Ч.Турсунбеков атындагы “Жылдыздуу жээк” фестивалы жыйынтыкталууда

Акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк 2023” поэзия фестивалы жыйынтыкталды.
3 күн бою көгүлтүр көл боюнда өткөн фестивалда акындардын чыгармачылыгы, көркөм окуусу, эссе жазган окуучулардын эмгектери бааланып, калыстардын чечими чыкты.
Калыстардын чечими менен Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын лауреаты Нуриза Өмүрбаева (диплом, лауреаттык статуэтка, 100 000 сом) болду, ал эми 1-орунду Махабат Касейинова (диплом, статуэтка, 40 000 сом), 2-орунду Айзат Кудайберди кызы (диплом, 30 000 сом), 3-орунду Чыңгыз Рыскелдиев (диплом, 20 000 сом) камсыздады, “Жылдын табылгасы” номинациясы Бектурсун Адиевге (диплом, 10 000 сом) ыйгарылды.
“Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм” эссе жазуу сынагы боюнча 1-орунду Айпери Жолболдиева (диплом, статуэтка, 30 000 сом) ээледи, 2-орунду Айтолкун Алтынбекова (диплом, 25 000 сом), 3-орунду Ишенгүл Талантбекова (диплом, 20 000 сом), 4-орунду Арлен Нурланов (диплом, 15 000 сом), 5-орунду Жетиген Адилбек уулу (диплом, 10 000 сом) камсыздаса, 6-орун Сезимбек Маматибраимовго (диплом, 5000 сом) ыйгарылды.
Ч.Турсунбеков атындагы “Жылдыздуу жээк” фестивалын жыйынтыктоо иш чарасына КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары К.Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, Ч.Турсунбеков атындагы фонддун негиздөөчүсү, Ч.Турсунбековдун жубайы Н.Тентимишова, акын-жазуучулар, адабиятчылар, маданият ишмерлери, мугалимдер катышты.
Улуттук адабиятка ак кызмат кылып келе жаткандыгы үчүн Н.Тентимишовага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.
Эске салсак “Жылдыздуу жээк” фестивалы КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурулуп, быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүүдө.