн кийин чымын-куюн болуп көмүр тамды көздөй чуркап кетти. Чуркап барып, көмүр тамдын артына жашынып, үстүндөгү көйнөгүн чечип бит карады. Бит карап атып, “Апам менен үкөм үйгө кайтып келсе экен, атам апамды урбаса экен”- деп тиленди.

Демейде чоң атасынын бит каратканынан, жонун тырмата бергенинен тажап, качса, эми «үкөмө керек» деп, тер жыттанган көйнөктүн, майкенин тигиштерин сыдырып, чын дили менен бит издечү болду. Бит, тамак-аш көтөрүнүп атасы экөө ооруканага тынбай каттап жүрдү.

Бир күнү үйгө атасы, апасы, үкөсү үчөө чогуу келди. «Ооруканадан чыгып, түз эле үйгө келдик,»- деп, атасы кудуңдады. Апасы унчукпай жер тиктеди.

Андан кийин деле үйдө уруш-талаш көп болду, бирок апасы үкөсүн жетелеп кеткен жок. Анткени менен апасынын: “Жашооң менен жерге кир! Аял бала үчүн жашайт тура… Силер үчүн кайра келип албадымбы, балдар үчүн жашап кетейин дебедимби?! Экөөңдү эки жерде жалдыратат белем?!” деп, наалыганын, ыйлаганын көп укту. Уккан сайын, «чоңойгондо апа болбойм» деп ойлоно берчү болду. Уруштан, талаш-тартыштан кадимкидей заарканып жүрүп бойго жетти… Азыр алардын бирин эстесе, бирин эстей албайт. Эстегенден качат.

Эстегиси келбеген окуяларды эстеп, апа болгусу келбеген тилегин эстеп, эне болуп энеликтин азабын тартып, кутуда бараткан итин бир карап, жолун бир карап кетип бара жатты.

About the author

Жазуучулар Союзу