Ибрагим Түркхан: Султан Раев заманбап жазуучу

Азыркы кыргыз адабиятынын таанымал өкүлдөрүнүн бири Султан Раев абанын бүгүн туулган күнү экен. Ал, Түркияда эки китеби жарык көргөн, көптөгөн мамлекеттерде сыйлык алган заманбап жазуучу! Абаны бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап, “Жылдыздарды аралап-Yıldızların Arasında” аталыштагы китебимде ага арнаган бөлүмдү назарыңыздарга тартуу кылам. Султан абага чың ден-соолук, чыгармачылык көптөгөн ийгиликтерди каалайм.

“Султан Раев заманбап жазуучу

Чынгыз Айтматов, чындыгында кыргыз адабиятынын эң улуу жазуучусу болуу менен бирге, түрк дүйнөсүнүн жана дүйнөлүк адабияттын да эң алдыңкы жазуучуларынын бири. Айтматов жараткан чыгармалары аркылуу кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытып, элинин маданиятын эң сонун чагылдыруу милдетин жогорку деңгээлде аткарган. Айтматов менен замандаш жашаган көптөгөн акын жана жазуучулар да ошол милдетти аткарууга далалаттанышкан. Ушуну менен бирге СССР доорунда жашаган жана азыркы биз жашаган доорго жеткен жаш адабиятчылар да, Айтматов мектебинен азыктанып, же өзүлөрүнүн чыйырын ачууга дилгирленип, Айтматовдон кийинки доордун кыргыз адабиятында ордун табууга мээнеттерин жумшап келишүүдө. Алардын бири – акыркы жылдарда кыйла белгилүү болуп калган жана бир нече улуттук, чет элдик сыйлыктардын ээси, жазуучу Султан Раев.

Султан Раевдин атын биринчи жолу 2011-жылы уккан элем. Анын “Жуманын бешинчи күнү” аттуу түркчөгө которулган аңгемелер жыйнагы жарык көргөн эле. Ошол китеп, Чынгыз Айтматовдун китептеринен бөлөк, узак жылдардан бери кыргыз адабиятынан которулган алгачкы китептердин бири болгон. Бирок, китептин атын укканым менен, өзүн бир нече убакыттан кийин, Анкарага барганда таап, окуганмын. Автордун атын көп укпагандыктан, ким экен деп сурамжылап, иликтеп, анын ага чейин Кыргыз Республикасынын Маданият министри болуп иштегенин, акыркы жылдардагы активдүү жазуучуларынын бири экенин, ошол күндөрдө да мамлекеттик кызматты аркалап келгенин билдим.
Раевдин аңгемелери мазмуну жана техникасы жагынан мен ошого чейин окуган аңгемелерге салыштырмалуу башкачараак сезилген. Туурасын айтсам, ошол күндөрдө кыргыз адабиятынан котормо кылып жатканымда мүмкүн болушунча, ага чейин чыгармалары которулбаган акын же жазуучулардын жок дегенде бирден ыр же аңгемеси болсо да которуп, Түркияда таанытайын деп жүргөндүктөн, жакында эле китеби жарык көргөн Султан аба жана чыгармаларына көп көңүл бурган эмесмин. Ошол жылдарда жазуучу Айдарбек Сарманбет менен байланышта элем. Которгонго чыгарма же авторлор менен байланыштуу ойлорун билейин деп байланышкан учурларда Султан Раевдин атын укчу элем. Кыскасы, аны менен жүз көрүшө албай 2016-жылга чейин келип калдык.
2016-жылдын жайында Бишкекте Айдарбек Сарманбет аба менен жолугуп, Султан аба менен жолукканы бардык. Ошол күндөрдө “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” башталганына аз убакыт калган эле. Султан Раев уюштуруу комитетинде болгондуктан убактысын албайлы деп, кыска-нуска зыярат кылып кеттик. Кийинки күндөрдө Бишкекке барганымда кабарлашып турдук. Бирок, ал мурдагы милдетине салыштырмалуу оорураак ишке которулгандыктан, убактысы өтө аз эле. Ошондуктан ал үчүн да, мен үчүн да жолугуп сүйлөшкөнгө убакыт тартыш болучу. Биз уюштурган кечелерге чакырганда да, чет жактарда жүрүп катыша алган эмес. Ошенткен менен, кайтып келгенде телефон чалып, куттуктагандан калчу эмес.
Султан аба жөнүндө сөз кылууга арналган ушул макаланын темасын бекеринен таңдаган жокмун. Өзү менен жолугуп, адабият айдыңында кенен сөз кыла албасак да, басма сөздөрдөн жана интернеттен көргөнүм боюнча, ал акыркы жылдардын активдүү калемгерлеринин бири болуу менен көңүлдү өзүнө бурууда. Тез-тезден ар кайсы мамлекеттерге барып, ал жактагы адабият, көркөм өнөр ж.б. жаатындагы иш-чараларга катышканы, анын, замананын шартына көнүү маселесинде бир топ алдыга жылганын көрсөтүүдө. Кайсы бир жазуучу, бир буту өз мамлекети жана өз маданиятында, экинчи буту бөлөк мамлекеттерде болсо, ошондо гана өзү жөнүндө кеп кылдыра алат. Өзгөчө азыркы доордун глобалдуу маданият жана жашоо шарты өкүм сүрө баштаган кыйын шартында, өткөндөн азыктанган, бүгүнкү күндү жакшы баамдаган жана эртенкиге пландары бар жазуучулар кийинки муундарга эмгек калтырууга үлгүрө алышат. Султан Раев, мейли, жазган аңгемелери менен, мейли драма жанрындагы чыгармалары аркылуу, атак-даңкын алыскы мамлекеттерге жеткизгенине көп болуптур. Анүстүнө кайсы гана мамлекетке барбасын куру кол келбей, көпчүлүк учурда сыйлык алып келгенин көрүүдөбүз. Бул, анын заманбап жазуучу экенине далил.

Султан Раев абанын жакынкы күндөрдө бир канча аңгемелерин котордум. Алардын арасынан бирин тандап, Түркияда чыгаралы деп пландаган “Кыргыз аңгемелер жыйнагы-2” деп атай турган китепке киргиздим. Китептин башкы сөзүнө жазган кыска макаласында өзү сөз кылгандай, кыргыз адабияты эми Чынгыз Айтматовдон кийинки доордун босогосунда. Алтүгүл, биз “постайтматов” деп атай турган доор эчак башталган. Лев Толстой, Пушкин, Назым Хикмет сымал акын-жазуучулар актуалдуулугун азыркы доордо кандай жоготпой келишсе, Чыңгыз Айтматов дагы жылдыз сымал кыргыз адабиятынын асманында жаркырап жана бермекчи. Аны менен замандаш болуп жашаган жана азыркы ортоңку курактан өткөн көпчүлүк жазуучу жана эми чыгып келе жаткан жаш жазуучулардын Чыңгыз Айтматовду өзүлөрүнө үлгү алып, керек болсо андан да бийик баскычтарга чыкканга далалат кылуулары керек. Мына, Султан Раев ушул темага басым жасап, өзүнүн эмгектери менен кыргыз адабиятындагы Айтматовдон кийинки доордун активдүү жана заманбап ой жүгүрткөн өкүлдөрүнүн бири экенин, колуна калемсап кармаган акындыкка жана жазуучулукка талапкер адамдардын эмнелерге жетише аларын көрсөтүүдө. Ал алган сыйлыктар, анын тайсалдашына жана магдырашына эмес, андан да көп эргүү менен ишин улантуусуна түрткү болууда. Ал, ансыз деле ушул кайрат жана мээнет менен китептерин жазып келүүдө. Жакынкы күндөрдө анын “Топон” аттуу дагы бир китебинин Түркияда жарык көргөнү, бул айтылгандарга үлгү боло алат.
Султан Раев ак көңүл, маанайы жарык, кадыр билги адам катары, кыргыз адабиятынын азыркы кездеги эң активдүү өкүлдөрүнөн жана аны дүйнөнүн азыркы абалына жараша андан да бийикке көтөрүүгө талпынган заманбап ойго ээ жазуучулардын бири. Албетте, кыргыз адабиятынын ар бир өкүлү өз алдынча заманбап ойлорго ээ экени бышык нерсе. Муну, канча жылдан бери классик жана жаш адабиятчылардын эмгектеринен которуп келе жаткан адам катары, акын жана жазуучулардын катышкан эл аралык иш-чараларга, которулган чыгармаларына, алган сыйлыктарына карап баса айта алам. Мен кыргыз адабиятынын ар бир өкүлүнүн жана алардын арасында Султан Раев абанын ыраматылык Чыңгыз Айтматовдон кийинки доордо, дүйнөлүк адабиятта өзүлөрү жөнүндө сөз козгой турган чыгармаларды жаратып жүрүүлөрүнө тилектешмин.