Данияр Исанов: Шамал согот батыштан

Шамал согот батыштан

–Сактыкта кордук жок! – деген эзелтен кыргыз. Калпагыңды, комузуңду, добушуңду жогото көрбө! Тилиңди унутуп, дилиңди сатпа! Намыскөй эл элек. Намысыбызды колдон жулдуртпайлы.

Шайтан-шабыры аралашкан мындай тирукмуш заманда ааламды алаамат каптап келаткансыйт. Ошол алааматтан аман калабыз десек, бир нерсени эске ала жүргөнүбүз эп. Анүчүн арабдарча кийинбей, сакал өстүрбөй акыл өстүрөлү. Англисче ашатканды, орусча ойлонгонду өнөр көрбөстөн, бүгүнтөн тартып өзүбүзгө өзүбүз төңкөрүш жасайлы! Өлкөгө төңкөрүш жасагандан көрө, оболу төңкөрүштү өзүбүздөн баштасак дурус болор беле?! Жер каймактаганы бизге дейре эчен улут жок болгон. Жоголуп жатат… Бейиш менен тозок бар экенин билбейм, бирок, сен үчүн тозок дүйнө эмне? – десе:

–Тилимдин жана дилимдин жоголгону! – деп айтар элем.

Эки миң жылды карытып, кыжылдаган кытай менен кырчылдашканда жоголбогон кыргызды ушу тапта жоготуп коюштун жолдорун издегендер четтен табылат. Келгиле, бардыгыбыз кан Манастан калган калың журттун камын көрүп, Ата Журттун илдетин өзүбүзгө алалы!

150 миллиондон ашык орус ойлонуп жатат, канткенде орус орустугун сактайт? – деп. Кыргыз тегин сактаган. Өкүнүчтүүсү, ыпылас маданиятты таңуулап, дүйнөбүзгө дүрбөлөң түшүргөн теги да жок, тили да жок адамдык асыл нарктан куру-жалак калган Американын ааламды ары-бери калчайын деген аракети күч.

–Жойпуланбачы! – деп урушар эле айылдагы апалар бири-бирине ачууланса. Жойпу дегени эмнеси? – деп эчен курдай апаман сурасам:

–Жойпу деп куулугу башынан ашып түшкөн кыйды немени айтышат! – дечү.

Кылгылыкты кылышып, кыл жип менен буушкан дили бузук, карасанатайлыкты даңазалап, караңгылыкка түртүшкөн жойпулардан Жараткан өзү сактасын!

Ушул сөздөн улам учурда жарга такалып турган жан дүйнөбүзгө дүрбөлөң түшүрүп, океандын ары жагында олтуруп алып бүтүндөй ааламды аңтарып атышкан жойпулар жөнүндө орус маалымат сайттарына эмнелер жазылып, эмне кеп жүрүп жатканынан кабардар кылыш максатында, назарыңыздарга коюп тургандагым. Сөздү аздектеген кыргыз эмеспизби, калганын окурман окуп бүткөн соң өз алдыңча ой чубап, аңдап алышка кудуретиң жетээрине ишенем!

Саясат дегендин өзү – башкаруу. Эгер саясатка аралашпасаң, анда саясат сөзсүз сени менен алектенээри, айтпаса да түшүнүктүү. Ар бир адам бактылуу болушка акылуу. Арзыбаган нерсеге убакытты уттуруп, башка бирөө менен жаман айтып жаакташып олтургандан көрө, өмүр өткүчөктү өзүң менен өзүң күрөшүп жүрүп өткөн туура. Батыштан аккан жугундуга жуунбастан, ата-бабабыздан бери айтылып келаткан акылга мол асыл насааттарга киринип алсак, эртеби-кечпи жеңишке жетээрибизге ишен!

Аракечтик аралаган үй-бүлөдө эч кандай бакыттын изи болушу мүмкүн эмес. Американы алгач ачышкан европалык калктар индеецтерге караганда курал-жарак жагынан алда канча күчтүү экенине карабастан, жеңишке жете албай кыйла убараланышкан. Анан акылын шайтан уялаган европалыктар аборигендерге карата самогон деген балекетин көрсөтүшүп, ичкиликке үйрөтө башташкан. Арадан айлар агып, жылдар жылды дегендей, эми карасаң индеецтер өз жергесинде ээн-эркин өмүр кечиришпей, кызыл китепке кирчү улуттарга айланып олтурат. Орустар өзүлөрүнүн жыл санап четинен кыйрап атышканын «жойпулардан» көрүшөт экен. Ал эми биздин өлкөгө жүргүзгөн орустардын оторчул-колониалдык саясатына дейре, тактап айтканда он тогузунчу кылымдарда ата-бабабыз аракты кармамак тургай, атын да укпаса керек?!

Арактан көзү ачылбай айлап ичишкен орустар эстерине эми келип тургандай?! Аракты көңүлдү көкөлөтүп, шаңга бөлөй турган мыкты тамак катары көрүшкөн орустардан ошол адат бизге ооп, кыргыз да кыйроонун алдында турат. Көрсө, арактын курамында ишке болгон жөндөмдүүлүктү төмөн түшүрүп, унутчаактыкты, ыкшоолукту, адам баласында катылып жаткан түпкүрдөгү айбандык сезимди козутуу менен бирге, ар кыл жаман ишке түртчү толуп жаткан кара күчтөргө эгедер экенин элес албай иче берген турбайбызбы, аттиң. Кайсы бирин айталык? Мунун бардыгын аңкоолук кылып аңдабай жүрө бергендиктен, улут катары толгон-токой кыйроолорго да учурап кеттик.

«Америка Кошмо Штаттарынын президенттик администрациясынын тапшырмасы боюнча Ж.Буштун көзөмөлү астында 1989-жылы «Мурас» («Наследие») фонду тарабынан изилдөөгө алынып, «Бошотуу» деген доктринаны иштеп чыгышкан. Анын максаты: Россияда болуп жаткан башаламан окуяларга байланыштуу СССР деген державаны тез арада жардан алыс түртүп кулатуу болчу. Президент Ж.Буштун улуттук коопсуздук маселелери боюнча жазылган директивасы 1991-жылы толук аягына чыгып, анда негизинен СССР ичиндеги билим берүү менен өз ара алакалар АКШнын 2005-жылга чейинки улуттук кызыкчылыктары болуп саналган. Ошондой эле СССРдеги ар бир мамлекетти бөлүп-жаруу, алтургай Россиянын өзүндө да өз таасирин тийгизүү керектиги айтылган.

Бул жашырын программа 1992-жылы Америка баш болуп куралган ар кыл жети мамлекет тарабынан («жетилик») кабыл алынган. Программанын алкагында мурдагы СССРде 2005-жылга чейин калктын санын 30 миллионго дейре жокко учуратуу маселеси каралган. 1992-жылдары СССРде калк 205 миңге азайган. 1993-жылы 800 миңге, ал эми 1994-жылы 1,5 миллионго жакын калк жер бетинен жок болгон». (А.Н.Маюров. “Заметки по поводу”. Записки собриолога, Нижний Новгород. 2000-ж. 7-б.)

*****

АКШнын 1992-жылдагы Коргоо министрлигинин №13чү директивасы:

Директива 1994-жылдан тартып 1999-жылга чейинки иш-аракеттерге каралган. Анда, АКШ жакынкы келечекте аскерий-саясый аренада дүйнө жүзү боюнча лидер саналышы камтылган. АКШ кырдаалга жараша, керек болсо БУУнун коллективдүү аракеттеринин рамкасынан чыгып, өз бет алдынча аскердик бир беткей акцияларды уюштуруп, мелженген аймактарга сокку жасоого да укуктуу экенин, келечекте НАТО Атлантикадан тартып Уралга чейин жана айрым бир аймактарда конфликттерди, чек аралардагы талаш-тартыш маселелерине түздөн-түз кийлигишүүсү, аны менен бирге Вашингтондо өткөн Бүткүл Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюттук фонддун программасы да иштелип, СССРде калктын жашоо деңгээлин өтө төмөн түшүрүп, акча кредиттик маселелеринде инфляцияга каршы айыгышкан күрөштөрдү уюштуруу иштери каралган.

АКШнын Коргоо министри Уильям Перринин 1995-жылы “Гарвард” деп аталган долбоорунан:

«Советтик Армияны керектен чыгаруу; Россияны мамлекет катарынан чыгаруу;

Социализмдин атрибуттарын, калктарды акысыз билим алуу жана медициналык тейлөө кызматтарынан ажыратуу, капитализмдин атрибуттарын жар салып, «бардык нерсеге төлөнөт» деген саясатты ишке ашыруу; Ленинграддагы жана Москвадагы бейпил элдин бейгам жашоосуна бүлүк салуу, токчулуктан ажыратуу;

Мына ушул пландын негизинде Россияда адамдар он эсеге, 30 миллионго дейре азайып, ал эми аймактары 40-45тей саясый-экономикалык аймактарга айланып, ал жерлер англо-саксондук расалардын керектөөсүнө жумшалмакчы».

АКШнын президенти Билл Клинтондун «Өлкөдөгү абал жөнүндө» жолдомосунан:

«Америка жыйырма биринчи кылымга карай кадам ташташы үчүн ортодо түзүлгөн дүйнөлүк бейпил мезгил арасында узак убакыттарга дейре Американын саясый аренада жетектөөчү роль аткарышын камсыздап, биз күчүбүздү колдоно билгенди үйрөнүшүбүз зарыл. Элүү жыл илгери Америка алысты көрө билген көрөгөчтүгүнүн аркасы менен «кансыз согушта» жеңишке жетүүнүн жолдорун көрсөтүп, дүйнөлүк экономикада алдыңкы сапка чыгара турган институттарды жетектеп келди. Биз ата-бабаларыбыз жашап келген өлкөбүздө (Америка) дүйнөнү бөлүп-жарган көптөгөн тоскоолдуктардан аттап өтүп, өз кедергисин тийгизбестен четке кага алдык». (Б.Клинтон. 1997. 07.02.)

*****

–Ку-ка-рек-ук!

–Тирүүлү-үк! – дегендей угулду мага биринчи короз кыйкырганда… Бүгүн эрте ойгондум. Адеп көзүмдү ачканда айланамды бир сыдыра карап алдым да, алтымыш эки тамырымдан кан айланып жатканын сезип «денем тирүү экен» дедим. Жүрөгүмдүн «дүк-дүк» этип согуп атканын азга тыңшап болуп «жүрөгүм тирүү» экен дедим. Анан, ушул түндөн жерди титиретпей, жүрөктү титиретпей тирүү жанга бейпил турмуш ыроологон Жаратканга шүгүр! – деп, ордумдан козголууга кам ураарда:

–Ку-ка-рек-ук! – деди, алыстан экинчи короз.

–Тирил-и-ик! – дегендей угулду кулагыма. Чындап эле тирүүлүктө тирилик кылбаса оокат өтпөсүн ойлоп, жумушка жөнөдүм.

Аралыгы бир сааттык өмүрдү алган ишиме кишинин көптүгүнөн тыгылышып, дем жетпей маршруттук унаада бараттык. Айдоочу кайсы бир толкунду кармап, радиого койду эле: «Акаң барбы, үкаң барбы, айтып койчу тансага?!» – деди…

–Өчүрчү! Атаңдын оозу! – деп ашатып кирди чачын ак аралап калган, жашы элүүлөр чамасындагы бир адам.

Ага айдоочу кулак салган жок!

–Өчүрчү деп жатам! Ушундай ырларды угуп атып, тамтыракайыбыз чыкты го?!

Айдоочу радиосун өчүрдү…

Кулакка дөңгөлөктүн тынымсыз айланган дабышы угулат. Өмүр айланып, тирилик уланып…

Кимдир бирөө деми кыстыгып терезени ачаар замат, өтө тез ылдамдыкта бараткан унаанын ичине аркырап шамал кирип… Шамал ар биринин чачын уйпалап, этегин, көйнөгүн, чөнтөгүн аңтарып-теңтерип, эми ээн-эркин желип-жортуп дүйнөбүздү тинте баштады. – – Батыштан соккон шамал! – дедим ичимден…

*****

–Замандын түрү кантет?

–Коркпо курбум! Түрүн бузган да өзүбүз, оңдогон да өзүбүз. Адамзат асылдыктардан качып атса, асылдыктар кантип анан бизден ат чабым алыс качпасын?! Эми аны оңдоштун бир эле жолу калды. Анүчүн, чалчык сууга киринбей, асыл сезимдерге киринишибиз лазым!

–Кыргыз сөздү кирдебесин, чаңдабасын! – деп, улам-улам сүрткүлөгөн соң аяр кармап, баарынан өйдө койгон. Сөздүн кунары, табиттин талаага качканынын белгиси катары акыркы убактарда теледен да, радиодон да орун бербей, керелден кечке ырдалып аткан ырлардан, жайма базарларда жайнап сатылып аткан айрым китептердин мазмунунан, үйүңдөгү телевизорду тешилип тиктеп атышкан балдарыңдан жана үстү-үстүнөн үзүлбөй чыгып аткан кинолордон, клиптерден, жарнама роликтерден, алтургай көчөдө кийинип жүрүшкөн киндиктен өйдө кийимдерден баамдаса болот.

Атам замандан кыргыз сөзгө конок берип, төрүнө өткөзүп, астына ат тартып, үстүнө чепкен жаап келген. Маданияттын башаты болуп, сөздү тыңдаганды билген кыргыз, мындай заманга туш болот деп ким ойлоптур?!

*****

Эсиңиздерде болсо керек, орустун белгилүү жазуучусу Юлиан Семеновдун “Жаздын он жети ирмеми” чыгармасында Ален Даллес деген чекист туурасында учкай кеп козголуп, өз кесибинин майын чыгара аткарган дасыккан адис экендиги, анын кыйын кырдаалдарда да суудан купкургак чыгып кеткендиги туурасында сүрөттөлүп өтөт эмеспи. Дал ошол Даллес деген неме Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда, тагыраак айтканда, 1942-жылдан 1945-жылга дейре АКШнын Европадагы саясый чалгынчысы болгон. Немистер анын көзүн тазалайбыз деп акмалашканы менен Даллестин колу бирде Германиядан көрүнсө, буту Швейцариядан көрүнүп, акыры Польша аркылуу кара көз айнегин тагынып алып качып жоголгону, ССчилер кармай албай эстери оогону жөнүндө кызык баяндалат чыгармада.

Согуш аяктагандан кийин Ален Даллес Америкасына кайтып барып, 1953-жылдан 1961-жылга чейин Борбордук Чалгындоо Башкармалыгын (ЦРУ) башкарып турган. СССР жана Социалисттик өлкөлөрдө “кансыз согушту” жүргүзүүнүн башкы идеологу дал ушул адам.

Ажайып керемет ааламды булгап, адамзат жараткан асыл баалуулуктардын ордуна искусстводогу бардык ыйык чыгармаларга көлөкө түшүрүп, тополоңун тоз кылган көрүңдө өкүргүр Даллес, 1948-жылдын 18-августунда АКШнын Улуттук Коопсуздук Кеңешинде көптөн бери көңүлүндө жүргөн доктринасын сунуштаган.

