Догдурбек Юсупов: Жан дүйнөнүн тазалыгына чакырык

Жан дүйнөнүн тазалыгына чакырык

Поэзия жанрында ар түрдүү индивидуалдуу көркөм изденүүлөр жана чечимдер менен учурдун маанилүү маселелери жөнүндө ачык баян айтылат эмеспи. Биринчи кезекте белгилеп кетээрим, поэзиянын максаты жана милдети мурдатан эле жашообуздун (бытие) жалпы философиялык маселелери жана конкреттүү жекече адамдын тагдыры болуп келгендиги белгилүү.

Адабиятта учурдун реалдуу көрүнүшүн чагылдыруудан ашкан сыймыктуу милдет болбосо керек. Байыркы мезгилден баштап азыркы күндөргө чейин коомдун бүтүндөй тарыхы аркылуу турмушта жаркын жана гумандуу башталышты бекемдөөгө аракеттенүү кызыл сызык менен кеткендиги айкын. Менин оюмча заман өнүккөн сайын мурдагыдай сюжет кууп кетүү артта кала баштап, социалдык-психологиялык ой айтууга талап күчөгөндүгү бул жанрдын жаралышын да татаалдаштырып жаткан сымал. Тактап айтканда, “…азыр публицистикалык маанайдагы чыгармалар алдыңкы планга чыкты”. (Александр Рубашкин. Прямая речь. “Сов. писатель”, Москва. 1998. 27-бет).

Ушул жерден бир аз артка чегинүүгө туура келип жатат. Поэзияда пародия деген татаал жанр бар. Ушунданбы, айтор, пародия жазгандар саналуу гана. Пародия десе эле бир акындын начар куплетине аны туурап мыскылдоо жазуу керек экен деп ойлогондор да жок эмес. Пародия жаза коюп жүргөн адам катары айтаарым, акындын дароо көзгө урунган, мурда эч ким айта элек мыкты куплетин таап, ага белимчи саптарды чын дилден арноо болуп саналат.

80-жылдары кыз-келиндер азыркыдай болуп жапырт шым кие элек кезинде алдын ала азыркы учурду туя билген акын Керимбек Кадыракуновдун:

“Сүйүктүүм чыкты менин күтүп келген,

Шым кийип меникиндей үтүктөлгөн…”

-деген ыр саптары көзүмө урунду. Дароо пародия жазыш керек экен деген сезим уялады. Көп өтпөй эле төмөндөгүдөй пародия жаралды.

Меникиндей

Турамын бутум менен жерди чийип,

Кармалайм бутактарды жерге ийип.

Сүйүктүүм чыга келди бир убакта,

Башына меникиндей шапке кийип.

 

Мен турам шилекейим жалап коюп,

Ал келет алды-артын карап коюп.

Чөнтөктөн меникиндей тарак алып,

Меникиндей кыска чачын тарап коюп.

 

Жалтанып көздөрүнөн оту жанган,

Адамча башты ийдим жазаланган.

Шым кийип ал жаныма басып келди,

Меникиндей химчисткада тазаланган.

Бул пародия адегенде гезитке, кийин “Шүүдүрүмдөгү издер” деген ыр китебиме жарыяланды. Ошондон кийин бул акындын чыгармачылыгына көз кырымды сала баштадым.

Керимбек Кадыракунов поэзияга турмуштук бай тажрыйба топтогондон кийин гана биротоло чечкиндүү баш бакты.

“Ырлар деле асыл жанга аманат,

Ыр көксөгөн алса болду канагат.

Кунт койгондун купулуна толсо экен,

Ыр ээсине айттырбастан жаман ат,”- деп тынчсызданганын жашырбай, чын ниетинен окурманга кайрылып жатпайбы… Акындын ырларын шашпай окуп жатканда мезгилдин духовный проблемаларын чечүүгө, учурдун панорамасын изилдөөгө багытталган жогорку идеялык-көркөм деңгээлдеги ыр саптарынын жаралгандыгына окурман ынанбай койбойт. Баарынан да акын айрыкча гиперболизациялоо менен символикалуулукка кызыгып кетпей, конкреттүү аракетке, социалдык жана нравалык активдүүлүккө, адам мүнөзүнүн байлыгына өзгөчө көңүл бургандыгы ырас. Буга анын:

“Бул мезгилдин көрктөндүрөр түсү биз,

Бул замандын ачып карар жүзү биз.

Биздин дагы таза болсун баскан жол,

Урпактарга улануучу изибиз,”- деген ыр саптары далил.

Ошондой эле акын “Жашоо керек тазартып пейлибизди” деген ырында эң ыймандуу адамдык сапаттардын бири – ак ниет жана таза жашоону сөз тизмеги менен реалдуу аспектиде айтып берүүгө аракеттенген.

“Акылдуубуз, а балким дейдибизби?

Өз алдынча түшүнөр мейли бизди.

Бирок элим бар болсо, мен бармын деп,

Жашоо керек тазартып пейлибизди,”- деп адамзатын аруулукка үндөйт. Көпчүлүк ырларында акын ошондой эле адамзаттын бактысынын назиктигин, аялуулугун терең түшүнгөн терең гуманист катары да өзүн айгинелей алгандыгы менен башкалардан айырмаланат.

Керимбек Кадыракунов өзүнүн ырларында дайыма моралдык нормалардын социалдык, коомдук маңызын баса белгилегенге эптүү. Аларга “Жашоо деген жолго чыккан адамдар”, “Чакырык”, “Сактасын”, “Күтөөр жаркын келечек”, “Таза болсун баскан жол” өңдүү ырларын кошууга болот. Менин колумдагы “Мамиле” аттуу китебине кирген ырлары поэтикалык ойдун тереңдиги, түбөлүктүүлүктүн үлгүсү болгон адамдык жакшы сапаттарга, жан дүйнөнүн тазалыгына чакырган руханий кубаттануунун гүлазыгындай тунук ойлорго бай. Дегинкиси ой жүгүртүү жана аракет – чыгарманын эки канаты, анын эркин жана бийик учушун камсыз кылган бирдей даражадагы күч жана өз ара биримдик. Мына ошондуктан, “… чыгармага чыныгы публицистикалык канат байлоо жолтоо болбойт, т.а. өтө жардам берет”. (Михаил Числов. Адабият жана азыркы учур. “Худ. литература”, Москва.1984, 292-бет). Демек, таланттуу акындын ырларынын рухий горизонту социалдык багыт катары кеңейип, публицистикалык дем менен байып жатканы кубанычтуу көрүнүш.

Догдурбек Юсупов,

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер