2025-жылдын 18-февралында “Каркыралар” адабий бирикмеси Кара-Кыргыз Автономиялык Облусунун 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдыгына арналган “Сезим ыргактары” деп аталган көркөм адабий чыгармалар антологиясынын презентациясы өттү.
Бул антологияга кыргыздын акын-жазуучу айымдарынын ар кыл жанрдагы эмгектери топтолгон. Антологияда балалык дүйнөсүнө, жаштык сезимдерине, турмуштун түйшүктөрүнө жана каармандар менен баштан өткөн кыйынчылыктарга карата терең ойлор жана сезимдер чагылдырылган. Чыгармачылыкта өткөндү эске алуу, учурдагы кырдаалды аңдоо жана келечекке үмүттөнүү негизги темалар катары көрсөтүлөт.
“Сезим Ыргактары” антологиясы кыргыз көркөм адабиятын сүйүүчүлөргө арналган жана алардын ички дүйнөсүн байытууга, жашоонун терең маани-мазмунун түшүнүүгө жардам берет.