“Даллестин доктринасы” – ааламга согуш ачпай туруп, алдуу-күчтүү мамлекеттердин ириде аң-сезимине бүлүк салып табитти талкалап алса, жеңишке жетишээрин саймедиреген. Ушул доктринанын негизинде Америка эң башкы душманы эсептелген СССРди чилдей таратуу үчүн кырк жыл чамасында катуу аракет жасашып, милиарддаган долларларды туш келди чачышкан. Аракет кылсаң – берекет болот дегендей, эми минтип жасаган мээнеттеринин акыбети кайтып, СССР деген ири держава уламышка айланып, эски кишилердин эсинде бир көрүнгөн ажайып түш сыңары кала берди. Ал түштүн четин биз да чала-бучук көрүп калдык. Комсомолго өт деп мажбурлашканынан өтсөм, эки айга аяк баспай мени кабыл алган комсомол уюму Батыштан соккон шамалга туруштук бералбай күтүүсүз жерден жаза тайып, мерт болбодубу…

*****

Ален Даллестин доктринасынан:

«Россияга болгон мамилебизде биздин эң башкы максаттардын бири эки гана нерседен турат:

а) Москванын күчүн жана таасирин бүлгүнгө учуратуу,

б) Россиядагы бекем кармалып турган өкмөттүн тамырын башка нукка бурууга күч жумшоо.

Биздин күч-аракет, биздин максат – Советтик бийликтин мазмуну, Москва биздин концепцияларыбызды кабыл алышы болуп саналат. Ушул өңүттөн туруп караганда бул максаттар албетте, согушсуз болбой койбойт. Демек, моюнга алып коюшубуз керек, биздин мүдөөбүздүн жеткен чеги – Советтер Союзундагы бийликти кулатып түшүрүү.

Биринчиден, мындай тынчтык мезгил өкүм сүргөн абалда, максатка жетиш үчүн белгилүү бир мөөнөт коюп алган жарабайт. Экинчиден, ал жактагы концепцияларды кырып-жоюу үчүн биз өзүбүздү ыңгайсыз абалда калгандай, кимдир-бирөөнүн алдында күнөөкөр болгондой сезбейли. Болуп жаткан окуяларга кандайдыр бир жоопкерчиликтүү болуп калдык деп ойлоп да койбошубуз керек. Эгер советтик лидерлер эл аралык мамилелердеги аларга дал келбеген биздин агартуучулук концепцияларыбызды бизди жасап жатат деп ойлой турган болушса, ал өзүлөрүнүн эрки. Биздин ишибиз жана мүдөөбүз, ал жактагы ички окуяларды утуру жаратып туруу!».

(АКШ Конгрессинин мыйзам долбоору: «PL 86-90» 1959-ж. 17-октябрь)

*****

Ооздон сөз, сөздөн маани качканынын өзү – жалпы адамзаттын трагедиясына айланып олтурат. Мүмкүн болушунча жеңил-желпи чыгармалар адабиятта, сүрөттө жаралып, өзүлөрүн алдуу-күчтүү санашкан мамлекеттерге бекер таркатылышы зарыл экендигин баса белгилеп, ичине шайтаны батпаган Ален Даллес:

“Адамдардын башын маң кылыш үчүн колубузда болгон бардык алтынды, материалдык байлыгыбызды жана ресурстарыбызды коротууга тийишпиз. Мунун өзү жеңишке жеткирээрине толук кепилдик берем. Адамдын мээси, аң-сезими өзгөрүүгө өтө тез ыңгайлашканын эске алалы. Россияга (СССРди айтып жатат – Д.И.) башаламандыктын үрөнүн сээп, адамдык асыл баалуулуктардын ордуна жеңил-желпи, нравалык жактан деңгээли төмөн чыгармалар менен айырбаштайбыз. Бул үчүн биз менен тилектеш адамдарды Россиянын дал өзүнөн табабыз!» – деген.

Ооба, адамдын акылына таң калса болот. Бардыгы алдын-ала божомолдонуп, тыкыр иштелип чыккан программа. Өлкөбүз итке минип, дал ушул программанын үстүндө иштешкен АКШнын өзүнөн мамлекетибиз кайыр сурап, алар бизге садага берип атышканынын өзү эмнени каңкуулайт?! Адамдык ариеттин, акыл-парасаттын жоголуп баратканын көрүп туруп, океандын ары жагындагы мамлекеттин чырагына май таамп жаткан чыгар?! Бутубузга жыртык байпак кийип, чарык байланып жүргөндөн уялгандан мурда жакырланган жан дүйнөбүздөн, талкаланган табитибизден уялсак жакшы болмок. Ага да алымсынбаган Ален Даллес:

«Акырындык менен жүрүп олтуруп, адабияттын жана искусствонун бардык тармактарынын социалдык маңызын уулап, сүрөткерлерге эмнени тартыш керек экендигин үйрөтүп туруп, калктын калың катмарына жаябыз. Адабият, театр, кино дегендердин бардыгы кара ниеттикти даңазалап, адамдык сезимдерден кол жуушкандай болушсун. Биз ошондой сүрөткерлердин бардыгын ар тараптан колдоого алып, камкор мамиле кылышыбыз абзел. Ал эми алардын жасаган эмгектери, сексти, порнографияны, зордук-зомбулукту, зөөкүрлүктү, садизмди, чыккынчылыкты, деги койчу, бир сөз менен айтканда «ыйман» деген түшүнүктүн өзүнөн орду-түбү менен кол жууп калгыдай аракет жасайбыз. Биз ыкчам, бирок, тымызын саясат жүргүзүүнүн артында, ал өлкөлөрдөгү аткаминерлерге «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген принципти туу тутушуна, адепсиздикти, жоопкерчиликсиздикти, паракорлукту өздөштүрүшүнө зор салым кошобуз. Ак ниеттүүлүк менен чынчылдыктын эч кимге зарылдыгы жок болуп, өткөн кылымдарда кол булгалаган бойдон кала берет. Шылуундукка жана бетпактыкка, жалганчылыкка жана көздү будамайлоого, аракечтикке жана баңгиликке, айбандык сезимдерге жар салып, ар улуттун ортосуна от чагабыз. Алдуу-күчтүүбүз делген жер үстүндөгү элдердин аң-сезимдери суу сепкендей өчүп, ашкере кайгылуу окуялардын артынан улам бир окуя пайда болуп турат. Өлкөдө эмнелер болуп атканын азганакай гана адамдар байкоос албаса, жалпы жонунан эч ким таназар албайт. Шек-шыбаасын сезгендерин заматта орду ордуна коюп, эч кимге кереги жоктой жагдайга дуушарлантып, өз айлана-чөйрөсүнө келеке болгудай кылабыз. Биз бул ыкмаларды муундан-муунга колдонуп, ал жактагы адамдарга бала чагынан баштап өспүрүм курагына чейин, эң негизги орунда жаштарга таңуулаганыбыз кажет. Биз алардан космополиттерди даярдап чыгарабыз!» – деп сөзүн бүтүргөн.

Айтор, тирукмуш нерселерди жобураган. Шумдугуң кур! – деп, жакаңды кармаганга аргасыз болосуң…

Жер шарындагы 7 миллиард адамдын санын 2-3 миллиардка ылдыйлатуу үчүн жашырын кара күчтөр улуттар аралык жаңжалдар аркылуу, ачарчылыкты, оору-сыркоолорду, баңгиликтин тамырын кенен жаюу максаттарын көздөп келишет.

2005-жылы РФнын Аймактык өнүгүү министри Владимир Яковлев пресс-конференцияда:

«Россияда калк 2004-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллион 700 миң кишиге кыскарган. Орустун эркектери жумушсуз жүрүшөт. Көпчүлүгү түрмөдө же алкоголик болушту. Бизде азыр жумушка жөндөмдүүлөрү 20 миллиондой. Алардын ичинен 1 миллиондойу түрмөдө, 4 миллиону чет мамлекеттерде, 5 миллиону жумушсуз, 4 миллиону өнөкөт алкоголиктер, 1 миллиону наркомандар. Бир канча жылдардан кийин төрт кишинин жасаган жумушун бир киши аткарганга туура келип калат. Өлчөөсүз зор аймактар киши жок ээн калып, эң негизги делген геосаясый аймактар да жылаңач болуп калды. Кыскасын айтканда, эчак өздөштүрүлгөн территорияларыбыз чөлгө айланып баратат. Ал эми Вашингтондо ЦРУ «мындай темп менен орус улутуна каршы согуш ачып деле кажети жок» – деп атышат. 10-15 жыл өткөндөн кийин мекенибиздин кеңири кулач жайган аймактарын көзөмөлдөгөнгө эч кандай кудуретибиз жетпей калаары, айтпасак да белгилүү. Ошондуктан токтоосуз түрдө өзүбүзгө өзүбүз аёосуз күрөш жарыялап, адам болууга жолтоо кылган, ар бирибизди түйшөлдүргөн кемчиликтерибизди жойгонго тырышалы. Өзүбүздү курчап турган дүйнөгө аң-сезимдүү ой жүгүртүп, ойгоо болгонго, сүйүү менен караганга аркеттенели. Мына ошондо гана бизге тыштан коркунуч жаратчу себептерге каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт!» – деген.

1995-жылдын 24-октябрында өткөн бириккен комитеттин жашырын чогулушунда АКШ президенти Билл Клинтон мындай деген:

«Биз, дүйнөдө күчтүү делген державаларды четтетүүгө канча миллиарддаган долларларды жумшадык эле. Мынакей эми орустарга карата жасалган иш-аракеттерибиздин акыбети кайтып отурат. Төрт жыл аралыгында биз жана биздин өнөктөш өлкөлөрүбүз стратегиялык жактан он беш миллиарддай ар башка сырьелорду, жүз миңдеген тонна күмүштөрдү, алтындарды, кымбат баалуу асыл таштарды ар кыл мамлекеттерден алдык. Анчалык маанилүү эмес делген проекттер үчүн бизге өтө аз өлчөмдөгү сумма каралып, жыйырма миң тонна аллюминий, эки миң тонна цезий, бериллий, стронцийлер бөлүнгөн. Биздин көптөгөн аскер башчыларыбыз жана бизнесмендерибиз алдыга коюлган операцияларыбыздын натыйжасына ишенишкен эмес. Мына керемет! Биз СССРдеги идеологиялык негиздерди талкалап, ушул согушта эч кандай кан төгүүлөрсүз эле Америка дүйнөдөгү кожоюндукка ээ болуп жатат…»

http://www.mds.alfamoon.com/miscellaneous/Crap/alen.htm – интернет булагынан алынды).

Жогоруда биз учкай кеп кылган доктринанын негизинде жалгыз эле СССР эмес, дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдө адамзаттын аң-сезими ууланып, руханий көрөңгөсү алигүнчө жабыр тартып келүүдө. Капитализм менен коммунизмдин ортосундагы идеологиялык кагылыш КПСС ураган соң эми башка өңүткө өтө баштады. Өзүлөрүндөгү экологиялык, энергетикалык, азыркы болуп жаткан каатчылык көйгөйлөрүн биздеги кен байлыктардын негизинде жоюп алгылары келип жатышканын бардыгыбыз түшүнүп эле турабыз. Азыркы согуш атам замандагыдай болуп бир мамлекет менен экинчи бир мамлекет беш атар мылтык же майдан талаасына орнотуп алып тынымсыз от бүрккөн кадимки «Катюшаны» колдонбосу турган иш. Биз баятан сөз кылып жаткан согуш – ал маалымат согушу. Мындан жылына жер үстүндө 1,5 миллион адам өлүп жатат. Ар бирибиздин үйүбүздө эртеден-кечке какылдап-какшап аткан радио менен телевидениедеги мыкаачылыкты, уурулукту, сексти, баңгиликти, садизмди, кишинин төбө чачын тик тургузган коркунучтуу фильмдерди Батыштын ойлоп тапкан куралы деп атасак болчудай.

Израилге барып эки-үч жылдай жашап келген еврей улутундагы эски таанышым:

–Ал жакта телеканалдар биздегидей бекер эмес. Ай сайын акча төлөп көргөнгө туура келет. Телевизорду дүкөндөн сатып алып жатканда кайсыл каналды көргүң келгендиги туурасында келишим түзүп, анан кардар каалаган каналын үйүнө кабелдик байланыш аркылуу койдуртат. Бул жактагыдай керелден-кечке зордук-зомбулук менен уят-сыйыттан кеткен абийирсиз кинолорду көрсөтүшпөйт. Кокус ошондой кинолорду көрөм деген киши кабель аркылуу акча төлөп, анан түндөсү гана көрүүгө мүмкүн! – дейт.

Азыркы тапта көп эле китептер колубузга тийди жана тийип да жатат. Бирок, алардын арасынан колго ала турганы да, колго албай туруп жок кылып ийе тургандары да бар. Мунун өзү да табити тайыз жазмакерлер калем кармашып, адабиятты кызыл кулактык өнөр катары баалап жатышканы деп түшүнсөк, эч жаңылышпаган болор элек. Мукабасы көргөн көздү өзүнө имерген, сырты жалтырак ичи калтырак китептерди көрүп туруп:

–Ушундай жеңил-желпи чыгармаларды кандай адамдар окушат болду экен? – деп ойлоор элем.

Көрсө, ойлонгондон зериккен, ой бакпаган окурмандар окушат тура. Албетте, ар ким өз табитине жараша каалаганын окуганга толук укуктуу. Ошентсе да, баш-аягы көрүнбөй ылайланып бараткан коомубузду адамдын интеллектуалдык деңгээлин өстүрө алчу, жан дүйнөсүнө гүл азык боло тургандай чыгармалар менен айырбаштап, ыйык сезимдердин кучагына оросок, балким, эртеңки күндүн ордун басчу жаш муундарыбызды асылдыкка тарбиялаган болор белек!?

*****

Өспүрүм кез эске түшөт…

Он үч жашта элек. Видеосалондор шаардын кай бир жертөлөлөрүнө ачылып, Америкадан агып келген кинолордун таасирине көпчүлүгүбүз ооруп, араңдан зорго сакайганбыз. Бири-бирин ит аткандай кырып өлтүрүшкөн фильмдерди астыбыз эки-үч, артыбыз алты-жети ирет кайталап көрүп, ата-энелерибизден тил укчубуз. Анан бир күнү курдаш балдар айтып калышты:

–Тиги жертөлөдө абийирсиз кинолорду кечки саат он бирден кийин көрсөтөт! – деп.

Аны уккандан кийин араң турган жаныбыз, дагы үйгө жалган айтып жөнөп калдык. Барарын барып алып, кино койгон байкебиз пайда тапкысы келгени менен:

–Жашыңар жетелек! – деп, жекирип кубалап чыкканы эсимде…

Азыр ойлосом, ал байкебиз абийирсиз кинолорду койгону менен аз-маз абийири бар экен, бизди кубалап чыгып…

Ал эми азыр ар бир үйдө DVD деген бар. Базарларда каракчылык жол менен сатылып аткан миң сандаган фильмдер жайнап турат. Интернет деген итиң ар бирибизди арбап атканда, колубуздан түшпөгөн чөнтөк телефон аркылуу өсүп келаткан өспүрүм, эртеңкинин ээлери эмне көрүп, эмне ыр менен азыктанып, кандай иштер менен алектенип жүргөнү туурасында, дегеле жан дүйнөсүндө эмне өзгөрүүлөр жүрүп атканынан канчалык кабарыбыз бар экенин бир ойлонуп көрдүк бекен, бурадар?!

30-июнь, 2008-жыл.

Данияр Исанов